KG-Oligarh Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 1 100 (0,28 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (243 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Декабрь 13
- Кароолор:
- 22 091
- Соңку аракети
- 23 Мар 2024 20:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 27, 1992
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Кыргыз Каганаты.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Оштогу эстакадалык көпүрөгө Путиндин ысымын беришеби?
Жазылган күн: 19 Ноя 2014
Мындай демилгени Ош шаардык кеңешинин жыйынында жергиликтүү депутат Талант Капаров көтөрдү. Анын айтымында, аталган көпүрө Орусиядан келген гранттын негизинде курулууда. Мындан улам орус президентинин ысымын ыйгаруу туура болот.
Бүгүн шаардык кеңеш эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мэриянын маалыматын укту. Вице-мэр Жапар Ормоновдун айтымында, 18-ноябрдан тарта көпүрө курулушунун экинчи баскычы башталды. Ага Орусиядан келген гранттын негизинде акча бөлүнгөн.
Навои көчөсүндөгү Ак-Буура суусу аркылуу өтө турган көпүрөнүн курулушу тегерегиндеги инфраструктурасын кошкондо азыр 699 миллион сом деп бааланууда. мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда 800 миллион сом деп эсептелген. Бул айырмачылыкка байланыштуу талаш-тартыш чыгып, иш убактылуу токтоп турган эле. (BkA/YI)
19 ноябрь 2014
-
2017-жылы Чубак ажы президент болобу?
Жазылган күн: 30 Сен 2014
Кыргызстан көзкарандысыз, өз алдынча мамлекет болгонуна чейрек кылым болуп калды. Ошол 23 жыл аралыгында мамлекетти башкарган жетекчилер, мамлекеттин, кыргыз элинин келечегин эмес, көр пенделик менен жеке жашоосун, күнүмдүк турмушун ойлоп келгенин аткарган иши аркылуу далилдеп отурат. Кыргызстан мындан 23 жыл мурда, кадырлуу жигиттерин, каректери кирдебеген кара көз кыздарынын күлкүсү коштоп, төрт түлүк малынын дүбүрттү жер титиретип, дайраларында ууланбаган мөлтүр кашка таза суулары агып, жээгинде электр станциялары ааламга жарыгын чачып, жер астындагы кен байлыктары Кыргыз Элинин жаркын жашоосу үчүн сарпталып, андан соң укум-тукумуна түбөлүк мураска кала берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес беле. Тилекке каршы, бүгүн анын бири жок. Мамлекеттик чиновниктер батыштын “Рынок системасын” рынок алкагында эмес, мамлекеттин баалуулуктарын сыртка сатып, жеке турмушуна керектөө менен алмаштырып алды.
“Реформа”- деген майнапсыз иштин артынан түшүп, аягына чыга албай ара жолдо калдык. “Реформа”- деген, түз маанисинде форманы өзгөртүү. 23 жылдан бери реформа жүргүзүп келебиз, бирок, турмушубуз жакшырбай, жыл өткөн сайын начарлап, кайырчынын кейпине түшүп калдык. Маселен, эшеккке килем жапкан да реформа. Анткени, эшектин формасы өзгөрүп жатпайбы. “Эшекке килем жапсаң да, эшек, эшек боюнча кала берет”-деп, бабаларыбыз эбак эле эскертип кеткен. Форманы эмес, ошол форманы алып жүрүүчү органды-системаны өзгөртүшүбүз керек. Ата-бабаларыбыздын жолуна түшүп, улуттук балуулуктарыбызды сактап калбасак, бизге эч кандай реформа жардам бербейт. Реформа-деген, улам бир эшекке килем жаап, “мына эми бул эшек эмес, тулпар болду...”-деп элди алдоо. Ошондуктан, өзүбүздү-өзүбүз алдап, улам бир эшекке килем жаап отура бербей, системаны өзгөртүүбүз зарыл.
Учурда “эл үчүнчү революцияны көтөрө албайт...”-деген бийликчил, бакма “көзү ачыктар” көбөйүп кетти. Мамлекеттик чиновниктердин көзүн май басып, маселе бышып жетилсе, эл жүзүнчү революцияны да көтөрө берет. Революцияны бүгүнкү бийлик өкүлдөрү, элдин эсебинен жашаган, “кан соргучтар” көтөрө албайт. Эл-казна. Эл-кеменгер. Кыргыздын баё мүнөз тоолук жигиттерин Нар кескен кылычтай таптап курчуткан да карапайым Эл. Эли жок-Хан болбойт. Ханы жок-Эл болот. Максат, улам революция жасап, жаңылыштык менен улам бир “Ханзааданы Ак боз атка миндирүү” эмес, бараткан багытыбызды тактап, бирөөнүн жетегинен чыгып, өз алдыбызча жашоого, өз алдыбызча бакубат мамлекет болууга умтуулуубуз шарт.
“Жол анжы болсо, жолбун иттин башы каңгы”-дегендей, бүгүн Кыргызстан жардын кырына кептелип араң турат. Мына ушул туңгуюк абалдан мамлекетти ким алып чыгат? Эл-жер үчүн, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ким өз башын тобокелге сайып, улуу жүрүш жасайт? “Ырдаганын Шаршен ырдап, уялганын мен уялдым”-дегендей, Шаршеничтер ойуна келгенин “оттоп”, Кыргыз Эли жер карап, уялып отура бербейли.
“Өсүп гия чыгабы,
Күндүн табы болбосо?
Эр азамат чыгабы,
Элдин камы болбосо...” Элдин камын ойлогон эр азаматтар барбы? Эл, азыр эч кимге ишенбейт. Караламан букаралар кайра-кайра алдана берип заки болуп калды. Эгер элдин ишеничине ээ болгон адам болсо, анда карапайым эл аны такка отургузуп эле тим болбой, өмүр бою ак уруп кызмат кылууга да даяр болуп турат.
Ушул тапта тазалыкка, аруулукка зар болуп, карайлап турган караламан элдин үмүтүн актап, мамлекетти ыпластыктардан куткарып, өнүгүү жолуна алып чыгып кетүүгө Чубак ажы Жалиловдун мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилеп кетмекчибиз. Анын диний аалымдыгы, пакизалыгы, билим деңгээли, акыл-парасаты, ой жүгүртүү алкагынын кенендиги бүгүнкү оор шартта мамлекет башкарууга төп келип турат. Аны сыпаттап, коомчулукка тааныштырып, мактап-жактап отуруунун да зарылчылыгы жок. Ага караламан букаралар өзүлөрү баа берсин. Биз болгону, калайман журт, калың элдин назарына алып чыгууну эп көрдүк.Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким элге-журтка башчы болгонго, мансапка турганга аракет кылса, ал кызматтын оор жүгү анын жеке мойнуна жүктөлөт. Ал эми ким өзү каалабастан, а бирок татыктуулугунан ошол ишенимди эл-журт тапшырса, Аллах Таала ал пендесинин жардамында болот!" Аллахтын күбөлүгү менен айтам, бул макаланын жазыларын да, жарыяланарын да Чубак Ажы Жалилов менен макулдашкан жокпуз. Ал кабардар эмес. Мүмкүн ал бизге каршы пикирин билдирээр. “Мен Президент болсом кыйратам! ..”-дегендерден тажап, бейпил жаткан Чубак ажы Жалиловду келечектеги Президенттикке татыктуу деп тандап алдык. Келиңиз биродар, терең ойлоп, калыс таразалап, пикириңиз төп келсе сиз да бизге кошулуңуз...
“Жашоонун сүннөтү, же жөнөкөйлөштүрүп айтканда табияты ушунда турат: Эл башындагы журт атасы болуп турган адам кандай болсо, эл да ошондой болот, анын жолоюна түшөт. Андан башкача болуусу мүмкүн да эмес. Тазалыкты, аруулукту, жөнөкөйлүүлүктү карманса эл да ошондой болот. Журт башчы ууру болбосо эл да ууру болбойт. Журт башчынын көңүлү ток болсо элдин да көңүлү ток болот. Журт башчы ыймандуу болсо эл да ыймандуу болот...”-деп Чубак ажы Жалиловдун мамлекет башчыларына карата берген баасы бар. Демек, ал өзү каалайбы-каалабайбы, эл аны татыктуу-деп тандап, анын колуна мамлекеттин тагдырын тапшырса, Аллах Таала ал пендесинин жардамында болуп, Кыргызстан келечекте экономикалык жактан өнүккөн, бакубат мамлекетке айланат...
Абдыкалык Акимов
Комментарийлер
KG-Oligarh
12 Дек 2015 - 14:29barpynynkyzy
12 Дек 2015 - 14:19zhigitim_odnolub_bolso
29 Июн 2015 - 04:05sezimai93
27 Окт 2014 - 07:55rus.sayk
07 Окт 2014 - 19:43