Толкун Ади уулу "Карекке каткан сурот"
(Ангеме)
Алар дын аңгемеси тордон башталган. Тордо таанышып, тордо дос болуп, анан тордо сүйүшүп калышты. Айтып келсе кеп кызык…
Кыздын тордогу аты «Жыпар» болуп, анын торго чыгарып койгон баш сүрөтү көргөн кишинин көзмайын жечүдөй укмуш сулуу эле. Жигит оболу кыздын ошол баш сүрөтүнө ашык болуп калды. Ал тордогу «Жыпар»аттуу кыздын жазган ырларына кызыгып, чынын айтканда кыздын тордогу баш сүрөтүнө ашыкча кызыгып, өзүда билбей торго чыкса эле ошол «Жыпар»ды издеп, анын кылчайып карап турган сүйкүмдү сүрөтүн көргөнгө шашылчу болду. Айтбасада сүрөттөгү кыз өтө ажарлуу, ашкан сулуу эле. Башына үкүлү аппак кундуз тебетей кийген, бир жак жанына кылчайып карап турган калыбында, үлбүрөгөн ак жүздүү, көздөрү ботонукундай бажырайып чоң, ары карагаттай кап кара. Мойнун аккуунукундай койкойтуп, мөндүрдөй аппак тиштерын жаркыратып жылмайып, ардайым күлүмсүрөп карап турат болчу…
Жигит мурда торго чыгып аны-муну көрүп турганы менен, чыныгы мүчө болуп катталып кыргенге коошачу эмес. анчейын зериккенде торду ачып аны-муну көрүп койгону болбосо, өзү кол салып тема жолдоп, торго аралашканга кызыкпай жүргөн. Ошол «Жыпар»аттуу кыздын сүрөтүнө ашык болуп, олтурса-копсо,
басса-турса оюнан чыкпай ашыктык отуна куйкаланып,
акыры болбой, торго мүчө болуп катталды. Ѳзүнө»Эрмек»деп ат койду. Ал өзүнүн мурдагы көз карашын өзгөртүп, торго кирип биринчи болуп Жыпардын ырларына жооп жазды. «Жыпар тордош, мен сенын ырларыңды жактырып окуйм. ырларың да өзүңө окшош эле сүйкүмдүү, жүрөктүн кылын чертет…» деп жазды. Жооп жазышты ал башкалардан үйрөнгөн, анын бул жазган жообу деле башкалардыкынан анчейын айрымаланып кетпейт. Бирок, Эрмектин назарында бул анын»сулуукызга»суктанып айткан чыныгы жүрөк сөзү эле.
Күтпөгөн жерден «Жыпар»кыз Эрмекке жооп жандырып:»Ыракмат агай, уландуу колдоп туруңуз»деп калды. Сулуу кыздын бул бир ооз сөзү Эрмекке тоодой медет болду. Ошондон баштап анын чымыны козголуп, токтобой ыр жазып, торго айдата баштады. Мурдатан эле ырга шыгы бар болчу, барган сайын тасыгып, көпкө барбай Эрмек деле тордо башы көрүнгөн»акын»болуп чыга келды. Жооп жазышып, жооп алышып жүрүп, Эрмек менен Жыпар тил табышып, жакын «тор достор»дон болуп калышты. Жыпардын өздүк маалыматында туулган жылын, ай, күнүн ачык жазбасада жашын жыйырма жаш деп анык билдыргенинен улам, өзүнөн жеты,сегыз жаш кичи экенын билып, Эрмек Жыпарды карындашым деп, кээде»Жыпара»деп эркелетып жакынчылык кылып, сулуу кызга үзүлүп түшүп турду. « Баш сүрөтүң өзүңдүкүбү?
»деп сураса, «Ооба « деп жооп берген кыз эч нерсены капарына албай…
Эрмек өзүнүн баш сүрөтүн торго чыгарган эмес, чыгарса деле чыгарып коймок, көп эле неме баш сүрөтү менен чыгып жүрбөйбү? Ошентседа ал өзүнөн өзү чочулап, туурасын айтканда сулуу кыздын өзүн жактырбай калышынан кабатырланган.
Бой-турку келишкен жигит болгону менен, төбөсүнүн чачы суйук, кашка баш болчу, ошонусунан намыстанат кыздардын алдында. Тор деген ушундай «сыйкурлуу» дүйнө экен. Бири биринин тек жайын абыдан былышпей , бет орой келып көрүшпөй, экөө экы жакта туруп эле издешпей табышып, сезимдери серпилип, тил табышып калышат экен…
Эрмек менен Жыпар ошондой болду. Алар тордо ыр жазышып, баарлашып канбай, эмы күкүк номурларын(QQ номурларын) айтышып, элден бөлүнүп, купуя сырдашчу болду. Экөө тең баштары бош»боз жигит менен бой жеткен кыз»экенын билишти. Көрсө алар бир эле жерде, тагырак айтканда бир эле ооданда чогуу жашап жүрүшүптүр.
Алакандай болгон бул оодан шаарчасында ал экөөнүн коомдо жолугушпай «тордо» жолугушуп, кол учун сунушуп таанышып калганы өзүнчө бир тагдыр болду…
Эрмектын»жологушалы»деген өтүнүчүнө, баштабында Жыпар көнбөй жүрдү. Эмнегедир сулуу кыз тордо Эрмекке боорун берип, сыр жашырбай төгүлүп турганы менен, жолугушууга келгенде тайсалдап, кылыктана берди. Ошонткен сайын Эрмек туталанып, ашыктык оту ансайын күчөп, сулуу кыз бирер күн торго чыкпай калса жан далбас кылып өзүн коёрго жер таппай, заманасы куурулуп жүрдү. ал, Жыпардын жүрөктү куйкалаган сулуу сүрөтүн тордон түшүрүп, жуудуртуп да алган. Жаш жигит ошол бир барча көркөм сүрөттү күнү-түнү бооруна кысып, жанынан айрыбай, көзүнө сүртүп жүрөт. Жыпардын ар бир жазган ыры, ар бир айткан сөзү ошол көркөм сүрөт менен быргелешип,
жан сыз сүрөткө жан кырып, өзү менен кобурашып сүйлөшүп, сыр бөлүшүп жаткандай сезилет эле Эрмекке…
Эрмек басса-турса,
тала-түзгө чыкса, көзгө урунган көп кыздардын арасынан, ошол көзгө тааныш өзүнүн «Жыпара»сын издейт болчу. Ѳчөшкөнсүп алаканчалык жерди ала койбой, «кылт»эткен «кызыл жоолук»ту кыйдым өткөзбөй издесе да, житип кеткир Жыпарасы көзүнө эч бир урунбады… Айланып келип эле дагы ошол»тор»го чыгат. Үкүлүү кундуз тебетейчен мөлтүрөгөн сулуу кыз мөндүрдөй аппак тиштерин жаркыратып,
башын кылчайтып күлүмсүрөгөн калыбында аркачанда мелтиреп карап турат, жебедей тартылган каштарын ирмеп да койбой…
Алар күндүзү таң эртеңден кечке чейин бош убакыт табышса эле тордо аңгемелешет,
кеч үйлөрүнө кайтканда кол телефонунан күкүк аркылуу торго чыгып, кат жазышат. Кара сөзгө канбай ыр курап, куйулушкан сүйүү ырлары аркылуу бири бирине сүйүү талабын койушуп, макулдашып да болгон…
- Сени сүйүп калганыма ишенбейсиңби?
-деп кат жазды бир күнү тордо, күйүткө чыдабаган Эрмек.
- Ишенем…- деп жооп жазды, Жыпар адаттагысындай эле мөлтүрөп.
- Сен мени сүйбөйсүңбү?
-дейт, Эрмек көндүм сөзүн миң кайталап.
- Сүйөм…
- Эмнеге жолугушпайсың?
- Сүйбөй калабы деп чочулайм…
- Мүмкүнбү? Жүрөгүмдү жарып берер элем керек болсо…
«Жакшы сөз жанды эритет» болдубу, акыры Жыпара жолугушууга көндү, алар оодан шаарчасынын түштүгүндөгү көркөмдөп жасалган тоолуу бакчага барып көрүшмөк болушту.
Ушундай бир күндүн келишин Эрмек күнү-түнү эңсеп, чыдамсыздык менен күтпөдү беле? Бүгүнкү жолугуушуну ойлосо өңү же түшү экенин билбегендей дең-дароо болуп, ошондо да кубанычын кучагына сыйдыралбай толкундап, эң бир жарашыктуу кийимдерин кийип, көңүлү көтөрүлүп, маанайы жаркып, болжогон маалынан аш бышым мурда жетип келди, көрүшчү жерине .
Быйыл жыл кечигип, алиге чейин жаз болбой, май айынын орто чены болуп калган болсо да далыдан өткүдөй күндүн табы жок, аба ырайы бузулуп, бирде жамгыр жаап, бирде топо жаап, күн оңоло албай будала-чаң болуп турган. Бүгүн асман ала булуттанып,
кадыресе күн ачылгансып калыптыр. Тээ алыстагы тоонун баштары сур булуттанып үксүйүп турганы болбосо, азырынча жаан жаачудай түрү жок. Эрмек асман менен жерге көз чаптырып, айланасын тегерете карап көөнү ачык, көңүлү чак, көптөн беры көрүшүүнү эңсеген кишисинин бачымырак келишин күтүп, сабырсызданып олтурду. Бир оокумда төмөн жактан кып кызыл спорт кийим кийип, чалыш аргымактыкындай ничке буттары уп узун, өлөң кара чачтарын далысы ылдый төгүлтүп коё берген, узун өкчөлү кара топлейчен аша көрктүү көркөм кыз жай басып чыгып келатты өзү олтурган дөңсөөгө. Эрмектин жүрөгү дүрсүлдөп, өзүнүн ээ-жайына көнбөй булкунуп кагып жатты. Бирок, кыз жакындай бергенде анын өзү күтүп жаткан Жыпара эмес экенын байкап, курулай дүрүлдөгөн сезими басылып, демин ичине тартып, шалдырап олтура кетти. «Жайынча сейилдеп жүргөн бирөѳ болсо керек» деп ойлоду ичинде.
- Сиз Эрмек агай болосузбу?- деп, шыңгыр добуш үн катты, сулуу кыз анын жанына чукул келгенде.
- Ооба…- деп элеңдей түштү Эрмек, абдан чоочуп.
- Мен… Жыпармын.- деп, анын жанына жакын эле келип колун сунуп салам берди, алиги кыз.
- Бу… бул кандайча?…
Эрмек кекечтенип,
кыздын сунган колун кыса кармай албай калтарып турду. Ѳзүн «Жыпар»деген бул кыз сүрөттөгүсүнө мүлдө окшобойт болучу. Жигит эмне кыларын билбей, турган жеринде катты да калды.
- Олтуруңуз, ашыкпай аңгемелешебиз!
Эрмекке караганда кыз батымдуулук кылып, арадагы тунжурону түгөтүп, анын кашына келип көчүк басып олтурду. Эрмектин өзүн эмес сүрөтүн да көрүп бакпаган кыз, аны көргөндө эле боору таанып, эч нерседен корунбай, көптөн бери көрүшүүнү эңсеген жакын кишисине жакын ыктап, ошончолук камсыз, жайма-жай коё берды өзүн.
- Ишенкиребей турганыңызды билем, тордоку Жыпар менин бир тууган эжем болот. Мен анын сиңдиси Тумар болом,- деды, кыз жайдары сүйлөп.
-Эжең өзү келген жокпу?- деп, шашылыш суроо берди Эрмек.
- Ал келе албайт, келбес жерге кеткен…
- Эмне?… эмнеликтен андай…
- Бир жолку каттоо окуясында кырсыкка жолугуп , жыйырма жашында биз менен түбөлүктүү коштошкон…-
кыз көңүлсүздөнүп,
көзүнүн кычыгын сүртүндү.
- Анда сен тордоку Жыпар эмес экенсиңда?- деп, кызга кайрадан үңүлүп карады Эрмек. Кыз эжесыне мүлдө окшобосо да, анында өзүнчө келбети келишкен, көзгө сүйкүм, ажарлуу кыз экен. Бирок, тордогу «Жыпар»дын сулуу баш сүрөтүнө суктанып көнүп калган Эрмектин көзүнө, бул кыз башкача бей тааныш инсан болуп көрүндү.
- Ооба, тордогу сүрөт эжекем Жыпардыкы. Сиз менен таанышкан, сыр бөлүшкөн кыз мен, Тумармын….-
деп күлмүңдөдү,
кыз маанайын жаркытып. Ошентип турса да, Эрмектин көңүлү көтөрүлбөдү,
ал тунжурагандан тунжурап, өзүнүн ким экенин унутуп койгонсуп, жанындагы жаш кыз менен эч кандай катышы жоктой болуп, сабыры суз. Алыстарга көз чаптырып, асмандын аркы кыйырынан кимдидир бирөнүн карегинде катып калган элесин издеп жаткансып, мелтиреп турду.
- Эмне болдуңуз ага? Маанайыңыз жакшы эмес го?…- деп үн катты, Тумар тунжуроону бузуп.
- Жок, тим эле… эжең кайтыш болголу канча жыл болду?-деп, ошондо гана эсине келип, суроо катты Эрмек.
- Сегиз жыл болду. Анда мен он беш жашта элем…
- Ээ…- деп койду, Эрмек эмнегедир улутунуп.
Эртеден бери ала булуттанып турган ачык асман бир паста бүркөлүп, алыскы тоонун башындагы сур булуттар сүрдүгүп, жаан аралаш шамалдын эпкини жортуп келе баштады тоо жактан.
Алардын маанайы чөгүп, көпкө чейин үндөшпөй тунжурап олтурушту. Кыз дагы бир нерсени сезгенсип, баятандагыдай жаркылдап сүйлөбөй, кабагын салып, башын жерден көтөрбөйт. Көп күндөрдөн бери көрүшүүнү самап, ак эткенден так этип, шаштысы аябай кеткен Эрмектин, тордо баарлашкандай жалындуу сөздөрүнөн бирөѳ да жок, жанында жанаша олтуган ашыгын эми өзү менен эчкандай катышы жоктой сезинип, ысыган бою сууп, селдеген сезими өчүп, карегине катып калган ошол бир жансыз сүрөттү жүрөгүнөн чыгаралабай компоюп олтурду оозунан кеби түшүп. Тордогу «Жыпар»дын баш сүрөтүнө ашык болгон Эрмек , азыр жанында жаркылдап олтурган Тумардын чыныгы сүйүүсүн барктай албай, аны менен көптөн бери оттой махабатташып,
бир көрүүгө зар болуп жүргөнүн унутуп, жумуртканын жубарына эмес кабыгына ашык болгонун билбей, ошондойунча нес болуп кала берди.
Жазгы жаан бир демде шатыратып төгүп жиберди. Алар олтурган дөңсөөдөгү сере жаанга далда болуп турса да, Тумар эмнегедир ордунан атып туруп, көл-шал болуп төгүп турган жамгырга карабай, сомкасынан анчейин кызыл кол чатырын чыгарып, жыргатып далда болбосо да башына калкалап, өкчөлүү топлейы менен чылпылдатып суу кечип, өзүида шолоктоп төгүлүп, жамгыр менен жамгыр болуп, жалгыз калган Эрмекке кайрылып карап да койбостон басып кетти. Басып кетти байкуш кыз, жамгырдай жашын төгүп…
Ангемелер.
#41 13 Июнь 2014 - 11:39
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#42 24 Июнь 2014 - 07:55
Турмушта адам баласы турдуу кырдаалга туш болот эмеспи,ошонун баарына чыдасак биз чыныгы адамбыз. Ошондуктан мен да бул чыгарманы жаздымда,дароо силердин сынынарга коюну туура кордум. Адам сын менен адам да.
Мен бул жаатта такшала элек жанмын,каталарга кап этпейсиздер деген умуттомун... Анда чыгарма башынан болсун
Кутулбогон МаХаБат...
Мен ал убакта жогорку окуу жайлардын биринде окуучумун. Кундо эрте менен шаша-буша кийинип окууга жономой,кечке парада олтурмай. Окуудан чыгып курбуларым менен бир аз сейил бакта сейилдеп,анан кайра жатаканага кайтмай. Ушул кайталанма кун кундо. Мен аябай кыялкеч,бир аз корс,конулу бош элем. Бир-эки ооз катуу созго козумдон мончок-мончок жаштар куюлуп баштачу. Менин бул сапатымды элдин баары билчу. Ошого эч ким мени капа кылгысы келчу эмес. Мен да бул нерсеге конуп калгам.
Жашоом бир тегиздикте отуп жатты. Мен ыраазы элем бул нерсеге. Мен озумо конул деле болчу эмесмин,окууну ойлоп. Жасаныш,боёнуш, модага карап кийинуу менде жокко эсе эле. Кобунчо спортивный кийимдерди, ананда шым кийип журчумун дайыма. Курбу кыздарым тиги мындай деди,тигиниси киного чакырды десе: эээ койгулачы жигиттерди- деп жиним суйчу эмес. Андайда кыздар сен муз, жок таш журоксун,сенде эч кандай сезим жок деп шылдындашчу. Мен ызама чыдабай дагы ыйлап баштачумун. Кыздар болсо соорото албай убара. Кээде мени атайы ыйлатышчу. Мындайда мен жек корчу элем баарын. Жаздыкка башымды коюп туну мн ыйлап чыкчуумун да,эртеси козумду ишитип алып окууга бара берчумун. Ошондой кундордун биринде мага мен такыр кутпогон,энсебеген ананда кутулбогон жерде,кутулбогон махабат кирип келди да, мени,менин жашоомду 180градуска буруп жиберди.
Ал убакта кеч куз эле... Окуу жайдын спорттук аянтчасынан отуп бара жаткам,четте балдар футбол ойноп жатышыптыр. Аларга маани деле берген эмесмин,бир колумда китеп,бир колумда суусундук. Ушунчалык китепке берилгендиктен: этият бол,кач ары-деген создор мага айтылып жатканын деле элес албаптырмын. Бир убакта башыма келип тийген катуу соккудан жыгылып туштум,башым тегеренип,мурдумдан кан агып жатты. Ордумдан турайын дейм бирок алсызмын. Ары жакта болсо,кылган иштерине кечирим да сурабастан каткырып кулуп жатышты балдар. Анан алардын арасынан,бою узун,кен далылуу,сымбаттуу да,жылдыздуу да бир жигит келип,мага колун сунду. Ал мени акырын тургузуп,кечирим сурап,оз жуз арчысын мага сунду... Мен ун дебестен карап тура бердим. Ал мени жылмайып бир карады да,жуз аарчы менен менин жузумду арчый баштады. Ээх ошол убак... Журогум тарс жарылчудай туйлап,демейдегиден 4 эсе катуу сого баштады. Мындай сезим мектеп учурунан бери келе элек болчу. Жашка толгон коздорум менен аны карадым ал да мени карап туруптур. Экообуз бир саамга тиктешип туруп калдык. Бул коздор,эриндер, жылмаю анын жылуулугу мени озуно арбап турду. Биз карашып тура бердик унчукпастан, а коздор суйлошо берди. Бир топтон кийин гана мен ээсимди жыйдым да,ордумдан дароо турдум ,рахматымды айтпастан,тез- тез басып кеткенге шаштым. Ал болсо тан калып эмне дээрин билбей кала берди... Катуу тийген соккудан бетим ишип,когоруп, туну мн тынчтык бербей оорутуп чыкты. Эртеси болсо такыр козумду ача албай калыптырмын. Жиним келип жанагы балдардын баарын каргап-шилеп суйлонуп жаттым. Ошентип 10 кун дегенде арандан айыкты менин шишигим. Окууданда калып кеттим. Эми баары жакшы,тынч окуйм деп ойлоп журсом,менде жаны суйуу оорусу пайда болду капыстан. Жатаканада китептеримди жыйнап жатып жанагы жылдыздуу жигиттин жуз аарчысын таап аалдым. Аны дароо жуудум да,кургатып коюп койдум коргондо берип коём деп. Бирок аны такыр коро албадым. Издейм,негедир сагынам бирок жолукпайм.
Кыш... Айлана аппак кар... Бул кооздукка суктанып,сейил бакта жалгыз айланып жургом. Оюм дале болсо ошол бей тааныш жигитте. Ойго чомулуп бара жатсам бироо далыма кар атты,карасам жанагы бей тааныш жигит... Мени карап жылмайып турат. Менин коздорумо жаш толуп ыйлай баштадым. Ал акырын басып келди да менин коз жашымды арчый баштады. Биз дагы тиктеше туштук. Анан акырын менин коздорумдон обту да: ыйлабачы суранам,кыз баланын ыйлаганын корсом журогум сыгылат-деп жылмайып койду...
Мына ошодон кийин биз тез-тез жолуга турган болдук. Корсо ал 4 курстун студенти экен. Бизден бир курс жогоруу. Мен аны издеп жургондо,ал мени коп жолу коргон экен. Бирок келип соз айта албаптыр. Тан калдым озумо ошончо издеп корбогонумо. ...
Мен эмнегедир озгоро баштадым. Бир аз жасана,боёнуп да калдым. Досторум болсо буга тан? Акыры аларга баарын токпой-чачпай айтып бердим.
Анын мунозу оор,токтоо,бирок тамашакой эле. Ушусон жылытып,ыйласан сооротуп,ач болсон тойгозуп турчу. Мен аны катуу суйуп калдым. Жанынан бир мунот да чыккым келбейт. Бир куну жаны жыл кечеси болуп мен да бармай болдум ага. Адатта такыр барчу эмес элем,бирок жанагы бей тааныш жигит: кутом созсуз келгин- деген созун эстеп барууну чечтим. ...
Устумдо аппак узун койнок,чачым жайылып бигудиге салынган. Ал макияжды досторум кылып берген. Бутумда болсо бийик така. Жыгыла жаздап арандан эле кийип жургом. Курбуларым менен кирип бардык кечеге. Баары тан калып мени карашат. Менин болсо издегеним ошол .... Ичимдик,туркун тустуу тамактар,шапанский, оюн-кулку,музыка баары жайында,бир гана ал жок. Мени чакырып коюп озунун келбегени эмнеси деп жиндене баштадым. Баары эки-экиден бир гана мен жалгыз. Дагы козумо жаш толуп буулуга баштадым. Анан капыстан бироо акырын келип артымдан кучактады билдим менин бей тааныш жигитим экенин. Дагы ыйлап жатасынбы? койчу эми ушундай кундо да,кечир кеч калдым- деп кыпкызыл роза гулдорду берип жузумдон суйуп койду. Анан экообуз женил бийге тушуп жаттык. Ал мага: жур айланып келебиз таза абага-деп сунуш киргизди. Экообуз эшикте жылдыздарды карап суйлошуп олтурдук. Анан менин колумдан кармап: мен бир кызга жолуктум жана аны жактырып калдым. Ал башкаларга окшоп жасанып,боёнуп журбогондугу учун эмес. Мен анын озун,жан дуйносун,молтулдогон коздорун,жароокер мунозун жактырдым. Мен андан эч кимден таппаган жылуулукту таптым жана суйдум. Умут кылам,ал кызда мени мн бирге болот-деп мага карады. Мен бул убакта ааламга жар салып бакыргым келип турду: мен суйуумо жеттим,мен суйуумду таптым деп кыйкыргым келип турду. Дагы эле ошол адатым,ыйлап жаттым. Ал менин жузумдон сылап,жаштарымды акырын арчып,суроолу тигилди мага. Мен: сенин ушул созунду эле кутуп жургом. Мен сени ошол биринчи жолуккан кундон баштап эле суйом-дедим акыры. Женилдей туштум аябай эле. Ал мени озунун жылуу кучагына алды... Анан экообуз биринчи жолу ошол туну обуштук.... Менден откон бактылуу адам жок эле.
Ошодон кийин мен ыйлаганды токтоттум,боёнуп, жасанып,мода кууп кийине баштадым. Озумду ушунча озгором деп такыр ойлогон эмес элем. Жигитим болсо ар дайым жанымда,бардык нерседен мени коргоп турат. Мен аны чексиз суйом... Ал экен демек,мен да бармын.
Биз дагы бир жылдан кийин уй-було курууну чечтик,кандай гана бакыт..
Кудайга ыраазымын ошол топту менин башыма тийгизгенине, топ болбосо биз да жолукпайт элек. ...
Тагдыр бизди озу жолуктурду, биз издебедик бири-бирибизди. Мен ишенем, чын суйууну издебеш керек. Ал бир куну озу сага кутулбогон жерден жолугат,мен буга толук ишенем... Урматтуу окурмандар. Автор: М Абдиева. Оздук чыгарма.

#43 24 Июнь 2014 - 09:46
"Кутулбогон МаХаБаТ" темасы менен бириктирилди.
Prosto-Anjelina , кыска чыгармалар ушул темага жазылышы керек, ал эми сын пикирлер - бул темага.

#44 27 Июнь 2014 - 15:36
Айжаркын Эргешова
"Каргыш"
Шаардын орто чениндеги бул имаратка анда-санда эле бирөө кирип чыкпаса, кандайдыр көңүл коңултуктаткан жымжырттыкка чөккөн жайдан муздактыктын, кусалыктын илеби келип тургансып өзүнөн түртүп турат. Күн жылууда гана кыбыраган кемпир-чалдар эшик алдындагы куду өздөрүндөй кунары кетип, өңү өчкөн орундуктарда дарбазадан бир үзүмү көрүнгөн жолго улам көз таштай кобурашып отура беришет. Алардын кобурашканы куду апасын күтүп, бирок келгенче алаксып турайын деген баланын кыялындай алдамчы, алагды. Ар бири мына азыр эле тиги жолго машине келип токтоп, андан кызы же уулу неберелери менен чуру-чуу түшүп келип калчудай үмүт артып, ошол эле учурда кызарып нуру кеткен көзүнүн шоросун бир байлам жоолугунун учу менен аарчый умсунушат. Эч кимиси жогу деле бирөөнү күтөт. Анткени, жашоо ушунусу менен азгырык.
Бул жерде түркүн тагдырдын ээси жашайт. Бири балдарына батпай келсе, бири майыптыгынан туугандарына жүк болбоюн деп өзү келген.
Эгиз козудай ээрчишкен Гулнур менен Батманы туугандары алып келип ташташкан. Бири тээ Көлдөн, бири Нарындан келген. Экөөнү тагдыр табыштырып, азыр бир туугандай муңдаш, сырдаш. Гүлнур буту тубаса майып төрөлүп, ыраматылык апасынын көзү өтөрү менен документин эч кимге айтпай даярдап бул жакка келе берген. Баласы болсо да минтмек эмес, балким. Бирок басса бели кошо буралып, таяк менен араң жүргөн жарым жан кызга баш байлачу тагдырлаш табыла койбоду. Батма болсо бутунун майыптыгы аз келгенсип тили да чулдур. Тагдыр таш боор көз менен караган эки аял бири-бирин айттырбай түшүнүшөт. Кусалык жан өгөөлөп баратканда тээ балалыгына болгон эскерүүгө, кээде кирип калган жакшы түштөрүнө бел байлап көпкө кобурашып отура беришет.
Жарым эс Дианага баары бир. Сыягы, ак сөөк үй-бүлөдөн чыккан жан го, дайыма таптаза болуп кийинип алып, кечинде үйүнө урматтуу адамдар конокко келгенин же өзү конокто болгонун айтып түгөтө албай жобурай берет, жобурай берет, уккан жан жок.
Тигине, коляскадан москоол тулкусу зоңкоюп тээ алыстан көзгө урунган Асан аба. Бул киши кем сөз. Бул жерге кандай тагдыр алып келгенин чечилип айтпайт. Кээде гана кандайдыр муңдуу ырды ичтен сызып кайрып калганы болбосо, өзү менен өзү. Асан абанын жанына кез-кезде убагында маралдай керилген сулуу болгону сыны кетпеген боюнан билинген ак жуумал байбиче келип кобурашып калат. Бул байбиченин аты да өзгөчө - Баянсулуу. Экөө анда-санда бирдемени сурашып койгону болбосо, көбүнчө унчугушпай өз ойлору менен алек болуп отура беришет.
- Бул жерге кантип келип калдың, Баянсулуу? Балдарың жокпу?-деди бир күнү Асан аба. Баянсулуу көпкө мелтиреди,-Кечирип кой, туура эмес суроо берип алдым го, ээ?-деди Асан аба көзүн ала качып.
- Сурооңуз туура эле, жарыктык, болгону, эмне деп жооп берээримди билбей калдым. Мен бактысын көтөрө албаган бейтаалай аялмын,-деди Баянсулуу карегине айланган жашты жоолук учу менен аарчып. Баянсулуу бир оор үшкүрүп алып кебин улады. Байбиче ак булут кечкен айдың күндөрүндө жүрдү. Муңдуу майып абышка москоол денесин бир аз байбиче тарапка буруп алып, анын бир кездеги ааламына сүңгүп кирип кошо жашап, көңүл коюп угуп жатты.
Баянсулуу далайдын жүрөгүнө ашыктык отун жакты. Бир үйдүн эркеси болгон сулуу бара-бара айылдын эркесине, сыймыгына, көзгө сүртөр асыл баа аздегине айланды. Кыздын баскан кадамына баш урган арбыган сайын кыз кыялы чырт тартты. Эч кимди боюна теңебеген кызга суусап келип, бото көз булакка тизе бүккөн жолоочудай менмин деген далай боз улан сулуунун сулуулугуна чаңкап тизе бүктү. Жүрөк толкуткан авандар жаралып, ал ырлар жетпеген ашыктардын ырына айланды. Көкүрөгү көктө жүргөн сулуунун сулуулугу менен бир гана жан эсептешкен жок. Аркы айылдагы ашынган бай, Манап миңбашынын тукуму Жумабай башкарма кыздын мал жандуу атасына айдап-айдап мал берди да, бир күндө айылдын кутун учуруп, бото көз сулууну уулуна аялдыкка алып кетти. Ошентип, жат айылдын көркү болду Баянсулуу. Баяндын жолдошу Мыктыбек да жаман жигит эмес эле. Бир сырдуу, ак жүзүнө керилген маңдайын жапкан тармал чачы, бүркүт кабагы жарашкан узун бойлуу жигит көктөгү күндү алып жатканы менен иши жоктой суз тартты негедир. Көркү көз тайгылткан келинчегин көптүн бириндей эле карады. Арадан жыл айланып уулдуу, анан кыздуу болушту. Жумабай башкарма катуу ооруп, ошол оорудан түзөлө албай көз жумду. "Атанын малы - чатанын малы" деген ырас белем, Жумабайдын күтүрөгөн малынын жыл айланбай аягы суюлду. Мыктыбектин энеси да оорукчан болуп, бир кезде мейман үзүлбөгөн куттуу үйгө эч ким каттабай калды. Мыктыбек жумушка кетип баратканда апасы бирдеме айтчудай кыңырылып, анан кайра унчукпай кала берет.
- Эмне, апа, бирдеме болдубу?-дейт Мыктыбек астейдил.
- Качан келесиң, уулум, кабатыр болот экем,-дейт энеси акырын. Мыктыбек энесинин көзүнөн башканы окуйт, бирок эмне экенине акылы жетпей ичи зилдейт.
- Апа, келиниң жакшы эле карап жатабы?-дейт акырын.
- Ии, балам, кудайга шүгүр, ушунчалык болот,-дейт апасы көзүн ала качып. Бир күнү эле айылга текшерүүчү келиптир деп уу-дуу болду. Жумабай башкарма тирүү кезинде мындайдын далайы келсе да, башкарма колхоздун да, колхозчунун да бирине кеп тийгизбей узатып койчу. Жаңы башкарма кантээрин билбей алдастап калды. Мыктыбекти чакыртып:
- Айланайын, иним, жакшыдан калган туяксың, конокторду сеникине жайгаштыра туралы, тамак-ашын мен көтөрөм,-деп суранып калды. Оорукчан энесин шылтоолоп баш тартайын деди эле, шыпылдаган башкарма алеки саатта апасын да көндүрүптүр. Анын үстүнө, конок сагынган апасынын да көңүлү көтөрүлүп калсын деп ойлоду Мыктыбек. Кечке маал үч атчан келип түштү. Конокторду утурлап чыккан Баянсулууну эми эле аттан түшүп жаткан жаш жигит бир карап алып, ээринде кыйшайган бойдон ката түштү.
- Келиңиздер, -деди Баянсулуу оозун бүлк эттире сыпаа.
- Саламатсызбы? -деди тиги жигит кыпкызыл боло апкаарып. Көптөн бери мындай көз карашка тушукпай калган сулуунун дили толкуп, денеси чымырап кетти. Баянсулуу сыр алдырбай коноктун атын алып, балдардын бирине карматты да, кериле басып конокторду үйгө баштады. Айылдын тың деген келин-кызы Баянсулуунун бутуна-бут, колуна-кол болуп жардам берип, келинди конок көп деле жүдөткөн жок. Жаш коноктун көзү келинчегин тымызын кайтарып калганын Мыктыбек байкаса да байкамаксанга сала тишин тишине катты.
- Ысымың ким, балам?-деди Мыктыбектин апасы Калыйман апа жаш болсо да баарынан жогору отурган жаш конокко.
- Дилдебек, апа,-деди жигит элпек.
- Жакшы ысымың бар экен, айланайын, дилдедей таза бол,-деп койду кемпир акырын онтоо аралаш. Дилдебек комуздун боорун тытып, булбул үн менен көмөкөйдөн сыздап ырдаган ырга ышкыбоз жан экен.
Коноктор түн оой жатууга кам урду. Жаш конок сыртка сөөрүгө орун салдырып жатты. Идиш-аягын жапканы сыртка чыккан Баян жатканга шашкан жок. Келиндин көз алдында өткүр көздөрү бир туруп көлөкө каптаган тоо көлүндөй ойлуу тунжурай, кээде жүрөк титиретип от чача ичин аңтарып карап, чын дилден төгүлүп таңшып ырдаган Дилдебек. Көшөгөдө суз көрүшкөн бойдон бир жолу мээрин салбаган кербез күйөөсү бирге жашаган эки жыл аралыгында төшөктө гана айдалысын кычырата кучактаганы болбосо бир да жүрөк жылыткан сөз айта элек. Мыктыбек казакка жарманкеге барып, ошол жактан казак сулууга ашык болуп сыздап келип, бирок казактын от мүнөз сулуу кызын атасы алып бербей "андан да сулууну алып берем" деп Баянсулууга зордоп үйлөнткөн деп ушакчы абысындарынан укканы бар. Ишенбейин десе кээде күйөөсү "Сауле" деп түшүркөп алып, андай түндөн кийин жумалап таптакыр ооз ачпай, айжамал келинчегин "барсыңбы, жоксуңбу" дебей тунжурап калчу.
- Уйкуңуз качтыбы?-деген үндөн чочуп кетти Баянсулуу. Жалт бурулса Дилдебек пальтосун желбегей жамынып күлө карап туруптур.
- Жок, идиштерди жаап коёюн деп эле...
- А менин сизди көргөнү уйкум качты,-деди жигит келинден шок көздөрүн албай. Канчалык эркек каадасына салып өктөмсүнсө да үнү калтырап турду.
- Бир көрүп элеби?-Баяндын кыз кезиндеги кербездиги кармап, канчалык дили толкуп турса да сыр алдырбады.
- Бир көргөндө азапка салдыңыз. Кандай шартыңыз болсо, каякка жүр десеңиз макулмун.
- Сиз туз таткан үй ээси менин кожоюнум, туз аттаган кандай болор экен?-деди Баянсулуу. Сөзгө жыгылган Дилдебек саамга жер тиктеп ойлуу тунжурай, анан аргасы кеткендей акырын сүйлөдү.
- Эмне кыл дейсиң?
- Эч нерсе кыла албайсыз.
Баян олоң чачын кармалай ак жүзү ай нуруна кылайып жай бурулду.
- Баянсулуу... -жигиттин үзүлө шыбыраганын укпаган жандай келин унчукпай кирип кетти.
Эртең Дилдебек кетет. Күн сайын жигиттин кумарлуу, кусалуу көздөрү ээрчип жүрүп көнүп калган экен, кетет дегенди укканы көңүлү ээнсиреп, кымбат буюмун жоготчудай кайсалады Баянсулуу. Жалдырай ээрчий караган оорукчан кайненесине көңүл да бурган жок. Күндө булкуп-силксе да алдын кургактап, бир маал сыртка алып чыгып койчу. Демейде жыргатпаган келин бүгүн таптакыр жаттай муздак эле. Түн ооп баратты. Уктай албай чабалактаган Баянсулуу акырын сыртка чыкты. Ай жаныбар тептегерек болуп толуп, саргыч жаркын шооласы күмүш шөкүлөчөн тоолорду чайып толукшуп турган экен. Тээ сайдагы чоң суу да тынч ала албай күү-шаа түшүп күңгүрөнөт. Ак жүзү ай нуруна кылайып бак тарапка басты Баянсулуу.
- Баян...-келиндин жүрөгү көөдөнүн жарып чыгып кетчүдөй дүкүлдөп, тамагы кургап кетти. Артынан келаткан кадам ат дүбүртүндөй дүңгүрөгөнсүп, бирөө угуп калчудай титиреди.
- Эртең кетесизби?-коркконунан, уятынан калтырап турса да, келиндин дилине биринчи ушул суроо келди.
- Ооба, эртең кетебиз, текшерүүбүз бүттү,-жигиттин үнү суукка кайыккан жандай калтырап туруптур.
- Жакшы барыңыздар
- Болгон сөзүң ушулбу?
- Эмне демек элем, менде эмне...
Дилдебек келиндин ичке белинен имере тартып, бооруна кыса жалбарып жиберди.
- Каралдым, ай, периштем, жакшынам, баары сенин колуңда. Бир ооз эле макулдугуңду берчи, сен үчүн тоону томкоргонго даярмын.
- Тоону томкоруп эмне кыласың, садагам?
Келинди андан ары сүйлөтпөй айтамагынан аймалай бооруна кыса кучактап көкүрөгүнө басты. Түн койнун таттуу шыбыр, кеч күздөгү катып бараткан тулаң чөптүн шуудуру, адам бою өскөн ат кулактын бирде токтой калып, бирде катуу, бирде жай ыргалган ыргагы гана ээлеп турду.
Көп өтпөй Баянсулуу менен Дилдебектин мамилеси айылга дуу кеп болду. Катуу келген ат дүбүртүнөн улам ашканада тамак даярдап жаткан Баян бирдеме болорун сезгендей жүрөгү опкоолжуп алды.
- Чынбы?-деди эшиктен камчысын сүйрөй кирген Мыктыбек кумсарып.
- Чын,-деди келин күйөөсүн тайманбай тике карап. Жонуна артыла чабылган камчыдан от тийгендей жону ысый түшсө да Баян коргонбой удаа-удаа чабылган камчыга боюн тосуп тура берди. Калчылдаган Мыктыбек камчысын тең бөлүп сындырды да, шарт бурулуп чыгып кетти. Ошол бойдон түн оой мас келди.
- Баянсулуу, мен сага ыраазымын, бара бер. Экөөбүз тең түгөйүбүздөн адашкан жарадар ак куубуз. Эки жыл жашообуз, жаткан төшөгүбүз, ичкен тамагыбыз бир болгон менен дилибиз башка жашадык. Кээде эс тандырган сулуулук деле сүйүүдөн калган жараатка даба боло албасын атам түшүнбөдү, мен далилдей албадым. Эми кеч болуп калды. Сен бактылуу бол, барагой,-деди да көмкөрөсүнөн түшкөн бойдон эртеси Баянсулуу кетип атканда да ордунан турган жок. Болгону, оорукчан кайненеси ордунан сойлой басып келип, көгөрүп тарамышы чыккан колдорун көккө созуп, каргылданган үнү менен:
- Алган жарыңдан жылга жетпей тул кал. Улам эр жаңыртып, тийген эрлериң сенин сулуулугуңдан башкага ээ болбой, бала жытына зар болсун. Баламдын, тили ширин неберемдин жүзү деп катуу кармадың, каргабадым, кагып-силктиң, тилимди тишиме каттым. Көзүмө көрүнбөй жогол, мастан, багың ачылбасын! -деп жүзүнө тескери бата тартып, анан кумсара босогого жөлөнгөн бойдон кала берди. Артын карабай дикилдеп, эски жоолукка түйүлгөн түйүнчөгүн бооруна кысып алып чуркап баратты Баянсулуу. Ыйлап калган уулуна да кайрылбады. Кайрылганда да көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй караган айылдаштар аны карматмак эмес.
Баянсулуу тез эле Дилдебекке турмушка чыкты. Күнү от чачкан көз карашка, түнү сүйүү кумарына тойбогон эки ашыкты жыл айланбай тагдыр ажыратты. Алыскы райондордун биринен текшерүүдөн ашыгып келаткан Дилдебекти көчкү басып, ай дегенде араң денесин табышты. Ошондон кийин Баянсулуунун багы ачылбады. Улам турмуш жаңыртып, биринен да согончогу канабай, анысы аз келгенсип, улам алган эрлери кайтыш болуп "кара жаздык" атыкты. Жыл агылган сайын мезгил жүзүн кыярткан сулуу жалгыз калды. Ушул жакка келээрге жакын гезиттен уулунун сүрөтүн көрүп, бир өксүп алды армандуу сулуу. Керилген көрөшөм жигит болуптур каралдысы. Бирок батынып баралбады Баянсулуу. Бетин жылтыратып кантип, эмне деп барат? "Уулум, мен сенин энең элем, сүйүү үчүн силерди таштап кеткем. Мына, картайдым, сүйүүгө да, сүйүлүүгө да арзыбадым. Чоң болупсуң, багып ал",-демек беле. "Кызматы да жакшы экен, мындайдын көрө албасы көп болот, турмушуна кедерги болуп, душманына кепке кемтик кылбайын. Мен алар үчүн өлгөнмүн" ,-деди ичинен кербез байбиче.
"Өлбөгөн кулга жаз келди" демекчи, мына, жаз да келди. Бул короого жаз да аксап, кечигип, кыйылып келди. Ар кандай тагдыр шамалы ушул жерге сүрүп салган карыптардын кимиси эмки жазды көрөт да, кимиси көрбөйт...

#45 27 Июнь 2014 - 15:42
Аскербек кызы Саада
"Кечиккен
махабат"
Караңгы кирген убак. Бүгүн Анардын кабагы салыңкы. Адаттагыдай эле тамактанып бүтөрү менен керебетине барып тамды карап жатып алды. Кызы апасынын мындай түшүнүксүз абалына чексиз бушайман эле. Бир топко чейин унчукпай отурду да:
- Апа, сага эмне болду?-деди бир маалда чыдабай кетип.
Апасы үндөбөдү.
- Апа дейм! Акыркы убактарда көп сүйлөбөс болдуң. Эч нерсеңди айтпайсың, көп ойлоносуң, дайыма капалуусуң. Апасы менен кызы сырдаш-курдаш болот деп айтышат го, а биз болсок...
- Жайыма койчу мени! Сага айтканда эмне, баары бир колуңдан эч нерсе келбейт.
- А балким, жардам берүүгө жарап калармын. Апо-ов, апо-ов дейм...
Эркелеген Кундуз апасынын жанына келип мойнуна асыла кетти. Анан бетинен өпкүлөп жатып, апасынын сууланган жүзүн байкап чочуй түштү.
- Апаке, ыйлап жатасыңбы? Көз жашыңдын минтип көл болушуна ким себепкер болду? Менби? Таарынтып алдым беле? Кечирип койчу эгер ошондой болсо... Бир гана суранарым, ыйлабачы. Жүрөгүмдү оорутпачы, апа.
Жанында сабылып турган кызын көрүп боору ооруп кетти эненин. Бала деген бала да. Жүрөгү чыдамак беле. Ордунан тура калып бооруна кысты.
- Көлөкөм десе, мени ойлоп эмне кыласың?!
- Ошентсе деле айтсаң, апа, эмнеге ыйлап жатасың?
- Мен... мен сенин атаңды көрдүм. Өз атаңды.
- Качан? Кайдан көрүп жүрөсүң аны?-күтүүсүз мындай кептен улам Кундуздун оозу ачылды.
- Эки жума мурда шаарга барбадым беле, эсиңдеби? Капыстан эле жолугуп калдык. Ажырашканыбызга көп жыл болсо да мени алигиче унута албай жүргөнүн, көп нерсеге өкүнөрүн, сени көргүсү келерин айтты. Байкуш аябай жүдөп алыптыр. Кантсе да бойдоктун иши бойдок эмеспи. Аялы бар болгондо мындай болмок эмес да.
- Анын эмнесине бооруң ачыйт? Андай эле жакшы адам экен, эмне үчүн ушуга чейин мага бир жолу келип койгон жок?-жини келе түштү кыздын.
- Ал кандай болсо да өз атаң. Сени жарык дүйнөгө алып келген. Антип айтпа, балам. Азыр ойлосом, учурунда болор-болбос таарынычтардан улам эле ажырашып кетиптирбиз. Эгерде ошондо бир аз чыдамдуу, сабырдуу болсок, жолубуз эки башка кетмек эмес экен. Буга экөөбүз тең күнөөлүүбүз. Мен кийин кайра турмушка чыктым. Жолдош деле жаман күйөө болгон жок. Сени бапестеп багып-чоңойтту. Эми жыргалыңды көрөрдө оорудан улам каза болуп калбадыбы бечара. Менин таң калганым, Жолдош менен канча жыл чогуу жашасам да, өз атаң Мелиске болгон сүйүүмдүн өчпөй койгону болду. Ушул күнгө чейин унута албай келем. Анан ошентип жүргөнүмдө минтип жолугуп калып атпайбы. Мелисте күнөө жок, кызым. Аны жөн жерден жаман көрө бербе. Сен кичинекей кезиңде бат-баттан келип сени көрүп, сагынычын таратып турчу. Кийин мен турмушка чыккандан кийин эле айласы жок келбей калган. Себеби, Жолдош экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бузгусу келген жок. Ал келген сайын ыраматылык атаң кызганычтан улам чыр чыгарып жиберчү да. Ошол бойдон Мелис такыр үйлөнгөн жок. Жалгыз калды. Экөөбүздүн ажырашуубуз жаңылыштык болгонун, мени гана сүйөрүн ал да кеч түшүндү. Бир жолу жолукканымда: "Эми мен жалгыз өтөм. Сени күтөм өмүр бою. Кайра мага кайрылып калар күнүңдү күтөм. Күнөөмдү ошентип жууйм. Менин жашоомдо сенин ордуңду башка бирөө ээлей албасын билдим",-деген эле. Ошол сөзүнө турду.
- Айтсаңыз, анан эмнеге капасыз?
- Мен аны дагы көргүм келет. Сагынып жатам. Кусалык жүрөгүмө толуп кетти билсең. Ушунча жыл өзүм Жолдош менен жашасам да, жүрөгүм Мелистен ажырабай койбодубу. Аны ким түшүнмөк эле?! Ошентсе да ыраматылык атаңа туруктуу жар болдум. "Мелисти сүйөм, аны менен кайра элдешем, ортобузда кызыбыз турат" деп басып кетип калбадым. Эми минтип мен да жалгыз, атаң да жалгыз...
- Атам?
- Ооба, атаң. Ата деп жүр аны. Андан намыстанба, тескерисинче, сыймыктан. Анткени, сен чексиз бактылуусуң. Эки атаң бар. Экөө тең сени жанындай жакшы көрүшөт. Сен аларга ошондой мамиле кылууң керек.
Ошол бойдон экөөндө тең сөз түгөндү. Анар да, Кундуз да өз-өзүнчө ойго батып жатып уктап кетишти.
***
Апасынан атасы жашаган айылды билип алып, Кундуз бул күнү атасын издеп көрүүнү чечти. Атасы менен бетме-бет жолугуп сүйлөшүүнү каалады, көргүсү келди. "Кызык, кандай адам болду экен? Апамдын айтымында, мага окшош окшойт",-толкунданып алды ичинен көчөнү бойлой басып баратып. Аңгыча маңдайынан эки бала чыкты.
- Ай, балдар, бул айылдан Мелис аттуу адамды издеп жүрдүм эле, жардам бере аласыңарбы? -деди Кундуз тигил балдарды токтото калып.
- Кайсы Мелис? Мелис аттуулар көп да. Дарегин айтсаңыз таап беребиз.
- Ошо дарегин билбей жатпаймынбы. Кыскасы, көп жыл мурун ажырашып кеткен. Ошол бойдон кайра үйлөнгөн эмес.
- Эже, атын билбейбиз, бирок тээтигил үйдө сиз айткандай бир байке жалгыз жашайт. Ажырашып кеткенине көп болгон. Чакырып берели, өзүңүз сүйлөшүп көрүңүз.
Али аныгын билбесе да азыр атасын көрчүдөй кубанып кетти кыз. Балдар чуркап кетишти. Көп өтпөй жашы кырктарга келип калган, бирок өз курагынан алда канча жаш көрүнгөн, чымыр денелүү, сулуучумак келген эркек жанына басып келди. Жанатадан бери толкунданып жаткан кыздын денесин эми майда калтырак басып, эмне дээрин билбей оозунан сөзү түштү.
- Саламатсыңбы, чоң кыз?
Кыздын балбылдаган бото көзүнө, узун кирпиктерине, айдай жүзүнө арбала түшкөн эркек ушинтип айткан бойдон унчукпай тиктеп туруп калды.
- Саламатчылык, -угулар-угулмаксан уяң жооп угулду кыздан.
"Кандай келишимдүү адам! Жалгыз болсо да таза, тыкан кийингенин көр. Аялы жок деп ким ойлойт? Сылык-сыпаа, жылдыздуу жан тура. Бир көргөн аялзатын сүйдүрүп алуучу касиетке ээ экен, анан эмнеге ушунча жыл жалгыз жүрдү?" Бул тапта Кундуз ичинен маңдайында турган эркекке бир чети суктанып, бир чети ашык болуп баратты. "Мен эмне акылымдан адашып жатам? А балким, бул адам менин атам болуп калсачы?" -эми гана эсине келе түштү кыз.
- Чакыртыптырсың го. Мени тааныйсыңбы? Атың ким болот?
- Атым Кундуз. Ушул айылда жашаган Мелис аттуу адамды издеп жүрдүм эле. Көп жыл мурун ажырашып, ошондон бери жалгыз жашайт. Бирок мен ал адамды тааныбайм, али көрө элекмин.
- Аа, эми түшүнүктүү. Мен да ошол сен айткан Мелиске окшошмун. Болгону, атым башкача - Нурбек,-кызга жылмая карап, "таанышып алалы" дегендей колун сунду Нурбек.
Нурбек колунан назик кармаганда Кундуздун дене-бою дүркүрөп кетти. Кызык, канча жигит таанышса да, өмүрүндө мындай болгон эмес. Мына бул өзүнөн бир топ жаш улуу адамдын магниттей тарткан мынчалык эмне касиети бар болду экен? Уялганынан бети тамылжый түшкөн кыз колун тартып алды.
- Кечиресиз, сиз мага жардам бере албайсызбы? Балким, тааныйт чыгарсыз...
- Айылыбыз өтө эле чоң. Мында жашагандардын баары эле бирин-бири тааный бербейт. Биздин тегеректе андай адам жашабайт. Бирок сен капа болбо. Аны сөзсүз табасың. Бүгүн болбосо башка күнү.
- Чын эле башка күнү издейинчи. Азыр болсо кетейин.
Кундуз кетүүгө камынды.
- Кундуз, токтосоң,-Нурбек кыздын колунан кармай калды,-Байланышып турбайлыбы. Мага телефон номериңди калтырып кет.
- Мейли, берсе берейин. Чалып туруңуз,-ойлонбой туруп макул болду кыз.
Нурбек Кундузду айылдын четине чейин узатып келди да, коштошуп жатып бетинен өптү. Бул күнү үйүнө келген кыз кечке Нурбекти ойлоду. Эмнеге ойлоп жатканын өзү деле түшүнбөйт. Бирок эмнегедир эле жүрөгү элеп-желеп болуп, көңүлү алда-кайда алып учат. Кыялдардын кучагына байланып, жүзүнө өзүнөн-өзү жылмаюу пайда болот. "Мен эмне болуп жатам? Нурбекти сүйүп калган жокмунбу?" -деп сурайт анан кыз өзүнөн-өзү. Жооп жок. Жооп ордуна кайра эле жылмаюу, табышмактуу бакыт. Аңгыча эле телефонуна SMS келди. Ача салса Нурбектен экен. "Кандайсың? Үйүңө жакшы жеттиңби? Бейкапар жүргөнүмдө капыстан жолугуп, жүрөгүмө бүлүк салып кеткен периште азыр эмне кылып отурат болду экен? А менин оюмда сенсиң. Сени көргөндөн бери мен үчүн жашоонун кызыгы пайда болду ишенсең. Билем, мен сени таптакыр кызыктырбасам керек. Сендей он гүлүнүн бири ачыла элек он сегиздеги селкиге мендей кыркка келген адамдын кереги деле жоктур. Эгерде бул жазганым сага катуу тийип жатса кечирип кой. Жөн гана сага болгон сезимимди ичиме жашыргым келбеди. Бир көрүп сүйүп, өзүмө-өзүм батпай отурам билсең. Сени көргүм келет. Жок дегенде мага эми бир жолу көрүнүп койчу. Башка суранбайын, кечиккен махабатым... " Ушинтип жазылыптыр SMSте. Кундуздун көздөрүнөн бир заматта учкун жана түштү. Каректерине жаш тегеренип кетти. Бул кубанычтын жашыбы же өкүнүчтүнбү, өзү да аныгын билбей турду. "Саламатсызбы, Нурбек. Үйүмө аман-эсен жеттим, сураганыңызга рахмат. Атамды издеп жүрүп сизге жолуктум. Бул да болсо пешенеге жазылган жазуудур. Атамдай эле адам экенсиз. Мага болгон сүйүүңүзгө эмне деп жооп кыларымды билбейм. Балким, мени кызыңыз катары сүйүп жаткандырсыз. Ойлонуп көрүңүзчү... "-деген жоопту жиберди Кундуз. Көп өтпөй кайра эле жооп келди: "Жок, мени сени эркек катары сүйдүм. Сүйүү жашка карабайт эмеспи. Дагы суранайын, бир жолукчу. Аячы мени. Жүрөгүм кумга түшкөн балыктай туйлап, убакыт жылбай токтоп калды мен үчүн. Көрүнчү, аруу махабат". "Жан дүйнөсү мынча назик жан! Сүйлөгөн, жазган сөздөрү көркөм, үнү мукам. Эргитип жиберет го, чиркин!" -деп ойлогон Кундуз "эртең кечке маал биздин айылдын четинен жолугалы" деген жооп жазып жөнөттү.
Эртеси болжошкон жерге барса, Нурбек эбак машина менен келип күтүп туруптур.
- Саламатсыңбы? Сени келбей коёбу дедим эле.
- Кантип келбей коёюн убада кылган соң.
- Мени кечирип кой, мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сендей жаш кыз менен таанышам, анан аны бир көрүп эле акылымдан адашкыча сүйүп калам деп таптакыр ойлобоптурмун. Дегеле, ушул жашымда мага сүйүү келерин кайдан билдим?!
Кыз унчукпады. Тек гана Нурбектин келишимдүү бой-келбетине, жылдыздуу жүзүнө суктана карап, ага азыр кечээкиден да тартылып баратканын, кандайдыр бир табышмактуу күч мына бул маңдайындагы эркекке жипсиз байлап койгонун түшүнүп-түшүнө албай турду. "Кантип эле ушундай болсун?-деди акылы бир маалда,-Жаш жигиттер калбай калгансып улуу адам менен мамиле түзгөнүм туура эмес го. Бирок..."
- Эмне дээриңди билбей калдың окшойт. Мен сени шаштырбайм. Жүрү, азыр менин үйүмө баралы. Бир аз сүйлөшүп отурган соң кайра жеткирип коём. Эч кабатыр болбо,-деди аңгыча Нурбек кыздын оюн бөлүп.
- Үйүңүзгөбү? Уят го.
- Уят эмес. Атайын сен үчүн дасторкон даярдагам. Өз колум менен тамак жасадым. Шагымды сындырба. Мен сага тийбейм, коркпо. Жүрөгүм сүйгөн адамга жамандык кылмак тургай, катуу айтып көңүлүн ооруткум келбейт.
Нурбектин бул сөзүнө Кундуз муюй түштү. Эмнегедир ишеними пайда болду да, унчукпай барып машинага отурду. Тез эле Нурбектин айылына кирип келишти.
- Мына, үйгө келип да калдык,-деди Нурбек машинанын эшигин ачып жатып.
Заңгыраган чоң үй-жай экен. Баары жетиштүү экени көрүнүп турса да, аял кишинин жок экени билинбей койбоду.
- Көрдүңбү, үйгө кожойке эле жетишпей турат. Мен канчалык ирээттеп, тазаламыш болсом да ушинтип окшошпой калат,-күлө сүйлөдү Нурбек,-Кел, бул жерге отур. Тартынба.
Кундузду колунан кармап төрдү көздөй жетелеген Нурбек капыстан кыздын белинен имере тартып кучактай калды. Экөөнүн көздөрү тиктеше түштү бул убакытта. Күтүүсүз мындай окуядан кыздын бүтүндөй денеси чымырап, өзүнүн эмне болуп жатканын түшүнбөй баратты. Анткен менен Нурбектин кучагынан жулунуп чыккысы келбеди. Тескерисинче, эркектин коңур жыты, күчтүү билектери, чымыр денеси башын айлантып, өзүнүн сүйүүнүн айлампасына түшүп калганын бул жолу жазбай түшүндү. Оюн жыйнап-жыйнай электе эриндерине чапташа калды эриндер. Кудум гүлгө жабышкан аарыдай болуп эриндеринин балын соргон эркектин кучагында коргошундай көлкүлдөп эрип, эми даана сүйүүгө мас болуп, Кундуз бул мүнөттөрдө өз эркин башкарууга кудурети жетпей баратты.
- Жаным, асылым, кечиккен аруу махабатым. Сени сүйөм. Түбөлүккө сүйөм. Ишенчи мага. Мен сени башка эч кимге бергим келбейт. Мендик болчу, суранам. Мен сени бактылуу кылууга кудуретим жетет. Сенсиз жашагым да келбей калды. Апаңа барып колуңду сурайын, макулсуңбу?
- Бир аз убакыт бериңиз, ойлонуп көрөйүн.
Кыздын "жок" деп айтпаганына эле бактылуу болуп, үмүт байлаган Нурбек кызды так көтөрүп тегеретип жиберди.
***
Далай жолу жолугушуп, сүйлөшүп жүрүшкөн соң акыры бир күнү Нурбек Кундуз менен бирге кыздын үйүнө колун сураганы келди. Нурбектин мурда ажырашып кеткенин угар замат Анар каршы чыкты:
- Сенден бир топ жаш улуу экен, теңиң эмес. Анын үстүнө, турмуш көрүптүр. А сен али турмушка чыга элек жаш кызсың. Он сегиздеги кыз кыркка келип калган эркекти сүйөт деген эмне тамтык! Эмне, жаш жигиттер табылбай калдыбы? Ой, азыр күйөөнү коё турсаң боло. Эрте да сага.
- Мен сизди түшүнөм. Бирок Кундузду бактылуу кыла алам. Мага ишениңизчи. ыйлатпайм Кундузду. Биз бири-бирибизсиз жашай албайбыз,-кепке аралашты четте турган Нурбек.
- Жок, мен сага кызымды бербейм. Кет! Турмуш көргөн жубандар толтура. Ошолордун арасынан өз теңиңди тап!-кесе сүйлөдү Анар.
Нурбекке ушул сөз катуу тийди окшойт, шарт бурула үйдөн чыгып кетти. Бул күнү ыйлай берип көзү тоодой шишиген Кундуз кечке маал кан тамырын кесип жиберип ооруканага түштү. Эсине келсе жанында апасы, анан дагы бир киши отуруптур.
- Берекем, көзүңдү ачтыңбы деги?! Аман калганыңа шүгүр. Экинчи мындай акылсыздык кылбай жүр. Мени кечирип кой, кызым. Нурбек экөөңө айткан сөздөрүмдү кайра артка алдым,-деди апасы ыйлап жатып.
- Рахмат, апа. Бирок кеч да эми. Нурбек кетип калбады беле.
- Нурбек да келген. Сыртта турат күтүп. Биз чыккандан кийин ал кирет палатага.
- Нурбек келдиби? Кандайча?-уккан кулагына ишенбеген кыз кубанып кетти.
- Кызым, бул өз атаң Мелис. Кан тамырыңды кесип жибергениңди көрүп, эмне кыларымды билбей телефон чалып чакырсам дароо келиптир. Сени ооруканага алып келди атаң. Нурбекти тааныйт экен. Экөө бир айылдан тура."Абдан жакшы жигит, Кундузду бактылуу кылат. Жолтоо болбо, бактысына балта чаппа",-деди. Анын үстүнө, баламсың да, сен мынча сүйсөң, каршы болбой эле коёюн деп чечтим. Кечир, кызым.
Бул мүнөттөрдү сөз менен айтууга мүмкүн эмес эле. Кундуздун бактысына чек жок болчу. Кечээ эле ааламы астын-үстүн түшүп, жашоосу бүтүп калгандай сезилсе, бүгүн минтип бакыт кушу колуна конуп отурат. Мына, атасын, өзүн жарык дүйнөгө алып келген адамды көрдү. "Ата, мен сизди издеп жүрүп сүйүүмө жолуктум. Сиз болбосоңуз Нурбек экөөбүз жолукпайт элек. Мен сизди ушунчалык жакшы көрөм, атаке..."-деди ичинен кыз атасын кучактаган калыбында. Кундуздун көзүнөн мончоктоп жаш куюлду эрксизден. Бул кубанычтын, бакыттын көз жашы эле.

#46 12 Июль 2014 - 15:09
"Эселек,
бала бойдон калгым келет"
Ооба, ошол күнү бир топ аялдар мени энемдин жанына жолотпой жатышкан. Анан бирөөсү боор ооруду көрүнөт:
- Жөн койгула көрүп көксөөсү кансын, -деди жашы улгайган аял. Мен энемдин тынч алып жаткан мээримдүү жүзүн улам-улам карап коюп качан ойгоноор экен деген тейде тажабай карап олтура бердим. Анын нурсуз кош каректери кого айланып, энемден тири укмуш муздак илеп уруп тургандай. Мындай абал дене боюмду калтыратып жибергендей болду. Анан мени бирөөсү көтөрүп сыртка алып чыгышаары менен коогалуу ызы-чууда бир топ кишилер кимдир бирөөнү алып жөнөгөндө, үйгө кирип энемди оордунан таппай убараландым. Алда бирдемеден шекшигендей бышактап, кары энеме жалдырай карап:
- Энем! Энем кайда?! дей бердим эбиреп.
- Кагылайын каралдым энең бизден алыс, алыс кетти, - деп жүзүн менден ала качып тим болду. Мен энемди кайрадан кайрылып келет го, дептирмин. Көрсө көрүстөнгө алып барышкан турбайбы…
Ооба, энемдин каза болгонуна эки жыл ашса да атам эч кимди үйгө кийирбеген. Бул аралыкта атам экөөбүз гана жашадык. Анда мен алтыга жаңы толуп, мектеп босогосун аттаган убак эле. Бир күнү сабактан чыгып, окуучулардан бөлүнүп үйгө чукулдай бергенимде, кошунабыздын тентек уулу Тилек жаныма чуркап келди. Аны балдар өз атынан атабай Тикентай деп коюшаар эле.
- Салкынай эжеке, сиздин энеңиз келди!.. Ал шашылып сүйлөп жатты.
- Эми сизди эч ким жетим дебейт ээ, менин энем да сиздин үйүңүзгө кирип кетти. Мен оозумду ачып, Тилектин оозун тиктеген калыбымда туруп калдым. Ага ишенгенимден, ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей анан тызылдаган бойдон үйгө чуркап жөнөдүм. Мен ар качан, энем келет деп ишенчүүмүн, үйгө жеткиче ал кайтып кетип калчуудай энтигигип калганыма карабай бараттым. Ушундайда жолдун узарып кеткенин, мен эшиктин босогосуна жетип келдим…
Биздикине кирип-чыгып жаткан аялдар көп экен. Тилектин апасы мени үйгө жетелеп алып кирди. Төркү үйдө, калың салынган жуурканда энеме караганда бир топ толугураак келген аял олтуруптур. Киргенде эле анын кийимдери көзгө урунду. Энемдин бир да кийимине окшобойт. Бир байлам кызыл жоолугу менен гүлдүү кызыл көйнөгү анын буудай ыраң жүзүнө коошпогондой болуп турду. Мен бейтааныш аялды көрүп, шаабайым сууп карап калдым. Аялдын кээкерлүү жылмайган жүзү мага жагымсыз көрүндү. Мен өз үйүмдөн, энеме окшош ак жуумал, жүзүндө жарашыктуу меңи бар, узун бойлуу мээримдүү аялды издеп турдум. Бул жерден энем жок экенин көрүп, ыйлагым келди. Тилектин апасына жашынып артка карай кетенчиктедим.
- Эжеке, энем канаке?
- Тигине олтурбайбы каралдым, бар жанына энең ушу балапаным.
- Энеме түк окшобойт экен! - дедим жиним менен ый аралаш.
- Бул менин энем эмес. Жолумду тоспоңуз эжеке…
Болук аял кээкерлүү жылмайган жүзү заматта сустайып.
- Иги Улуктун кызы го сыягы. Жөн коюңуз кийин өзүбүзчө таанышып алабыз, -деди камырабай.
Ошентип, мен жаңы энелүү болдум. Менин өзүмчө үйдөн четтеп ыйлап жүргөнүмдү көргөн атам,
- Энелүү болсоң да ыйлайсыңбы, кой караалдым ыйлаба! - деп, соороткон болду. Эрке мүнөзүм кармап эрээркеп кеттимби ,атамдын бутуна оролуп алып, андан бетер күчөп ыйладым. Мени акшыя карап турган болук аял, көзүмө бир башкача жаман көрүнүп кетти, жаңы энем да мени жактырбай жүрдү.
Ошол күнкү өгөй энемден жеген биринчи таяк эсимден кетпейт. Көнгөн адатым калбай, өз энемден калган үй толгон гүлдөрдү бапестеп турчумун. Бул жолу да бир чака сууну гүлдөргө куямын деп көтөрүп кирдим. Боюм жетпегендиктен, стол коюп чаканы көтөрүп гүлгө сууну куя бергенимде, столдон тайып, чака менен гүлдү кошо алып жаңы энемдин салган шырдагына кулап түштүм. Үй ичи калдыр шалдыр болуп кеткендиктен, өгөй энем чуркап кирди.
- Ай кыз, колуңдан келген ишти жасабайсыңбы? Өйдө боло берээримде, колумдан тартып жулкулдатып жиберди. Колумдун сыздап турганына карабай, ордумдан учуп турдум. Ач арстандай атырылган энемден корунуп столду тегерене качтым. Анын толук бети дирилдегендей туюлду.
- Жаңы шырдакты эмне кылдың? Эми эмне кылайын сени? Эмне жалдырайсың!
Артымдан жете келип, желкемен капшыра кармаган калыбында, оодарылып жаткан гүлдүн сабагы менен такымыма чаап-чаап алды. Такымым үзүлүп кеткендей сыздады.
- Энекебай, урба! Мен атайын кылган жокмун…
Энемдин чоң мушу кулак түбүмө тийгенде, эч нерсени сезбей кулагым дуулдап турган ордуман жыгылып кеттим. Энекем ачууга уугуп менин жыгылганыма да караган жок, колундагы суу жыгач менен шыбап кирди. Тура калайын дегенимде, алдымдагы чакага чалынып башым менен каалганы сүздүм. Буркулдаган энем:
- Тазалап кой? Куураган куу жетим! -деди да, сыртка чыгып кетти.
Күчүмдү көзүмдүн жашынан чыгарып, өксүп-өксүп ыйлап жатып шырдагын тазаладым. Ичим жалынсыз түтөп, корообуздун артындагы жалгыз байтеректин түбүнө бардым:
- Алтын энекем ай, мени минтип эмне жазыгым үчүн жалгыз таштап кеттиң экен! Менин тентектигимди жазалап келбей койдуң го? Эсиме деле кирдим энеке, кайрылып келчи? Сагындым энеке...
Уңулдап ыйлап жатып кеч да кирип кетти. Биздин короо айылдан обочороок жайгашкандыктан кеч кирген сайын коркунуч жан дүйнөмдү каптаса да , көшөрүп жалгыз олтура бердим. Айланамды уламдан-улам караңгы каптап кирди. Мени менен сырдашкансып чайпалган жалгыз терек гана муң - дартыма шериктеш болгондой дирилдеп, ар кайсы кайрыктагы күүгө салып күңгүрөнүп шыбырап жатты. Атам келчү жолду улам карап, качан келээр экен - деп күтүп отуруп кеч да кирип кетти. Балким бүгүн да атам келбесечи? Каңырыгым түтөй түштү. Атам да көр тириликтин камын көрүп, жер айдоо үчүн талаага кече күнү кеткен. Мүмкүн, энем атамын келбесин билип мени сабагандыр - деп да, ойлоп алдым ичимен. Мени өгөй энем издебеди, курсагым да ачты, үйгө баргым келбеди. Сырымды бир гана ушул дирилдеген жалгыз терекке айтып, бүрүшүп олтуруп уктап кетиптирмин.
... Үй ээн экен, жумшак желге окшоп жаркырай күлүп кирип келдиң. Зарыга күткөн мен башайы канат калдыркан көпөлөктөй чамына оордумдан туруп, алга умтулдум. Сүйүнгөнүмдөн жүрөгүм элеп-желеп, жаныма чукул келип пахтадай жумшак алаканың менен сылап:
- Эмнеге ыйладың жарыгым? Энемдин алаканындагы жылуулук бүт денеме тегиз тарап турду. "Мына мен келдим, жалгызым" -дедиң жылмайып.
Кубанганымдан эмне дээримди билбей. Жумшак алаканыңа жаагымды таяп, жашыма ээ боло албай көзүмдү көлдөтүм. Көптөн бери бешенем жарылып кубана элегимден ушул жолу чындап, кубанычтан өксүп ыйладым...
Селт эте чочуп кеттим. Эми эле конгон бактым, капилет уча качкан өңдүү, ичим өрттөнө маңдайымдагы Тилектин апасын карадым.
- Алдыңа кетейин Салкын, таң атпай бул жерде эмне уктап калдың?
- Желкемди кашып оордумдан тура бергенимде, бутумдун гүлдүн сабагы тийген жерлери бастырбай оорутуп, такымым сыздап кетип кайра олтура калдым.
- Эмне болду балам, өйдө болчу- деди, бутумду көрүп эле түшүндү окшойт.
- Улук кайда?
- Кош салганы кеткен, -дедим жер караган калыбымда.
- Муну оңбогон кара энең кылган го... Тилектин энеси өзүнүн үйүнө ээрчитип барды. Үйгө киргенде эле, өзөгүм үзө тартып турду. Тилектин энеси мага чай берип жатып:
Ушу өгөй эне деген түбү - оорду менен соолуп калсачы! -деди күңгүрөнүп. Көптөн бери жуула элек, кирдеген чачымды жууп жатып, сыйрылгандан көгөрө баштаган аркамды көрүп алып: Арзыкан өлбөй кал, жалгыз кызыңды куураттың го, -деди муңкана. Тилектин энеси мени түштөн кийин үйүмө алып барды. Бул учурда атам да келип калган экен.
Атаке, деп баратып эле, ыйлап жибердим.
- Караалдым менин кайда жүрөсүң? -деди, атам мага капалана карап.
Мен бышактап эч нерсе айта албай ыйлай бергенимден. Тилектин энеси атама, кече күнкү болгон окуяны айтып жатканда, ары жактан өгөй энем тири укмуштай чаңырып чыкты.
- Кырчыныңда кыйылып, жаштайыңда жалп эткир, дегеле мунун догурунганын көр! Тузум ургур эмне дулдуясың? -деп мага атырылды.
- Эмне мынча адыраңдайсың, аялзатынын баары сендей болсо…
- Ой окшошкон таалайсыздар, -ыя? -деди долуланып.
Атам мени сабагандан көгөргөн такымымды, желкемди көрүп ачууланса да өзүн токтоо кармады.
- Билсең бу караан менин жалгыз медерим, билсең кеткенден калган керээзим. Ушуну батырбай ары-бери, сүйрөп карып кылыпсың сен… кебетеси кантет?
- "Мен сени жыргатам, мен сени куунатам! " -деп менин башымды айланткандан көрө, сен алдагы албарсты кызың менен жашай бербейт белең!
Өзүнө эп келишпеген, мындай жаман сөздү угуп, уугуп кетти атам.
- Кокуй оой! Күлтүңдөгөн долу! Болду эми! Сен ушундай оозуңда каралың жок , бей маани экенсиң ээ… биринчи күйөөң ырас, айдап жиберген экен сени! Ушундайыңдан сандалып калган турбайсыңбы? !
- Өлтүр мени, мына сен өлтүр!... деп атамдын жакасына жармашты, ташка сүзгүлөдү. - Өлтү-үр… өлүгүңө олтура калайын, өл-түүр…
Ортого чырылдап түшө калсам.
- Бетпак сен ары тур! -деп жекире карады.
Тилектин энеси үрөйү учуп, арачы болоор барбы дегендей эки жагын каранып, чыдамы кетти окшойт, энеме кайрылып:
- Акинай, эсиңе келчи, -деп жеңинен тартты.
Энем андан бетер өкүрүп, мени билектен алаарда, атам колунан катуу кармап.
- Кой Акинай! -деди, атам токтоо сүйлөөгө тырышып. Анткени менен иреңи купкуу, таноосу кыпчылып, калчылдаган муундарын зорго карманып турду.
- Эми ушунчаңда үйүңө кет. Ызаатыңды билгениң жөн, менин айтаарым ушу, кыйкырганыңдан майнап чыкпайт - деди, атам.
Ызы - чуудан улам, бала-бакыра жардап карап калышкан эле. Арырактан атамын жоругуна таңданып турган досу, Адыл аке мурчуюп бизге жакындап басып келди да:
- Досум, -деди жактырбагандай, - бирөөнү кордоого кандай дитиң барды?..
Ансыз да атамдын куйкасы курушуп араң турат эле. Досуна ызырына:
- Коргоп сүрүштүрө турган сен эмес!.. - деп жиберди. Бизге кийгилишпей ары тур.
- Ой-бой, сен кишини сүйлөтпөй койгудай кандай адамсың?
- Мен ошондой кыйынмын! Көрөөрбүз, көрөөрбүз.
Аңгыча Ыбырай аксакал да келди.
- Улукжан, жөн жай элеби? Бу эмне жаңжал? -деп сурады ал.
- Ии аксакал, жөн жай, болчу беле! Атам кабагын чытып алды.
- Айзаададан калган жалгыз кызды билесиз го… Ошонун оордугунан келип чыккан чыр. ..
- Билем, билем… - Ыбырай карыя атамды тигиле карап:
Кечээ күнү кечинде, кызың жалгыз теректин түбүндө олтурган экен, оюн бөлбөйүн деп өтүп кеткен элем. Көрсө, ошондо бирдеме болгон экен да - деди, күңгүрөнгөн Ыбырай карыя:
- Уулум, бу жалгызыңды алпештеп багып алуу сенин гана колуңда, -деди.
Ошондо атам, мээримдүү жылмайып "келчи кагылайын жалгызым" дегендей эки колун акырын сунганда, башымды атамдын көкүрөгүнө жөлөдүм… Балапан кыял, өткөн күн көз алдыма тартылып, анан апам экөөңөр таабышкан "Жоокерлер" майрамында, атаке өзүңүздү куттуктап сизди кубантайын дейм. Анан да ар качан жалгыз ардагыңыз болуп, дале "Эселек бала бойдон" калгым келет…

#47 12 Июль 2014 - 19:59
Кара далынын сүйүүсү...
Айтмурзанын кызы түндө өлүптүр... Жамандык жерде жатпайт тура, суук кабар күн чыга электе айыл ичин аралады. Бадага уй кошмокко чыккан аялдар "Бечара, өмүр бою кара далы болуп өттү. Же күйөөнүн, же баланын убайын көрсөчү..." деп өздөрүнчө шыпшынып жатышты.
Зулайка Айтмурзанын экинчи кызы болчу. Жутуп ийчүдөй чырайлуу кызга кимдер гана кат жолдободу. Канчалар куда түшүп келип, эшик алдын сагалабады. Бирок, кыздын жүрөгү ал кезде Адыл деп гана сокчу. Бир класста окуган, шыңга бойлуу, кара көз жигит экөө келечекте бир үйбүлө курууну кыялданышар эле. Тилекке каршы, турмуш кыйын экен, баары алар күткөндөй болбоду. Мектепти аяктаган соң Адыл жарым жылга жетпей аскерге чакырылды. Ал кезде афган согушу жаңы башталган. 18ге жаңы чыккан боз улан алдында эмне күтүп турганын кайдан билсин, ата-энеси, ашыгы менен коштошуп, мекен үчүн милдет өтөөгө жөнөп кетти. Күн алыс жолуккан эки жаштын ортосун эми канчалаган чакырым бөлдү. Айрыкча Зулайкага кыйын болду. Кусаланып, кээде буулугуп ыйлап алчу. Бар эрмеги эле кат. Айтылбай калган сөзүн, жаңылыгын, сезимин бүт ошол чакмак кагазга түшүрөөр эле. Адылдан кат келсе, жаш балача кубанганычы. Мунусу энесине жакпай, "бейбак, бул эмне мынча кудуңдайт" деп күңкүлдөп калчу. Көрсө эне жүрөгү ушул сүйүү кызынын тагдырын түбөлүк бууп саларын сезсе керек. Адыл аскерге узаган күндөн бир жыл өткөндө суук кабар келди. Кандуу кармашта душман тарапка чалгынга кеткен жигит ошол бойдон кайтпаптыр. Тууган-туушкан аны өлдүгө чыгарып, боз үй тигип, мал союшту. Сөөгү келбесе да, куран окуп акыркы сапарга узаттуу ырымын кылышты. Адамдан үмүт үзүлбөйт тура, Адылдын апасы менен Зулайка гана "өлдү" дегенге ишенишпеди. Ошол сезим Зулайканы канча жыл коштоду. Ал ортодо окуду, иштеди. Ошентип жүрүп далай убакыт өтүп, жашы бир топко чамалаганын өзү да сезбей калыптыр. Башта ата-эне, бир туугандары "турмуш кур" деп көп айтышчу. Бара-бара бул тууралуу ооз ачпай да калышты. Себеби, ушул сөз козголгон сайын Зулайканын итатайы тутулуп, уруша кетчү. Акыркы кезде кыртышы эчтеке сүйбөй да калды. Үйдү күнүнө үч маал жыйнап, казан-аякты кырып жууп, күн өткөн сайын жез тырмакка айланып баратты. Анын сырын билген коңшу-колоңдору да үйгө башбакпай, айланып өтүшчү. Ата-энесинин колундагы келиндин жанын койбой кууруй бергендиктен, ал да бөлүнүп өзүнчө чыгып кетти. Башка бир туугандары келсе да кеткенге шашып турушчу. Оорукчан да болуп калды. Күн бүркөлсө эле төшөк тартып жатып калат. Бир күнү түш ченде көзү илинип кетиптир. Ошол маалда эшиктен Адыл кирип келди. Жапжаш бойдон. Колуна аскерге узап жатканда Зулайка берген гүлдү кармап алыптыр. Керебетке жакын басып келип, колу менен Зулайканын чекесин сылады. "Жүр жаным, кеттик..." . Анан экөө бир кезде жолукчу дөбөгө бет алышты. Аңгыча көз ачырбаган куюн болуп, Адылды кайдадыр алып кетти. Зулайка анын артынан кыйкыра баштады... Ойгонуп кетсе түшү экен. Ыйлап жатыптыр. Кашында энеси турган экен. Суу бере салды. Ошондон үч ай өткөндөн кийин Зулайка катуу ооруп калды. Улам-улам эсинен танып, жөөлүп жатып, таңга маал үзүлүп кетти. Өмүрүн сактап калууга кылган ак халатчандардын далбасы түккө турган жок.
Зулайка көз жумгандан кийин бир туугандары анын кара чемоданын ачышты. Ичи толтура саргайган каттар экен. Зулайка менен Адыл түшкөн сүрөт да табылды. Артында "Мени өмүр бою күт, акыры сага кайрылып келем..." деген жазуу бар болчу...
Кечээ эле Зулайкадан тажаган бир туугандар бүгүн өкүрүп, келиндери буту-бутуна тийбей чуркап, келген элди тейлеп жүрүштү.
Батага келгендер "Ой-боюна койбой, илгери эле күйөөгө берип коюшса, очор-бачар болуп калмак, бечара" деп чай үстүндө кобурашып жатышты. Алардын арасынан бир гана адам үн каткан жок. Ал Адылдын энеси эле...

#48 16 Июль 2014 - 19:04
Той
Заңгыраган чоң тойкананы карай колтукташа баскан кыз-жигит кирип келатышты.Экөө тең жасана кийинип, кыналыша басып алышкан. Бири-бирине карап кыт-кыт
күлүп, жадырап-жайнап жүргөндөрүнө караганда өтө чоң кубанычта жүргөнкездери окшобойбу. Тойкананын кең эшигине да жөн кирбей бири-бирин этияттыкменен жөөлөп, ойногончо кирип келишти. Мындай меймандарды кур кетирбей тосупалууга эчактан бери маш болуп бүткөн жаш жигит кайдан-жайдан пайда болуп экөөнүсылык учурашып тосуп алды.
– Саламатсызбы? Кириңиздер!
– Саламатчылык. Келдик... Неме, админстратор менен сүйлөшсөкпү дедик эле.
– А эмне боюнча?
– Үйлөнүү үлпөтүбүздү өткөрүү боюнча.
– Азыр беш мүнөт күтө туруңуз. Чакырып келе калайын. Ага чейин бул жергеотура туруңуздар.
Шыпылдаган жигит экөөнү бир столго жайгаштыра калды да өзү жылт коюп кайсы бирэшикке кирип кетти. Көп деле күттүргөн жок. Чыпыя кийинип, башына бир байлам акжоолук байлап алган жаш келин пайда болду булардын жанына.
– Саламатсыздарбы? Мени сурадыңыздар беле?
– Ооба. Сиз администраторсуз да э?
– Дал өзүмүн. Айта бериңиздер. Үлпөт өткөрөлү деп жаттыңар беле?
– Ооба. Биз үйлөнөлү дегенбиз. Анан ушул тойкананы сунуш кылышкан. Аябайжакшы тейлейт дешти.
– Анысы чын. Буюрса жакшы эле тейлейбиз. Залыбыз да кенен. Кайсы күнүөткөрүүнү ойлонуштуруп жатасыздар?
– Бизге эмки жуманын ичиндеги бардык күндөр болот. Айрыкча биринчи күнүболсо андан да жакшы болмок.
– Кана азыр карайынчы... Ммм... Жакшы! Жакшы.Так ошол биринчи күнү биздебуйрутма жок экен. Бактылуу экенсиңер.
– Оо, ырас болбодубу. Кыз менен жигит бири-бирин карап кубанычтуу жылмайыпалышты.
– Эже, силерде тамада, музыкант дегендер бар да ээ? – деп сурады жигит.
– Ой, бизде баары бар. Бүт бар, эч коркпогула. Андан көрө айта бергилесилерге эмнелер керек? Менжаза берейин убакытты өткөрбөй.
– Макул. Анда мындай. Бизге бир тамада, бир музыкант, бир фотограф, бир оператор, эки-үч ырчы, бир же эгер болсо эки бийчилертобу. ..
– Бизде бийчи кыздардын тобу бар. Анан кичинекей үч жашар, беш жашарбалдардын тобу бар. Болобу ошолор? Аябай жакшы бийлешет.
– Үч жашар балдар?! Бийлей алышабы алар?
– Ой ооба. Сен экөөбүздөн жакшы бийлешет. Көрөсүң го.
– Аа. Мейли анда. Андан кийин, дагы 6 ак калпактуу киши. Алардын жанына 5аял.
– Омей Самат, эмнеге бешти? – деп чырылдай кошулду жанындагы кыз.
– Кызыксың го. Сенин атаңдын инисинин аялы келе алмак эмес да баары бир.
– Эми келе албаса деле ордуна кошуп койо берчи.
Тамада «кыздын атасынын бир тууганы» деп чакырып калса Жаныкул байкемжалгыз чыкмак беле?
– А макул анда. 6 ак калпак киши, 6 жоолукчан аял. Анан, 6 же 7 классташ.
– Классташтар бизде 6-7 деп берилбейт. 5 же 10 деп берилет.
– Мейли анда. 10ду жазып койуңуз.
– Дароо эле тактап алалычы. Классташтарыңыз кандай болсун? Баары теңкүрмө-шым, ак көйнөкчөн келсинби?
– Ии баса. Мен да ушуну ойлоп отурдум эле. Бизге он классташ болду да.Ошондо алардын ичинен сегиздейи кычырап кийинген, сонун бийлеген балдарданболсун. Экөөсү болсо мындай эле жынсы шым, кара свитер кийген балдарданкылыңыз. Анан тигилер бийлеп атканда ошол экөө мындай четкерээкте эле кол чаап,кыйшалаңдап турушсун да. Болбосо баарын тең кычыратып салсак тойдун жасалмаэкени билинип калат го. Чыныгы нукура тойго окшосо жакшы болот деп ойлойм.
– Түшүнүктүү, түшүнүктүү. Дагы айта бериңиз. Мастардын кереги барбы?
– Мастардын? Айка керекпи мастар?
– Жинди го! Мас жок дагы той болчу беле? Мас жок болсо тойдун жасалма экенидаана билинип калбайбы.
– Ой эми ансыз деле билишет да.
– Койчу эй Самат. Ушунуң эле жаман да. Эмне баары эле биле бермек беле?Эртеңки жашооңду да ойлосоң. Кийин бирөөлөргө сүрөт-пүрөттөрүңдү, видеоңду деле
көргөзөсүң да. Анан алар «ии сонун той өткөрүшүптүр» деп ойлогудай болушкерек. Азаматтар депчи.
– И макул анда. Эже, бир мас кошуп койуңуз.
– Бир мас жакшы болбой калат менимче.
– Эмнеге?
– Негизи бир мас болгондо ал көбүнчө эле ар кимге барып тийишип, ордуна жөнотурбай калжактай берет.
– Анда эки мас кылыңыз.
– Жок, эки мас да жаман. Экөө ар кайсыны талашып, урушуп кетишет. Эңжакшысы үчтү кылгыла. Кажылдашып- кужулдашып тойдун көркүн ачат.
– Аа, макул анда, үчөө десеңиз үчөө болсун. Энесин урайын үйлөнүү тойэмеспи бул.
– Үч мас дедик ээ? Кана тактап алалы бир сыйра.
Мастар жазылды, тамада жазылды, ак калпакчан куда-кудагыйлар жазылды. Иибаса өкүл ата керекпи?
– Омиий, аны унутуп калган турбайбызбы? Сөзсүз керек да ал.
– Кандайы керек? Кычыраган неме болсунбу же...
– Албетте кычыраганы болсун да. Ушунча үлпөт кылып анан өкүл атага жөнөкөйкишини койсок болбой калат го... Кандайлары бар силерде?
– Биздеби? Бизде өкүл атанын түрү бар. Жанна, өкүл аталардын каталогун алыпкелчи.
Нары жактан тыпылдаган кыз каталогдорду көтөрүп чуркап келди.
– Ой-иий эже, аябай сонун өкүл аталар бар го силерде?
– Ооба да. Бизде баары бар. Кана, шашпай тандагыла.
– Карачы Самат, мобул сонун өкүл ата экен. Кебетеси да сага окшош. Ушунуалалыбы?
– Чын эле э? Кызматы эмне экен көрөлүчү? “Орусиядагы кыргыз диаспорасынынжетекчиси” дейби? Кой эй мунуңду. Булар көбүнчө алдамчы, же шүмшүк немелерболот дешет ал жактагылар. Ошол жактагы мигранттарга документ-сокумент жасап,ортомчу болуп бутуна турушат имиш. Кереги жок. Азыр баары эле Орусиягабаргандар да. Алар бүт жаман көрүшөт.
– Макул анда. Башка тандайлы. Дагы кандайлары бар экен?
– Койо турсаң. Мобуну карачы. Ой, “Ата-Мекен партиясынын депутаты” дегендербар экен бул бетте.
– Ии койчу Самат ошолорду? Ата-Мекендин азыр баркы түшүп калбадыбы.
– Сен даанасың го?! Текебаев турганда Ата-Мекен кайра эле көтөрүлөт.
– Самат, кечээ эле саясат жөнүндө сүйлөшпөйбүз дебедик беле. Экөөбүз ушултемага келгенде сөзсүз уруша кетебиз.
– Ии макулчу анда. Өзүң тандачы деги. Мен эмне айтсам эле каршы чыгабересиң.
– Ии, жаным таарынбачы. Макулчу, макул сен тандачы.
– Жок. Мен эчтеке билбейм. Сен өзүң танда.
– Иий бултушкам. Кел анда мындай кылалы. Замандаш партиясы азыр жакшы чыгыпкелетат го. Ошондон койобуз өкүл атаны.
– Ммм, баягы эле мигрант – пигрант, диаспораларыңбы? Баса, кел андан көрөмэрияда иштегендерден койобуз.
– Кана ошондой бар бекен?
– Бар андайлар. Бизде баары бар. Мына 16-бетти карасаңар. Өткөндөүйлөнгөндөр дагы ошону тандашкан. Азыр мэрияда иштейт деген өкүл ата аябай
жакшы өтүп атат. Кийин айтканга да жакшы экен да. Мэрияда өкүл атам бардесеңер аябай жакшы угулат.
– Макул анда. Биз дагы ошону тандадык. Ырас болду. Ушуну менен бүттү го э,эже? Кана дагы бир карап койсоңуз.
– Азыр, карай калайын. Кана, тигил бар, бул бар. Төрдө тигилер отурат.Булар бар. Ии, күйөө жолдош керекпи?
– Аа ооба. Бир күйөө жолдош, бир кыз жолдош кошуп койуңуз. Аны унутупкалган турбайбызбы.
– Кандайынан кошойун?
– Эмне алардын да көп түрү барбы?
– Жок үч эле түрү бар. Узун, кыска анан орто бойлуу.
– Аа, ошондой элеби? Бизге орто бойлуусунан бере бериңиз.
– Макул. Негизи, ушул орто бойлууга аябай көп кардар чыгат. Жакшы иштейтушулар. Тынбайт да.
– Дагы эже, дагы эмне керек
– Эже-жезде, группалаш анан коллектив дегендер калды.
– Эми алар арткы пландагылар да. Андайдан кырк кишини өзүңүз аралаштырыпкошо бериңиз.
– Болуптур, аны өзүм жайгарам. Ушуну менен керектүү адамдарды жазып бүттүкокшойт.
– Эже, шашпай дагы карап, толуктап көрүңүзчү. Сизде тажрыйба көп да. Мындайстолдорго жайгашып отурганын элестетип карасаңыз. Биз унутуп калчу элек.
– Макул. Анда дагы бир сыйра тактап чыгалы. Тамада бар, фотограф бар,бийчилер бар, кудалар бар, өкүл ата... Ммм... Булар тигил жакка отурса...Тигилер бул жакка... Ии баса, чоң ата, таята дегендер жок го силерде.
– Мейли, алардын кереги деле жок.
– Негизи аларды деле кошуп коюш керек. Балпайып төрдө отурса аябай сонункөрүнөт.
– Самат, кандай кереги жок? Мен кийин “биз үйлөнгөндө таятам-таянем барболчу” деп айткым келет. Кошуп койолучу.
– Оой, жаным ушинте бересиң эми.
– Самаат, суранаам...
– Ии макул, макулчу. Сага таята кошуп койолу. Бирок, бирди эле.
– Таянем деле болсо жакшы болмок...
– Ой эми “таянем айылдан келе албай калган” деп деле айтып койчу. Акчажетпечүдөй болуп турат. Дагы көп нерсе алышыбыз керек.
– Ии болуптур, болуптур. Жиндебе ээ бултушкам. Эже, кандай абышкалар барсилерде? ?
– Биздеби? Бизде абышканын да түрү көп. Негизи, тойлордо алардын келгени,чыгып бата бергени жакшы да. Бирок ошол сөз байлыгына, талантына, келбетине,иштеген тажрыйбасына жараша абышкалардын баалары да өзгөрүп турат.
– А эмне алардын да каталогу барбы?
– Жок, алардын каталогун чыгарган анча пайдалуу эмес. Себеби, алар бат-батжаңыланып турат. Өлүп калат, ооруп ишке чыга албай калат, ордуна жаңы келип
калат. Кыскасы каталогу жок.
– Анда биз кантип тандайбыз?
– Ой ал оңой эле. Тиги карылар үйүнө барсаңар, башчысы толтура абышкакөргөзөт. Андан сырткары, атайын иштеген элитныйлары дагы бар. Алар өздөрүнчөтоп- топ болуп иштешет. Аларды чакырсаң, тез эле келе калышат.
– Жакшы экен анысы. Биз деле ошол элитныйлардан чакырбайлыбы?
– Макул. Азыр чакырып береийнби анда?
Администратор кимдир бирөөлөргө чалып, өздөрүнчө сүйлөшө калды да телефондуколу менен басып кызга минтип шыбырады:
– Буларга 90го чыккан абышка жаңы кошулуптур. Кебетеси, жүрүш-турушукадимкидей, эч кандай жасалмалуулук жок дейт. Эч кимге иштей элек экен. Бирок,жаңы келгендер кымбат болот. Себеби биринчи кардары силер болуп атпайсыңарбы? Ала келишсинби?
– Кымбат болгондо канча? – деп чыдабай кошула калды Самат.
– Эми, жаңы да... Бир түнгө 150-200 доллардын башын чапчыйт
– Омиий. А саатына мынча берели деп сүйлөшүп алсак болобу?
– Андай деле болот. Мейли анда, келе берсинчи. Калганын келгендесүйлөшөбүз.
– Макул. Баса өткөндө курбу кызым бир чалды чоң ата кылса айласынкетириптир. Тойдо аягына чейин отурбай, калп эле кыңкыстап, ыйлактап,анткорлонуп жатып шайыбызды оодарды дейт. Булар андай эмеспи?
– Аа, жанагы карылар үйүнүн чалдары ошондой болот. Эптеп эртерээк кетишүчүн ошентип туйлай берет. Алганга жараша мобу элитныйдан алыш керек да. Буларакча үчүн иштеген немелер каалаганыңды кылат.
– Аа, ошондойбу? Анда элитныйынан эле алалы, ээ Самат?!
– Макул. Бир ооз кебиң катта майрам дечү беле. Кана, анда бүттүбү кишилер?
– Ооба, бул жагы бүттү. Эми дасторкон калды. Абышкалар келгиче дасторкондуойлонуштура берели.
– Эже, эми столду өзүңүз билип тейлей берсеңиз болот. Эки-үч түр салат.Ортодо боорсок, момпосуй, печенье, алма өрүк, иши кылса дасторконду толтуруп коюңуз.Анан эки ысык тамак бересиз дагы, кетээрде эт тартасыз. Баса, тамак-самактарыңызчыныгы тамактай эле көрүнөбү? Камерадан караганда билинип калбайбы?
– Жок, кокуй! билинбейт такыр. Тим эле алма-өрүккө чейин кадимкидей.
– Деги билинбесе болду. Ии баса! Бир столго чыныгы тамак-аш койдуруңуз. Аныунутуп кала жаздаган турбаймынбы. Болжол менен беш, же алты кишилик
столду кдаимкидей кылып даярдап коюңуз. Алар менин чогуу иштешкендеримболот. Уят болбогудай бололу. Кошумчаны жакшы кошуп атышат буюрса.
- Аа, макул. Аны жасайбыз. Макул анда, абышкалар келгиче отура тургула. Меназыр келем.
Н. Асанбеков

#49 17 Июль 2014 - 09:28
"Той"
темасы менен бириктирилди.
Eltuzor, кыска чыгармалар ушул темага жазылышы керек.

#50 18 Июль 2014 - 11:00
Eltuzor
, чыгармалар тууралуу ойлорду тиешелүү темага жазуу керек.
#51 30 Июль 2014 - 03:15
Уулкан Амираева
БАЛА АРТЫНАН БАКЫТ ТААП..Адаттагыдай эле Москванын бурчунда, кечки сейилде бакта олтурган болчумун. Ары жактан кыргыз жигит коляска айдап келатыптыр. Кандай гана камкор ата деп, ичимден суктанып алдым. Бирок, жакындаган сайын ыйлаган наристенин үнү угулду, басылайын деген түрү жок. Болбой эле чырылдап ыйлап жатат, энемин да, чыдай албай алдына чуркап бардым. Карасам 3-4 айлык байкуш бала ыйлай берип, үнү да бүтүп калыптыр. - Курсагы ачыпы? - дедим, шаша.- Жок, курсагы ток эле, бул сүттү берсем ичпей жатат деди, ата байкуш.Балким ичи ооруп жатты бекен, же астын курукташ керекпи деп, баланын шымын чечип, көргөн көзүмө ишенбей, чыйылдап бакырып жибердим. Байкуш бала ысыкташып, көчүк-сандары кесилип, кызарып кетиптир. Колтуктары, мойну да кесилип ылжырап турат. Анан кантип бала ыйлабасын. Чоң адам чыдай алгыс бул нерсеге. - Присыпка ( упа ) барбы? - дедим дароо.- Жоок, ал эмне? - деп, жалооруйт.Жакын жердеги даарыканага барып алып келиң, баланын колтуктары ысыкта бычылып кетиптир дедим. Байкуш бала шымы жок, жылуу соккон шамалдын жели ого беттер жагып жатты. Өз баламды бир жылдан бери көрбөй, бала жытына зарыгып турган жаным, көкүрөгүмдү ачып, эмизип ийдим. Кургак эмчекти болушунча упчудай соруп, наристе таттуу уйкуга кетти. Өпкөсү оозуна батпай чуркап атасы келип, уктап калганын көрүп сүйүнүп, эмчегимди эмип жатканын көрүп бир таң калды. Көкүргөмдү оозунан чыгарайын десем, койо бергиси жок. Ансайын каттуу соруп, чопулдатып эмет. - Сүт чыгып жатабы, сүтүң барбы? - деп, күйпөлөктөп суроо салды.- Сүтүм жок. Курук эле эмип жатат дедим. Баса, баланын апасы кайда? Эмнеге кызарган денесин карабайт? Акыркы жолу качан жуунтурдуңар эле? - деп, жиндене суроо узаттым.- Оо күнү квартирадагы бир эже жуунтуп берген деди, башын жерге салып. Аялы менен жашабашын жазбай түшүндүм. - Анда бала баккыч алыңыз. Же апаңызды чакырың, же айылга алып кетиң, баланы караганга аял адам керек дедим.- Ата-энем аялыма үйлөнөөрүмдө каршы болушкан, алардын сөзүн укпай, өз сүйгөнүмө үйлөнгөн элем. Эми аялым мени таштап кетти деп, кантип айтам? Айыптын баары өзүмдө болсо. Аларга эч нерсени айтпайм, билбей турушсун азырынча деди. Сөздү бөлө салып:- Атым Алмаз - деп, колун узата.- Мээрим дедим, кабагымды сала.- Кызымдын аты Сымбат деди.Сураштырып олтуруп бир эле райондо, жакын жерде тураарыбызды билдик. Ал бир курулуш мекемесинде архитектор болуп иштейт экен. Өзү Бишкектин четинен орун алган, Ак- Өргөдөн болоорун айтты. А мен Оштукмун. Алмаз жалооруй карап, мага Сымбатты үйүнө барып, жуунтуруп беришимди өтүндү. Чындыгында, наристени жуунтуруу керек болчу. Ойлонбой макул болдум. Канча баланы тез-тез жуунтуруп турса, бала ошончолук бат торолот эмеспи? Анын үстүнө жайдын ысык күнү болсо. Бөтөн жер болгондуктан үйдө толо эл. Кирип эле, ваннага суу толтуруп, баланы жуунтуруп кирдим. баладай болуп же суудан коркуп ыйлабайт. Унчукпайт. Чагымда суу денесине жагып жаткан го..Жуунтуп бүтүп, бүт денесин майлап, упа койуп, сүтүн берип, уктатып койдум. Бир бөлмөдө Алмаз кызы менен тураарын айтты. Үйгө кетүүгө камынып жатканымда, Алмаз кол телефонумдун номерин сурады. Эгер, кокустук болуп калса чалам да деп, томсорот. Үйгө келип, же уктай алсамчы. эми төрлөгөн наристени бирде сүйүп сагынсам, бирде боорум ооруп, жүрөгүм ооруп чыкты. Таңкы сегиздерде телефонум шыңгырайт. Алсам Алмаз экен. Дароо эле ойум Сымбатка кетип, аны сурадым. - Сымбат кандай?- Ыйлап жатат басылбай. Сүт деле ичпей жатат. Суранам сенден, азыр үйгө келчи деди. Бетимди арыдан-бери жууп, үйдөн атып чыктым. Барсам Сымбат эч нерсеге көнбөй ыйлап жатыптыр. Айлам куруганда, кайра көкүрөгүмдү оозуна салдым. Тып басылды. Курук эмчекти соро берип, көкүрөгүм тызылдып ачышып кетти. Ал эч нерседен бейкапар чопулдатып жатат. Ыйлабаса болду деп, көзүмдү жумуп чыдап турдум. Аңгыча Алмаз: Канча айлык аласың? - деди.- Жыйырма миң рубль дедим.- Мен сага жыйырма беш миң төлөп берем, Сыбатка бала багуучу болчу. Жашаганың, жеп-ичкениң бекер, баары менден. Болгону Сымбатты карап бер - деди, көзүмдү жалдырай карап. Бекер деле карап бермекмин, бирок мен да баламды багуу үчүн иштегени келгем да. Жумуштун жеңилдигине, же айлыктын жакшы төлөп бергенине эмес, Сымбат үчүн макул болдум. Колунан баласын алгычаң, жумушун ал дегендей эле, бала багуу деле оңой эмес. Ошентип Алмаздын бөлмөсүнө көчүп келип, Сымбатты карап, жашап калдым. Ал эрте менен кетет, кеч келет. Ар саатта чалып, кызын сурап турат. Кечинде келээрде эмне бар, эмне жок сурап, азык-түлүгүн алып келет. Катту мээрим койдумбу же жараткандын сыноосубу билбейм, эмизип жүрүп бир күн көкүрөгүмө сүт келди. Адаттагыдай эле курук көкүрөгүм эмип жаткан, бир маалда экинчи көкүрөгүмдө муздак суу агып кетти. Карасам сүт ийип, Сымбат энтигип жутуп жатыптыр. Сүйүнөөрүмдү билбей же, ыйлаарымды билбей дендароо болуп туруп калдым. Кечинде жумуштан келген Алмазга болгон ишти айттым. Анын көзүнө байланган жашты көрүп, мен да ыйлап жибердим. Ушул сүттү өз апасы берсе болбойт беле? Өз апасын эмсе болбойт беле? - деп, ичимден күйүп жаттым. Кандай гана таш боор адам. Мен келгенден бири, бир ооз чалып, же бир басып келип, кызынын абалын сурабаганына таң калдым. Аркы бөлмөдө жашагандардан сурадым, апасы кайда? - деп. Бир жолу Алмаздан сурасам, жооп бербей койгон. Кийин дагы сурагандан тартындым. Апасы шаарда өскөн, бир чоңдун кызы экен. Өтө сулуу жана жаш имиш. Кызын төрөөрдө эле, энелик милдеттен тажап, ээн жүргүсү келип, баласын жакшы карачу эмес дешти. Кийин Алмаз экөө уруша кетип, аялы кийимин алып, кызын таштап үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылбаптыр. Мурдакы сүйгөнүнө кетип калыптыр деген кептер да таркаптыр, чын-төгүнүн бир Кудай билет деп, оор үшкүрдү бөлмөлөш эже. Биз Сымбат экөөбүз керебетте, Алмаз жерде уктайт. Бир үй-бүлөдөй эле жашап жатканыбыз менен, жаздыгыбыз бөлөк. Азада Бегимкулованын ырындай " Аялыңмын тойум болбогон, аялыңмын никем кыйылбаган " - дегендей, аялыңмын эки башка уктаган болуп, Сымбатка мен апа, ал ата болуп жашап жүрдүк. Арадан бир жыл өтүп, Сымбаттын алгачкы тили " апа " - деп чыкты. Болгондо да мени апа деди. Аттиң, өз апасы ушул сөзүн укса бактылуу болбойт беле? Там-туң басып калганда, мен да өз баламды сагынып, ата-энемди сагынып үйгө кетүүмдү Алмазга айттым. Маанайы чөгүп, баламды Москвага алдыртуумду, Сымбат экөөнү ушул жерде карап, иштешимди сунуштады. Көнбөдүм. Ата-энем, туулган жериме кетким келди дедим. Көпкө тартыштык. Акыры ал жумушунан жооп алып, чогу кетээрибизди айтты. Бишкекке учуп кондук. Мен андан ары Ошко учушум керек. Сымбаттан көңүлүмдү үзалбай, Алмаздын бир-эки күн кал дегенине көнбөй, Сымбаттын колун сунуп, ээрчигенине карабай, артымды карабстан ыйлап бараттым. Эгер, артыма бир кылчайып карасам, ошол жерде калып кетүүм анык эле. Ошко сапар алдым. Өз үйүмө келип, балама болгон кусамды жазып, апама болгон иштин баарын баяндап бердим. - Байкуш кызды кыйнапсыңар го? - деп, апам оор үшкүрдү.Эртеси апам кол телефонун берип, сени бирөө сурап жатат деди. Келээримди эч кимге деле айтпадым эле, ким болду экен деп, алсам Алмаз экен. Мени таппай калбайын деп, телефонумдан апамдын номерин жазып калган экен. - Кандайсыңар? - дедим сүйүнгөнүмөн көзүмө жаш алып. Чындыгында мен да эми кайра көрүшпөсөк керек деп ойлогом. - Баары жакшы. Биз.. деп келатып, Сымбат сени сагынган окшйот, кечке эч кимге көнбөй ыйлап жатат деди. Өз балам болбосо да, ак тарап, ак сүтүмдү берип чоңойтподум беле? Жүрөгүм жарыла кетейин деди анын ыйлаганын угуп. Мен да көнүп калганмын, ал менин да кызым го.Үнсүз гана ыйлап тура бердим. Колумдан эч нерсе келчү эмес. - Ата-эенеме болгон ишти түшүндүрдүм. Сага үйлөнүүмө ыраазы болушту деди. Уккан кулагыма ишенбей, сөзүмдү таппай калдым. Бир жыл чогу бир бөлмөдө жашап, мен да ага үйрөнүп, жада калса кандайдыр бир жылуу сезимим бар болчу. Бирок, Алмаз тараптан эч нерсе байкачу эмесмин. Ал сезимин жашырып жүргөн экен көрсө, мени кетип калбасын же Сымбатты мурдагыдай карабай койбосун деген го, сыягы. Алыс экенин билсем да, сезимге баш ийдим. Анан да Сымбатка башка бирөө апа болушун каалабадым. Ал менин кызым. Мен анын апасымын. Ал менин балама ата болуп, балам анын уулу болуп жашап калдык. Биздин үй-бүлөдө эч качан сенин балаң, же сенин кызың деген сөзгө жол берилбейт. Экөөбүздүн балдарыбыз - бул биздики. Буйруса үчүнчү балабыздын жарык дүйнөгө келишин күтүп жатабыз деп, бактылуу жылмайып, каарманым сөзүн бүтүрдү.Төрөгөн эне эмес, баккан ЭНЕ деп, бекер айтылбаса керек..

Барпылыктар рулит))
#52 11 Сентябрь 2014 - 12:46
"Ара жол"
Уктап кеткен экем, алда кандай шыбырттан ойгонуп кеттим. Жан бүткөндүн баары уктап жатканда чыккан бул шоокум уйкумду умачтай ачты. Ааламда түн уюп, ай үргүлөгөн жымжырттыктан чычкандын жөргөлөгөнү угулат. Ордумдан акырын туруп карасам экинчи кабатта жашаган жалгыз бой келин залда турган дивандын арка жаздыгы менен жапкычын колуна кармап алып жертөлөгө түшүп баратыптыр.
- Ай, Тургунай, сен каякка?-дедим кичинекей айнектен башымды чыгарып. Заматта оюма ар түрдүү жаман ойлор келип кетти. Тургунай коркуп кеттиби, же не дээрин билбей калдыбы турган ордунда бир азга катып калды да, анан артына жай кайрылды:
- Эже, мен тиги... жертөлөдөгү окуу залына отуруп турсам болобу?
- Түн жарымда окуу залында эмне бар ботом, ал жак караңгы. Кызың кайда?
- Үйдө уктап жатат,-деди Тургунай карегин ала качып.
- А сен эмне жертөлөгө түшүп баратасың?
Келин кирпигин көтөрбөй мелтиреди. Алда кандай күдүк ойдон жүрөгүм опкоолжуп, куштун уясындай будкамдан сыртка чыктым.
- Тургунай, кызың коркуп калбайбы, ал жакта эмне бар сага, кир үйүңө,-деим келиндин жүзүнө үрпөйүп карап.
- Үйүмө батпай калдым,-деди жашына муунуп жаткандай каргылдана.
- Өз үйүнө батпай калганы эмнеси?
- Карлыгачтын атасы келди...
- Ыя?-дедим уккан кулагыма ишенбей.
- Кызымдын атасы келди.
- Апей, эриң келсе эле үйүңө батпай калат бекенсиң? Жакшы болгон тура. Кир акылы жоктонбой,-дедим жеңилдене үшкүрүп. Ал мени ушундай бир таарынып да, даттанып да карап алды да унчукпай тура берди. Ошондо гана анын күйөөсү менен ажырашып кеткенине көп болгонун эстей коюп күйпөлөктөп кеттим. Жаман ойдон коркуп кеткен жаным жанталашып тигинин эмнеге түшүп баратканын тактаганга шашпадымбы.
- Кел, анда менин эле жаныма жатып ал, жертөлө жылуу болгону менен караңгы, ары төшөнчү салчу жай деле жок,-дедим көзүнө карап. Ал унчукпай колундагы жаздык менен диван жапкычты ордуна коюп, менин жаныма келди.
- Чай ичесиңби?-дедим акырын. Азыр чай эмес тамагынан кыл өтпөй турганын сезсем да бирдеме деп кепке тарткым келди. Тургунай унчукпай баш чайкады да, мелтиреп отура берди. Азыр дилин эмне өйүп, көңүлүндө эмне бороон болуп жатканы бир өзүнө гана дайын эле.
***
Ара жолдо жанчылган тагдырдын башаты тээ он жыл мурун башталган. Тургунай он бирди бүткөн жылы кошуна айылдык балдар ала качып кетишти. Апасы элдин кеп-сөзүнөн, кызынын каргышка калуусунан коркуп, Тургунайды ыйлаткан бойдон отургузуп кетти. Арадан жыл айланып, ары турмушка баш ийип, ары кызына байланып калган Тургунай жашап калат беле, ким билет. Күйөөсүнүн ичкиликтен көзү ачылбай, анысы аз келгенсип ичкен сайын аялын чырылдатып сабап, акыры ажырашып тынышты. Тургунайды атасы аядыбы, же талкаланган тагдырды алда не менен түзөткүсү келдиби, кызын окууга тапшыртты. Кыз окууну жакшы бүтүп, өзү бүткөн окуу жайда иштеп калды. Ошол жылдары күйөөсү улам келип келиндин тынчын ала берди. "Мен эми башка адам болом, кызыбыз үчүн оңолом" деген күйөөсүнө канчалык ишенейин десе да көңүл тереңинен көнө албай, алда не дилин ичиркентет да турат. Ансыз деле көңүлү жок барган Тургунайды күйөөсүнүн ичкени, сөгүнүп сабап иренжиткени муздатып бүткөн экен, жылый албай койду, бирок, негедир күйөөсүнө ишенгиси келди да жарашып алды. Ошондо эмне азгырды али да аңдай албайт келин, бир күүгүм кечте келген күйөөсүн кызы экөө ээрчип кетип калды. Ошо ошол болду, Тургунайдын турмушуна атасы өзү да аралашпай, апасын да аралаштырбай койду. Ийри жыгач түз болбойт деген чын экен, күйөөсү оңолмок турсун кайра мурдагыдан да үй-бүлөгө карамы жок болуп, жалгыздыкка көнө түшкөндөй. Тентек кызынын ызы-чуусун да көтөрө албай кыйкырып, акыркы күндөрү кызы атасы келээри менен көзүн алаңдатып апасынын этегине коргологону коргологон. Ошондой күндөрдүн биринде Тургунай кош бойлуу экенин сезип калды да, "бүттү, эми кандай болбосун жашаш керек" деп, али да жашар-жашабасына ишене албай арсар болуп жүргөн көңүлүндөгү күдүктү биротоло кууп салды. Кечки тамакка кам көрүп жаткан Тургунай кызынын чырылдап ыйлаган үнүнөн улам сыртка чуркап чыкты. Бутуна тура албаган мас күйөөсүн кызы жетелеп алып ыйлап келе жатат. Ал жыгылган сайын кичинекей кыз чырылдап ыйлап үстүнө түшө калат. Тиги болсо кызын түрткүлөп, бирдемелерди булдураганы гана угулат. Тургунай кандай жетип барганын билбей калды.
- Жүр үйгө, Адеми коркуп жатат,-деди күйөөсүн сүйөй берип.
- Энеңди, кызың да сени тарткан, болоор-болбоско ызылдап сүйрөйт тим эле бура бастырбай. Албарстыдай болбой киргиле үйгө. Эркектин ишине аралашканды ким коюптур экөөңө. Бара бергиле, мен азыр барам,-деди ызырынып. Келин жүрөгү сыздап турса да унчуккан жок.
- Жүр, кызым, атаң артыбыздан келет,-деди көз жашын жутуп. Кызы жыгылып-турган атасына кыйыла кылчактап апасынын жетегинде араң баратты. Келин үйгө кирип баратып күйөөсү арак саткан дүкөнчү келиндин үйүнө бурулганын көрдү. "Дагы ичет эми" деди жүрөгү зыркырап. Бул күйөөсү жок кырчыйган арык келин маңдайындагы төрт алтын тишин жаркыратып кашкайып күлүп алып эркек аттууга көзүн сүзө кылгырганы кылгырган. Аялдар баары жаман көрсө да бирөө "арак сатпа, карызга бербе" дегенге батына албайт. Бир-эки тың келиндер күйөөсүн кызганып, ары аракты карызга берип, анан анысын эки эселеп алганына ачууланып барып чуу салган экен, эртеси эле күйөөлөрү кынына киргизип койду.
Медер түн жарымда келди. Уктабай күтүп отурган келин күйөөсүнүн эшикти ача албай жатканынан улам баягыдан да мас экенин аңдады. Тура калып барып эшикти ачты да, көргөн көзүнө ишене албай босогого жөлөнө турган жерине отура кетти. Күйөөсү менен дүкөнчү келин экөө тең бутунда тура албай кыйшайып, бирок, ошол абалында бири-бирине чаптап койгонсуп жабыша кучакташып алып өбүшүп жатышыптыр. Тургунай эшикти жаап да коё албады. Мастын акылы соо, күйөөсү эшиктин шоокумун уктубу, же аялынын карап турганын туйдубу, дүкөнчү келинди түртө аялына жүз бурду. Ал саамга кайда эмне кылып жүргөнүн боолголоп жаткандай эки жагын карап турду да, анан кайра аялынан:
- Ии-и, сен не ал жерде отурасың?-деди үнү көмөкөйүндө күлдүрттөй ыктытып сурап койду.
- Ордум ушул жер,-деди Тургунай ызасына муунуп.
- Сен... сен качан келдиң бул жакка?-деди күйөөсү соолуга түшүп дүкөнчүгө.
- Биз келдик бул жакка, кир, үйүңө жеттиң,-деди анысы боюн түзөй. Тургунай дүкөнчүнү караган да, "ак" да, "көк" да деген жок, күйөөсүнүн жака-башын оңдоп жаткан аял көлөкөдөй көрүнбөй, күйөөсүнүн бут чечип жатканын карап отура берди. Ал бышылдап-күшүлдөп бутун көптө чечти да анан:
- Сен кете бер,-деп дүкөнчү келинди түртүп койду. Ойношунун аялынын алдына чейин ээрчитип келгенине сыймыктанып турган келиндин күтүүсүз кагуудан ууртундагы жылмаюусу толук күбүлбөй эриндеринде катып, оозу жарым ачылган бойдон мостойду.
- Апей, кете бер дегени эмнеси экен, анда не ой-боюма койбой ээрчитип келдиң?
- Караңгыда корккон го,-деди Тургунай мыскылдуу.
- Бул шермендең өзү барып этегиме асылып, жанымды койбой жалынып "жүр, сенин көзүңчө катыныма талак айтам" деп ээрчитип келген.
- А сен эмне десе ишене бересиңби? Эркектер арак менен алакандай кызык жер үчүн эмнеге гана барбайт. Бүтүндөй бир айылдын эркегин актап бүтүп деле ошого акылың али жетпедиби?
Дүкөнчү келин сөз уусуна акактай саамга апкаарып туруп калды да, анан ай-уй дегенче ордунан туруп күйөөсүнүн артынан кирип бараткан Тургунайды чачтан алды. Келин күтүүсүз кол салуудан салмагын кармай албай жыгылып кетти. Ызасы алкымына тирелип, бактысыздыгына жүрөгү сыздаган дүкөнчү келин куду байлоодон бошонгон кабанаак иттей келинди жулмалап да, чапкылап да кирди. Жатканы кирип бараткан Медер дүпүлдөгөн үндөн бурула берип туткакташып жаткан эки аялды түшүнбөгөндөй саамга тиктеп турду да, анан "энеңди" деп сөгүнүп алып, экөөнү тең өлөөр-тирилээрине карабай тепкилеп кирди. Дүкөнчү келин болсо Медер тепкилеген сайын Тургунайдын чачын коё бербей жармашты.
Ызы-чуудан ойгонуп чыга калган Адеми жерде жыландай туйлап жаткан апасын, анын жанында атасы тепкен сайын жүзүн калкалагандын ордуна Тургунайдын чачына асылган саксайган бейтааныш аялды көрүп ачуу чаңырды.
- Медер, болду, ичиме тептиң,-деди Тургунай тумчуга алсыз.
Кичинекей Адеми апасынын үстүнө түшө калып чыркырады. Кантсе да аял эмеспи, баланын ыйы, "ичиме тептиң" деген онтоо аралаш жан ооруган үн дүкөнчү келинди эсине келтирди окшойт, астында жаткан келинди түртө оор оодарылып шалак эте жерге кулады. Тургунай өңү купкуу боло ордунан араң көтөрүлдү да, кызын бооруна кыса ордунан турууга умтулду.
- Апа, жүр, таенеме кетеличи?! -деди кызы калчылдап.
- Коркпо, кызым, суу алып келчи?-деди Тургунай оор онтоп. Адеми ордунан турса эле тиги аял менен атасы кайра апасын басып жыгылчудай көзүн алайтып Тургунайдын мойнунан бекем кучактап отура берди. Дүкөнчү келин унчукпай суу алып келип келинге сунду. Суу ичип эс ала түшкөн Тургунай ордунан тура берип алаасы ысып кеткенин сезди. "Бул эмнеси" деди жүрөгү шуу этип. Алаасынан аккан жылуу суюктук санын ысытып буту ылдый жылжыды.
- Кан!-деди дүкөнчү келин калтырай. Тургунай көзү караңгылай дубалга жөлөндү.
- Акмак, Тургунайдын боюнда бар тура,-деди дүкөнчү келин Медерди жеп жиберчүдөй теше тиктеп. Эми эле күчүнө дөөгүрсүгөн Медер көзүн ала качып жер тиктеди. Дүкөнчү келин кутуруп кеткендей колуна кирген нерсе менен Медерди ура берди, оозуна кирген жаман сөз менен каргай берди. Дүкөнчү келиндин каргышынан Тургунайдын аза бою дүркүрөп, кулагы тунуп баратты.
Тургунай көзүн ачканда биринчи көргөнү эле аппак дубалдар болду. Эриндери кеберсип, оозунда бир кесим кургак таарынды жаткандай тилин күрмөөгө шайы келбей акактады. "Суу" деди көңүлүндө. Көз алдына чарчап отуруп калганда "суу ичесизби?" деп кичинекей күрүшкөсүн көтөрө жүгүргөн кызы келди. Капырай, "Адеми кайда?" деген ойдон суусаганын да унутуп козголууга аракеттенди. Белинен ылдыйына таш байлап койгондой кыймылдай албаган келин "Ким ба-ар? Мен кайдамын?" деди алсыз. Каргылданган үнү өзүнө араң угулду. Бир кезде "шылп-шылп" деген үн угулду да, анан үндү улай пастек бойлуу ак халатчан кыз кирди. Ал ордунан тура албай толгонуп жаткан келиндин жанына жетип келип, жакынындай үйрүлдү.
- Сизге козголууга болбойт, эже, жатыңыз. Мага айтсаңыз, баарын жасайм,-деди карбаластап. Тургунайдын көзүнө жаш айланды.
- Мен кайдамын, садага?-деди кургаган эриндерин жалана.
- Ооруканадасыз, эже, кичине ооруп жатып калдыңыз, куда кааласа баары жакшы,-деди келинди кымтылап жатып. Кайран кыргыздын өлүм алдында жатса да жакшы дегени калбайт го. Ордунан козголо албаган келинди "кичине ооруп калдыңыз" деп жооткотуп жаткан чыканактай кызды тээ дил тереңиндеги "боюндагы бала өлүк түшкөнүн кантип айтам" деген санаадан көңүлү ооруп турду.
- Кызым кайда?
- Үйүңүздө, сизди алып келгени барганыбызда атасы жетелеп жүргөн.
Тургунай ошондо гана бул жакка келгенге чейинки окуяларды элес-булас эстеп, анан бир жери катуу ооруп кеткендей эрдин кырча тиштеди.
- Баланы сактап калыштыбы?
- Жок, ичиңизде өлүп калыптыр. Катуу жыгылган турбайсызбы.
- Жыгылды дештиби?-деди келин арсар.
- Ооба, жолдошуңуз "кой десе болбой сыртка мас курбусун узатканы чыгып жыгылыптыр" дебедиби. Биз барганда сыртта жатыптырсыз. Күйөөңүз козгогондон коркуп дароо бизге чалыптыр.
Али алдоо, жүзү каралык, мыкаачылык эмне экенин биле элек аруу кыз келиндин астын алмаштырып жатып сүйлөй берди. Тургунай көзү караңгылай, "акмак, демек, мени сыртка алып чыгып туруп анан "тез жардамга" чалыптыр да. Атамдарга да ушинтип айтты болуш керек" деп ойлоду. Ушул ой менен катар буга чейин жүрөгүнүн бир бурчунда гана катуу түйүлүп жүргөн муштумдай жек көрүү бүт жан-дүйнөсүнө уудай тарап жатканын сезди.
Тургунай ошол бойдон кайра үйүнө кайрылган жок. Ооруканадан чыгып баргандан кийин атасы чоң күрпөң козу союп кудайы өткөрдү. Анан кечинде үй-бүлө мүчөлөрү чай үстүндө отурганда Тургунайдын турмушу тууралуу олуттуу кеп козголуп, улуу иниси, апасы канчалык такып сурабасын, келин "өзүм жыгылдым" деп көгөрүп койду. Атасы адатынча унчукпай угуп отурду да анан: "Ушул күнгө чейин күн алыс бетиң жарылды, көзүң көгөрдү, билмексен, көрмөксөн болдум. Сен болсо "өзүм жыгылдым, өзүм сүзүп алдым" дегенден башканы айтпадың. Ичимден кан өтсө да "мейли, турмушум бузулбасын деп жаткандыр" деп көз жумдум. Мунун баарына көкүрөгүндө зардеси бар адам чыдай албайт болуш керек. Бирдемең болсо мага айтпасаң да апаңа жарыл, кызым. Күйөөңдүн алдында күнөөлүү жайың болсо аны айт, азыр атка сүйрөп туруп кайра жеткирем. Жок, күнөөм жок, бирок, дагы өзүм жыгылып, өзүм туруп, ар жерди өзүм сүзүп жашай берем десең үйүңө бар да, биздин үйгө келчү жолду унут. Макул, бул жолу кызың үчүн кечирем, ата көрбөгөн акмакка колумду булгап соттошуп отурбайм, бирок, эки айрылыш жолдо баса бербей бирин танда" деди да шарт туруп этегин кагып чыгып кетти. Ошентип, Тургунайдын тагдыры бир жаңсыл болгонсуган.
Андан бери арадан далай суу акты. Тургунай кызын жалгыз чоңойтуп, кыйын кезде да иттей оозуна тиштеп таштаган жок. Бул жакка келээрде апасы байкуш "сени өлтүрбөй эле ушунча чоңойттум, балаңды деле багып бере алаармын, бутуңа турганча ташта" десе болбой борборго да кызын сүйрөй келген. Кызы мектепке барган жылы Тургунайдын атасы Адемини өзүнө жаздырып, атын да Карлыгач деп өзгөрттүрүп салды.
Карлыгач онго чыкканда капыс жааган жут кардай болуп күйөөсү пайда болду. Анын мында жүргөнүн тааныштардан укканда жүрөгү бир зыркырап, өткөнү кайрылчудай ааламы үшүдү. Эми гана көңүлүнө жаз башбагып, жүрөгүндө кайрадан кыялдар жашап, жашоосунда бир адам пайда болбоду беле...
***
Баса, бир адам демекчи. Бул адам капыстан жолукту да, келиндин бири-бирине коёндой окшош күндөрүн, суз жашоосун бүтүндөй башка нукка буруп кетти. Ошол күнү капыстан түшкөн суук баарын апкаарытып, айрыкча Тургунайга окшогон даярдыгы жок, күнүмдүгү менен жашагандардын шаштын алып койду. Эрте менен турушса эле тизеден кар, бороон улуган кадимки эле каардуу кыш. "Капырай, кечинде эле жаз эмес беле" деди Тургунай маанайы чөгүп. Биринчи эле кыялына кызынын курткасы, жылуу бут кийими жок экени келди. "Бүгүн сабакка жөнөтпөй койсомбу" деп ойлоп алып кайра кызынын кар эмес, таш жааса да сабактан калбаган дилгирлигин эстеп аргасы куруй түштү. Кызына бүт жылуу деген кийимдин баарын, анан алардын сыртынан спорт костюмун кийгизип койду. Кызын троллейбустун аялдамасына жетелеп баратып, Карлыгачтын ары-бери өткөндө караган адамдардан бала туруп корунуп жатканын байкап журөгү сыздады.
Ошол эле күнү жетекчисинен акча сурады.
- Көп бере албайм, кечээ эле тойго барып чыгым болуп калдык,-деди текебер.
Келин канча акча болсо деле берсе экен деп турду. Башчы аял жалгыз беш жүз сомдукту колуна да бербей стол үстүнө ыргытып койду да, кеп бүттү дегендей ордунан турду. "Бул эмнеге жетет?" деди келин кендири кесиле. Башка аргасы да жок эле. Олтура берүүнү намыс көргөн келин шарт туруп, "бир айласы табылаар" деген ой менен өзүн кайраттандыра чыгып кетти. Жумуштан суранып алып кызына барды. Өзүңдө жок - ааламда жок деген чын белем, бир адамдан да акча чыкпай койду кашайып. Апасын терезеден эле көргөн кызы тез эле сербеңдеп чуркап чыкты.
- Базарга барабызбы, ээ?-деди көздөрү жайнап.
- Ии, жүр, базар жабылганча барып келели,-деди аргасыз жылмайып. Эми эле Тургунайдын жүрөгүн түпөйүл кылып эзип турган кайгысы, сарсанаасы баары эрип кеткендей жок болуп көңүлү толкуп, дили элжиреп кетти. Экөө базарга барганда чын эле көпчүлүк контейнерлер жабылып калган экен, ачыктарында болсо баалар асмандын башы. Сумсайган кызын көргөн сайын келиндин заманасы куурулду.
- Ай, сулуу кыз, бери келчи, мобу куртка дал сага чак окшойт,-деген коңур үндөн Тургунай да, кызы да артын жалт карашты. Узун бойлуу, куба жүздүү, кең далылуу орто жаштагы эркек жылмая карап туруптур. Колунда тим эле чоктой кыпкызыл, топчулары жылтылдаган кооз куртка. Карлыгач "акчаң жетеби?" дегендей дароо апасын карады.
- Акчабыз жетпейт го,-деди келин мукурап.
- Силерге акчасын айта элекмин, оболу кийип көрбөйсүңөрбү? -деди бейтааныш киши жумшак күлүмсүрөп. Келиндин кыялын заматта "эптеп эле сатууну көздөп жатат го, мындан начарларына акчам жетпеди, буга канча арзан айтканда деле акчам жетпейт да. Алып бербесем Карлыгач ыйласачы" деген түрдүү ой сапырып өттү.
- Карап көрөлүчү дагы,-деди кызын колдон алып. Карлыгач кыйыла апасынын жетегинде араң басып баратты.
- Карындашым, бери келсең,-деди тиги жигит бир сөз айтчудай. Азыр укчу сөзү абийирин ала салдырып кетчүдөй Тургунайдын аза бою үркүп кетти.
- Айтпадымбы, акчам жетпейт деп,-деди кыжырлана. Тиги жигит жумшак жылмайды.
- Менин да ушундай кызым бар, апасы жакшы турмуш көксөп чет жерге менден жашырып ала качып кетип, эми бети чыдап келе албай жүрөт. Ким билет, менин кызым да азыр ушинтип үшүп, а апасынын акчасы жылуу кийимге жетпей жүргөндүр. Кел, болгон акчаңа ал, кайтарым деле сурабайм. Баятан бери карап турам, сенин акчаңа базарды беш кыдырсаң да куртка келбейт. Менин жаман оюм жок, кийгизип көр,-деди куду анын тагдырынын баарын билген эски сырдашына көкүрөгүндөгү санаасын айтып жаткандай токтоо кобурап. Тургунай тигинин муң толо түшкөн көздөрүн карап туруп жаман ойлогонуна уялып кетти. Унчукпай кыпкызыл куртканы кызына кийгизди. Куртка чын эле тим эле Карлыгачка арнап тигилгендей чак келип жарашып калды.
- Мына, ушул принцессага тигилген десе апасы ишенбейт. Ылайык келгенин карачы, жакшы күндөргө кий, кызым,-деди чачынан сылап.
- Апама да ушундай сонун курткаңыз барбы, анын да курткасы эски,-деди Карлыгач тыкылдап. Тургунай уялганынан жерге кирип кете жаздады.
- Апей, кантет, көрбөй турасыңбы, акчабыз жетпей жатса...-деди бети дуулдап.
- Анда мен да кийбейм. Сен экөөбүзгө тең алабыз дебедиң беле? - Карлыгач карегине келе калган мөлтүр жашты тыпыйган муштуму менен аарчып алып ары карап курткасын чече баштады.
- Оо, апасын да ойлогон акылдуу кыз турбайбы. Албетте, апаңа да алабыз. Кана, апасына муну кийгизип көрөлүчү,-деди сатуучу жигит илинип турган көп куртканын ичинен бирин таяк менен илип алып, суроо-сопкутсуз эле келиндин арык ийиндерине жыты каңылжаарды жарган жаңы кийимди жаба салды. Тургунай айласы кете:
- Мен булардын акчасын кантип төлөйм?-деп жиберди.
- Мына апасына да таптык ээ кызым. Ордумду көрүп алдыңар, көңүлүңөрдө болсо таштап кетээрсиңер, -деди сатуучу жигит ууртундагы жылмаюусунан жазбай.
- Эмне, кайыр берип жатасызбы?
- Карындашым, мен жетим чоңойгом, жокту көп көргөм. Апам чиедей жети баланы жалгыз чоңойтту. Жаш эле туруп мынча жаман ойду кайдан жыйнап алгансың? Карачы, данектей акылдуу кызың бар экен, ушундай периште жаныңда жүрсө кантип жаман ойду ойлойсуң? Канча акчаң бар, көңүлүңдөн чыгарып берип кет. Анан улам үзүп бере берсең деле макулмун,-деди курткаларды баштыкка салып жатып. Тургунай уялып кетти. Бул жаркын адам менен ушинтип таанышышты. ..
Тургунай оболу бул адамга карыз акчасын берүү үчүн гана тынчсызданып барып жүрсө, кийин анын телефон чалуусун күтчү болду. Бир сырдуу, дайым алда кандай ойдун жетегинде жүргөн бул адам кантип жүрөгүн жылытып баратканын сезбей калды. Экөө жеке турмуш, сезим тууралуу сөз кылбаса да көңүлдөрүн өздөрүнө белгисиз, табышмактуу туйгулар ээлеп баратканын сезишчү. Бирок, жүрөк туйлаткан каалоолорун алда кандай күч былк эттирбей кармап турчу. Тургунай менен Зайнидиндин бул сыпаалыгы канчага созулат эле ким билет, бир күнү Карлыгач сабактан абдан кечикти. Демейде кибиреп алып апасын дайым үйүндө күткөн кызы бул жолу жок экен. Тээтияктан келе жатып эле үйдүн жарыгы жанбай түнөрүп турганын көрүп жүрөгү бир опкоолжуп алган келин үйүнө шашты. Эшик бек.
- Карлыгач?! -деди жүрөгү үзүлүп кетчүдөй. Колдору калчылдай эшикти ачып, ошол эшик ачкан аралыкта миң сан ой көңүлүнөн сыдырылып өттү. Жарыкты жагып эле кызынын эжейине чалды.
- Карлыгач кеткен, класста жалгыз отурган экен, кет деп өзүм жетелеп жолдон өткөргөм,-деди эжейи ишенимдүү. Келин ордунан тура калып дуулдап сыртка чуркады. Чыгып баратып кайдан издээрин билбей айласы кете оюна биринчи эле Зайнидин келди.
- Карлыгач жок!-деди салам алиги жок аптыгып.
- Кандай жок? Каякка кетти эле?
- Сабакка кеткен, келсем жок экен, бул маалда үйдө болуп калчу. Эжейине чалсам кеткенине көп болду дейт,-деди баш-аламан.
- Сен кайдасың?
- Көчөгө чыгып баратам.
- Каердесиң, турган жериңден жылбай тур, мен тез эле барам,-деди токтоо. Зайнидиндин токтоолугу келинди бир топ демдендирип койду. Айткандай эле Зайнидин тез эле жетип келди. Ары-бери басып жүргөн келиндин жанына машинесин такай токтотту да, түшүп эле:
- Кайсы жол менен келчү, кимдер менен сүйлөшчү? Курбуларыныкына барчу беле? - деп суроолорду жаадырып жиберди.
- Эч кимдикине барчу эмес, сабактан чыгып, троллейбустан түшкөндөн кийин парк бар, ошол парк менен келчү. Мен караңгы болгондо паркка салбай, эринбей эле айланып жарык жак менен кел дечүмүн,-деди ый аралаш.
Экөө кызы келчү жолду бойлоп чуркашты. Тургунай Кудайга ушунчалык эч жалынбаптыр, жанындагыларды көзгө илбей эле, "Кудай ай, кызым эле аман болсунчу, кызым табылса эч нерсеге кейибейин" деп угуза жалынып чуркап баратты. Алар паркты тез эле тинтип, кайра жарык жолго чыгышты. Бир кезде Зайнидин:
- Тиги Карлыгач эмеспи?-деди артында чуркап келе жаткан келинге. Тургунай көзү чачырай карады, ооба, кызы. Карлыгач бутун сүйрөп эмнегедир абдан акырын басып келе жатыптыр.
- Карлыгач! -деди эне машинелерге карабай жолдун кызы келаткан аркы жээгине умтула боюн таштап.
- Кантет?!-деди Зайнидин келинди араң үлгүрө колдон алып. Тургунайга кызына жеткенге чейинки убакыт кылым болуп, машинелердин ылдамдыгы ташбакадай кыбырап аткансыды. Кызына жетип эле бой таштады.
- Кайда жүрдүң, эмне класста жалгыз калдың?-деп сурап да, кызынын бою- башын сылагылап да жатты.
- Апа, батинкем жыртылып калып анан ошону балдар көрүп койбосун деп отурдум. Катуу бассам таманы түшүп калат да. Өзүң караңгыда парк менен баспа дедиң го, анан ушул жак менен бараткам,-деди коркконунан актанып.
- Садага болоюн, эртең эле батинке алып берем,- деди да, келин кызын бооруна басып ыйлап жиберди. Ошонун эртеси таң атапай Зайнидин тим эле кыздын бут өлчөмүн алгандай чап-чак кооз өтүк алып келди.
***
Жумуштан келип чарчап кирип бараткан Тургунайды кире бериштеги вахтер аялдын:
- Ай Тургунай, сени күйөөң издеп келди,-деген үнү токтотту.
- Кандай күйөө?-деди түшүнбөй.
- Апей, кандай күйөө болмок эле, кызыңдын атасы тура, кызың тим эле жетине албай калды, кандай болсо деле атасы да.
Тургунай башка бир чапкандай туруп эле калды. Жүрөгүнүн ат чапкандай дүкүлдөгөнү өзүнө угулуп, кирип барууга буту шилтенбей турган ордунда катып калды. "Кайдан таап алды экен?" деген ой көңүлүн сыдырып өттү.
- Апа, атам келди!-деди Карлыгач босогону араң аттаган апасынын этегине оролуп.
- Кандайсың?-деди Медер адатынча мылжыйып, анан эчтеме болбогондой Тургунайдын бетинен өөп койду. Тургунай кандай бетин аарчып жибергенин туйбай калды. Канчалык жек көрүү, көңүл калуу алкымын бууп турса да негедир катуу айтууга, кууп чыгууга батына албай койду. Анын үстүнө кызы да тим эле атасынын үстүнө түшө калып болбойт. Мына бүгүн өз бөмөсүнө батпаган келин ушинтип жертөлөгө түшүп бараткан. Жанына жатмак түгүл бир үйдө отуруу азыр келинге оор эле.

#53 11 Сентябрь 2014 - 12:51
"Токол"
Көздөрү жууп койгон карагаттай мөлтүр, куду кол менен жасагандай бөйтөйгөн оозу бүлдүркөндөй кыпкызыл кара-тору бул келинчек биздин айылга кеч күздө келин болуп келди. Күйөөсү Айткул бою узун, аксаргыл, көгүлтүр көздөрү адамга ар дайым алда кандай ойдун жетегинде жүргөндөй муңайым тигилген, токтоо жигит болчу. Айткулду этек алдынан турмушка чыкпаган майып эжеси (атасынын бир тууганы) багып алган. Мектепти абдан жакшы бүткөн, китеп десе жантыгынан жата калган бул зирек жигит негедир окуган жок. Сыягы, өзүн сойлоп жүрүп баккан майып кемпирди жалгыз таштай албады окшойт.
Апам экөөбүз кечке маал келин көргөнү бардык. Чын эле келинчек сулуу экен. Бизден сүрдөппү же мештеги дуулдаган койдун көңүнүн табынанбы, эки бети албырган келин унчукпай чай койду. Айткул да, жамбаштай үргүлөгөн Ашырбай ава да баягыдай эле суз. Баарыбыз куду азада отургандай унчугушпай отуруп чай ичтик да, апам койнуна ката келген бир байлам жоолугун келинге салып, "этегиңден жалгасын" деп оозун бүлк эттире алкаган болуп анан чыгып кеттик.
Айылга канча жылдан кийин бардым. Кечки чайда отуруп:
- Апа, Айткул аке балалуу болдубу?-дедим негедир анын тагдыры кызыктырып.
- Жок, бечара балалуу болбой жатат. Барбаган жери калган жок, үмүттөрү үзүлүп калды окшойт, быйыл күздө эч жакка барбай үйдө эле болушту,-деди оор күрсүнүп.
Биздин айылда күзүндө гана кол бир аз бошойт. Жайында жайлоого кеткен эл кеч күз кыштоого түшүп, ооруган же иши чыккандар болсо калаага барып кышка чейин иштерин бүтүрүп келишет. А кышта болсо үйлөрдүн чатыры араң көрүнүп, куду кар алдында чоң ажыдаар дем алып жаткандай мордон оор түтүн бүрккөн үйлөрдүн терезелери гана араңжан үлбүрөп, иттер болсо үрсө үрүп, үрбөсө жымжырттыкка тунган айыл тек гана тунжурай жазды күтөт.
Эртеси аш үйдө (кире бериштеги кичине үйдү ушинтип койчубуз) кир жууп жатсам иттин чаңкылдап үргөнүнө удаа эле аялдын үнү угулду.
- Чыкчы, ким келди?-деди атам иниме. Анан кобураган аялдын апам менен учурашкан үнү угулуп, экөө ээрчишип төркү үйгө кирип кетишти.
- Жанар, кел, кызым, жеңең менен учураш,-деди апам төркү үйдөн. "Кайсы жеңем болуп кетти" деп колумду аарчый кирсем кара-тору арык аял отуруптур. Көзүмө жылуу учураган менен тааный алган жокмун, бирок, учураштым.
- Жакшынакай кыз болгон турбайсызбы, -деди аял бетимден өөп. Анан: - Мен тиги Айткул акеңиздин келинчеги Ширин жеңеңизмин, - деп кошумчалап койду.
Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Баягы сулуу келинчек колдору чор, түйтөйгөн арык, бүлдүркөн эриндери болсо чарт жарылып кеберсиген, капкара чачы жоолук ичинде уйпаланган аялга айланыптыр. Көзү гана ошондой нурдана мөлтүрөйт. Кетээрде апам:
- Жеңеңе тиги үйдө турган көк сырды алып чыгып берчи, терезесин сырдайм дейт,-деди. Ширин жеңе короодон чыга берээрде банкадагы сырды халатынын ичине жашырып жатып шуу үшкүрө:
- Качан менин ичим ушинтип бөрсөйөт десеңиз, кыз,-деди муңайым күлүмсүрөп. Не деп жооткоторумду билбей:
- Аз калды, жеңе,-деп жибердим.
- Оозуңузга май, кыз, дилиңизге сала бергиси бардыр,-деди астейдил алкап.
Ошол жайда Ширин жеңенин тилеги кабыл болуп уулдуу болушту. Бүт айыл кубанганы эсимде ошондо. Барган сайын апам "Айткулдун баласы куду өзүндөй зирек, айрыкча математикадан укмуш" деп мактап калчу. Апам анткен сайын "эми өзү окубаган алыскы шаарга баласын окутат, жакшы болгон тура" деп ичимден кудуңдачумун. Бирок, атаганат, Айткулдун тилеги бул жолу да кырчылды. Кыштын кыраан чилдесинде отпускага баргам. Апам таң атпай тургузуп:
- Жүр, балам, тиги Айткул акеңдин жалгызы аттан жыгылып учуп кетпедиби, ошого батага барып келели,-деди. Уккан кулагыма ишенбей селейе түштүм.
- Кантип? Качан? Ал жалгыз бала эмес беле?!-дедим баш-аламан.
- Кудай жалгыз, чоң-кичине, кары-жаш дебейт тура, балам. Айткул атка учкаштырып баратып жыгытып алыптыр. Жүлүнү үзүлүп кеткенби, көзүн ачпай жатып жан берди,-деди апам шуу үшкүрүп. Ушу азыр Айткулдун көзүн көрүү мага абдан оор эле.
Биз батага барганда Айткул таяк таянып өкүрүп туруптур. Үнү куду тээ жер түбүнөн чыккандай күлдүрттөп муңканат. Көз жашым төгүлүп качып кетким келди. Ичкериге кирип баратканда эле Ширин жеңенин:
Айланайын жалгызым,
Ак тонумдун этеги
Чыла болот дедиңби?
Алтыдан ашып жашасам
Күнөө болот дедиңби.. ох-ииий - деген күйүттүү үнү кулагыма шак этти. Ширин жеңе топ аялдын ортосунда отурса да дароо тааныдым. Бир ууч болгон капкара аялдын кайгысы сыртына шоолаланып чыгып тургандай сезилди. Апам жанына барып кайрат айтты, мен даай албай койдум, жанына барганда да айтаар сөз тапмак эмесмин. Али күнгө чейин жерге кирип кетчүдөй таягына бекем жөлөнүп муңкана күлдүрттөп өкүргөн Айткул, капкара болуп бүрүшкөн Ширин көз алдымдан кетпейт.
Кудай бул момун жупту эмнесине мынчалык кейитти билбейм, алар ошол бойдон балалуу болушпады. Андан кийин канча кыш туулган жерге бара албадым. Былтыр толукшуган жайда, жайлоо толгон учурда бардым. Апам экөөбүз сыртта сүт тартып сүйлөшүп отурдук. Жер көөп, буу көтөрүлгөн чоң аңызда бир аял сербеңдеп тезек терип жүрүптүр.
- Апа, тиги ким?-дедим тааный албай.
- Ширин тура, шордуу, үйүнө кире албай тезек терип жүргөн го?
- Үйүндө эмне болду эле?-дедим кооптонуп.
- Тиги Айткул балалуу болот элем деп жаш токол алган.
- Апей, токол алганы эмнеси? Баласын өзү өлтүрбөдү беле?
- Ок, антпе, ким баласын өзү өлтүрсүн, аны кырсык дейт,-деди апам эки жагына элеңдеп карап алып.
- Анан Ширин жеңеде эмне күнөө, бирди төрөгөн аял дагы төрөмөк да, акмак го Айткул,-дедим не дээримди билбей. Бул кыянаттык беле, же аргасыздыкпы түшүнө албай койдум.
- Ошо төрөбөй жатат да бечара. Тигиниси деле төрөбөйт го. Айткул оо бир жылы кышта мергенчиликке барам деп кар көчкү оозун тосуп калган суук үңкүрдө үч күн калып кеткен эле. Ошондо суукка катуу урунган дешет, бирок, бул да айың кеп да,-деди апам күрсүнүп.
- Аны Ширин жеңе билбейби?
- Билсе керек, бирок, чарасы кайсы кемтаалайдын?
- Токолу кандай неме экен?
- Айдан түшкөн дейсиңби? Ал шордуу деле аракеч эрден көңүлү калган неме дешет билгендер. Бир кызы бар экен, аны апасы алып калыптыр. Келгенине жыл айланды, ачылып бирөө менен сүйлөшкөнүн, бир жакка чыкканын деле көрбөдүк. Батына албайбы, же Ширинди аяйбы, ким билет?
- Аяса тиймек беле?
- Андай дебе, бирөө өлбөсө бирөөгө күн жок, бул да бактымды таап каламбы деп келди да.
- Бирөөнүн бактысын талашыппы?
Апам ойго тунжурай унчукпай калды. Бир кезде Ширин жеңе апам экөөбүздү карап басты.
- Апа, Ширин жеңе келатат,-дедим куду анын алдында күнөөм бардай чыйпылыктап.
- Сыр алдырбай учурашып кой, анан дагы бирдемелерди сурап жүрбө,-деди апам акырын. "Эмне демек элем, апам кызык эле" деп ойлонгончо Ширин жеңе жарым кап тезегин ийнине артып алып жакын келип калды. Бул жолу карагаттай көздөрү да мөлтүрөбөй оту өчүп, кемпирдин көзүндөй өлүмсүк бозоруп турду.
- Келиңиз, кыз, айтам, бу жеңемдин жанында отурган караан биз жактыктарга окшобойт деп. Кандай, демдүү жүрөсүзбү? Кошуна туруп көрбөгөнүмдү карасаңыз,-деди муңайым.
- Жакшы, жеңе, жүрөм, өзүңүз жакшысызбы? - Башка сөзгө өтө албай мукактандым. Бирдеме десем эле жарасына тийип алчудай корктум.
- Мен эмне, өлөт дейсизби, жүрөм,-деди кургак. Ыйлап жибереби деп жалт карасам көзү да үнүндөй кургак экен. "Жашы түгөнгөн экен" дедим ичимден. Ширин жеңе көпкө деле отурган жок, куду бир кыжаалат иши бардай алагдыланып, биздин үйгө улай тигилген өзүнүн үйүн, жанындагы кичинекей аппак жаңы чатыр тарапты улам карап ойдолоп отурду да, анан апамдын "кир, чай ич" дегенине болбой кабын көтөрүп басып кетти. Басып бараткандагы карааны да коомай, ишенимсиз болчу. А боз үйдөн түтүн да чыкпай, үн да чыкпай тунжурап, али серпилбеген түндүгү, түрүлбөгөн эшиги суз мелтирейт.
- Апа, Ширин жеңе кетип калса болбойбу?-дедим тамагыма бирдеме тыгыла муунуп.
- Кайда кетет? Бейбактын же күйөөр тууганы же апасы жок болсо. Энеден кийин төркүн жок, атасыныкына батат беле. Эми ушул жерде өмүрү өтөт да,-деди шуу үшкүрүп. Күн бою Ширин жеңе кыялымдан чыкпай койду. "Кантип кетип кала албайт, төркүнүнө барбаса анда башка жакка барып иштесечи? Ушул заманда кантип ушинтип жашасын? Бай-манаптай болуп эки аял алганын кантейин тымпыйып алып. Демейде жерден үн чыкса чыгат, Айткулдан чыкпайт. Жооштон жоон чыгат деп дымагын көр мунун" деп туталандым.
Кечинде уктай албай сыртта көпкө отурдум. Жылдыздар кол сунсаң жеткидей жерде бажырайып жайнайт. "Шаарда мынчалык мончоктой бажырайган жылдыздар неге жок? Балким, бул жакта Ширин жеңедей жаркын аялдар бар үчүн жылдыздар жарык жанат го" деп ойлодум. Бир кезде акырын баскан шыбырт, анан бышактаган үн угулду. Түндүн сүрү башка тура, канчалык кармансам да боор этим титиреп коркуп кеттим. Ордумдан тура калсам Ширин жеңелердин боз үйүнө жанаша тигилген чатырдын жанында бир караан отуруп алып жылып келе жатыптыр. Куду мени аңдып келе жаткандай сезимден бутум жылбай калды.
- Ким?-дедим калтырап. Тиги караан да саамга отурган бойдон жылбай калды да, анан ордунан туруп мени беттеп басты.
- Ким?-дедим ансайын коркуп.
- Мен Ширин жеңеңизмин, коркпоңуз,-деди караан шыбырап. Анан жаныма жакын келди да: -Апей, кыз, сиз эмне уктабай жүрөсүз?-деди күлүмсүрөп. Күлүмсүрөгөнү ыйламсырагандай кайгылуу эле.
- Сизчи?-дедим буттарымдын калтырагын билдирбеске тырышып.
- Мен куруюн,-деди оор улутунуп. - Тиги акеңиздин жаш токол алганын уккандырсыз. Мага келген түнү "бөйрөгүң түшүп калбасын, кыйнабайын, укта" деп турам. Тигиниси болсо бир түнгө да чыдабай кетеби билбейм, таң аткандан акыйып акеңиздин жолун акмалап, күн бою бетин жууп жасангандан колу бошобойт, өлүгүңдү көрөйүн шерменденин. Жыл айланып баратат же бир тууп жиберген жок,-деди күйүп-бышып.
- Сиз неге уктабай жүрөсүз?-дедим таң калып.
- Тигилер уктады бекен деп эле бара калгам,-деди Ширин жеңе көзүн ала качып.
- Ким?
- Акеңиз менен тиги токолу да.
- Алар эмне, сизге жанаша жашап жатабы?
- Жанаша жашабаганда кайда бармак эле, тигине чатыры. Кыштоодо го жакшы, мен чоң үйдө, тиги шерменде акемдердикинде, -деди эми эле өзү жанында отурган аппак чатырды колу менен жаңсап.
- Кетип калбайсызбы? -дедим оюм ичиме батпай.
- Кайда кетем, кимдикине барып батам, кыз? Менин үйүм ушул, көз ачып көргөн эримдин үйү. Мына, көрөсүз го, мен дагы төрөйм, тигиниси кетет ошондо. Анан да акеңиз мени жакшы көрөт, ошон үчүн кетем десем көнбөй жүрөт. Ал деле тукум калсын деп айласыз үйлөндү...-деди үмүтү үнүндө жалындап.
Ширин жеңенин "тукум калсын деп үйлөндү да" деген сөзүнөн улам эсиме апамдын "Айткул оозун кар көчкү тоскон үңкүрдө үч күн калып кеткенде катуу суук өткөн дешет" деген сөзү эсиме келип:
- Жеңе, доктурга көрүнбөйсүздөрбү? -дедим акырын.
- Көрүнбөдү дейсизби, кыз, мен барбаган доктур, табып, көзү ачык калбады окшойт,-деди Ширин жеңе оор үшкүрүп.
- Аа, Айткул акечи, эркектерге деле суук катуу өтсө балалуу болбойт деп уккам?-дедим Ширин жеңенин кабак-кашын акмалап. Ал саамга унчукпай турду да анан:
- Акеңизге канча айттым, "мен таптазамын, сен көрүн" деп кагып салат. Акыркы кезде айткандан деле чарчадым. Эмне дейин, Кудай берээрин унутпасын,-деди ал чарасыз үшкүрүп. Мындайда жооткотор сөз да табылбайт. Бир кезде ийним дир эте ичиркендим.
- Үшүдүңүзбү? -деди Ширин жеңе муңайым. Шылтоо табылганына кубанып кеттим.
- Ии, жаталы ээ?-дедим турууга камынып.
- Пахта түш көрүп жатыңыз, кыз,-деди ал ордунан козголбогон бойдон. "Сиз жатпайсызбы" деген сөз тилимдин учуна келсе да унчуга албай кирип кеттим.
Ошондон эки-үч күн өтпөй сууга барсам бир болпойгон бейтааныш келин тартылган сүттөрүн сууга төгүп чакаларын жууп жатыптыр.
- Жакшысызбы? -деди ал жалтаң көз караш менен. Келиндин көздөрүндө жат айылга келип алган баладай коомайлануу бар эле.
- Жакшысызбы. ..-дедим ким эле дегендей бүшүркөй. Экөөбүз башка сөзгө өтпөй бири-бирибиздин дем алганыбызды угуп чака жууп жаттык. Аңгыча аттын кошкуругу, анан ага удаа эле:
- Кел, карындашым, кандайсың?-деди коңур үн. Менден мурун тиги келин артын жалт карап алып негедир кыпкызыл болуп кетти. Келин караган тарапты карасам Айткул туруптур.
- Арыба, карындашым? -деди ал акырын. Айткул тиги келинге көңүл да бурбаганынан улам мага "Айткул да тааныбаганына караганда мейман келин го" деген ой келди.
- Бар болуң, Айткул аке,-дедим суз. Айткулга болгон көңүл калуумду жашыра албай муздак учураштым. Чакаларына шаша суу сузган бейтааныш келин жаныман тез-тез басып өтүп кетти. Андан жыпар мончоктун жыты бур этти.
Айткул атынын жалын сылай унчукпай турду да анан:
- Кандай жүрөсүң?-деди коомай. Кызык, тиги келиндеги ыңгайсыз коомайлануу Айткулда да бар эле. Демейде бакылдап ал-жай сурашчу ак көңүл, жайдары айылдашым Айткул аке бул жолу кем сөз болчу.
- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?
- Кудайга шүгүр, өлбөгөн жанга күн өтө берет экен, карындашым.
Айткул оор улутунуп алып суу ичип жаткан атынын жалына тигиле ойго чөгө түштү.
- Тиги келин ким?-дедим келиндин Айткулду көргөндө кызарып кеткенин эстеп.
Ошол учурда суу ичип бүткөн ат башын көтөрө силкинип алды. Айткул менин суроомду уктубу, же чын эле укпай калдыбы билбейм, негедир атынын башын шарт буруп коштошпой бастырып кетти.
Эртеси кетем деген мени узатмай болуп апам экөөбүз кыштоого жөнөдүк. Ат токуп отурбай эле көмүр ташыган жүк машинени тосуп кете берели деп жолдо турсак кечээги жыпар мончок жыттанган болпойгон келин да жолго чыкты. Ал биз менен баш ийкеп гана учурашып, бул айылга биринчи келген жат кишидей четтеп турду. Турушу дагы эле кечээгидей коомай болчу.
- Апа, бул келин кимдикине келди эле?-дедим акырын.
- Кимдикине келмек эле, тиги Айткулдун токолу да,-деди апам акырын.
- Кандайча?-деп жибердим. Көз алдыма атынын жалын тиктей ойго чөккөн Айткул, кызарып кеткен жүзүн жашырып кеткенге шашкан келин элестеп кетти. Апам бирдеме дегенче кыска тумшуктан имерилген жүк машине бери бурулду.
- Жүр, баштыгыңды ал, балам,-деди апам шашкалактап. Биз менен кошо тиги келин да машинеге умтула утурлап басты. Айдоочу тоолуктардын жол тосмойуна көнүп калган го, апамдар кол көтөргөнчө эле өзү токтоп ыргып түшүп, кузовго орун даярдай салды.
- Ырас арты бош тура, антпесе тиги шоопур бала менен тыгылышып кабинада кыйналат элек, кел, мындай отургула,-деди апам жанын көрсөтүп. Мен апамдын колтугуна отурдум, тиги келин болсо ийниндеги өңү өчкөн чапанын чечип алдына төшөй бизден алыс көчүк басты.
- Кел, айланайын, мындай жакын эле отурагой. Шамалдан бири-бирибизге ыктап кетели,-деди апам. Тиги келин буйдала түшүп:
- Ушундай эле отурайын, эже, сиздерди кысып коём го,-деди акырын.
- Кысылгыдай эмне топ тебет белек ботом, эми биз жактык болуп калдың, элге аралаш,-деди апам келинди кепке тартып.
- Ким билет, эже, сиздер жактык боло албайт окшойм,- деди келин шуу үшкүрүп.
- Кантет, көйнөгүңдү уй жегир, жаш неме да ошентип үшкүрөт бекен. Баарыбыз эле ушинтип көнгөнбүз. - Апам ушу азыр не дээрин билбей эле сүйлөп койгондой сезилди. Келин унчукпай ойго чөгө тунжурады. Сыягы, ичи бышып кетти окшойт.
- Атың ким эле, айланайын?-деди апам бир топ унчугушпай баргандан кийин.
- Гүлсүн.
- Ии, паска түшөсүңбү, Гүлсүн?
- Биротоло кетпесем болбой калды.
- Биротолосу эмнеси экен?-деди апам ордунан козголо берип.
- Бурулкан аяш энемдин сөзүнө кирип бекер кылган экем. Бактым ачылабы, төрөсөм тынып каламбы дедим эле...-деди келин карегине келген жашты туурулган кичинекей алакандары менен шыпырып. Гүлсүн ичиндеги бугун кимге айтаарын билбей толуп жүргөнбү, көз жашы да, кеби да шар төгүлүп кетти.
- Бурулкан аяш энем далай жолу көгала болуп келгенимди көрүп жүргөн апамдын жакын курбусу болчу. Күйөөмдүн ичкичтигин, кызыл камчылыгын жакшы билчү. Апамдар ажыратып алгандан жыл айланбай эле аяш энем кайниңизди таап барды. "Кокуй, сен төрөп эле берсең болду, тигиниси кетет. Айткул жоош-момун, аялга катуу тийбеген, бирөөгө үн көтөрүп сүйлөбөгөн, ичкиликти оозуна албаган, мээнеткеч, колунда силерге жеткидей мал-жаны бар момун неме. Сен төрөп эле бер" деп алды-артыма чыгып жатып мени эле эмес, апамды да көндүрдү. Ошондо эле "бирөөнүн көз жашынан кантип бакыт курам?" деп ойлосом болчу экен. Мына жыл айланды, төрөмөк кайда? Түнү бою күндөшүмдүн кантип аңдып отурганын, ыйлаганын уккандан өткөн азап жок. Муну өзү баштан кечирбеген адам туйбас. Бир аял ыйлап турса кантип бир аял бактылуу болсун? Түн бою мен да, Айткул да чакчайып уктабай таң атырабыз. Айткул капыстан аттан жыгытып алган баласы үчүн да өзүн жеп жүрөт. Далай жолу уктап жатып баласынын атын атып кыйкырып, анан ойгонуп алып, "койду өңөрбөй туруп баланы учкаштырып ойнотуп, анан койду алып барсам балам өлбөс беле" деп бармагын тиштегидей болсо жанында отура албайсың. Ошол бала тирүү болсо да ушунча адам жанды тозокко салбас элек деп ойлоп калам. Үйлөнгөнү Айткулдун да, күндөшүмдүн да жылуу мамилесин көрбөдүм. Менин барлыгым эч жерде эске алынбай, Айткул мага сүйлөөдөн намыс кылгандай, айрыкча эл көзүнчө мага карап сүйлөп коюу күнөөдөй бирөө бар жерде менден качып турат. Мындан ары мындайга чыдай алгыдай эмесмин, эже.
Келин солуктап көпкө ыйлады. Апам болсо улам мурдун шуу тартып, унчукпай келиндин далысынан сылагылап машиненин күүсү менен кошо чайпала ойлуу тунжурап баратты. Ошол ошо болду, жыпар мончок жыттуу келинди көрбөдүм.
Арадан эки жыл өтүп Айткул дагы үйлөндү. Бул жолу элдин айтымында, Ширин жеңе өзү макул көрүп уруулаш сиңдилерине үйлөгөн имиш.
Мен бул кабарды укканда мурдагыдай Ширин жеңени аяган жокмун, куду өзү ишке ашыра албаган аялдык парз үчүн башкаларды курмандыкка чалып, аялдардын тагдыры менен ойноп жаткандай жек көрдүм.
- Ботом, жапжаш туруп кыйынын, Шириндин кетпеске айласын калтырбайт го бул минтсе,-деди бир күнү апам эми эле саалган уйдун сүтүн казанга куюп жатып.
- Эмне болду?-дедим жыйып жаткан төшөгүмдү токтото апамдын оозун карап.
- Айткул кечинде келип эле биринчи ооруп жаткан Шириндин үйүнө кирсе чуу салып, Шириндин чачын жулуп, Айткулдун бетин аймап салыптыр, ботом. Таң атканча уктатпай жаңжал салып чыкты деп Ширин ыйлап отурат.
- Ширин жеңеге аз болот, кетип калбайбы темселебей, өлүп калгыдай курактан өткөнү качан. Кайда барам дейт, эмне, бир жанын эптей албайбы?
- Сага айтканга оңой, анткени, сенин шаарда жумушуң, колуңда дипломуң бар. Бул кемтаалай кайда барат?
- Идиш жууса да бир жанын багып кетсе болот, өзү коркок да, апа.
- Ээ балам, жылуу жайын ким таштагысы келсин.
- Анан ушинтип жүрө береби?
- Жүрбөсө кетээр, чыдаганы калат.
- Эмне бул күйөөгө чыдамай жарышпы? Качанга чейин басынат? - Мени менен тартышкысы келбедиби, апам унчукпай сүтүн тартып кирди. Бул уу-дуу кеп качанга созулуп аягы эмне менен бүтөт эле ким билет, жайлоого көчмө медпункттун келиши Айткулдун тагдырын бир жаңсыл кылгансыды.
Апам шаардын кызы болгон үчүн шаардан бирөө келсе эле төркүн тутуп конокко чакырып, жетине албай калчу. Бул жолу да конокторду биздин үйдө сыйлап, доктурлар элди биздин үйдө кабыл алды. Элдин аягы суюлуп калганда каалгый баскан Айткул токолу менен келди. Алар көпкө жоголушту. Дарыгерлер үчүн атайын тигилген боз үйдөн биринчи тиги келин атып чыгып кетти да, артынан эле ийини шалдайган Айткул көрүндү. Анын өңүндө сөз менен айта алгыс шалдыроо бар эле. Доктурлар кечинде чай үстүндө отурганда апам:
- Жанагы акырында келген келин менен күйөосүндө үмүт барбы, айланайындар? -деп сурап калды. Улгайып калган доктур саамга ойго чөгө түштү да:
- Айтыш кыйын, күйөөсү катуу суукка урунуп, анан убагында көрүнбөй жүрүп өтүшүп кетиптир. Эми балалуу болуусу күмөн го. Келинчеги балалуу болушуңар күмөн, узакка, дыкат дарылануу керек десем эле атып чыгып кетти. Жаш неме экен, кетип калат го.
- Баягы эле шордуу Ширин калат да,-деди апам улутунуп. Чын эле эртеси жасана кийинген Айткулдун токолу таң атпай биздин үйгө баш бакты.
- Жеңе, тиги доктурлар мени эптеп батырып ала кетсин. Адам буту чанда баскан алыскы тоодо тукумсуз адам менен өмүрүмдү сая өткөргүм келбейт.
- Кой, антип айтпа садага, адам буту басып эле жашап жүрбөйбүзбү. Сен деле адамсың, бутуң менен келдиң да, же зордоп алып келиштиби?
- Бутум менен келбей куруюн, "сен төрөп эле кой, өзүм багам. Сага кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирем. Айткул экөөң шаарлап жүрө бересиңер" деген тиги Ширин куу шыйрактын сөзүнө ишендим да. Эми бир мүнөт турбайм, экөө окшошуп жашай берсин, бердим эрин,-деди келин кумсара өңү кубулуп.
- Макул, айтайын, орун бардыр, бош эле келишти го,-деди апам суз. Тиги келин шарт чыгып кетти. Келинди узатканы Айткул да, Ширин да чыккан жок. Келин бекем таңылган эки чоң таңгакты өзү жалгыз машенеге салды да, артын карап койбой сустайып кирип отуруп алды.
Эртеси Ширин биздин үйгө башбакты.
- Эже, үйдөсүзбү?-деди ал тартынып жаткандай батына бербей.
- Кел кир, үйдөбүз.
- Айткулду бирдеме деңизчи, кечээтен бери тамак ичпей бүк түшүп жатат.
- Апей, ага эмне болуптур анчалык?
- Доктурлар балалуу болбойсуңар деген тура,-деди карегине жаш айланып.
- Ой, дарылангыла дептир.
- Тиги шерменде мени өзүнүн чатырына чакырып кирип, эр эле, эркек эле дебей Айткулду каратып туруп: "Мына эриң, башы бүтүн, буту-колу ордунда. Сен алып келгенсиң, уруксатымды сен алып бер. Мага балалуу болгонго кудурети жеткен эркек керек, мунуң тукумсуз тура" деп болгон акчанын, кийим-кечесинин баарын жыйнап туруп чыгып кетпедиби,-деди каргылдана этеги менен көзүн басып.
- Акчасы башында калсын, кеткенине сүйүн,-деди апам.
- Мен анын кеткенине, ага короткон акчага деле кейиген жокмун, эми бизге дүнүйөнүн эмне кереги бар дейсиз, эже. Айткулду сындырып кетти тиги бетбак.
- Өзүңө бооруң оорусаңчы, шордуу,-деди апам ыйлап жаткан Ширинди жемелеп.
- Мен эмне, өлөт дейсизби, эркектин сынганы жаман тура. Тамак ичпей калды.
- Кичине унутулсун тамак ичет, ичпей, жашабай кайда барат дейсиң. Адам көтөрбөгөн нерсе барбы?-деди апам ишенимдүү. Чын эле Айткул да, Ширин да эч нерсе болгон жок, экөө эле өмүр кечирип келе жатышат.

#54 11 Сентябрь 2014 - 13:02
"Эски
сүрөт"
Нурганым эшиктен кирип-кире электе апасынын шаңкылдаган добушун угуп жүрөгү селт эте "дагы баягысын баштаган экен" деген ойдон ичиркенип алды. Азыр эле көкүрөгүн тепкилеп удургуган сезимдери заматта ың-жыңсыз жоголуп, босогодон ары өткөнгө жүрөгү даабай бир топко турду да, артка кайтканга аргасы жоктугунан гана башбакты. Столдо отурган үч эркек, эки аял Нурганымды жабыла карап:
- Охо, бул сулуу кыз кайдан?-деди четтеги көзү майланышкан бирөөсү.
- Кайданын эмне кыласың, кыз көрсөң эле жармашып калган адатың калбайт го сенин. Кайдан экенин азыр сурайбыз да... - Эркектин жанында отурган аял Нурганымды кабак үстүнөн сүзө тиктеп обдулду. Ошондо гана ары карап отурган апасы бери бурулду. Апасы кызылдай мас экен. Ал кызын чолуй карап алып, анан ууртунан жагымсыз мылжыйды:
- А, сенби? Отур, кызым, коноктор келип калганынан. .. - Алия сөзүнүн акырына чыкпай ыктыта ордунан турду. - Бул менин кызым Нурганым, а булар болсо... булар менин өткөнүм. - Алия өзүн карап турган кызынын жаш толгон көздөрүнөн көзүн ала качты. Нурганым унчукпай ашканага кирип кетти. Бүгүн апасы менен көөдөн жылыткан сезимдерин, өмүрүндөгү башкача бир ажайып күн тууралуу ойлорун бөлүшөйүн деп ашыгып келбеди беле. Кыз колун жаздана солуктап ыйлап кирди, бирок, аны соороткон эч ким болгон жок. Апасы өткөнүнөн кабар алып келген тааныштарынан бошой албай жатты. Деги эле Нурганым кимдир-бирөөнүн өзүнө астейдил көңүл бурганын эстей албайт. Ыраматылык таенеси гана кенедей кыз менен чоң кишидей кобурашчу. Балким, айылдын четиндеги эски үйдө небересинен башка кобурашар тирүү жан жогунан ошенткен чыгаар... Жок, таенеси кызды чын эле жакшы көрчү. Ушу азыр таенеси болсо бүгүнкү кече, андагы бейтааныш жигиттин оттуу көздөрү, жагымдуу жылмаюусу, узатканы, жамгырдан калкалай курткасын жаап жаткандагы капыстан жаагына тийген жигиттин олдоксон, бирок, жылуу колдорунун табы тууралуу айтып бермек.
***
Нурганымдын атасы кайда, эмне үчүн келбейт, деги ал барбы, бул тууралуу кыз эч нерсе билбейт. Бир жолу гана шаардан капыстан барып калган апасынын жүзүнөн коомай өөп койгонуна эреркеп кетип "атам кайда?" деп сурай коём деп балээге калган. Бул суроодон соң апасынын ууртун жакшы бир нерсеси эсине түшө калгандай жагымдуу жылмаюу уялады. Ал жаагын таянып кызын кылгыра тиктеп саамга тунжурай түштү да, анан күтүүсүздөн ушундай бир үмүт менен тиктеп турган сербейген кызды катуу түртүп жиберип аркы үйгө кирип кетти. "Карс" этип жабылган эшиктин үнүнө удаа эле апасынын улуп-уңшуп ыйлаганы угулду. Дубалга чабыла тийген кыз коркконунан ыйлаганга да чамасы келбей, эмнени сурап, эмне кылып жибергенине акылы жетпей олтурган бойдон нестейди. Терезе тушунда бирдеме жамап бөжөйүп отурган таенеси ордунан очорула туруп:
- Турагой, сени өзүм Кудайдан сурап алгам,-деди небересин бооруна кыса кучактап. Толуп турган Нурганым таенесинин көкүрөгүнө жүзүн ката өксүп ыйлады.
- Сен ага таарынба. Бу бейтаалайдын өксүгү өз башынан ашып жүрөт. Акылың жеткенде баарын айтып берем, анан кимди күнөөлөйсүң, кимди актайсың өз эркиң, каралдым,-деди куркулдайдын үнүндөй жумшак каргыл үнү менен. Бирок, таенеси кыздын акылы киришин күтпөй эле көз жумду да, Нурганымга баары табышмак бойдон калды. Ээн тамда жалгыз калган кызын шаарда иштеп жүргөн апасы өзүнө алды. Анан башаламан, жакын туруп жаттай бири-бири менен иши болбогон муздак турмуш башталды.
***
Столго өбөктөй уктап калган кыз "дүп" эткен добуштан ойгонуп кетти.
- Коё бер, акмак!-деди апасы акырын.
- Коё бербесем эмне, кайненеңди өлтүргөндөй өлтүрүп коёсуңбу? Деги эмнени күтүп жүрөсүң? Караштын үйлөнгөнү качан, ал сени унуткан.
- Караш менен ишиң болбосун, сыйың менен чыгып кет азыр, болбосо колум кандуу, билесиң, өлтүрүп коюшум деле мүмкүн. Адам жаны анчалык деле бек эмес экен.
Нурганым уккан кулагына ишенген жок. Кантип эле ушул чабалекейдей апасы адам өлтүрсүн? Ырас, апасы ачуулуу, ар дайым элдин баарына нааразы, эч кимди жакшы көрбөйт, бирок, боорукер, колу ачык. Таенеси ар дайым апасы тууралуу кеп болгондо "бейбак, берешендиги менен ишенчээктигинин азабын тартса деле ушул адатын таштай албай койду. Канына бүткөн мүнөз да, атасы ушундай болчу" деп кейип калчу.
Бир кезде эшик "тарс" этип жабылды да, апасы тапичкесин шылп-шылп эттирип сүйрөй басып ашканага бет алды. Нурганым колун жаздап уктамыш болуп калды.
- Апей, бул мында уктап калган го! - Алия кызынын бет маңдайына отурду. Нурганым апасынын оор үшкүргөнүн, өзүн карап отурганын туйду. Анан бир кезде кызынын тумсак ичке билегинен ушундай бир мээрим менен сылагылады. Нурганымдын тамагын ысык жаш бууп, андан ары уктамыш болгонго кудурети жетпей букулдап ыйлап жиберди. Алия биринчи жолу кызын бооруна кыса кучактап жанаша отурду.
- Демек, баарын уктуң,-деди апасы бул жолу демейдегидей ачууланып эмес, ыйлап сооронгондой оор улутунуп.
- Бул жалган да ээ?-деди Нурганым ыйлап жатып.
- Жок, чын. Баары чын, кызым. Таенең айтканга үлгүрбөй кетти, эми мен айтайын,-деди Алия акырын. Эне-бала биринчи жолу бири өзүн эне, бири бала сезип сырдашып отурушту...
***
Анда да дал ушундай жамгырлуу күз болчу. Шаарга окууга тапшырганы келген Алия ошол күнү акыркы сынактан чыккан. Сырттагы шатырата төккөн жаандан ичиркенип бутундагы мыйрыйган батинкесин, жолдогу жаандын суусунан толкуй жыбырап жаткан көлчүктөрдү карап саамга туруп калды.
- Кол чатырың жок беле?-деди коңур жумшак үн. Алия бурула берип сынакта жанаша отуруп дил баян жазган кара-тору боз уланды көрдү да, үнсүз жылмайып койду.
- Кел, менде кол чатыр бар, чогуу кетебиз,-деди жигит ак көңүл күлүмсүрөп. Экөө бир кол чатырга далдааланып, экөөнүн тең кол чатырга батпаган ийиндери суу болуп жанаша басып баратышты. Негедир бири-биринен "каякка?" деп сурашкан жок, жаанда басып жүрө беришти ар демени сүйлөшүп. Ошол түндөн башталган купуя сезим Алия менен Карашты ажырагыс кылып байлап салгансыды. Экөө бир окуу жайда эле эмес, бир группада болуп калышты. Таң аткандан күн батканча чогуу жүрүшсө да айрыла албай кыйылышкан ошол жайдын күнү да башкача батып, түндөрү айлуу, жылдызы адаттан тыш жаркырак болчу. Айрыкча бир түн ажайып болгон эле.
- Кет эми,-деди Алия Караштын төшүнө башын катып.
- Сени киргизип коёюн,-деди Караш кызды бооруна кыса кучактап.
- Жүр анда, басалы,-деди кыз үнү титирей.
- Кантип коё берем, мындай бассам эле сагынам да турам. - Жигит кыздын карагат көздөрүнө кумарлуу тигилди.
- Көзүңдөн сенин! - Жигит кармана албай жалбара өпкүлөп жиберди.
- Каралдым...-деди кыз аптыга. Жигит тулаң чөпкө тизелей чөгөлөп энтикти. Кыздын жука көйнөгүнүн сыртынан ысык курсактарын, титиреген мамактарын өпкүлөй өрттөнө жалбарды. Жигит кучагында чалкалай ийилген кыз да боюн токтото албай, экөө бирдей кулап, асман бир тегерене айланкөчөк атып алды да, анан туйлаган эки жашты жогортон карап турду. Чөптүн тырсылдай назик сынганын, кыздын көйнөгүнүн шуудурун, эриндердин чопулдаган таттуу үнүн акактаган ушакчы шамал тоо-талааны аралай ташып жөнөдү.
Ай, ошондогу жайдан күзгө чейинки керемет күндөр, кумар таркабаган түндөр! Анда бүт өмүр ушинтип өмүр кечирчүдөй сезилбеди беле. Бирок, бул бакыттын өмүрү узун болгон жок. Күндөн-күнгө Алиянын тамакка болгон табити жоголуп, ичкен-жегенин кусуп жүдөдү.
- Ай кыз, сен жүрчү бери,-деди бир күнү көңүлү караңгылап сыртка чыккан кызды байкап турган картаң эжей. Кыз унчукпай кошо басты.
- Күйөөгө чыга элексиң да ээ?-деди эжейи сынай карап. Кызарып кеткен Алия үнсүз баш чайкады.
- Жигитиң менен эчтеме болгон жок беле?
Кыз селт эте эжейинин жүзүн бир карады да, жерге кирип кетчүдөй башын ийнине катты.
- Жигитиң билеби?
- Эмнени?-деди Алия араң.
- Кош бойлуу экениңди да.
- Кандай кош бойлуу? - Кыз чочуп кетти.
- Ай, садага, кандай кош бойлуу болмок элең, кадимкидей эле жакында төрөй турган кош бойлуусуң.
Кыздын кулагы чуулдап кетти. Көз алдына "он бир баладан ушул эси жогумду кармап калгам" деп басса-турса жалынган картаң, оорукчан апасы, анан кирип-чыкканда сынай караган кошуналар тартылды.
- Эми эмне болот?-деди Алия калчылдап.
- Жигитиңе айт, үйлөнсүн.
- Окуучу?
- Окууну жигиттен мурун ойлонуш керек болчу, садага, эми окууну эмес, кантип шерменде болбой калууну ойлон.
Алия ошол эле күнү Карашка баарын айтты. Караштын кубанганы ай, Алиянын ичин кармалап кыялданып, ал тургай ысым да тандап жибербеди беле. Бирок, Караштын менсинген апасы, жакшы кызматтагы атасы айылдык, ары картаң энеси менен жаман тамынан башка эчтемеси жок кызды келин кылгысы келген жок.
- Анда мен чыгып кетем!-деди Караш көгөрүп. Карашты алдап да, урушуп да, коркутуп да эпке келтире албаганда гана ата-эне келинди үйгө алып келүүгө макул болушту. Алия азыр андагы күндөрдү эстегиси келбей көзүн жума чалкалады. Бейиши болгур кайненесиндей митаам, таш боор адамды кийин тагдыр талкалаган адамдардын арасынан да кездештирген жок Алия. Ачкалыктан көзү карайлаган Алия Караштын келээрин зарыгып күтчү. Караш келгенче жөнү жок эле кагып-силкип, кемсинтип, кээде бирдемеге шылтоолоп мычкый кармап кыжырлана түртүп жиберчү. Айрыкча жеп жиберчүдөй ар бир кадамын теше тиктеген кайненесинин муздак көздөрүнөн үшүп турчу Алия. "Төрөсүн, анан барабыз" деп апасынын алдына да барышкан жок.
Бир күнү эле "жаштар өзүнчө жашашсын" деп чыкты кайненеси. Күтүүсүз эле мындай жакшы жагына өзгөргөн мамилеге Алия бир чети кубанып, бир чети негедир жүрөк түпкүрүнөн түпөйүл болуп турду. Кайра ичинен "Караш бирдеме деген го" деп ойлоду. Бардык шарты бар квартирага киргизгени аз келгенсип, "кош бойлуу неме кыйналат" деп кызматчы келин да жалдап беришти. Караш жаңы конушка келгенде арыктыгынан жыгыла жаздаган келинчегин имере кучактап, "көрдүңбү, апам жаман деле адам эмес, түшүнөт дебедим беле" деп жетине албай кубанганын айтпа. Кызматчы келин шыпылдаган шайдоот, ары шайыр неме экен, кобурашып оңуп калышты. Кайненеси ара күндө сумка толо тамак-аш менен каттап, келген сайын ар башка курбусун ээрчите келип мактанып, алардын көзүнчө Алияга да башкача жылуу мамиле жасап калчу болду. Бирок, көздөрү...
Бир күнү кайненеси адаттагыдай эле эки курбусу, анан бир бейтааныш эркек менен келип бир топко чейин отуруп кетишти. Алия бейтааныш эркектин ошондогу сугалак, абийирсиз көз карашын азыр эстесе да жийиркенип кетет.
- Ай, келин бала, бул биздин үй-бүлөлүк мастер, колу алтын. Кез-кезде бузулган немелерди келип оңдоп турат. Анан ошонун баарын Карашка айтып тынчын албай ушуга оңдотуп тургула. Баса, бул ким деп күйөөң сураса апам менен келди эле деп жүрбө. Эркек деген анча-мынчаны билбегени дурус. Күйөө деген келсе тамагы бышырылуу, оокаты ордунда болсо анан эр болот. Аным жок, мунум бузулду деп аңкылдаган катындарды көрүп жүрөбүз, жыл айланбай ажырашкан ошондон болуп жатат,-деди кайненеси.
Ошондон баштап эле Алиялардын үйүндө бир туруп суунун буроочтору бузулуп, бир туруп телефон иштебей калчу болду. Андайда куду аңдып тургандай тиги эркек жетип келет. "Келбе" дегенден да, Карашка айткандан да корккон келин тиги келээри менен бөлмөсүнө жашынып алчу. Негедир бузулган буюмдарды Караш сабактан келээрде оңдоп бүтчү. Ал тургай бир-эки жолу Караш:
- Бул ким, эмне эле айланчыктап калган?-деп күмөнсүй сурады.
- Сууну оңдогону келиптир,-деди Алия жер карап. Дилиндегисин айтканга негедир даай албай унчуккан жок. Алиге чейин ошондо чындыкты айтпаганына өзүнө кыжыры келет. Бир күнү эле кайненеси түштө жалгыз келди да, кызматчы келинди кетирип жиберди.
- Келиниме өз колум менен тамак жасап бербесем,-деди адаттан тыш жаркылдап. Анан экөө отуруп тамак жешти. Тамак жеп бүтөөрдө эле Алиянын көздөрү жабышып, келинди уйку басты. "Капырай, бул эмнеси" деди ичинен. Аны көз албай карап отурган кайненеси:
- Кош бойлуу адам уйкучу болот, жүр, жатагой,-деп эпилдеп жатак үйгө жетеледи. Келин уйку-соонун арасында эшиктин тыкылдаганын, анан кайненесинин кимдир-бирөө менен акырын сүйлөшкөнүн укту.
- Мына, макулдашылган сумма. Карааныңды акыркы жолу көргөнүм ушул болсун. Караш бир сааттан кийин келет, келин да бир сааттан кийин көзүн ачат. Сен Караш келээри менен чыгып кет, урса, же коркутса баарын айтып салчу болсоң менден жакшылык күтпө. Баса, напсиңди тый, келинге тийчү болбогун. Сенин милдетиң Алияны чечиндирип, өзүң чечинип жанында жатуу, уктуңбу?- деди.
Келиниңе тийген-тийбегеним сага баары бир эмеспи. Ушундай сулууга тийбей коюуга болобу?-деди тааныш үн.
- Оозуңду жап, энеси жетесиз болсо да боюндагы менин неберем.
Келин канчалык көзүн ачууга, "бул үндү кайдан уктум эле" деп эстөөгө тырышпасын андан аркысы эсинде жок. Бир кезде эшиктин адаттан тыш катуу такылдагынан ойгонду, бирок турууга да, көзүн ачууга да алы келбей башы тумандай ныксырады. Аңгыча эле эшик күч менен ачылып, бөлмөгө купкуу болгон Караш кирип келди.
- Алия?!-деди ал негедир ачуу чаңырып. Аңгыча эле Алия өзүнүн жанынан кайненеси үй-бүлөлүк мастер деген баягы эркекти көрдү. Кызык, ал жыпжылаңач экен. Келин "Кудай ай, ушундай да жаман түш болоорбу" деп ойлогонго гана үлгүрдү. Караш эсин жыя албай отурган келинчегин жаактан ары тартып жибергенде гана Алиянын көзү умачтай ачылды.
- Ким бул?-деди Караш калчылдап.
- Билбейм,-деди Алия дагы эле эч нерсени түшүнбөй.
- Кандай билбейсиң, Алия? Мен сага ишенбедим беле?! Апамдын айтканы туура чыкты, демек, бала да меники эмес. Абийириңди жабыш үчүн гана мага эптеп тийген экенсиң да!
- Караш, эмне деп жатасың? Кудай урсун, мен бул кишини тааныбайм, апам менен келген,-деп тура калган Алия өзү да дырдай жылаңач экенин ошондо көрүп бүрүшүп отура калды.
- Аа, койнуңа да апам салып койду да, ээ? Алия, кийингин да, аманыңда чыгып кет! Жогол! - Караштын каректери адаттан тыш чоңоё, өңү кумсарып Алиянын халатын бетине карата ыргытып, өзү куду күйүп бараткан адамдай ордунда тегеренип-тегеренип кетти. Аңгыча Алиянын кайненеси, кайнатасы жетип келди да, аза бойду дүркүрөткөн балит сөздөр айтылып, ары түртсө ары, бери түртсө бери болуп жалдыраган келинди бир байлам түйүнчөгү менен көчөгө чыгарып коюшту.
Алия ошол бойдон Карашты көргөн жок. Канчалык унутайын десе да көкүрөгүндөгү күйүттүү кусалыгы тынч жаткырбай жүрөгүн жеп, сагынычтан жинди болуп кете жаздаган күндөр түгөнбөчүдөй. Андан да ак жеринен күйгөнүн эстегенде ансайын жанын коёрго жер таппай кетчү.
Ай-күнүнө жетип кыз төрөгөн Алия ымыркайды апасына таштап, шаарга кетти. Ушинтсе эле баары унутулчудай шашылды.
Шаарга келгени Алия Карашты унутмак түгүл экөө баскан жер, окуган окуу жай, жашаган үй, тааныш көчөлөр өткөн бактылуу мүнөттөрдүн жандуу күбөсүндөй ансайын кусасын арбытты. Кээде бир кезде экөө жашаган үйгө кирип баргысы келип, бирок, ал жерде азыр башка адамдар жашап жатканын акылы менен аңдап араң карманат. Арадан жыл айланса да Алиянын "балким, Карашка болгонун болгондой айтсам ишенээр, менин ак экенимди түшүнөөр" деген үмүтү көөнөрбөй койду. Эмне деп ишендирээрин, актыгын кантип далилдээрин билбесе да жүрөгү энесин сагынган баладай кусадан солуктап, Карашты карай тартканы тарткан. Мындай жан оорусу кыйнаган кезде баш көтөрбөй иштеп алаксычу адат тапты. Тигүүчү цехтин баары кетип калса да көшөрүп отура берет да, качан бели катып, көздөрү тигишти көрбөй калганда араң басып жашаган жайына жөнөйт.
Бир күнү жумушка да барбай багыты белгисиз, баскан жолу көрүнбөй буту жетелеген жакка кете берди.
- Апей, могу шерменде дагы кайдан келип калган?-деген тааныш үн эсине келтирди Алияны. Келин ошондо гана Караштардын үйүнүн короосуна келип калганын байкады. Машинеден эми эле түшкөн кайненеси келинди табалаппы, басмырлаппы, айтор, ууртунан мыскылдуу жылмая карап туруптур. Алиянын көөдөнүндө ушундай бир ачуу ыза ойгонду, өмүрүндө бирөөнү ошондогудай тытып жеп жибергиси келип жек көргөнү эсинде жок.
- Убалым уктатпасын! -деди калчылдап.
- Ий, өлүгүңдү көрөйүн селсаяк, кайдагы убал? Сен менин айдай баламдын убалына кала жаздадың. Азыр кет, балам теңин тапты, жолтоо болчу болбогун. Кайсы бетиң менен келдиң селпейип?
- Мен ак болчумун...
Кайнене Алияны сүйлөтө койбой жакын келип жыланчасынан кулак түбүнөн ышылдай ызырынды:
- Далилиң барбы? Жок. Жылаңач белең? Жылаңач болчусуң. Койнуңда эркек жатты беле? Жаткан. Анан эмне деп актанасың? Ай байкуш, дагы тиги менин сөзүмдү угуп сени булгап кетпегенине кубан. Мына, мен тийдирген жокмун, неберемди аядым. Баса, ким төрөлдү, бала кайда?-деди басынта карап. Келиндин көз алдына бир жолу да эмчек сүтүн эмбей, таенесинин бооруна унчукпай ыктай болпоюп кала берген кызы, көз жашын жута ичине катып бозоргон апасы келди. Алия кармана албай кетти. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй колдору өзүнөн-өзү жерден бирдемени издеп жатты. Куду бала кезде жылан көргөндө эси чыгып да, ичиркенип да чапканга таш издегендей жанталаша жер сыйпалап кайсалады. Ошондо колуна жерде жаткан узун темир урунду. Анан эле башынан кан жайыла берген кайненеси оозу жарым ачыла көзү алайып кулап баратканын бир билет, башкасы эсинде элес-булас.
Алияны узакка деле сурашкан жок, он беш жылды мойнуна илди да, темир тор артына камап коюшту. Бирок, Алиянын жүрөгү тынчыбай, "Карашка баарын айтсам" деген тилеги камалбай койду. Алия күндөрдүн кашаң, суз, бирок, ошол эле учурда өмүрдүн таттуу экенин түрмөдө жатып туйду.
Түрмөдө жатканын жан адамга айткан жок, эч ким жоктоп да барбады. Болгону апасы менен балапандай оозун ачып-жуумп, тилин соймоңдото мамак издеп эриндерин бүлкүлдөткөн кызы гана түшүнө түн кур эмес кирчү.
Алияны он беш эмес, туура он жыл дегенде түрмөдөн бошотушту. Ал жактан чыккандан кийин айылга бир жолу гана түн жамынып барып келди. Айыл, үйлөр, ал тургай адамдар өзгөргөндөй, апасы гана баягыдай. Ырас, карый түшүптүр, бирок, жыты, мээрими, сүйүүсү баягыдай. А кызы жат кишидей четтеп турду да, качан апасы чекесинен өпкөндө ылым санай ыктай түштү. Алияны ушул билинип-билинбеген тартылуу жибитип да, сыздатып да жиберди. Караштын көздөрү, эриндери, ал тургай бир сөздү кунт коё угуп ойлуу карап калганы кызында жүрүптүр. Алия апасынын суроолорунан корккон эле, бирок, кемпир бир ооз унчуккан жок. Алия таң атпай турду да, шаарына келе берди. Анан апасы ай сайын өзү каттап турду. Бир күнү апасы Алияны күтүүсүз чакыртты. Эч качан минтип чакыртчу эмес, ошондуктан, коркуп жетип барды. Кызы сербейип таенесинин төшөгүнүн жанында томсоруп карап отуруптур. Алия кызынын бой тартып, эсине кирип калганын да ошондо байкады.
- Апаңа чай кой, кызым,-деди кемпир. Апасынын жалгыз калып бирдеме айткысы келип жатканын туйган Алиянын жүрөгү бир удургуп алды.
- Кандайсыз, апа?-деди апасынын төшүнө башын коюп.
- Кудайга шүгүр, кызым. - Апасы оор сөз баштаар алдындагы даярдануудай тамагын кырып алып анан: - Мен мал болбойм, Алия,-деди токтоо.
- Апа... - Каргылдана бой таштаган кызын кемпир ийинден силке токтотту.
- Алия, ук мени, өлбөгөн адам жок. Нурганым бой жетип, жаман-жакшыны ажыратканча он жыл кайда болгонуңду, атасы ким болгонун, эмнеге каргыш тийген жайда жатканыңды айтпай тур. Ыңгайын таап өзүм айтам дегем, үлгүрбөдүм. Анан катуу тийбе, бооруңа тарт. Мында эмне күнөө? Деги эле башыңа түшкөн күн үчүн бирөөнү күнөөлөбө, балам. Анткени, ал жерде кандайдыр бир деңгээлде сенин да тиешең, күнөөң бар. Эң башкысы, ар кимдин жазасын Кудай өзү берип, күнөөсүн өзү таразалайт.
Алия унчукпай ыйлай берди.
- Ыйлаба, кулунум, мен сага бере албаган септи Нурганымга бер, мен сага кийгизе албаган кийимди ушул кыз кийсин. Менин аманатым ушул, балам.
Алия канчалык кызга мээр салып, апасынын аманатын аткарайын десе да жатынын жарып чыккан кызына дили жылыбай койду. Нурганымдын көкүрөгүн көтөрө керилип басканы, таптап сүйлөгөнү ыраматылык кайненесин эске салат да турат. Бүгүн гана кызы да, эне да төгүлдү.
- Апа,-деди биринчи жолу Нурганым. Буга чейин эч нерсе дебей "сиз" деп кайрылчу. Алиянын тамагы ушул керемет сөздүн деминен буула түштү.
- Ии, кызым,- деди Алия да каргылдана.
- Мага көптөн бери бир жигит жагат... - Кыз мукактана түштү.
- Эмне, ал сени карабай жатабы?
- Жок. Тескерисинче, мен карабай жатам. Жамгырда таанышканбыз, мага биринчи көргөндө эле жаккан. Бирок, кийин билсем менден эки жаш кичүү экен.
- Эки жаш кичүү болсо эч нерсе деле эмес го. Апасы эле каршы болбосо. Ата-энеси ким?
- Билбейм, апа, кантип сурайм? Биз бүгүн биринчи жолу бийге чогуу бардык, ээн сүйлөштүк. Анда деле тек гана мени узатып келди. Мен ошону айтайын дегем, а сиз..
- Мен куруюн, абакта чогуу отурган курбум жаңы таанышкан немесин мага тааныштырганы ээрчитип келген экен. Анысы бир кезде мени жактырып, бирок, мен атаңды тандап кеткен курсташыбыз болуп чыкты. Курбумдун көзүнчө таанымаксан болуп отурган, анан эле ал уктап калса мага жармашып жатпайбы, ары жок. Кууп чыктым...
- Атамды неге тандадыңыз эле?
- Атаң тандай турган адам болчу, кызым, мен аны али да унуткан жокмун. - Алия шуу үшкүрдү.
- Апа, мен сизди Арман менен тааныштырайынбы?
- Аты Арман бекен ээ? Макул, ээрчитип кел,- деди Алия кызынын саамайынан жыттап.
Алия бүгүнкүдөй бүлүнбөгөн чыгаар. Бир кезде эшиктин ачылганы, эки адамдын акырын сүйлөшкөн үнү чыкты.
- Апа, конок келди,-деди анан үнү болоор-болбос дирилдеген кызы.
- Кел...- Конокту утурлай чыккан Алия оозунан сөзү түшө жалдырады. Бет алдында жаш Караш карап турган эле. Капырай, тим эле союп каптап койгондой.
- Саламатсызбы? -деди жигит тартыныңкы. Үнү да Караштын үнү. Башы караңгылаган Алия көзүн жума дубалга жөлөндү. Алия туманга чөгүп баратты.
- Апа!-деген кызынын үнү Караштын үнүнө аралашып, анан үндөр улам алыстап барып таптакыр угулбай калды.
Алия ооруканада көзүн ачты. Кызы жанында отуруптур.
- Апа, апакебайым, коркуттуңуз го? - Нурганым апасын кумтулай жалооруду.
- Кубанганды да көтөрө албадым окшойт го,-деди акырын.
- Арман да мында... - Оозун жыя электе Алиянын өңү кубарып кеткенин байкай койгон Нурганым: - Арман жакпай калды го ээ, апа?-деди жер тиктеп.
- Кызым, Арманды чакырчы,-деди Нурганымдын колун кыса кармап. Тез эле кызы менен Арман ээрчишип кирди. Экөөнүн окшоштугун айт.
- Кел, отур, уулум. - Алия кантип "уулум" деп жибергенин байкабай калды.
- Жакшысызбы? -деди боз улан.
- Жакшы, айланайын, атым Арман дедиңби?
- Ооба.
- Ата-энең кайда иштейт?
Армандын кабагы көлөкөлөнө түштү.
- Атам жол кырсыгынан кийин иштебей эле үйдө, апамды билбейм...
- Кечирип кой, садага, кырсык каш-кабактын ортосунда болот тура. Атаң экөөң эле жашайсыңарбы?
- Чоң апам бар.
- Кандай чоң апаң? - "Караштын апасын өлдү дешпеди беле" деген ойдон Алиянын аза бою дирилдеп кетти.
- Чоң энемдин бир тууган сиңдиси. Атамды карап биз менен жашайт.
- Арман, садага, атаңдын аты Карашпы?
- Ооба, сиз кайдан билесиз?
Армандан мурун Нурганым "селт" эте апасын карады.
- Билем, бүт өмүр ушул адамдын азабын тартсам кантип билбейин? Нурганым экөөң бир туугансыңар. Эмне, окшош экенсиңер деп эч ким айтпады беле?
- Демек, сиз Алиясыз? - Армандын өңү купкуу боло ордунан шарт турду да, чыгып кетти.
- Бул да кетти. Мейли, жок дегенде иниң экенин кеч боло электе билдиң, кулунум.
Эне-бала эки жерде: апасы керебетте шып тиктеп, кызы керебетке жөлөнө апасынын колун бекем кармап үнсүз отурушту.
(Аягы)

#55 11 Сентябрь 2014 - 13:07
"Буюккан
сыр"
Чачы буурул тартып, мүнөзү коюуланганда минтип секелек кызды сүйүп калам деп ойлобоптур Чоро. Ырас, далай сулуунун түшүнө кирген жигит эле кезинде. Бирок, алардын бирине да минтип бүлүнгөн эмес. Ийнеликтей кызды бир көргөндө ааламына чок түштү да, анан ал акырындап жалынга айланды. Алгач көргөн күн күнү бүгүнкүдөй көз алдында.
Ошол күнү жумуштан чыгып мединститутта лекциясы жок болсо да негедир бара кеткиси келди. "Үйгө барганда эмне, андан көрө Жунуштар менен кобурашып пиво ичип отуралычы" деген ойдо барган. Кирип баратып топ кыздын залга туруп алып каткырып жатканын көрүп кыжырлана "ай, ушу азыркы жаштар" деп ичинен силкинип алды. Чоронун Жунуштун эшигин тартып, бек экенинен туруп калганын байкап калган кыздардын бири:
- Сиз Жунуш Алымбековичке келдиңизби? Чалып көрбөйсүзбү, биз да күтүп турабыз,-деди тартынбай шаңкылдаган ачык үн менен.
- Ооба, Жунушка келгем, телефону өчүрүлүү го.
Эми эле кыжырланып жаткан Чоро кыздарга кантип отчёт берип жибергенин өзү да байкабай калды. Өзүн карап турган кыздын жууп койгон карагаттай тунук көздөрү кадимкидей шаштысын алып койгон эле.
- Чогуу күтөт турбайбызбы, -деп койду кыз куулук-шумдугу жок күлүмсүрөп. Жунуш тез эле келди.
- Жол болсун, жайчылыкпы? -деди алыстан эле жаркырай күлгөн жайдары досу.
- Сени күтүп турабыз, кыздар болуп баарыбыз,-деди Чоро топтошуп турган кыздарды жаңдай. Ошондо жанагы кыздын карагат каректери карегине дагы урунуп, ички дүйнөсүн дагы бир ирет дүргүтүп кетпеди беле. Жунуш кыздарды тез эле жөнөттү.
- Сулууларын тандап атайын койбой койгонсуң го? Сенин студенттериңби, кайсы курстар?-деди кара көз кыздын жайын билмекке.
- Эми бизге сулууларын тандамак кайда, окушсун дедим да,-деди Жунуш өкүттүү күрсүнүп. Ошол ошо болду, кыздын карагаттай көздөрү Чорону ээрчип алды. Жунуш менен сүйлөшүп отуруп да көңүлү удургуп оюн топтой албай алагдылана берди. Анан эле бир күнү фейсбуктан дал ошол кусадар кылган кыздын таанышуу жөнөткөнүн көрүп бир аз тынч алып бараткан ааламы дагы ала салды. Канчалык кайдыгер карабасын, кыздын каттары күн сайын жүрөгүнө улам тереңдеп сиңе берди. Каттардын сүрүнөн коркуп көпкө чейин фейсбукка кирбей койду. Ушул балекетке башбакпаса эле жанын кыйнаган санаадан кутулчудай көшөрүп качты.
Бир күнү мединституттун хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы "сизге жаңы группа коштук, эртең келип сабактардын жадыбалын тактап алыңыз" деп чалды. Чоро жаңы группага бейкапар кирип барып чочуп кетти. Алдыңкы катарда көздөрүн жайнатып баягы карагат көз кыз отуруптур. Куду жарга кептелген аркардай шаштысы кете түшүп барып өзүнө келди. Канчалык карманбасын, кыз тарапты карабай коё албады. Көз кырын салса жаагын таянып алып өзүн карап отуруптур. "Эмне качасыз?" деди карагат көздөр. "Качпаска айламды калтырбай баратасың" деди алсыз. Кыз жаш чая түшкөн каректерин буруп кетти да, кайра карабай койду. Ошол бойдон куду таарынган баладай көпкө карабай азапка салды. Бир күнү чыдай албай кайра фейсбукка кирди. Таарынычка, чыныгы балалык таза сезимге, аруу кыялга толгон баланын тилегиндей таза каттарга толуп кетиптир жеке баракчасы. Бул жолу каттарга жооп бербеске Чоронун кудурети жеткен жок. Ошондон баштап каттардын аягы тыйылбай калды. Анан жолугушту. Бул жолу да Толкун сунуш жасады.
Кыздын ууз жыты, балапан түгү түшө элек уурту, али наристе жыты кете элек тулку бою Чорону жинди кылып коё жаздады. Кучагында балыктай туйлаган кыз бир кезде мойнуна асыла берип ысык шыбырады:
- Мен актыгымды сизге арнагым келет.
- Акылы жогум, ошол кантип болсун, сен жар болуп барчу адам сени "таза келген эмессиң" деп басынтышын каалабайм.
- А эмне үчүн сиз мага үйлөнбөйсүз?
- Мен картайып калган кезде сен толуп, баралыңа келип, мен сенин аялдык каалоолоруңду аткара албай калам. Анан мен кызганам, сен андан басынасың, көңүл ооруп, жүрөк муздайт. Мен ушуга ыраазымын, садага.Чоро боорундагы кыздын тирсийе титиреген кош алмасынан аяр кармап, алчадай эриндеринен кумарлана өптү. Энтиге туйлаган кыз жан кумарынан кыңкыстай, денеси өрттөнүп бараткандай ысык эле. Мындай жолугушуулар канчага созулат эле ким билет, бир күнү кантип чектен өтүп кеткенин экөө тең аңдабай калды. Эрдин сыдыра тиштеп "солк" этип алган кыз денесине сойлоп кирип келген биз үзүм жалын тартуулаган таттуу ооруксунуудан чалкалай онтоп алды.
- Эмне кылып салдык? - Чоро кыздын саамайына ысып-күйгөн жүзүн ката көпкө тунжурады.
- Мен ушуну каалагам.
- Качандыр бир кезде мени жек көрүп калбасаң экен. Турмуш сен ойлогондой жөнөкөй болсо го, атаганат!
- Эмнеге жек көрмөк элем?-деди кыз баёо карап. "Сага үйлөнгөн адам сендей периштенин биринчиси болбогонуна далай күйүп, анан ошол күйүтүн сенден чыгарып жаман сөз, ачуу таяк менен кейиткенде мени жек көрөөрсүң. "Мен го жаш элем, сенчи?" дээрсиң..." Ушул ой дилин сыдырган Чоро унчуккан жок.
Арадан жылдар тогошуп, бирок, алар мезгилди деле элес алышкан жок. Ар бир жолугушуу куду азыр жолугуп жаткандай ысык болчу. Бул түбү көрүнбөгөн жолугушуулар канча жылга созулат эле ким билет, бир күнү Толкундун көзү киртийип келди жолугушууга.
- Эмне болду, бир жериң ооруп жатабы?-деди Чоро үйрүлүп.
- Ашказаным ооруп жатат. Үч күндөн бери тамак иче албай кусуп жатам, сизди сагынып эле араң келдим,-деди Толкун Чоронун мойнунан кучактай энтигип. Кыздын билектери ысык, алсыз экен.
- Тест алып көрдүңбү?-деди Чоро тынчсызданып.
- Жакшы эле сактанып жатам, коркпоңуз, кош бойлуу эмесмин,-деди мурчуң эте.
- Толкун, сен турмушка чыгышың керек, бала менен батуу кыйын, а биринчини алдыруу да жакшы эмес, аны болочок доктур катары жакшы билесиң. Мен сага жан-дилим менен үйлөнүүгө даярмын, бирок, убалыңды кантем? Сен менден эки эсе жашсың, түшүнөсүңбү, жарыгым? Мен көп болсо он беш жыл сенин эркекке болгон талабыңды орундатышым мүмкүн. Андан арычы? Арманым, кеч калган бактым ай, мага кандай оор экенин түшүнсөң го...
Кыздын каршы болгонуна карабай Чоро Толкунду ошол эле күнү тааныш дарыгерге алып барды.
- Төрт жарым жума, эмне кыласың, чоң кыз?-деди доктур. Кыз Чорону карады.
- Сен чыгып тур, мен азыр...-деди Чоро акырын, кызды тик карай албай.
- Ии эргул, Саадатка эмне дейсиң? - Болот кургак сүйлөдү.
- Билбейм, алдырууга да болбойт го, биринчиси да.
- Чоро, экөөң тең медиксиң, ары сенин мындайдан түзүк эле тажрыйбаң бардай эле, мурдараак ойлонбодуңбу? Жаш кыздын койну баарын унуттурган го ээ? Башка айла жок, же алдырасың, же жакында кызың төрөсө чогуу бага бересиңер,-деди чыйрыга. Чоро башын жерге сала тунжурады.
- Эмне болсо да таштай албайм, алдырганга да болбойт. Тазалыгынан айрыганым аз келгенсип энелик бакыттан да ажыраткым келбейт. Башка салганды көрөбүз,-деди да кол алыша коштошуп чыгып кетти.
- Эми эмне болот?-деди Толкун ээги титирей.
- Эмне болсо да сени таштабайм, коркпо, жарыгым, азыр барып эс ал. Алдырам деп ойлобо, макулбу? Мен бир жолун табам, мага ишенесиңби? -деди кызды ээгинен көтөрө. Кыз Чоронун бооруна ыктай берип, кылган күнөөсүн жууш үчүн баарына кайыл болгон баладай элпек баш ийкеди. Чоро бет келди басып көпкө бульварда жүрө берди.
- Чоро, деги эмне болуп жатат, байкап жүрөм, көптөн бери жат болуп кеттиң, аныңа көнгөм. Бирок, бүгүнкүдөй чарасыз абалыңды өмүрүмдө көргөн эмесмин. Айт, корккондон жүрөк жарылбайт, сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт, - деди аялы кечинде жатышкандан кийин.
Бул аялзатынын сезгичтигине дүйнөдө эч бир аппараттын сезгичтиги жетпес. Саадаттын сезгенин билсе да өзү кармап алмайынча Чоро мойнуна алмак эмес. Далай кармап деле алды, бирок, баарын кечирди, баарын көтөрдү, байкуш.
- Саадат, азыр кечирим сураганда деле кечирбейсиң, андыктан, болгонун болгондой айтайын, ук, анан каалаганыңды жаса. Чыгып кет десең костюмумду көтөрөм да чыгып кетем. Мен бир жаш кызды булгап, ал азыр кош бойлуу. Ал мени сүйөт, мага ишенет.
- Канча жаш кичүү?
- Биз жолукканда жыйырмадагы наристе кыз болчу, азыр жыйырма алтыда.
- Өзүңдөн жыйырма жаш кичүү кызды бузаарда өз кызыңды ойлободуңбу, Чоро?-деди Саадат жашына мууна.
- Балдарга аралаштырба, мен аны жаш кыз катары эмес, аял катары сүйгөм,-деди Чоро ачуусунан кареги жарк эте. Чоронун шарт туруп басып кетчү мүнөзүн билген Саадат унчукпай ызасына мууна тумчукту.
- Көнсө баласын берсин да, өзү турмушка чыгып, сенден таптакыр кол үзсүн. Чоро, балдар чоңоюп калды, токтот эми жүргөнүңдү. Мен да адаммын, темир эмесмин, менин да жүрөгүм бар.
Чоро ийиндери солкулдай буулугуп ыйлап жаткан аялын бооруна кыса кучактады. Ушул бир кездеги алмадай жүзүн азыр майда бырыш желелеген, түйшүкчүл, колдору дайым катуу, бирок, жүрөгү жумшак аялды биринчи жолу абдан дили ооруп аяды.
- Ушул акыркысы болсун, байбиче, кечире алсаң кечир. Баланы өз балаңдай кабыл ала аласыңбы анан?
- Балада эмне, аны ким төрөгөнүнүн мааниси жок, бала кимдики болсо да бала. Алып кел, өз баламдай карайм. Андан көрө энеси көнөөр бекен?-деди ойлуу. Экөө тең таң атканча уктабай шып тиктеп, бири-биринин демин тыңшап жата беришти.
- Толкун, биздин жайга кел, кеп бар,-деди Чоро кызга телефон чалып. Анан тизесин таяна турду да, шашпай басып жолугушчу жайга жөнөдү. Ушул жол менен канча басты. Ал кезде шашып барчу, биринчи жолу кызга бараткан боз уландай учуп-күйүп барчу. Бул жолу тизелери кылтылдай араң басып баратты. "Кантип эле ушунча жылдык сезимдер ушинтип эле бүтүп калсын" деп ичи эңшерилди. Мындан ары жашоо бүткөндөй, баарынын кунары учкандай кабыргасы кайышты. Толкун күтүп отуруптур. Кызык, кечээги эле эрке, кыялкеч, тентек жаш кыз бир түндө токтоло түшүптүр.
- Келдиңби, Токуш, биз шашпай, абдан шашпай акыл калчап сүйлөшүшүбүз керек. Сен акылдуу, баарын айттырбай билген зирек кызсың.
- Жооткотпоңуз, жаным. Сизге мен ыраазымын, сиз кандай чечсеңиз ошондой болот. Мен сизге жолуккан, сиз менен өткөргөн жылдарыма өкүнбөйм. Аял самаган бардык белектин, таратса бүтүндөй Бишкектин кыздарына жеткен гүлдөрдүн, мээрим менен берилүүнүн ээси болдум. Ушуга жооп катары сиздин айтканыңызды аткарганга даярмын. Бир гана суранычым бар,-деди токтоо.
- Айт, жаным,-деди Чоро кыздан көз албай.
- Баланы балдар үйүнө же ооруканага ташта дебеңиз. Багып алганга жеңе көнөөр беле? Көнбөйт го... Эгер көнбөсө төрөгөндөн кийин эшигиңиздин алдына таштап кетейин, асырап алгыла,-деди эрдин тиштегилеп. Чоро бакырып-бакырып алгысы келип, бирок, кыйкырганга үнү чыкпай кызды бооруна баса ичтен ыйлады. Жаак ылдый ысык жаштын жүгүргөнүн сезсе да аарчыган жок. Күндөн-күнгө Толкундун баягы эрке кыял мүнөздөрү жоголуп суз тартып, байкалбай эле Чоро экөөнүн аралары сууп баратты. Чоро кызды карап туруп көкүрөгүн куса эзет. Айрыкча ай-күнү жакындаган сайын кыз ойлуу, муңайым тартты. Чоро кыз жашаган жерге күн сайын барып кабар алат да, кыздын ботонун көзүндөй кайгылуу көздөрүн карап тура албай кайра кеткенче шашат. Толкун кал да дебей, кеттиңби да дебей мелтиреп кала берет. Чорону ушул унчукпоо эзет, андан көрө бууркандап ыйласа же урушуп күнөөлөсө жеңил болмок.
Түн жарымда Чоронун чөнтөк телефону чырылдады.
- Алоо!-деди Чоро уйкулуу үнү менен.
- Мен өлүп баратам...-деди кыз кыйнала онтоп. Чоронун жүрөгү атып кете жаздады.
- Ок, ошентчү бекен? Мен азыр, мен азыр... Токуш, чыдап тур, мен азыр...-деди Чоро карбаластап. Анан шашып-бушуп кийинди да артын карабай чуркап чыгып кетти. Саадат салаалаган көз жашын тыя албай соксоюп отура берди. Күйөөсү сыягы Саадаттын бар экенин да унутуп калды окшойт.
Чоро кечинде эле кабар алганы барганда карагаттай көздөрү адаттан тыш элегей тарта жалжылдап, жүзү бирде албырып, бирде кумсарган Толкунга "өңүң жаман болуп турат, бүгүн жаныңда калайын" десе көнбөй койгон болчу. Жолдун узагын ай. Чоро барганда толгоонун заарынан эки бети кыпкызыл болгон Толкун чабалактап сойлоп жүрүптүр.
- Токуш, чыда, азыр доктурга алып барам,-деди Чоро кыздын үстүнө түшө үйрүлүп. Кобурай энтигип кызды көтөрүп чыгып машинеге салды.
Толкун таңга жуук көз жарды. Болот жаңы эле жарыкка келген баланы энесинин жанына жаткырганы жаткан акушер аялдын колунан алды да, унчукпай көтөрүп чыгып кетти. "Бул эмнеси?" деп ойлоду акушер аял.
Болот баланы көтөрүп сыртка чыкканда көзү киртийген Чоро менен уйпаланган Саадат куду чоочун кишилердей дивандын эки бурчунда отурушуптур. Биринчи Чоро ордунан тура калды.
- Баланы азыр алып кеткиле, энеси көрбөгөнү оң,-деди Болот экөөнү тең карабай суз.
Толкун ошол бойдон баласын да, Чорону да көргөн жок. Чоро далай жолу келди, бирок, жолукканга даай албай койду. Жолукса эле Толкун карагаттай көздөрүн жалоорутуп баласын сурачудай жүрөгү тилинчү. Анан калса уулу Аманат да куду эле Толкундун өзү. Айрыкча баланын көздөрүн көргөндө ушул күнөөсүз наристенин көзүндө Толкун өзүн карап тургансыйт.
Арадан жылдар өттү, бирок, Толкун таптакыр унутулбай койду. Андан кийинки өмүрүндө да канча аялзатынын сүйүүсүнө эгедер болбоду, бирок, бири да Толкундан калган бөксөнү толтура алган жок.
Аманат бала кезинен эле үйдөгүлөрдүн баарына ийне сайып дарылап, жараатын таңып ойногонду жакшы көрчү. Эмнегедир Аманат доктур болом десе эле тутулуп, жиндеп кеткен Саадатты карап туруп Чоро "Толкундан эле эмес, анын кесибинен да кызганасың го ээ, байкушум. Менден го ажыраттың, бирок, балада анын каны, жанынын жарымы жүрөөрүн кантип түшүнбөйсүң? " деп ойлоп алчу.
Аманат быйыл жогорку окуу жайды бүтөт. Кечээ эле бакчага, анан биринчи класска барбады беле?.. Мезгилдин учкулдугун ушундан бил, онду бүткөнүнө деле жети жыл болуптур. Буюрса, эки жылдык ординатурасын бүтсө эле дипломдуу дарыгер.
- Ата, мага бекилген дарыгер эже абдан мыкты врач экен. Көп жылдар чет өлкөдө иштеп келиптир. Мүнөзү жумшак, токтоо болгону менен адамга байкалбаган бир сүр анан абдан жылуу мээрим бар,-деп келди бүгүн биринчи жолу кесибине киришкен Аманат. Баласынын мындай толкундоосуна Чоро оболу маани деле берген жок. Бирок, Аманат күндөн-күнгө жетекчисине ык тартып, ал тууралуу түгөтө албай эле айта берчү болду. Бир күнү жатаарда Саадат:
- Ай, ушу балаң жетекчиси менен соо эмес, өзүңдү тартып аял жандуу болот го. Айырмасы, атасы жаштарды сүйчү эле, баласы...-деп келатканда эле Чоро жараатын басып алган арстандай зирк этти.
- Оозуңа карап сүйлөчү, жетекчиси балаңдан кеминде он жаш улуу неме чыгаар. А мени тарткан-тартпаганын көрө жатаарбыз. Эгер Аманат мен Толкунду сүйгөндөй бирөөнү сүйүп калса, өзүм чуркап жүрүп алып берем,-деди да шарт эшикке чыгып кетти. "Ушул сөздү уккуң келди беле?" деди Саадат өзүн-өзү табалап. Саадаттын сөзү Чоронун ички дүйнөсүн ала салдырып кетти. "Бу аял деген балекеттин сезимталдыгы башынан ашчу эле, бир барып жетекчисин көрөйүнчү" деди бир күнү. Жумуштан атайын бошонуп алып Аманат иштеген жерге барды.
- Аманат Чороевди кайдан табам?-деп сурады кире бериште отурган жаш кыздан.
- Аманат байкеби, жетинчи кабинетте болуу керек, көбүнчө ошол жерде болот,-деди жайдары. "Эмнеге көбүнчө жетинчи кабинетте?" Чоро ушул ойдун жетеги менен №7 деп жазылган кабинетти көзү менен издеп келатып тык токтоп калды. Кабинеттин эшигиндеги табличкада "Toлкун Унутмаз" деп жазылып туруптур. "Капырай, жетекчисин түрк деп айтпады эле го" деген ой жүрөгүн сыдырып өттү. Эшиктин акырын тыкылдаганына ичкериден:
- Да!-деген жылаажын үн Чорого тааныштай сезилип кетти.
- Уруксатпы?.. - Эшиктин босогосун аттай берип үн каткан Чоро сөзүнүн акырына чыкпай нестейди. Бет алдында бир аз толгону болбосо баягыдай эле супсулуу, назик, карагат каректери жоодураган Толкун турган эле.
- Чоро! - Толкун ордунан тура калды да кайра шалдырап отура кетти. Аялдын столдун үстүндөгү колдору калтырай, ручка, кагазды максатсыз алып кайра коё берди.
- Сен белең?-деди Чоро каргылдана.
- Эмне, кайра жолукпайбыз дедиңиз беле?-деди да Толкун ордунан туруп ары карап кетти. Сыягы, көз жашын көрсөтпөйүн деди окшойт.
- Токуш, кечирип кой, сен бактылуу болушуң керек эле, бактыңды табышың керек эле...
- А мен сизди күттүм, жок дегенде бир келип ыраазылык сурайт го, көз жашымды аарчыйт го дегем. Бактымды өзүңүз менен алып калып анан кантип бактылуу болот дедиңиз? Ооба, азыр кандайдыр бир деңгээлде бактылуумун, улуту башка болсо да мени сүйгөн күйөөм, балдарым бар.
Толкун бери бурулду. Чоро кыздын бир кездеги күйүп турган карагаттай каректери мурдагыдай жайнабай армандуу, муңдуу тартып, көптү баштан өткөргөн карыдай салабаттуу болуп калганын азыр байкады.
- Олтуруңуз, Чоро Аманжарович, эми экөөбүз өткөнү гана байлаган эски тааныштарбыз, талашаар эч нерсебиз жок,-деди муңайым.
- Мен сени унуткан жокмун, Толкун...- деди Чоро отуруп жатып.
- Азыр анын мааниси жок,-деди Толкун Чоронун сөзүн бөлө. - Баары өттү кетти, сиз менен өткөн өмүрүмө өкүнбөйм.
- Аманат менен тааныштыңбы? -деди Чоро Толкунду акмалай тиктеп.
- Тааныштым. - Толкун саамга унчукпай калды да, сөзүн ойлуу улантты: - "Сизге бөлүнгөн ординатор Аманат Чороев" дегенде эле менден мурун жүрөгүм тааныды. Кыргызстанга келгени кайсы бир күнү уулум менен болчу жолугушууга канчалык даярданып жүрсөм да апкаарып калдым. Көздөрү гана меники, а узунунан келген жаагы, сулуу эриндери, үнү, аңтара тиктегени сиздин эле өзүңүз болуптур.
- Аманат Саадатты энеси деп билет...-деди Чоро акырын. Негедир дилинде "уулуң экенин айтпа" дейин деген ой турса да, оюнан баш тарта сөзүн улантпай токтоп калды. Жүрөгү даабады антип айтууга.
- Билем, жеңе Аманатты таппаса да баккан эне. Сиз чочулабай эле коюңуз, менин айтайын деген оюм жок,-деди Толкун Чоронун оюн айттырбай түшүнүп.
- Саадат жакшы көрүп эле бооруна басып бакты, бирок, кан деген жаман экен да, Аманат көп боор бербейт. Экөөнүн ойлору дайым эки ача чыгат. Сендей көк, өжөр...
- Сиз менен тил табышабы, сырдашабы?
- Айттырбай түшүнүшөбүз, бирок, түнтүрөөк.
Чоро дагы бирдеме деп оозун таптаарда Аманат кирип келди.
- Ой, ата, сиз кайдан?-деди таң калганын жашыра албай.
- Жетекчиң менен таанышайын деп келсем өзүмдүн студентим чыгып калды,-деди Чоро.
- Оо, эски тааныштар турбайсыздарбы.
- Ии,-деди Толкун уулунан көз албай.
- Мен барайын анда,-деди Чоро ордунан туруп. Атасын коридорго узатып чыккан Аманат кайра киргенде Толкун:
- Атаң мыкты мугалим, таланттуу хирург. Биз баарыбыз жакшы көрчүбүз. Сен атаңа абдан окшошсуң, көздөрүң гана апаңа окшош.
Толкундун жүрөгү мычкылып кетти.
- Сүйгөн кызың барбы, Аманат?-деди негедир күтүүсүз.
- Бар, бирок ...-деди Аманат мукактанып.
- Эмне бирок?
- Апам жактырбайт, бизге тең келчү жер эмес, мен тандаган кызга үйлөнөсүң деп уруксат бербей жүрөт.
- А сен ал кызды сүйөсүңбү?
- Ооба.
- Анда жүрөгүңдү ук. Ким эмне десе да көңүлүң каалаган адамдан баш тартпа. Мен да бир кезде бир адамды абдан сүйгөм, бирок, башкалардын тилине кирип сүйгөн адамдан да, ошол адамдан калган ыйык белектен да баш тарткам. Унутам деп ойлогом, унутулган жок, кайра жыл өткөн сайын жаңырып, өкүтүм көөдөнүмдү эзгени эзген. Ошол адамды унутуу үчүн дили да, тили да, баскан топурагы да жат жайга кеттим. Унутулмак кайда, кайра тууган жерге, менсиз жашап жаткан жакын адамдарга болгон куса жанымды өгөөлөп туруп алды. Азыркы акылым болсо жашыруун жашаганга да, элдин сөзүнө да макул болуп ошол адамдардын жанында жүрмөкмүн. Эми кайдан, баары кеч. Элдин сөзү эмне, унутулуп, баары нугуна түшөт экен, ал эми сен сүйгөн, сенин дилиңе орногон адам унутулбай, ага болгон сезимдер нугуна түшпөйт тура,-деди да каргылдана терезеге тигилди. Аманаттын көөдөнү толуп, тартынбай эле азыр жанына барып аялдын көкүрөгүнө баш коюп эркелегиси келди. Бири-бирине канчалык тартылса да кандайдыр көзгө көрүнбөгөн чектен өтө албаган эне-бала эки жерде унчугушпай, бири-биринин жүрөгүндөгү ой-санааны кан аркылуу туюп, бири-бирин сөзү жок эле түшүнүп турушту.

#56 11 Сентябрь 2014 - 13:12
"Ачакей тагдырлар"
Эшик адаттан тыш катуу ачылды. Түшкү тамактын камын көрүп жаткан Калбү "эмне болуп кетти?" деген ойдо колун аарчып ашканадан чыгып келе жатып уулу менен беттеше түштү.
- Тынччылыкпы? -деди уулунун купкуу өңүнөн чочулап.
- Атам кайда, билесизби?
- Жумушта да ботом, эмне болду? Тынччылыкпы?
- Тынччылык эмес, атам жакында бизди таштап кетет. Сизди жапжаш, менден кичүү кызга алмаштырып жүрөт.
- Тилек, эмне деп жатасың, балам, кайдан уктуң? Душман не дебейт, уккандын баарына ишене берет бекен?..-деди Калбү баласын тынчтандырууга аракеттенип. Ичинен "Кудай ай, калп болсо экен..." деп эрктен тыш тилеп жиберди.
- Апа, мен өз көзүм менен көрдүм, өз кулагым менен уктум. Атамдын ойношу өзүнөн отуз жаш кичүү кыз. Кол алдында иштейт, ага үй алып бериптир.
- Эмне?.. - Калбүнүн кулактары чуулдап кетти да, анан мамыктай жупжумшак, жыпжылуу туманга чөгүп, уулунун "апа, апа көзүңдү аччы?!" деген үнү алыстап барып угулбай калды.
Тилек эмне кылып салганын түшүнбөй калды. Шашканынан эми эле жек көрүүсү көөдөнүн өрттөп жатканы унутулуп атасына чалып жиберди:
- Ата, апамдын абалы начар, тез келиңиз!-деди башаламан.
- "Тез жардам" чакырдыңбы?
- Жок, азыр...
- Сен "Тез жардам" чакырып тур, мен да жетип калам,-деди. Уулунан эмне болгонун тактаган жок. Чын эле "Тез жардамга" удаа эле атасы да жетип келди.
Ата-бала "Тез жардам" машинесине куйрук улай баратышты.
- Апаң эмне болуп жыгылып жүрөт?-деди рулду жай айланткан атасы. Тилектин ызасы кайра башына тээп чыкты.
- Сиз билбейсиз да, ээ?-деди кекете. Азыр баарын төгүп, жүрөгүн өйүгөн суроолорун бүт-бүт сурагысы келип, бирок, аталык сүрүнөн батына албай тартына мукактанды.
- Тилек, сен деген жигитсиң, көптөн бери бирдеме болуп жүрөсүң. Жүрөгүң тынч эмес экенин көрүп турам, эмне болуп жатканын айт да буулуга бербей,-деди токтоо. Тилектин алкымы буулуп чыкты.
- Ата, Жамийланы тааныйсыз да?-деди үнү каргылданып.
- Кайсы Жамийла?
- Сиздин катчыңыз.
- Тааныйм, кол алдымда иштесе кантип тааныбайын? - Атасы дагы эле токтоо. Тилек атасынын жүзүндө, үнүндө кандайдыр бир өзгөрүү болот го деп ойлогон, жок, атасы баягысындай эле бир калыпта.
- Ал кыз ким сизге? Эмнеге үй алып бердиңиз? Эмнеге окуусуна жардам бересиз? Катчы катары мындай жардамдар көптүк кылбайбы?-деди калчылдап. Атасы тунжурап ойго чөгө унчукпай калды.
- Эмнеге унчукпайсыз? Мен баарын билем!
- Эмнени билесиң?
- Баарын, экөөңдүн ойнош экениңди, апамдан жашырып үй алып бергениңизди, окуусун төлөп жүргөнүңүздү, кыскасы, баарын...-деди ызасынан үнү титиреп.
- Бүттүңбү?-деди Чынарбек акырын. Тилек жарылып кете жаздады.
- Эмне, азбы? Же жалганбы? Мен билбеген нерселер калса өзүңүз айтыңыз анда,-деди баягыдан батынып.
- Тилек, азыр апаңдын абалын билели, анан бир жерге отуруп алып эркектерче сүйлөшөбүз, макулбу?-деди алдыдагы "Тез жардамдын" оорукананын короосуна бурулуп жатканын көрүп.
Ата-бала шаардын четиндеги эли аз кафелердин биринде сүйлөшүп отурушту.
- Тилек, сен эми кичинекей эмессиң, түшүнгөн куракка жеттиң го деп ойлойм.
- Угуп жатам,-деди Тилек чыйрыга. Ал азыр бет алдынан атасын эмес, атаандашын көрүп турду.
- Сага ким айтып жүрөт?
- Жамийла өзү айтты.
Атасынын көзү чоңоюп кетти.
- Качан?
- Анын кандай мааниси бар?
- Демек, жакын таанышсыңар? -деди Чынарбек уулун аңтара тиктеп. Тилек да көзүн алган жок.
- Ооба, жакын тааныш болгум келген. Тилекке каршы, Жамийла жаш, чындап сүйгөн, бирок, акчасы аз мени эмес, картаң да болсо акчалуу, үй-бүлөсү, оорукчан аялы бар экенин унуткан көпкөлөң бизнесмен сизди тандап кетти.
- Тилек, сен көп нерсени билбейсиң.
- Эмнени билбейм? Айтыңыз, угайын,-деди Тилек жаалданып.
- Ал сенин бир тууган карындашың.
- Эмне? Калп! Сиз атайын мени андан алыстатыш үчүн ушинтип жатасыз,-деди ордунан ыргып туруп.
- Тилек, отур, уулум, ук шашпай,-деди Чынарбек токтоо.
- Туруп эле угам.
- Сен туруп уккудай бир ооз кеп эмес бул, бүтүндөй бир өмүр, тагдыр. Ачууга алдырбай ук, анан эмне сөзүң болсо угууга даярмын,-деди атасы Тилекти ийинден таптай. Тилек аргасыз отурду.
***
Чынарбек менен Тургунбай бир айылдан, бир мектепте окушкан жакын достор. Ал тургай жогорку окуу жайга да бирге тапшырып, анан да Кудай жалгап бир группада окуп калышпаспы. Алгачкы жылы окууга, шаарга көнө албай окуу жай менен жатакананын короосунан чыкпаган жаштар быйылкы жазда гана баш көтөрүп эки жагын карашты. Бийге, ар кандай оюн-зоок кечелерге баш бага калышчу болду. Ошондой кечелердин биринде Зыйнат менен таанышышты. Таанышаары менен эле эки дос бир кызды жактырып калганын туюшту, бирок, экөө тең ачык айта алышкан жок. Көздөрү бакырайган, кирпиги кайрылып турган арык кыз да жигиттердин кимиси жакканын билдирген жок. Бийден чыккандан кийин экөө кызды узатып келишти.
- Татынакай кыз экен, ушул кыз менин жубайым болсо ээ?!-деди Тургунбай кыялдуу өрөпкүп. Тургунбай дайым озунуп кетет, бул жолу да озунуп кетти. Эми Чынарбек бул кыз тууралуу кеп козгоого акысы жок. Ал өзү ичтен сыза ушинтип чечти. Зыйнат менен күн сайын жолугушушат, ар бир жолугушуу Чынарбек үчүн азап. Кыздын күлгөнү, каректерин мөлтүрөтө ойлонуп калганы, кээде бир сыры бардай телмирип кыя карап кылгырганы жигитти оту жок куйкалайт. Жакшы эле барбайын дейт, бирок, чыдай албай кетет. Акыркы күндөрү Тургунбай Чынарбекти кошо алгысы келбей, жашырынып чыгып кетчү болду. Бир жолу абдан капалуу келди.
- Жүр, пиво ичеличи,-деди шыпты карап жаткан бойдон.
- Жатып алып ичебизби, ээ?-деди Чынарбек ичин ит тытып турса да сыр алдырбай тамашалап.
- Же арак ичелиби? Ушундай бир жаным кыйналып турат, Чыке,-деди муңайым.
- Эмне болду анчалык?
- Ээ, кыздарды түшүнбөй койдум деги, бир карасаң сүйүп өлүп бараткандай, бир карасаң сенден башканы сурап мазеңди алат. Ичеличи...-деди да ордунан туруп кийимин алмаштыра баштады. - Тур, кеттик, эмне жатасың жалдырап?-деди анан корс. Ал негедир кызга эмес, Чынарбекке таарынып жаткандай ызалуу эле.
- Каякка?
- Аракка.
- Эртең сынак барын билесиң да,-деди Чынарбек окуп жаткан китебин көкүрөгүнө коюп.
- Урдум сынагыңды. Сен доссуңбу? Дос болсоң китепти эмес, менин көңүлүмдү ойлосоң боло. Жүрөгүм ооруп жатат,-деди туталанып. Кызык, Тургунбайдын мындай абалын биринчи көрүшү. Макул болбосо болгудай эмес. Азыр өзү жалгыз барып деле кекиртегинен чыкканча иче турган болуп чыңалып турган досун аяды.
- Чынарбек, сен мага чыныгы доссуң, ээ?-деди Тургунбай жүз граммдан кийин негедир бирдеме айта албай жаткандай мукактанып.
- Эмне, шегиң барбы? Тоюңар качан?-деди Чынарбек досун акмалай.
- Күздө деп жатам.
- Зыйнат макул болуп жатат да, ээ?
- Каякка барат эле?
- Ал эмне дегениң, анын макулдугусуз кантип үйлөнмөк элеңер?
- Сага эмне? Биз кандай үйлөнсөк сенин кандай ишиң бар? Эмне, ичиң күйүп жатабы?
- Тургунбай, эмне болуп жатасың? Эмнеге ичим күйөт, ал эмне дегениң?
- Барчы ары, дос имиш... - Тургунбай столду көңтөрүп салып туруп кетти. Чынарбек эмне болуп кеткенин түшүнбөй отурган жеринде кала берди.
Чын эле ошол күздө Зыйнат менен Тургунбай баш кошту. Негедир Тургунбай тоюна эч кимди чакырган жок, Чынарбекти да. Тойдон кийин да негедир жолукпай качып жүрдү. Бир күнү тамак-аш саткан дүкөндөн бет келип калышты.
- Ой, Туке, кандай? Куш боо бек болсун!-деди Чынарбек чын дилинен.
- Ии, рахмат.
- Эмне тойго эч кимди чакырган жоксуң?
- Шашылыш болуп кетти.
- Эмне анчалык?
- Ары Зыйнат да каалаган жок.
- Бизди чакыруунубу?
- Ооба, айрыкча сени,-деди да шарт бурулуп чыгып кетти. Чынарбек эч нерсени түшүнбөй ызаланаарын же кол шилтээрин билбей туталанды. Анан эле Тургунбай да, Зыйнат да сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетти.
Бул табышмактуу мамиле канчага созулат эле ким билет, Зыйнат менен болгон күтүүсүз бир жолугушуу бүт баарын башка нукка буруп кетти. Чынарбектин жараатын да сыйрып кетти ошол жолугушуу. Мезгил баарын дарылайт экен. Кез-кезде эски сүрөттөрдү көргөндө же достор арасында сөз болгондо гана Чынарбектин Зыйнат деген жарасы сыздаганы болбосо, баары унутулуп бараткан. Айрыкча уулун көргөндө тим эле төбөсү менен жер казууга, эмнени болсун унутууга даяр болуп кетчү. Келинчеги Калбү да токтоо, анча-мынчага серпилбей ичине салган көтөрүмдүү чыкты. Тилек үчкө чыгып калганда биринчи жолу башка шаарга командировкага жиберишти. Өзү окуган, жаштыгы, студенттик курагы өткөн шаар көзүнө ушунчалык жылуу учурады. Кечки тамактан кийин эски малдын көзүндөй болгон шаарды кыдырып чыкмак болуп сыртка чыккан. Жол бойлоп баратып баягыда Тургунбай экөө Зыйнат менен таанышкан чакан кафени көрдү. Шаардын баары өзгөргөн менен ушул кафе өзгөрбөптүр. Баягы эле аталышы, кире бериштеги бөгүп жаткан арстандары, ал тургай өчүп-жанган жарыктары да өзгөрбөгөндөй жылуу учурады. Саамга карап туруп калды да, анан ичине кирмек болду. Кирип баратып куду Зыйнатка жолукчудай тизелери калтырай апкаарыды. "Капырай, унуткан эмес турбаймынбы" деди ичинен. Жаштар аз, музыка да эч ким жок үчүнбү, жай ойноп, тынч экен. Чынарбек тээ бурчтагы столго барып отуруп жатып өзүнөн эки стол ары отурган келинге көзү түштү. Жалгыз отурган келиндин мойнундагы тармал чачтары, желкесиндеги мөлтүрөгөн капкара күрүчтөй калы көзүнө урунду. "Зыйнаттын да куду ушундай калы бар эмес беле" деди жүрөгү дикилдеп. Бир кезде келин өзүн карап турган көздөрдү туйдубу, жалт бурулду. Зыйнат! Чынарбек жазбай тааныды. Экөө саамга тиктешип калышты. Биринчи келин эсине келди. Ууртунан уяң жылмайды да, ордунан туруп жигитти карай басты. Чынарбек да калдастап тура калам деп отургучун жыгытып кетти. Шашкалактап отургучун тургузуп болуп караса келин бет алдына келип калган экен. Зыйнаттын жыпар жыты бур этти, көздөрү коймолжун тартып, жүзү тим эле тийип кетчүдөй жакын туруптур.
- Кандайсың?-деди Чынарбек калтырап.
- Мен жакшымын, өзүңчү? - Зыйнаттын коңгуроо үнү жагымдуу дирилдеп кетти.
- Сен кайдан?-деди не дээрин билбей.
- Тургунбай ооруп келгенбиз, бир айдай болуп калды. Өзүң кайдан, сен да ушул шаарда жашайсыңбы? - Зыйнат көздөрүн ала кача сумсая жер карап, өкүттүү оор улутунду.
- Отур, Зыйнат,-деди келин сүйлөп жатканда өзүнө келе түшкөн жигит. Зыйнат унчукпай отурду да, жаагын таяна жигиттен көз албай тунжурай ойлуу тиктеди. Бир кездеги ипичке Зыйнат бир аз толо түшкөнү болбосо, ошол эле бойдон экен.
- Жашоо кандай, бактылуусуңбу? -деп сурады Чынарбек.
- Бакыт күйөөлүү аял болуу эле болсо, анда бактылуумун. Бирок, мен билген бакыт башкача болчу,-деди Зыйнат муңайым. Чынарбек келиндин үнүнөн армандын шоокумун сезди.
- Сен билген бакыт анда мен билген бакытка окшош го...-деди жигит акырын.
- Сен билген бакыт кандай эле?
- Өзүң сүйгөн адамга бардык тоскоолдуктарды аттап жетүү, анан ошол адам менен өмүр кечирүү деп билчүмүн.
- Эмнеге анткен жоксуң?
- Ал адам башканы, мен башын аттай албас адамды - досумду тандап кетти...
- А сен бир жолу ошол адамыңдын тандоосун сурадыңбы же өзүң эле чечип койдуңбу? - Зыйнаттын көз чарасына жаш толуп, ал мына-мына кулап кетчүдөй кирпигинде титиреди.
- Мен сени Тургунбайды тандады дегем.
- Тургунбайды сен тандадың, а мен сенин тандооңду сыйладым.
Чынарбектин ичи туз куйгандай ачышып чыкты. Ага кыз да Тургунбайды тандагандай сезилбеди беле. Эмне үчүн ошондо бир жолу кызга өз алдынча жолугуп көрбөдү. Көз алдына Зыйнаттын табышмактуу кылгыра карап калганы тартылды.
- Зыйнат, ушул жылдарда мен сени унуттум дегем, унутпаптырмын, болгону алаксыптырмын. Дайым эсимде жүрдүң.
- Мен оболу сени күттүм, анан таарынып жүрдүм, кийин сагындым, азыр ошондо бир жолу сага жекеме-жеке жолукпаганыма өкүнөм.
- Неге жолукпадың, мен го достуктан аттай албай койдум, сен эркин элең, тандоого акың бар болчу.
- Кыз намысым жол койбоду. Жаш экем. Ары Тургунбай сени сурасам эле кызына кетти деп койчу. Эч кандай кызга жолукпаганыңды ар жолуккан сайын көзүңдөн көрчүмүн, бирок, даай алчу эмесмин. Кийин чын эле келбей койдуң. Тойго чакыралы десем Тургунбай көнбөдү. Кийин Тургунбайды аяп жашап калдым. Жүрөгү оорукчан.
- Азыр кандай?
- Жыл өткөн сайын тез-тез кармачу болду, бирок, доктурду жаман көрөт. Акыркы жолкусунда катуу кармап алып келгенбиз.
- Канча балаңар бар?-деди Чынарбек келинди өкүттүү карап.
- Балабыз жок, негедир болбой жатат.
Алар сыртка чыкканда Ай толуп турган экен. Ошол түн өмүр бою сагынтып, саматып өтөөрүн экөө тең билип жүрөктөрү тилинди. Чынарбек командировкадан кайтканча экөө бир күн да айрылышкан жок, Зыйнат түнү гана оорулуу күйөөсүн кыя албай араң кетет, таң атпай кайра Чынарбектин жанында. Экөө бирөө көрөт экен, байкайт экен деген тартынууну да унутуп салышты.
Күйөөсүнүн таптакыр башкача болуп келгенин сезген Калбү ичинен сызып, бирок, сыр алдырган жок. Арадан жума өтпөй издеп барган Чынарбек Зыйнаттын ордун сыйпалап кала берди. Экөө тууралуу айыңды уккан Тургунбай доктурдан чыгаары менен Зыйнатты айылга кайра алып кеткен экен. Ошол бойдон Зыйнатты издеп барбады.
Арадан жылдар өтүп, кайрадан эскирип баратканда бул жараат дагы жаңыланды. Бир күнү кечке маал канча жылдан бери көрүшпөгөн курсташы Айнакан чалып "Чыкен, сүйлөшө турган иш бар, жолугалычы. Атайын Оштон келдим" деди олуттуу. Жөн чакырбаганын жүрөгү туйган Чынарбек тез эле болжошкон жерге жетип барды. Айнакан бойго жеткен кыз менен отуруптур. Чынарбек кызды көргөндө карттанган жарааты сыйрыла чочуп кетти. Анын бет алдында мындан жыйырма беш жыл мурунку солкулдаган жаш Зыйнат турган эле. Чынарбектин купкуу боло аптыгып карап калганын көргөн Айнакан оор үшкүрдү:
- Таанып турасың, аны көзүңдөн көрдүм. Бул менин курбум Зыйнаттын, сенин досуң Тургунбайдын кызы,-деди акырын. Чынарбек бирдеме дейин деп оозун таптаганда столдун астынан Айнакан бутун катуу басып токтотту да, кызга: - Кызым, сен үйгө бара бер, биз байкең экөөбүз сенин жумушуң тууралуу кеңешип, жообун кечинде үйдөн айтам,-деп кызды кетирип жиберди.
- Эмнеге атайын Оштон келдиң? Бул кызды неге мени менен тааныштырдың? Айтчы, бай болгур. Зыйнат өзү кайда?-деди жүрөгү бир жамандыкты сезип.
- Суроолоруңду берип бүттүңбү? Эми мени ук,-деди Айнакан олуттуу.
- Ии?
- Бул Зыйнаттын эле эмес, сенин да кызың. Мындан он жети жыл мурун Зыйнат экөөң бир жума сайрандадыңар беле? Мына, эми ошол жыргал үчүн жооп берчү кез келди. Силер жолуккандан толук тогуз айдан кийин ушул кыз төрөлүп, ошол эле жылы Тургунбай каза болгон. Анан былтыр кышында Зыйнат шордуу жол кырсыгынан каза тапты. Азыр кыздын эч кимиси жок.
- Зыйнат мага неге айткан жок?
- Сага кайдан айтсын көрүнбөй кетсең. Ал артыңдан издеп келе турган баасы жеңил аялдардан эмес болчу, билесиң. Мага айтты, сени бүт өмүр күттү, а сен эстеген да жоксуң.
- Сен мен үчүн жооп бербе, мен Зыйнатты унуткан жокмун...
- Ооба, унутпадың, бирок, эстеп деле кыйратпадың. Жүрөгүңдүн бир коңулунда мезгилдин чаңы басып жатты, туурабы? Укканда не кылмак элең? Кылчуңду мына эми кыл, кызды жумушка ал, окууга өткөр. Өзү көнгөнчө айтпа, анан бир кыябын таап айтаарсың,-деди ойлуу. Чынарбек жоготуу менен табышуунун ортосунда эндиреп отурду. Чын эле эртеси эле Айнакан кызды ээрчитип келди. Ошол эле күнү дароо жумушка алып, анан бир жылдан соң окууга өткөрүп, үй алып бергени чын эле. Канча жолу "мен атаңмын" деп айтууга оозун эптеп барып кайра тилин тиштечү, негедир тээ жүрөк түпкүрүнөн кызы экенине эч ишене албай жанчылчу.
***
- Мына уулум, мен баарын айттым, эми кеп сенде,-деди Чынарбек акырын.
- Ата, мен ишенбейм! Уруксат бер, өзүм изилдеп чыгайын, эгер чын эле бир тууган карындашым болсо апама да, Жамийлага да өзүм айтам. Айнакан эже кайда азыр?
- Ал Ошто.
- Дарегин бериңиз, чоо-жайды оболу андан сурайын,-деди Тилек токтоо.
Тилектин акылына кирип бой жеткенин Чынарбек бүгүн аңдады. Баласынын дилиндеги жүрөк өйүгөн күмөнүн билип жүргөндөй "изилдейин" дегенине ыраазы болду, ары таң калды.
Тилек Ошко келгенде таң эми агарып келе жаткан. Атасы берген даректи көтөрүп алып таксилерге келди.
- Аа, шаардын четиндеги жаңы айылдарда тура, беш жүз бер, таап алып барып коём,-деди токтолуп калган таксист.
- Макул байке, берейин, таап барсаңыз эле болду,-деди Тилек ашыгып. Тилек издеген үй чын эле шаардын четиндеги кичинекей айылда экен. Үйдөн орто жаштагы аял чыгып Тилекти сыдыра карап:
- Сен Айнакандын кимиси болосуң?-деди суз.
- Аяш уулу болом, апам экөө курдаш болгон экен. Колуң бошогондо дарегин биле келчи деген эле,-деди Тилек сыр алдырбай.
- Айнакан азыр шаарда жашайт, бул үйүн биз ижарага алганбыз. Дарегин берейин,- деди аял шыпылдап. Тилек ошол эле күнү кечинде Айнакандын үйүнө барды.
- Сиз Айнакан эжесизби?-деди Тилек эшик ачкан аялды сыдыра карап.
- Келегой, кир үйгө,-деди Айнакан босогодо турган бейтааныш жигитти бүшүркөй карап. Шаарда кимсиң, неге келдиң, эмне жумуш менен деп такымак, бул аял куду эски таанышы келгендей жылуу кабыл алды.
- Кулагым сенде?-деди Айнакан жайгашып отургандан кийин жигитке суроолуу карап.
- Мен Чынарбектин уулумун, атым Тилек, эже.
Айнакандын кашы серпиле, жүзү албырып кетти.
- Кайдан көрдүм эле деп бүшүркөп жатсам, көрсө, Чынарбекке окшотуп жаткан турбаймынбы. Жайынча элеби?-деди токтоо болууга аракеттенип. Бирок, аялдын жанатан бери тынч жаткан болтогой колдорун болоор-болбос калтырак басып, үнү да өзгөрө түштү.
- Жайынча болсо ошондон ушуга келет белем, эже. Мен Жамийланын бир тууганым эмес экенин сезип турам. Аны көргөн күндөн баштап ошол кыз үчүн жашап жүрөм. Эгер ал бир тууганым болсо мурда туйбасам да чындыкты уккандан кийин жүрөгүм ынанмак, жүрөгүм эч ынанбай койду. Мен анын каны башка, бирок, жаны, жүрөгү бир жан экенин сезип турам,-деди үнү каргылдана дирилдеп. Айнакан бет алдындагы жигиттин көздөрүнөн эбегейсиз сүйүүнү көрдү. "Тообо, бир кезде бул жигиттин атасын Зыйнат ушинтип сүйдү эле, эми Зыйнаттын кызын Чынардын уулу сүйгөнүн карачы. Тагдыр кандай калыс" деп ойлоду.
- Уулум, ырас, мен атаңа калп айттым, бирок, башка айлам да жок эле. Зыйнат бүт өмүр Чынарды сүйдү. Айрыкча Чынарбек менен кийинки жолукканда "курдаш, боюма бүтүп калды окшойт" деп абдан үмүттөнүп күткөн эле. Бирок, тагдыр Зыйнатка ал бакытты да ыраа көргөн жок. Анан бир жылдан кийин Зыйнаттын өз күйөөсүнөн боюна бүтүп, ушул кызды төрөдү. Кызы төрөлөөрү менен эле Тургунбай, анан Жамийла он жетиге чыкканда Зыйнат өзү жол кырсыгынан каза болду. Өлөөрдө көзүн көрүп калдым. Мени эле күтүп жаткандай доктурга бараарым менен кызын дайындады да, үзүлүп кетти. Жамийланы бутуна тургузууга менде кудурет жок эле, күйөөм оорукчан, беш баламды араң багып жүрөм. Анан Чынарбекти эстедим. Уулум, эгер кадырына жетем десең жабылуу аяк жабылуу бойдон калат, бакыт гана каалайм,-деди аял көз жашын сүртүп. Тилек Айнакандын "калып конок болуп кет" дегенине болбой кайра түндөп жолго чыкты, азыр Жамийланы көрбөй бир мүнөт тура алмак эмес.
- Апа, биз келдик!
Бүгүн врачы "үйгө чыгасыз" дегенинен камданып жаткан Калбү Тилектин үнүнөн чексиз кубанычты сезди. "Бизи ким ботом, атасы экөө келген го?" деп кайрыла берип коомайлана уяң баскан татынакай жаш кызды жетелеп кирип келе жаткан уулун көрдү.

#57 03 Октябрь 2014 - 21:14
он эки миллион
Адеп караганда көрүнгөндөй байлар ар дайым эле бактылуу боло беришпейт. Айрымдары түндөсү киного барышат. Бир даары акындардын, жазуучулардын көрүнүктүү чыгармаларын кооз салондордо угушат, мармар устундуу кенен балкондордо музыканттар топтолуп, пианино чалып, көңүл ачышат. Айрым бай кишилер болсо, дүйнөнү кыдырып, саякат жасашат, дүйнөнүн көрүүгө татыган санат эстеликтерин, сарайларды, сепилдерди, табият көрүнүштөрүн көрүшөт. Байлардын жашоосу көңүлдүү, молчулук ичинде өтүп жаткандай көрүнөт. Жактырган бардык нерсесин дүкөнгө барып эле сатып ала алышат. Муну тыштан көргөндөр: “Байлар каалаганын жасашат жана бактылуу да боло алышат” деп ойлошот. Бирок мен антип ойлобойм. Колунда жок кишилер байларга караганда бактылуу да, капарсыз да жашарына ишенем. Бир отунчу да болсо, эгер чыныгы адам болуп, рухунда кооздук, сулуулук туйгусу бар болсо, жолдун четиңде жайнап турган бир гүлкайырды көргөңдө көңүлү эргийт. Мандай тери менен табылган бир тилим нандын даамы эч нерсеге тең келбейт. Өмүрдөгү эң ыйык нерсе-иштеп, абийир менен нан таап жемек. Жакыр дыйкандын оозунан чын дилинен чыккан дубаларын периштелер Аллаага жеткиришет. Иштеген киши эриккенди билбейт. Зеригүү, бекерликтен тажоо дегендер ага жат. Буларды байлар гана билет. Зарара конту, Бай Арно өзү жашаган шаардын эң бай кишилеринен бири болчу. Жаш болгонуна карабастан, жашоонун бүтүн даамдарын таткан, тажап, чарчап бүткөн. Бул жашоодо жасай турган эч нерсеси калган эмес. Байлык адамга тартуулаган бүтүн сулуулуктар, жеңилдиктер колуңца болчу. Узун саякаттар жасап, ырдап-бийлеп, көңүл ачып, кумар ойноп жүрүп, жылдар өткөн соң атасынын очогуна кайткан. Шаардын дөбөчө жериндеги көркөмдүү чарбагы жибек, пилдин тиши, сансыз кызматчыларга толо болчу. Бирок бай Арно баары бир зериге берчү. Бардык жерде, бардык учурда эле анын кош көңүл, кайдигер отурганын көрүүгө болор эле. Чарбакты курчаган токойдун сыйкырдуу кооздугуна, том-том китептерге, көз тайгылткан баллдарга, кечелерге карабастан, анда ар дайым бир санаа бар боло турган. Адам баласына бакыт жана беймаралдык тартуулаган бир иши жок эле бай Арнонун… Эригүүсү да ушундан улам боло турган. Бир күнү эртең менен токойду жалгыз башына кыдырып чыгууну ойлоду. Ичи камыгып, өзүнчө эле бушайман болуп, эч нерсе анын сезимдерине кымындай да таасир бере алчу эмес. Назик, аппак колдорун желкесине таяп, башындагы жаман ойлорду алып салууга аракеттенгендей болду. Тажатып, жардам сураган бирөөлөрдүн болбошу аны бир аз тынчытты… Шиберге үстөмөндөп жатып алып, көздөрүн жумду. Бир канча саат бою тынч уктап эс алгысы келди. Бул тажатма, ажарсыз дүйнөдө жасай ала турган жалгыз иши бу болчу. Так башынын үстүндө куштар топтолуп, чыйрыттап сайрап жатышты. Капысынан эле куштардын жапырт учуп калганын көрдү. Аркасынан эле жакындап келе жаткан табыштарды жана балдардын сүйлөшкөндөрүн укту. Ичтеринен бирөө кубанычтуу үнү менен кыйкырды: Он эки миллион… Башка бирөө ага каршы болуп: Бул өтө көп. Бир миллиондон ашык акчам болушун каалабайм. Он эки миллиоңцу эмне кылмак элем. Кел, Франс. Бул жерде тактай отургучтар бар экен. Отуруп бир аз эс алалы… Франс жолдошунун аркасынан жөнөдү. Анан капысынан эле: Рудолф! деп бакырды, карасаң. Тактайга бирөө ыр жазып коюптур. Укчу, мен окуюн. Ар бир күн башка бир азап Ар түнү башка бир жатак Эй, баарынан улуу Кудайым Ишсиздиктен бүттүм тажап. Франс кайгылуу көздөрү менен досуна карап: Ушуну жазган байкуш баланы көрсөм, колуна бир канча алтын тыйын берип: барып бир жакшынакай көйнөк, өтүк ал. Жуунуп таранып, чачы-башыңы ал. Курсагыңды тойгуз. Анан барып, бир мыкты устанын жанынан иш изде, дейт элем. Албетте, мындай албырап-салбыраган кийим кийип алып, иш издесең, эч ким ишке албайт. Арнонун көздөрү умачтай ачылды. Эриккени-зериккени жок болду. Балдардын шандуу, шайыр үндөрү ичиндеги бир жылуу сезимдерди козгоп койду. Уксаң, мени, Рудольф. Мен он эки миллионду эмне кылам дебейсиңби? Өзүң билесиң. Биздин кичинекей шаарчабызда саңдаган колунда жок, кедейлер бар. Кичинекей, кароосуз үйлөрдө жашашат. Кышкы сууктун каарына чыдабай, көбү өлүп калат. Мен таптаза, ичинде ар түрдүү саламаттык кызматтары болгон, жаркыраган имараттар курдурмакмын. Буга эки миллионум кетмек. Анан да жалпы эл үчүн, өзгөчө ноокастар, майыптар үчүн чоң бир мончо салдырмакмын. Каалагаңдар барып, бе кер эле жууна алсын деп. Ага да эки миллион чыгымдамакмын. Миндеген балдар жакшы тамак-аш ичпейт, жакшы тарбия албайт. Алардын багылышы, туура чоңоюшу үчүн дагы эки миллион зарптап, чоң бир жай курдурмакмын. Ойлоп көрсөң, Рудольф. Оорукчан, кары-картаң, дармансыз канча киши бар. Алар өмүрүнүн соңунда ысык тамак, жайлуу төшөк, жылуу-жумшак мамилеге туш болушу үчүн бул кандай сонун иш болмок. Дуба окушуп, ырахаттанышмак. Бул үчүн төрт миллион бермекмин. Биз жашаган шаарда бир да китепкана жок… Ичинде миндеген китеби бар, бир китепкана салдырам. Кенен, жылуу жана жарык чачкан бир имарат. Карылар, жаштар, балдар бош убакыттарын ошол жерде өткөрө алышат. Канча нерсе үйрөнүшөт, баштары билимге, көкүрөгү сүйүүгө толот. Эч ойлонбой туруп, бул үчүн төрт миллион берем. Баарыданда, Рудольф… Ошол кезге чейин жолдошунун сөзүн сабырдуулук менен угуп турган Рудольф күлүп: Болду эми, деп жолдошунун сөзүн бөлдү: Франс, бүттү акча… Он эки миллионду арыдан бери бүтүрдүң. Койчу! Мынчалык тез түгөнөрүн билген эмесмин. Саамга үндөбөй калышты.
Рудольф, ушунчалык ачка болдум. Оозума кара суу келе баштады. Кыштакка кире бериште бир наабайчы бар. Жакындап калдык. Ошоңцон эки нан ал… Жеп алалы. Франс чөнтөктөрүн аңтарып, анан муңайым үнү менен: Рудольф мага жыйырма тыйын бересиңби? Жанымда эч акча жок. Бир тилемчи балага берип койдум. Эмдиги аптада менин туулган күнүм болот, ошондо сага жыйырма тыйыныңы кайтарып берем, деди эле, Рудольф: Албетте, албетте, деп акча сунду. Франс дароо жолго түштү. Зарара конту Бай Арно жаткан жеринен сүйүнүчтүү бир сезим менен шак турду. Токойдон чыккан кезде эң сонун сезимдер бийлеп алган. Дүйнөдө аны жашоого байлаган бир нерселер жаралды. Ичиндеги тажатма, кайгы, капа калган эмес эле. Башка адамдарга жакшылык кылуу чабасы бүтүн ой-дүйнөсүн бийлеп алган болчу. Кээде чайыттай ачык күндөрдө, аны жалгыздыктан, боштуктан куткарган балдардын таттуу тилдерин эстеп калчу. Жылдар бою кулагында ошо он эки миллиоңду адамдардын бактысы үчүн зарптаган, өзүнүн чөнтөгүндө бир кесим нан ала турган акчасы жок баланын үнү жаңырып турду.

которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#58 26 Октябрь 2014 - 06:37
ЖАЗЫНДАГЫ МАХАБАТ (БОЛГОН ОКУЯ)
Бугун жаздын маанайы эмнегедир ачык да жайдары. Конулум жаздын жели менен алда-кайда алып учат. Шыбыраган бак дарактар жаздын шамалына боюн уруп, кундун нуру тээ ободон жаркырап туптуз эле жерге саят, айлана да озунчо кубанычка болонуп кынгырап ырдап жаткандай. Мына азыр ордумдан турам да конумуш адатым боюнча жумушума жонойм, билбейм неге бирок кундогудон башкача талпынып турам. Ал жер дайыма эле барып оз жумушумду жасап келчуу жерим болсо да бугун шашып жатам. Кулундай кундо барып оттоп келчу жайытыма бугун негедир тезирээк жетким келди. Бул мен озум элеминби деги тушунбойм. Мумкун ал жайытка бугун кундогудон башкача бир бажырайып озгочо бир жыты анкыган жыпар жыттуу бир кооз гул ачылып турса керек ким билет. Эмнеси болсо да бул жакшылыктын жышааны экенин конулум сезип турат. Мына жумушума да жетип келдим. Баары эле кундогудой эле ошол адамдар ошол корунуш ошол эле жумуш. Москва метро севастопольская, Азовская кочосу 14уй, "Кимберли- Лэнд" деген спорттук машыгуучу уй-булолук комлекс. Бул жерде эмнелер гана жок: 6бассейн, 5 бар, машыгуучу залдар, сулуулук салондор деги койчу бут кызыктын баары ушул жерде. Мен да ушул жерде официант болуп иштеймин. Бул жерде уборщиктердин администратору Женя деген молдован аял. Кечээ ишчилер жетпей жатат деп жатышты эле бугун жанылар келген окшойт...? -Здравствуйте - деп кирип бардым. Баары келген, саламдашып кийим алмаштыруучу болмого кирип кеттим. Анан эле кыргызча суйлогон назик ундор кайдандыр угулуп жатты. Кийинип бутуп чыкканча жанагы ундор да алыстап кетиптир, конул деле бурбай оз ишиме кириштим...Быйыл мекенимден алыста жургонумо 2жыл болуп баратат. Эх кандай гана сагынбадым, айылымдын жытын, кок жашыл талааларын, дандырдан чыккан ысык нанын, чогуу оскон тентуштарымды аябай сагынгам. Озгочо апакемди аябай сагындым. Буюрса дагы 2жума калды, жумушумдан отпуска беришет да мен эс алууга кетем. Ар бир атуулдун мекенине болгон ашыгуусу суйуусу сагынычы озгочо болсо керек, мен да ар бир муноттун отушун кутом да турам. Кана эле тезирээк оз жериме жетсем.Мекениме болгон сагынычым кундон кунго куч алып, талпылуум артып барат. Менеджерим "ордуна адам тап, сен мекенине барып келгенче сенин ордуна иштеп турсун, кайра кайтып келесин да" деп тайындады, чынында анын созу деле кулагымдын сыртынан учуп жатты, а менин оюм болсо жанагы назик ундо... ...Эрте менен лифттеги кузгудон уруш майданынан жаны эле тушкон мушкерди коргондой болдум: коздорум ишип кеткен экен озумду араан тааныдым. Анын себеби да бар: туну уктабай тан атканча ойлонуп кирпик какпай кыялданып, озумду асмандын жетинчи катмарында элестеткеним чын, ошонун айынан минтип козум ишип турат. Кайра эле жумушума бет алып болушунча шашып тез баратам. "Бугун ал келеби, аны дагы коромбу, эгер келбей калсачы?, башка корбой калсамчы" ушундай кыжаалаттануу менен журогум апкаарып баратам. Мындан эки кун мурун жумушумду бутуп уйго баратып коридордо тык токтой калдым, коздорум аландап журогум оз кабынан чыгып кетчуудой соккону, анын башкача бир бакыракай коз карашы, ак маралдай керилип басканы, улуу скульптор жаратып койгондой болгон келишимдуу келбети мени ушул абалга келтиргени, суйлоого тилим эпке келбей созумду жутуп алгансып дудукча туруп калганым эсимде алганы эсимде жок. Бир маалда озумо келсем бирибизден узап кетиптирбиз. Корсо жанагы назик ундор ушул экен. Баалу буюмун жоготуп койгон адамдай аландап эки жагымды карап бир нерсе издегендей болуп кете бердим кете бердим. Кайдан чыга калды десен алдымдан? Неге аны коргондо башкача боло калдым? Неге азыр аны издеп ага ашыгып озумчо эле ал жака туртулуп жатам? Мына толгон токой суроо а жообу жок! Кээде озумду акылынан тайып калган бир келесоо деп элестеп кетем а бирок башкаларга андай сезилбей жатам да... Бир аз бошой калсам эле аны издеп жонойм. Баса ал тунку кезметчиликте иштейт экен, кечинде 9 да келет а мен 11 де кетем. Мына издеп журуп акыры аны да таптым. Озуно болунгон жерин жыйнаштырып жатыптыр. Анын ар бир кыймылы ак маралдын бак аралап баратканындай сезилет, назик аппак колдору озунчо башкача корунот. Акырын жакын басып барып эмне дээримди созду эмнеден баштаарымды билбей унсуз туруп калдым. -Кечиресиз - деген ундон селт этип кеттим. Алдымда ааламдын периси турган эле-Мен... Мен эме ммм - мына менин созго чебердигим. -Кечиресиз бир деме сурайын дединиз беле?-Ооба ой жок эме мен сага жумуш сунуштап келгем-Кандай жумуш экен-Мен жакында КРга кетип жатам отпуска алып, ошого ордума бир адам керек болуп жатат убактылуу, бир болсо мен кайра келсем чогуу иштеп калышыбыз да мумкун, жумуш женил кыйынчылыгы деле жок, кундузу саат 13 то башталат туну 10до бутот болгону дем алышсыз, айылыгы да жакшы - деп быдылдай берипмин. Ал болсо мени карап жылмайып турган экен. Мына сага жер жарылып кетсе кирип кетсем, эки бетиме чуу деп от жанып чыкты, кызарса керек менимче.-А мен орусча анча деле жакшы билбейм да. Анын ар бир созу мага озунчо дем берип эртенки кунго туртуп жаткандай болуп жатты. -Тил билуунун ото деле кажети жок, болгону аракетин болсо калганына конуп деле кетесин-Башка адам таппадынарбы? -Башка адам деле издеп журом бирок бир эле жума убакыт калды да ошого сенден да сурап коройун дегем эгер макул болсон ойлонуп кор!-Макул мен ойлонуп коройун бирок соз бере албайм! -Сураныч?! -Макул-Баса сенин атын ким?-А атым мааниге ээ эмес го. Жылмайып кантээр экен дегенсип сынап карап койду. Мен да озумду баштагыдан эркинирээк сезип калгам.-Макул аны кийин айтаарсын. Мен да тамашалай кеттим - жок дегенде номеринди берчи, мумкун чалаармын эгер каршылык жок болсо?!-Ммм макул деп номерин берди. А менин суйунгонумду айтпа, кубанычымды жер которгус эле. Уйго жетээрим менен башкасы бул жакта эле турсун мен жанагы номерге чалыш максатында кантип жугуруп уйумо жеткенимди да кийин эстеп алып озумчо жылмайып алам.-Алло? -Алло, угуп жатам. Бул ун дуйнонун эн тунук муукамдуу куулору чертилгендей болуп угулуп жатты-Кандайсын белгисиз жан?-Ким экен бул?-Менин атым Жаныш, тоскоол болбодумбу? -Бир аз бирок убактым аз -Жанаа жумушта номериндин алган бала!-Аа эстедим, качан кирсем болот жумушка? Кутулбогон суроосу ордумдан так секирте урган кучтуу токтой эле болду.-Ааа жакшы го, эки кундон кийин болобу? Азыр менеджер башка жакта эле анан келет бирок ага чейин сага менюну жазып беришим мумкун, жаттап турасын. -Жакшы болоор эле-Макул эрте менен жазып берем.-Баса менин атым Айпери. Мына белгисиз сезимдердин жузу, кыялдарымдын анык дареги, умутумдун туногу-Айпери! Атын укканда аалам жанырып кеткендей сезилди мен учун. Айдын суротун ажарына тартып койгондой Жаратканым. ... Менин жумушум кобунчо аш канада отот. Бир куну -Здрастье - деп Женянын болмосуно кирип бардым. -Добрый вечер! Что-то хотел? -Да я хотел попросить?-Говори! -Айпери сегодня где работает?-Она еше не пришла как придет посмотрим. А что?-А вы не могли бы поставить ее сегодня на кухне?!-Хорошо пусть она сначала придет. -Спасибо, я ваш должник! Кубанганымдан биздин директордун алдынан ышкырып кынкылдап ырдап отуп кетенимди кийин менеджеримден билип озумчо кызыктай эле абалда калдым. Айпери биздин ашканага келди. Бул жолу анын коздору козумо чагыла тушту. А мен болсо туталанып баш тырмап козумду ала качам. Анын коз карашы ушунчалык сурдуу да мээримдуу эле. Ага жумуш тууралуу суйлоп коп нерсенди уйротуп, шарттарын тушундуруп жаттым. Ал кандай абалда болуп жатты билбейм бирок мен ал жанымда турганына озумчо эле жылмайып, кудундап жерге батпай кетем. -Айпери эртен эс аласынбы?-Ооба. А жон жай элеби?-Жон эле, мумкун жумуштан кийин шаар айланып келсекпи дегем, болом менен Нуркызды да чакырып алсак кандай дейсин?-Билбейм тан ата берсинчи. -Жакшы анда эрте менен созсуз чалам! Ал макул болгондон кийин болом экообуз озубузчо кечеге бараткансып кийимден кийим тандап жасанабыз. Аны билбедим го бирок мен озумчо эле толкунданып, бир жерде тура албай тынсызданып, колдорумдун манжалары озунчо эле калтырайт. Мындай мурда болгон эмес эле а азыр озумду озум тааный албай араан турам. Жолугушчу жерге да келип калдык. Озубузчо романтик болуп бирден гул алып чыкыйып жолдо аларды кутуп турганыбыз, анда-санда ары бери откон адамдар улам бизди карап койгонун азыр эстесем ошол кундорго кайткым келет, эх бирок айлам да жок! -Тигине келатышат - деп болом нукуп калды. Артымды карасам капкара узун чачтарын бир оруп туруп артына таштап алып, женесин колтуктап Нуркыз учоо келе жатыптыр. А мен болсо озунун ханышасын кутуп алчуудай болуп бир жыгылып кете жаздап бир сурдоп кыскасы озумо келе алган эмесмин. Женесин узатып коюп тортообуз метрого туштук, вагондун ичи адам коп тыгын болгондуктан Айпери экообуз бирибизге жакын кетип жаттык. Поезд улам жулунган сайын ары бери туртулуп Айпери улам мага ыктала калып бирде белинен тута калам. Ушул кездеги коз ирмемди менмин деген улуу акын да жазып буто албаса керек, ал жакындаган сайын денем зырт этип удургуп жанымды жалын каптап кетет го чиркин десен. Шаарды айланып суротко тушуп ырдап коюп журуп кайра тарттык. Ал менден 2станция кийин жашайт экен. Мен тушуп баратып чыдамым кетип кое бергим келбей акырын бетинен ооп алганымда эриндерим орттонуп кетти даОшол кундон тарта ар бир абаны ал учун жутуп, ар бир кунду ал учун жашап, ар мунотту ал учун откоруп, ар бир максатты ал учун коюп, ар бир коз ирмемди ал учун кечип жашап журдум. А бирок коздоруно карап суйуумду айта албайм. Журогум бир чыгынат да бараткан жолунан озуно ишенбей кайра артка кайтып кетет. Анын алдына келгенде гана мен озум озум эмес анын сыйкырдуу кучу менен мен башка адам элем, кадимки адатым жоголуп, сезимдерим озунчо аруу болуп калгансып мен улам озгоруп жаттым. Ал мени кундон кунго озунун ажарына ороп, сезимдерине чоктуруп, мени озуно кундон кунго арбап баратканын кийин сездим, аттин кийин сездим. Экообуз жумуштан кийин жетелешип алып бак араламай, жамгырдын астында жугурмой, бирге олтуруп сырдашмай адатыбызга айлана баштады. Биз бирибизди кундон кунго жактырып бирибизге улам байланып тартылып жаттык. Мындан артык чыдай албайт элем.-Айпери мен сага жоолукканыма тагдырыма ыраазымын. Билсен эгер сен жанымда болбой калсан мен озумду бул дуйнонун эн эле жалгыз жетим улагындай сезип кетем. А азыр менден бактылуу адам жок. Сени менен менин жашоом бир кооз жомоктогудай, жан дуйномо бутпогон жаз келгендей, сенсиз жашоом жоктой. -Мындай толкундуу создорду сенден башкасынан уккан эсмесмин Жаныш! Билсен мен да сага кундон кунго арбалып бараткандаймын. -Айперии Айпериии мен сени суйоооом - деп акыры асманга карап кыйкырууга жетиштим. Билбейм кантип бул соз оозумдан чыгып кетти, озум да чоочуп кеттим. Эми артка жол жок эле бирок алдыдагы тумандык да оз кучагын ачып турганын ошондо сезсем кана эле. Ошондогу кубанычым кийин акыры бутпогон азабыма айланышын ошондо билген эмес экенмин аттин!(Башы откон заметкамда)Мына мекениме жоноочу убакыт да келип жетти. Бир жагынан кубанганым менен экинчи жагынан жан дуйном бороон чапкын болуп жатты эле. Алдымда аялуу карап Айперим козундогу жашын жашыра албай, улам кетпечи деп жалынгансып тиктеп, мени кое бергиси келбей турду эле. Эх Айпери... "Ушул бойдон сени корбой калчудай болуп жатканымды, азыр кетсем эле журогум узулуп сени менен калып кетчудой болуп жатканын, жоносом эле жан дуйномдогу бороонум чон куюнга коз жашым топон сууга айланып кетчуудой болгонун сага кантип айта алмак элем?" Мен да ун катпай кучагымдагы берилип суйгон периштемди, журогу аруу жан дуйносу таза сезими назик, сулуумду аяп турдум. Экообуз бирибизди унсуз гана тушунуп, унсуз коштошуп жаттык. Анын коз жашы мени журогумду тээ асмандан жерге чаба ургандай болду. Аны тушунуп турдум, анын да жан дуйносундо так ушундай уйгу-туйгу болуп жатканын билем да. Кыйылып жатып араан бирибизден ажырадык, айлам да жок эле, кантмек элем? Жаным зыркырап бир заматта жаздын ордуна ызгаар кыш келгендей болду. Колумдан келсе кана эле жалгызымдын жанынан алыс жылмак эмесмин......Мен КРдан бир айда кайра келдим. Бир айдын ичинде Айперимди кандай гана сагынганымды, аны ушунчалык коргум келгенин, башкалардан башкача энсегенимди, менден башка эч ким тушунмок эмес. Чыдамсыздык менен жумушума бардым. "Берекем жаным сагынычым сени аябай сагындым" ушул эле создорду кайталап бараттым. Жумуштун астанасын аттаганда эле сай соогум сыздап кетти. Айперинин кийимдерин кийип алып башка эле кыз журот. "Кана менин суйгонум, кана менин Айперим кана менин эркем жан биргем кана, кайда кетти" мына биринчи оюма келген суроолор. Жаным сыздап журогум муздай чыкты. -Оо Жаныш вернулся - деп мени тосуп алышканына деле конул бурбай оз суйгонумду тырпырап издей бердим издей бердим.-Где Айпери??? -...... Эч кимде ун жок соз жок. -Гдеееее Айпери скажите пожалуйста? !-Жаныш она ушла 2 неделя назад на родину. -Чтооо как? Почему? Почему мне не сказала? -Мы тоже не знаем! Жаным сыздап конулум чогуп, демим буулугуп, дуйно мага жек корунуп кетти. Эми эмне кылам менде анын КРдагы номери да жок, кайдан табам? Суйуумду жоготтумбу? Жок болушу мумкун эмес!!! ... Ошондон туптуура 4 кун откондон кийин менин Москвадагы номериме смс келди. "Салам берекем" деп башталыптыр. Шарт эле тушундум бул Айпери. Шашкалактап калганын окуй баштадым: "Кандай журосун ден соолугун кандай? Жакшы барып алдынбы Москвага? Жумуштагылар кандай? Менде баары жакшы. Берекем мени кечирип койчу эгер колундан келсе, азыр кечирим суроого да акым жок билем! Бирок баары бир сенден кечирим сурайм?! Айтпай кетип калганымдын да себеби бар. Апам ооруп мени чакыртып алды аргам да жок эле. Мен кайра сен барганча барып калам деп ойлодум эле бирок тагдыр менин журогумду жашоомду суйуумду минтип талкалап салаарын билген эмесмин. Мени ала качышты биздин эле айылга колунда бардар уй-булого. Ата-энем мага каршы чыгышты менин аргам жок отуруп калдым. Суйуум берекем жыргалым эгер колундан келсе мени кечир, мен боору таш сезимсиз жалганчыны кечир???!! ! Бактылуу болушунду каалоодон азыр менде башка арга жок тушуносун деген ойдомун" А мен бул смс мага адашып келип алды бул туш бул жалган Айпери тамашалап жатат болушу мумкун эмес деп эч ишенгим келбей койду. Канча отурганымды билбейм шолоктоп ыйлап отура бердим отура бердим.... 20.05.2012
АВТОРУ БАХТИЯР (БАХА АКЫН,)

#59 30 Октябрь 2014 - 11:48
ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨГҮ ТӨРТ КҮН...
(аңгеме)
Наристелүү болдум. Тун балам. Кубанычым койнума батпайт. Өзүмдү ушунчалык алсыз сезип, ушул турган керебетке жетүүгө алым келбечүдөй болуп турсам да, көздөрүмдөн бакыт нуру чачырап турду. Мен жаткан палата 4 кишиге ылайыкташып, мага чейин да эне болуу бактысына туш болгон эки эже жайгашкан экен. Алар да, мед кызматкерлер да же менин жузүмдөгү кубанычты көрүп туруштубу, же баардыгы эне болгон соң чын жүрөктөрүнөн сезип туруштубу айтор "азаматсың" деп жылмая карашып, жумшак сүйлөп жатышты. Мен ансайын дердеңдеп, өзүмдү эң бактылуу адам сезип, кубанычым койнума батпайт. Палаталаштарымдын бири бешинчи кыздуу, экинчиси жетинчи уулдуу болуп, жаштары да тажрыйбалары да менден улуу эле. Алар менен таанышып, кеп-кеңештерин угуп жайланыша баштадым. Жаңы эле жарык дүйнөго келген балапаным колумда. Ууз сүт эмген баланы, канчалык кыйылганыма карабай ак халатчандар "сен бир аз уктап эс ал, балаң биздин козөмолдө болот, ушундай болуш керек" деп алып кетишти. Көзүм жумулуп уйкуга тартып баратканы менен, деги уктай албай койдум. Жарым күн мурда курсагымда жаткан баланы, башка бирөөлөр эле алып кеткени мага анчейин ынабай турду.
Эже, бала ыйлабай эле уктап аткан го, мобул жерге эле жаныма алып келип алсам эмне болот дедим? Жанымдагы палаталаш эжелердин биринен
Ай иий, баласаактыгын кантесиң, укта, эс ал. Балаңды догдурлар карап, текшерип чыгышы да керек го. Коркпо, жаныңа алып келип беришет аздан соң эле, азыр мурдагыдай эне-баланы бөлүп жаткырбайт союз кезиндегидей - деп күлүп койду.
Козүмдү ачсам, күн түштөн ооп калыптыр. Чочуп кеттим, канча уктадым, десем маңдайымда күлө карап турган медайым, чочубаңыз, аз эле, могу градусникти коюп, дене табыңызды өлчөп бересизби деди жылмая. Мен оозумду таптап баламды сураганча, азыр алып келип беришет деди да колундагы көп градусниктен бирди таштап чыгып кетти. Дене табымдын бир калыпта экенин көрсөткөн градусникти тумбанын үстүнө коюп жатып, мандайымдагы керебеттеги эженин ыйлап атканын эми байкадым. Ымыркайын бир колу менен бекем кучактап, экинчи колу менен жузүн жаап алган. Акырын бутумду жерге коюп, басканды жаңы үйрөнгөн баладай кадам таштап эженин жанына жеттим.
-Эжеке, эмне болду тынчылыкпы? адамдын ою күлүк, мен дароо ымыркайга бир нерсе болгон го деп ойлоптурмун. Жок, кичинекей периште момоюп уктап атат.
Көпкө бышактаган эже, мени жалооруган коздөрү менен, сулуу жүзүнө куюлган көз жашын сүртө карап, "менин төрөгөнүмө бир суткадан ашып атат, эртең чыгышыбыз керек, а жолдошум келбей жатат"-деди. Саамга нес болуп туруп калдым. Анчейин тушүнө бергеним жок, анан олжо таап алган мергендей сүйунүп кеттим. Телефонумду корсөтүп, чалалыбы, сиз чалып көрдүңуз да, ал укту беле? деп өзүм да анча тушүнбөгөн , бир чети орунсуз суроолорду жаадырдым.
Эже, телмирген бойдон палатанын төрүндөгү терезеден кайдадыр узаак, узактарга карап туруп, "ал келбейт" деди...
Денем суу сепкендей муздай туштү.
-Кандайча? ??-дедим копол үн менен.
Бул биздин бешинчи перзентибиз, деди да эже көпкө үн катпай калды, а мен дале жакшы түшүнбөй турдум уккан сөздөрүмдү. Бирок сөзүн да бөлгүм келген жок. Анткени анын көз карашы ушунчалык оор эле.
Бир топтон соң кайра кайталады. "Бул биздин бешинчи перзентибиз. .., бешинчи кызыбыз" деди күдөрү үзүлгөн адамдай.
Албетте, мен тушүнөм, бардык ата артынан туяк калуусун каалайт. Бирок, кандай азап менен толгоо тартып, аны омурткаң сыздап тогуз ай көтөрүп төрөгөн энеде эмне айып???
Эже, андан эместир, кантип эле төрт кызын жакшы көргөн ата бешинчисин жактырбай калсын. Мүмкүн, жөн гана, жолдошуңуз. .. деп андан ары сөзүмдү таппай калдым. Менин болгон мээм, күч кубатым, өмүрүмдө топтогон жашоо тажрыйбам бул энени сооротууга жетпейт турду.
Аңгыча жаныбыздагы бош керебетке, коляскага салып дагы бир келинди алып келишти. Өзүм теңдүү жаш кыз экен, улуту орус. Аны да жанагы мендей кылып мед кызматкерлер жылуу жумшак сүйлөп жайгаштырышкан соң, колуна куурчактай болгон наристесин карматышты. Бирок, эмнегедир бул эненин жузүнөн кубанычты байкай албадым. Көзүнөн мөлт деп аккан жашты, шашыла алаканы менен аарчып, көпкө ыйлап соолуган адамдай энтигип кетти.
Болду эми, андан көрө өмурүн тиле, ыйлай берс™ң сүтүң качып кетет. Колуңдагы кызыңды ойло, а балаң ал убактылуу гана. Эгиздер ушинтип көп учурда бири чабал болуп калат, эч нерсе эмес. Аз күн аппаратта жатат да, адам болуп кетет. Керилген гана эр жигит болот”- деп медкызматкерлер сооротуп жатышты. Бул келиндин бир уул , бир кыз эгиз төрөп, уулуу өтө эле чабал төрөлүп, адам болот болбойт дешип атканын эми тушүндүм.
Кеч да кирди. Балдарыбыз жаныбызда, келген тамак-аштар менен бири-бирибизге бөлүшүп, озүнчө божурашып баарыбыз бири-бирибизге көнө түштүк. Ал тургай, балдарыбызга кандай ат коебуз, кандай деп элестетип, кантип кыяданып жүргөндөрубүздөн бери айтып берип жаттык. Жаш экенибизге карабай, силер жаңы эле төрөдүнөр, биринчи балаңар, биз эртең чыгып кетебиз деп, эки эже Лида экөөбүздү ордубуздан жылдырбай, чай,шорпо куюп берип тейлеп жатышты. Медкызматкерлер баарыбызды бир сыйрадан текшерип, жанагы эки эжеге эртең чыгат экендиктерин жарыялашып, бейпил түн каалап чыгып кетишти. Момпоюп эле уктай берген бөжөгүмдү карап, искеп, искеп алып мен да уйкуга кирдим. Түнүбүз тынч өттү. Таң атаары менен медиктер салтка айланган текшерүулөрүнөн соң, эки эже тең кетүүгө камынып жатышты. "Кудайым күч кубат берсе, элүүгө чыкканча бир кыз төрөп албасам болбойт. Бул жети эркек, чоңойсо үйлөнүшөт да кетишет. Кыз жароокер болот" деп тамашалай сүйлөп, тилек кылган эжени күйөөсү, улуу уулдары келип чыгарып кетишти. Акырын кыймылдап, кызын ороп, андан соң өзү кийинип, менин маңдайымдагы эже да камына баштады. Суроого оозум барбай турса да, "эжеке, келиштиби чыгарып кетүүгө?" - дедим. Өзүнө өзү кайрат бере "ооба, улуу кызым менен апам келди" - деди да биз менен коштошуп, медайымдын коштоосунда баштыгын алып палатанын эшигин жапты. Анын кубарган жүзүндо кубаныч менен санаркоонун, беш баланын энеси болдум деген сыймык менен, ошону менен катар эле бармактайынан баш кошкон түбөлүк түгойүнүн алдында бул эч нерсеге татыбай жаткандагысына болгон ызасы, алдыда дагы кандай күндөр болуп, балдарымдын тагдыры эмне болот деген тээ жүрөгүнө катылган бушайман ойлору окулуп турду.
Спорт залдай аңгыраган чоң палатада Лида экөөбуз калдык. Маектешип отурдук. Аны да сооротуп, “уулуңдан кабатырлана турган эч нерсе жок дешти го догдурлар, көп ойлоно бербе “ деп жаттым.
Мен ага эмес, башка нерсеге катуу капа болуудамын деп көзүн жашылдантты. Мен мындайды күтпөгөм. Ушул мажүрүм талдай ийилген жаш кызга тагдыр неге мынчалык оор сыноо берди экен?!
"Менин тукумумда эгиз жок» - деп таштап кеткен күйөөсүн, бир уул бир кыз төрөгөнүн уккан өз атасы, уулун алып,кызын таштап чыкса келсин үйгө, болбосо ошондон ары жоголсун " деп атканын апасы эрте менен келип ыйлактап айтып кеткенин, анан да сени чыгарып кетүугө келе албай калсам кечир. Атаң карыш бастырбай кайтарып атат деп, көгөргөн көзүн жүзаарчы менен жаап, бир аз акча таштап, " сени таенең чыгарып кетет, атан неберелерин көргөндө ачуусу басылаар, сөзүнөн кайтаар, ага чейин айылда таенеңдикинде болуп тур, мүмкүн балдары төрөлдү деп угуп, жолдошуң деле кайра келээр"-деп кеткенин угуп, дүнүйөм аңтар-теңтер болду. Жакамды карманып, кудайга тобоо кылуудан башка аргам жок эле. Эмнеге адамдар ушунчалык мерез боло алышат?! Мындай жүрөктөр эмнеден жасалат болду экен?! Ушундай адамдар эмнени ойлоп жашайт болду экен?! –деген сансыз суроолор жан дүйнөмдү мүлжүп жеп жатты. Лиданын тагдырында менин сөздөрүм текейге тең келбесе да “ чыйрак бол, башкысы апаң бар бактыңа,көчөдө калган жоксуң, таенең бар, анын үйүнө барасын, эжең, сиңдиң каралашышат” деп сооротуп жаттым. Сен менин атамды билбейсиң да, ал мен таенемдикинде экенимди билсе, таенем экөөбүздү да сабагандан кайра тартпайт деди улутуна.
Келип аткандар, кетип аткандар, шашып аткандар, жылмайган жүздор, аккан көз жаштар, терезелердин тушуна үймөлөктөшкөн тууган-урук. .. Бул жерде да озүнчө бир дүйнө,өзүнчө бир тагдырлар. Ойгонгондон бери барылдап ыйлап аткан чүрпөмдү “баланын курсагы жакшы тойбой ыйлап атат, биз тойгузуп келели, сен жатып эс ал, эч нерсе эмес,бүгүн кечинде, эртеңдерден тойгузуп каласын деп ойлойм” деп баламды көторүп кеткен медайымды күтүп отуруп, чыдабай артынан жөнөдүм. Эмне бул жакка келип алдың деп урушат экен деп ууру мышыктай акырын басып, узун коридордон улам бир эишкти акмалап жүрөм. Эшиги кыйгач ачылган бөлмөдө чабалекейдей катар тизилип жаткан үч,төрт бобөктү көрдүм. Дароо ошол жакка баш бактым, көзүм менен өз баламды издеп жүрөм. Ай кыз, эмне кылып атасың бул жакта?! – деген өктөм үндөн селт эттим. Колунда чака, резина мээлей кийген эжеден жалтана “балдар бөлүмүн издеп келгем, менин балам бул жакта” дедим. Кой, кудай сактасын, балаң бул жакта болбой эле койсун ал коридордун тиги жагында деп ээк жаңсап койду. Шашыла чыгып кеттим, бирок эмнеге кудай сактасын деди деп ойлонуп бараттым. Медайымдын козөмолүндө кыркалекей тизилген наристелердин арасында барбайып уктап аткан чүрпөмдү көрүп жүрөгүм тынчтана туштү. Дароо боорума кыса рахмат айтып жөнөй берээримде “көрдүнбү апасы, сенин эле баланды алып келип койбойт бекенбиз бул жакка” деп жылмайган врачтан чынында уялып кеттим. Келген коридорум менен палатаны коздөй баратсам, жанагы санитрка эже терезеге кыйгачтап жолөнүп, көчө жакты карап, жылмайып туруптур. Жанынан өтө берээримде кайсы палатадасын? -деп сурап калды.
-Жетинчи дедим, андан ары сөз күтө. Эже мени деле укпагандай “ээ кагылайын” деп алды ыраазы боло, терезени караган бойдон. Анын бул абалы мага да кызык болду. Анын көз карашын ээрчий мен да терезеге үңүлдүм. Төрөт үйүнүн дарбазасынан чоң жол тарапка чыгып бараткан улгайган кемпир менен тыпырайган 6-7 жашар баланы көрдүм. Уулум деди эже жылмайган тейде, Жакшы дедим мен анын бул маанайын кубаттай. Быйыл биринчи класс, ушинтип мен сменде кезде таенесин колунан жетелеп алып, бир жолу жумушка келип кетет деди да мен жакка бурулду.
-Канчанчы балаң?
- Биринчи дедим.
-Аа, бактылуу болсун,ат койдунарбы деп калды. Ооба, төрөлө электе эле ойлонуштуруп койгонбуз дедим. Жакшы, кана эми, ар бир бала мына ушундай бакытка ээ болсо. Тилекке каршы бул жашоо да деп оюн аягына чейин айтпагандай улутуна кетти.
Бул сиздин кичүү уулуңузбу- дедим эжени сөзгө тарта. Жок, бул менин жалгыз уулум деди. Ошентип сөз сөзгө уланып отуруп, эжени палатага чакырдым. Күнгө жекшемби болуп, эртеси дүйшөмбү да майрам күнгө туура келип калгандыктан, медкызматкерлердин тиешелүулөрү гана калган болчу. Мунун айынан биз палаталашым Лида экөөбуз 48 саат эмес, 4 сутка төрөт үйүндө жата турган болдук.
Лида уктап калыптыр. Аны ойготуп албайлы деп, санитарка эже экөөбуз кобурашып отурдук. Эжеге термосто турган чайдан куюп, сундум. Баланы өзүнүн керебетине эмес, эмнегедир өзүмдүн ордума жаткыргым келип, жаздыктын үстүнө жаткырып койгонумду көргөн эже. “көп эле баласаак боло бербесеңчи, азыртан жытыңа көнүп алып, үйгө барганда карыш бастырбай коет го” деп күлүп калды.
Мен бул жерде көп жылдан бери иштейм деп сөзүн баштады эже. Кыштын чилдесиндеги күндөрдүн бири болчу. Өзүн деле уккандырсың, биздин врачтардын ичинен эн мыктысы Малика эже да, ага тээ борбордон бери жазылып келишет атайын анын колунан төрөгөнү деди эже сыймыктана. Ошол күнү мен жумушта элем. Малика эженин сменасы эмес болчу. Бирок ал түшкө жакын келип, кабинетин ачты. Дароо эле сырт кийимдерин чечип, кудум төрөткө даярдангандай даярдана баштады. Анан мага азыр бир чоңдун аялына аборт жасаарын кобурап калды. Ийгиликтүү өтсө экен, баш тартканыма болбой, сиңдимди ортого салып атып макул кылдырышпадыбы деди. Деди да ийне, жабдыктарын көтөрүнүп чыгып кетти. Айткандай эле коридорго чыга калсам, күпкүрөң жылтыраган шуба кийген, кулагындагы сөйкөсү кулагынан чоң болгон, жашы менден бир аз улуурак же мен курактуу, толугунан келген, бирок курсагы кадимкидей билинип калган аял жанымдан шашыла басып өтүп кетти. Сырттагы капкара чоң машинасынан дагы бир келин, баштык көторүп, тушүп келатканын көрдум. Өз иштеримди жасап жүрүп, булар тууралуу унутуп да калган экенмин. Бир кезде сени төрөт залда Малика эже чакырып жатат деген медайымдын үнүнөн чуркап бардым. Айтылган аборт жасалыптыр. “Ийгиликтүү” болгондой. Малика эже жылмайып жайдары. Келинди акы төлөнүүчү палатага бир күнгө жаткырып коюшканын, абалы жакшы экенин, өзү болсо бир жакка шашып атканын айтты. “Мен барып, кабинетимди жаап кете берейин, бул жерди эмне кылышыты өзүң билесиң да, макул жакшы калгыла деди да, ии баса, тиги коробканы унутпа ээ” деп терезеде турган коробканы ээк кага көрсөтүп коюп чыгып кетти. Төрөт керебетин кийинки төрөй тургандарга даярдап, жууп тазалап бүтүп коробканын жанына келип туруп калдым. Анткени андагы алакандай наристе мага дем алып аткандай көрүндү. Акырын жалаякка ороп чыгарып алып тыңшасам угулбайт. Өлүү же тирүүсү белгисиз бул адам тукумун кучактап көпкө турдум. Эмнегедир аны жөн эле ыргытып сала албай койдум. Калыңдап ороп, уйгө алып жөнөдүм. Демейде эки мүнөттө жетчү жолум, кылымга созулгандай болуп кетти. Уурулук кылгандай, шаша-буша чалыштап отуруп үйгө жеттим. Улам баланынын жузүнө үңүлө карап коем. Билинээр билинбес кыймылдап да ийгендей туюлду мага. Эшиктен кирээрим менен окуяны тушүндурбөй эле баланы апама сундум. Байкуш апам, бир чүрпөнү бир мени карап алып, термостон жылуу суу куйдуруп, ага наристени салып, андан соң эми эле энесинин жатынынан түшкөн баладай чапкылап, күбүрөнүп бирдемелерди айтып Жаратканга жалынып ырым-жырымдарын жасап жатты. Мен туманда жүргөндөй эле, өзүмдүн эмне кылып салганымды аңдап тушүнбөй, тек гана жетелеген бир күчтүн айтканын жасап жаткандай болдум. Кырылдап барып, мышыктай алсыз үн чыгарган баланы көргөндө гана көздөрүм умачтай ачылды. Айланайын, ичээр суусу бар экен, айланайын жашап кетет деп атканын уктум апамдын. Ушул күндөн тартып, баланы оозуна пипетка менен сүт тамчылатып бага баштадык. Чийки эт жегендей бир жумадай ойлонуп жүрдүм, бирок көпко минтип ката албашымды билип, жанагы врач Малика эжеге болгонун болгондой айтып бердим. Бир дем менен уккан Малика эже, эстүу аял да кантсе да,жашоодо көптү көргөн. “Эч жерге каттоого турбаптыр, бул бала төрөлсө үй бүлөм талкаланат эже деп караманча каршы болуп туруп алган мен канчалык төрөп ал дегеним менен. Алты ай болду деди эле, жети айга бир күн болсо да өтүп калган го, карачы Жараткандын касиетин. Бул да болсо буйруктур, Кудайым сага берип атат бул баланы табериктеп, багып ал” деди да туруп кетти. Мен эжени деле күнөөлөбөйм. Баары буйруктан да. Эгер менин иш күнүм эмес болгондо, мүмкүн бул бала жашабай калат беле, жашаса да жана сен адашып кирип алган бөлмөдөгү балдардын катарынан орун алат беле, ким билсин. А мен ушул бойдон эне болу кандай экенин билбей отуп кетээр белем. Айтор 40 ка чыкканда Кудайым берген белегим - деп сөзүн бүтүрдү санитарка эже. Токтобой сүйлөдү... Кудум гипноздолгондой, 7жыл мурдагы окуя дал азыр болуп жаткандай опкоолжуп айтып жатты. Уккан кулагыма, көргөн козүмө ишенип ишенбээримди билбейм, өзүм бала кучактап эне болуп турсам да, өзүмдү жаңы эле бул дүйнөго келген балапандай сезип турдум. Кайда??? Кайда мен угуп, көрүп чоңойгон баалуулуктар, эрежелер??? Кайда жашоонун табигый мыйзамдары? ?? Алар же, жалан гана китеп беттеринде, кинолордо гана болобу? Мага коркунучтуу сезилди. Бул жашоо, айла-чөйрөм, ушул турган адамдар, баары... Бул беш күндүк өмүрдү эмнеге татыктуу жашап өто албайбыз, ал үчүн ыйман менен акылдан башка эч нерсенин деле кереги жок экен го. Ал үчүн напсини тыйып, байлык менен мансаптын кулу болбой пири болуп жашагандан артык эч нерсенин деле кереги жок экен го?! Эмнеге муну билип туруп, кылымдардан бери сакталып келе жаткан жашоо мыйзамдарын озгөртүүгө умтулабыз?! Эмне үчүн?! Ким үчүн?! Албетте, бул суроого маңдайымда турган баатыр эне, мен санитарка эжени ушинтип атоону эп көрдүм, жооп бере албайт эле . Түбүң түшкүр дүнүйө. Колумдагы эч нерседен бейкапар уктап жаткан наристемди ушунун баарынан калкалап калгым келди. Ушул мүнөттөрдон тарта, энелик жоопкерчиликти бүткүл дүйнөм менен сездим окшойт. ..
Райондук ушул төрөтканада өткөн төрт күнүмдүн ар бир күнү, он жылдык жашоону көрсөткөндөй болду мага. Ар бир күнүмдө мен он жылга алдыга жашоо тажрыйбасын алып жаткандай сездим өзүмдү. Канчалаган өмүрлөрдүн башаты да, соңу да болгон ушул муздак боз дубалдар дагы канча деген кандай тагдырларга күбө болоор экен.

#60 07 Ноябрь 2014 - 03:58
кыргыз кызы ЭСЕНБҮБҮ
1957-жыл.
Биз эңсеген күн да келди — он жыл окуп, орто мектепти аяктап, жетилүү аттестаты колубузга тийди. Мектептен кийин биз үчүн кандайдыр бир ажайып сырдуу дүйнөнүн дарбазасы ачыла тургансып көрүнчү. Бирок андай болгон жок. Ал кезде орто мектепти бүтүргөндөр чарбада эң кеми эки жыл иштеп, анан өндүрүштүк мүнөздөмө алып бармайын жогорку окуу жайларына кабыл алынбай турган заң-закүн бар эле. Өкмөт менен партиянын мыйзамына баш ийбешке чара жок. Ошентип айылдан эч жакка чыкпай, колхоздун чарба иштерине аралашып кеттим.
Август айы аяктап бараткан күндөрдүн биринде орто мектепти бирге бүткөн, классташым Сарыгул келип калды.
– Кадыр, Ивано-Алексеевкада алты айлык жаңы окуу жайы ачылыптыр. Тракторчу, комбайнчыларды даярдап чыгарат дейт. Жатаканасы, кийим-кече, тамак-ашы бекер, өкмөттөн экен. Бригадирдин тепкисин жеп жүргөнчө ошону бүтүрүп келбейлиби. Аны бүтүргөндөр айыл чарбасында иштесе армияга да албайт экен, — деди Сарыгул оюн-тамашасы жок...
Окуу жайын Сарыгул экөөбүз тең жалаң беш менен аяктадык. Айылга келип, мурда көп жылдар трактор айдап, кийинки эки-үч жылдан бери тракторчулардын бригадири болуп жүргөн Акышка (өз аты Акматбек) жолуктук. Ал биздин келишибизди мурдатан эле күтүп жүрүптүр.
– Ой, айлаанайындар, келип калдыңарбы? -деп барба-лактап кубанып. Анын эртесинде эле райондун борборундагы МТСке (машино-трактор станциясы) ээрчитип барып, директорунун төмөнкүдөй буйругун чыгартты:
«1958-жылдын 1-мартынан тартып, Кадыр Айтиев Буденный МТСинин улук (старший), Сарыгул Капаров жардамчы тракторчу болуп дайындалышсын. Аларга МТСтин 43-номурлуу ДТ-54 маркасындагы трактор сокосу жана маласы менен бекитилип берилсин».
Айыл чарбасын механизациялаштыруу окуу жайында бирге окуган алты ай ичинде Сарыгул экөөбүз түбөлүк ажырагыс достордой болуп калдык. Келечектеги ой-кыялыбызды ортого салып жибердик. Ажырашпай бир трактордо эки жыл иштеп, андан аркы окууларыбызды улантмак болдук: Сарыгул Ташкендеги индустриалдык техникумду, мен Фрунзедеги (азыркы Бишкек) айыл чарба институтунун механикалык факультетин көздөдүм.
Мына ошентип, кабыргабыз анча катпаган 17 — 18 жаштардагы жаш уландар Сарыгул экөөбүздүн эмгек жолубуз башталды.
Трактордо, болгондо да ташбакача кыбырап соко сүйрөгөн, эскилиги жеткен каз таман тракторунда иштөөнүн өтө оор экендигин Сарыгул экөөбүз тең жон терибиз менен сезе баштадык. Биз үчүн өзгөчө түнкү сменде иштөө азаптуу эле. Мурдатан көнбөгөн жаныбыз, күндүзгү уйку түнкүсүндөй болбой бөлүндүлөнүп, жакшы канбай, трактор айдап баратып, уйкуң келип, жаның жер тартат. Эски трактордун ар кай жеринен май-сай агып, колдоруң, кийим-кечең дамамат майланышып, коңурсуп май жыттанасың. Убагында ысык тамак ичмей жок, жарма, нан менен ыраазы болосуң. Бузулуп, карала-торала болуп, трактордун астында жатасың. Жаан-чачын учурунда ысык аштын үйүнө жетпей, эки жүз литрлик эки бочка менен солярка ташыган араба келгиче, астыңкы жана жан-жанындагы терезелери сынып жок болгон трактордун аңгырап шамал урган кабинасында корголоп ачка отурасың. Тоо арасынын таштуу жеринде соконун тиштери тез-тез сынып, запасың түгөнүп, тишти качан апкелишет деп зарыга күтөсүң...
Жазгы кош айдоо сезонунун жыйынтыгы чыгып, биринчи байге Сарыгул экөөбүзгө ыйгарылды. Биз эл ичинде «азаматтар» деген алкоого алындык. Тракторлор менен соколорду сезондук ремонтко токтоттук. Бирок мага айтпай, «оорудум» деген шылтоо менен Сарыгул Акышка айтып жатып, дөңгөлөктүү ДТ-24 маркасындагы жеңил тракторго өтүп алды. «Ия, ата, окууга кеткенче бөлүнүшпөй, каз таман тракторунда бирге иштейбиз» деген убадабыз кайда?» деп мен бир эсе таң калсам, бир эсе Сарыгулга ичимден кыртыйып, кадыресе таарынып калдым. Мен өмүрүмдө биринчи жолу акыйкатсыздыкка туш болдум. Эң куру дегенде каз таман тракторунда иштөө кыйын экен деп, Сарыгул чындыгын айтып койсо, мен деле түшүнөт элем да. Жок, Сарыгул бул жерде «кыйтырлык» кылып, тез жүргөн дөңгөлөктүү трактордун кузовалуу чиркегичи менен чөп-чар, кум-таш ташып алган өз жанына пайдасы бар экенин ал менден алда канча эрте түшүнүптүр.
Трактор менен сокого сезондук ремонтту сокочум Туралы экөөбүз жүргүздүк. Күздүк айдоо жакындаганда Акыш келип:
– Кадыр, Сарыгулдун ордуна жардамчы кылып, Доордун Абдрайымынын баласы Токтосунду аласың го дейм. Фрунзеде трактирлердин инженерлик окуусунда окуйт эмеспи. Ооруп калып, окуусунан бир жылга бошонуптур. Эмки жылы күздө окуусуна кайра барат экен, — деди.
– Өзү оору болсо, каз таман тракторунун күн-түн иштеген кыйын шартына куландан соо Сарыгул чыдаган жок эле, анан ошол оорулуу Токтосун чыдайбы? — деп түз суроо таштадым.
– Эмнеси ооруганын деле билген жокмун. Сыртынан оору-соорусу жоктой эле көрүнөт. Инженерлик окууда окуган неме бош жүрбөй, трактирдин анча-мынча бирдемелерин билип алайын дегени болсо керек. Сага жардамчы кылганга башка ылайыктуу адам да жок болуп жатыры, — деди.
Токтосундун мага жардамчы тракторчу болгонуна көп деле каршылык көрсөтпөй, макул болдум. Чынында тракторду башкарыш үчүн анын «иче-кардын» аңтарып билүүнүн деле кажаты жок. От алдырганды, ылдамдыктарды алмаштырып, газды берип башкарганды билсе болду. Башка тетиктери менен механизмдеринин иштөө принциптерин улам акырындап үйрөнө берет.
Токтосундун жардамчы болушуна макул болгонумдун эң башкы себеби — ал мага математикадан жардам берет деген ишеним бар эле. Булардын бүт тукумун математиктер деп коюшат. Токтосун бизден эки класс жогору окучу эле да, мектептеги отличниктердин эң башында турчу. Ал эмнегедир айылда эки жыл иштебестен туруп эле айыл чарба институтунун механикалык факультетине илиндирбей өтүп кетти. А мен болсо баягы бир жолу Сарыгул экөөбүз макулдашкандай эки жыл иштеп алып, дал ошо Токтосун окуп жаткан инженерлик окууга барайын деп жүрбөймбү.
Токтосун өзү эти жукараак, орто бойлуу, кырдач мурун ак боз жигит. Зээндүү жигит тракторду от алдырып, айдаганды тез эле өздөштүрүп алды. Мен институтта окуп жатам дегенчелик мурдун көтөрбөй, трактордун аны-мунусун тартынбай менден сурай берчү. Мен бул кезде трактордун тетиктерин, механизмдерин, алардын иштөө принциптерин «жатка» билген, дасыккан тракторчу болуп калгам. Эринбей Токтосундун сурагандарын толуктап түшүндүрүп берип жүрдүм. Ал эми трактор айдабаган бош күндөрү алардыкында болуп, биргелешип математиканын эсептерин чыгарчубуз. Токтосундун чын эле күчтүү математик экенине дал ошондо толук көзүм жетти. Геометриясыбы, тригонометриясыбы, алгебрасыбы — бардыгынан берилген эсептер менен маселелердин тимеле тишин чакчу. «Ушу Токтосун инженери жок эле, математика жагына окуса болмок экен» деп өзүмчө бүдөмүк ойго түшчүмүн.
Ал кезде менин билишимче Токтосун ата-энеси, үч карындашы болуп бирге жашашчу. Карындаштарынын улуусу Аманбүбү онду биз менен бүттү да, мурдатан макулдашылып жүргөнбү, Көпүрө-Базарлык бир жигитке баш кошуп кетти. Экинчи карындашы Эсенбүбү ошол күздө тогузунчуда, үчүнчү карындашы Жеңишбүбү жетинчи класста окушмак. Экөө тең ак жуумалынан келген, көздөрү бадырайган, бойлорун койкойтуп түз алып басышкан, бейчеки сүйлөшпөгөн, татынакай адептүү кыздар эле.
Улам убакыт өткөн сайын Эсенбүбүгө көңүлүм алаксый калып баратканын сезе баштадым. Байкатпай кыздын кыймыл-аракетине, өң-түсүнө, сүйлөгөнүнө, ата-энесине, агасы менен сиңдисине карата болгон мамилесине сын көз менен карай турган болдум. Бул үйдө бири-бирине үнүн көтөрүп сүйлөө дегендин жат экенине биротоло көзүм жетти. Бирок Эсенбүбүнүн ашкере токтоо, суз жүрүшү анын жараты-лышынанбы же ичинде көңүлүн чөгөртүп жүргөн бирдемеси барбы? Мына ушул мага түшүнүксүз эле. Бир жолу үйдө олтуруп, Эсенбүбүгө арнап, төмөнкү ырды жаздым. Ошол кезде эле секетбай ырларынан жазып жүрчүмүн.
Ыймандуу жана тазасың,
Ыргала тартып басасың.
Капкара булут каптаган,
Кабакты качан ачасың?
Токтоо экен мүнөзүң,
Тоготпой мени жүрөсүң.
Жылый түшсүн жүрөгүм,
Жылмайып качан күлөсүң?
Катарлаша бассам дейм,
Кайгың болсо тапсам дейм.
Капа-муңдан арылтып,
Кабагыңды ачсам дейм.
От болуп жайнап көздөрүм,
Өзүңдү келет көргүсү.
Албырат жүрөк, албырат —
Ал эмненин белгиси?..
Бул ырды бир барак кагазга татынакай кылып көчүрүп, Эсенбүбүгө бермекке көйнөгүмдүн төш чөнтөгүнө салып койдум.
Бир жолу математикадан консультация алмакка Токтосундукуна дагы барып калдым. Мен каалганы какканда эшик ачылып, Эсенбүбү көрүндү. Ал эмнегедир өзүн ыңгайсыз сезе:
– А-а, силер белеңер? Келгиле, келгиле,-деди бир баш-кача ызаат менен өзүнүн токтоолугуна ылайык келбеген кыязда.
– Токтосун байкеңе келдим. Ал үйдөбү?
– Жок эле. Районго кеткен.
– Математикадан жардам алайын дегем,-дедим артка кетмекке кам уруп.
– Жок, киргиле үйгө. Нан ооз тийип чыккыла,-деди Эсенбүбү шашып. — Атам менен апам да мейманчылап бир жакта жүрүшөт.
Мен бир аз кыйыла түшүп, үйгө кирүүгө аргасыз болдум. Нан ооз тийип, тышка жөнөдүм. Артымдан Эсенбүбү кошо ээрчий чыкты.
– Мени мындайыраак иттен чыгарып койосуңбу? — дедим оюн-чындан. Эсенбүбү үн катпастан мени жандай басты.
– Жалгыз түп чоң алмаңардын түбүндөгү отургучка бир аз олтуралыбы? — дедим да, кыздын макулдугун албастан, алардын тамынын арт жагындагы дүпүйгөн жалгыз түп алманы көздөй кадам таштадым. Төрт-беш киши отурса бата турган узун отургучка келип катарлаша отурдук.
– Бул алма деги качан тигилген? — дедим ортодо сөз жүргүзүш үчүн чын эле таң калган болуп.
– Атам айтып жүрөт ко, илгерки орустардан калган деп, — деди Эсенбүбү менин суроомо токтоолук менен жооп берип.
– Анда илгери бу биздин аймакта мөмө-жемиш бак-дарактары болгон турбайбы? — дедим эми чыны менен эле таң калып.
Эсенбүбү мунума эчтеме дебеди. Биз унчугушпай кал дык. Мени узатып чык дегенимдин эң башкы максаты ага жазылган ырды берип, андан ары өз жолума түшүү болучу. Бирок ортобузда эч сөз болбосо деле өз көңүлүмө жагып жүргөн кыздын жанында аз да болсо отургум келди. Бирдеме дейин дейм, башымда эчтеме жок. Жүзүмдү жарым-жартылай буруп, кызга көз жибердим. Ал да мени карап, көздөрүбүз чагылышты. Бирок менин алдымда күнөөсү бардай, Эсенбүбү көздөрүнүн учкунун тез эле ылдый түшүрүп, бири-бирине кайчылаштырып, мыжыгылаган колдорун карады. Менден төрт-беш жашка кичүү, мектептин сегизинчи классын бүтүргөн окуучу кызы ыйбаа кылып, уялып жатса керек дедим мен өз ичимден. Эми мен отура бербей, төш чөнтөгүмдөгү төрт бүктөм баракты алып чыгып:
– Эсенбүбү, мен сага арнап ыр жаздым,-дедим кай-раттанып.
Экөөбүздүн көздөрүбүз кайрадан чагылышты.
– Ыр? Эмне болгон ыр?-деди Эсенбүбү кадыресе таң калып.
– Төрт куплет ыр. Сен жөнүндө. Сенин токтоо мүнөзүң, ыймандуулугуң, тазалыгың, анан деги бир жылмайбай, кабагыңдын бүркөө жүрүшүн жаздым, — дедим бир аз жылмая берип.
– Ырды окуса болобу?
– И-и, ыр деген окуш үчүн жазылат да.
– Анда окубайсызбы?
– Бул ыр болгону менен, өзүңө жазылган кат десе да болот. Кат деген кимге жазылса ошол гана окуйт,-дедим да, төрт бүктөм кагазды кызга сундум. Эсенбүбү алсамбы же албасамбы деген кыязда бирде мени, бирде кагазды кармаган колумду карады. Кандайдыр бир жоопкерчиликтен корккондой, кыз кагазды албай, менин колум бир саамга сунулган абалында калды.
– Кат? Кат болгондо? Эмне болгон кат? Кат деген алыста жүргөндөргө жазылат да? А биз болсо жанаша отурабыз. Катта жазылганды сөз менен айтса деле болбойбу?
– Болбойт, — дедим да, Эсенбүбүнүн оң колун бери тартып, кагазды алаканына коюп, бармактары менен бастыр-дым.— Катка жооп берсе да болот, бербесе да болот. Ал өз эркиң. Бул кагазды мен кеткенден кийин оку. Көрүшкөнчө кош бол. Токтосун байкеңден математикадан жардам алганы дагы келип турам го. Күздүк айдоодо байкең экөөбүз трактордо дагы бирге иштегени жатпайбызбы.
Мен Эсенбүбүнүн ийнине колумду коомай коюп, коштошкон болуп, ордумдан көтөрүлдүм да, чарбактын башын көздөй кадам таштадым. Чарбактын башындагы эш-икчеге жеткенде артымды карадым. Мен кетип жатканда ордунан турган Эсенбүбү кайрадан отургучка көчүк басып, бир барак кагазды окуп жатканын көзүм чалды.
Ошентип кыйыр болсо да ыр менен Эсенбүбүгө карата болгон жигиттик сезимимди билгиздим. Ал эми ырдын, өзгөчө акыркы куплеттин маанисин ал кандай түшүнүп, кандай кабылдаар экен? Бирок улам убакыт өткөн сайын
«От болуп жанып көздөрүм,
Өзүңдү келет көргүсү.
Албырат жүрөк, албырат,
Ал эмненин белгиси? -
деп жазган саптарга эми өзүм жооп издей турган болдум. Ыр жазган жөндөмүм менен эле олтуруп шилтеп койдумбу же чын эле Эсенбүбүнү көргүм келип, жүрөгүм алып-учуп турабы?
* * *
Ал аңгыча күздүк айдоого кирип кеттик. Биздин колхозду тейлеген эки каз таман трактордун беркисинин мотору бузулуп, жер айдоо түйшүгү Токтосун экөөбүздүн тракторго жүктөлдү. Бирок күн-түн тынбай иштеп, айдалчу жерди айдап бүтүрдүк. Ноябрдин аягында тракторлор менен айыл чарбасынын башка шаймандарын кышкы капиталдык ремонтко деп МТСке жеткиздик. Ошо менен жаз чыкканы ремонтто жүрдүм. Токтосун ремонтко катышкан жок. Жаз чыгаар алдында ремонттон чыккан соко-шаймандарды сүйрөтүп, тракторлорду айдап келдик да, ар кимибиз өз үйлөрүбүздүн жанына токтотуп койдук.
Ошол жылкы март айында жергиликтүү советтерге шайлоолор болуп, мени айылдык советке депутат кылып шайлашты. Депутаттын милдетин толук билбесем да, эл-журт алдында менин жоопкерчилигимдин жогорулаганын жон терим менен сезип, уят болбоюн деп, жазгы кош айдоодо эки эселеп өжөрлөнө иштедим. Жашынан кара жумушка катпаган жука жигит Токтосун кирпигинен тартса жыгыла тургандай, эптеп эле чыдап жүрдү. Жазгы кош айдоо бүтөрү менен иштен чыгып алды. Бирок өзү Фрунзеге кеткенче каалаган учурумда алардыкына келип, математикадан жардам алып турсам болорун эскертти.
Ыр менен жазылган катты берген өткөн күздөн бери Токтосунга барып, карындашы Эсенбүбүнү бир топ эле жолу көрүп жүрдүм. Бирок ээндетип, жекече сүйлөшүүгө мүмкүндүк болбоду.
Бир жолу, июль айы жаңы эле башталып, трактор, соко шаймандардын сезондук ремонтун бүтүп, бош боло калганда, Токтосунга жолугайын деп барып калдым. Үйүндө экен. Менден улуу болсо да, теңтуш жолдошундай кабыл алды.
– А-а, кел, Кадыр, кел. Жазгы кош айдоо бүткөнү көрүн-бөй кеттиң го?-деди Токтосун үнүн шайдоот чыгарып.
– Жайкы сезондук ремонт. Анан үй тирлиги болуп эле чыгалбай,-дедим жармы төгүн, жармы чын.
Эсенбүбү дасторкон жайып, чай куюп берип отурду.
– Кадыр, ойлоп отурсам, математика жагына эле окусаң болмок экен деген оюң туура көрүнөт. Быйыл барып, университеттин математика факультетине тапшырайын деп жатам,-деди Токтосун мени кадыресе таң калтырып.-Аздыр- көптүр сени менен трактордо иштеп калбадымбы. Темир-тезек менен иштөө менин табитиме туура келбейт көрүнөт. Кадыр, андан көрө өзүң быйыл окууга барасыңбы? Мектепти бүткөнүңдөн бери эки жыл болуп калды.
– Колхоздун башкармасы: «Депутат деги болдуң. Ошону актап, дагы бир жыл иштеп бер» деп суранып жатыр. Өзүм да билбейм эмне кыларымды?
– Окугандын эрте-кечи жок. Мына, менин үч жылым талаага кетти. Жаңы окууну баштаганы турам. Башкарма суранса иштеп бер. Армияга деги албайт экен. Анан кирүү экзамендерине да жакшы даярданасың. Мен сага Антонов баш болгон авторлордон турган элементардык математиканын эсеп-маселелеринин чыгарылыштары талданган китепти берип кетем. Ошону менен даярданууңду уланткын. Анан эмки жылы сөзсүз окууга баргын. Сага окшогон балдарыбыз окубаганда ким окуйт?
Аңгыча эшик ачылып, кичүү карындашы башын салып:
– Байке, сизди эшикте Мырзабек байкем чакырып жатыры,-деди.
Токтосун элпек туруп, тышка чыгып кетти. Бөлмөдө Эсенбүбү экөөбүз калдык. Ушундан пайдаланып:
– Эсенбүбү, бир убакыт таап, экөөбүз сүйлөшсөк болот эле,-дедим. Ал бир аз ойлоно түштү да:
– Көпүрө-Базардагы Аманбүбү эжемдин кайнатасы каза болуптур. Атам, апам, Токтосун байкем болушуп, бүгүн кечке маал жөнөшөт. Кечинде, күүгүм кирген кезде келе аласыңарбы? -деди.
– Келгенде каерге?
– Жалгыз түп чоң алманын түбүнө.
Аңгыча Токтосун кайра кирип:
– Жогорку Көпүрө-Базардагы кудабыз кайтыш бо-луптур. Мырзабек байкем да кошулуп барам дейт. Ошону сүйлөштүк. Бүгүн кечке маал коногуна бара турган болдук,-деп Токтосун Эсенбүбүнүн сөзүн бекемдеди.
Токтосундукунан чыгып, үйгө барып, кечти күтө баштадым. Мындайда убакыт оңой менен өтпөйт эмеспи. Апама Каймазардыкына барып келем деп калп айтып, күүгүм кирип, каш карайганда үйдөн чыктым. Эсенбүбүлөрдүн чарбагынын башындагы мага тааныш эшиктен кирип, элеңдей басып, карт алманын түбүнө жетип, алманы сүйөнө туруп калдым. Улам убакыт өтүп, айлананы коюу караңгылык каптады. Ал кезде электр жарыгы деген көчөдө эмес, үйдө жок. Мен уурулукка келген абалда, караңгыда бирөөлөр аңдып тургансып, айланама кулак түрүп, караңгылыкка үйрөнө калган көз менен тыяк-быякка шектүү карайм. Бирок көзүмдүн тигилген жери тамдын бурчу. Эсенбүбү ошол бурчтан чыгышы керек. Ооба, күткөн үмүт акталды. Кыз карааны бурчка келип токтоп, айланага кулак түргөнсүдү. Мен акырын жөтөлгөн болдум. Караан мени көздөй жылды. Эсенбүбү аяр басып алдыма келди. Биз унчугушпай, бет маңдай туруп калдык. Караңгы болсо да кыз ыйбаа кылып, башын жерге салып турду. Көкүрөгүнө алган колдоруна колумду коюп кармаладым.
– Эсенбүбү, бул чын эле сенсиңби?-дедим шыбырап. Уялып жатканыбы, ал унчукпайт. Ал аңгыча Арпа-Тектирдин кырынан ай көрүнүп, бир аздан кийин тептегерек болуп, асман бетине сүзүп чыкты да, анын күмүш нуру кыздын ак жуумал жүзүнүн сол жак бетине урунду. Эсенбүбүнү мен эми аныктап тааныдым. Бирок экөөбүз тең үн катпайбыз.
– Эсенбүбү, былтыркы катыма жооп болбоду го? — дедим бир оокумдан кийин барып тилге келип. Кыз үн катып жооп бергендин ордуна жообум ушул дегенсип, башын көкүрөгүмө жөлөдү. Айбыккан сезимден арылып, башынан сылап, жалгыз өрүм чачын кармаладым. Башынан искедим. Кыз жыты. Мурда башка бирөө эмес, мен гана искеген Эсенбүбүнүн жыты. Мен кыздын башын көкүрөгүмдөн бөлүп, эки жаагына алакандарымды коюп, жүзүн жүзүмө түздөп, алды менен ууртунан коомай өөп, анан эрдинен, көздөрүнөн, деги койчу, бети-башы, моюнунун чоло жерин калтырбай өпкүлөп кирдим. Кыздын кенедей каршылыгын сезген жокмун. Белинен алып, кучагыма бек кыстым. Эсенбүбүнүн ээрчий келип, жаныбызда чочоюп отурган күчүк бирдемени сездиби, борс эте үрүп койду. Биз селт эте түштүк да, бири-бирибизден бошондук. Кызды колтуктай сүйөп, экөөбүз орундукка жанаша отурдук.
Ачык асман. Ай улам оболоп, билинбей сапарын улайт. Жарганат бет алдыбыздан шуу этип учуп өтөт. Талас кырка тоолору тараптан түнкү мээлүүн жел келет. Карт алманын жалбырактары шыбырашат. Керемет түн. Өзүм сүйгөн кызымды кучагыма кысып өпкүлөгөн, эстен кетпес өмүрүмдөгү биринчи түн. Эсенбүбүнүн ийнине колумду артылта коюп, өзүмө ыктаттырып, бакыттын кучагында балкып отурам.
– Бүгүн байкем менен сүйлөшкөндөй, окууга быйыл эмес, эндиги жылы барат экенсиңер да?-деди бир оокумда Эсенбүбү бүгүнкү кечте биринчи жолу үн катып.
– Ооба. Бүгүн айтпадымбы, башкарма суранып жатыр деп. Мектебибиздин мурдакы деректири, азыркы башкармабыз Турусбек агайыбыздын сөзүн эки кылганым болбос дедим,-деп бир саамга унчукпай отурдум.– Эсенбүбү, баса, онду сен да эмки жылы бүтөсүң. Жогорку окуу жайларына бара турган оюң барбы?
– Барайын деген оюм бар дечи. Бирок барар-барба- сымды азырынча айта албайм,-деди Эсенбүбү негедир арсарланып.
– Угуп жүрөм, окууң жакшы. Эмнеге барбайт экенсиң? Барасың. Экөөбүз бирге барабыз, — дедим эмнегедир кожоюн боло.
– Али алдыда убакыт бар. Аны ойлонобуз. Андан көрө байкем айткандай өзүңөр жакшы даярдангыла. Силерди трактирде жакшы иштеди деп эл ичинде айтылып жүрөт. Токтосун байкем да мактап оозунан түшүрбөйт: Трактирди мыкты билет, кыйынчылыкты да көтөрөт деп.
– Эсенбүбү, ошондой сүйлөштүкпү? Эмки жылы Фрунзеге бирге барабыз. Бара турган окууңду аныкта. Кирүү экзамендерине эмитен даярдан. Бирге окуп бүтөбүз. Калганын көрө жатабыз, — дедим келечегибизди алдын-ала аныктап.
Эсенбүбү буга унчуккан жок. Анын мунусун макул-дуктун белгиси деп билдим.
– Мен барайын. Жеңишбүбү үйдө жалгыз эле,-деди Эсенбүбү. Колтугунан сүйөй тургузуп, Эсенбүбүнү кучагыма бек кысып, бети-эрининен, мойнунан аймаладым. Анан колтуктай тамдын бурчун көздөй бастык. Бурчка барып токтоп, эрининен дагы бир жолу өөп кызды бошоттум. Ал бурчту айлана берип, көрүнбөй калды.
Адатымча чарбактын башындагы эшикчеден чыгып, өз жолума түштүм. Кубанычым көкүрөгүмдү тээп, жерге батпай, өзүмчө бир башка дүйнөдө бараткандай сездим. Ушул кубанычымды башка бирөө менен бөлүшкүм келди. Көп ойлонуп турбай, Эсенбүбүлөрдүн көчөсүндө апасы экөө жашаган Каймазар досумдукун көздөй салдым. Үйүндө экен. Апасы менен учурашып, Каймазар экөөбүз тышка чыктык.
– И-и, Кадыр, тынччылыкпы? Бу жети түндө кайдан жүрөсүң? — деди Каймазар эмнегедир түкшүмөлдөнө.
– Тынчылык эле. Мен азыр Эсенбүбү менен жолугуп келатам, — дедим сөздүн ток этер жеринен баштап. Андан ары болгон ишти төкпөй-чачпай толугу менен айтып өттүм.
– Ой. Кадыр, чын элеби? Эсенбүбү өзү менен окуган бала менен сүйлөшүп жүрөт дешчү эмес беле? Эсенбек деген. Тиги ботура бригадирибиз Шишбаштын Медетинин туугандары го. Ал сөз анда калп турбайбы? — деди Каймазар кадыресе кубанып.
Эсенбекти мен да билем. Оң колунун сөөмөйү жок, комузду ортону менен чала-бучук чертсе да, мектептин хордрам кружогуна катышкан болуп жүрчү. Мен аны бир иштин өтөсүнө чыкпаган жалакайыраак, кочкор мурун, көк-жашыл көздөрү дамамат күлүңдөп, шайдоот жүргөн, жука жигит катары билчү элем. Каймазар айткан божомолду менин да уккан жайым бар. Мектепте окуган бир сулуу болсо, балдардын бардыгы ошого ашык болушат. Анын эмнеси бар экен деп, Эсенбек менен Эсенбүбүнүн ортосундагы мамиле мени анчейин деле кызыктырган жок.
Мен Каймазар менен кош айтышып, үйдү көздөй жөнөдүм.
* * *
Эсенбүбү менен жолугушкандан кийинки жуманы үй тирлиги, Таш-Төбөдөн чөп чабуу менен өткөздүм. Чабылган чөп кургаса чөмөлөлөп жыйнамай эле калды.
Чөп чаап болуп, үйгө кайткан күнү, кечке маал Кай-мазар келип, сылап-сыйпап отурбастан:
– Ай, Кадыр, Эсенбүбүңдү бирөө зордоп ала качып алыптыр, — десе болобу. Мен адегенде тамашалап, жөн эле коркутуп жаткан экен деп ойлодум.
– Ой, койсоңчу тамашаңды.
– Ит болоюн. Тамашасы жок эле. Чатбазарга эжеси-никине барган экен, коңшуларынын биринин баласы үйүнө кийирип алыптыр. Апам кирип, Эсенбүбүнүн өзүнүн апасынын оозунан угуптур,-деди Каймазар өз сөзүн бекемдеп. Чын эле Каймазар жолдошумдун мага минтип катуу тамаша айтпашын билип, мен эми чындап коркуп кеттим.
– Ал али мектепти бүтө элек да. Турмуш курууга жашы жетпейт, — деп айлам кеткендеги сөздү айткан болдум.
– Кап ата, оор басырык жакшы кыз эле. Иши кылып ошо. Жанагы эжесинин да кошумчасы болсо керек. Болбосо азыр кызды зордоп ала кача турган заманбы? Закон боюнча кызды, болгондо да жашы жетпеген кызды зордуктап ала качып алгандар соттолуп кетишет,-деди Каймазар мени соороткон өңдөнүп.
Эсенбүбүнүн күйөөгө качып кеткенине бир ишенип, бир ишенбей, бирок чындыктын таразасынын ташы жагы ооп турганына көзүм жетип, ичим өрт менен жалын болуп куйкаланды. Мендеги жашоо кумары бир заматта быт-чыт болду. Башым туманданып, ирети жок ойлор айланкөчөк- төдү.
Каймазар үйүнө кетти. Мен чарбактын башындагы суу аккан арыктын боюна барып, Эсенбүбүнүн бул кылганына такыр түшүнбөй, каңырыгым түтөп, эки тиземди кучактай, үмүтсүз үңкүйүп, каш карайганча отурдум. Жашоого жаңы эле кадам таштаганда, акыйкатсыздыктын капканына экинчи жолу чабылдым. (Биринчиси-Сарыгулдун убадага турбай, жеңил тракторго өтүп алышы дебедим беле).
Каймазар жаман кабар айтып келгенден эки күндөн кийин таң эртең менен чөп чөмөлөйм деп, айрымды ийниме салып, бир көмөч нанымды ороп колтугума кысып, Таш-Төбө жакка жөө жөнөдүм. Чөптүн үстүңкү катмары кургап, асты али ным экен. Нанымды чырканактын түбүнө коюп, өзүм колумду кайчылаштырып желкеме жаздап, чөп үстүнө чалкамдан суналып жата кеттим. Көз алдыма, ободо туңгуюксуз ачык асман. Арпа-Тектир жактан келген жумшак жел жапайы талдардын башын ыргалтат. Өзөн жактан Үч-Кошой суусунун көңүл сылаган бир калыптагы шары келет. Эртең мененки мал жайытка чыккандагы айылдагы чуу жок, айланам бейкут-чулукта мемирейт. Бирок дал ушул Ала-Тоонун ажайып таңкы көрүнүшү да менин кусалыкка чыланган көңүлүмдү соорото алган жок. Чалкамдан жаткан бойдон көздөрүм улам балбылдап жашка толуп, мөлт эте жаагым аркылуу куюлуп, жазданган колдорума таамп жатты. Көздөрүмдү жуумп, эс-мас абалымда канча жатканымды билбейм:
– Ай, Кадыр, тур,-деген үндөн жаш ага берип батталган көзүмдү ачсам, мени күлө карап Каймазар досум турат.– Тур, Эсенбүбүң түндө үйүнө качып келиптир.
Каймазардын бул айтканы акылыма кирбей, ошо бойдон ага дендароо көздөрүмдү жибердим.
– Эмнеге жаман карайсың? Ишенбей турасыңбы? Апам таң эрте уйду саап, бадага кошкону айдап баратып угуптур. Эсенбүбүнүн энелеш агасы бар эмеспи, Мырзабек деген. Ошонун аялынын өз оозунан угуптур. Анан мен сразу сени көздөй жөнөдүм. Апаң чөпкө кеткен дегенинен артыңдан атайы келдим.
– Чын эле качып келиптирби? -деп тезинен башымды көтөрө салдым.
– Ит болоюн. Апам айтты. Апам эмне, калп айтмак беле?
– А эмнеге качып келет? Бир күйөөгө тийип алып?
– Ой, Кадыр, мен аны кайдан билейин. Кыздын өз оозунан укпаса, кайра качып келгенинин себебин башка ким билмек эле?
– Эмне, жолугайынбы? -дедим акылыма келе баштап.
– Ооба. Жолугуш керек да. Балким сен деп качып келгендир,-деди Каймазар менин көңүлүмдү бүлүнтүп.
– Үч-төрт күн түнөп, качып келгени эмнеси?-дедим шектенгенимди кыйытып.
– Балким тазадыр, — деди Каймазар менин оюмду түшү-нүп.
– Балким таза эместир,-дедим шегим таркабай.
– Андай болсо эмнеге качып келет эле?
Эсенбүбүнүн качкан жеринен качып келүү себебин канчалык сүрүштүргөнүбүз менен Каймазар экөөбүз бир жыйынтыкка келе албадык.
– Каймазар, эгер сенин сүйгөн кызың болуп, ушинтип бирөө ала качып алса, анан үч-төрт күндөн кийин ал үйүнө качып келсе, сен эмне кылат элең?
– Барат элем да, сүйлөшмөкмүн, -деп Каймазар шыр жооп берди.
– Макул бардың. Ошондо эмнени сүйлөшмөкчүсүң? Кыздан эмнени сурамаксың? -деп такый баштадым.
– Баарын сурамакмын. Кантип ала качып алды? Үч-төрт күн кайда түнөдүң? Эмне себептен качып чыктың?
– Тазабы, таза эмеспи, ошону да сурамаксыңбы? – Бул суроомо Каймазар жооп айта албай, такала түштү.
– Антип сураш уят ко.
Мен эң башкы суроомду таштадым:
– Каймазар, эгерде ошол сенин сүйгөн кызың барган жеринде зордукталып, бирок ага карабастан сен деп качып келгенин айтса эмне демексиң?
— Ой, Кадыр, билбейм. Бул суроо дал мына өзүңө тийешелүү. Эсенбүбү ушинтип айтса эмне дээр элең?
Ушул жерге келгенде Каймазар экөөбүз тең шыр жооп таба албай, кыйшактадык. Чын эле Эсенбүбүгө жолуксам, ал: «Ушундай болуп калды. Зордоп абийириме кол салышты. Бирок сенсиз жашай албасымды билдим да, баса бердим»-деп көз жашын көл кылса, мен эмне демекмин? Эгерде чын эле зордуктап ала качып алып, күч менен кыз белгисинен ажыратса, анда кыздын күнөөсү жок. Баш кошуп алып жашай берсем болот. Бирок эл деген бар да. Эл ичинде оозуна алы жетпегендер толуп жатыр. Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болом да. Ошентип бул баш катырманын чечилишине Каймазар экөөбүздүн башыбыз жетпеди. Жагдайга карап көрөлүк дедик. Бир ыктуу учурду таап, Эсенбүбүгө жолукмак болдум. Эмнеси болсо да бир жагына чыгуу керек да. Көңүлүмдүн тереңинде: «Эгерде Эсенбүбү чын эле мен деп качып келсе, менин аны таштап койгонум болбойт» деген бекем ой турду. Онду бүтсө окууга кирип, экөөбүз тең көздөн далдаа Фрунзеге кетип калабыз. Бирок Эсенбүбүнүн мектепке барышы да күмөндөр. Советтик мектепте «бузулган» кыздардын окууга акысы барбы? Жок! Бирок канткен менен да Эсенбүбүгө болгон мендеги ысык сү-йүүнүн жалыны өчөр түрү жок. Макул десе баш кошуп алуудан кайра тартпай турган ой да көңүлүмдү уялап алды. Бирок окууга баруу ою баарынан басымдуулук кылып турду. Эмки жылы сөзсүз окууга барышым керек!
Каймазардын кеңеши менен Эсенбүбүнү сууга бараткан жолдо жолуктурмак болдук. Ооба, ал кезде түтүктөр жүргүзүлбөй, айыл ичинде суу жок, сууну эки чаканы эки башына илип, илгичти эки ийинге алмак-салмак салып, чоң суудан барып апкелишчү. Эсенбүбүлөрдүн көчөсү суудан бир жарым чакырымчалык алыс эле. Каймазардын айтымында көчөдөгүлөр сууга бешим ченде жөнөшөт экен. Каймазар өзү суу апкелип жүргөндүктөн сууга барган жеринен Эсенбүбүнүн те мурдатан эле көрүп жүрүптүр.
Каймазар эки чакасы менен илгичин ийнине асып, экөөбүз сууга барчу эл жүргөн жол менен болжолдуу маалда жөнөп калдык. Өзөнгө түшчү кашаттын башына барып, мен ала жүргөн эски волейбол тобун бири-бирибизге беришип, ойногон болдук. Көчө тараптан балдар, кыздар, келиндер болушуп суу тарапка өтүп жатышты.
– Тигине, келатат,-деди бир маалда Каймазар.-Мен сууга кете берейин. Сен өзүң жолугуп сүйлөш.
Каймазар кетти. Башын салып ойлонуңку басып Эсенбүбү келатты. Ал жакындаганда мени таанып, эмнегедир чоочугансып, кадамдарын жайлата түштү. Бирок токтобой, мени көздөй басыгын улантты. Жаныма келгенде шыр өтүп кетпей, башын салып токтой калды.
– Саламатпы, Эсенбүбү? — Ал жооп берген жок. Кү-нөөлүүдөй башын жерден албайт. Мен майдалатып отурбай, эң башкы суроомду бердим:
– Эсенбүбү, быйылкы күздө мектепке бара баштай-сыңбы?
Буга да жооп болбоду.
– Сен онду бүткөндөн кийин Фрунзеге бирге окууга барабыз деген бири-бирибизге берген убадаларыбыз бар эмеспи. Мен мына, дал бүгүнкү күнгө чейин ошол убада менен жашап келатам. Ошол убадага турабызбы?
Бутунун башы менен жер чиймелеп, буга да жооп жок.
– Айтчы, Эсенбүбү, мындан аркы турмушубуз эмне болот? Бир күйөө эмес, он күйөөдөн чыксаң да сенден күдөрүм үзүлбөйт. Ошону түшүнөсүңбү? -дедим кадыресе үнүмдү кызаңдата чыгарып.
Ушул ойду чын эле айтып жатасыңарбы дегенчелик, кыз көзүнүн үстү менен бир сырдуу мени суроолуу карады. Бирок баары бир үн катып бирдеме дебеди. Аңгыча көчө жактан сууга келаткан үч-төрт кыздын карааны көрүнүп, шаңкылдашып күлгөндөрү угулду.
– Минтип турганыбыз элге уят,-деди да, Эсенбүбү менден бөлүнүп, өзөндү көздөй жөнөй берди.
– Эсенбүбү, мындан ары жолугуша алабызбы?-дедим кыздын артынан ээрчий басып. Буга да жооп болбой, артын да карабай, Эсенбүбү кадамдарын тездетти.
– И-и, эмне болду? Сүйлөштүңөрбү? -деди Каймазар кайткан жолдо. Мен берген суроолорумду, Эсенбүбү үн катып жооп бербегенин толугу менен айтып өттүм.
– Кадыр, сен чыныңды айтчы. Эсенбүбүнүн бир кү-йөөдөн чыгып келиши сенин ага болгон сүйүүңдү өзгөртөбү? Эгер макул десе ага үйлөнөт белең?-деген суроону досум кабыргасынан койду.
– Каймазар, түз сурооңо түз жооп берейин. «Бир күйөө эмес, он күйөөдөн чыгып келсең да сенден күдөрүм үзүлбөйт» деп Эсенбүбүнүн өзүнө айттым. Бирок бүгүн эле үйлөнүп ала койоюн деген оюм жок. Эсенбүбү онду бүтсө, Фрунзеге бирге кетсек деген оюмдан кайтпайм.
– Анда эмесе күтүп туралы. Иштин жагдайын карап көрөлү,-деди Каймазар жай сөзгө келип.
* * *
Иш теңирдин тескерисинен айланды. Эсенбүбүнү окууга жеткизбей, көздөн далдаа, талас өрөөнүнүн Казахстан менен чектешкен, биздин айылдан эки жүз чакырымчалык алыс-тыкта жаткан айылдардын бириндеги аялы өлгөн бирөөгө кармата беришиптир. Бул кабарды да Каймазар досум айтып келди.
Ичимден солуктап мен калдым. Армансыз дүйнө жок дегендей, өмүрүмдөгү биринчи сүйүүм менен биротоло коштоштум. Ал эми убакыт деген көз ирмемге токтобой өтө берди. Июль айынын жагымдуу жумшак түнү, дүпүйгөн жалгыз түп карт алма, Арпа-Тектирдин кырынан адегенде кылайып көрүнүп, анан андан үзүлүп асман мейкинине сүзүп чыгып, өзүнүн көнүмүш сапарын улаган толукшуган Ай, сол жаагына Айдын аппак нуру чагылган Эсенбүбүнүн ала көлөкө жүзү, кумарым канбай аны өпкүлөгөнүм эсимден чыкпай, өмүр бою сакталып калды. Анан дагы: «Эмне үчүн Эсенбүбү биринчи барган жеринен качып келди эле? Ошентишинин анык себеби эмнеде?» деген суроо да уйгактай жабышып, артымдан калбай ээрчип келет.
Өпкөндөн башка күнөөм жок, ошол сүйгөн кызым менен жолугушкан айыл жеринин керемет түнү жөнүндө кийин «Ай нурунан кызганып» деген төмөнкү ырды жазып, ага обон чыгарып, комуз, домбуранын коштоосунда ырдап жүрөм.
Айланам бүт караңгыга көмүлдү,
Ардемеден көңүл болот бөлүндү.
Ары жактан, тамдын бир жак бурчунан,
Аңсап күткөн кыз карааны көрүндү.
Аяр басып кыз да келди жаныма,
Апкаарыймын көрбөсө да өңүмдү.
Аңгыча эле Арпа-Тектир кырынан,
Алтын айдын аппак нуру төгүлдү.
Ай токтобойт сапар улап алгалап,
Ары-бери шуу деп учат жарганат.
Аппак сүттөй Ай нурунан кызганып,
Айсулууну өөп жаттым аймалап.
Айлуу түндө аруу сезим төккөмүн,
Алгачкы ирет кыз жүзүнөн өпкөмүн.
Ал экөөбүз таң атканча туруппуз,
Абайлабай убакыттын өткөнүн.
* * *
Ал эми: «Эсенбүбүнүн барган жеринен качып келге-нинин себеби эмнеде?» деген суроого өтө кеч, кырк беш жылдан кийин гана барып, алтымыштан өтө берген Эсенбүбүнүн өз оозунан жооп алдым.
Айылда үч жыл трактор айдап, 1960-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун механикалык факультетине барып кирип, аны беш жылдан кийин бүтүрүп чыгып, автомобиль транспорту боюнча инженер-механик деген адистик алып, ушул тармакта чейрек кылым эмгектендим. Көлдүк кызга үйлөндүм. Өнөрлөр жагынан Жараткандын мага көптөгөн энчиси бар экен, адистигим менен иштеген ишимди таштап, көп тармактуу чыгармачылык жагына биротоло ооп кеттим. Адегенде гонорар табыш үчүн кезиттерге макаларымды чыгарып, кийин аңгеме, повесть, ыр жазганга өттүм. Кара сөз, ыры болуп он чакты китеп чыгардым. Бала кезден чертип, бирок таштап койгон комузумду кайрадан колума алып, жаңы күүлөрдү чыгардым. Казактардын домбурасын да кармалап жүрүп, өзүмчө үйрөнүп алдым. Ага да күүлөр жараттым. Ырларыма обон чыгарып, комуз-домбуранын коштоосунда коңур үн менен ырдап жүрөм. Белгилүү көптөгөн инсандарга ырлар арнап, графика ыкмасы менен алардын сүрөттөрүн тартып чыктым. Майдалап жазылган тамаша-такмазаларым да бар. Музыкалык окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери менен адабий-музыкалык жолугу-шууларды өткөрүп жүрөм. Филармониянын кичи жана чоң залдарында көрүүчүлөргө адабий-музыкалык кечемди тартууладым. Кезеги келгенде телевидение аркылуу жалпы кыргыз элине акындык, музыкалык, сүрөтчүлүк өнөрлөрүмдү көрсөтүп келем. Бир тыйын албасам да, ушул кылган иштериме кадыресе каниет алып калам. Ал эми аялым болсо акча таппайсың деп кыңкыстайт.
* * *
Арадан аркырап жылдар өттү. Алтымыш бештин тамагын ичип жатам.
Июль айынын жагымдуу кечтеринин биринде райондук маданий үйүнүн концерт залында алтымыш беш жашка чыкканыма байланыштуу менин адабий-музыкалык кечем өттү. Эл залга толду. Микрофондон мындайыраак четте, катар коюлган сахнадагы орундуктарда ар кандай толгоолорго буралып, тизилип коюлган үч комузум, үч домбурам, бир мондалинамдын улам бирин алып, залдагы элге өзүмдүн музыкалык өнөрлөрүмдү тартууладым. Ырларымдан жатка окуп, тамашаларымдан айтып, эл көңүлүн ачтым. Шатырата колдор чабылды. Кеченин акырында гүлдөр, белектер тапшырышты. Эң акыры болуп, бир букет гүлүн көтөрүп, этеги узун көгүш көйнөгүнүн үстүнө өңүрлөрү саймаланып, жеңи жок кара бар-кут күрмө, башына ак шайы жоолук салынган, мага өңү тааныш өңдөнгөн аял сахнага чыгып келди да, гүлүн мага тапшырып:
– Тааныбай турасыңар го. Мен Эсенбүбүмүн да.-деди.
– Эсенбүбү? Биздин айылдык? Кара-Ойдон? Токто-сундун карындашы?
– Ооба. Дал өзү.
Эсенбүбү бурулуп, микрофондун алдына келди.
– Урматтуу туугандар! Атайылап мурдатан дайын-далган гүл берүүчүлөрдүн тизмесинде мен жок болсом керек. Кадыр Айтиевичтин адабий-маданий кечеси өтөрүн мурдатан билип, өзүмдүн айылдашым катары куттуктап жатканым. Эгерде силер уруксат берсеңер «Ай нурунан кызганып» деген ырын Кадыр Айтиевич дагы бир жолу кайталап ырдап койсо. Жаңылбасам ушул ырдын мага тиешеси бар. Ушундай эмеспи, Кадыр Айтиевич?
Мен күтүлбөгөн бул окуяга ыңгайсыздана күймөлө түштүм. Зал ичи жымжырт. Эсенбүбү берген суроого эл менден жооп күтүп жатат. Мен анын жанына жакындап, микрофондон:
– Ооба. Чын,-дедим эмнегедир күнөлүү өңдөнүп.
– Анда эмесе ырдаңыз!-деп залдан чыккан эркектин жоон коңур үнүн улап, зал ичи шатырата кол чаап жиберди.
Мен бул ырымды бүгүн комуздун коштоосунда ырдагам. Азыр болсо кыргыздын айтылуу музыкалык аспаптар устасы Сураган Айдыралиевдин мен үчүн атайылап оймолоп-чиймелеп кооздолуп жасалган домбурасын алып, Эсенбүбүнүн жанына келип турдум да, ыр алдындагы кайрыкты келтирип, анан ырды баштадым. Өзүмдүн сезишимче жанагыга караганда анча шашпай, бу саам ырды мукамын келтире ырдадым. Ырдап жатып, эргий калып, бирде Эсенбүбүгө жүз буруп, бирде залга карап ырдап жаттым. Ыр аяктады. Дүркүрөгөн кол чабуулардан зал жарылып кетпей араң тургансыды. Эсенбүбүнүн сахнага чыгып келиши, ырдын сөзүнүн маанисинен бул аял экөөбүз бир кезде таттуу сүйүшкөнүбүз зал ичине маалым болду.
– Горько! — деди капысынан залдан баягы күрүлдөк үн. Ага улап «Горьканы» бүт зал кайталады. Эсенбүбү экөөбүз «Эмне кылалы?» дегенчелик бири бирибизге кыйгач көз жибердик. Анан алтымыш бештеги көгала чач, көк мурут эркек менен карыган деп айтарлык эмес, алтымыштан жаңы эле өтө берген ак жуумал сулууча аял сүйүшүп жүрүп адашып, анан көп жылдардан кийин барып табышкандар өңдөнүп, сахнада өбүшүп турдук. Анан экөөбүз тең кадимки эле артисче баштарыбызды ийип, залга таазим көрсөттүк.
Алдыңкы катарда отургандардын арасынан он сегиз-жыйырмалардагы кыз колун көтөрүп, өйдө туруп:
– Менин суроом бар,-деп калды.
– Айта гой,-дедим мен эчтеме капарымда жок.
– Башында сүйүшсөңөр, анан эмнеге баш кошпой калдыңыздар?
– Кызым, аны айтып отурса сөз узак. Андан көрө бул туурасында мен бир аңгеме жазайын. Кийин окуп аларсыңар. Анын үстүнө мен билбегенди бу Эсенбүбү эжең билиши мүмкүн. Бүгүнкү жолукканыбыз жакшы болду. Экөөбүз сүйлөшүп, ошолорду тактап алайын. Андан кийин аңгемени жазганга киришейин. Эсенбүбү, ушуга макулсуңбу? Экөөбүз бир жай отуруп, жаш кезибизди эске түшүрөлү.
– Макул, макул. Билгенимди айтып берейин,— деди Эсенбүбү эмнегедир шашылгансып.
* * *
Кечеден кийин райондун акиминин социалдык жана маданий жактан орун басары, кырктардагы аял киши, маданий үйүнүн жетекчиси болуп иштеген отуздардагы жигит болуп, бир үйдө конок болдук. Акимдин орун басары: «Эже, сиз да жүрүңүз» деп ой-боюна койбой Эсенбүбүнүн кошо алып алды. Барган жерибиздин союлган козусунун эти бышып дапдаяр экен, бир саатча убакыт өткөндөн кийин бошондук. Эсенбүбүнүн жолдон үйүнө таштап коюп, андан ары облустун борборуна кетмек болуп, бизди коноктогон райондун чоңдору менен кош айтышып, жолго чыктык. Бул жакка келгенден бери машинамды айдатып алган жээн-күйөө балам Таабалды рулда. Эсенбүбү экөөбүз арткы орундукта жанаша келатабыз.
– Эсенбүбү, экөөбүз качан сүйлөшөбүз? -дедим үн катып.
– Мен да ошону ойлоп жатам. Эң ыктуусу биздин үйгө барып, чай ичип, жайма-жай сүйлөшүп отурганыбыз оң го дейм. Үйдө эч ким жок, жалгызмын.
– Мейли анда. Ошентели,-деп мен да макул болдум.
Эсенбүбүнүн көрсөтүүсү менен жүрүп отуруп, анын үйүнө жетип, бийик дарбазасын ачып, машинаны короого киргиздик. Өзүбүз да үйгө кирип, мейман тосуучу залындагы үстөлдүн тегерегинен орун алдык. Эсенбүбү газга чай коюп, үстөлдүн үстүнө нан-панын, май-сайын апкелип койо баштады. Жана эле жаш эт жеп, жаңы сорпо ичип, курсагыбыз кампайса да чайдан ууртап коюп отурдук.
– Тайке, Талас шаарына бүгүн кетебизби?-деп калды Таабалды. Мен эмнегедир буйдала түшүп, Эсенбүбүнү карадым.
– Түн жарымы болуп калды. Бүгүн түндөп кетүү менен эртең менен эртелеп кетүүнүн эч деле айрымасы жок. Бир уктап алып кетесиңер да,-деп бул маселени Эсенбүбү өз билгениндей чечип салды.
– Андай болсо мен жата турайынчы. Түндөп кетип калсак мени ойготуп койорсуңар. Уйкум аябай келип жатыр.
– Балдардын бөлмөсүнө төшөк салып берейин, — деп Эсенбүбү ордунан турду. Таабалды жатып, Эсенбүбү бир бөтөлкө арагы менен кошо кирди. Чайдан ууртап, арактан бир стопкадан алдык.
– Жалгыздыктан жабыркап, кезек-кезек мындан ууртап коймоюм бар, — деди Эсенбүбү бөтөлкөдөгү аракка көз кырын жиберип. — Арак деген азгырык дейт. Билбейм, бир күнү такыр эле башымды байлап алабы?
– Аны абайлаш керек. Эсиң бар жансың. Кыргызда «а» тамгасы менен башталган азгырык үч сөз бар: акча, арак, аял. Ошолордон сак болуш керек, — дедим бир сырдуу Эсенбүбүнү жылмая карап. — Эми, Эсенбүбү башка сөзгө өтөлү. Кана айтчы. Те илгери, сени кандайча зордоп келин кылып алышты? Үч-төрт күндөн кийин эмнеге качып келдиң? Мектепке барбай, дагы бирөө менен баш кошуп кеттиң?
Эсенбүбү куйган арактан дагы бирден алып, анан ал жай сөзгө өттү.
– Сөзүмдү каеринен баштасам?.. Өзүңөр деле билесиңер, биздин класста Эсенбек деген бала окучу. Экөөбүздүн аттарыбыз да, фамилияларыбыз да окшош. Ал-Эсенбек Абдраимов, мен-Эсенбүбү Абдраимова. Эмнегедир ал экөөбүз биринчи класстан бир партага отуруп калдык. Ошо бойдон жыл сайын бир партада отуруп жүрдүк. Көк-жашыл көзүнөн күлкү жайнаган, ыйманы ысык бала эле. Окууну орточо билчү. Эсенбекти мен бала кезимден жакшы көрүп калдым. Байкабаган балалык сүйүү экен. Улам бой тарткан сайын ынактыгыбыз күчөдү. «Улуу сөздө уят жок» дегендей, сегизинчини бүткөндө ал экөөбүз бир төшөктө жатып калдык. Ошентип мен, мектептин окуучу кызы, он бешке жетип-жетпей келин болдум. Эрте жетилгемби, Эсенбек менен төшөктө бирге бо-луу кумары мени дамамат азгырып турар эле. Жаштыгым го, ошондо боюма бүтүп калуу деген деги бир оюма келбептир. Кудай бир сактаган экен. Тогузунчуну бүткөн жылы Токтосун байкем силер менен бир трактордо иштеп калды. Анан силер биздикине келе калып жүрдүңөр. Бир кездеги мектептин отличник окуучусу, бул кандай жигит болду экен деп мен силерди сын көз менен карай баштадым. Ошондо силер Эсенбекке таптакыр окшобогон, жапжаш туруп, турмушка терең караган, трактор айдап, элдин оор жүгүн көтөрө билген, келечекке кең карап, байкемден консультация алып, окууга барууга камынып жүргөнүңөр мени таң калтыра баштады. Көрсө Эсенбектен башка дагы мен билбеген силерге окшогон келечектүү жигиттер бар турбайбы? Эл көзүнө кыз көрүнүп, этеги ачылып калган менин башка жигитти сүйүүгө акым бар беле, ошондо? Эсенбек экөөбүздүн ортобузда келечек туурасында сөз болчу эмес. Ал күнүмдүк майда-чүйдө бирдемелерди айтып күлдүргөн болчу. Анысына деле күлчү эмесмин. Биздин тукумду математиктер деп бекер айтышпайт. Ал эми менин байкашымча математиктер көп күлбөгөн токтоо адамдар болушат көрүнөт. Эсенбек жетинчи-сегизинчиде окуп жүргөндө эле бозо, кийин арак ичип жүрдү. Ооба, ошентип ургаачы болуп жаралып, экинчи эркекке, силерге көзүм түштү. Тогузунчуга көчкөн жайдан баштап, силердин мага алаксый калып жүргөнүңөрдү мен да байкап калдым. Аңгыча төрт куплет ыр жаздыңар. Ошол ыр жазылган барак ушул күнгө чейин сакталуу. Кокус жолугуп калсак силерге көрсөтүп каламбы деп чөнтөгүмө салып койдум эле,— деп Эсенбүбү бешментинин ич чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагазды алып чыгып, алдына аярлап койду. — Ушул ырыңарды, мага арнап жазды эле деп, анча-мынча мактанып, кайсы бир обонго салып, ушундай бир отуруштарда ырдап коюп жүрөм. Ошондо ушул ырды менин ич дүйнөмө кирип чыккандай жазыпсыңар. Менин силерге көңүлүм бурулуп, бирок кыз курагым менен ажырашканым ичимден курттай жеп, көңүлүм чөгүп, кабагым түшүп жүргөнү чын болучу.
От болуп жанып көздөрүм,
Өзүңдү келет көргүсү.
Албырат жүрөк, албырат —
Ал эмненин белгиси?
деген төртүнчү куплет менен мени сүйөрүңөрдү билдир-генсиңер. Анан бир жолу силер жолугушуп, сүйлөшсөк болот эле деп калдыңар. Бүгүнкү ырдаган ырыңардай, Айлуу түнү жолугуштук. Силер мени кумардануу менен өпкүлөп жаттыңар. Мен антип жооп бере алган жокмун. Анткени силердин алдыңарда Эсенбек менен бир төшөктө эр-аялча жатып жүргөн күнөөм бар эле. А силер болсо андан эч кабарыңар жок, мен онду бүткөндөн кийин бирге окууга бара турган бекем оюңарды айттыңар. Ал түнү биз коштошуп, төшөгүмө келип, көпкө ойлонуп жаттым. Көңүлүмдө бир гана суроо: «Мен ага(силерге) эмне дейм?» деген гана жалгыз суроо чийки май жегендей дыкыйып, көңүлүмдү иренжитти. Биздин улуу эжебиз бар болучу. Сүйүнбүбү. Жездем экөө тең математиктер. Чат-Базардагы орто мектепте сабак беришчү. Ошол эжеме бардым. Эсенбек менен болгон байланышымды, анан силердин мага сөз айтып жүргөнүңөрдү, Эсенбекти жерип, силерди сүйөрүмдү, онду бүткөндөн кийин силер менен бирге Фрунзеге окууга бирге бара турган болуп сүйлөш-көнүбүздү эжеме толугу менен айтып бердим. «Болор иш болуп, бойоосу канып калыптыр» дегенсип эжем урушкан жок. Өзү деле урушканды билбеген, токтоо аял болучу. Ойлонуп калды. Бир топко унчукпай отурду.
– Жок,-деди бир оокумда эжем оюнан ойгонуп. — Эсенбек менен болгон жакындыгыңды Кадыр билбеши керек. Мурдун тартканды билбеген бала менен байланышыңды билсе, анын ар-намысына катуу доо кетет. Сени менен баш кошкон күндө да, өмүр бою ичинен курттай жеп жүрүшү мүмкүн. Сенин күнөөңдөн эмес, башка бир себебин табышыбыз керек.
Эжем ушуларды айтып, кайрадан ойго түштү.
– Эмесе мындай кылабыз, — деди эжем кайрадан сөзүн улап. – «Эжесиникине барган жеринен Абдраимдин кызы Эсенбүбүнү бирөөлөр зордуктап ала качып алыптыр да, эч кимге билгизбей, үч күн-үч түн кармап, күйөөсү менен жаткызышып койгонуна карабастан кыз үйүнө качып келиптир» деген сөздү айылга таратабыз. Эгер Кадыр чындап сүйгөн болсо, сени кечирет. Кечирбеген күндө да, күч менен келин болгон деген эл ичинде сөз калат. Жездең болуп барып, деректирге айтып, мектепке кайра киргизип койобуз. Окуй бересиң. Онду бүткөндөн кийин Фрунзеге барып, өзүң каалап жүргөн медициналык институтка тапшырасың.
Эжемдин бул акылына жок деген да, бар деген да жокмун. Ошенткенибиздин акыры эмне менен бүтөрүнө ошондо көзүбүз жеткен эмес. Ошентип, мени бирөө зордуктап ала качып алган болуп, келин болуп калганыма карабастан айылга качып келгендей болдум. Сууга бараткан жолдо силер жолуктуңар. «Бир эмес, он күйөөдөн чыксаң да сенден күдөрүм үзүлбөйт» дегениңерди угуп, ичимден кубангам. Бирок анымды билгизген эмесмин. Анткени мектепке барып, окуур-окубасым али белгисиз болучу. Ал эми «Абдраимдин кызы Эсенбүбү бир күйөөгө тийип, качып келиптир» деген сөз тик турган шак бакалды өрт алгандай, эл ичине дуу деп таралып, укпаган кулак калган жок. Деректирибиз баш болгон бүт мугалимдерибизге чейин жетиптир. Убадасында туруп, мен айылга келгенден эки-үч күн өтпөй, эжем келип, деректирге кирип, мен жөнүндө айткан экен, а киши: «Күйөөгө тийип чыккандар мектепке кайра алынбайт эмеспи? — деп сыпаа кайра эжемдин өзүнө суроо таштаптыр. «Ала качып барганы гана болбосо, сиңдим таза эле бойдон», – деп эжем калп айтыптыр. «Жок, мен тобокелдикке бара албайм. Абдраимдин кызы бир күйөөгө тийип качып келиптир» деген сөз дүңгүрөп жатса. Районо менен акылдашып көрүшүм керек. Эртең август конференциясына катышканы районго барам. Ошондо сурай келем» дептир деректир. Деректир райондун тиешелүү бөлүмүнө кайрылган экен, кызды медициналык экспертизадан өткөрүп, таза болсо мектепке кайра алса болот деген кеңеш беришиптир. Эжем муну угуп: «Анда догдурдан өткөзсө өткөзөлү» деп оозу бош, деректирден чыгып кетиптир. Аңгыча Мырзабек байкем курорттон келип калды. Согуштун катышуучусу. А да математик. Биздин мектепте мугалим болуп турганда, мен туулган кырк экинчи жылы согушка кетип, кийин жарадар болуп кайтып келип, кайрадан өзүбүздүн мектепке орношуп, ошодон бери математикадан мугалим болуп иштеп келатат. Деректир Мырзабек байкемди кабинетине чакырып алып:
– Эсенбүбү карындашыңыз туурасындагы сөздү укту белеңиз?-дейт.
– Эмне сөз?!-дейт Мырзабек байкем дүрт этип. Анын кантузиясы бар деп жүрүшкөн.
Деректир мен туурасында Сүйүнбүбү эжемден ук-кандарынын баарын Мырзабек байкеме айтып бериптир. Аягында:
– Сүйүйнбүбү карындашыңызга айткам, догдурдан өтүп, кыздын тазалыгы жөнүндө кагаз апкелгиле деп. Ошо бойдон жок. Келе элек. Мырзаке, мүмкүн болсо Эсенбүбүнү башка мектепке которуп койсок жакшы болот эле. Ушуну бир ойлоп көрөлүчү. Биерде жүрүп окуусун улантса таза болгон күндө да, бет-кат болуп кыздын өзүнө эле жаман. Элге-журтка өзүбүз да сөзгө калабыз, — дейт.
Мырзабек байкем үйгө келип эле, райондогу үйүнө кете элек Сүйүнбүбү эжеме бир тийиптир:
– Силердикине барганда Эсенбүбүнү бирөө уурдап ала качып кеткени чынбы?
– Чын, — дейт эжем.
– Ким деген неме экен? Кимдин баласы экен? Кайсы айылдан? Мен барып туруп, аларды сотко берем, — дейт Мырзабек байкемдин ачуусу чындап келип.
– Эми аны чуулдатканда эмне? Кыздын башы туру го, — дейт эжем жымсалдатып.
– Окубайт биерге. Элге-журтка шерменде кылып. Алып кеткиле! Кулак угуп, көз көрбөгөн жакка алып кетип, окутуп алгыла!-дейт агамдын кантузиясы кармап. — Айттымбы, бүгүндөн баштап Эсенбүбүнүн көзүн көрбөйүн. Үйүңө алып кеткин. Бирок айтып койоюн, силердин мектепке да окубасын. Бир карыш жерде турабыз. Таластын бүт кушчу элине тарайт. Тетиги Грозныйда мугалим болуп иштеп жаткан Маржан эжебиздин баласынын колуна тапшыргыла. Ошол окутабы мектебине, эмне кылса ошо кылсын. Болду. Сөз бүттү! — деп Мырзабек байкем кубарып-кумсарып, эшикке чыгып кетет.
Эсенбүбү сөзүнүн ушул жерине келгенде токтоп, арактан куюштуруп, дагы бирден көтөрдүк. Ал сөзүн улады:
– Ошо. Ошо менен Сүйүнбүбү эжем мени өзү менен ала кетти. Грозныйдан Маржан эжебиздин баласы Тойчукулду чакыртып, эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, ошонун колуна салып беришти. Грозныйга бардык. Ата-энеси өлүп, бир үйдө жалгыз турат экен. Мен ушул жерден бир түшүнүк берип кетейинчи. Менин апам, бая силер үйгө келип жүргөндө көрүп калдыңар, үч эрге тийген аял. Анын жайы мындай. Абдыгул, Абдыжапар, Абдраим деген үч бир тууган болгон экен. Апабызга алды менен Абдыгул үйлөнөт. Бир эркек, бир кыздуу болушат. Эркеги согушка кетип дайынсыз. Кызы жанагы Маржан деп жаткан эжебиз. Абдыгул өлүп, апабызды Абдыжапарга алып беришет. Абдыгулдан калган эки баласынын башка Абдыжапардан апабыз дагы бир эркек, бир кыз төрөйт: Мырзабек байкем менен Сүйүнбүбү эжем деп жаткандар. Абдыжапар өлүп, апамды эми үч бир туугандын эң кичүүсү Абдраимге нике кыйышат. Абдраимден Токтосун, Аманбүбү, Эсенбүбү, Жеңишбүбү. Апам атамдан он беш жаштай улуу эле. Ошентип эң улуу эжебиз Маржандан туулган Тойчукул бизге жээн болот. Айтпадымбы, ал жалгыз бой турат экен деп. Сүйүнбүбү эжем эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, мени ал жердин мектебине деле беришкен жок. Эртең-бүрсүгүндөн окуу башталмак.
– А мен окууга барбаймбы?-дедим Тойчукулга.
– Барасың. Документтериңдин арасында бир кагазың жетпейт экен. Биздин деректир ошону алып келгиле деп жатыр, — деди ал эмнегедир эчтемеден капары жок өңдөнүп.
Биринчи сентябрь келип, окуу башталды. Бирок алиги кагаз келбей, мен мектептин босогосун аттабай калдым. Мектепке окуйт элем деп көгөргөн деле жокмун. Аял болуп алып, таза кыздардын арасында жүргөндөн өзүм деле уялдым. Ошентип Тойчукул эртең менен мектебине кетет. Бир үйдү ээлеп мен калам. Үй ичин шыпырып, Тойчукулга колумдан келген тамак-ашын даярдап койом. Эми Кадыке, сөздү узартпайын. Күлсө түйрүк эрди кулагына жеткен, көздөрү жылчыйып, бир сызык болуп көрүнгөн, кулактары калдагай, кууш чеке, отуздардагы жээнибиз Тойчукулдун аялы болуп калдым. Тагдырыма баш ийдим. Качып кетейин дедим. Качып кайда бармакмын? Өз үйүмө, Сүйүнбүбү эжемдикине бара албайм. Ошондо силерди ойлодум. «Бир эмес, он эрден чыксаң да сенден күдөрүм үзүлбөйт» деп айтканыңар эсиме түштү. Качып барсам, балким үйүңөргө кийирип алат белеңер, билбейм? Бирок мен силердин тагдырыңарга жолто болгум келген жок. Окусун дедим. Ошол. Ошо менен Тойчукулга аял болуп кала бердим. Облустун борборундагы медициналык окуу жайына киргизип, окутуп алды. Өмүр бою айылдагы ооруканада медсестра, кийин улук (старшая) медсестра болуп иштедим. Эки эркек, эки кыздуу болдук. Кыздарым чоңоюп, бири түрккө, бири англичанга турмушка чыгып кетишти. Иштери жок, бир балам орустарда, бири казактарда жүрүшөт. Күйөөмдүн өлгөнүнө бир топ жыл болуп калды. Пенсиядамын. Китептериңерди окуп, телевизордон көрүп, радиодон угуп, силер турасында жакшы эле кабардармын. Ушул адам бир кезде мени сүйгөн эле деп, өзүмчө сыймыктанам. Мына будан кылт этип алганда, тааныш курбуларыма силерди айтып мактанам. Анан жакында угуп калдым, силер облусту кыдырып, концерт берип жүрүптүр деп. Биздин районго келериңерди угуп, бир жагы кубансам, бир жагы толкундандым. «Эмне кылсам?» дедим ичимден. Анан бир букет гүлүмдү көтөрүнүп алып, мен да бардым клубка. Ошону менен моминтип бирге олтурабыз. Ке, эми Кадыке, дагы бирден алалык, (Алдык). Оокатым тың эле. Мал-салым бар. Үлүшкө тийген жерим бар. Малды бирөө-лөргө бактырып, үлүш жеримди арендага берип койом. Кыздарым, балдарым тыйынчака салып турушат. Карып баратканда бала-чакаңдын, небере-чөбөрөңдүн жаныңда жоктугунан өтөр кордук жок экен го бу дүйнөдө. Жалгыздык жанымды тилип, туз сээп жүрөт. — Эсенбүбү башын салып, бир саамга үндөбөй отуруп калды. — «Эсенбекке азгырылып, аны менен бир төшөккө жатып жүргөнүмдү билсе, Кадыр мени кечирет беле?» деген суроо өмүр бою мени менен жашап келет. Кадыр, айтчы, ушуга эмне деп жооп берет элең?-деди эмнегедир мындан мурда «силер» деп сылык сүйлөп жаткан Эсенбүбү биринчи жолу «сенге» өтүп.
– Эсенбүбү, эжеңер экөөңөр катуу жаңылгансыңар. Жаңылган эмес, акылыңардан адашкансыңар. Бүтүлүү буюм-ду бүлдүргөнсүңөр. Бактыңа балта чапкансыңар. Антип бир күйөөдөн чыкты деп дуулдатпай эле, мектептеги окууңду уланта берсең болмок. Сүйүү деген ошол бир эле кыз белги менен чектелип калбайт да. Билесиңби, түштүктөн Алымбек датка деген чыккан. Ошол аял болуп, бир кембагалдын алдында жатып жүргөнүн эрээн-төрөөн көрбөй эле, Курманжанга үйлөнгөн. Алымбектен балдарды төрөп, күйөөсү өлгөндөн кийин Курманжан датка Алайдын элин элүү жыл башкарган. Жаштык болду, мастык болду дегендей, эмне экен, өзүң менен бирге өскөн бала менен болуп коюпсуң. Кырк кызга тең келген кылыч миздүү жигиттер деле балалуу жубандар менен баш кошуп жүрүшөт. Макул, мен кечирбеген күндө да, сага окшогон жакшы окуган кыз орто мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайларынын бирине барып окумак. Балким андан ары улантып, илимдин кандидаты, доктору болмок. Билимдүү болуу бирден — бир бактылуулук. Жанагы бактыңа балта чаптыңар деп жатканымдын бир себеби ушул.
– Кадыке, мени чын эле сүйгөнүңө, бир кезде бирге болгон көз ирмем бактыбызды сактап, ыр жазып, обон чыгарып, өмүр бою эсиңе сактап жүргөнүңө ишендим. Рахмат. Атаң көрү десең. Ошондо эжем экөөбүз орду толбос иш кылган экенбиз.
– Эсенбүбү, менин бир ырымда:
Өткөн ишке орду толбос,
Өкүнгөндөн не пайда.
Өлгөн киши тирилбесе,
Өкүргөндөн не пайда? —
деп жазылгандай, өттү-кетти бир заман. Кайрылып келбейт. Эми мен шопурумду ойготоюн да, жолго чыгайын.
– Эмне, кетейин дейсиңби? – деди Эсенбүбү эмнегедир селт эте, мени жалооруй карап. Мен бул караштан: «Кетпей эле койчу. Бүгүн мени менен эле калчы» деген жазууну даана окудум.
Кырк жылдан ашык бирге жашап келаткан никелүү аялым туруп, кайрымдуулугунда чек жок Улуу Жараткандын кечирерине ишенип, «тоодой күнөөгө» батып, көгала чач, алтымыш беш жашымда, алтымыштан жаңы эле өтө берген никебиз жок Эсенбүбү экөөбүз бардыгын унутуп, бир төшөктө түнөп чыктык.