e-vawa. (30 Июль 2017 - 20:17) жазган:
Үйдөгүлөр эч ким мени укмаксан.
Үйлөнүүгө жашсыз али бала дейт.
Айла кетип женем менен сырдашсам.
Он тогузда дале келчу үйлөнгүм.
Анда дагы эч ким укпай күйгөнмүм.
Келин алып кел дейби деп жалдырап.
Карап турам чыга калса үйдөн ким.
Жыйырмада шаардамын кычырап.
Катын алчу ойлор кеткен ыдырап.
Бирин сүйүп сүйөмүн деп кыйкырып.
Кийинкиге сүйөмүн деп шыбырап.
Андан кийин мезгил өтү токтобой.
Менде жыргал шапар тепмей ойномой.
Жыйырма беш жаштан өтүп калсам да.
Жыргап жүрдүм үйлөнүүнү ойлобой.
Кийинчерээк үйлөнчү деп жалдырап.
Үйдөгүлөр ар күн сайын жан сыгат.
А мен болсо үйлөнүүгө эрте деп.
Баягыдай жүрө бердим жаркырап.
Минтип журуп ашып кеттим отуздан.
Үйлөнөйүн десем турат коркуп жан.
Эч ким жакпайт кемчилиги көрүнүп.
Үйлөнөм деп кимисине жолуксам.
Чал дейт экен жаштарына кызыксам.
Жашка кантип кызыкпайын ысык жан.
Үйлөн-үйлөн дечүлөрдүн бири жок.
Көөнү калып колду шилтеп тынышкан.
Ал арада канча мезгил арыды.
Тойго баккан кызыл өгүз карыды.
Калынына сактап жүргөн малдардын.
Жашы жетип өлүп кетти жарымы.
Озуму элестетип кеттим го чиркин