Мисалы: мен 38 жашымда ИИМде 20жыл кызмат кылып, ИИМдин пенсионери болдум. Андан кийин мектепте мугалим болуп дагы 25 жыл эмгектендим дейли. Ошентип 63жашка чыктым дейли. Эми жооп бергилечи менин пенсиям кандай болот? Кошумча пенсия чыгабы?
Баракча 1 - 1
Пенсия жөнүндө кандай болот?
#2 24 Апрель 2014 - 17:22
Az81kg (17 Март 2014 - 21:15) жазган:
Мисалы: мен 38 жашымда ИИМде 20жыл кызмат кылып, ИИМдин пенсионери болдум. Андан кийин мектепте мугалим болуп дагы 25 жыл эмгектендим дейли. Ошентип 63жашка чыктым дейли. Эми жооп бергилечи менин пенсиям кандай болот? Кошумча пенсия чыгабы?
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди:
- Эгерде Сизге ички иштер министрлигинде 20 жыл кызмат ѳтѳп, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык пенсия чектелген болсо, анда кийнки башка жерде иштеген иш мезгилдери үчүн Сиздин жеке эсебиӊизге тѳлѳнгѳн социалдык камсыздандыруу тѳгүмдѳрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бѳлүгү кошумча катары Сиздин пенсияӊызга жогоруда аталган Мыйзамдын 45-1 беренесине ылайык кошулуп берилет.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык бир эле мезгилде ар кандай мамлекеттик пенсия алууга укуктуу аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар тандап алган бир гана пенсия төлөнөт.
#3 24 Апрель 2014 - 20:25
Саламатсызбы!
Мен цемент заводунда иштеймин, соцфонд жана башка толомдор толонуп турат. Канча жаштан же болбосо канча эмгек стажы менен пенсияга чыга алам?
#4 11 Июнь 2014 - 14:36
baktiyar73 (24 Апрель 2014 - 20:25) жазган:
Саламатсызбы! Мен цемент заводунда иштеймин, соцфонд жана башка толомдор толонуп турат. Канча жаштан же болбосо канча эмгек стажы менен пенсияга чыга алам?
Саламатсызбы!
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 9-беренесине ылайык эркектер 63 жаш курагында 25 жыл камсыздандыруу стажы болсо, ал эми аялдар 58 жаш курагында 20 жыл камсыздандыруу стажы болсо пенсияга чыгууга укуктуу.
#5 02 Ноябрь 2014 - 17:49
Саламатсыздарбы.
. сиздерден сурайын дегеним апам 1топтогу майып болчу жакында каза болду..пенсия алат болчу эми эмне болот пенсиясы? Толук шарттары болсо билдирип коюнуздарчы?
??
#6 29 Январь 2015 - 11:50
Саламатсыздарбы,
менин апам почтодон пенсия алат,эми банктан алсамбы деп жатат кандай документтер керек жана каалаган банкынан ала алабы Кыргызстандын кайсы бурчунан болсо да?
#7 09 Декабрь 2015 - 14:54
Ассаламу алейкум!
Бизди ойлондурган суроо тулуп жатат.Базар Коргон районунун номер #37 мугалими Эргешов Каримбай,узгултуксуз 40-жыл иштеп, пенсия жашына жетти.Бирок, 2004,2005,2007,2008 жылдагы эмгек акысы,соцфонддон маалыматы чыкпай жатат.Силерден сураныч ушуну аныктап беруунузду суранам!

#8 29 Февраль 2016 - 20:10
саламатсыздарбы . Менин сууроом атам 40жылдай мугалим болуп иштеген энем баатыр эне атамдын пенсиясы кошулуп отуруп 5100сомго аран жетти. Мамлекетке кылган кызматыга карап пенсияга чыгабы же жашыга карап. Анан Баткен районуна караштуу Рават айылынан жазып жатам пенсия ар айдын 17синен 22ге чейин берет 10га чейин берсе жакшы болот еле
Баракча 1 - 1