Коп эле кыргыздар Кыргызстан онугот деп эле жазгандар коп жана онугуунун жолун ар кандай жолдорду атыгул мен озум ...жерди иштетиш керек... деп жазып кеткеним бар экен бирок оркундотуу кунумдук жашоону женилдетуу жонундо жана ал кандайча болорун жазбаптырбыз.
Mисалы менимче оркундотуунун дагы бири айылдагы ар бир уйдун ичинде туалет жана ванналар болсо кандай жакшы карайлап карангыда туалет издебей
Келгиле баарыбыз чогу акырындык менен дагы эмнелер болсо экенин жазалык.
Баракча 1 - 1
Кыргызстандын онугуп оркундошу... Онугуп оркундошту сиздер кандайча тушуносунор?
#2 31 Август 2010 - 19:38
Joldordu ondoo menen birge jumushsuz jurgondorgo oshonu jumush kylyp berse,
majanasyn bir az jakshyraak kylyp turup.
Anan joldun baary ondolup butup bara
jatsa dagy oshogo okshogon jumushtardy
(musorlordu ishtetuu,tokoilordu,parktardy ,suu akkan kanaldardy tazaloo,bak
tiguu j.b. tolgon tokoi ushuga okshosh ishterdi) taap degendei.
Majanasy kunumduk ookatka jetip andan ashygyraak bolso bosh, jumush
izdep jurgondor ishtemek ele bolushu kerek.
Siz aityp jatkan aiyldagy uilorgo tualet,vanna ornotuunu men dagy koldoim.
Kyrgyzstandyn onugup orkundotuunu kichinekei ushuga okshogon ishter menen bashtash kerek dep oiloim

@-}}--
#3 29 Сентябрь 2010 - 18:57
Кыргызстаныбыз созсуз онугот, буга мен чын дилимден ишенем! Онугоруно ишеним артпай коюуга эч кимибиздин акыбыз жок!!!
Кыргызстан алдынкы мамлекеттердин катарын толуктап калчу бактылуу кун жакын, анан, албетте, онуккон олколордо орун алган айтылуу цивилизяцияга жетмек тугул, анын туу чокусун багынтары арсар эмес, чын!!!
#4 30 Сентябрь 2010 - 09:01
"Кыргызстаныбыз соз-суз онугот" - деп умут узбой туралычы. Эми биздин мамлекет парламенттик башкаруу системасына отуп жатабыз, балким ушунусунда онугуу жолуна тушорбуз.
#5 30 Сентябрь 2010 - 11:39
Мамлекеттин өнүгүүсү - башкаруу системасынан көз каранды эмес!
Өнүгүү болуш үчүн ар бир адам азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштеши керек: сүйлөгөндө - ар-нерсени айта бербей, билген "илиминен" айтып; иштегенде - ар ким өз ордунда иштеп, жумушун жакшы эмес, мыкты жана эң мыкты аткарышы керек.
Өтүкчү - өтүктү мыкты оңдосун, шыбакчы - шыбакты мыкты шыбасын, мугалим - сабакты мыкты берсин, окумуштуу - илимди мыкты өздөштүрүп, аны турмушта колдонуунун жолдорун тапсын, депутат - элдин талабын мыкты аткарсын, президент - мамлекетти мыкты башкарсын. Антпесек, баары эле саясатчы, баары эле серепчи, баары эле депутат жана баары эле президент.
Кээ бир адамдарды карасаң - үйүндө нанга сыйпаар майы жок, чайга салаар канты жок, эшикке чыгаар кийими жок, ал эми сүйлөгөнүн уксаң - тилинен чаң чыгат: глобалдаштыруудан баштап, дүйнөдөгү саясий абалды талдап, "тиги саясатчы - тигини айтты, мунусу - минтип айтты" деп мазеңди алат. Макул, айтса - айткандыр, десе - дегендир. Бирок, анын сага эмне тиешеси бар? Кесипкөй саясатчы же серепчи болбогондон соң аны коюуп, үйдөгү көйгөйлөрдү мыкты чечүүнүн жолун издебейсинби!
Дагы бир жолу айтам: Мамлекеттин өнүгүүсү - башкаруу системасынан көз каранды эмес!
Россияны Ельцин башкарып турганда эмне болду дагы, Путин келгенде эмне болду. Ельциндин айынан орустар "бизге президенттик башкаруу жарабайт" деп Кремлди талкалап киришкен жок да. Анткени алар билишет - адамдар келип, кете берет, а бийлик - кала берет.
Же 20-кылымдын 30-жылдары "ачка калганда" америкалыктар президент Герберт Гуверди өлкөдөн кууп чыгып, "бизге парламеттик башкаруу керек" деп кыйкырышкан жок го. Эчтеке эмес, бири билбегенди экинчиси билет. Президент Франклин Рузвельт бийликке келип, баарын "тоюндурду" .
Ошондой эле, экономикалык кризиске көбүрөөк кабылгандыгы үчүн грециялыктар "кризиске - парламенттик башкаруу күнөөлүү" деп, көтөрүлүшкө чыгышкан жок.
Ал эми монархиялык Япония, Улуу Британия ж.б. тууралуу унчукпай эле койгонум жакшы.
Демек, мамлекеттин өнүгүүсү - башкаруу системасына эмес, ким, кантип башкаргандыгына жана ким, кантип иштегенине жараша болот.
PS:
Кыргыздар кытай, япондордой иштегиси келбейт, бирок ошолордой жашагысы келет, б.а "чана тепкиси келет, бирок чана тарткысы келбейт".

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 30 Сентябрь 2010 - 12:25
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#6 30 Сентябрь 2010 - 14:02
Цитата
Кыргыздар кытай, япондордой иштегиси келбейт, бирок ошолордой жашагысы келет, б.а "чана тепкиси келет, бирок чана тарткысы келбейт".
все что ни делается все к лучшему :(
#7 15 Ноябрь 2010 - 13:10
Кыргызстандын онугушу учун кыргыз эли жалкоо болбош керек, менталитетти ондош керек, S & N болуп болунбош керек. Эн башкысы коррупциядан кутулсак. Болду анан ушул нерселерден кутулсак эле, онугот элек да. Биз бул жазылган нерселерден качан кутулабыз билбейм. Бирок куйуп турган шамдай болуп умут эч качан очпойт. Билбейм, балким майы тугонгондо очуп калаттыр да.
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#8 15 Ноябрь 2010 - 13:56
Аракет кылсаң берекет
Иштесең тиштейсин
Иштесең тиштейсин
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#9 18 Ноябрь 2010 - 03:29
Өнүгүш учун эң биринчи маселе "көрө албастык"
деген нерсени ташташ керек го дейм. Андан кийинкиси "коррупция"
. Бир гезит бетинен окуганмын, бул жер шарында коррупциясыз бир дагы мамлекет жок деп. Жада калса гүлдөп өнүгүп жаткан алдыңкы мамлекеттерде дагы коррупция бар экен. Ал эле эмес байыркы кылымдагы жок болуп кеткен цивилизацияларда коррупция болгондугун келтирет. Бирок биздегидей коррупция кайдан болсун. Ушул нерсени колдон келишинче минималдаштырганга аракет кылып механизмдерин табуу керек экендигин бийлик башындагылар мурун эле түшүнүшкөн,
бирок өзүмчүл бийлик башындагылар өзүн гана ойлошуп эч кимиси аракет кылган эмес. Кыргызстандын өнүгөрүнө ишенгим келет, ишенем дагы.
Баракча 1 - 1