"Психотехнологиялар - ушул убакка чейин адамзат жасаган ачылыштардын кульминациясы. Бул атомдук бомбадан жана космоско учуулардан да ашып түшөт.
… Биз азыр "таш балтасын" гана жасадык, бирок бул инструмент менен хирургиялык операция азыр эле жасаса болот. Биз адамдын аң сезимин окууга жана өзгөртүүгө жарай турган инструментке ээ болдук.
А калган тармактарга колдонуу - муну турмуш көрсөтөт.
И.В.Смирнов
Маңкурт
Совет кыргыз жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун ""Кылымды карыткан бир күн"" романынан (1980) алынган.
Элдик уламыштар боюнча, бала чагында кас душман элдер уурдап кетип, өзгөчө кыйноо жолу менен эс тутумунан ажыраган адамды манкурт деп аташкан. Ушундай жол менен адам кулга айланган жана ээсинин буйруктарын кыңк этпей аткарган. Романдын бир эпизодунда ушундай акыл эстен ажыраган манкурт өз энесин өлтүрөт.
Ушул окуялар өз башыман өтпөдүбү. Marconi Communications Ltd Ireland жана CTBTO (Comprehensive Test Ban Treaty Organization www.ctbto.org , Бириккен Улуттар Уюмуна байланыштуу организация) деген организацияларда иштеп турган убакта болгон эле. 2000-2002 жана 2008 жылдары болду.
Сиздин жакын жана жакшы көргөн адамдарыңыз, уулдарыңар жана кыздарыңар, бир туугандарыңар, же өзүңүз, мен сыяктуу эле, ушундай шумдуктуу окуяга кабылышы мумкун. Акыл эсти жана ден соолукту талкалаган Батыштын атайын чалгындоо кызматтарынын мээни жана денени микротолкундар жана радиация менен нурдоо экспериментине кабылышы мумкун. Бул нерседен байлык мансап да сактабайт жана жеке кузөтчүлөр алсыз.
Ооба, сөз микротолкундук жана радиоактивдүүлүк принципинде иштеген электромагниттик курал жөнүндө жүрүп жатат. Бул куралды колдонуу менен адамды тымызын түрдө өлтүрүүгө же оорулуу кылууга мумкун.
Учурку убакта психофизикалык курал жаракты, үчүнчү дүйнөнүн жарандарын "тажрыйба жүргүузүүчү кролик" кылып, бизди экинчи сорттогу адам катары карап, Батыштын өлкөлөрү өнүктүрүп жатышат. Калашников автоматын текшерүүго муляждар эле жараса, мындай психофизикалык куралды текшериш учун, тирүү адамдар керек.
Marconi Communications Ltd Ireland компаниясы жүргүзгөн аң сезимди контролдоо эксперименти мени ден соолугумдан ажыратты, акыл эсимди талкалады. Микротолкундук нур жиберуу аппаратынын таасири да. Ошол эксперимент жүргөн кезде денемде статикалык электр тогу топтолуп калчу. Эшиктердин металл туткактарын кармаганда, кадимкидей ток атчу денемден. Акыл эсимдин абалы да кыйла өзгөргөн эле. Башымдын желкеси зыңылдатып ооруйт, иммунитет төмөндөп кеткен, толуп кеттим, хроникалык чарчоо сезими пайда боло баштады. Ал убакта Ирландиядагы Маркони заводунун директору болуп Кэн Дойл иштейт эле, жана ал бул эксперимент жөнүндө билген.
(Ken Doyle, Chief Executive Officer, www.luzernsolutions.com)
Мен ден соолугумдун абдан начарлаганына байланыштуу Кыргызстанга 2002 жылы кете бердим. Тилим кекечтенип, өзүмчө күбүрөнүп шыбыранып калганымды туугандар байкашыптыр. Эми ушундай тили кекечтенип калуу психотрондук куралдын колдонулганынын бир белгиси.
Андан кийин CTBTO (Comprehensive Test Ban Treaty Organization www.ctbto.org, Бириккен Улуттар Уюмуна байланыштуу организация) деген организацияга Австрияда иштөөгө чакырылдым, 2008 жылдын башында.
Жумуш ордуна келээр менен, менден Кыргызстандын жараны жана кыргыз экенимди, жана окуган жана иштеген жерлеримди далилдеген документтерди талап кылышты. Болжол менен 2008 жылдын мартында аң сезимди микротолкундар менен контролдоо эксперименти башталды. Мени менен Тим Хамптон (Timothy Hampton) деген Англиянын жараны, радионуклиддик технологиялардын специалисти иштеди эле. Ал Девид Келли деген окумуштуунун аспиранты болчу. Кызыгы, Девид Келлини Ирак согушуна каршы материалдар публикация кылганы учун убагында өлтүрүшкөн эле. Тим Хамптонду 2009 жылы Венада ООНдун имаратынын 17 этажынан ыргытып жиберишиптир.
Аң сезимди микротолкундар менен контролдоо экспериментинен менде агрессивдүүлүк пайда болду, баарын жек көрүп өлтүргүм келип жатты. 2008 жылдын ноябрында иштегенге жарабай калдым, ден соолугумдун шартына байланыштуу Кыргызстанга кетип калдым. Канымдын анализи абдан жаман болуп чыккан эле.
Аң сезимди микротолкундар менен контролдоо эксперименттери убагында фашисттик Германияда башталган эле. Бул тажрыйбаларды ССтин Аненербе деген оккулттук кара магия организациясы башкарчу. Адамдарды тирүүлөй микротолкундук камерада бышырышчу, башын тешип, мээлерине электрод салышчу. Бул адамгерчиликсиз, мыкаачы тажрыйбалардын негизинде эбегейсиз илимий материал топтолгон болчу. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин бул илимий материалдарды Америка Кошмо Штаттарына ташып алып кетишти.
Менин оюмча, аң сезимди микротолкундар менен контролдоо экспериментинин убагында, мага ЦРУнун Джон Гиттингер деген специалистинин методикасын колдонушту. Ал ЦРУнун МК-Ультра деген программасында иштеген эле. Бул методика боюнча адамдын психологиясын анализдөө мүмкүн жана адамдын аракеттерин прогноздоо мүмкүн болот. Бул методиканы колдонгондо, шылтоо таап, адамды аябай катуу арак ичиришет. Мунун негизинде адамдын базалык психотипи кандай экенин билип алышат. Жумушта атайылап стресс кырдаалдарын түзүшөт, адамдын ал убакта жүргөн турганын байкап, тагыраак аныкталган психологиялык портретин тартышат. Бул маалыматтарды алар жүздөгөн миң адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйбалардан чогултулган компьютердик базасы менен салыштырышат. Анын негизинде, адамдын психотибин абдан так аныкташат, жана келечекте кандай кыймыл жасаарын прогноздой алышат.
Бул техникалык каражаттар (психофизикалык курал) адамдын аң сезимин түпкүрүнөн (подсознание) программалап өзгөртүүгө жөндөмдүү. Менин организмим бул зомби кылчу нур толкундарын сезе баштады, акырында. Жумуш кабинетинен чыгып кете баштадым, микротолкундар аппаратын тигилер иштетээр менен. Акырында мени тинтип чыгышты. Микротолкундар детекторун менден издешти. Жумуш кабинети жакшы экрандалган эле, пол, дубалдар жана потолок металл менен капталган эле. Бул да микротолкундар учун кабинет ылайыкталганынын дагы бир белгиси. Жана мага радон радиоактивдуу газын жана радиоактивдуу чаң колдонгондорунун да белгиси бар.
Мындай психофизикалык куралдын болушу биздин мамлекет үчүн коркунуч болуп эсептелет. Бул курал глобалдуу түрдө колдонулуп жатат жана аталышы - High Frequency Active Auroral Research Program, кыскача: HAARP. Бул системадагы нурлагычтар америкалыктар тарабынан Норвегияда, Тромсё аймагында, жана Аляскада, Гаккона согуш полигонунда курулган. Бул куралдын ээлери жер шарынын каалаган участкасында топон суу, кургакчылык, үшүк алып кетүү процесстерин чакыра алышат. Андан сырткары HAARP системасы жердеги аймактарга психотрондук таасир беруучу нурларды чагылдырууга жөндөмдүү. Жай башында болгон каргашалуу Ош окуяларында бул курал колдонулбаганына эч ким кепил болуп бере албайт. Бул курал массалык толкунданууну жаратууга жана адамдын психологиясын айбан кылып өзгөртүүгө жөндөмдүү.
Эми бул шек саноолорго орчундуу негиз бар. Менин жумуш кабинетимдеги микротолкундар менде агрессия сезимдерин жаратып жатты деген элем го. Менин оюмча, Батыштын геополитикалык саясатын ишке ашырыш үчүн, Орто Азиянын жашоочуларынын микротолкундардын жыштыгына жана модуляциясына болгон психикалык реакцияларынын компьютердик базасы топтолуп жатат. Мындай психикалык реакциялар ар кайсы улуттарда ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан чет өлкөлүк чалгындоо кызматтары "тажрыйба жүргүзүүчү кролик" адамдарга дайыма муктаж. Муну менен эмнени айткым келет? Азыркы геополитикалык кырдаалга байланыштуу, Кыргызстанга чон державалар абдан кызыкканынан, чет өлкөдө же чет өлкөлүк уюмдарда иштеген кыргыз жарандары бул коркунучтуу эксперименттерге билбей, укпай жүрүп, "тажрыйба жүргүзүүчу кролик" болуп түшүп калуусу мүмкүн. Бул эксперименттер адамдын ден соолугуна абдан зыян.
Мындай курал менен өлкөлөрдүн жашоочуларын зомби кылып, кул, манкуртка айлантууга мумкун. Өлкөлөрдүн башкаруучуларын жана көрүнүктүү ишмерлерин зомби кылып, өз өлкөсүнө кас иштерди жасатууга бул куралдын күчү келет. Чыңгыз атабыздын көсөмдүгүн карабайсызбы, бул коркунуч жөнүндө өзүнүн чыгармасында манкурт болгон Жоламандын окуясы жөнүндө жазып, психотрондук куралдын коркунучун аллегория түрүндө ошондо эле көрсөтуп. Мен да манкурт болдум эле, мени да душмандар кыйнады эле, мен зомби болуп оорудум эле, бирок бул ооруну жеңип, чет өлкөдөн качып келип, жалпы жумурай кыргыз элиме ушул окуяны жеткиргим келет.
Жердешим, Сизден суранаарым, ушул адамкерчиликтен чыккан, мыкаачы психотрондук эксперименттер жөнүндө айтсаңар жумурай журтка. Менин бул маалыматты таратууга финансылык кудуретим жетпей турат. Сизге Чынгыз Айтматовдун арбагы ыраазы болуп калаар, балким. Кыргыз эли манкурт болуп калуу коркунучунан сактаалар бекен.
Кыргыз Республикасынын атуулу.
Билдирүүнү түзөткөн: Antizombi: 19 Сентябрь 2010 - 17:59