Кыргыздан чыккан эң узун адам Жеңишбек учурда жардамга муктаж. Убагында жакшынакай басып жүрүп кант диабети оорусуна кабылып таяк менен басып калган алп жигит мындан эки ай мурун бир бутун кестирип, учурда такыр тура албай, эшикке чыгып жаздын күнүн көрө албай төрт дубалды тиктеп жаткан учуру.
Жеңишбек: «Бутум айыгып, эшикке чыгып калсам деп кыялданып атам»
– Жеңишбек, абалыңыз кандай?
– Абалым начар, бир бутумду кестирип коюп төшөктөн тура албай жатам. Кант диабетине чалдыкканымдан бери бутум алсыз болуп балдак менен басып калбадым беле. 2014-жылдын ноябрь айында босогодон таягым тайып кетип жыгылып бир бутумду кокустатып алгам. №4 шаардык ооруканага барсак бутум жоон сандан чорт сынганын айтышты. Дарыгерлер бутума операция жасашып, сөөгүм жукарып, жумшарып кеткендиктен сынган жерлерин темир менен катырып беришкен. Ооруканада 15 күндөй жатып үйгө чыгып келгем. Андан бир ай өтүп-өтпөй бутум катуу ооруп калды. Көрсө, темирлер бошоп, кыймылдаганда бириккен жерлер ажырап кетиптир. Бутум ооруп боздоп төшөктө беш ай жаттым. Кечке чалкамдан гана жатчумун, кыймылдасам катуу ооручу. Беш айдан кийин такыр чыдабай алым кеткенде дарыгерлерден:
«Бутумду кесип бериңиздер»,
- деп сурандым. Алар дароо кеспей көпкө жүрүштү. Мен суранып отуруп 14-мартта бир бутумду кестирип жан чыдагыс оорудан кутулдум.
– «Бир бутум жок кантип жашайм» деген ой болуп жаттыбы?
– Чынын айтсам, менде «беш ай сыздап ооруган бутту кесип салса эле жан кейиткен оорудан кутулам» деген ой болгон. Азыр бутумдун кадырын билип кейип жатам. Анткени эми бир орундан такыр жыла албас адамга айланып, үйдөгүлөрдүн жардамы менен зорго олтуруп калдым. Эшикке чыгуу дегенди түк унуткам. Далым уюп кечке жатам. Баспасам да эшикке чыгып эки жакты карап олтургум келет, эшикти сагындым. Жата берип азыр мага жашоонун деле кызыгы кетип калды.
– Бутуңузга протез салса болот бекен?
– Албетте, болот. Ал үчүн бутум жакшылап айыгып, өзүм да күчтөнүшүм керек экен. Азыр турганга шайым жок. Протез Германиядан жасалат турбайбы, эми ага каражат керек. Мен азыр протезди эмес, колясканы самап жатам.
– Тамакка болгон табитиңиз кандай?
– Бутум ооруп жатканда эч нерсе ичпей калгам. Кестиргенден бери табитим ачылып калды.
– Канча порция тамак жейсиз?
– Мага эки порция тамак жетет. Андан ашыкча деле жебейм.
– Кечке эле жатат экенсиз, кантип алаксыйсыз?
– Гезит окуйм, телевизор көрөм, интернетке кирем, айтор, таң атырып, күн батырып убакытты өткөрүп жатам. Жаткандан белим уюп, ички органдарым да ооруп калат.
– Боюңуз элден узун болгону менен сыймыктанасызбы?
– Албетте, Жараткандын берген белеги деп сыймыктанам.
Оору гана илешип алды да, болбосо азыр көп нерсе жасабайт белем. 2008-жылы кант диабети жармашып, 2009-жылы таяк карматты, ошондон бери алсыз болуп калдым. Азыр дайыма инсулин сайынып турам. Мен ооругандан бери жанымдан чыкпай мени менен кошо ооруган апамды аяйм. Бала үчүн эне гана түтөт турбайбы. Бутум ооруп боздоп жатканымда апам менден эки эсе кыйналды.
– «Үйлөнсөм» дечү элеңиз, бутуңузду кескенден бери кандай ойдо болуп атасыз?
– Үйлөнсөм дегеним менен оору менен алышып жүрүп 36га чыгып калдым. Азыр болсо ден соолугум жок болуп үйлөнүү тууралуу такыр ойлонбой калгам.
– Кандай кыялдарыңыз бар?
– Бутум айыгып, протез салынса өз алдымча эшикке чыкканга жарап калсам деп кыялданам.
Жеңишбектин апасы Жаңылкан апа: «Бир демөөрчү табылып балама коляска сатып берип койсо...»
– Жеңишбектин буту ноябрь айында сынды эле, ошондон бери көргүлүктү көрдүк. Дагы бир туугандары бар экен, кезек менен келип карап атышты. Азыр кичүү балам Жеңишбекке карап биз менен жашап багып жатат. Бутун кестиргенге кейип, ыйлап-сыктап калам. Эне менен баланы Жараткан өзгөчө жакын кылып жараткан турбайбы, балам кышы менен буту ооруп ыйласа ыйлап, сооросо соороп жаттым. Кичине баладай эле карайм. Эми коляска алып беришсе болот эле. Кыргызстанда бир бою узун бала бар экен, мамлекет башындагылар ага да кам көрө албай жатышат. Болгону 3 миң сом пенсия беришет, ал эч нерсеге жетпейт. Анда-санда соцкызматкерлер 1 кг шекер, 1 литрден май берип коюшат. Доктурлар “Жеңишбекке аябай күчтөп тамак бергиле, алы кетип калыптыр” дешкен. Колдон келишинче уйдун этинен шорпо жасап берип атабыз. Каны көбөйсүн деп таттуу кылып бозо салып бердим эле, бутун кестиргенде ошол бозо жардам берип көп өңүнөн азган жок. Жеңишбек ооруп өлөйүн деп калганда Конок Өскөнбаев деген азамат Бишкекке алып келип ооруканага жаткырып жанын сактап калган. Жеңишбек жаткан Воронцовкадагы оорукананын жетекчиси Шермамат Раимбекович экөө өкмөткө арыз жазып, чуркап жүрүп ушул тамды алып беришти. Азыр ал Конок да сыркоолоп ооруканада экен. Ошого окшогон жакшы демөөрчү табылып коляска сатып берип койсо сонун болмок. Балам эшикке чыгып-кирип турганга жарап турса эле болот эле. Үй-бүлө да кура албай калды. Эми буга ким тиет? Ден соолугун эле тилеп олтурам. Пенсиясын 10 миң сомго чейин көтөрүп берип коюшса ичкен-жегени кенен болмок. Ал үчүн кайда барып, кимге кайрылам, билбейм...
Жардам берүүнү каалагандар 0550 47 47 35 номерине байланышыңыздар.
Динара ЧОКОЕВА
Баракча 1 - 1
Узун бойлуу Женишбек бир бутунан ажырады.
#2 26 Май 2015 - 18:00
Эхх батырак айыгып кетсе экен. Дуйнодо баарынанда апа кымбат экенине дагы ишенип турам.Алты мучобуз сак болуп жаралып калганын шугур кылышыбыз керек.
#3 01 Июнь 2015 - 21:42
бугун 1июнь каза болуп калды
.жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
.жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
#6 01 Июнь 2015 - 22:04
Жаткан жери жайлуу болсун. Жаратканым бейишинен насип кылган болсун.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#8 02 Июнь 2015 - 06:15
Женишбек каза тааптыр жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#9 01 Октябрь 2015 - 15:51
Баракча 1 - 1