Каргыш.
Жанр-детектив,
триллер, мистика, мелодрама.
Автор; Димедра.
-Жыйыштыр кайдагы болбогон сөздөрдү. Бүгүн кечинде Супарага өтөсун, сөз бүттү.
-ата менин жумуштарым чынында эле маанилүү, кийин менин көңүлүм кимде экенин айттым. Мен келечегимди ал менен гана көрө алам.
-кайдагы келечек, артис менен да келечек болчу беле. Алар куурчак кимдин колунда экени айырмасы жок, ойно десең ойной беришет, жубай болчу жандар эмес. Эгер кааласан үйлөнүп алып да ойной бер тиги курчагынды,
ал эч кайда качпайт.
-Ата мени өзүн менен салыштырба,
бирөөнүн кызын алып зым тордо сактап. Ким билет менин апам да андай азапка чыдабай өз жанын кыйгандыр. Мен тиги сен айткан досундун чиренген кызына үйлөнөт деп ойлобо, сенин эле жашоомдо бар экенин жетишет дагы бир көзөмөлчү керек эмес. Андан көрө көчөдөгү селсаякты алып алганым жакшы.
Азат атасына кантип каяша айтып алганын өзү байкабай калды. Бул өмүрүндө биринчи жолу үнүн катуу чыгаруусу болсо керек атасына.
Тагдыр калчылдап кетти, бар күчү менен баласын жаактан ары чаап жиберди эле тиги камгактай учуп барып полго кулап, мурдунан аккан кан килемге жайыла берди.
-Акмак! Сен эмнени билмек элең. Селсаяк болсо селсаяк, деди да уулун аттап чыгып кетти.
Ал күнү чакырылган конокторго уулу жок жалгыз келди Тагдыр. Анын жанында уулун көрө албаган досу жубайы экөө кызыктай абалда отурушту. Кечээ бир нерсенин башын кылыйткандай "үй булоонду бүт алып кел, жакшылыктын башталышына баарыбыз күбө бололу" дебеди беле, андан улам жакында Лондондон окуусун бүтүп келген бойго жеткен кызын да бирге алып келишкен. А Тагдыр болсо жалгыз тосуп алып жатат, уулу тоготпой койгонбу же бир күн ичинде өзүнүн ою озгорулуп кеткенби түшүнүксүз эле тигилерге.
Чыныгы кыргызча стилде жасалган бул ресторанда эс алууга ар кимдин эле күчү жете бербейт, болгондо да эч кандай себепсиз эле конок чакырып. Бул жерге чоңдорду же алыстан келген уятту конокторду сыйлоо үчүн келишет, же Тагдырга окшогон байлыгынын эсебин билбеген адамдар гана туштонууго,
болбосо түнкү тамакка эч себепсиз эле конок тосуп турчу жай. Анын азыркы чакырылган коноктору мындай сыйына ыраазы болуп ундобой кете бере турган инсандар эмес, Тагдырдай эсепсиз байлыкка ээ болбосо да бүт өмүрүнө жетээрлик жыйып койгон ашы бар, мындай жайга чакыруусуз эле өзүнчө келүүгө күчү жетчүү адамдар. Эч бир себепсиз чакырылып, бир ооз маанилүү сөз чыгарбай узатып койгонуна жандары кашайып баратышты.
-Бул эмне садака бергениби? Же үстүбүздөн кулгонубу? Бизди толук чакырып алып жалгыз келгени аз келгенсип, бир ооз маанилүү сөзү жок. Эмне анын уулу бизди тоготпой койгудай абалга түштүк беле. Кудайга шүгүр мойнунда башы бар, караган көздү суктандырган,
анын текебер эссиз уулун эмес мен-мен деген падышаларды акылдан адаштырчуу акылы бар кызымдын, деп сүйлөнүп унаага отуруп жаткан жубайын тыйган болду күйөөсү.
-эмне эле болуп жатасың? Эмне ал сени сойко салдыга чакырды беле. Жөн жай келип кеткиле деген, уулунун жумушу чыгып калгандыр. Тоготпой койгудай эмне, келбедиби өзү.
-Ооба, бизге боор ачып келгендиги үчүн рахматымды айтып бутун опконду унутуп коюпмун. Сенин абалын андан төмөн экени эсимден чыккан турбайбы, деп чукчундап отуруп калды аялы.
-ай ушу сени, анын бизден башка да көйгөйу бар, үйүндө маанилүү жумуштары бардыр.
-анда ошол үйүнө эле чакырса өлөбү. Деги мунун эч кимди тенсинбейт,
бир да адамды үйүнө киргизбейт үйү жок сыңары, же эмне казынасын уурдап кетет деп коркобу. Ошон үчүн аял тутпойт да мунуна, бири өлүп тынды, экинчиси качып жоголду. А балким жакшы эле кызыбыз ал үйгө барбай калгандыр, кандай күндү көрмөк Кудай билет.
Аялынын кыялын жакшы билгенге айтышып айдоочунун алдында уят болбоюн дедиби же анын айткандарын туура көрдүбу айтоор бул саам жооп кайтарган жок. Чындап эле экинчи алган аялы кайда болду экен. Тагдыр эле болсо аны качырып тим койбой калсын, жердин жети түбүнөн болсо да таап келмек да. Кийин ушунча байлыкты таштап да катын качабы. Эмне эгер олтуруп жигин билдирбей тазалап койгон болсо. Ал жубайынын деле сурап алаары бар эле го, алар эмне ундобой отурушат анда, колдорунан эч нерсе келбей турган инсандар эмес эле, акча берип алардын оозун да жаап койгонбу. Деги мен ким жөнүндө ойлоп жатам, ким эле Тагдырга тең келе алсын, тынч отур дегенде тынч отуруп калышты да кайнаталары да. Ал жагын ойлонбой эле кызымды карматып жиберүүгө даяр келген экенмин, эгер менин кызымды бир нерсе кылса мен эмне кыла алмак элем, Тагдыр ким да мен ким. Ырас эле баары биз ойлогондой болбой калды деп тообосуна жанып баратты.
Тагдыр чакырылган меймандарды узатып коюп, өзү кетпестен ал жайда бирөөнү күтүп отуруп калган. Аңгыча ал отурган столго жашы кырктарга барып калган сулуучумак келген шынга бойлуу ишеним арттырчуу жүздүн ээси болгон жигит келип, он колун сол көкүрөгүнө коюп ийиле салам берип туруп калды. Качан гана Тагдыр кол жансап маңдайындагы отургучту коргозгондо тиги андан орун алып отурду.
-Акжигит бала чака тынчпы?
-Шугур Тагдыр Акбарович, деп ашыкча сөз сүйлөбөй отурган жигитке купулу толо карап коюп сөзүн баштады.
Бул жигиттин жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн жогору баалайт Тагдыр, ал эч качан эмнеге? Кантип? Деп сурабайт, өзү жактоочу болгону менен Тагдырдын башка, мыйзам менен байланышы жок да жумуштарын эч бир кынтыксыз бүтүрүп жүрөт. Бул үчүн татыктуу акысын алат албетте, ошентсе да анын колунан келбей турган нерсе жок. Кийин Тагдыр ушул инсанга толугу менен ишенип өзүнүн жеке жашоосу менен да болушо алат, анын оозу башкага ачылбасына көз жетип. Ошондуктан Акжигит бул эч кимдин тиши отпос, падыша болбосо да бийликтегилерди коендой жүгүртө алчуу инсандын жашоосунда болуп жаткан көп нерседен кабардар.
-Акжигит, мага селсаяк, бараар көрөрү жок көчөдө түнөөчү кыздардан таап кел. Буту колу кыйшык эмес, өтө семиз да өтө арык да болбосун, терисин сыйрып жаңы тери чаптаса өңүно чыкчуудай болгону жакшы. Кана сенин табитинди да билип көрөлү, деп сынагандай алдындан карап күлгөн болду. Ал канча жылмайса да ичиндеги кекээрдуу үн жаңырып турган эле.
Акжигит көнгөн адатында суроо сопкутсуз дароо башын ийкеп тапшырманы алганы менен, азыр абдан эле кызыгы артып себебин сурагысы келип турду. Демейде адамдын башы үзүлүп жерде тоголонуп жатса да кенеп, алды артынан кыйынчылык тооруп саткынчылар көбөйгөн учурда да камырап койбогон өзү тааныган Тагдыр Акбаровичтин оюна түшүнө албай жатты. Мынчалык тишинин арасынан кыжырынганына караганда өтө маанилүү иш болгонго окшойт. Бирок канча аракет кылып оозун таптаса да батынып сурай албады.
Алдындагы тамакка карап отурган Тагдыр да жеңил дем алып алды. Ал Акжигиттин туйшолуп отурганын байкап, азыр суроо салып өзүн иренжитип коюшунан чоочулап отурган. Бул жигит ал үчүн айтылган ишти так аткарыш үчүн гана керек, сурак салып акыл айтыш үчүн эмес. Кудай жалгап бул ирет да Акжигит дайынкыдай өзүнүн зынкыйган калыбын бузган жок.
Эртеси таң эртелеп эки унаага толтуруп он чакты кызды жүктөп Тагдырдын жашыруун иштери бутчуу жайга келип түшүрүп ичкери киргизип жатып өзүн бирөө көзөмөлдөн өткөрүп карап турганын сезди. "Болушу мүмкүн эмес, бул эмне уктабайбы же менин устумдон да андуу койгонбу алдымдан тосуп чыкканына караганда"
деп ойлоно башын жогору көтөрүп терезеге карай берип, чындап эле темир жалюзини эки манжасы менен түртүп жылчыктан өзүн карап турган Тагдырды көрдү. Башын ийкеп он колун сол көкүрөгүнө алып салам берген болуп, кыздар тарапка жүзүн буруп карачы канчоону таап келдим тандоого койгудай дегенсип кайра башын которсо терезедеги жалюзи эчаак жабылып болгон экен. Күтүп отруунун кажети жок, ал киши түшүп келбесин билет, өзү анын бөлмөсүнө чыгып баруусу керек көп куттурбой, болбосо иш чатагына айланып кетиш ыктымалы бар. Акжигит короодогу жигиттерге кыздарды кайтартып коюп өзү шаша Тагдырдын бөлмөсүн көздөй бет алды. Албетте акчаны кочуштап алып жаткандан кийин ага татыктуу кызмат көрсөтүүсү абзел, керек болсо ит болуп уруп жерге жатып оона десе да жарашат анча акча берип жаткан адам.
Акжигит менен Тагдырды тагдыр өзү жолуктурган.
Мындан туура 20 жыл мурун кичинекей Азат гилтейген унаадан түшүп апама барам деп жол менен бир болуп чанырып эч кимге ээ жаа бербей баратканда алдынан жаш жигит чыгып кармап калган. Тагдыр жакында жерге берилген жубайы тууралуу өткөн сот отурумунан чыгып баратып кокустук болуп журналисттердин курчоосуна түшүп калып бошоно албай турган учурда анын кароолдору кичине баланы кантип эпке келтирээрин билбей эстери эки болуп жатышкан. Ал кезде жаңы жыйырмага кирген кырчындай куракта кычыраган Акжигит ал ортодо жүргөн эле, ушул Свердловск райондук сотунда практика өтөп жаткан. Туштонууго чыкса керек, кайра кайтып келе жатып жанагы окуяга туш болуп калып жатпайбы. Кичине баланын артынан жүгүргөн эки гилтейген адам эки тарабында аны кооруп баратышат бирок жолун тосо алышпайт, Азат болсо чуркап келип ушул Акжигиттин бутун кучактап токтоп калган куткар дегендей. Аны жерден так көтөрүп ала коём деп, бир саамда колдору артка алынып өзү жерге комкорусунон жатып калганын байкабай калды. Ызы чуудан улам бардык журналисттер менен бирге жетип келген Тагдыр окуянын чоо жайын угуп жерде жаткан жигитти коё бергиле деп жигиттерине буйрук берип бошоткон. Ал журналисттердин жабалактап берген суроолорунун бирисине да жооп бербей, кадимки өзү курактуу балдардай болуп актанып да отурбай басып кеткен. Ошол бир саамдагы кыймылы менен Тагдырдын купулуна толгон экен азырга чейин коё бербей жүрөт. Туура Акжигиттин эмне жетишкендиги болсо анын артында Тагдыр турат, ал үчүн күчүн да акчасын да аябады, анын жаш тажрыйбасы жок экенине карабай окуусун бүтөрү менен өзүнө жактоочу кылып алып өлкөдөгү саналуу атактуу юристтердин катарына кошту. Бирок ал да карыздар калып кеткен жок, кандай маселе болбосун жок дебей аткарып келе жатат.
Азыр тепкичтен жогору көтөрүлүп бара жатып ушуларды акылынан өткөрүп, Тагдыр капа болгудай же шек санагыдай нерсе жасабагындыгын,
коркууга эч себеп жок экенин ойлоп денесин бош таштап анын алдына кирип келди.
-Кыздарды таап келдим Тагдыр Акбарович, өзүңүз көзөмөлдөн өткөроорсуз,
акыркы тандоо сизде эмеспи. Жанатан бери кыйналып жатып араң ушул сөздөрдү таап айткан, Тагдыр аны кулагынын сыртынан кетирди.
-тиги кучук жок, кечинде келбеди. Кечээ бир аз мени капа кылып койгон, ошого менин жүзүмдү карай албай үйгө келе албай журсо керек, таап адам кылып алып келчи, бул нерсе сенин гана колундан келет, деди чарчанкы.
Акжигит адаттагыдай үн сөзсүз башын ийкеп кезектеги тапшырманы аткарууга жөнөп кетти...
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Каргыш Детектив, триллер, мистика, мелодрама.
#3 12 Январь 2019 - 02:00
Бул учурда Азат өзүнүн жеке батиринде сүйүктүүсү Айкеранын кучагында жаткан.
Кече күнү атасынын айтканына каршы чыгып каяша айтканы менен анын дегенин аткарбашка аргасы жок экенин түшүнүп, ал аргасыздыкты арак менен басып мас абалда үйүнө бара албай ушул жайда түнөп калган. Бул батирин өзүнөн башка эч ким билбейт деп ойлоп жүрөт албетте сүйүктүүсүнон тышкары, бул ою менен өз атасын али да тааныбай турганын далилдеп. Душманынын жүрөгү мүнөтүно канча ирет согоорун билген Тагдыр өз уулунун дем алган абасынын даамын билбей калмак беле.
Көзүн ачып жүзүнө ачык тийип турган күндүн нурунан уяла кайра көздөрүн жуумп алды. Кыймылдайын десе денеси оор тартып үстүнөн бульдозер өтүп кеткенсип талыкшып калыптыр. Аста секин акылын ойготуп эмне болуп кеткенин эстоого тырышты. Ооба мурду канап полдо жатканын билет, азыр атасы колунан тартып тургузат деп күтүп жатканда анысы үстүнөн аттап бөлмөдөн чыгып кетти. Демек ал өзү ойлогондон да жаман иш жасап алган, Тагдыр анын канжалаган жүзүнө үйрүлүп карап койбогонуна караганда. Өзү атасы эч качан жумшак сүйлөп эркелетип остурбогон, бирок анын көздөрү кечегидей каардуу карабаган эле аны. Атасынын катуу шилтенген кадамынын доошу алыстап, угулбай калганда гана ордунан көтөрүлүп жуунчу бөлмөгө өттү, өзүн иретке келтирүү үчүн. Жүзүн бир сыйра сууга чайып алып күзгүдөн каранып өңү өз атасына окшоштугун көрүп чочуп кетти. "Жок, мен сендей болбойм, мен таш боор эмесмин. Башкалардын оюн да баалап, өз балдарымдын каалоосу менен да эсептеше турган ата болом" деп сүйлөнүп алды өзүнчө. Жаш да, жашоо менен каалоонун айырмасы болоорун түшүнбөйт, Тагдыр эле азыркы абалына самап жүрүп жеткенсип. Балким атасынын өмүр таржымалынан кабары болгондо азыр мындай демек эмес. Өзү эле эң оор турмушта жашап өскөндөй сезилсе керек апасыз, анын атасы да атасынын атасы да ушундай эле жашоону баштарынан өткөргөнүн кайдан билсин. Ал жерден чыгып эч бир кызыгып басып көрбөгөн, Тагдыр менен ашпозчу аялдан башка адам басып кирбеген бөлмөгө бет алды. Ал бөлмөгө кирүү үчүн сыртка чыгып чоң үйдү айланып өтүп арка тараптагы эшиктен кирүү керек, мына Азат зерикпей ал бөлмөгө келди мындан башка жумушу жоктой. Каалгасы кулпулануу болсо керек деп ойлогон, жок ачык экен, оор темир каалаганы тартканда эле ачылып кетти а бирок анын ичинде да темирден болгон торчо бар экен кудум абактагы кааналардыкындай. Бөлмөнүн ичинде жерде төшөлгөн калың килем жана тошончу жууркан төшөктөн башка эч нерсе жок. Анын дубалдары ак кара болгон шахматтын доскасындай боелуп жасалгаланыптыр, шыпка караса ошондой эле стилде болгону түстөру башка ак күрөңго боёлгон экен. Жада калса жерде төшөлгөн килемде да ушундай сүрөт, негедир ортодо шахмат фигураларынан кара түстөгү хан жана ак пешка тушурулуптур башка фигуралар жок. Бөлмөнүн ичине бир сыйра көз жугурткучо эле башы айланып кетти Азаттын. А анын ичиндеги чачы таздай кырылган арыктап сөөгү эле калса да жүзү качандыр ааламда жок сулуу болгонунан кабар берип турат, колдору ак кийимдин ичинде катылуу аял килемдеги ар клеткага бирден секирип, сырттан ким келгени менен иши жок өзү менен өзү сүйлөнүп басып жүрөт. Бул аялды тааныйт Азат, ал мындан 15-16 жыл алдын атасынын арзып тапкан махабаты болгон. Атасы ээрчитип кирген аялды карап мындай сулуу жумушчуну кайдан таап алган деп ойлоп койгон, ал кезде 12 жашта болсо керек. Анан эле кеч атасы экөө гана отуруп тамактанчуу столго бирге отуруп алганына түшүнбөй карап калган, алдын эч качан үй кызматкерлери бирге столго отурбай турган. Тамагын аста кырып сөз баштаган Тагдыр бүгүндөн баштап Жаңыл анын мыйзамдуу жубайы экенин, ага татыктуу сый мамиле жасоосу керектигин айтып оозун ачырган. Абалга анча түшүнө бербеген жаш бала, бул мыйзамдуу аялын ушуга чейин кайда катып жүрдү болду экен деп ойлоп койгон, атасынын жаңы үйлөнгөнүн кайдан билсин. Жаңыл 5-6 жылдай алар менен бирге жашап жүрүп, кийин Азат Кошмо штатка окууга кетип келсе эле көрүнбөй калыптыр Кийин анын катуу ооруга чалдыкканын ушул бөлмөдө тураарын уккан, аны да көптөн бери ушул үйдө кызмат кылган ашпозчу аялдан. "Ал жакка барбай эле кой" деп да эскерткен, ансыз да Азаттын барайын деген ою жок болчу, ооруса ооруп жатыптыр да деген кош көңүл ой менен. Бирге жашаган учурда деле экөө анчалык жакын эмес болчу. Кийин жашоого алаксып бул бөлмөнү эсинен чыгарып койгону менен сулуу аял эмне оору менен ооруй турганы ойлондуруп калчуу кээде. Мына эми аны өз көзү менен көрүп отурат. Качандыр өзү тааныган сулуу аял бул абалга кантип түшүп калган? Ушул бөлмөгө камап коюп ушундай кылдыбы же бул абалга түшкөндөн кийин бул бөлмөгө жайгаштырдыбы? деген ойлор менен темир торду бекем кармап андан көзүн албай көпкө турду. Ошондо да тиги аял ал жакты бир карап көңүл буруп койгон жок. Кайрадан оор темир каалганы жаап ал жерден алыстаганга шашты Азат, өзүнүн атасы ушундай жасаганына ишене албай жүрөгү титиреп баратты.
Азыр жумшак керебетте жылуу бөлмөдө жатып да аны эстегенде ушуп титиреп кетти. Айтканын эки кылбай аткарып жаным деп журчуу инсанды ушул абалга алып келген болсо Айкера ал үчүн эмне болуп калыптыр, көзүн ирмебей туруп жок кылып койбойбу деп ойлонгондо талыкшып турган денесине жан кирип ордунан атып эле турду. Караса жанында ал жок, жүрөгү оозуна каптала түшүп кайра айланага кулак төшөсө ашкана тараптан жагымдуу жаз музыкасы менен бирге туркага кайнатылган кофенин жыпар жыты чыгып турат. Деми басандап эс ала түштү, демек ага эч нерсе кылбаган. Аста басып ашканага баш бакса сүйүктүүсү бийик барда коюлчуу столго отуруп алып терезе тарапты карап кофеден татып коюп отурган экен. Кандай керемет жан эле, үстүнө Азаттын ак койногун кийип алган экен бир эле жакшына жарашып калыптыр, кудум ал көйнөк ушул күн үчүн тигилгендей. Кыска кыркылган чачы суу болуп азыр эле суунун алдынан чыкканы билинип турат, ага карап суктанып туруп болуп өткөн көйгөйдүн баарын унутуп кучагына кысып жыпар жытына тоймокко бутунун учу менен жанына басып келди. Айкера артында көзү бардай ал жеткиче ордунан туруп жылмая күлүп жылып кетти.
-туура кыласың, арак жыттанган адамдын жанында туруу сага жарашпайт.
Анын бул сөзүн укпагандай түр менен жылмая карап,
-кофе демдейин, таңды татыктуу тосуп алалы, деди.
Азаттын башы шылкыя чыгып кетип, суунун алдында туруп айтуучу сөзүн камдап алып кирип келип отурду. Айкера аны таарынып калды дедиби куурулган жумуртканы алдына коюп, жыпар жыттуу кофесин бир колу менен суна экинчи колу менен суу болгон чачынан уйпалап койду.
-кандай болгонундан айырмасы жок, жанымда болсоң болду.
Бул сөздөрдөн кийин Азаттын олбогон эле төрт шыйрагы калбадыбы. Кантип мындай акылдуу жанды кыя алат, атасы айткан башка артистерчилеп ичимдик ичип же катуу күлүп журчуу ойнок кыздардан эмес. Бир эле жолу көрүп таанышууга макул болгондо сөзсүз жактырмак. Айкера алардын чөйрөсүнө ылайык тартиптеги кыз эле. Ушул керемет жандан баш тарт деп жатпайбы. Андай кылбай да коё албайт, атасы байлыгын таштабаса өрттөп жиберсин эле болгону ал бул кызды тынч жашатат деп ишене албайт. Кыз жигиттин мунайым көздөрүн эми байкап жүзүнөн сылай,
-Азат эмне болду, мен биле турган маселе болгон болсо баарын ачык айт, антпесе мунайба, деди. Кантсе да акылдуу жан эмеспи, жигитинин башка маселе үчүн өзүнүн алдында мынчалык суз тартпашын билет.
-мен сени суйоорумду билесиң деп алыстан сөз баштаган Азат эмне деп айтышын билбей буйдалып турганда Айкера жардам берип,
-болгонун болгондой сүйлө деди.
-атам мени уйлондурмокчу, башкасына.
Кыз анын жүзүн аста сылап боор ооруган көз караш менен карап коюп аста ордунан туруп учурдагы боло турган сынакка даярданып жаткан нота баракчаларын жыйыштырып, кийимин алмаштырып, болгон буюмун алып батирден чыгып кетти. Жанатан бери каккан казыктай бир орундан жылбай отурган Азат ал чыкканда артынан чуркап чыкты.
-Айкера!
Кыз бурулуп артын карап мунайым тарткан көздөрүн жуумп он секундадай турду да кайра алдыга карай басып кетти.
Мына бүттү баары! Болгондо да кандай. Мындай тынч үнсүз кетип бычаксыз муздагандан көрө ызы чуу салып башкаларчылап кыйкырып Азатты күнөөлөп каргап кетсе жеңилирээк болмок. Эми анын артынан басып бара да албайт, буттары жипсиз тушалды да калды. Бирок бул Акбаровдорго татыган кызга андай кылык жарашмак эмес, булардын чөйрөсүнө кирүүгө так мына ушундай гана айкол аял укуктуу.
Азат батирдин каалгасына жолонгон боюнча шыпырылып ылдый түшүп жерге отуруп калды, ыйлайын десе көз жашы да жок өзүнө окшоп катып калганбы, чыкпайт. Денеси болсо ачышып ооруп чыкты кудум бир үзүм этти алып ыргытып жибергендей. Эми мага жашоонун кызыгы жок деп кайталап отуруп баарын баштан эстегенге өттү. Көзүн жумуп алып экөөнүн биринчи таанышкан күнүнөн баштап эстей баштады. Кошмо штаттан жаңы келип атасынын жанында жүрүп, теледен көп көрүнүп гезит бетинен түшпөй элге өлкөдөгү эң бай адамдын мураскери катары тааныла баштаган учур. Көчөдө тике басалбай, кыздар артынан аңдып бура бастырышпайт. Өзү жаштайынан эле корунуп жашаган жашоого көнгөн, алар кече эле бай болуп калышкан жок да, ал өзүн тааныгандан эле ушундай жашоо болчу, болгону жаш куракта кыздардын мындай аңдып жалдырай тиктегендери жок эле. Бирок чет элде ээн эркин жүрүп калган бала бул жакка кайра келгени дагы жанагындай корунма жашоодон, жалгыз жүрө албай дайым кайтарууда жүрүүдөн тажап кээде эркин болуп жападан жалгыз калууну эңсөөчү. Андай күндөрдө жанындагыларга жалгыз калтыруусун буюруп айдоочуну да түшүрүп жиберип өзү ролду башкарып жөнөп кала турган. Ал күнү да ошол адаты кармап шаардан сыртты көздөй чыгып кетүүгө ашыгып алдындагы кара мерседес бенз w205 үлгүсүндогу унаасын жулкуп айдап бараткан, Жантошов көчөсүнөн бара жатып Бубусара Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайынынан өтө берип жолдон өтүп бараткан бир караанды сүзүп алууга аз калып токтоду. Ансыз да жаны кашайып турган неме унаадан түшүп барып адамдын жүзүнө да карабай туруп катуу кыйкырып уруша баштады, өзүнүн ким экенин да эстен чыгара.
-көзүн барбы, бул жерде эмне жөө адам өтүүчү белги турабы. Сенин айындан катуу балээге кабылаарыма аз калды. Өзүңдүн өмүрүн ойлондурбаса башкага тоскоол болбой журбойсунбу!
Жерде чачылган ак кагаздарды жыйнап жаткан кыз анын эмне деп сүйлөп жатканын, дегеле эмне болуп жатканын да капарына албай, колундагы кагаздарды улам бирин карап үйлөп ылай болгон жерлерин тазалап, өзүнчө бир демелерди кобурап жатканын көрүп андан бетер ачуулана чыканактан катуу тарта коюп таң кала карап туруп калган. Кыздын айдай тунук жүзү сууланып, мончоктой көздөрүндө молтур жашы мына-мына кулаганга даяр турган экен. Ал Азатка ызаалуу карап,
-мен сынак тапшырууга кечигип жаткам, бул ноталарым да булганып калды, эми эжей кабыл албай койсо эмне кылам, деген ыйламсырап.
Азатты таң калтырганы ал кыз өзүнө башкаларчылап жабышпады, анын унаасына суктанып эмес жөн да карап койгон жок.
-кой ыйлаба, сенин атың ким? Каалайсынбы мен сени менен бирге кирип эжейине тушундуром.
-ага сенин түшүндүргөнүн керек беле, сынак тапшырчуу мен болсом.
Анын бул жообу андан бетер өзүнө тартты.
-сен мени тааныбайсынбы?
Кыз анын жүзүнө тигиле карап туруп,
-Брэд Питтке ойшобойсун, деди.
Кыздын бул жообуна Азат күлүп жиберди, кыз да бырс эте ууртундагы уячасын коргозуп күлүп койгондо анын жылмаюсу көз жашынан алда канча жагымдуу көрүнгөн. Азат андан ары сөзүн уламакчы болгондо кыз кол саатына карап чуркап кетип калган. Кийин ал алмончоктой кызды эсинен чыгара албай жүрүп акыры тапты, көрсө ал жаш болсо да өлкөгө атагы чыгып эле калган ырчы кыз экен. Анын табышмактуу аруу дүйнөсү Азатты биротоло өзүнө байлап алды. Анан эмне, атактуу ырчы болуп туруп сынакка ушундай көңүл бөлүп андан өтпөй калам деп корккон адамдын дүйнөсүн аруу дебей эмне демек эле. Ал чындап эле Азат тууралуу эч укпаганын, байлардын жаашоосуна кызыкмак тургай андан коркоорун айтканда жигит биротоло андык болуп берген эле. Өзү да ушундай аруу сүйүү жонундо кыялданчуу, ал сүйүүсү менен эки жыл бактылуу күндөрдү өткөрүптур. Айкеранын ар бир койгон кадамы жагымдуу, сүйлөгөн ар бир сөзү таттуу эле, эми андан куру жалак калды.
Ушуларды ойлоп отуруп кандай көзүнөн жаштар таамп кеткенин баамдабай калган экен. Сууланган жүзүн артып көзүн ачса бет маңдайында тепкичтин кармагычына жөлөнүп Акжигит турган экен. Кызык бул канча убактан бери бул жерде турду болду экен, а баса бул жайды кайдан таап келген, атам менен бирге келдиби, ал кайда? Айкераны чыгып баратканда тутуп алдыбы деген ойлордон селт этип денесин муздак аралап кетти....

#4 13 Январь 2019 - 01:56
Ураа, Димедрадан жаны чыгарма. Үзбөй бат баттан жазып турунуз сураныч.
#5 13 Январь 2019 - 14:53
-Мен жалгыз элемин, деди Акжигит анын оюн окуп койгондой.
-кайдан келдиниз?
-атаныздын жанынан, ал сизди алып келуумду буйруду.
-түшүнүктүү, деп колдорун түшүрө шалдая ичкери карай кирип кетти Азат, атам болбогондо мени кайдан тапмаксын дегендей.
Акжигит да карап турбай анын артынан кирип келген, Азат муздаткычтагы сыраны алып чыгып ачууга камынып жатканда ал бөтөлкөну анын колунан алып койду. Бул экөөнүн мамилеси жөн гана тааныштай эмес андан бир топ жакын боло турган, ошентсе да бул кылыгы аша чапкандыкка жатып калды окшойт. Акбаровдун үйүнө уруксатсыз кирип келгени аз келгенсип, жасай турган кадамына да киришип жатпайбы, атасынан башка кимдин мындай кадам жасоого укугу бар. Бирок Акжигит да өз баасын билет, ал тоготчу адам бул алдында турган жаш жигит эмес, чачын ак аралаган бир колу менен уу берип экинчиси менен суу сунган Тагдырга гана баш ийет. Азыр да анын атынан келип жаткандыктан, айтылган тапшырманы аткаруу үчүн баарын жасайт, керек болсо бул жигиттин колу бутун танып болсо да алып кетет.
-эй жигит, сен кимге очошуп жатканыңды түшүнүп турасыңбы? Ал сенин атаң гана эмес сенин келечегиндин да ээси.
Акжигит эми официалдуу кайрылуудан кадимки достук мамилеге өттү. Азат кээде буулугуп болбой калганда Акжигиттин так мына ушундай сөздөрү эсине келтирип койчу.
-Эми мага баары бир, маа десе кууруп жесин мени.
-тур да кийиминди алмаштыр, азыр барып атандан кечирим сурайсын. Эмне болгонун билбедим го бирок ойлон, анын сенден башка эч кими жок, а сенде болсо жок дегенде жаштык бар, үмүт бар. А Тагдыр Акбаровичтин үмүтү да жашоосу да сенсин.
-урдум ушундай жашоону, өз каалаган адамын менен бир боло албасан, каалагандай отуруп тура албасан андай жашоонун эмне кереги бар я айтчы. Сага жагып жатабы атамдын ченеп берген абасы менен дем алыш. Хе, мен эмнени айтып жатам, ал жок дегенде сенин тошогуно киришпейт эмеспи.
Акжигит аста барып столго отуруп калды.
-Демек сенин сүйгөн кызын ага жакпай калган.
-Хм жакпай де, ал анын ким экенин да билгиси жок. Кайдагы өзүнө окшогон жансыз темирге уйлондурмокчу.
-сен каршы болдун.
-Ооба, андан көрө селсаякка үйлөнгөнум жакшы дедим.
-седсаякка де?
-Ооба, а эмнеси бар экен, атамдын уч өмүргө жетчүү байлыгы бар эмеспи, ага дагы байлык кошуунун кандай кажети бар. Селсаяк да жакшы тандоо, темир кызга караганда.
-анда каалоон орундалганы калыптыр. Журу батыраак, келечек келинчекти куттурбой.
Азат анын сөзүнө түшүнбөй калды.
-кайдагы келинчек?
-тапкан экенсиң кыялынды көрсөтчүү адамды. Эми анын үзүрүн көрүү убактысы келди көрүнөт.
-түшүнүктүүрок сүйлөсөнчу.
-сүйлөбөйм, көргөзөм. Бол батыраак, деп шаштырып үйдөн алып чыкты.
Подьезден чыга бериште күтүп турган гилтейген жигит ооздо турган унаанын арткы эшигин ачып даяр туруп калды эле, Азат ага карабастан барып Акжигиттин унаасына отуруп алды аны менен бирге, тигилер айла жок алардын артынан жүрүүгө мажбур болушту. Жолдо баратып Акжигит Азаттын мээсине куюп жатты.
-Турмуштан наалыба. Сенин ордунда болууну канчалар кыялданып жашаашарын бил. Ушундай имперяны башкаруу үчүн кудум сенин атаңдай адам болуш керек, ал империя келечекте сеники. Алдагындай кыял менен бары жоктон кур каласын. Эгер билсен ал мурассыз сен эч кимге керек эмессин, жада калса сүйүктүүн да сага карап койбойт мага ишен. Андан көрө атаңдын айтканын аткар, ага каршы чыкпа. Озун айткандай тиги темир катындан көрө селсаяк жакшы, каалаган убакта эч кыйынчылыксыз кутула аласың. Атандан кечирим сурап, айтканын аткарсан жеңиш жакын. Үйлөнгөн адам эмне ажыраша албайбы. Андан көрө тездет баарын, сүйүктүүн менен бир болгун келсе. Атаң азыр селсаяк кызды сага даярдап отурат, эгер мен аз да ал кишини билген болсом айтканын аткарат, сени тарбиялаш үчүн да, ошондуктан азыр баш тартуунун эч мааниси жок. Бирок бул нерсеге олуттуу карап жатат деп ойлобойм, болгону сага сабак болсун деп жатат, тойго чейин эле айтканынан кайтат болбосо тойдон кийин деле көпкө узабайт. Кантип эле жалгыз баласын бир селсаяк менен калтырып коймок эле, болгону сенин өзүнө болгон сыйын текшерип жатат. Сен атаңды биринчи орунга коерунду, кандай болгон ченде да аны тандаарынды далилдей алсаң жеңиш сеники, анда бактылуу да бай да жашоо алыс эмес. Белгилүү Тагдыр Акбаровичтин жашы өтүп баратат, ал азыркы абалдан чарчап тургандай. Ошон үчүн сенин акылдуулугуңду жашоо жөндөмдүүлүгүнду текшерип жатат, баарын сага тапшырып эс алайын деп жатса керек. Мына ал күн келгенде сен баарын өз каалаганындай жасайсын, азыр толугу менен атаңа баш ий.
Угуп жаткан сөздөрдөн башы айланып, чыны кай жерден бүтүп тамашасы кай жерден башталарын билбей башы айланып баратты Азаттын. "Жок атам андай кылбайт, кантип эле кайдагы бир селсаякты менин койнума салып бермек эле, кантип жалгыз уулу селсаякка үйлөндү деген сөздү көтөрүп жүрмөк, аброюна доо кетпейби" деп, андайдын тусун көрүп эмес атын укканда денеси муздап кетти. Бирок Акжигит тамашалабаган экен, темир дарбазадан кирип келишкенде бир топ жийиркеничтүү кийинген аял эркек экени белгисиз көздөрү танылып колдору байланган адамдарды катар тизип алып баштан аяк карап текшерип жатыптыр атасы. Ушунчалык берилип алганбы унаадан түшүп келип аркасына туруп калган экөөнү да байкабагандай жасап жаткан ишин уланта берди. Кечээ ичкен ичимдиктери баштарын оорутуп жатканбы айтоор тизилген кыздардын баарынын эле башы шылкыйган, кээлери араң аякта турушкандай, азыр өздөрүнө эрк берсе дароо кулап конурукту кош тартып уйкуга кетишмек. Улам биринин ээгин көтөрө жүзүнө тигилип, баштан аяк карап көзөмөлдөн өткөрүп жатканы менен жүзүндө бир кызыгуу жок, демек алар көңүлүнө топ келбей жатат.
Хе деди Азат өзүнчө, "тапкан экен чурокту издөөчу жайды", деп бир алдын чоочулап да турду "Эгер Акжигит айткандай болсо эмне мынча кылдат текшерип жатат, баары бир мен жаныма жолотпойт эмесминби буларды". Ондон солго карай баштаган экен, акыркы экөө калганда сүйүнүп турду Азат, "атам эми эсине келээр, өзүнө келин болчу адамды булардын арасынан таппасын түшүнүп" деп. Аңгыча,
-атын ким сенин? деген атасынын доошун угуп селт эте карай чочуп кетти. Так ошол акыркыдан кийинки кыздан сурап жаткан экен. Тиги кыз башын жулкуп тартып алды. Тагдыр кайрадан эгин которду эле тиги бети башын тырыштырып койду, кудум азыр алдындагы эң бай адам андан жийиркенбей эле ал бай адамдан жийиркенип тургандай.
-оозуңду аччы кызым, деди эле ал илептерин бекем жуумп алды.
Тагдыр башын ийкеп койду эле жанында турган жигит келип кыздын жаагын куруштура кармап оозун ачырды. Энкее калып оозуна караган Тагдыр,
-эмне кечинде сага ичимдик жетпей калдыбы? деди.
Анткени андан сасык жыт чыкпай турган, тиштери да аппапакай болуп селсаяктардыкына окшошпой турду.
Кыздан болсо жооп жок.
Андан кийинки кызга көңүл кош гана бир карап койду да, сол далысы тарапка башын бир аз буруп бери кел дегендей башын ийкеп коду эле Акжигит бир аттап кулагын тосуп калды.
-муну кайдан таптын?
-ушулардын арасында уктап жаткан жайынан. Кечинде булар менен жүрүп таштанды чогултуп жүргөндө эле байкаштырып койгом, кыязы жакында кошулса керек анчалык абалы начарлай элек экен.
-мунун үйгө алып барып дарыгерге тапшыр да башкаларын кайдан алып келсең ошондо жеткир, деди.
Акжигит кыздардын көзү танылган боюнча унаага жүктөп жатты. Өзүнчө башка унаага отургузган кызды көрүп Азат өзүнүн болочок келинчеги ушинтип тандалганына түшүнүп, акылына жакшылыктуу бир ой келбей тагдырына тан берген боюнча ордунда катты да калды. Атасы болсо ал тарапты карап да койбой, өз унаасы тарапка бет алганда артынан кадам койгон Азатты Акжигиттин унаанын ичинен баш чайкап керек эмес деген белгиси токтотту. Ал азыр барып кызуу кандуулук менен ката кадам коюп алышы мүмкүн деп ойлоду болуш керек, атасы азырынча аны эч нерсе билбейт деп ойлоп жатпайбы. Ошондой болгону дурус, качан өзү айтмайынча билбеген тур корсотпосо Тагдыр анын ишине аралашкан адамды жактырбайт, жада калса ал өз канынан жаралган баласы болсо да.
Селсаяктарды алып кеткен жайына жеткирип, Тагдыр тандаган кызды айтылган жайга алып жөнөдү Акжигит. Мунун баарын өзү көзөмөлдөп, алардын көзүн чечпей туруп таштап кетти, кожоюну жаса дегенден кийин түшүнүктүү, баарын өзү көзөмөлдөп жасаш керек, ката кетсе жооп берүүчү да жалгыз өзү болот.
Жалгыз кызды алып Акбаровдордун үйүнө келгенде жеке дарыгер ал жерде күтүп отрган экен, ага да кабар жеткен болсо керек. Кызды каршылык коргозгонуно карабай судуроп алып кирип бир бөлмөгө ыргытып таштап, керебетке колу буттарын танып жактырып болгондон кийин гана көздөрүн чечип дарыгерди киргизди. Көзүн ачып өзүнүн апакай бөлмөдө танылуу жатканын, ак халатчан дарыгер жанында турганын көргөн кыз унунун болушунча жардам сурап кыйкырып жатты. Доошун өчүрүүгө аракет кылып оозун колу менен баса калган Акжигиттин колун тиштеп алды кыз.
-Ахх, деп колун тарта калган Акжигит аны жактан ары чаап жиберди. - Жапайы?
Андан кийин оозун скотч менен жаап салып дарыгерге карап баш ийкеди, башта дегендей. Кыз көзүн бекем жуумп тырышып канча жатты билбейт, муздак темирлерди ар жерине тийгизип карап жаткан дарыгер бир убакта,
-бүттү! деди майрамдык маанайда үнүн шаңдуу чыгарып.
Ошондо гана көздөрүн ачып башын көтөрө, колдорунун манжаларын кыймылдатып, буттарын бугуп ичтерин уйлоп басандатып көрүп кайра башын түшүрүп жатып калды. Дарыгер анын оюн тушунгондой күлүп койду. Ал байкуш эми денемди бөлүп органга колдонушат экен деп жашоодон тунулуп койгон эле, эми мынтип эч нерсе кылбай, өзү күткөндөй кескилебей туруп бүттү деп жатпайбы. Мына азыр жашоонун, жарыктыктын кандай таттуу экенин билип, бүт өмүрү көз алдына тартыла тушподу беле. Кызык анда неге бул жерде жатат, же жөн эле органга жарайбы жокпу текшерип жатышабы. Чындап эле бир аздан кийин ордунан козгоп денесинен кан алып, дагы башка нерселерди жасап кыйноону башташты. "Ооба" деди ал "чындап эле биринчи мени текшерип жатышкан экен" . Дарыгер өз ишин бүтүргөндөн кийин аны бир толмоч аял келип алып кетип, кооз бөлмөгө алып кирип жуунтуп тазалап, жаңы кийимдерди кийгизгенче сүйлөп жатты.
-бактылуу жанга окшойсун, бул үйгө кирүү буйруган болсо, бул бактынды баала. Биздин кожоюн жаман адам эмес, бирок бир аз катуураак, айтканын аткарбай каршы чыкканды жактырбайт, качуу оюна да келбесин, бул жайдан чычкан да качып чыга албайт. Андан көрө анын айтканы менен бол, сенин урматына көп адам чакырылган. Азыр кардынды жакшылап тойгуз, калганын дагы коро жатаарсын.
-Бул эмне болгон жай, деди кыз бир убакта.
-сенин баары бир акылын жетпейт, деп койду толмоч аял кыска гана.
-хм, озун акылдуу ойлоп алган тура деди кыз өзүнчө. Эгер анын кимдигин билсе азыр бул аял башкача суйломок, бирок ал кимдигин билгизсе анда чындап жашоо мүмкүнчүлүгү калбай калат. Ошону менен башка суроо бербеди. Жуунчу бөлмөдөн чыкса столдун үстүндө жайната жасалган тамак аш туруптур, көп күндөн бери ач болгонго эч кандай чакырууну күтпөй эле колун сунуп апсыгып жей баштады. Аны карап турган аял башын чайкап гана тим болду, селсаяктан мындан артык эмнени кутмок эле.
Ошону менен бир күн жанагы аял анын жанынан чыккан жок. Жада калса ажатканага да бирге кирип чыгат, кыязы аябай катуу дайындалса керек.Түндө аябай жакшы эс алыптыр, көп күндөн бери жумшак жайда жатпагангабы же кечинде тамакка уйку дары кошулганбы айтоор эрте менен көзүн ачса кадимкидей жеңил тартып калыптыр. Бирок кечеки аял али да жанында жүргөн экен.
Бул таң бул чоң үйдөгүлөр үчүн өзгөчө башталды, үйдүн кожоюну кадимкидей эрте менен туруп үйдүн артындагы бөлмөгө барып келгенден кийин жумушка жөнөбөй короодо ары бери басып жүрө берди тынчы жоктой. Албетте мындай абал үйдөгүлөрдүн баарынын тынчын кетирет, бирок аз өтпөй дарбазадан кирип келген дарыгердин жарык жүзүн көргөндө баары өзгөрө түштү. Ал жакшы кабар алып келгенге окшойт...

#9 16 Январь 2019 - 13:34
Ошо бир балээси бар ушу кыздын. Оюндан от чыгат болуп Тагдыр кийин бармагын тиштей турган болот окшойт.
#13 16 Январь 2019 - 23:23
-Саламатсызбы Тагдыр Акбарович.
-Өзүңүз да саламат болунуз, деген Тагдыр көздөрүн бир ордунда токтотуп тик карап калды дарыгерге.
Өзүнөн өзү тердеп, колдорун кайда катышты билбей калчылдаган көз айнекчен, бул башынын жарымына чейин чачы түшүп таз болуп калган элуулордогу чымыр денелуу адам мындай көз караштан өзүн жогото, дем албай туруп калды эмнеге келгенин да унутуп. Бир аздан соң, -Аа, деди да колундагы папкадан бир топ кагаздарды сууруп чыгып сунуп калды, эми эсине келгендей.
-сиз мени капа кылып жатасыз. Менин кымбат убактымды бул кагаздагы нерселерди окууга корот дегени турасызбы? Же мени өтө акылдуу элестетип жатасыз, бул жердеги жазууларга түшүнөт деп, деди Тагдыр колун артка алган калыбында, сунулуп жаткан кагаздарды колуна алуу ниети жок экенин билдире.
Бир азга нес боло туруп калган дарыгер,
-Кечиресиз, деди колун тартып жатып. Кыздын ден соолугуна көп адам суктангыдай экен. Жугуштуу оорулары жок, эне болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ичимдик ичпейт тагырагы жакынкы он беш күндүн аралыгында организмге алкоголь кирбеген, сөөктөрү сынбаган, бычак алдында жатпаган, деп айтып болуп өзүнө кадалган анча ишене бербеген көз караштан улам таз башын кашылай кагаздарга кадала берди.
- Бар албетте азыраак кемчиликтер, аш казан, ичеги илдеттери бар, бул өз убагында тамактанбагандыктан же туура эмес тамактануудан келип чыккан, тузоого болот. Эгер мынчалык кемчилик болбосо бул кыздын адам экенине шек туулмак, ушул күнгө чейин илдети жок адам жолуктурбагам, деп күлүп жиберип, маңдайында дагы да муздай катып турган Тагдырды карап ынгайсыздана араң оозун жаап калды.
-түшүндүм. Сизге толугу менен ишенем, тез аранын ичинде ал кызды бул жеңил илдеттен куткарат деп, деди да Тагдыр колундагы саатка карап алып унаасы токтоочу жайга карай бет алды. Анын жигиттери кожоюнунун ар бир кыймылын жаттап бүткөндөй дайым даяр турушат, азыр да бири жүгүрүп жетип унаанын арканкы эшигин ачып отургузуп өзү айдоочунун жанына отураар замат курулдогон толугу менен брондолгон ок отпос тайота ленд крузер жол тандабасы дарбазадан атып чыгып түндүк чыгыш тарапты карай бет алды. Ага удаа эле дарбазанын алдында дайым даяр турчуу, ошондой эле улгудогу түсү дагы окшош унаада төрт жигит эриш аркак жолго аттанды. Кожоюндун колу жансалган тарапты көздөй бараткан жигиттерге артта олтуруп мелтирей үнсүз бараткан Тагдырдын эмнелер тууралуу ойлонуп баратканы белгисиз эле, болгону аркага кулак тошоп айтылган сөздү дароо илип калгандай даярдыкта жым гана баратышат. Бир убакта ал кол телефонун сууруп чыгып кимдир бирөөгө конгуроо кылды.
-Сен алдындан чыккан жыйырма селсаякты кармап текшерүүдөн откор, мага алардын ден соолугу кызыктырат, деди.
Ошентти да чалкалап башын артка таштай отуруп калды. Мунусу селсаяк кыздын ден соолугу ушунчалык таза чыкканына болгон таң калуусу болсо керек. Эгер башка табылган селсаяктардын да бирөө жарымында мындай учур кезикпесе анда кумону күчөп баштайт. Андай болсо жөн эле ал кыздын аты жонун сурап суруштурсо болбойт беле. Жок бул адамдын башынан өтпөгөн кандай күн калды, ошондон бери кумурска менен да эсептешип жашап калган. Алдыга таштай турган кадамынын акырын көрбөй туруп баштабайт. Ал кызды сурап суруштуро баштады дегени аны уурдап кеткенин сурактан мурун мойнуна алып алганы эмеспи. Ошондой этияттыктан улам эч кимге ишенбейт. Бир эле жолу бир адамга ишенип жакшылыктан үмүт кылып кыймылды анын колуна тапшырды эле аягы эмне болду, ай чуроктой наристе кызынан ажырап бул дүйнөдөгү бакыт эшиги толугу менен жабылды. Оюнун ушул жерине келгенде алдындагы унаанын улам жайлап баратканын байкап айдоочуга кайрылып,
-эмне болду? деди кабак бурко.
-кожоюн алдыда эки бурулуш бар кай бирине айдайын.
Ошондо гана жигиттерге кайда барарын айтпаганын эстеп далысынан тапта койду.
-Жети огузго айда.
Өзүнүн жигиттерине ыраазы, кудум төрөлгөндөн бери ушундай тартипте жүргөнсүп өзүнүн ою менен болгондоруна, өзү сүйлөмөунчо суроо берип жадатпагандарына.
Тапшырманы так алган айдоочу ылдамдыкты өз калыбына келтире Ыссык көл тарапты карай зуулдап баратты.
Жети өгүздо өздөрүнүн үй булоолук ата бабасынан калган хан сарайы жайгашкан. Жаш кезинде бир эле жолу ал үйгө барган, атасы эмнегедир аны ал жайдан алыс кармачу. Андан кийин үйлөнүү улпоту ошол үйдө өттү. Атасы дүйнө салгандан кийин гана ал жакка каттап калган, бирок бир окуядан кийин басып бара элек, жети сегиз жыл болуп калды окшойт. Ал жайда дайым жашачуу атагы алыска кетпесе да таланты ташкындаган архитектор бар. Бул хан сарайдын тарыхын изилдеп, чыныгы курулуш архитектурасын сүйө алган жалгыз адам ал болсо керек. Тагдыр азыр ошол жайга баратат, өзү канча ирет укса да ишенбей келген тарыхты тактап келечекти өзгөртүү үчүн. Кызын жоготуп, жүрөгүнүн жарымын темир торго салган күндөн бери бул отмуштогу ата бабаларынын тарыхы мээсинен чыкпай келет. Бирок качандыр чыгынып бул кайталанма тагдырды өзгөртөм деп ойлобогон. Ананчы, кантип жашоосунун маңызы болгон жалгыз уулунун тагдырын талкалап, чырылдатып туруп бир көчө дербиши болгон селсаякка бактысын байламак эле. Ал канча кыйналса да мындай бурулуш жасайм деп эч ойлобогон, бирок азыр мындан башка жолу жок экенин жакшы түшүнүп турат. Болгону бул оюн тастыктап бекемдеп бере турган колдоо көрсөтчүү адамды издеп баратса керек.
Жанатан үйдүн төбөсүндө өзүнүн талабын орундатуу менен алек болуп жүргөн Баро, алыстан бул айыл четинде жайгашкан көптөн бери эч ким басып келбей турган үйдү көздөй келе жаткан эки катар унааны байкап төмөн түшүп утурлай басып чыккан. Унаадан түшүп келген Тагдыр аны менен кучакташа көрүшүп үйдү тегерене басышты.
-Баро колуңа береке. Бул эскилиги жеткен сарайды кандай керемет абалга жеткирип койгонсун. Бул акылга сыйбай турган иш.
Чындап эле бул качандыр күркүрөгөну менен азыр таштандыга айланган чоң үйдү мындай жаңылануу менен көрөм деп ойлобогон, ал үчүн күтүүсүз белек болду.
-мен сизге көп сүрөттөрдү даярдап койгом, дагы бир аз каралчуу жайлары бар, биротоло бүтүрүп кийин сизге кабар айтайын деп жүргөм. Рас өзүңүз келип калыпсыз ичкери өтүп менин жасап жаткан иштериме көз салып көрүнүз, деп кол жансап ичкери чакырып калды.
Бул цыган улутундагы, жүзүнөн нуру төгүлгөн кара торусунан келген узун чачтуу кишинин жашы канчада экени белгисиз, Тагдырдан жашбы же улуубу аны да билбейт. Болгону бул киши ал жаш кезинен бери ушунда жүрөт, атасынан калган белек деп койсо да болот. Бирок убакыт анын үстүнөн устомдугун жүргүзө албаганга окшойт, качан көрсөң бир калыпта, карылык да мунун алдында алсыз ондонот.
Ал кире бериштеги тегерек айбанчанын үстүн жасап жаткан экен чыныгы мрамордон оюп, анын тарыхын берилуу менен айтып бүтүп андан кийинки бөлмөгө өтүп жатып,
-менин жасаган ишиме кызыгып айтканымды кызыгуу менен угуп жатканынызга рахмат, бирок сиз бул сөздөрдү угуу үчүн келген жоксуз да деди, ички дартынды айт эми кезек сеники дегендей.
Бир гана ушул кишинин суроосуна ачуусу келбейт Тагдырдын, анткени ага өзүнөн эч нерсе керек эместигин билгени учунбу. Айланасындагынын баары эле андан бир нерсе күткөндөй, бир гана бул цыган эч нерсе күтпөйт жада калса оңдоо иштерине да акча сурабаган. Чындап эле каражатты кайдан тапты болду экен, адамдардын айтышы боюнча ал өзү да кедей адам эмес, бирок башка эле бир адамдын жайын өз чонтогунон каражат кетирип оңдоп жатканы кандай. Дагы бир себеби бул киши анын ата бабасынын тарыхын бүт билет, кайдан, кантип белгисиз бирок бир чындык ал баарынан кабардар жана кандай жол тутуу керек экенин да билет. Ошондуктан азыр Баро Тагдырга эмес көбүнчө Тагдыр ага муктаж. Дүйнө иштери, акча табуу, аны сактоо боюнча эч кимди алдыга салбаганы менен уламыштарга кулак салууда алсыздык кылат эле Тагдыр.
-Баро, мен билгенден сен жер каймактагандагы Баросун. Мени сенден жакшы билген жан жок, жада калса өзүм да өзүмдү сенчелик билбейм. Эми айтчы эмнеге мени атамдын байлыгы тагдырдын соккусунан сактап кала албады?
-билгем, сиздин качандыр ушул суроону берээринизди билгем, деди да берилген суроого жооп бербей өзүнүн жасаган иштери менен таныштыркуну уланта берди. Каранызчы бул чоң бөлмө жакында болуучу улпот тойго даяр. Сиздин келишинизге баарын бүтүрөм дегем улгурбой калдым, Кудай буйруп улпот тойго чейин бүтүрүп калам.
-сен кайдан билдин менин келээримди.
-кичине кожоюн бой жетти менин эсебим боюнча, эми бул жайды жаңы ээсине тапшыруу убактысы келди деп боолгоп жүргөм.
-Ах Баро, Баро, сен эсепти мынча жакшы көрөсүң. Эгер сенин эсебине убагында маани берип укчу адам болсо го, турмушта мудурулбос эле.
-жок кожоюн, турмуш деген турмуш, анын алдында мен да алсызмын. Анткени турмуш экөөбүздүн кожоюнубуз бир, Ал айдаган багыттан башка тарапка башын буруп кеткен жан болбогон, болбойт дагы.
-андай болсо эмнеге бир убактарда какшап мээмди кууруттун эле, тагдырынды туура багытка бур деп.
-Ооба ошенткем, бирок сиз менин айтканымды угуп туруп ага баш ийбей дагы бир жолу турмуштун устомдугун мага далилдеп койдунуз. Ошондо түшүндүм биздин Эгебиз каалабаса, тагдырды өзгөртчүү адамды тандабаса биздин зарлаганыбыз какшаганыбыздан пайда жок экен. Ал гана тандоого укуктуу, биздин милдет тагдырыбызды моюндоо гана экен.
-Ошондо, мени эмне кылсан да бул тагдырдан качып кутулмак эмессин дегени турасыңбы.
-Балким сизди кутулуу үчүн эмес куткаруу үчүн жараткандыр.
-Баро кайдагыны айтасын. Мен өзүмдүн чурпомду сактай албаган, жанымдын жартысын азаптуу дартка жем кылган дагы башка кимди эмнеден куткара алышым мүмкүн.
-кожоюн сизде андан да артык нерсе бар, атаныздын аты. Эгер ал тукумдун уланып кетүүсүн кааласаныз өткөн күнгө окунуп эмес келечекке умтулуп жашоого аргасызсыз. Билесизби, менин эсебим боюнча уулуңуз бул каргышты көтөрүп жүргөндөр тукумунун жетинчиси жана сиздерде акыркы мүмкүнчүлүк. Бул хан сарайдын ээси жаныланат же байкуш сарай ээсиз калат.
-эмне деп жатасың? Эмнеге алдын айтпадын? Мен эмне үчүн муну азыр билип жатам?
Баро басып баратып ордунан жылбай токтоп калган Тагдырга кылчая карап коюп, өз колу менен жасалган дубалдарды сылай суктана карап, ак мата тартылган арканды тарта упузун ак мрамордон терилип жасалган тепкичти ачты.
-экинчи кабатка которулчуу жайды да алмаштырдым. Элестетип көрүнүз, ак көйнөк кийген пери бул тепкичтен төмөн карай түшүп келе жатканда карап тургандардын көздөрү көйнөктүн жалтырагын чагылдырган бул мраморду карап тура албай, андан чыккан нурдан уяла көздөрүн ала качышат.
Эми оозун ачып суйлоюн деп жаткан Тагдыр тепкичти көргөндө сөзүн эмес өзүн жоготуп коё жаздады. "Мен өлүп бейишке кирип калсам керек, жер бетинде мындай кооздук болушу мүмкүн эмес" деди анын биринчи ою. "Эгер андай болгон болсо кайсы кылганым Кудайга жагып бул жайга туш болдум", деп көрүп турган кооздукту өзүнөн башка эч кимге ыраа көрбөй турду, болгондо да кайдагы бир жарым акыл селсаяк кызга.
Андан көзүн албай карап турган Баро баарын тушунгондой башын ийкеп анын жанына басып келди. Жанына катар туруп чаң болгон тепкичтерге карап туруп,
-чандын арасынан ушунча жылтырайт, тазалап жуугандагы абалын элестетип жатасызбы, деди.
Тагдырдын болсо тили курмого келейин дебейт.
-Ооба, деп сөзүн улады Баро кайрадан. Сиздин ата бабанызды мен эми түшүндүм. Алар эмес, сиз да эмес мына бул жайга эч тиешеси жок адам мен да бул үйдү кызгандым. Бул тамдын сулуулугун сезген ар бири ошентет. Сиз берген суроонун жобу мына ушул жерде. Сиздин ата бабаларыныз бул жайды өздөрүнөн башка эч кимге ыраа көрбөгөн, алардын тукумдары да алар көрө алган кооздукту баалай билишин каалап бир гана акылдуу баланы энсешкен. Эмнеге сиздер бул жайга анчалык байланганыныздардын себебин биле албадым. Маселе бир гана кооздукта эмес. Болбосо архитектураны сизден алда канча жакшы түшүнгөн мен да азыр сиз карагандай көз карашта карай албадым. Сиз эсе өзүңүздүн жаныныздын абада калкып учканын көргөндөй тиктейсиз. Демек сыр да ушул үйдө. Бирок эмнеге жөнөкөй кыздан жарытылуу тукум чыкпайт дейсинер. Туура мен сиз сезгенди сезе албаганымды моюндап жатам, бирок ал кыз тапкан балада да сиздердин кан айланат эмеспи.
Тагдыр али да үнсүз, акылына эмнелер кирип эмнелер чыкканы белгисиз. Бир билгени бул жайдан чыккысы жок. Эмнеге алдын муну байкабагам дейт. Айланысында эмне болуп жатканы эмес ааламда эмне жүрүп жатканы кызыктырбай калды. Бүт өмүрүн ушул кооздукту көрүү үчүн сарптагандай, мындан башка дүйнөсү арзыбаган бир кенедей туйунчок сезилип калды.
Ооба бардык сыр ушул үйдө катылган, кылымдар курабай келе жаткан бул эски сарай ар кожоюну алмашкан сайын жаңырып турат. Бирок чынында биринчи жолу мынчалык кооздукка ээ болуп турган чагы. Алардын тукуму ушул үйгө болгон сүйүүгө байланган. Бул сүйүү башкача, атасы баласынан кызганып турчуу сүйүү. Баро айткандын баары топ келет, бир гана нерседен башкасы. Так ушул жансыз үйгө болгон түшүнүксүз сүйүүнун айынан атасы баласынын тукуму уланышын каалабай келген. Бирок каргыштын маңызы ушунда эле алардын тукуму сөзсүз уланышы керек бирден көп эмес, буйрукпу жазыкпы муну да эч ким өзгөртө албаган. Эми ошол уланып келе жаткан тукумдун акыркы учугу так мына өзүнүн колунда турганын угуп азыр эле кирээрге ийин таппай турса, мына мынтип бир саамда ою озгорулуп абада калкып учуп жүрөт.
Эч бир кыймылды көз жаздымда калтырбай көзөмөлдөп турган Баро үйдүн кожоюнунун жүзү озгоруло баштаганын байкап, ыкчам басып арканды тарта тепкичти жаап койду. Андан ары сөзүн улап алаксытып сыртты көздөй жол баштап баратканы менен бүт өнөрүн колдонуп Тагдырдын мээсине кирүүгө аракет жасап жаткан. Ал өзү жалгыз чийеленген түйүндү чече албашын эчаак түшүнгөн, ал үчүн өзүнүн кандаш тууганы керек эле. Азыр Тагдырдын акылында эмне жатканын билбей туруп, өзүнүн кимдигин айта албайт. Анда Тагдырдын ою жаманга бурулушу мүмкүн. Мына кылган аракети ишке ашып, үйдөн чыга берээрде Тагдырдын акылына кошулду. Бирок ал жерден чыгып жаткан бурганак тумандан башы айлана өзүн жоготуп койду. Жанатан бери эч нерсеге көңүл бурбай айлананы көрбөй жөн эле кадам шилтеп келе жаткан Тагдыр жанынан чыккан катуу дабыштан соң гана өзүнө келип жанын караса жанаша бараткан Баро жерде сулап жаткан экен. Ал уккан дабышты сыртта турган жигиттер да укса керек атылган октой үйгө жүгүрүп киришти.
Канча жатканын билбейт, бир убакта таза абада кол шал болуп тердеп өзүнө келген Баро бул жарыкчылыкка тан берип бүтпөй койду. Адам баласы кандай күчкө ээ болоорун биринчи ирет сезип отурат. Өзү бир саамга чыдап көтөрө албаган жүк менен ушунча жыл өмүр сүрүп келген адамды жалдырай тиктеп жата берди. Мынча күчтү кайдан алат, кантип ошончо жүктү көтөрүп жүрөт, андан кутулуу жолу барбы. Азыр эле өзү сезгенди айтса ким ишенет. Качандыр жөнөкөй каргышка ишенбей өз каалаганын жасап тагдырды женем деп кекенген алдында турган адамбы.
Жоок, Баро билет эч нерсе колунан келбешин, тагдырдын буйруганын бурмалай албашын, эмне болгон күндө да жазмышка коюп берүүдөн башка арга жок.
Ушундай ойлор менен жаңы келген кожоюнун узатып кала берди, азыр эле өзү ал көтөргөн жүктүн жарымын, сүйүүнүн күчтүн да бир бөлүгүн өзүнө оодарып алганынан шек санабай.
Тагдыр жолдо баратып азыркы эле болуп өткөн окуянын үстүндө ойлонуп баратты. Ал эмне болгон сезим эле, алдын мындай сезимге кабылып көргөнбү. Бул үйдө биринчи ирет болуп жаткан жок, эмне үчүн бул сезимдер эми гана келип жатат. Дегеле бул жайга эмне максатта келди эле, издеген суроосуна жооп таба алдыбы.
Бул учурда үйдө өз билгенин жасап жапайы кыз жүргөн, дарыгердин айткандарына көнүп берген дарысын ичпей, алдына койгон тамакты бурдап жеп, каткыра күлүп . Анын кылган жоруктарынан улам көргөн адамдын оюна жапайы дештен башка сөз келбейт эле. Алар кайдан билсин бул кыз ушул жашоонун даамын татып өз жон териси менен сезүү үчүн бир аптадан бери кандай күндө жашап келгенин. Анан азыр ошол аз күндө үйрөнгөн өнөрүн бүт коргозуп жатканын.
Жанатан бери ары бери ызы чууга түшүп жаткандарын угуп басып келген Азат ал кыздын кылгандарын көрүп бир эсе жыргап кулсо бир эсе жийиркенип күзөтүп турганын ал байкаган жок...

#14 18 Январь 2019 - 00:53
Жакшы чыгарма экен,авторго баракелде!
Бирок деген жери бар экен.Бриллиянт жылан чыгармасынын ар тарабынан алынган окшоштуктары бар экен
#15 18 Январь 2019 - 10:42
janka7 (18 Январь 2019 - 00:53) жазган:
Жакшы чыгарма экен,авторго баракелде!
Бирок деген жери бар экен.Бриллиянт жылан чыгармасынын ар тарабынан алынган окшоштуктары бар экен
Сиз деле мен окуган бриллиант жыланды окуган болсонуз түшүнө албай турам эмнесин окшоштуруп жатанынызды. Бир гана ошол китепти окуп жаткандагы сезимдериниз окшош болбосо...
#16 18 Январь 2019 - 11:35
Бул жакка дагы детектив болумуштар жетип келгенби , ? Эч кандай окшоштугу жок баягы тепкичти коруп козун алалбай мээсин башка нерсе башкарганын окшоштургандыр , бирок 1 пайызда окшоштугу жок , колунузга береке жазыныз Суперге ушул эки чыгарма учун киремин бири Мура эле алда жазбай жоголду
#20 19 Январь 2019 - 02:05
Датка айымга окшоп жакшы жазат окуялар ото курч, кызыктуу , саат сайын кирип карайым жазган болсо окуй калайын деп.
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »