Көп узатпай кыска түшүндүрүп өтөйүн. Ар кайсыл өлкөдө окуп, иштеп, жашап же башка нерселер менен алек болуп жүргөндөргө!
Ошол өлкөнүн тарыхый мурасы катары бааланып жана сакталып келген, темада аты аталып кеткендерди (мечит, атактуулардын күмбөзү же курдурган сарайы, чиркөө, синагог, погода, дубал же сепил, көпүрө, иши кылса ушул сыяктууларды. .. эмне тапсаңар) эки же үч сүрөт менен бирге бул жерден тааныштыра кетсеңер. Барып көрбөсөк да баргандай болуп калалы.
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Ошол тарыхый калдыкты таанытып атканда узун кылып, икир-чикирине чейин жазмай жок. Кыскача, бирок, колуңардан келсе интернеттен эле алып жазып койбой, ага кошумча катары эл оозунда ал тууралуу эмнелер айтылып келгенин ошол жердин тургундарынан сурап болсо да жазып койсок кызыктуураак болчудай.
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 15 Январь 2012 - 19:06