*“УШАК АЙТЫП КЕЛГЕН АДАМГА ЖООП БЕРГЕНДИ ҮЙРӨН”.*
_Абдишүкүр ажы нарматов._
Бир адам Халид бин Валидге келип:
- Сизди баланча деген киши ашатып сөктү, -дейт. Халид ага карап: Ар кимдин өзүнө тиешелүү амал баракчасы бар. Аны ким эмнени кааласа ошону менен толтурсун, - деп жооп кайтарды. Демек, сөккөн кишиге да, аны айтып келген кишиге да амал дептерине ошол нерселер жазылат деген сөз.
Вахб бин Мунаббихке бирөө мындай дейт:
- Баланча сени жамандап, элге жек көрсөтүп жатат.
Вахб ага карап: Ушундай нерсени жайылтууга шайтан сенден башка элчи таппай калганына өкүнөм, - деп жооп кайтарат.
Бирөө Али бин Хусейнге келип:
- Баланча сиз тууралуу оозго алгыс сөздөрдү айтып жатат, - дейт. Азирети Хусейн ага карап:
- Эгер анын айтканы чын болсо, мени Аллах кечирисин. Эгер айтканы жалган болсо, анда аны Аллах кечирсин, - деп жооп кайтарат.
Даанышманга бирөө:
- Сизди бирөө жамандады, - деди эле, даанышман ага: Ал мени жаа менен аткан экен, бирок жебеси мага жетпей ара жолдо калыптыр. Сен ошол жебени алып келип менин жүрөгүмө кададың – деди.
Имам Шаафге бирөө келип:
- Сизди тиги жамандап, тилдеп жүрөт, - деди эле, Имам ага:
- Эгер айтканың чын болсо, анык ушакчысың, эгер айтканың жалган болсо, анда фасык-бузукусуң,
- деп жооп кайтарды.
Аллах Таала баарыбызды ушак таратуудан,
ушакка ишенүүдөн жана ушакчылыктан Өзү сактап, Өзүн зикир кылуучу тил, эстөөчү жүрөк берсин.
_Абдишүкүр ажы Нарматов._
*Nasaat.kg*
Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан
#201 29 Декабрь 2017 - 23:16
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#202 01 Февраль 2018 - 17:59
*Уйкунун 12 түрү бар:*
*1. Сүннөт уйку.*
Күн көтөрүлүп бешим намазына чейин боло турган аралыктагы бул уйку "кайлула" делет. Бул акылды көбөйтөт.
*2. Бидъат уйку.*
Бешим намазы убактысындагы уйку.
*3. Келесоолукка - себеп боло турган уйку.*
Аср намазынан кийинки уйку дубаналык, келесоолукка себеп болот.
*4. Азапка себеп боло турган уйку.*
Киши куптан намазын окубастан уктаса, бул дүйнөдө да, акыретте да азапка калат.
*5. Адаттагы уйку.* Куптан намазынан кийинки адаттагы уйку.
*6. Өкүнүчкө себеп боло турган уйку.*
Таң атаар убакта уктап жатуу. Илимий мажлис болуп жатканда уктоо да өкүнүчкө себеп болот.
*7. Бейкапар уйку.*
Таң атып баратканда уктап жатуу. Пайгамбарыбыз саллаллааху алайхи ва саллам кызы Фатимага: - Таңда уктап жатпагын, себеби бул убакта уч нерсе: Жакшылык--, Адеп-- жана Береке-- бөлүнөт", деген. Ким таң атып баратканда уктап жатса, ушул үч нерседен куру калат.
*8. Кедейликке себеп боло турган уйку.*
Багымдаттан кийин күн чыкканча уктап жатуу кедейлике, дубаналыкка жана карыздарлыкка себеп болот.
*9. Зыян уйку.*
Кишинин ибадаттан кийин дубада, салаватта, кыраатта көзү кетип калса зыян уйку болуп эсептелет.
*10. Ырахат уйку.*
Оорулуулардын жана жаш балдардын уйкусу. Алар канча көп уктаса, пайда жана ырахат алышат.
*11. Ибадат уйку.*
Аалымдар, такыбаалар жана орозо кармагандардын уйкусу. Киши куптан намазынан соң даарат менен уктаса, периштелердин сактоосунда болот.
*12. Керемет уйку.*
Түндө намаз окуп туруп, чарчап саждада уктап калуу.
Мына кайсы уйку пайдалуу ал эми кайсы уйку зыяндуу билип алдык.
Эми амал кылалы!

#203 19 Февраль 2018 - 02:10
Бүгүнкү күндө соцтармактарда мындай сөздөрдү окууга болот: “Мен күйөөгө (тандаган адам) меники экенин сезгенимден кийин гана тийем” же: “Биринчи жолугууда жүрөгүмдө сезим пайда болбосо – кош бол” ж.б.у.с.сөздөр.
бир сөз менен айтканда мусулман кыздар бир адамды көргөндө, ал тууралуу укканда же ойлогондо пайда болгон сезимден соң гана күйөөгө тийүүнү каалашат. Болуптур, а бирок ал кайдан пайда болгон сезимдер жана эмне үчүн силер ал сезимдерди келечектеги никеңердин негизи катары алып жатасыңар? Биздин пайгамбарыбыз ﷺ бизге ушуну үйрөттү беле? Пайгамбарыбыз ﷺ бизге күйөө тандаганда ыйманына карагыла деп эскерткен жок беле? Пайгамбар ﷺ айткан: “Эгерде силерге ыйманы силерди канааттандырган адам келсе ага кызыңарды бергиле. Болбосо жер бетинде фитна жана бузукулук жайылат”*(Табарани ). Демек, дини, акыйдасы, амалдары, максаттары туура адамды тандаш керек. Ал эми жүрөктөгү учкул сезимдер жана кыска учкундар балким жөн гана эргүү, нафстын тартылуусу,
жалган дүнүйөлүк нерсе үчүн болгон тартылуу же шайтандын уасуасы болушу мүмкүн. Күйөө тандоодо учкул сезимдерди карагыла дегенге далил барбы? О мусулман аялзаты, андай болсо өзүңө мындай суроо бер: никеден эмнени каалап жатасың? Акыреттик жашоонубу же балким Түбөлүк жашооңо зыян берип жаткан убактылуу сезимдердиби?
Анткени ушул сезимдерди негиз катары алып жатып, ал адамда бар терс сыфаттарды байкабай калууң мүмкүн, ал гана эмес андай сезимдер себебинен бир күнөөкөргө же бидаатчыга күйөөгө тийип калып, Сот Күнү утулушка кабылып калышың мүмкүн. Мен азыр адамдын жакпай калчу сырткы келбети тууралуу айткан жокмун, ал башка сөз. Азыр сөз негизи жок сезимдер тууралуу болуп жатат. Ошондуктан өз Акыретиңе жакшылык кааласаң Аллахтан келген туура жолду карман, анын динин кара, истихара намазын окуп, Аллахка үмүт артып, шариатка ылайык туура амалдарды аткар. Ал эми жагымдуу сезимдер жана сүйүүгө келсек – анын баары бизди никеден кийин күтүп турат. Ушул эле насиха мусулман эркектерге да тиешелүү, алар да көп учурда аялдын сулуулугун көрүп, баарын унутуп, эстеринен танып калышат.
Аллахтан баарыбызга солих жубай тилеп дуа кылам.
*хадисти Табарани келтирет. Шейх Альбани хасан хадис деген

#204 19 Февраль 2018 - 02:11
Адам эки нерседен турат:
1. Дене
2. Жан
Толук шайкештик болуш үчүн бул эки идишти тең толтуруу абзел
Дененин тамак-ашта, уйкуда, дене тарбиясына болгон муктаждык бар.
Ал эми жан-дүйнө Аллахты эстеп, Ага сыйынуу менен «азыктанат».
5 маал намаз – бул жан-дүйнөнүн азыгындай, аны менен Аллах Субхана уа Таала жан-дүйнөгө күнүнө беш маал азыктансын деп буйруган. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахты эстеп, аны улуктап. А чынында азыр абал кандай? Адамдар эң жакшы тамак жеп, жагыштуу азыктар менен азыктанып, кооз кийимдерге акча коротушуп, дени сак болуш үчүн спорт менен машыгышып, уктоочу бөлмөлөрүн кооздошуп, уйку үчүн жакшы шарттарды түзүшөт. Мунун баары жакшы. Бирок! Адамдар бир гана “идишке” көңүлдөрүнүн баарын буруп алышкан – ал дене. Ал эми жан-дүйнөчү? Аны толтуруу маселеси эмне болот? Дене мүрзөдө чирип жок болуп, жан болсо Жаратуучусуна кайта турган болгондон кийин‼! Ал жооп бергенге кандай абалда барат? О, акыл ээлери! Ойлонгула‼!
Шейхуль-Ислам, ибн Теймия рахимахуЛлах айтты: Жалгыз кудайлуулук күбөлүгү (калимату Таухид – лаа илааха иллаЛлах) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: бир гана Аллах үчүн сүйүү, Аллах үчүн жек көрүү, Аллах үчүн достошуу, Аллах үчүн душмандык көрсөтүү, Аллах сүйгөн нерселерди гана сүйүү, Аллах жек көргөн нерселерди жек көрүү. Аллахка гана ишенип, ага гана үмүт артып, Аллахтан гана коркуу, Аллахты гана улуктоо, Аллахтан гана суроо. Ушул гана Аллах баардык элчилери аркылуу жиберген дини. См. "Маджму' аль-фатауа" , 8.

#205 19 Февраль 2018 - 02:17
ДИН БОЮНЧА ИЛИМ АЛУУНУ ЭМНЕДЕН БАШТОО КЕРЕК?
Шейх Ибн 'Усеймин, Аллах аны ырайымына алсын.
Суроо: «Ислам динин жакында эле кабыл алган адам дин боюнча илим алууну эмнеден баштоосу керек?»
Жооп: «Бул суроого жооп катары Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларын элдерди Исламга чакыруу үчүн жөнөткөнү мисал болот. Биринчи кезекте пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аларды Таухидке жана Аллахтын Жалгыз экендигине чакырууга үйрөткөн. Эгерде алар бул чакырыкты кабыл алышса, аларды намазга үйрөтүү керек. Эгерде алар намазды кабыл кылышкан болсо аларга зекет төлөөнүн парздыгын айтууу керек. Ал (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) орозо менен ажылык туурасында айткан эмес, анткени Муаз Йеменге хижранын 10-жылынын Раби аль-Ауаль айында жөнөгөн, ал кезде орозо жана ажылык парз экендиги түшө элек болгон. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Исламга элди чакырып жатып анын баардык шарттарын бир айтып элге оорчулук кылбайын деп даанышмандык кылган. Анын бул даанышмандыгы жөнүндө Аллах мындай дейт: «(О, Мухаммад! ) Раббиңдин жолуна хикмат – даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл…» (Ан-Нахль 16:125».
Динди жаңы кабыл алган адам биринчи эле кезекте сакал өстүрүү, шымды кыскартууга окшогон маанилүүлүгү биринчи кезекте турбаган суроолордон башташы керекпи?
Биз жогоруда айткандай эң жакшы жол, бул Мухамаддын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жолу. Ошондуктан биринчи кезекте ал адамга Исламдын негизин жүрөгүнө бекемделгиче, диндин жеңил экендигин сезип калганга чейин үйрөнүүсү кажет. Ушул убактан баштап башка маанилүү суроолорунан, даражалары төмөнүрөөктөрүн карай үйрөнүп кете берүү керек. Бул Аллахтын Шариат жана жаратылыштагы орнотуп койгон мыйзам ченемдүүлүгү. Мисал катары түйүлдүктүн акырындап өнүгүшүн, жыл мезгилдеринин акырандап орун алмашкандарын, күндүн чыгып-батканын карап көрүңүз. Эгерде биз адамга Исламдын баардык шарттарын бир эле убакта айтканыбызда бул көп убакытты алып, ал адам Исламга терс көз карашта болуп калуусуна себепкер болот эле».
«Аль-Иджабат аля Асилат аль-Джалийят», 1/27-30.

#206 07 Март 2018 - 08:56
"Аллаху таала айтты:"Кимдин денесине,бала-
чакасына,мал-
мулкуно балээ келсе,ал адам эн жакшы сабыр кыла турган болсо Кыяматта ал адамдан эсеп суроодон тартынам. " Хак Алла таала озун озу сабыр кылууга кыйнаган адамды бул иште ийгиликке жеткирет. "Кыйынчылыкка сабыр кылып,башка тушкон дартты башкалардан жашыра билуу жана эч кимге даттанбоо-бул адамдын Аллаху тааланы жакшы тааныгандагынан.
" Жашоо кыйынчылыгына сабыр кылган адамды Аллаху таала Фирдаус Бейишине киргизет. "Эки козунон айрылган адам ага сабыр кыла турган болсо Бейишке кирет.
#207 20 Февраль 2019 - 00:06
УБАКЫТ инсандын жашоосундагы эң кымбат нерсе.
УБАКЫТ бул инсандын өмүрү, эгер ал убакытты туура пайдаланбасак эртең акыретте аттиң деп бармак тиштеп калбайлы. Себеби Аллах Таала өмүрүбүздүн ар бир минутасынан жадакалса секундасынан сурак кылат.
إضاعة الوقت أشد من الموت، لأن إضاعة الوقت تقطعك عن الله والدار الآخرة. وأما الموت يقطعك عن الدنيا وأهلها فقط.
Убакытты текке кетирүү өлүмдөн да жаман, себеби убакытты текке кетирүү сени Аллахтан жана акыреттен кур калтырат. Ал эми өлүм болсо, сени бул дүйөдөн жана бул дүйнөдө жашагандардан гана ажыратат.
الوقت كنز، إن ضيعته ضعت
Убакыт кен-байлык, эгер ал кен-байлыкты жоготсоң сен да жок болосуң.
الوقت كالسيف، إن لم تقطعه قطعك.
Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кеспесең ал сени кесет.
الليل و النهار يعملان فيك، فاعمل فيهما.
Сага түн менен күндүз өзүнүн ишин кылып жатат, сен дагы ал экөөсүндө иштеп кал.
من لا يحترم موعده لا يحترم نفسه.
Убактысын сыйлабаган адам өзүн да сыйлабайт.
الوقت أثمن من المال، يمكنك الحصول على المزيد من المال. ولكن لا يمكنك الحصول على المزيد من الوقت.
Убакыт байлыктан да кымбат, ашыкча байлыка жетиш мүмкүн. Бирок ашыкча убакытка жетиш мүмкүн эмес.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#210 23 Февраль 2019 - 09:54
"Тузакка салган кумар"
Токтобек уулунан кабар алганы борборго келген.Уулунун кем-карчтарын алып бере кетейин деп бүгүн базарга чыккан эле.«Дордой»базарын кыдырганды ѳзү да жаштыгынан жакшы кѳрѳт.Азыр да базарда кандай ѳзгѳрүүлѳр болгонун кылдат карап бараткан.Аңгыча кийими дал-далынан айрылып, колдору кара шири болуп бүткѳн селсаяктын түптүз эле ѳзүн карай келатканын кѳрүп чочуп кетти.Селсаяк жинди болгон немедей ыржайып, сары тиштерин кѳрсѳтѳ күлүп алган.
Жакындай берип:
- Токо, Токо, - деди шашкалактап. Токтобектин жүрѳгү болк этти. Борборго он эки ай, кырк жылда бир келсе, кайдагы бир селсаяк атынан чакырып чыга калса чочуйт да.
- Токо, мен Аскер.Аскер, досуңмун!
– Селсаяк толкундангандай бекем сүйлѳдү да, анан шаабайы суугандай аянычтуу үн менен:
- Тааныган жоксуңбу?–деди.
- Жок.Аскермин дейсиңби?Асыкеби? Сенсиңби?
- Ооба, мен Асыке.Айылдын Асыкеси.
Токтобек жанатан селсаяктын ага тааныш чыкканына арданып, кебетесинен жийиркенип турганын дароо унутуп салды.Баштыктарын баласына кармата салып селсаякка кучак жайды.Каңылжаарын жарып ѳткѳн жыттан иренжий түшсѳ да кучагын ала качпады.
- Эх, эх, Асыке.Досум. ..– Сѳз таппай башын чайкап турганда тиги үн катты:
- Бул уулуң го э?Жигит болгон турбайбы.Менин уулумдан эки күн кийин туулбады беле.Экѳѳнү дос кылабыз деп антташып…- үнү каргылдана түштү.
- Ооба, Асыке.Жакшысыңбы?
- Хе, жакшы деп айткыдай болбой калганымды кѳрүп турасың го.– Жанагы жайдары адам ачуулуу жанга айланып кетти.
–Жаманмын. Мына, кѳр, жаманмын! Эч кимим жок!Эч нерсем жок! Эй,келе, андан кѳрѳ кичине тыйын берчи? Тыйын бер да, артыңды карабай жѳнѳ!Мени унутуп сал.Кѳрдүм деп эч кимге айтпа.
Токтобек анын кепке келбей турганын аңдап чѳнтѳгүнѳн 200 сом алып чыгып карматты.Селсаяк акчаны колдон жула алды да, шаша жѳнѳп кетти.
- Ата, бул ким?–Уулу жийиркенгендей мурдун чүйрѳ унчукту.
- Досум, уулум.Кѳрбѳдүңбү «досум» дегенин.Бир кезде коюндашкан дос элек…
Токтобек Аскердин жашоосун алаканга салгандай биле турган.Бой жетип ак-караны айрып калган уулуна анын таржымалын тѳкпѳй-чачпай сабак катары айтып берүүнү ойлоду.Бир чети бир кезде эч качан ажырабайбыз деген досун унутуп койгон күнѳѳсүн, аны менен бирге ѳткѳн күндөрүн эстеп жуугусу келди.
Аскер экѳѳбүз 5-класстан дос болдук. Ошол кезде эле оокатка бүйрѳ эле.Кийин да тың чыкты. Атасынан калган бир малды эки кылып отуруп теңтуштардын ичинен эң биринчи бутка турду. Айылга элде жок мончо салды.
Чынын айтыш керек, мындай мончону район, облустардын борборлорунан эле кѳрбѳсѳк, эч бир айылда мынчалык мыкты сапаттагы мончо жок эле.Алгач кызыгып барган эл кийин мончонун кыныгын алып, үйгѳ жуунбай калышты. Жума сайын каттап атып Аскерди бир жылда эле баягыдан бетер байытып салышты. Мончонун жанына кафе, бири азык-түлүк саткан, экинчиси кийим-кече саткан эки дүкѳн ачты. Ар бир адамдын кел-кели келген бир кези болот окшобойбу. Аскердин кел-кели келгенде да күргүштѳп келди, тѳгүлүп-чачылып берекелүү келди. Бизнес деген түшүнүк элге жете электе ушинтип бизнесмен болуп кеткен экен, азыр ойлосом. «Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат» болуп колуктусу да бир тѳгѳрѳгү тѳп келген жан эле.
Иши жүрүшүп, ити чѳп жеп турган жанды баары сыйлайт экен. Байлыгынын арты менен Аскердин Аскер аты унутулуп «Асыке» болду. Кары, жашы дебей эркелетип чакырып, колунан кысып учурашып калышты. Менин бир ыраазы болгонум, Асыке пейилинен тайыган жок. Жардыга кол сунуп, жетимди башынан сылап, улууларды ѳзгѳчѳ урматтаганын кѳрүп ага баа берчүмүн. Айылдын эли кѳзүн караганына жараша айылдын бир топ жүгүн да кѳтѳрүп жүрдү.
Бирок кырктын кырына таяп бараткан сайын анын бир арманы арбып баратканын байкачумун. Арты-артынан тѳрѳлгѳн тѳрт кызын жанындай жакшы кѳргѳнү менен уулдуу болууга эңсѳѳсү күч эле. Бир жолу «ээ, Токо, дүйнѳнү го жыйып койдум.Эми уулум болбосо мунун баарын кимге калтырам?» дегени эсимде. Кудай жалгап бул кебинен кѳп күтпѳй уулдуу да болду. Жана укканыңдай уулу сени менен тең эле. Досумдун андагы кубанычын айтпа. Жерге-сууга батпай сүйүнүп, «жентек» деп дүкѳнүндѳгүнүн теңин бекер таратып салган.
Ушинтип уулдуу болуу менен Аскердин телегейи чындап тегизделген эле.Үйдүн мыктысын салып кирди, машиненин кыйынын алып минди, уул десе уул, кыз десе кызы болду.Бирок адам ырысын кѳтѳрѳ албай ысырап кылса ырыскы бак-дѳѳлѳтүңдү да, кадыр-баркыңды да кѳтѳрѳ качып, корооңдон тез эле чыгып кетет экен. Аскер кийим дүкѳнүнѳ бардык товарды ушул «Дордойго» келип дүңүнѳн алып кетчү. Ага жардам кылып мен да бир нече жолу келип кеткен жайым бар.Кийин жанына туруктуу жардамчы алып, ат тезегин кургатпай каттап жүрдү. Акыркы кезде Аскер борбордо эркектер гана эс ала турган «сонун жайлар» бар экенин кѳп айтчу болду. Досторго «керемет сауналар, керемет кыздар чериңди жазат» деп шилекейин кылк жутуп кѳркѳмдѳп айтып калган. Ошондо досумдун бул кылыгы жакшы эместигин ойлогонум менен ооздуктап калбаганыма азыр да ѳкүнѳм. Баарын акылга салып иш кылган неме менин айтканымды ичи тардык катары кабыл албасын деп ичимден тынып жүргѳм. Бир күнү аялы үйгѳ келип Аскердин шаарга кеткенине беш күн болгонун, такыр байланыша албай жатканын айтып калды. Телефону ѳчүк.
Аяшымды «иштери менен кармалып калса керек» деп жооткотконум менен ичимден түпѳйүл болуп калдым. Ошол күндүн эртеси таң атпай терезе такылдады.
- Токо, бол, чыкчы?!
– Аскер экен. Чоң кызуу.
- Тынччылыкпы?
- Тынч болбой калды, Токо. Мени кара теке сүздү. Шайтан азгырды.
Мастыгы менен айтып атат дегендей эмес.Деги эле сыр жашырбаган досум жер карап, туттугуп турду.Экѳѳбүз алма бакка кирип отуруп, болгон окуянын чоо- жайын уктум.
Кѳрсѳ, Аскер Кудайдан жѳѳ качкан алдамчылардын туткуну болуптур. Шаардагы бир-эки шериги менен дайымкы кардар болуп барып жүргѳн саунага кезектеги сойку кыздарды чакырышып, шапар тебишет. Эртеси базарга келип керектүү товарларын алып жуп жолго чыгарында кызыл шапкечендер келип анын үстүнѳн зордуктоо боюнча арыз түшкѳнүн айтып кармап калышат.
Түшүнѳ кирбеген иш болгон соң актыгына ишенип арыз ээси менен жолуктургула десе, ал түндѳ эле өзүнө кызмат кылган сойку кыз болуп чыгат. Кѳзүнүн жашын кѳл-талаа кылып «бул адамды биринчи жолу кѳрүшүм. Мага кол салган маалда жүзүн да таанып калган эмесмин. Бирок машинесинин номурун жаттап калгам» деп кайдагы калпты айтып айласын кетирет. Алгач урушуп, андан ѳтүп жалынып, суранып да кыздын арызын алдыра албайт. Аңгыча кыздын агасы болобуз деп эңгезердей экѳѳ келип жакалап, бычак такашыптыр. Айласы түгѳнүп милициясына жалынса олчойгон сумманы айтып «тѳлѳй сал да, чыгып кет» дейт. Аргасы куруган неме баалуу телефонун, саатын, жанындагы болгон акчасы менен товар шыкалган машинесин ошол жерге калтырып чыгыптыр. Ал да аздык кылып дагы «накталай акча карызмын» деген кагаз жазып берип келген экен. Кечигүүсүнүн себебин ушинтип түшүндүрүп «бир сааттык кумарга батам деп бир жылдык балээге калдым окшойт, Токо. Аяшыңа ачык эле айтат окшойм.
Себеби алардан кутулуш үчүн кѳп нерседен кол жууганы калдым. Тигилер мен тууралуу баарын билишет экен. Алмайынча тынчышпайт. Билип эле турам, алар уюшкан топ. Сойкусу да, шапкечени да, агасымын дегендери да баары биригип мени мээлеп жүрүшкѳн окшойт», - деди улутунуп. «Дѳѳлѳтүң да эгиз, мээнетиң да эгиз» деген чын экен. Ѳзү болжогондой эле байлыгынан катары менен кол жууп баратты. Дүкѳндѳрү арты-артынан жабылып, кафеси сатылып, ѳзү жѳѳ жүрүп калды. Элге шерменде болбосом болду деп тызылдап ѳңүнѳн да азып кетти. Кетип калбаганы менен аялы да далай беймазага салды окшойт. Күнѳѳсү болгон соң ага эмне дей алмак? Эх, Асыкемдин азабы ошону менен эле бүтүп калса болбойт беле. Бүткѳн жок. Эми кайра бутумдан турушум керек деп аялы экѳѳ эл агымы менен Орусияга кетишти.
Бапыраган бир бүлѳ чилдей тарап кыздарын ар кайсы туугандарыныкына табыштап, уулун таята- таенесинин колуна калтырды. Бир топко кабары чыкпай жүрүп үч жыл дегенде иши жүрүшѳ баштаганын уга баштадык.Так ушул маалда Аскерди дагы азап тооруду. 6 жаштагы уулу аттан кулап, башынан катуу жаракат алып айыга албай чарчап калды. Мына ушул жоготуу Аскерди биротоло жоготту.Баарына чыдап келген Асыке бул соккуга чыдай албай койду. Медер туткан уулу үчүн түркүн сыноолорго чыдап, ошол туягына баарын кайра түзүп берем деп тырмышып жүргѳн экен.Уулунан ажырары менен аялы экѳѳ да ажырашып кетишти. Кийин айылга бир келип жолукканыбызда «уулумду жоготуу менен жашоомдун маңызын жоготтум. Турмуштан баарын кѳрдүм. Эми мени эч нерсе кызыктырбайт» деп ыйлаган. Ошону менен айылга таптакыр барбай кетти.
Жаман кабар шамалдан тез жетет эмеспи, бат эле «баягы Асыке ичип кетиптир» деген кептер чыга баштады. Чын эле Аскерди эч нерсе кызыктырбай, эч ким соорото албай койду.Тууган- уругу да, достору да канча аракет кылган менен эч кимди уккан жок.Жеке мен деле шаарга барып эки жолу таап келдим. Кайра эле качып кетет. Жаман болууга жан үрѳѳнүн деле кереги жок тура. Заматта аракеч достор менен коюндашып, ѳткѳнү менен кошо келечегин да чийип таштап, бѳтѳлкѳнүн түбүнѳ түшүп жашап алды. Бир кезде аны эсинен чыгарбаган, оозунан түшүрбѳгѳн айылдыктар азыр аны эстебей да калдык. Куду, Аскер деген адам биздин айылда жашабаган сыяктуу аны эч ким ойлобойт, издебейт.
Карачы убакытты, андан бери зымырап 13 жыл ѳтүп кеткен экен.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#211 27 Февраль 2019 - 20:57
КҮМӨН ЖАНА АРАМ АЗЫКТАРДЫН ТИЗМЕСИ
ТАМАК КОШУЛМАЛАРЫ
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты саткоо уюмунун аныктамасына ылайык тамак-аш азыктарынын сакталуу мөөнөтүн, келбетин жана даам сапаттарын узакка сактоо үчүн атайын кошула турган, затында жейилбеген, табигый жана химиялык заттардан даярдалган аралашмалар тамак кошулмалары деп аталат. Азыр дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө 500дөн ашуун тамак кошулмаларыколдонулат.
Тамак кошулмаларынын кесепетин, кошуу өлчөмүн БУУнун алдындагы тамак кошулмалары боюнча эксперттердин бириккен комитети (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көзөмөлдөйт.
Адамдын жана анын келечек муундары үчүн келтирген зыяны илимий далилденген тамак кошулмаларын өндүрүүгө тыйуу салынат. Тамакка кошулуучу заттар анын технологиялык эффекти үчүн минималдык өлчөмдө гана кошулуусу зарыл.
Эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган тамак-аш коопсуздугун камсыздаган жана дүйнөлүк соодага ыңгайлуу «Кодекс Алиментариус» («Codex Alimentarius» «Тамак-аш кодекси») документинде тамак кошулмалары төмөндөгү аталышта катталган:
Бойоктор (Е100 – Е182) табигый, синтетикалык жана минералдык (органикалык эмес) тамак азыктарына керектүү түстүү берүү, аны күчөтүү жана сактоо үчүн жалгыз жана аралашма түрлөрүндө колдонулат. Мөмө жана жемиштердин ширелери,кофе, какао, шафран, куркума, паприка жана башка өсүмдүктөр бойокко кирбейт. Азыктын түсүн калыбына келтирет жана күчөтөт.
Е120 – Кармин (Carmines).Бойок. Харам.Курт-кумурскалардан, кошениль кенесинин канынан алынат. Ичимдиктерге, суусундуктарга, торт, балмуздак, ж.б. кондитер азыктарына кошулат.
Е132 – Индигокармин (Indigotine). Бойок.Күмөн. Жаныбарлардан да алынуусу мүмкүн. Ичимдиктерге, суусундуктарга, кондитер азыктарына кошулат.
Консерванттар, кислоталар, негиздер жана туздар(Е200 – Е299 )тамак азыгынын кычкылдуулугун өзгөртүү, азыктын щелочь гидролизи жана тамактын сакталуусун камсыз кылуу үчүн колдонулат. Азыктардын сактоо мөөнөтүн узартат.Буларды сүт, май, ун, балдар тамагын өндүрүшүндө иштетүүгө тыйуу салынат.
Антикычкылданткычтар(Е300 – Е399)тамактын, май азыктарынын кычкылдануусун алдын алуу үчүн колдонулат. Ачып кетүүдөн сактайт.
Стабилизаторлор, коютуучулар, текстуратолор жана жууручу агенттер(Е400 – Е499) даяр азыкта белгиленген консистенцияга жетишүү жана аны кармап туруу үчүн колдонулат. Азыктын берилген консистенциясын сактайт.
Е422 – Глицерин (Glycerol). Нымдуулукту кармоочу агент, койутуучу.Күмөн. Жаныбарлардан да алынуусу мүмкүн.
Е441 –Желатин (Gelatin). Койутуучу, стабилизатор, желирующий агент. Харам.Жаныбарлардан алынат. Айтмакчы, эгер уруксат берилген, шариат талаптарына ылайык союлган жаныбардан, деңиз өсүмдүктөрүнөн алынганы адал.
Е471 – Май кислоталарынын моно- жана диглицеридтери (Mono- and diglycerides of fatty acids). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.
Е472а – Глицерина, уксус жана май кислоталарынын эфири (Acetic and fatty acid asters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.
Е472b –Глицерина, сүт жана май кислоталарынын эфири (Lactic and fatty acid esters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.
Е472с –Глицерина, лимон жана май кислоталарынын эфири (Citric and fatty acid esters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.
Е472d –Май жана вино кислоталарынын моно- жана диглицеридтери, (Tartaric acid esters of Mono- and diglycerides of fatty acids). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.
Е472e –Глицерина, диацетилвин жана май кислоталарынын эфири (Diacetyltartaric and fatty acid esters of glycerol).Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан да алынат.
Е472f –Глицерина жана вино, уксус жана май кислоталарынын аралашма эфири (Mixed tartaric, acetic and fatty acid of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан алынат.
E478 – Лактлирленген май кислоталарынын глицерини жана пропиленгликоля эфиры (Lactylated fatty esters of glycerol and propylene glycol). Эмульгатор. Күмөн.Жаныбарлардан алынат.
Эмульгаторлор (Е 500 – Е599) Табигатта аралашпоочу заттарды аралаштырат. Мисалы суу менен майды.
Е542 – Сөөк фосфаты (кальций фосфаты) (Bone phosphate) (essential Calcium phosphate tribasic). Эмульгатор, бөлтөктөнүүгө каршы жана ным кармоочу агент. Харам. Сөөктөн өндүрүлөт.
Ароматизаторлор, даамданткычтар (Е 600 – Е699) тамак азыктарына өзгөчө даам берүү үчүн колдонулат. Бирок буга спиртте демделген, көмүр кычкыл ширелер, сироптор, вино, коньяк, ликер ж.б.у.сяктуу азыктар кирбейт. Ошондой эле табигый азыктарга кошумча даам берүү үчүн сүт, нан, нак ширелер, какао, кофе жана чай колдонууга тыйуу салынат. Ароматизаторлорду бузулган азыктын даамын оңдоого колдонулбайт.
Көбүк баскычтар(Е 900 – Е999)Көбүрүүнүн алдын алат жана токтотот.
Глазирователдеразыктардын бетин жылтыратуу жана жылмалоого колдонулат.
Е904 – Шеллак (Shellac). Глазирователь. Харам. Курт кумурскалардан алынат.
Ун жана нан сапатын жакшыртуучуларундун нан жана башка ун азыктарына керектүү сапатын көтөрүү үчүн колдонулат.
Е920 – Цистеин, L- жана анын гидрохлоридтери – натрий жана калий туздары (Cysteine, L-, and its hidrochlorides – sodium and protassium salts). Ун жана анан жакшыртуучулар. Харам. Адамдын чачы, жүндөрү, тоок перисинен өндүрүлөт.
Е921 – Цистин, L- жана анын гидрохлоридтери – натрий жана калий туздары (Cystine, L-, and its hidrochlorides –sodium and potassium salts). Ун жана нан жакшыртуучулар. Харам. Адамдын чачы, жүндөрү, тоок перисинен өндүрүлөт.
Тамак азыгынын даамын күчөтүүчү, модификациялоочулартамак азыгынын даамын көзөмөлдөгөнгө колдонулат.
Шириндетүүчүлөр кант азыгынан алынбаган тамакка таттуулук берчү заттар. Көбүнчө энергетикалык баалуулугу төмөн жана атайын медициналык көрсөтмөгө ылайык даярдалган диетикалык тамактарга колдонулат. Кант диабети менен ооругандарды эске албаганда бул заттар балдар тамагына колдонууга тыйуу салынат. Коомдук колдонууга өндүрүлгөн таттуулуктар курамы жана колдонуу тартиби чапталган сырт кагаздары меен камсыздалуусу зарыл.
Көп атомдуу спирттен турган (сорбит, ксилит ж.б.) сырт кагазына «Суткасына 15-20 граммдан ашык колдонуу алсыздандыруусу мүмкүн», ал эми курамында аспартам болсо «Фенилаланиндин булагы бар» сымал эскертүүлөрү болуусу керек.
Е951 – Аспартам (Aspertame). Таттуулоочу, даам күчөтүүчү. Күмөн. Кош бойлуу, эмизген аялдарга жана фенилкетонурия менен ооругандарга сунуш кылынбайт.
Е 1000 жаңы топ, ширелер жана кондитер азыктары үчүн таттуулуктар, ун, крахмал үчүн керектүү заттар.Кант жана тузду сактоого керектүү заттар.
Е1000 – Холевая кислота (Cholicacid). Эмульгатор. Харам.
Е1001 –Холин, туздар,эфирлер (Cholinesaltsandasters). Эмульгатор. Харам.
Е1100 – Амилаздар (Amylases). Ун жана нан жакшыртуучулар. Харам.
Е1101 – Протеаздар (Proteases), Протеаза (Protease), Папаин (Papain), Бромелайн (Bromelain). Фицин (Ficin). Ун жана нан жакшыртуучу, стабилизатор, эт, балык бышуусун тездетүүчү, даам күчөткүч.Харам.
Е1102 – Глюкозооксидаза (Glucoseoxidase). Антиокислитель. Харам.
Е1103 – Инвертаздар (Invertases). Стабилизатор. Харам.
Е1104 – Липаздар (Lipases). Даам күчөткүч. Харам.
Е1105 – Лизоцим (Lysozyme). Консервант. Харам.
Е1200 –АиN полидекстроздору (PolydextrosesAandN). Толтуруучу, стабилизатор, койутуучу, ным кармоочу агент, текстуратор. Харам.
Эл аралык маркировкасыз топтор:Хитозан, гидрохлорид хитозония-толтуруучу, койутуучу, стабилизатор. Харам.
Иритпөөчүлөр, катырбоочулардан, кант азыктарын өндүрүштө алардын жатып, үйүлүп катып калуусуна каршы колдонулат.
Түс кармоочуларазыктардын табигый түсүн кармап турууга колдонулат.
Толуктоочулар, эритүүчүлөркатуу, суйук жана кум сымал азыктарды өндүрүшүндө колдонулат.
Тамак кошулмалары бир жана бир канча заттардан туруп, төмөнкү класстарга бөлүнөт:
кислоталар, негиздер жана туздар;консерванттар; антикычкылданткычтар; иритпөөчү кошулмалар; туруктуу кармоочулар, эмульгаторлор, коюлтуучулар жана аралаштыруучу агенттер;ун жана нанды жакшыртуучулар; бойоктор;түс кармоочулар; глазирователдер; даамдандырчулар жана тамак даамын күчөкүчтөр; таттууландыруучулар;толтургучтар;ароматизаторлор.
halal.kg