Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#3001 28 Май 2014 - 00:15
Саламың алик алайын
Жообумду улайын
Ташкындай берсин талантың
Кыздан чыккан акыным
Туйласын тынбай тулпарың
Курчуй берсин калемиң
менин жөн жайымды сурадың
Алып келип алгын деп
жеңеңди да сагынтың
Кана эми шарт болсо
эң кенже ширин кызым бар
Бир жаштан өттү араң эле
Аракет кылып басканга
Аталап коет кез кезде
Жеңең өзү бакпаса
Балдардын шору катпайбы
Баласаак окшойбуз экөөбүз
Ишенбейбиз эч кимге
Бир келип кетчи мен жакка.
#3002 28 Май 2014 - 18:31
Качканга тешик издейбиз.
Тааныбай турсак арга жок,
Кичүүнү деле сиз дейбиз.
Айтышаар айым көрүнөт,
Тил мокогун миздейбиз.
Ким эле ким деп чакырса
Араңдан анан биз дейбиз!
Бир окто баарын жайлаган,
Мергендей ууну пайлаган.
Мырзалар менен айтышып
Булбулдай шаңшып сайраган.
Амансызбы Мега айым?
Мен келдим мына кайрадан.
Ырыңыз жагып көңүлгө
Жан дүйнөм болду жайраган.
Тизмектеп уйкаш жаздыңыз
Тилиңизден сиздин айланам.
Акындар айтат жашырбай,
Жалгандан ушак ашырбай.
Бет-бетке айтаар жандайсыз,
Анда айтсаңыз шашылбай.
Таанышып койсок не дейсиз
Уялтып артка качырбай,
Же болбосо урушуп
Оозумду менин ачырбай.
Каерден, кимсиз айтсаңыз,
Өздүгүңүз жашырбай)))))
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#3003 28 Май 2014 - 20:27
"Акындар айтышы" темасын
Кооздоп турган акындар.
Салам айтып бир-бирин.
Сыйлап турган жакындар.
Улгу алып силерден.
Кичинеңер мен экем.
Жаныңарда ээрчитчүү,
Шакиртинер мен экем.
Анда менда калбайын.
Салам берип бир-бирден.
Абалынызды сурайын.
Нарынбек агайдан баштайын.
Саламатсызбы Нарынбек агатай.
Туулган жериниз Шамалды-сай.
Ден-соолугунуз журобу?
Женеме болгон сагыныч
Сизди жудоткондой корунду.
Сагынган жалгыз сиз эмес.
Сиздейдин саны 10000 кем эмес.
Чыдап турун ишке алаксып.
Кузундо чогу барабыз.
Қыздарыңызды кучактап.
Кусалыка кош айтасыз.
Сагынычтан арылып.
Россиядан кутулуп.
Кенен журуп каласыз
Ката жазсам кечириниз.
Узак жашап омурдо
Ылайым жузго кириниз.
(Окшошуп атабы жазгандарым?)
Билдирүүнү түзөткөн: nooken.kg: 28 Май 2014 - 20:31
#3004 28 Май 2014 - 21:05
Кыргыздарда бар экен,
Акын айтыш салт экен.
Салттын башын баштаарда.
Саламдашуу шарт экен.
Ошол шартты бузбастан.
Саламдашып баштайын.
Саламатсызбы Мега айым.
Салам айтып мен сизге,
келип калган бул жайым.
ден-соолугунуз мен сурап,
Сыйлап турам ар-дайым.
Талантыныз бар экен,
Таазим сизге эжекем.
Тамшандырат адамды,
Жазганыңыз тим эле.
Тамчы-суудай бириккен,
Ээрчишип бир-бирден,
Шурудай катар тизилген.
Шуулдатып биз окуп,
Суусап биз кайра келебиз.
Андыктан сиз эжекем,
Анда санда бир жазбай.
Бат-баттан жазып турсаныз.
Окурманды куттурбой,
Бизгеда убакыт болүп журсонуз.
Оорулардан алыстап,
Бизге жакын болунуз.
Ноокентай деп ар-дайым,
Эркелетип турунуз.
#3005 28 Май 2014 - 22:55
Акесин сыйлап иничек
Саламын айтып өтүптүр
Эми үкама жоопту жазайын
Тириликтин айынан
Маскөөдө жүрөбүз
Сагынбаска айла жок
Күзгө чейин чыдайбыз
Шүгүр үкам ден-соолук
Жүрөт тынбай иштеп жүгүрүп
эми өзүңдөн сурайын
Сурасам атың айтпассың
Иштериң жакшыбы?
Ден-соолугуң жүрөбү
Чарчабай жүгүрүп
Айылыңды сурайын
Жердеш иним экенсиң
Каериненсиң Ноокендин
Маскөөдө экенсиң
Кайсы метродо жашайсың
Суроолорду жаадырдым
жакындан таанышып алалы
Бир келип кетчи мен жакка.
#3006 29 Май 2014 - 00:33
Сураптырсыз атымды,
сураптырсыз ал-жайды.
Аллаага раазылык айтамын.
Шугур менде баары жайында.
Сиз катары мигрантмын,
Маскөөдө иштеп жатамын.
Маяковский аталган.
Райондун мен жашаймын.
Иштер болсо акырын.
Болуп жатат аста-аста.
Орус менен аралаша
иштеп журом тен тайлаш.
Озум болом Ноокенден.
Ырыскы толгон жеринен.
Шаарга жакын жайгашкан.
"Таштак" деген айылдан.
Сабыр кылып туралы
Сагыныч толуп ашканда.
Айылга учуп баралы.
Жакындан биз таанышып.
Ага-ини бололу.
Аман болун агатай.
Саламыбыз туз болуп.
Амандашып туралы.
#3007 30 Май 2014 - 18:31
Алик алдым ызааттап
Жазган мактоо создорун
Коодонумду кубаттап
конулумду кылды шат.
Көр тиргилик азабы,
Кое бербей туткактап
Эки бутун алыстап,
кеткен тура ыраактап,
Сагынышып байкебиз,
Жургон тура ыйлактап,
Сабыр кылын байкеси,
Сагынычтар таркачу,
кезек келер кылактап,
Куса болгон балдарды,
Моокум кана кучактап,
Женемин барып кашына,
Откон кеткен кундордон,
Отчет берип кыйпактап,
Анча мынча кылганын,
Тунку уйкудан бездирип,
Эки козун чырпактап
Жашырып анча мынчасын,
билдирбоого далбастап,
Эркектикке салдырган,
Окунуп ишке кылчактап
Ушунун баары алдыда,
кутуп турат агатай,
Акылынды пештеп ал,
Андан коро шашылбай,
Создорунду беленде,
бирине бири дал келсин
даярдап ал ашыкпай,
Суудан курук чыга кор
Балээни башка ашырбай
Аялдан амал кутулбайт,
Астыртаан собол салат ай,
Ары бери айлантып,
Тооруп барат байкатпай
Жашырып койгон нерсенди,
Баарибир билип алат ай,
Жигитчилик деген бар,
Буларды айткан себебим,
Жети кадам узаса,
Бойдок болот дегеним,
женемден журсон алыстап,
шоктонуп койсон береним,
Азоонун оозун бура албай,
Ким корду кылсан эреним
Чычалап капа болот го
Ошону женеме билгизе корбо дегеним.
***
Кайтпас Мырза Келипсиз,
Соз берметин терипсиз
Кыздарды жоктоп айылдан,
Кыйла эле НАМЕК берипсиз.
Кыздардан чыкса кыйындар,
Кайтпас Мырза качпай кал,
Качып бир кетсен байкатпай,
Ылайым тешик таппай кал,
Эптеп бир тешик табылса,
Ал тешикке батпай кал,
Кызып турса бул тема,
Бекинип уйдо жатпай кал,
Соз берметин Мырзатай,
Бекитип ичке катпай кал,
Атына затын жарашып,
Дегеле айтканынан кайтпай кал.
Качып кетсе Мырзалар,
Корк кетпейби айылдан,
Килен кыздар чогулуп
Кеп кылмак белек айындан,
Мырзалар менен тайлашып,
Тастандап чыккым келбеди,
Тарбиядан кур калган,
Таалими жок го дебейби,
Акыйлашып айтышкан,
Ажаандардан окшойт деп,
Деги атыма наалат келбейби.
Ага ини менен тирешип,
Жагжандашкым келбеди,
Жон журбос кандай неме деп,
Жигиттер кокуй дебейби.
Кайдан чыккан эме деп,
Кокуй ой жердигиме наалат келбейби.
Мырза деп жигит сыйлаган,
Ушул менин тарбиям,
Улуубу кичуу дайыма,
Сиз Мырза деп кайрылам.
Аркадан тушуп асылган
Айыгышкан таланттан,
Опшим эле кур калгам.
Тамашалап кээ кээде,
Тийишип гана ыр жазам.
Кыбырап аран ушинтип,
Аранарда жургонго,
Кыйла эле кубанам.
Жигиттер айым экен деп.
Сыйлап эле койушса,
Акталат ошол убарам.
Оздугумду сурапсыз,
Кагылайын Кайтпасым,
Сайт деле берген уруксаат,
Жашырып оздук айтпасым,
Алымбектей Датканын
Урпагы болом Кайтпасым
Жашыра турган негизи ,
Жуйолуу деле себеп жок,
Белгисиз болуп жургондо,
Негедир менде конул ток,
Жашырып жузум жапкандай,
Кылмышкер деле эмесмин,
Кызыгат баары дегидей,
Же Периште эмесмин.
Интервью берип жатканда,
Белгисиздик себебим
Тактап айтып кеткемин.
Таанышам десе тайрандап,
Качкандардан эмесмин,
Тамаша созго тушунгон.
Шайыр шатман элемин.
Жыгылып туруп турмушта,
Курошуп тынбай келемин.
Кадырлуу жарга таянып,
Тең кармап турмуш желегин
Балдарыма шипширин,
Мээримин токкон энемин,
Калдайган калын кайынга,
Ызаатту келин,женемин.
Супердеги дуйнодо
Мегуша аттуу эжемин.
***
Амансынбы Ноокентай,
Саламга алик алайын.
Сага окшогон инимдин
Омурун тилеп калайын.
Соолугуму тилесен,
Жабышып жургон илдетти,
Тоготпой уят кылайын.
Оюма койсо Ноокентай,
Жашап эле алгым бар,
Суперстандан чыкпай,
Бирок кызыл кекиртек,
Кыйла жерге секиртип,
Судуроп чыгат буйтатпай
Жакшы соз жанды эргитет,
Мактоолор жагып кулакка
Эркелешип экообуз,
Отура берсек бул жакта,
Асынып олуп албайбы,
коро албастар тиякта
#3008 30 Май 2014 - 21:27
Акындар мында аманбы
Май токочтуу сөздөрдү
Тизмектеп айтып жатабы
Кино жалга сын айтып
Эс алууга айдады
Жоктоп аткан болсоңор
Ушуну айта салайын
Сыртка чыкпас кылды го
Админ деген адамың эээй
#3009 30 Май 2014 - 22:30
Айтыштын сулуулары аманбы?
Эскиртпей айтам саламды
Айтыштын эркектери аманбы?
Корунуп корунбой айтам саламды
Айтышка кирип окуган невидим форумчулар аманбы?
Россияда иштеген
Иште бекине калып киришкен
Айланайын акындар мал жанынар аманбы?
Россиянын менттери
Кочодон кармап честь берип
Документти текшерип
Болоор болбос шылтоо тааап
Депорт кылып жатпайбы?
Андайдан кудай сактасын
Ондоп берсин батасын
Аман эсен тынч иштеп
Кыргызтанга кайталы
Эми жергеден кирген акындар
Ал акыбал жакшыбы
Быйылкы эккен жугору
Кыйналбай чыгып алдыбы?
Эрте эккен эгиндер
Чабыка жарап калдыбы?
Суу талашып экиден
Эл урушпай жатабы?
Ар бир айдын алтысы
Митинг менен пикетсиз
Тынч эле отуп жатабы?
Жайлоого кеткен мал койлор
Карышкыр жарып кетти деп
Башы менен теериси
Иши кылып кайра келбей жатабы......
Сон колдун башы тал менен
Базардын корку сарт менен
Чан бастырбай тез тезден
Бул жака кирип туралы
Эч болосо эки ооз соз
Саламдан жазып туралы
Акындар айтыш теманы
Корку мына биз менен
Тушурбой кармап журолу
Эн башкы бир тизмеден
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#3010 30 Май 2014 - 22:53
Аман баары буйруса
Сургуттан салам айтыпсың
Сургут дагы аманбы
Менттериң жүрөт мээлешип
Мна чорный экен дешип
Докментти турат текшерип
Докменттин кандай экени
Аларга деле кызыкмес
Пулду берип сүйлөшсөң
Көнө калчу түрү бар
#3011 30 Май 2014 - 23:31
Комуздун үнү жаңырып,
Айылда болду жаңылык.
Боз үйдө толо акындар
Жонуна чепкен жамынып.
Кой союлуп, түр-дүйүм
Досторкон жая салынып
Кезекте турат ырдайм деп
Ар бири айтыш сагынып.
Колунда үч кыл комузу
Кезегин күтөт камынып.
Мен дагы келдим араңдан
Калбайын деп чалынып.
Деп эле ырды баштайын,
Саламдашпай шашпайын.
Айымдар келсе чын эле
Мега айым айткандай качпайын.
Жигиттердин абиирин
жок жерден эле чачпайын.
Эгер жаман көрбөсө
Мега сулууга кайрадан
"Короткий" гудок таштайын.
Кайра чыкса алоо деп
Секиин-аста маштайын.
Тилинен балы куюлган,
Төкмөлүк өнөр буюрган.
Көөдөнү толо ыр менен
Оюна көп сөз уюлган.
Бир көргөндөле бул сулуу
Кыйындыгы мага туюлган.
Айтышсамбы же жокпу деп
Ойлорум онго суюлган.
Мега болсо атыңыз,
Канчада экен жашыңыз?
Тааныша койсом дегенмин
Ачыкпы өзү башыңыз?
Кызыга койсом не болот
Терилген эмеспи кашыңыз?
Эгерде жаман көрбөсөңүз
Жооп жазууга шашыңыз.
Кыз деген болот кызыктай,
Өтө албайм чыны кызыкпай.
Анан да дароо көрбөңүз
Кайтпастын оюн бузуктай.
Тийишип бираз айтышып
Чымчылашып тартышып
Аңгырап калган айылды
Койбосок болбойт кызытпай.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#3012 30 Май 2014 - 23:58
Сургуттун бир шаарынан.
Келип калган айтышка
Бул Асан_ака аманбы?
Сурасаныз мал-жанды,
Сиз катары биз дагы,
РФда иштеп жатабыз.
Менттерди коруп алыстан,
Миңңге коюп жатканбыз.
ТСга эми кошулсак,
Тагалар анча текшербей,
салам берип баштайбы
Же болбосо чер..й деп.
Акча сурап калабы?
Не болсода Кудайым,
иштеп тапкан акчага,
Берекесин берсинчи.
тагалар бизден алыстап,
Департ кылбай калсынчы.
Ден-соолукта болуп Кыргыздар.
Пландарын толтуруп,
Кыргызстанга кайтсынчы.
Өзгө элде журбостон.
Өз жеринде журсунчу.
Айткан менен буларды,
Атамбай угуп койсочу.
Жол тостурбай элдерди,
Жолугушуп койсочу.
Айта берсем арман коп
Дегеле элимде амандык болсунчу.
#3013 31 Май 2014 - 18:20
Ыр саптарым бирин бири коштободу
Булбулдар айтышынан тантыганча
Бул темадан тез чыгып коштошолу
#3014 31 Май 2014 - 22:53
Саламымды айтайын
Акын сулуу аманбы
Ден-соолук иштер
баардыгы жайындабы
Жооп айтсам карындаш
Үйдөн чыксам жети аттап
Бойдок болуп кете албайм
Тизгинди такыр үзө албайм
Адатым бар ушундай
Тике карап көзүнө
Жалган жашык айталбайм
Беш мүнөттүк кумар деп
Абийиримди саталбайм
балдарымдын апасын
башкага алмаштыра албайм
Уйкашпаса сөздөрүм
Андай эле өтө чоң
Күчтүү акын эмесмин
Зериккенде айылга
Келип жазып кетемин
Эгер акын болгондо
Жүрмөкмүн азыр айтышып
Акындар менен жанашып.
Бир келип кетчи мен жакка.
#3015 31 Май 2014 - 23:27
Ак эмгек менен алышып
Маңдайдан терин аарчышып
Мээнеттин көрүп үзүрүн
Мекенге акча салышып
Бу тиргилик көр дүйнө
Эмгек кылып чет жерде
Не күндөр бизге буйруду
Мекенден алыс сагынтып
Мейман дос элди зар кылып
Талаалаттың го дүйнө
#3016 07 Июнь 2014 - 00:26
Акындарым аманбы
Бир жума ашып кетиптир
Эч бир жан кирбептир
Акындар кайда кетишкен
Мега сулуу корунбойт
Ноокентайда жок болду
Кайтпас кайда кетти экен
Детектив да келбептир
Кызматтан колу бошобой
Айылга келбей коюшту
Кайдан барып издесем
Бир келип кетчи мен жакка.
#3017 07 Июнь 2014 - 21:11
Учу кыйры ангемени кураберсин.
Капа болбос акындарды баш баккан
Кара тамгам карегине ураберсин...
Бул теманы ырым башка кийеберсин
Бутактарын создун ылдый ийеберсин.
Жарышам деп кирген жандын баарына
Жашыл тамгам жиндерине тийеберсин. ..
Башкаларда ушул жолду беттей койсун
Бирок такыр жазып мага жетпей койсун...
Колокодой ээрчип дайым очпостон
Когуш тамгам коздорунон кетпей койсун...
Тамаша.
Билдирүүнү түзөткөн: Lumia-800: 07 Июнь 2014 - 21:12
#3018 08 Июнь 2014 - 16:01
Ыр өнөргө жакындар,
Баарыңа айтам саламым,
Жазылсынчы жарпыңар.
Жаш акындар көбөйсүн,
Туурдан учуп талпынаар,
Сөз атасын өлтүрбөй
Аманбы төкмө алпыңар,
Вирт дүйнөдөн чогулган,
Айым ,Мырза жалпыңар.
Жалпыңа айтам саламым,
айтпай кетсем болбойт го,
Көбүнчө байкап каламын,
Көңулгө жакпайт форумда,
Бөлүнүп бир аз алганың.
Эскиби жаңы форумчу,
Баарибир ошол адамсың,
Катталса жаңы форумчу,
Четтетип кагып салганың,
Эскилерге жетпейт деп,
Кемсинткендей карадың,
Жаратылыш закону,
Жаңылануу ар дайым,
Жаңы келип кошулса ,
Түшпөсүнчү кабагың,
Тамагыңды талашпайт,
Ордунда турат "табагың" ,
Тарбия жолун көрсөтсөң,
Жаңыга ошо сабагың,
Анча мынча тентектин,
Албайлемин тарабын,
Андайлар дагы жок эмес,
Көтөргөн Флуд жарагын,
Форумдун баркын кетирсе,
Админка берээр сазайын,
Мага да жакпайт чынында,
Ошодон бир аз жазайын,
Монитордун артында,
Отуруп алар жашынат,
Ишемби күнүн күтүшүп,
Атайын тема ачышат,
"Омүрү кыска"темадан,
Чыныда көзүң ачышат,
Дүйшөмбү күнү аскактап,
Башкармадан качышат.
Мындайларың бир болсо,
Ушинтип көңүл ачышат,
Беймаани жумуш кылганга ,
Убакыт кайдан табышат,
Флуддап салса темага,
Акимдер "БАҢ"дап шашышат.
Ачууларга алдырбай,
тамаша менен карайлы,
Ар кимдин койгон максаты,
Бул Вирт дүйнө баягы.
Туу тутуп дайым желбиреп
Жүрө берсин ортодо,
Ынтымактын байрагы!! !
#3019 08 Июнь 2014 - 16:04
kaitpas (30 Май 2014 - 23:31) жазган:
Комуздун үнү жаңырып,
Айылда болду жаңылык.
Боз үйдө толо акындар
Жонуна чепкен жамынып.
Кой союлуп, түр-дүйүм
Досторкон жая салынып
Кезекте турат ырдайм деп
Ар бири айтыш сагынып.
Колунда үч кыл комузу
Кезегин күтөт камынып.
Мен дагы келдим араңдан
Калбайын деп чалынып.
Деп эле ырды баштайын,
Саламдашпай шашпайын.
Айымдар келсе чын эле
Мега айым айткандай качпайын.
Жигиттердин абиирин
жок жерден эле чачпайын.
Эгер жаман көрбөсө
Мега сулууга кайрадан
"Короткий" гудок таштайын.
Кайра чыкса алоо деп
Секиин-аста маштайын.
Тилинен балы куюлган,
Төкмөлүк өнөр буюрган.
Көөдөнү толо ыр менен
Оюна көп сөз уюлган.
Бир көргөндөле бул сулуу
Кыйындыгы мага туюлган.
Айтышсамбы же жокпу деп
Ойлорум онго суюлган.
Мега болсо атыңыз,
Канчада экен жашыңыз?
Тааныша койсом дегенмин
Ачыкпы өзү башыңыз?
Кызыга койсом не болот
Терилген эмеспи кашыңыз?
Эгерде жаман көрбөсөңүз
Жооп жазууга шашыңыз.
Кыз деген болот кызыктай,
Өтө албайм чыны кызыкпай.
Анан да дароо көрбөңүз
Кайтпастын оюн бузуктай.
Тийишип бираз айтышып
Чымчылашып тартышып
Аңгырап калган айылды
Койбосок болбойт кызытпай.
Тиричилик сугалак,
Ойдө төмөн кубалап,
Тоголонуп мен жүрөм
Айылга эптеп кире албай,
Айтышка бир ооз жаза албай,
Жоголгонсуп мен жүргөм.
Жогору жакта жоктошуп,
Мен жакка суроо жолдошуп,
Кайтпас Мырза "короткий"
Гудок берип кеткенби,
Бирдиги Мырза жигиттин,
Гудокко араң жеткенби,
Маяк берсем бул айым ,
Кайра чыгат дегенби,
Сулууларга көрүнгөн,
Звонок кыла бергенби,
Таанышуу үчүн талпынып,
Бирдиктин баарын жегенби,
Мага кезек келгенде,
Бирдиги отказ бергенби,
Же Өзүнө абдан ишенип,
Кайра чыксын дегенби.
Же үмүтетип бирдиктен,
Намек таштап кеткенби.
Кыйналбай Кайтпас береним,
Элиңе тийгир керегиң,
Номуруңду билдирсең,
Эдина салып берейин.
Шылтоо менен акырыын,
Номуруңду терейин,
Кызыгып калдың Жигитче,
Оюңду аңдап билейин.
Таштап кеткен соболго,
Тилпондон жообун берейин.
Шагыңызды сындырбай,
Керек десең Мырзатай,
Сүрөтүм деле салып ийейин.
Кашымды көрүп сындай сал.
Тер десен аны терейин.
#3020 08 Июнь 2014 - 17:08
Narynbek (31 Май 2014 - 22:53) жазган:
Саламымды айтайын
Акын сулуу аманбы
Ден-соолук иштер
баардыгы жайындабы
Жооп айтсам карындаш
Үйдөн чыксам жети аттап
Бойдок болуп кете албайм
Тизгинди такыр үзө албайм
Адатым бар ушундай
Тике карап көзүнө
Жалган жашык айталбайм
Беш мүнөттүк кумар деп
Абийиримди саталбайм
балдарымдын апасын
башкага алмаштыра албайм
Уйкашпаса сөздөрүм
Андай эле өтө чоң
Күчтүү акын эмесмин
Зериккенде айылга
Келип жазып кетемин
Эгер акын болгондо
Жүрмөкмүн азыр айтышып
Акындар менен жанашып.
Нарынбек агай аманмын,
Жагымдуу сезим жараттың,
Сулууга теңей салганың.
Раазы болдум өзүмчө,
Окуп алып жазганың.
Бактыга тунган жандай го
Жан биргең шерик алганың.
Алмашпасаң эч кимге,
Ошол го бакытка бөлөп салганың.
Эркектин баары бир кылка,
Өзүңдөй болсо агайым.
Каарымак эмес таптакыр,
маанайы жаркып аялдын.
Тилеп кетем ар дайым,
Жогору жакта жазганың,
Жок болсун такыр жалганың.
Оозуна койчу түкүрүп,
Тентек бир ини-агайдын.
Сага окшогон Мырзадан,
Беш алтоо эле болгондо,
Аялзаты ыйлабай,
Оңолмок кургур заманың!