Анда жалпысынан 4-тур жана бир жарым ай убакыт аралыгында жыйынтыкталуучу талант сынагынын шарттары менен кабардар кылсам.
Сынакка Суперстандагы супер-активист, Аким-модераторлор жана маанилуу билдируулору бар активисттер гана катыша алышат. (Сынакка катышууга калоосу куч болгон кээ бир активисттер атайын кичи сынак-кастинг аркылуу тандалып алынат, жана супер-активист, акимдерменен катар куч сынашууга мумкунчулук алышат. Ал кичи сынак атайын лозунг тандалып, «Акындар айтышы» темасындагы таймашуудан кийин аныкталат).
Алгачкы турда «Мен Кыргызмын» болумундогу«Атайын сынак учун» темасында таланттар баасы аныкталып, чыгармалар сынагы болуп отот.
Экинчи турда «Журок сыры» болумундогу «Сынак учун Монолог»темасына калтырылган жан-дуйно сезимдеринин изи аркылуу баа берсек.
Учунчу тур «Эркин тема» болумундогу «Кулкулуу апыртмалар» темасында откорулот.
Ал эми чечуучу тур «Суперстан» болумундогу«Суроттор парады» темасында башталып, ошол болумдо жалпы сынактын шарттары тугонот да, ушул темада жыйынтык жарыяланат.
Катышуучулар учун томонку эрежелер иштепчыгарылган, жана ар бир сынакка катышкан катышуучу бул эрежелерди эске тутуусу зарыл.
1-Кыргыз тили грамматикасын бузбай жазуу.
2-Ар бир катышуучу бирден учко чейин гана билдируу жаза алат.
3-Катышуучулар бири-бирине комментарий бергени, жана сындаганы мумкун эмес.
4-Интернеттен же болбосо озгонун, пикирин озгонун жазуусун, ырларын,ангемелерин уурдап жазууга тыю салынат. Ар кимдин жеке автордук гана жазуусу абзел.
Ал эми баарына калыс баа берип, сын айтып,тактык киргизчу коммиисия мучолору томонкулор болмокчу:
Info
Барс
Nur_Islam
Admin_superstan
Ошондой эле тартип маселесине комок корсотчу Модераторлор :
Admin_superstan.
Теманын тазалыгына жооптуу болгон модераторлорго; тартипти бузууга аракет кылган, флуддап катышуучулардын абийирине шек келтирген ар бир колдонуучуга катуу чара корулуп, керек болсо сайттан чететтуу жазасын пайдаланууну сунуштайм!
Ошондой эле бул сынактын демоорчулору Von.Teni, Arstan жана мен. Эгер кимде ким демоорчу болойун десе,биздин катарга кошулуп, колунан келген сумманы кошо алат. Жана катышуучулар да кошушу мумкун.
Nur_islam-5000 сом
Voin.Teni-700сом
Arstan-(Белгисиз)
10-Майга чейин катышуучулар тизмеги тузулот. Сынакка катышууну каалагандар бул темада катталып, ысымын жазып койуусу абзел.
Билдирүүнү түзөткөн: Nur_Islam: 06 Май 2013 - 02:02