"Жаз жарыш, күз күрөш" эмеспи жаз мезгилинин келгени күн нурунун көктөн тийген күн аптабыдан билинип турат айланага көз чаптыр карасаң табият өзүнчө кооздонуп, көз уялтып, салкын аба инсанга күч, дем берип жашоого кайрадан жаралагандай болуп жаратылыш көз кубантып кулпурат. Куштардын кубулжуп обон салып сайраганын айтпа, жашоо өзгөчө бир түркүн көз ирмем. Тирүүлүк болсо бир нукта өтүп жатат. Өмүр аккан дарыя сыяктуу, бир кылчайбай өтүп жатат. Өзүнөн да чоң көрүнгөн чоң сумканы көтөрүнүп тыпылдап Жайнагүл окуудан келди. Коргон ичинде, көлөкөдө жашырынып жаткан кичинекей күчүгү Жайнагүлдү көрүп арсылдап үрүп, алдыдан тосуп чыкты. Чуркап келип Жайнагүлдүн бутун өпкүлөп эркелеп кирди. Жайнагүл дагы көрүп ал да кубанып аны башынан сылап эркелетип кирди.
-Акдөшүм зериккен жоксунбу мен келдим азыр ойнойбуз эээ? Бир аз күтө тур-деп эшигинин алдындагы бакты көздөп жөнөдү. Ададтагыдай Чынара эже бакта көлөкөдө отурат курак курап. Кызынын келгенин кичинекей күчүгүнүн арсылдаганыдан байкап койду. Аңгыча Жайнагүл келип:
-Апоов, мен келдим.
-Оов козум, келдиңби? Кел келе гой -деп эркелетип жүзүнөн сүйүп самайынан акырын сылап.
-Каралдым жакшы окуп келдиңби?
-Ооба апа жакшы окуп келдим, апаке сизди алтын балалык кечебизге чакырамын, баарынын апалары барат экен сиз да барууңуз керек.
-Иий качан, ананчы шириним барамында, кайсы күнгө белгиледиңер?
-Мобул чакыруу кагазында жазылган, башталар убакытына чейин апа. Чоң атам менен Жанболот кайда?
-Чоң атаң менен Жанболот бакта бакты суугарып жүрүшөт. Сен кийимиңди алмаштырып чыгып барып чоң атаңды чакырып кел түшкү тамакты биргеликте чогу кылабыз-деп кызына иш жумшап коюп өз ишин улантты.
-Макул -деп Жайнагүл чакыруу кагазын апасынын колуна карматып коюм , өз бөлмөсүнө карап бет алды. Соң бат эле кийимини алмаштырып чыгып кичинекей күчүгүн эрчитип бакты көздөй жөнөдү.
Жайнагүл бир үй-бүлөөнүн эң уулу жана жалгыз эрке кызы. Чынара эженин оң колу, жардамчысы, жашы тогузда, келерики жылы онго толот төртүнчү класста окуйт. Жаштайынан акыл-эстүү, зендүү, зирек кыз болгондуктан алты жашында мектепке барган. Учурда мектептин эң үлгүү окуучусу. Табияттынан сезимтал, боорукер, ак көңүл, чынчыл кыз, Жанболот аттуу бир иниси бар. Өзүнөн үч жашка кичүү. Быйыл төртүнчү классты аяктап, бешинчи класска көчөт. Атасы Иманкул айдоочу болуп эмгектенет, апасы Чынара үй кожойкеси. Карыган алтымыш жаштан өтүп калган кары чоң атасы бар. Ошентип үй-бүлөөдө беш адам жашашат, алардын үйү айылдын башында жайгашкан. Алардын эшигинин алдында тынымсыз унаалар жүрүп турат, деги шаарга барууга жол абдан ыңгайлуу.
Ошентип Жайнагүл күчүгү менен ойноп бат эле чоң атасынын жанына жетип барды. Чоң атасы Абдырахман аксакал, сакал мурутту ак баскан, каарылыкка баш багып калган, айыл аксакалдарынын ордун толуктайт. Бирок байбичечсинен эрте айрылып өз курагындагы абышкалардан алда -кайда каары көрүнөт. Элүү беш жылдай жашап эми мынтип жалгыз күйүт астында өмүр сүрүүдө. Жашоодоогу үмүт, тилеги жалгыз уулу Иманкул жана анын бир уул, бир кызы ушулардан көптү үмүтөнүп, жашоодогу жакшылыктан үмүт үзбөй жашоо, турмуш карай чыйралып жашап келет. Учурда пенсиянер короодогу майда жандык жана мал, жылкыларды карап, аларды багуу менен алектенет. Тамдын этегинде жашартып көктөн тиреп бак тиккен. Таңдан кечке кылган иши бак -дарактарды көчүрүп, суугарып жана бутактарын бутактап өзүнү-өзү алаксытып, анан колу бошоп калса эки небересине жомок айтып, неберелери менен баарлашып көңүл сергитип чер жазат. Жайнагүл чоң атасынын алдына чуркап келип эркелеп, атакелеп жүзүнөн сүйүп чоң атасыны кубантат. Соң чоң атасы менен эрчинишип тамды көздөй бет алат. Иниси Жанболот экөөбү чоң атасынын жолун тороп бири-бириден өтүп чоң атасыны талашат. Абдырахман аксакал көңүлү жибип неберелерини экөөнү эки тарабына алып кубанычына чек жок эрчитип келе жатты. Коргон алдындагы тигилген жүзүм бактын астына сөөрү коюп салкын абада сейилдеп отура турган орундук даярдап койгон Абдырахман аксакал эки небересин эрчитип келип ал орундуктан орун алды. Аңгыча келини Чынара эже дастарконду жайнатып чай коюп, кайнатаснын ашын алдына тартуу кылды. Ададтагыдай Жайнагүл менен Жанболот өз ой кыялдары менен жана түрдүү-түмөн суроолору менен чоң атасынын башын катырып, көңүлүн алып, көңүлүн көтөрүп дайыма үй-бүлөөсүнө кубаныч тартуулап турушат. "Балалуу үй базар" дегендей бала-чака, неберелери менен үйү көркө келип, коргон шанга бөлөнүп турат. Ошентишип түшкү тамакты тамактанышып Жанболот менен Абдырахман аксакал жайыттан кайтчу уйлардын жолун тосуп алганы узун таягын колго алып небересин эрчитип уйлар жайыттан кайтчу жолду көздөп жөнөштү. Жайнагүл апасына жардамашып дайыма бул учурда үйдө калат. Окуу жылы дагы аяктап калган, жайкы эс алууга чыгуусуна саналуу күндөр калды. Кичинекей болгонуна карабай апасы Чынара эже жөн кой десе болбой апасына жардам берүүнү жакшы көрөт. Тыпыйып үй жыйып, идиш жууп, суу ташып келгенге жарайт. Апасынын жумушун колдон алып апасына көмөктөшкөну Чынара эженин дагы көңүлүн көккө көтөрөт. Куудуңдап уул кызынан максатты чоң Чанара эже менен Иманкул байкенин. Анткени Чынар эженин ден-солугу экинчи уулу Жанболотту төргөндөн соң кескин начарлаган. Төрт-беш жылдын аралыгында төрөөнү тыю салган. Ошондуктан өзүн абайлап бир кыз, бир уулунун көзүн карайт. Иманкул байке эрте менен кетип кеч келет, бир үй-бүлөөнүн түйүшүгү Иманкул байкенин моюнунда, абдан түшүнүктүү жан болгондуктан сүйүктүү жарыны аяп, "бир кыз, бир уул жетишет аманчылык болсо баары болот. Сен бизге керексиң" -деп көзүн карап, сүйүктүүсүнө камкордук кылуудан тажабайт. Аңгыча күүгүм кирип, күн уясына батып кеч болду Иманкул байке дагы жумуштан келди, жайыттан уйлар дагы келип баары өз ордунда жана бир калыпта жашоо өтүп жатат. Атасы келери менен мойтоңдоп чуркашып атасынын жолун тороп, эркелешип, моюнуна асылып атасынын ал жайына койбойт. Чарчап келгенде уул-кызыны көргөндө чарчоосу тарап, жүзү жылмайып алар менен эркелешип чарчаганын дагы унутуп калат. Алар менен дайыма жумуштан келип эркелетүү Иманкул байкеге дагы үйрөнгөн адад болуп калган. Алар менен эркелешип соң, тамакка отурат. Ошентип ак дастаркон үстүндө бир үй-бүлөө бактылуу жашоодо. Кайгы-капа, ой-сана жок деги алардан өткөн бактылуу инсан жоктой. Бир гана Абдырахман аксакалдын жүрөгүндөгү арман-кайгы күйүттүн эске албаганда. Деги баары бактылуу, эки небереси аларды чексиз бакытка бөлөп үйдүн шаңы жана кубанычы. Жайнагүл баарыны "Алтын балалык" кечесине чакырып, ага катуу даярдыкта. Ал эч кимге эч нерсе айтпай баарын кызыктырып жатат. Атасы менен апасы, иниси болуп жанын койбой кечеде "эмне аткарасың" -деп сурак кылат. "Барсаңар көрөсүңөр" -деп кызыктырып Жайнагүл да ооз ачпайт. Алтын балалык кече эки күндөн кийин болот, бирок азыртадан эмне кийериң ойлоп даярдык көрүп Жайнагүл олтурат. Ошентип ал күн дагы өттү. Таң эрте менен Жайнагүл инисин эрчитип мектепке жөнөйт. Дайыма инисине боорукер, өзү эрчитип барып киргизип классына, кайра өзүнүн классына кирип кетет. Жанболот биринчи класста окуйт.Үйү мектептен алыс эмес, жакын жайкашкан. Бирге окуган курбу досторунан дайыма мурун келет. Алардан бир топ үлгүлүү окуйт. Мугалими дайыма анын аракетчилигини, чаккандыгын, кызыккандыгын баалап аны дайыма колдойт. Жайнагүл класста үлгүлүү эле окуучу эмес талантуу дагы окуучу болчу. Өзүнчө ыр жазмай шыгы бар болчу аны мугалими Мыскал эжеке байкап боло турган "Алтын балалык" кечесинде анын таланттын жар салып жолун ачмакчы. Ошентип катуу даярдыктар көрүлүп, баары өздөрүнө берилген тапшырма менен алек. Сабак аяктап Жайнагүл курбу достору менен оюн-күлкү, тамаша менен шаңдуу үйгө кайтты. Келип дагын күндөгүдөй үйдөгү жумушун жасап, өз иши менен алек. Эшик алдына тизилип ачылган гүлдөрүн суугарып Жайнагүл абдан бактылуу. Апасы Чынара эже дагы кызынын аракетинен, чыйрактыгынан көңүлү ток. Кайда барса дагы коркпой кызына ишенип, ээн эркин кете алат. Акылдуу кызы менен өзүнчө сыймыктанып, маанайы көтөрүлүп өзүнү бактылуу сезип кызына карап жагымдуу жылмайды. Ичинен өзүнчө эле кобурап "каралдым, жакшы дагы бактыма сен барсын, сендей акылдуу, зендүү, зирек кызымдын бары бул менин бактым. Ооба бул менин бактым, менин бактым, кокус мен бир нерсе болуп калсам "-деп туруп. Бир нерселерди ойлоп алып өзүнүн оюнан өзү чоочуп кетти. Жүрөгү бир нерседен сестенип дагы өзүнчө келме келтирип кайра ишин улады. Ошентип күн аккан суудай бат эле өтүп жатат билинбей. Жайнагүл заарыгып күткөн күн келди, таң эрте менен туруп даярдык көрүп күндөгүдөн эрте үйүнөн чыгып кетти. Мектепке барса окуучулар дале толук келип бүтө элек. Келгендери өздөрүнчө даярданып кече башталышына чейин кызуу даярдыкта. Мугалими Мыскал эжекке Жайнагүлдү чакырып алып өз алдынча даярдантып жатат. Аңгыча убакыт болуп баары кече болчу залга чогулду. Мектептин ичиндеги активный зал, өзгөчө жасалгаланып "Кош бол Алтын балалык!" -деп жазылып ата-энелер эбак залдан орун алган. Алар күткөн күн да келди, шаңдуу кече, ачык маанай баарынын жүзүнөн алтын балалыктын нуру чачырагансып баары өздөрүнчө кубанычта. Алардын катарында Чынара эженин сүйүктүү кызы Жайнагүл дагы бактылуу жылмайып турат. Ошентип кече шаңдуу башталды. Төртүнчү класс окуучулары бири коюп бири бийлеп, кечеге келген ата-энелердин көңүлүн көтөрдү. Түрдүү-түмөн ырлар окулуп аңгыча Мыскал эжеке сахнага чыгып фамиясын кошуп Жайнагүлдү сахнага чакырды. Жайнагүл акырын басып келип сахнага чыкты. Ошол учурда Мыскал эжекке: Төртүнчү класстардын эң үлгүлүү жана талантуу окуучусу, ошондой эле менин дагы сүйүктүү окуучум Иманкул кызы Жайнагүлдү бүгүнкү кечеден пайдаланып анын таланттын сиздерге жарыяламакчымын. Ушул мектепте жыйырма жылдан бери иштеп Жайнагүл сыяктуу талантуу кызды биринчи жолу кезиктиришим. Көпчүлүк эл өз көздөрү менен күбө болсун деп өз калем сабынан жаралаган ырларын сиздерге тартууламакчы, анда эмесе көңүл буруп коюңуздар-деп Мыскал эжекке сахнадан четке чыгып башын ийкегенде Жайнагүл тик туруп көркөм сөз менен өзүнүн жазган ырларынан бирин тандап окуй баштады.
"Эненин барбы арманы"
Эненин барбы арманы,
Жакшы окуп турса балдары.
Жазгысы жашыл көктөмдөй,
Жадырап турса кабагы.
Эненин барбы арманы,
"Энеке" дейишсе балдары
Күзгүсү бышкан мөмдөй,
Күлүңдөсө балдары.
Эненин барбы арманы,
Сыйлап турса балдары,
Апапак болгон булуттай,
Ачылып турса кабагы. -деп окуганда залда отурган ата-энелер шатыратта кол чаап "бали" деп мактоо айтышты. Ошентип дагы бир. "Алтын балалык" деп жазган ырын окуп баш ийип чыгып кетти. Ушул тапта Чынар эженин жүрөгү эзилип ичинен кызына абдан ыраазы болуп отурду. Кызы менен сыймыктана кубанганындан көзүнө жаш алып, ыйлап жиберчүүдөй болуп өзүн араң колго алып турду. Зал бат эле мактоо сөздөргө толуп "Чынаранын кызы " дейишип өз ара сөз кылып отурушту. Чынара эже баарын угуп туруп бирок, үн катпай, кубанычы ичине батпай кызыны бул шыгын энеси болуп туруп дагы өзү байкабаптыр. Бүгүн өз көзү менен ага күбө болуп кызынын талантына таң калды. Кайра кече шаңдуу уланып ыр эле окуп тим болбой "Апакем" деп жагымдуу обон созду. Кече ошентип төрт саатка уланып соңуна чыгар кезде Мыскал эжекке класстын үлгүлүү окуучуларга мактоо баракчасын тапшырып акырында Жайнагүлдү катуу мактап туруп алтын медаль тапшырды. Албетте буну Жайнагүл өзү дагы күткөн эмес, күтүлбөгөндө бул сыйлык Жайнагүл үчүн өзгөчө сыйлык болду. Ошентип кече аягына чыгып төртүнчү класс окуучулары алтын балалыгы менен коштошуп бешинчи класска көчүрүлдү. Кечеден соң баары үйлөрүнө тарашты.
Жайнагүл алтын медальн тагынып дагы түрдүү белектер менен үйнө келди. Чынар эже да кошо келип бүгүн үйүндө дагы шаңдуу майрам. Чынара эже кубанычын жолдошу Иманкул байке менен бөлүшүп бүгүн майрам болоорун кабарлады. Жанындан артык көргөн жалгыз кызынын жетишкен ийгилине атакеси дагы чексиз кубанды. Соң үйүгө куру барбай кызына белек-бекчеси менен үйгө күндөгүдөн эрте кирип келди. Кириши менен кызыны чакырып кирди.
-Жайнагүл, ооо Жайнаш, Жайнаш кызым-деп. Жайнагүл ички бөлмөдөн атакесин сөзүн угуп чурап чыкты.
-Оов ата. Мен мындамын.
-Оо менин алтын кызым, жашоомдогу жаркын кызым. Акылдуум, жалгызым-деп кубанып эркелетип сүйүп кирди. Жайнагүл дагы кудуңдап кубанып, кучактап атакелеп жүзүнөн сүйүп үйгө киришти. Бул учурда Жанболот дагы карап отурган жок эшигинин алдындагы гүлдөн терип ал да эжесини куттуктап кубанычына шерик болду. Абдырахман аксакалдагы көңүлү ток болуп небересин башанан сылап: -Баракелди кызым баракелди, дайым жакшы окуп элиңди, жериңди, тилиңди сүйгөн ата-эне, бир тууганыңа күйүүмдүү кыз болгун. Келечегиң кең, бактылуу кыз болгун-деп өз батасын берди. Бүгүн бул үй-бүлөөдө дагы шаңдуу майрам. Кечеде окуган ырын атасына дагы окуп берди, алтын медальн тагынып мактанып бүтпос бактылуу. Ошентип Жайнагүл күткөн күнда өтү, кетти. Ошону менен окуу аяктап жайкы эс алууга чыгышты. Мындан аары Жайнагүл күндө үйдө, үйдүн ишин апасына койбой, айтырбай аткарып коёт. Колу бошосо инисине жомок окуп берип зеригип кетсе оюн ойношуп же чоң атасына жардам берип эрчишип алат. Колу бошоп калса эле чоң атасынын бөлмөсүнө кирип китеп окууп, ыр жазуу менен күн өткөрүп жатты. Күтүлбөгөндө бирөө сыртан чакырып калды. Жайнагүл аңгыча Чынара эже жетип барып эшик ачты караса балалыгынан бери бирге ойноп, бирге окуган жакын, сырдаш курбусу мейманчылап келип эшигинин алдында турат. Чынара эже көрүп дароо эле таанып:
-Гүлзада, бул сенби? -деп көрүп турган көзүнө ишенбей, суроо берип кубанып тосуп алды.
-Ананчы досум, мен болбой ким болсун өзүм да. Тааныбай калдыңбы-деп күлүп койду.
-Жок досум, көргөн көзүмө ишенбей сураганым. Жүр үйгө кир -деп үйүнө эрчитип кирди. Конок бөлмөсүнө алып кирип төөргө өткөздү. Эки курбу ден -солук сурашып, өз алдынча барлашып калды. Бирөө келип конок бөлмөсүнө киргенин Жайнагүл даро байкап чуркуп чыкты. Конок бөлмөгө өтсө аяш энеси отурат. Жайнагүл алгач тааныбады. Апасы Чынара эже чакырып тааныштырды Жайнагүлдү кичинекейинде көргөн аяш энеси дагы таанып-тааныбай "Жайнагүл кызы болсо керек"- деп ойлоп турса Чынара эже чакырып тааныштырып калды. Аяш энеси менен таанышып коюп апасына жардам берүүгө өттү. Эки курбу беш жылдан бери көрүшпөйт. Себеби Гулзада Рассияга үй -бүлөөсү менен кетип ошол тарапта иштеп үй алып жашап калган. Көөп жылдардан бери көрбөй бул жылы атайын келип. Бир кездеги жүрөгүндөгү жакын адамды самап, курбусуна болгон сагыныч, куса жөн койбой аргасыз келүүсүнө мажбур кылды. Эмне болсо дагы балалыктан берки жакын курбусу үйүнө келип курбусуна баш бакпай кетүүгө мойну жар бербеди. Ошол себеп бир көрүп кетейин деп ойлоп келип калган учуру. Чынара эже дагы курбусуну көрүп өзгөчө кубанып, жаңгы сезимдер ээлеп. Курбусуна болгон курбулук сүйүүсү дале күчтүгүн сезди, соң көзүнө жаш алып кадимкидей бышактап, мууңга толуп ыйлады. Ооба, ыйлады бул ый кубаныч ыйы, сагыныч ,куса ыйы эле. Экөөнүн ортосундагы достук түбөлүк жана дале күчүндө болгондуктан, курбусун көрүп толкунданып, кубангандан өзүн колго алалбай ыйлап турду. Албетте балалыктан берки чыныгы достук болсо ким ушинтип курбусун көрүп кубанычынан ыйламак эмес. Чыныгы түбөлүк достук болсо, ал дале күчүндө болсо ойлойм баары ыйламак. Ошентип эки курбу өз ара барлашып кетти. Жайнагүл тыпыңдап дасторкон жайып, чай коюп аяш энесин сыйлап жатты. Бир топко барлашып, тамак даярдап курбусун дамдуу тамак менен сыйлап, бүгүн Чынара эже курбусу менен гана алек болду. Тыпыңдап чуркап апасынын жумушун колунан алган кичинекей кыз кимдерди гана кайдигер калтырбайт. Бул учурда аяш энеси дагы суктанып, дароо эле аяш энесинин назарына түштү. Сөз арасында Гулзада курбусуна ооз ачып:
-Ай иий Чынар, кызың ушунтип колуңдан жумуш алганга жарап калыптыр эээ? Тыпыйып жумуш аткарганын карачы, досум кызыңды менин уулума бербейсиңби, өзүм гана келин кылып алайын. Ошондо каташуубуз дагы тездешет. Бат-бат кызыңа барганча көрүшүп турмакпыз. Берсең өз курбуңа бересиң да жатка берет белең -деп курбусуна ооз салды. Аны угуп Чынара күлүп:
-Эмне, өз курбуң менен кудалашайын дейсиңби? -деп каткырды.
-Ой, ананчы кызыңдын чаккан гана, зиректигин жактырдым. Жатка ыраа көрбөй аяш энесине келин болсун дегеним эле да, ыя?
-Достугубуз аз болгонсуп, куда болоюн дейсиңби, деги көздөбөгөнүн жок эээ,? Уулуң кайда өзү канча жашта?
-Апей досум, көздөгөнүм жаманбы? Уулум быйыл он бешке толду Жайнагүл канча жашта?
-Быйыл тогузга толуп онго өттү.
-Жакшы го жашы деле дал келет экен. Уулум быйыл техникумда бугалтерный учётто окуп биринчи курсту аяктап жатат. Эгзамендери аяктаса келет кыргызстанга. -деп күн мурунтан курбусуна ооз салып койду.
-Эми досум, уулуң жаман эмес экен, бирок булар азыр жаш. Жаштайынан эле тагдырларын бириктире албайбыз. Аны үчтүнө сен Россияда жашасаң мен жалгыз кызымды узаакка узатта албайм да. Убакыт өтсө, балдарыбыз бой жетсе анан дагы ойношуп көрөрбүз. Бой жете элек эле азыртан бир жаккадан баш чыгарбай туралы, бул туралуу дагы сүйлөшөбүз. -деп Чынара акырын айтты.
-Ооба туура айтасың. Мен жөн эле ооз салып ээлеп коёюн дегеним. Бой жетилсе мага келин кылып бересиң. Баса биз Мекекенге кайтабыз, Рассия азырынча убактылуу балдар окууларын аяктаса кайтып келебиз. Бул жерде деле үй -жай, тууган-урук бар, кантип келбей коймокбуз кыжалат болбо келебиз. Келип анан келин кылып аламында -деп Гулзада оюн курбусунан жашырбай ачык айтты.
-Аааа, андай болсо сага берем. Өз курбума бербей кимге беремин. Буйруса насип этсе куда болобуз анда.
-Ошондой дечи садага болоюн. Келин кылбай кыз кылып эле алам. -деп күлдү. Ошентип эки дос армансыз сырдашып, келечекте куда дагы болууну самап коюшту. Ангыча Гулзаданын кетер кези келип.
-Кой Чынар, мен барайын келгениме эбак болгон. Аяшты эми көрбөйт экенмин үйгө барып кылар жумушум көөп. Сени сагынып бир тоюп армансыз сырдашып сагынычымды таратып келейин деп эле келе бердим. Аяшың чалып чакырганга чейин барып калайын. -деп ордунан козголду.
-Апей досум, атайын келдиң бир отоло жатып кет эми. Калып бир күн мейман болсоң эмне болуптур? Аяш менен өзүм сүйлөшүп коём. Бүгүн жатып каласың, эртең кетесиң -деп Чынара жолун тороду. Бирок Гулзада курбусунун бул сунушун четке какканга мажбур болду. Ал жайына койбой кетүүсү шартыгын терең түшүндүрүп "капа болбо" деп аргасыз жөнөдү. Кетүүсү шарт болбосо жатып калмак. Бирок кайра Россияга кетүүсүнө байланыштуу жумуштарын бат аяктап, кайра бат эле кетүүсү зарыл болгондуктан курбусунун алдынан аргасыз кетип жатты. Аны аялдамага чейин Чынара "күзөтүп коём" деп эрчинишип чыкты. Жайнагүл аяш энеси менен коргондон коштошуп калды. Алар деле сөздөрү бүтпөй аялдаманы көздөй кетип баратышты. Жайнагүл алар кеткенден кийин үй жыйнап идиш жуугана өтүп өз жумушу менен алаксып жүрсө үйдөн телефон чырылдап жатканын угуп калды. Жайнагүл чуркап барып караса аяш энесинин кол телефону калып калыптыр. Көрүп ал жетип колуна алгынчек өчүп калды. Жайнагүл колуна алып , аялдаманы көздөй чуркады. "Унутуп калган тура, кетип калгынчек жеткизейин телефонун. Деги укмуш соонун телефон го " деп ичинде өзүнчө сүйлөп баратты. Аялдама деле алыс эмес бир аз барса жолдун аркы өйүзүндө жайкашкан. Бутуну колуна алып чуркап жетип барды. Алар жакшы аялдамада машуртка күтүп туруптур. Алардын турганын көрүп эле Жайнагүл "жетишипмин" деп кубанып кетти. Аркы өйзгө өтпөй туруп:
-Апаке, аяш энемдин телефону калып калыптыр. -деди. Аны көргөн аяш энеси "ий унутуп калтырган турбаймынбы? Алып кел кызым "деди. Жолдун аркы өйүзүнө өтүп аяш энесинин телефонун колуна карматты. Артынан жеткизген аяш кызына ыраазы болуп дагы көңүлү жылып суктанып карап койду. Телефонду ээсине тапшырып кайра бат эле артка кайтты. Ошнтип апасы менен аяш энеси дагы сөзгө алаксып отурушканда. Капыстан жогорудан келген жаңы үлгүдөгү бир унаа Жайнагүлдү байкатпай сүзүп кетти. Төрт чакырым алдыга барып кулап түштү. Уна дагы ошол учурдак тык токтоду. Тормуз басып кыйыч этилип уна солго бурулуп токтоп калды. Көз алдында болгон бул жол кырсыгына айланадагы элдин баары элейип ооз ачып карап калышты. Көргөн көзүнө ишенбеген Чынара "Жайнашүл! " Деп кыйкырып жиберди да бат кулап үстү-башы канга боёлуп жаткан кызынын алдына жетип барды. Көргөн көзүнө ишенбей бакырып ыйлап жиберди, сүзүп кеткен айдоочу бат унаадан түшүп Жайнагүлдү акырын көтөрүп машинага салып Чынара менен Гулзаданы кошо салып оору кананы көздөй бет алды. Машинан ичинде Чынара өзүн колго алалбай:
-Жайнаш ач көзүңдү кызым, ач көзүңдү мени коркутпа жан кызым. Жайнагүл дейм-деп бетине ургулайт. Гулзада болсо эмне кыларын билбей аргасыздын курбусуна:
-Тынчтан Чынар,өзүңдү колго ал буйруса баары жакшы болот. Тынчтан деймин Чынар -деп аргасыздын курбусуна катуу сүйлөп жатты. Анын сүйлөгөн сөздөрүн бирин дагы кулагына кирбеди. Эс -ою жалгыз кызы Жайнагүлдө. Буркурап көзүнөн мөлтүрөп жаштар агып жатат " Жайнашым каралдым,апакеңди мынтип коркутпачы, бир деме айтчы, жок дегенде көзүңдү аччы " деп жалдырап, жалбарып ыйлап жатат. Бирок Жайнагүл көзүн жумган боюнча таакыр көзүн ачпады. Ошентип акмалап шашып -пушуп ооруу канага жетип келсе мээсине кан кетип Жайнагүл эбак эле тиги дүйнөгө сапар алыптыр. Кызынын мончоктой кара көздөрүн, узун кирпиктерин, кара карегин дагы бир көрүүдөн умут узбөй Чынара кызынан ары кетпей кучактап алып, бышактап ыйлап жатты. Тиги дүйнөгө сапар алганын уккан соң ошол заман эсин жоготту. Врачтар көзөмөлгө алып палатага жаткырып өзүнө араң келтирди. Аңгыча жолдошу Иманкулга кабар жетип ал бет маңдайында туруптур. Акырын көзүн ачса:
-Чынар жакшысыңбы, абалың кандай? -деп суроолу карады. Бет маңдайындагы жолдошуну көрүп Чынара: -Жайнаш, Жайнагүл, Жайнагүл кайда ага не болду, көзүн ачтыбы? -деп муккактап жооп бербестен кайра суроо узатты.
-Тынчтан Чынара, өзүңдү колго ал эми, сабырдуу болушубуз керек. Тилекке карышы жалгызыбыздан айрылдык-деп араң гана жооп берди Иманкул. Уккан кулагына ишенбей палатаны башына көтөрүп бакырып ыйлап жиберди. Жолдошу айтып жатса дагы ишенбей сырка көздөй жөнөдү. Аны Иманкул кармап калды. Эптеп даро кыраватына жаткырып врач чакырды. Даро эле врач жетип келип Чынаранын абалын көрүп тынчтандыруучу укал берип гана тынчтандырды. Жубайынын бул кылыгына Иманкул дагы чыдап отура албады. Жүрөгү өртөнүп, кызыны күйүттү атасызынын ыйлаганга аргасыз кылды. Палатадан сырка чыкса сырта бээ тааныш адам:
Здравствуйте- деп орус тилинде салам берди. Иманкул да акырын орусча салам берди, кимдигине маани бербей сырты көздөй бара жатты. Артынан жетип барып өз тилинде бир демелерди сүйлөдү.Көрсө Жайнагүлдү сүзүп кеткен айдоочу орус киши экен. Иманкул даро билип жаккалап кирди "сен беле" деп. Көргөн жан аларды токтотуп калды. Иманкулду врач чакырып алып кетти. Соң кызынын сөгүн алып кетишин өтүндү. Кызынын өлүмүнө себепчи болгон орус айдоочу бардык чыгымын көтөрүп жаназасын да дагы барып өзүн күнөөсүн билип, ал жерде баарына чыдап баш ийип турду. Жайнагүлдүн сөгүн жерге тапшырып, эл тарады. Чынара дале көз жашын кыйбай кызынын элесин көз алдына келтирип буркурап боздоп ыйлайт. Жайнагүлдүн бөлмөсүнө кирип алып, шванерде илинип турган кийимин көрүп аны колуна алып жыттын искеп, буркурап ыйлап жатты. Төртүнчү классты аяктап жатканда мугалими таккан алтын медальн жана биринчи классынан баштап алган ардак гараматталары Жайналгүлдүн мыкты, үлгүү окуучулугун далилдеп турду. Күндө олтуруп тапшырма аткаруучу столунун үсттүндө кызынын күн сайын колдонуучу буюмдары, окуу куралдары дагы бир топ ыр жыйнагы турат. Жайнагүл кантип коюп кетсе ошол боюнча бир жандын колу тийбей турат. Жайнагүл китеп мүлжүп окугандардын катарында болчу, адабый китептер түрдүү-түмөн болуп турат татынакай болуп.Бир топ ыр жыйналган ыр дептерлердин арасынан бир дептерди жалаң апасына арнап ыр жазган экен. Жалаң "Апама" деген ыр саптар. Анын бир ыр сабында мындай деп жазылыптыр:
Апа сизге кандай мактоо жарашат,
Апа сизден ким сыймыкты таалашат.
Апа сизге теңдеше албайт эч бир жан,
Апа сизге нечен ырлар жазылган. -деген ыр саптарын окуганда Чынара эженин көзүнөн мончок-мончок ыза аралашкан жаштар акты. Андан ары ырды улантып окуганга эрки жетпеди. "Эсиз кызым, аман болгонунда дагы сенден көөп нерсе жаралмак экен, таш боор ажал сенин жаш кыз экендигиңе карабай алып кетти. Андан көрө мени алып кетпей беле " деп арманга баттып сыздады. Тыпыйып колунан жумушун алып, алдына чай коюп, үй жыйнаган акылдуу, зирек, зендүү кызын көз алдына элестетип көнөктөй көөп, кошок айтып бакырып ыйлап жатты. Жаккын курбусу менен куда болуу максатты, арзуу тилектери сапырылган сары жалбырактай көккө учуп кетти. Көдөнүдө арман боюнча сакталды. Арман кайгыны, күйүт азапты көдөнүндө көтөрө албай кошок айтып ыйлоого аргасыз болду. Ошол күнгө каргыш айтты, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кызыны кара жердин бооруна тапшырып, эми болсо жер аймап, жер тепкилеп дагы табалбас болуп, күлүп турган элесин, карагаттай жайнап турган керегин көз алдына тартылып, элесинен эч кетпеди. Чынара эженин ачуу ыйын уккан сырта жолдошу Иманкул байке менен кайнатасы Абдырахман аксакал дагы муштумун түйүп кабактарынан каар жаап, арман-кайгыга батып сыздап жатты. Ыйлап өзүнө келип алсын деген ойдо Чынар эжеге тоскоол болушпай жөн гана эркине коюшту. Ошентип ыйлап акыры өзүнө келип, бирок бул адаттын күн сайын аткарчуу болду. Арадан бир нече күн өтсө дагы кызынын жоктугуна көнө албай ичтеп сыздап, жүрөгү кыйналып жатты. Өзүнү кызынын өлүмүндө күнөөлү сезип күнөөлөбөгөн инсан калбады. Ачуу үстүндө курбусун дагы күнөөлөп айдоочу орус кишинин " кыз төөрөбөсөм өз кызыңды бересиң " дегенге чейин барды. Бирок бирөөнүн кызы орусттун кызы ага өз кызындай боло алат беле. Аллбетте жок, акыры аргасыз тагдырга баш ийди.
Ошентип арадан билинбестен эки жыл өтүп кетти. Дале Чынара эженин жүзү күлбөйт, ар дайым жумуш кылган сайын кызынын колунан жумушун алганын эстеп алып эле бир ыйлап жеңилдеп алат. Уулу Жанболот дагы кээ-кээде сагынып ыйлап коёт же апасы ыйласа кошо ыйлап коюп жүрөт. Эми жападан жалгыз уулу Жанболот, быйыл үчүнчү класста окуп жатат. Күндөрдүн биринде суу ташып жатса шарактап бир топ окуучулар өздөрүнчө күлүп жайнап эшигинин алдынан өтүп баратты. Чынара эже алар менен бетме-бет келип калышты. Жакшылап жүзүн көтөрүп көңүл буруп караса Жайнагүлдүн классташ кыздары экен. Чынара эжени көрүшүп келишип кол сунуп көрүшүшүп калышты. Ойдо жок жерде Чынара эже аларды тааныбаганына өзүнү ыңгайсыз сезип, дагы сыр бербей көрүшүп койду. Соң алар жолун улап кеттишти. Артынан карап Чынара эже аларды көрүп өз кызыны көргөндөй болуп ичинен кубангансып кетти. Анткени кандай болсо дагы кызынын классташ курубулары да. Жайнагүлдүн өлүмү апасына, үй-бүлөөсүнө эле эмес, мугалимми Мыскал эжкеге дагы катуу тийди. Бирок айла канча тагдыр өз буйругун аткарып али жаш кыз дебей эрте эле Жайнагүлдү жарык дүйнөөдөн алып кетпедиби. Аргасыз тагдырга баш ийип өкүнүп, өксүп коюп аргасыз жашап жүрөт. Жайнагүлдү баарынан өзгөчө көрүп, өзгөчө баалап, өз кызындай жакшы көрчү эле. Курбулары деле өксүбөй койгон жок, жыл сайын өздөрүнчө курбусунун өткөн күнүн класс менен жыйылышып куран түшүрүп белгилешет. Айыккан жарат козголуп Чынара эже өзүн жаман сезип кеттип, бат-бат басып үйүнө кирип кетти.
Бир күнү башы айлана берип өзүнү алсыз, жаман сезип оору канага көрүнүп келүүгө барды. Күтүлбөгөндө врач жагымдуу кабар угузду. Эки айлык кош бойлуу экенин угузуп куттуктады. Бул жаңылык Чынара эже жагымдуу "сюрприз" болду. Көптөн бери күлбөгөн жүзү акыры күлүп, угар замант кыз болуусун тиленди. Оору канадан чыгып эле жолдошуна бул кабарды жеткирди. Кайрадан кыздуу болорунан үмүт кылып өзүн абайлап эсен-аман көз жаруучу күнгө жетти. Бул жагы дагы "сюрприз болсун" деп жынысын аныктабаган. Төрөт башталып Чынара эже толгоо тартып кыйналып, ден-солугуна байланычтуу эсен-аман өзү көз жаруусуна көзү жетпеген акшушерка айым. "Оператция жолу менен төрөтөбүз" деп оператция бөлүмүнө алып кирип кеттишти . Оператция ийгиликтүү аяктап, кудайдын буйру менен уул төрөдү. Уул төрөгөнүн уккан Чынара эже кубанды, бирок толук кубанган жок, ал кыз болуусун тилеген болчу. Кудай экен да он тилектен бир тилекти орундаткан. Жалгыз уулу эми эки уул болуп. Кыздуу болуу анын арманына айланды. Аңгыча врач келип башка төрөй албаганын кабарлады. Андыктан өзүнө абайлануусун суранды. Мына эми анык кыздуу болуу эненин арманына айланды. Ошентип экинчи уулуна Эшболот деп ысым ыйгарып өткөн күнү бир азга унутулуп Чынара эже уулу менен алек болуп, кызын чанда эстеп, ойлоп калды. Бирок ыр жыйнагын, мугалими алып кичинеккей аз барактуу китеп кылып басып чыгарды. Кызынын аз өмүрүндө жараткан "Ыр жыйнагы" аттуу кичинекей китебин колуна алып, жүрөгүндөгү арман менен, ыйлап окуп отурду. Соң кызына ичинен ак жол каалап, жайы жаннаттан болуусун жараткандан суранып бата кылды.
Аягы.
Билдирүүнү түзөткөн: AtankulovaB: 12 Июнь 2013 - 20:27