Зачет,экзамен канча турат? Сессияны ким кантип тапшырат?
#41 03 Ноябрь 2010 - 21:34
#43 04 Ноябрь 2010 - 11:35
![:wacko:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/wacko.gif)
#44 04 Ноябрь 2010 - 17:00
Тапшырып жатканда акчасызэле тапшырдым, сынактан өтүп окууну аяктагыча бир жолу да акча бербедим баа алыш үчүн.
СуперНургазы, доске капа болбо бирок акча бербей окусан болот. Жараткан бизди ар түрдүү ыкмалар менен сынак, эң чоң сынак мына ошол сынак, окууда сынактан акча берем деп чоң сынактан өтпөй калып жатпайсынбы, ал жерде акча бере албайсын.
Сөздөр каттуу тийсе кечир бирок Исхак Раззаковдун сөзү бар "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген, сен бербесең, мен бербесем мугалимдер да бир күн келип албай калат.
Эми өзүн ойлонуп көр доске. Бул нерсе бир жерде токтош керек.
Мугалимден эле мисал келтирсек. Акча берип окуса, кийин ал акча алып окутат.
Менин аттестатымда эки сабактан үч деген баа бар, Бири орус тилден, бириси болсо орус адабиатындан. Эгер эжейге бир шоколад алып бергенимде ошолор беш болмок, бирок бир шоколад алып бербедим, ошого дагы деле сүйүнөм, себеби акча менен алган баа, баа эмес, ал сенин билим деңгээлиңди көрсөтпөйт, билбейм, менин билим деңгээлим үчкө барабар бы же андан азбы же көпбү, бирок бир нерсени билем, бааларымды сатып алган эмесмин. Ошого ар дайым бааларымды көргөндө же көрсөткөндө коркпой бул менин бааларым деп айта алам. Баа сатып алсан жылдар өткөн соң ал сени капа кылышы да мүмкүн, ошондуктан ойлонуп иш кылалы.
#45 04 Ноябрь 2010 - 19:09
#46 04 Ноябрь 2010 - 20:13
kom (04 November 2010 - 16:09) жазган:
Менин жеке пикирим "андай адамдарга коомдо орун жок, татына жаштарыбызды бузуп жатышат"
Доске, аракет мындан ары паракорлуктан арылганга
Аллах жардамчың болсун
#47 05 Ноябрь 2010 - 22:03
amantur (04 Ноябрь 2010 - 17:00) жазган:
Тапшырып жатканда акчасызэле тапшырдым, сынактан өтүп окууну аяктагыча бир жолу да акча бербедим баа алыш үчүн.
СуперНургазы, доске капа болбо бирок акча бербей окусан болот. Жараткан бизди ар түрдүү ыкмалар менен сынак, эң чоң сынак мына ошол сынак, окууда сынактан акча берем деп чоң сынактан өтпөй калып жатпайсынбы, ал жерде акча бере албайсын.
Сөздөр каттуу тийсе кечир бирок Исхак Раззаковдун сөзү бар "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген, сен бербесең, мен бербесем мугалимдер да бир күн келип албай калат.
Эми өзүн ойлонуп көр доске. Бул нерсе бир жерде токтош керек.
Мугалимден эле мисал келтирсек. Акча берип окуса, кийин ал акча алып окутат.
Менин аттестатымда эки сабактан үч деген баа бар, Бири орус тилден, бириси болсо орус адабиатындан. Эгер эжейге бир шоколад алып бергенимде ошолор беш болмок, бирок бир шоколад алып бербедим, ошого дагы деле сүйүнөм, себеби акча менен алган баа, баа эмес, ал сенин билим деңгээлиңди көрсөтпөйт, билбейм, менин билим деңгээлим үчкө барабар бы же андан азбы же көпбү, бирок бир нерсени билем, бааларымды сатып алган эмесмин. Ошого ар дайым бааларымды көргөндө же көрсөткөндө коркпой бул менин бааларым деп айта алам. Баа сатып алсан жылдар өткөн соң ал сени капа кылышы да мүмкүн, ошондуктан ойлонуп иш кылалы.
Мен да Манасты бүтүргөм досум! Турцияга чейин барып келгем. Туризм клубунун башында тургам, убагында! Манастан Президенттик балга деле катышкам. Кыскасы эл арты эмес болчум. Сен бир шокалад берсем алмакмын депсиң, андай эмес... Сен Манастын деңгээли менен мен азыр окуп жаткан окуу жайдын денгээлин, мугалимдердин алган айлыктарын салыштырып көрсөң. Мен Манаста окуганда үч алган бааларым да бар эле, бирок ал бааларга биз сыймыктанабыз да, бир шпоргалкасы жок, бир тыйыны же тааныштын күчү жок тапшырсак, анан эң негизгиси баардык студенттердин жагдайы бирдей болсо. Айтайын дегеним эгер баардык студеттер тек кана билимине ишенсе... Манаста ошол ыраттуулук бар эле. Ал жакте байкем дале иштейт, бирок мага бир басып барган эмес, барса да орусчалап айтканда толк жок болчу.
Азыр окуп жаткан жеримде андай эмес, акчасын берген бүтүрөт да, окуп жаткан бала ыйлаган боюнча калып калат. Же тааныштын системасы деле ошондой! Июнь айында баары кетип калса, окуп жүрүп сен калып калсаң кандай обидно! Анан үйгө эрте кетишиң үчүн башыңды шылкыйтып барасың, агай деп жалдырат.
Мен Манастан баарына крутой болчум, кой кантип эле окусаң койбосун деп, бирок азыр айрым ЖОЖдордо билими жок мугалимдер деле билим берип жатышат. Өздөрү теманы билишпесе, предметти билишпесе, анан кантип сенин туура же туура эмес жооп бергениңди билишмек эле. Алар үчүн туура жооп акча! Апеляция берсең сени өткөрөт да группалаштарыңды талкалайт! Так что выбирай группа же сен, же сен акча берип коюп, баарыңардыкы тихо мирно бүтөт, же сен акча бербей сеники бүтөт да бирок группа сыгылат... анан алар сени сыгат...
Ошондой дос, а эми анын тиги жакка барганда эмнеге кабылаарыбызды ачпай эле коеюн! Сенин айткан сөздөрүңө капа болбойм, тескерисинде рахматымды билдирем, өзүм да бергим келбейт, тек группалаштарымды жалко! Бирок алардын артына жамынгандай болбоюн!
Билдирүүнү түзөткөн: supernurgazy: 05 Ноябрь 2010 - 22:08
#48 03 Декабрь 2010 - 20:21
#49 03 Декабрь 2010 - 21:12
кто лучше нас, им просто не до нас.
#50 05 Декабрь 2010 - 03:36
#51 05 Декабрь 2010 - 03:48
#52 05 Декабрь 2010 - 13:04
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#53 06 Декабрь 2010 - 11:49
Жакшы тема экен! Мен да ушундай нерселерге куйуп кетем. Бирок мен оз кучум менен КНУга отком, сессияга бир да жолу акча берген жокмун (1,2-курстарда физкультурага группа м-н берчубуз ырым учун
![:D](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/biggrin.gif)
#54 06 Декабрь 2010 - 12:08
#55 06 Декабрь 2010 - 12:41
Жеңиш - менин тагдырым.
#56 06 Декабрь 2010 - 14:56
Акысыз жалпыга тен билим беруу деп ,Кыргыз Республикасы мыйзам гана кабыл алып койгону болбосо,эч жерде(Манастан башка) акысыз билим жок.Жадагалса ,мектепте да ремонтко деп акча толойбуз.
Кыскасы,2009-жылы бир агайдын билимиме карабай туруп,баарын акча чечет дегени журогумо катуу тийген эле.Андай нерсе журоктон кетпейт экен...
#57 06 Декабрь 2010 - 20:57
Эгер сиз пара берүү вариантын тандап алган болсонуз кунөөнү өзуңүздөн көрүңүз да, унчукпай кое калыныз. Себеби оңой жашоону, оңой турмушту, оңой кутулууну өзүңүз каалап, тандап алгансыз.
Физкультурадан пара бердим дегендерге да күлкүм келди...Мен окуган убакта ГТОнун нормативдерин аткара алсан (100 метрге чуркоо- 12 секунд, турникке тартылуу -8 жолу, 3 кмге -11 минут. ж.б.) эч ким сенден акча сурай албайт болчу. Ал эми сабакка узгүлтүксүз такай катышып турсаң ден-соолукка эле пайда...Жок, кээ бирлерибиз аны сабак ордуна көрбөй, ашыкча туйшүк катары көрөбүз.
Кыскасы, айтайын дегеним адегенде ар бирибиз өзүбүз үчүн онтойлуу вариантты тандап алгандан кийин өткөн ишке өкүнүүну токтотсок. Мумкун болушунча пара бербөө жолу менен иш бүтүрсөк.
Ал эми алкымын агытып, кой-айга келбей пара доолаган адамдарга мыйзам чегинде жаза берүүгө болот! Эгер сиз ошону чындап кааласаңыз. Аларды аркы дүйнөдө Алла-таалам дагы жазалайт болуш керек!
Айылда жашаган бир таанышым айтты эле, параны өзубүз берип атабыз деп. Мисалы, пособие алыш үчүн доходубуздун өлчөмү ашып кеткен учурда деле өкмөттүн бекер акчасын алыш үчүн сельсоветке пара беребиз дейт, доходду азайтып жазган справка үчүн.
Студенттердин турмушун көрүп эле журөм: библиотекада отурганга убакыт жок, баш оорутуп. Жашоо ансыз да татаал. Андан көрө бир кирешелүү, май-талкандуу жумушка орношуп алсаң, сессияны эптеп -септеп "разводить" этип койсо да болот...Айыпты мугалимге шылтай салсаң "совестиң" да женилдей түшөт. Эгер эч ким,эч кимге пара бербей койсо, анда бул көрүнүш өзүнөн өзү жоголмок. Ошого эркибиз жетеер бекен?
#58 06 Декабрь 2010 - 22:14
анан дагы бир окуя. бир сабак бар эле, мугалим деле жакшы болчу, мисалы билсең коём, билбесең алам дегендей. анан мага коюп берген, ал эми менин курбу кызым, мен ушу сабакты такыр окугум келбейт, ошон үчүн мен башымды ооруткум келбейт дагы, "берем" деп калды. өзүн бил дедим. анан ставкасы 800 экен, ал курбу кызымда бүкүл 1000 сом экен, (обычно бизде без здачи берет эмеспи, иш батыраак бүтсүн дегенсип,) анан кирип 1000 сомду сунса, ал 200 сом здачи берип коёт. анан тиги курбу кызым чыгып алып жинденет, вот у нас базар в академии деп, ийи, эмне болду десем, ушундай ушундай, базардагыдай мага 200 сом здачи берип койду дейт, ага ким күнөөлү дедим.
![:crazy-girl:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/crazy-girl.gif)
#59 07 Декабрь 2010 - 11:32
vais (06 December 2010 - 20:57) жазган:
Эгер сиз пара берүү вариантын тандап алган болсонуз кунөөнү өзуңүздөн көрүңүз да, унчукпай кое калыныз. Себеби оңой жашоону, оңой турмушту, оңой кутулууну өзүңүз каалап, тандап алгансыз.
Физкультурадан пара бердим дегендерге да күлкүм келди...Мен окуган убакта ГТОнун нормативдерин аткара алсан (100 метрге чуркоо- 12 секунд, турникке тартылуу -8 жолу, 3 кмге -11 минут. ж.б.) эч ким сенден акча сурай албайт болчу. Ал эми сабакка узгүлтүксүз такай катышып турсаң ден-соолукка эле пайда...Жок, кээ бирлерибиз аны сабак ордуна көрбөй, ашыкча туйшүк катары көрөбүз.
Кыскасы, айтайын дегеним адегенде ар бирибиз өзүбүз үчүн онтойлуу вариантты тандап алгандан кийин өткөн ишке өкүнүүну токтотсок. Мумкун болушунча пара бербөө жолу менен иш бүтүрсөк.
Ал эми алкымын агытып, кой-айга келбей пара доолаган адамдарга мыйзам чегинде жаза берүүгө болот! Эгер сиз ошону чындап кааласаңыз. Аларды аркы дүйнөдө Алла-таалам дагы жазалайт болуш керек!
Айылда жашаган бир таанышым айтты эле, параны өзубүз берип атабыз деп. Мисалы, пособие алыш үчүн доходубуздун өлчөмү ашып кеткен учурда деле өкмөттүн бекер акчасын алыш үчүн сельсоветке пара беребиз дейт, доходду азайтып жазган справка үчүн.
Студенттердин турмушун көрүп эле журөм: библиотекада отурганга убакыт жок, баш оорутуп. Жашоо ансыз да татаал. Андан көрө бир кирешелүү, май-талкандуу жумушка орношуп алсаң, сессияны эптеп -септеп "разводить" этип койсо да болот...Айыпты мугалимге шылтай салсаң "совестиң" да женилдей түшөт. Эгер эч ким,эч кимге пара бербей койсо, анда бул көрүнүш өзүнөн өзү жоголмок. Ошого эркибиз жетеер бекен?
Абдан туура жазыптырсыз, мен сизди колдойм. Ал эми физкультурага катышпаганымдан эмес, мугалим озу сабак отчу эмес, отметка кылып туруп кетирип жиберчу, а так бул сабак мага жагат, ден соолулкка пайдалуу экенин да билем! Кызык сиз кайсы жылдары окудунуз экен!
#60 12 Декабрь 2010 - 12:06
17_sanya87_ (07 Декабрь 2010 - 11:32) жазган:
2004-2009 жылдары окшойт!