Кошок айтуу кошок айтуу
#61 25 Апрель 2014 - 20:41
.
Жашыл шурум чубалды,
Жанымда болбой медетим.
Жаш чырпык жаның куурады.
Жакшы күнгө жеткенде,
Жалдырап эжең ыйлады.
Текчеде чыным кыйрады,
Тизиктен шурум чубалды.
Күндө турбай жаныңда,
Күлдөй жаның куурады.
Күткөндө бейбит турмушту,
Күйүттүү эжең ыйлады.
Аксайдан зыркаар жел согот,
Айтөргө келип эл конот.
Атандан скхо килем жүк,
Атайы барып ким оңдойт.
Ар жактан ойлонсрм,
Аккан жашым селболот.
Капталдан зыркаар жел согот,
Кадуусу сайын эл конот.
Топоздон оосо куржун жүк,
Түзөп жибин ким толгойт.
Кайгыда турат эжекең,
Какшасам жашым сел болот.
#62 25 Апрель 2014 - 20:43
.
Жаркырап нуру төгүлгөн,
Жасаган иши гүлдөгөн.
Жаныңа басып келе албай,
Далай уста сүрдөгөн.
Мылтык болсо бузулган,
Бурама чүрпө улаган.
Кайран уста өнөрүн,
Калың эли сураган.
Ак данакер кепшерин,
Алтын оюп каңдаган.
Акылман уста экен деп,
Адамдын баары даңдаган.
Кок данакер кепшерин,
Күмүш оюп каңдаган.
Кылдат уста экен деп,
Кылымдын эли даңдаган.
Ат жабдыгын келтирип,
Аземдеп соот төктүргөн.
Чет кыргагын ак уштап,
Мончоктон сирке төктүргөн.
Калпагын зарга толтурган,
Хан алдында олтурган.
Боз баштык зарга толтурган,
Болуштар менен олтурган.
Кынап курчун сугарган,
Кыймалап кылыч чыгарган.
Жасоочу эле комузду,
Карагай менен чынардан.
Кылычынын сабына,
Күмүштөн оюп чөгөргөн.
Кашкардын ханы көргөндө,
Сыйлыгым деп төө берген.
Булгаарыдан кабына,
Алтындан оюп чөгөргөн.
Аны көргөн бий-болуш,
Ардакташып зар берген.
Булгаары ээр каптаган,
Кашына чегер кактырган.
Кайран уста кылганын,
Калкынын баары жактырган.
Чамгарагын жездеген,
Жандын баары эстеген.
Кайран уста чолпонум,
Кадырың элден кетпеген.
Берекелүү колуңуз,
Бейиштен болсун жолуңуз.
Балдарыңдын бирөө бир,
Басар бекен ордуңуз.
#63 25 Апрель 2014 - 20:45
кошок
.
Кара чаар жолборсум,
Кайберен болсун жолдошуң.
Кармап алып өлтүргөн,
Касыккан душман оңбосун.
Кызыл чаар жолборсум,
Кырк чилтен болсун жолдошуң.
Кыйкым таяп өлтүргөм,
Кысталак душман оңбосун.
Белеске жыйын курчу элең,
Белиңди кармап турчу элең.
Белсенип келген душманды,
Безилдетип куучу элең.
Кайкыга жыйын курчу элең,
Кайкалап тиктеп турчу элең.
Качырып тийген душманды,
Каптал менен куучу элең.
#64 25 Апрель 2014 - 20:46
.
Көлөңкө жерде жан энем,
Көргөлү кетти жан эжем.
Салкын жерде жан энем,
Самап кетти жан эжем.
Бурулуш жерде олтурсам,
Бурулуп барып көрөрмүн,
Буландай дардым билермин.
Бурулуш жерде олтурсам,
Томуктай дардым билермин.
Торко тон тигип кийдирип,
Таптап өткөн жан эжем.
Токойлуу ойтак ичиде,
Шактап өгкөн жан эжем.
Ат ойнокко эл конот,
Баары эл тегиз тең болот.
Агалуу тууган бириксе,
Алымды сурар ким болот?
Жан жанымды карасам,
Жагалмай сындуу көрүнөт.
Жан эжемди дегенде,
Бүткүл мүчөм сөгүлөт.
Асмандагы жарыган,
Айыл элең жан эжем.
Бир курсактан туулган,
Пайым элең жан эжем.
Көз курак алып кураган,
Көргөндүн алын сураган.
Башымды тутуп сылаган,
Барганда алым сураган.
Жети келсем чай алып,
Жылгаларды жол кылдың.
Желпип баккан кызыңды,
Энесиз бизге пай кылдың.
Алтындан чачың сабалып,
Издесең кайдан табалык.
Айчылык алыс калдыңбы,
Ай тийбес жерде камалып.
Күмүштөн чачың сабалып,
Көрбөсөң кайдан табалык.
Күйөрүм эжем калдыңбы,
Күн тийбес жерде камалып.
Ыйлап сени таппадык,
Арганы кандай табалык.
Күн четиде бир жылдыз,
Жарыглыгын айтармын.
Жан эжемден айрылып,
Карыптыгым айтармын.
Жазда жааган жамгырдай,
Жаш төгүп калдым ой тобо.
Жан эжемден айрылып,
Боздоп калдым ой тобо.
Ашканаң алма пураган,
Ачканын алын сураган.
Жегениң жемиш пураган,
Жетимдин алын сураган.
Айланайын жан эжем,
Сай боюнда жалпызың,
Саргарып ыйлайт жан кызың.
Көл боюда жалпызың,
Күн тутуп ыйлайт жан кызың.
Кама ичикти бөктөргөн,
Кадырлуу эжем мен айтсам,
Кадимден байлык көп көргөн.
Турумтай куштун тууру жок,
Тутунуп оокат кыларга,
Туулуп өскөн уулу жок.
Карчыга куштун тууру жок,
Карманып оокат кыларга,
Кызыңнан башка уул жок.
Кара куйрук тобурчак,
Кыйлаларда көрүнөт.
Кылайып кеткен жан эжем,
Кыяматта көрүнөт.
Кадимки салган тамыңды,
Карагачтан жүрөрмүн.
Кылайып кеткен эжемди,
Кыяматтан көрөрмүн.
Кадыр сыйың мен кылып,
Какшанып ырдап жүрөрмүн.
#65 25 Апрель 2014 - 20:47
.
Балкасы менен зар чапкан,
Бармагы менен мал тапкан.
Кычкачын кармап, зер чапкан,
Кызматы менен мал тапкан.
Көөрүгүн күндө өкүрткөн,
Көмүрүн сактап, бекиткен.
Баянын айтам бир канча,
Балкасын койбой секирткен.
Асылым уста — арстаным.
Бактыма кудай жазганым.
Балаңа калды мүлк болуп,
Болоттон соккон барсканың.
Дөшүң калды темирден,
Көз ачык өттүң өмүрдөн.
Чың темирди балкытып,
Өнөрүң ашты көмүрдөн.
Жалпы журт пайда көрсүн деп,
Жасадың таштан тегирмен.
Туйгунум-устам барында,
Тууганы нанга кенелген.
Көзү ачык сенин балдарың,
Көтөрүп нанды кемирген.
Жайдарым, сендей табылбайт,
Жалпы бир элет элиңден.
Суйсалып ойноп жүрчү элем,
Сымбатым артып келинден.
Каз элечек мен элем,
Тойгузган эрим сен элең.
Торко элечек мен элем,
Кармаган эрим сен элең.
Каз элечек жыйнадым,
Кара бет какшап ыйладым.
Торко элечек жыйнадым,
Кадимки кадыр сый калды,
Арманын айтып кара бет,
Азабын тартып кыйналды.
Кара бет менин үстүмдө,
Калдайган калың чыр калды.
Алтынды зергер эритет,
Адамды өлгөн кемитет.
Күмүштү зергер эритет,
Күйөөсү өлгөн кемитет.
Балкаң — темир, дөшүң — таш,
Балдарыңдын баары жаш.
Асылым, сени таппадым,
Эки көзүм жаштадым.
Мен кара бет шордуу күң,
Пейилиңди санап какшадым.
Асылым — уста, жыргалым,
Армансыз ойноп жыргадым.
Акырет кеттиң, өзүң жок,
Азабың тартып куурадым.
Эртеден кечке узанса,
Эрикпеген жыргалым.
Бирөөнүн ишин кылдым деп,
Терикпеген жыргалым.
Балта менен керкини,
Барскан менен сылаган.
Көпчүлүктүн кызматын,
Кылганга өзү чыдаган.
Кең пейил элең адамдан,
Келген бүтпөй кеткен жок.
Соопко белин байлаган,
Соопкер сендей өткөн жок.
Кычкачын колго кармаган,
Кылбаган иши калбаган.
«Кыйын эмес, элпек» — деп,
Кызматын көргөн жардаган.
Элге ылайык жумушту,
Эрте кармап күтүнгөн.
Эртең келгин дебестен,
Келген күнү бүтүргөн.
Жоо жарагы себилди,
Сом бүтүрчү темирди.
Баатырлар алчу жаракты
Баарысын журтка таратты.
Алтын шыбап сабына,
Ай балта соктуң болоттон.
Табылып турган кезинде,
Тартынбадың коноктон.
Башка уста тең эмес,
Баянын айтсам кем эмес,
Байыркы айткан жомоктон.
Береним — уста өлгөн соң,
Беш тырмак тийди бетиме.
Жүдөп-какап кор болуп,
Жүрөрмүн калктын четинде.
Өзүңдөн калган үч балаң,
Эсен жүрсө эр жетер,
Эр жеткенче эс кетер.
Эсине албай дос кетер,
Карыптык башка келгенде,
Кайгы менен күн кечер.
Эмгек кылсак эринбей,
Эптеп-септеп күн өтөр.
#66 25 Апрель 2014 - 20:49
.
Асмандап учкан каздайым,
Ак жайык жаткан саздайым.
Акырет кеткен бегимди
Айтуусуз кантип таштайын.
Көкөлөп учкан каздайым,
Көк жайык жаткан саздайым.
Көмүскө кеткен бегимди,
Көздөөсүз кантип таштайын?
Таразага тарттырсам,
Таалайың шордон аз деди,
Таалайдан багың пас деди.
Таалайым жоктур бир мыскал,
Таалайым качан шор кыскан?!
Ырымчыга ачтырсам,
Ырыскың шордон аз деди.
Ырааты багың пас деди.
Ырыскым жоктур бир мыскал,
Ырысым качан шор кыскан?
Оң колумдун салаасы
Омкорот менин белимди,
Бегимдин ордунда жаш баласы.
Беш колумдун салаасы,
Бөксөртөт менин белимди
Бетимдин калды баласы.
Мергендин аялынын кошогу
Кайран бир адис мергеним,
Көрпөчөң манат көк койгон.
Көк коргошун ок койгон.
Ак талдан кумдак куйдурган
Алмадан шыйрак салдырган.
Таягын ташка жөлөгөн,
Адисим, мылтыгын канга бөлөгөн,
Көк моюн атып жапшырган,
Адисим, ак зоонун башын капшырган,
Текесин атып жапшырган.
Кайран бир адис мергеним,
Канакей сенин келгениң?
Ырас бир бекен өлгөнүң?
Буудайды чачкан ок калды,
Бугу бир маарап көп калды,
Атарга мерген жок калды.
Отундун башын кемирген,
Адисим, өлдү дегенде,
Ойдогу кийик семирген.
Кырчындын башын кемирген,
Адисим, өлдү дегенде,
Кырдагы кийик семирген.
Улагын атса убал деп,
Эчкисин атса бооз деп,
Текечер атып сулатып,
Тескей бир ылдый кулатып,
Кайран бир адис мергеним,
Канакей сенин келгениң?
Ыраспы экен өлгөнүң?
Кайран бир адис мергеним,
Улар бир терип бергениң.
Жаанбай казган жан булак,
Кудаяр казган кум булак,
Куу мүйүз теке ошондо,
Адисим,
Атарман болсоң ошону ат,
Армандан чыксаң бери кайт.
Жалпак бир ташты бек баскан,
Жайык бир мүйүз теке аткан.
Кыңгырак ташта бек баскан,
Кыңгырак мүйүз теке аткан.
Адырмак тоону айланган,
Алтындан кисе байланган,
Кайран бир адис мергеним,
Канакей сенин келгениң?
Ырас бир бекен өлгөнүң?
Алтымыш берип, бирди алган
Алганың калды каралуу,
Эки бети жаралуу.
Адисим, эңкейиштен сундурган,
Эликтин бутун сындырган.
Адисим, куюлушта сундурган,
Куландын бутун сындырган.
Адисим, этеги жерге тийбеген,
Эңкейбей маша ирмеген
Жамбашы жерге тийбеген,
Жантайбай маша ирмеген.
Алты сай бараң иштеткен
Адис кыйын мергенге,
Бармагын кесе тиштеткен.
Жети сай бараң иштеткен,
Жеткилең кыйын мергенге
Бармагын кесе тиштеткен.
Кууратпай эт жедирген,
Туйгунум мерген дедирген.
Чыктатпай эт жедирген,
Чыныгы мерген дедирген.
Калемдей кара кашынан,
Калмерген өткөн жашынан.
Жалама тоодон теке аткан,
Жата калып эчки аткан,
Олчойгон теке сулаткан,
Он эки айры бугу аткан.
Артынан келген жолдошун,
Муну менен кубанткан.
Акырын атып сулаткан,
Алдыртан келген жолдошун
Аны менен кубанткан.
Карагай жайлоо, Көк кыштоо,
Карайган теке ошондо,
Атарман болсоң атып ал,
Жер үйүңө катып ал!
Көбүргөн жайлоо, коп кыштоо,
Келмек теке ошондо,
Атарман болсоң атып ал,
Жер үйүңө катып ал!
Алты сай бараң асынып,
Ала-Тоо көркүн басканбы?
Алты сай бараң сынганбы?
Ала-Тоо көркү тынганбы?
Жети сай бараң асынып,
Жеке тоо көркүн басканбы?
Жети сай бараң сынганбы?
Жеке тоо көркү тынганбы?
Адис кыраан мергеним,
Ырас экен өлгөнүң,
Өлбөсөң кана келгениң?
Мен бейбак, ак ичигиң жамынат,
Сага алты сай бараң табылат,
Алганым, сендей болбосо,
Сарамжал кайдан табылат!
Мен бейбак...
Желбегей ичик жамынат,
Сага жети сай бараң табылат,
Теңтушум, сендей болбосо,
Сарамжал кайдан табылат?
Арчадан кундак ойдурган,
Алмадан шыйрак жондурган,
Кундакка мылтык кынаткан,
Тоо теке атып сулаткан.
Мен айтайын башынан,
Калемдей кара кашынан,
Какшадым ыйлап муң басып,
Калмерген өттү жашынан.
Асылым, Калы мергеним,
Тоодон теке тергеним,
Шыралга деп келгенге,
Шыйрагын кесип бергеним.
Күпсөргө дары куйганым,
Күндө үч убак ыйлатып,
Күйүткө салдың, жыргалым.
Кугусун салып мойнуна,
Дарысын катып койнуна,
Барам деп басып бийикке,
Кетүүчү элең кийикке.
Кыраңдан аша бергенде,
Кырк теке атып сулаткан.
Кызматын айтып өтөйүн,
Атканын түзгө кулаткан.
Эчкини аттың эби жок,
Эликти аттың себи жок.
Жардыны майга жыргаттың,
Жалган деп айтар кеби жок.
Адырга аркар тургузбас,
Адис мерген жыргалым.
Кыраңга кулжа тургузбас,
Кыраан мерген жыргалым.
Алма баш мылтык асынган,
Аяктай ташка жашынган,
Асылым, Калы жыргалым,
Адистиги ашынган.
Көк чыбык мылтык асынган,
Көнөктөй ташка жашынган,
Көрөшөн Калы мергеним,
Көп мергенден ашынган.
Ак зоодон булут булаткан,
Ак бугу атып сулаткан.
Абышка менен кемпирге
Аппак майды туураткан.
Мергендигиң белгилүү,
Мелдешип кылган каралды,
Карагай, талдан чеп кылып,
Какшаткан далай маралды.
Белеске салган капканын,
Береке кылган тапканын,
Бергендиги башкача,
Бейли жакшы арстаным.
Кадууга салган капканын,
Кадырга берген тапканын,
Табылгасын Калмерген
Көрбөдүм тук да сатканын.
Бөксөгө чыгып сонорлоп,
Бөрүнү атып кыйратты.
Бөрүнү атып Калмерген,
Бөлтүрүгүн ыйлатты.
Түлкүгө салып капканды,
Түлкүнүн көбүн кыйратты.
Түлкүдөн ичик кылдырып,
Бачигин анын ыйлатты.
#67 25 Апрель 2014 - 20:51
.
●Жокчулук
●Көңүл айтуу
●Чалдын арманы
●Кыздын арманы
●Төркүнүнө жетпеген кыздын
арманы
●Сокурдун арманы
●Чалга тийген кыздын арманы
●Төрөбөгөн аялдын арманы
●Зордоп берилген кыздын арманы
●Жаман аял алган кишинин
арманы
●Койчунун арманы
●Атасы аскерге кеткендеги
арман ыры
.
.
Жокчулук
.
Беш айчыктуу кызыл тон,
Кийгизбедиң, жокчулук.
Безелентип боз жорго,
Мингизбедиң жокчулук.
.
Көңүл айтуу
.
Кербендин сөзүн кечкен бейм,
Кечеки кайыш булгаары
Кемерин белден чечкен бейм?
Кечеки эсен абакем,
Келки элине чуу салып,
Келин-кызга ый салып,
Келбес жайга кеткен бейм.
Аркардын суусун кечкен бейм,
Алтындан кылган кемерин
Аңтара таштап чечкен бейм?
Айыкпас кесел зарпынан,
Алыстап акем жалпыдан,
Агайын элге чуу салып,
А дүйнө сапар кеткен бейм?
Бөкөнун суусун кечкен бейм
Булгаары кайыш кемерин,
Бурулуп акем чечкен бейм?
Бул элден жалгыз бөлүнүп,
Элеси араң көрүнүп,
Бузулбас жайга кеткен бейм?
Жабышкан кесел куу оору
Жалгандан жаздым кылган бейм?
Кара бет бейбак Карачач
Караны башка салган бейм?
Кубаты кеткен чагында
Кулунунан ажырап,
Энекең кубара катып калган бейм.
Агайын, токтоп кайрат кыл,
Акеңдин артынан бар го чыгары.
Айкашкан эки булагы
Көп ыраактык кылчу эмес
Көрүнгөн тоонун ыраагы.
Алпештеп жакшы багып ал,
Акеңдин калган белегин
Түбөлүккө наамы өчпөс,
Түптүү чынар терегиң.
Аман-эсен жетилсе,
Арка сүйөөр медериң.
Ажалдын бир бүрчөгү
Ар пенденин мойнунда.
Калеми ушул тагдырдын,
Энеке, кайгырганды койгун да.
Алдына кетпей уулуңдун
Армандуу бенде болдуң да.
Андай эмес, тобо кыл,
Анын белеги калган ордунда.
Жабыркап баары жаш күчүк
Анын тилегинде болгун да.
Калдайып барып келүүгө
Конокко менин абалым,
Кокту эмес, түстө жүрө албайт,
Кош согончок таманым.
Көз көрсөтүп силерге,
Көңүл айткан жамагым.
Качан да болсо тилейбиз,
Туугандар, калганыңдын аманын.
.
Чалдын арманы
.
Короодо чөгүп нар жатат
Кобурашкан киши жок,
Коргондо жалгыз чал жатат.
Эшикте чөгүп нар жатат
Эбирешкен киши жок
Ээн талаа коргондо,
Элеңдеп коркуп чал жатат.
Чепкенди жеңил кайырды,
Жебирешип отурган
Шериктен душман айырды.
Калпагын чегин кайырды,
Кобурашып отурган,
Курбумдан душман айырды.
Калпалыгы кунарсыз,
Карап турса күйөөсү,
Кантип алдың, ыймансыз.
Эшендиги кунарсыз,
Эри турса жалдырап,
Ээрчитип алдың, ыймансыз.
Айыбына караса,
Ак чылбыр менен байласа,
Адамдын жүзү көрбөгөн
Аюуларга аралаш
Ала-Тоого айдаса.
Журтта торо коп болот,
Журтчулукту айырган
Жуксуз төрө жок болот.
Эл төрөсү периси
Элге эпсиз иш кылды,
Элден айдап чыкпаса,
Элге тиет кесири.
Журт төрөсү периси
Журттан айдап чыкпаса,
Журтка тиет кесири.
Ак шалгасын токуган,
Акмак төрө артынан,
Акмактыгын билбестен
Ар адам намаз окуган.
Байтал минип желсем дейм,
«Баатырдын» кылган иштерин
Баарын койбой каттатып,
Баарына айтып берсем дейм.
Кара ат минип желсем дейм,
Камандын кылган иштерин
Калтырбастан каттатып,
Калкка айтып берсем дейм.
Өрдөк учат камыштан,
Өзү оокат кыла албай,
Өксүп калды абышкаң.
Суусун алып кете албай,
Сумсайып калды абышкаң.
Кызгалдак учат камыштан,
Казанын өзү аса албай,
Каңгырап калды абышкаң.Кыздын арманы
Кулаалы салсаң кууга сал,
Куураган чалга бергенче,
Курсагым жарып сууга сал.
Ителги салсаң кууга сал,
Итейген чалга бергенче,
Ичимди жарып сууга сал.
Түр камдаган жибегим,
Оңбос жибек дечу элем.
Айлымдагы келин-кыз,
Ойноп айтат дечү элем.
Өңүрүмдүн жибеги,
Оңгон жибек турбайбы,
Айлымдагы кыз-келин,
Чындап айткан турбайбы!
Карадан кылган кетечи,
Кайып берем дечү эле.
Кара тумшук атакем
Жайып берем дечү эле.
Кызылдан кылган кетечи,
Кыйып берем дечү эле.
Кызыл тумшук атакем,
Жыйып берем дечү эле.
Күлүккө така болбогон,
Күмүштү неге жараткан?
Атага арка кылбаган
Кызды неге жараткан?
Аргымакка така болбогон,
Алтынды неге жараткан?
Агага арка болбогон,
Кызды неге жараткан.
.
Төркүнүнө жетпеген кыздын
арманы
.
Суурулсун тулпар туягы,
Курусун кыздын ыраагы.
Ак түйүнчөк түйгөндөй,
Данакер бекен кыз байкуш?
Ат жеткис жерге бергидей
Күнөкөр бекен кыз байкуш?
Көк түйүнчөк түйгөндөй
Данакер бекен кыз байкуш?
Көз көргүс алыс бергидей
Күнөкөр бекен кыз байкуш?
Тобурчак аттын токтугу,
Тозоктуу көлдүн окчуну.
Төркүнүм көлдө, мен мында,
Ичимде толгон көп муң да.
Тобурчак аттын туягы,
Тозоктуу көлдүн ыраагы.
Куркулдайдын уясы,
Кургак да бекен, суу бекен?
Куруп калган бир тууган,
Оору да бекен, соо бекен?
Ашуунун бели ак кезең
Кара да бекен, кар бекен?
Кайрылаарым бир тууган,
Аман-эсен бар бекен?
.
Сокурдун арманы
.
Акыл менен ойлонуп,
Арманымды айтамын.
Арманда болуп жашымда
Калганымды айтамын.
Айнек издеп Ташкенге,
Барганымды айтамын.
Капа болуп жашымда
Калганымды айтамын.
Карек бир издеп Ташкенге,
Барганымды айтамын.
Айтарга таппай сөзүмдү,
Арманда кылдың өзүмдү.
Арман эмей эмине,
Ааламды көрсөм өзүм деп,
Сүйлөргө таппайм сөзүмдү,
Жумултту эки көзүмдү.
Көр адам көпкө сөз экен,
Көңүлдү ачкан көз экен,
Көзүң болсо эр жигит,
Жокчулук бекер сөз экен.
Сокур соого сөз экен,
Сөзүн көргөн көз экен,
Көзүң болсо, эр жигит,
Жардылык бекер сөз экен.
Текеден кылдык жол азык,
Дегеле ары мол азык,
Теңтуштун жүзүн көрсөтпөй,
Теңириме не жаздык?
Акчадан кылдык жол азык,
Абдан арбын мол азык,
Адамдын жүзүн көрсөтпөй,
Алда талаа, не жаздык?
Канаттуудан жол азык,
Баарысы арбын мол азык
Перзенттин жүзүн көрсөтпөй,
Пендесине не жаздык?
Кат окуган арзачы,
Какшанып энем калсачы.
Карайлатып койгончо,
Калтырбай кудай алсачы.
Астында агам өбөгүм,
Аркамда иним жөлөгүм,
Айнегимдин айынан,
Анжиян көздөй жөнөдүм.
Анжиян көмөк бербеди,
Армандуу шордуу мен байкуш,
Анда бир көзүм көрбөдү.
.
Чалга тийген кыздын арманы
.
Аксуунун башы дарыя,
Агар жери бир кыйла.
Алган күйөөм айласыз,
Агала сакал карыя.
Көк суунун башы дарыя,
Көпкө пайда бир кыйла.
Күткөн күйөөм дармансыз,
Көгала сакал карыя.
Какбашка көөнүм жылыбай,
Какшадым жашым тыйылбай.
Кабагы бырыш катма-кат,
Карааны мага аюудай.
Аз бербедим малды дейт,
Артылып камчы чабам дейт.
Айлыңда баркың кетирип,
Атаңа барып айтам дейт.
Какбаш мага кас болду,
Кара боор таш болду
Ата-энем аны билбеди,
Алган малга мас болду
Ычкырыма муунуп,
Кутуламбы өлгөндө.
Ыракым кылаар тууган жок,
Ыйлаганым көргөндө.
Кантип ичим жылысын,
Каржайган жыртак бу чалга.
Караймын күндө жалооруп,
Кашкайып күлгөн балдарга.
Айда чачым тарадым,
Аюунун көзүн карадым.
Санаа деген не кыйын,
Саргарды жездей ыраңым.
Көптө бирдей болбогон,
Күмүштү неге жараттың.
Күйгөнгө каалап тийбеген,
Кызды неге жараттың?
Сатылдым пулга мал болуп,
Жаралдым эмне жан болуп?
Жабыркап ыйлайм солкулдап,
Жашым аккан кан болуп.
Тырманып какбаш уктабай,
Же жөтөлбөй тим жатпай.
Эриксиз жүрөм капканда,
Эти тийсе жыландай.
.
Төрөбөгөн аялдын арманы
.
Бешикке бала бөлөбөй,
Бейпайлуу болдум тө]тө6ой.
Кундакка бала бөлөбөй
Курган жаным төрөбөй.
Эгиз козу көтөрүп,
Кой аралап жүрбөдүм.
Эркек бала көтөрүп,
Той аралап жүрбөдүм.Зордоп берилген кыздын арманы
Эмгектүү оюм чийеси,
Эшилсин байдын желеси.
Көңүлүм түшпөс эримдин,
Куурасын күмүш теңгеси.
Куттуу оюм чийеси,
Куласын байдын бээси.
Жакасы салык, бели бош,
Күл болсун жамбы теңгеси.
Бу кудайым алакчы,
Буюрган эрим карачы.
Бою мага эмне суук,
Буудайга сайган каракчы.
А кудайым алакчы,
Алган эрим карачы.
Акылы кыска көзүмө,
Арпага сайган каракчы.
Колумдагы кош шакек,
Колобу десем жез экен.
Койнумдагы күйөөмдү,
Жакшы дечем кече экен.
Белесте айдай кылайып,
Беренге жаным ылайык.
Каада болбос жаманда,
Кантип жүрөм муңайып.
Капталда айдай кылайып,
Канга жаным ылайык.
Кылыгы жаман балада,
Кантип жүрөм кыйналып.
.
Жаман аял алган кишинин
арманы
.
Жаздын күнү күн жааса,
Жар ташта калар бубагы.
Жалжал этип карашкан,
Жаштыктын кетер убагы.
Кыштын күнү күн жааса,
Кыр ташта калар бубагы.
Кылчайышып шыңк күлгөн,
Кызыктын кетер убагы.
Тулпарды байлап акырга,
Дорбо менен жем илдим.
Алганым болбой жакшыдан,
Ар кайда барып жеңилдим.
.
Койчунун арманы
.
Кой кайтардым шыбакка,
Жибек алдым улакка
Улакка алган жибегим,
Уктатпайт менин жүрөгүм.
Кой кайтардым коктуга,
Жибек алдым токтуга.
Токтуга алган жибегим,
Токтотпойт менин жүргүм.
Конок көмөч азыгым,
Кой кайтарган жазыгым.
Белеске чыгып дем алам,
Дем алган жерде жеп алам.
Кечкече жээрге нерсе жок,
Кезерип ачка мен калам.
Отун кетпей мойнуман,
Жонум бир ооруп жоор болду.
Эртеден кечке мал багып,
Таманым ооруп чор болду
Эгиздеги текени,
Атар күнүм бар бекен?
Койчулуктан кутулуп,
Жатар күнүм бар бекен?
Талаада жатып кой бактым,
Таалайсыз менин шор башым.
Ар кимде жүрүп кой бактым,
Арылбаган шор бактым.
Арып-ачып мен келсем,
Байбиче көсө менен тап берет.
Эшикке чыгып мен бассам,
Тезек тер деп кап берет.
Үйгө бир жатып уктасам,
Байбиче жаман жемелейт.
Талаага чыгып уктасам,
Эчки каапыр тебелейт.
Түн ичинде уйкум жок,
Күндүзү менде тыным жок.
Үйдө басар шайым жок,
Арманым айтар жайым жок.
Короодогу байлардын,
Эзилген менен иши жок.
Эндиреп кетип отурам,
Эсине алган киши жок.
Курсагым ачып баратам,
Ошентип ичтен кан жутам.
Кайгырган менен пайда жок,
Байларыңда курсак ток.
Эгиздеги балапан,
Тутулар күнү бар бекен.
Ушул жаман таяктан,
Кутулар күнүм бар бекен?
Эзилген ушул кедейдин,
Кутулар күнү бар бекен?
Эзип жүргөн байлардын,
Тутулар күнү бар бекен?
Айланып учуп бараткан,
Абадагы булбулмун.
Алты жаштан быякка,
Кордолуп келген кургурмун.
А6адагы торгойду,
Алдынан тороп ким бурайт.
Эзилип жүргөн кургурдун,
Эсендигин ким сурайт.
.
Атасы аскерге кеткендеги
арман ыр
.
Кыш кыштовуң Ичи-Көл
Балдарың алин келип көр.
Келе турган жолуңа
Кекире чыгып чайлады.
Кекенген душман оңбосун
Келбеске башың байлады.
Сай боюда талдарың,
Сагынып ыйлайт балдарың.
Кол боюда талдарың,
Көрсөм деп ыйлайт балдарың.
Таңга маал сайраган
Булбулдун үнүн угайын.
Узакта жүргөн атамдын
Өмүрүн тилеп турайын.
Арка чачым беш тарап,
Өрөр күнүм болову?
Ардактап баккан атамды
Көрөр күнүм болову?
.
[Үйгө|Мурунку|Бөлүмдөрдүн тизмесине|Кийинки]
#68 26 Апрель 2014 - 09:32
Пендемин да ата энем олбочудой корсом керек.Апам каза болгондо уч кун жол журуп ,жол жабылып,кар бурганактап жаап кор азабы,жол азабы деген создун маанисине жетип,журогум сыздап апамдын "Балам ай жол алыс,мен олгондо муздак жузумду корбой армандап калаар бекенсин" -дегенин эстеп апаман айрылганым бир азап,жетмегим бир азап болуп журуп уч кун дегенде кирип бардым.Билип барсам да умут деген умут да апам тируу деген умут менен барып боз уйду коргондо айлам куруп чын ишенип журогум тилке пара болуп чынырып,чырылдап турдум.Ошол учурда ким кудайды эстеп,ким озун кармай алат.
Ошол учурда бир чон эне келип,кызым айтып ыйла чарчап калдын,озун оорукчан болсон,жаны опереция болду деп уктук элек.Энен кошокчу эле сенде деле бар кызым.Суу алып келгиле деп.Сууга бетимди жугузуп,суу жуткузуп.Кызым кошок айтсан чарчабайсын, энеге ким куйбогон,ким ыйлабаган.деп бир эки кошок жаздырып колума берген.
Энекем ак талдан бешик ийдиниз
Алдейлеп бизди суйдунуз
Биздин бир чайды ичерде
Энекем алыска сапар журдунуз.
Энекем арчадан бешик ийдиниз.
Бополоп бизди суйдунуз.
Кыздардын чайын ичерде
Энекем алыска сапар журдунуз.
Кыштоодогу кызыл гул
Кун тийбесе соолбойбу
Энесин корсом бироонун
Конулум жаман болбойбу.
Жайлоодогу жашыл гул
Жаан жаабаса солбойбу
Энесин корсом бироонун
Энеке журогум жаман болбойбу?
Койнокту чечип кийишкен
Энекем конулдо сырды билишкен.
Энеке козун откон сон
Койноктуу чечип ким кийет
Энекем конулдо сырды ким билет.
Энекем ичикти чечип илишкен
Энекем ичтеги сырды билишкен
Энекем козун откон сон
Ичикти торго ким илет
Энекем ай ичтеги сырды ким билет.
Он колуна парча алган
Сол колуна кайчы алган
Чеберим энем тегизим
Элинен чебер деген наам алган
Он колуна ийне алган
Сол колуна жиб алган
Саймачы апам мейиним
Элинен саймачы деген наам алган.
Ушундай балдарым,кыздарым баланы аллахтан артымда калып уучугумду улап,тутунум очурбосун деп тилек кылат.Апам раматылык,чебер, куракчы,саймачы, кошокчу жан эле.УУчун улап,чебер болбосом да жакшы эле саймачы,куракчы болдум.Кошокчу болбосом да ата энемди жерге бергенде кошуп отурдум.Эки кайын эжем отуп кеткенде келиндин ыйлаганы,эшектин окургону деген оштуктардын созун жокко чыгарып,эжекелеп кошуп отурдум.Адам баласы качан баштан откондо тушунот.Качан кана ата энемден айрылгандан кийин,чыныгы кайгы эмне экенин,жада калса коз жаш да жаманчылыкта жамгырдай жаап тогулорун билдим.Ыйлабай турганды коргондо байбичелер, ""Анын конулу бутун,ошого ыйлабай турбайбы" -деген созунун маанисине тушундум.Жаштар капа болбогула ата эне мурас аллахым балам дегизбесин, иним,синдим дегизбесин. Ата эне балдарым тебелеп тепсеп журуп коомп койсун деген созду жаш кезимде угуп ушу кантип болсун деп тан калгам.
Азыр озум балдарым,жангыз иним тебелеп тепсеп,апакелеп, эжекелеп коомп койсун деп тилек кылам.Кана эми жангыз кызым бар,окуруп,бакырып ыйлабай,отуруп алып жайгана атымды чыгарып кошуп отурса...
Карылыктын доорун суруп,балдарын, кыздарындын жакшылыгын коруп,небере уйлоп чебере коруп аллахым насип этсе кыбыра коргонго жетсек кана...
Бардыгынардын ата эненер ошол кунго жетсин,озунор да карып мага окшоп кыргыздын жаман деген кошогун жакшы деп жаштардан кагуу жеп,ошонтсе да болбой кыргыздын салты деп талашкан кунго жеткиле.
#69 26 Апрель 2014 - 09:59
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#70 26 Апрель 2014 - 12:26
raia (26 Апрель 2014 - 09:32) жазган:
Пендемин да ата энем олбочудой корсом керек.Апам каза болгондо уч кун жол журуп ,жол жабылып,кар бурганактап жаап кор азабы,жол азабы деген создун маанисине жетип,журогум сыздап апамдын "Балам ай жол алыс,мен олгондо муздак жузумду корбой армандап калаар бекенсин" -дегенин эстеп апаман айрылганым бир азап,жетмегим бир азап болуп журуп уч кун дегенде кирип бардым.Билип барсам да умут деген умут да апам тируу деген умут менен барып боз уйду коргондо айлам куруп чын ишенип журогум тилке пара болуп чынырып,чырылдап турдум.Ошол учурда ким кудайды эстеп,ким озун кармай алат.
Ошол учурда бир чон эне келип,кызым айтып ыйла чарчап калдын,озун оорукчан болсон,жаны опереция болду деп уктук элек.Энен кошокчу эле сенде деле бар кызым.Суу алып келгиле деп.Сууга бетимди жугузуп,суу жуткузуп.Кызым кошок айтсан чарчабайсын, энеге ким куйбогон,ким ыйлабаган.деп бир эки кошок жаздырып колума берген.
Энекем ак талдан бешик ийдиниз
Алдейлеп бизди суйдунуз
Биздин бир чайды ичерде
Энекем алыска сапар журдунуз.
Энекем арчадан бешик ийдиниз.
Бополоп бизди суйдунуз.
Кыздардын чайын ичерде
Энекем алыска сапар журдунуз.
Кыштоодогу кызыл гул
Кун тийбесе соолбойбу
Энесин корсом бироонун
Конулум жаман болбойбу.
Жайлоодогу жашыл гул
Жаан жаабаса солбойбу
Энесин корсом бироонун
Энеке журогум жаман болбойбу?
Койнокту чечип кийишкен
Энекем конулдо сырды билишкен.
Энеке козун откон сон
Койноктуу чечип ким кийет
Энекем конулдо сырды ким билет.
Энекем ичикти чечип илишкен
Энекем ичтеги сырды билишкен
Энекем козун откон сон
Ичикти торго ким илет
Энекем ай ичтеги сырды ким билет.
Он колуна парча алган
Сол колуна кайчы алган
Чеберим энем тегизим
Элинен чебер деген наам алган
Он колуна ийне алган
Сол колуна жиб алган
Саймачы апам мейиним
Элинен саймачы деген наам алган.
Ушундай балдарым,кыздарым баланы аллахтан артымда калып уучугумду улап,тутунум очурбосун деп тилек кылат.Апам раматылык,чебер, куракчы,саймачы, кошокчу жан эле.УУчун улап,чебер болбосом да жакшы эле саймачы,куракчы болдум.Кошокчу болбосом да ата энемди жерге бергенде кошуп отурдум.Эки кайын эжем отуп кеткенде келиндин ыйлаганы,эшектин окургону деген оштуктардын созун жокко чыгарып,эжекелеп кошуп отурдум.Адам баласы качан баштан откондо тушунот.Качан кана ата энемден айрылгандан кийин,чыныгы кайгы эмне экенин,жада калса коз жаш да жаманчылыкта жамгырдай жаап тогулорун билдим.Ыйлабай турганды коргондо байбичелер, ""Анын конулу бутун,ошого ыйлабай турбайбы" -деген созунун маанисине тушундум.Жаштар капа болбогула ата эне мурас аллахым балам дегизбесин, иним,синдим дегизбесин. Ата эне балдарым тебелеп тепсеп журуп коомп койсун деген созду жаш кезимде угуп ушу кантип болсун деп тан калгам.
Азыр озум балдарым,жангыз иним тебелеп тепсеп,апакелеп, эжекелеп коомп койсун деп тилек кылам.Кана эми жангыз кызым бар,окуруп,бакырып ыйлабай,отуруп алып жайгана атымды чыгарып кошуп отурса...
Карылыктын доорун суруп,балдарын, кыздарындын жакшылыгын коруп,небере уйлоп чебере коруп аллахым насип этсе кыбыра коргонго жетсек кана...
Бардыгынардын ата эненер ошол кунго жетсин,озунор да карып мага окшоп кыргыздын жаман деген кошогун жакшы деп жаштардан кагуу жеп,ошонтсе да болбой кыргыздын салты деп талашкан кунго жеткиле.
Ай, эжекем ай ыйлатып ийе жаздадыныз. Конулунузду ооруткан тентектерге конул болбонуз. Эртен эле аларда каарыйт. Келме кезек дегеген бар, каарыган чакта, небереси тендуулордон кагуу жеп, сын угуп турса, отконун бир эстеп, бармагын тиштечуу кез келээр.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Апрель 2014 - 12:34
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#71 26 Апрель 2014 - 16:42
Мен болгону Ширк создор айтылып кетип жатат" дегим келди
М: Эми кимге таянам
Таянган тоом сен элен
Алып кетти шум ажал
Аябады шум ажал
Сыяктуу Кудайдын берген сыноосуна нааразы болгон создор айтылып кетет кээде.
.
Мактап эскерип ырдаса ырдасын, бирок Кудайдын тагдырына каршы келчуу создорду айтпоо керек.
.
Бул дуйно жалган сыноо дуйно
Эртен эле баарыбыз кетебиз туболуктуу жашоого.
.
Бироолорго жакбаган соз жазып койсом кечирим сурайм.
#72 26 Апрель 2014 - 20:49
Ата Бабабыз кылган нерселер деп эле күнөө иштерди да аткара беришибиз керекпи?
Жаман көрбөгүлө бирок кошок айтууну биздин салттан алып таштоо туура болот.
#73 26 Апрель 2014 - 23:34
Nurmuxammet (26 Апрель 2014 - 20:49) жазган:
Ата Бабабыз кылган нерселер деп эле күнөө иштерди да аткара беришибиз керекпи?
Жаман көрбөгүлө бирок кошок айтууну биздин салттан алып таштоо туура болот.
Макул, алсанар алып салгыла.Бирок кантип
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#74 27 Апрель 2014 - 01:44
#75 27 Апрель 2014 - 02:31
Алтындан менин ийигим
Ай тийген тоодой бийигим
Алыстан издеп мен келсем
Алдымдан тосуп ким чыгат
Атаке Кумуштон менин ийигим
Кун тийген тоодой бийигим
Кунчолук жерден мен келсем
Кулмундоп тосуп ким чыгат
#76 27 Апрель 2014 - 23:22
#77 29 Апрель 2014 - 15:13
Ширк дегендерди түшүнөм, кошокто кудайга, тагдырга нааразы болгон сөздөр айтылат. Бирок ичиң күйүп-бышып жатса, кантип ыйлабай коесун?
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 29 Апрель 2014 - 15:14
#78 30 Апрель 2014 - 15:08
AIZAD (27 Апрель 2014 - 02:31) жазган:
Алтындан менин ийигим
Ай тийген тоодой бийигим
Алыстан издеп мен келсем
Алдымдан тосуп ким чыгат
Атаке Кумуштон менин ийигим
Кун тийген тоодой бийигим
Кунчолук жерден мен келсем
Кулмундоп тосуп ким чыгат
rahmat chooon ejeke!!!
#79 30 Апрель 2014 - 23:58
Элмирбек Иманалиевдин Чыңгыз атабыз өткөндөгү кошогу
Билдирүүнү түзөткөн: kyrgyzJigit: 30 Апрель 2014 - 23:59
#80 01 Май 2014 - 19:09
Мен тан калганым соок коюлгандан кийин деле Куран окутуп киши келгенде, же жетилиги,кыркылыгы деп киши чакырышат эмеспи,ошондо жон эле отурган аялдар киши келатканда артты карай калып кошуп киришет. Мындай ”показуханын” эмне кереги бар? Козу откон адамга анын пайдасы тиеби же жокпу дебей эле,”эл эмне дейт” деген тушунукто жашап атабыз. Демек,тируулор оздорун ойлоп жатат да.
Антип айтсан кайра”Сен да козун отот,шашпа”дешет, мага кошок кошулбаса зыян болчцдай болуп. Мен азыртан эле айтам туугандарыма кошпогула,кереги жок деп.