- (11 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан
#1 14 Январь 2016 - 10:12
Абдышукур ажы Нарматов.
Google, Facebook, Twitter, WhatsApp сыяктуу байланыш тармактары терең деңиз сыяктуу. Ал деңизде көпчүлүк жаштар, карылар адеп-ахлагынан ажырап, акылынан айрылып кала жаздады. Деңиздин толкундары секелек улан-кыздардын уятын жутуп, көпчүлүк адамдарды кыйроого алып келди. Деңизге терең кирип кетүүдөн сактангыла!
Бал аары жыпар-жыттуу гүлдөргө конуп, адамдарга даамдуу бал тартуулайт. Силер да аары сыяктуу болгула! Пайдалуу маалыматтарды гана окуп пайдаланып, пайдалуу маалыматтарды гана тараткыла.
Таза, таза эмес экендигине карабай, туш келген жерге конуп, өзү билбеген абалда адамдарга оору жугузуучу чымын сыяктуу болбогула! Жаман, жалган, элдердин ынтымагын ыдыратуучу маалыматтарды таратуудан сак болгула!
Интернет - чоң базар сыяктуу. Эч ким товарын бекер бербейт. Ар-бир сатуучу товардын оордуна бир нерселерди алгысы келет. Кээ бирөөлөр товарын берип, адеп-ахлакты бузса, кээ бирөөлөр өзүнүн жаман пикирин таратат. Алардын арасында атак-данк каалагандар бар. Жакшы саалих пенделер да бар. Товарды тандап, тазасын гана алгыла!
Талашып-тартышуудан, айтышуудан жана ушак-айыңдан алыс болгула! Арам нерселерди көчүрүп алуудан, же арамдын жайылуусуна шерик болуп калуудан сактангыла! Бул нерселер соодага коюлган жакшы же жаман товар сыяктуу, сатыка коюп жаткан же сатып алып жаткан товарларыңарга каргыла!
Кандайдыр бир маалыматка комментарий жазуудан, же аны башкалар менен бөлүшүүдөн мурда ойлонгула!
Көзүңөр менен көрө элек адамдын достугуна ишенбегиле! Жазганына карап адамдарга баа бербегиле! Кээ бир адамдар, түлкү терисин жабынган карышкырдай, сырты жалтырап турсада ичи чирип кеткен жемиштей болот. Алардын адеп-ахлактары жасалма, сөздөрү кооз болот. Алар өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн жашырышып, жакшы адамдын кейпин кийип жүздөрүн маска менен жаап алышат. Жалганды чын кылып жарыялап, чындыкты жашырышат. Канчалаган бузуку акмак адамдар бар, алар өздөрүн дин жолунда жүргөн адамдай кылып көрсөтүшөт. Канчалаган көрксүз, уятсыз адамдар бар, алар өздөрүн кооз кылып көрсөтүшөт. Канчалаган сараң адамдар бар, алар өздөрүн берешен адам кылып көрсөтүшөт. Канчалаган коркок адамдар бар, алар өздөрүн баатыр, тайманбас адам кылып көрсөтүшөт.
Жашырын коюлган аттардан (өз атын жашырып, башка ат коюп алгандардан) сактангыла! Анткени, андай адамдар өздөрүнө ишенишпейт. Өзүнө-өзү ишенбеген адамга ишенгенге такыр болбойт. Өзүңөрдүн атыңарды жашырып, башка ат коюп алуудан сактангыла! Анткени, Жараткан Алла, караңгы түндө, кап-караңгы үйдө, кара таштын астында басып бараткан кара кумурсканын дабышын угуп, көкүрөктөрдөгү сырларды билип турат.
Силерди акарат кылган адамды, акарат кылбагыла! Тентеке теңелип, терек бою секирбе. Ал да, силер да кандай адам экендигинерди ошол учурда билдиресиңер. Силер анын эмес, өзүңөрдүн адебиңерди көрсөтөсүңөр. Казанда бары чөмүчкө чыгат деген сөздү эсиңерге түйүп алгыла!
Жазып, көчүрүп жаткан маалыматтарды тандап алгыла! Анткени, силер жазып жаткан учурда, периштелер да силердин кыймылыңарды жазып жаткан болот. Алла Таала баарын көрүп, көзөмөлдөп турат.
Бул, интернет деген коркунучтуу деңизде, арам нерселерди, бузуку кадрларды көрүп туура жолдон адашып калуудан сактангыла! Эгер ушул күнгө чейин арам нерселерди көрүп жүргөн адамдар болсо, бүгүндөн баштап интернетти өзүңөрдү оңдоо үчүн, динди Адеп ахлакты жайылтуу үчүн, элдерге туура багыт берүү үчүн жана элдер менен байланышуу үчүн колдонгула! Эгер такыр арамдан алыс боло албай жаткандар болсо, интернет деген ааламдан алыстагыла! Жырткыч айбандан качпаган жаныбар жырткычка жем болот. Арамдан сактанбаган адам тозок отуна туш болот.
Шайтандын эң чоң куралы адамга арам ой салып, аны капылетте калтыруу. Бул экөөсү интернеттин устуну.
Интернет бизди азгыруу үчүн эмес, биз интернетти колдонуубуз үчүн түзүлгөн. Интернет силерди эмес, силер интернетти колдонгула! Интернет силерди кууратып, кыйратып жок кылбасын. Кыямат күнүндө силерге каршы эмес, силердин пайдаңарга күбөлүк болуусу үчүн интернетти туура пайдалангыла!!!
#2 14 Январь 2016 - 12:44
Meruet84 (14 Январь 2016 - 10:12) жазган:
Абдышукур ажы Нарматов.
Google, Facebook, Twitter, WhatsApp сыяктуу байланыш тармактары терең деңиз сыяктуу. Ал деңизде көпчүлүк жаштар, карылар адеп-ахлагынан ажырап, акылынан айрылып кала жаздады. Деңиздин толкундары секелек улан-кыздардын уятын жутуп, көпчүлүк адамдарды кыйроого алып келди. Деңизге терең кирип кетүүдөн сактангыла!
Бал аары жыпар-жыттуу гүлдөргө конуп, адамдарга даамдуу бал тартуулайт. Силер да аары сыяктуу болгула! Пайдалуу маалыматтарды гана окуп пайдаланып, пайдалуу маалыматтарды гана тараткыла.
Таза, таза эмес экендигине карабай, туш келген жерге конуп, өзү билбеген абалда адамдарга оору жугузуучу чымын сыяктуу болбогула! Жаман, жалган, элдердин ынтымагын ыдыратуучу маалыматтарды таратуудан сак болгула!
Интернет - чоң базар сыяктуу. Эч ким товарын бекер бербейт. Ар-бир сатуучу товардын оордуна бир нерселерди алгысы келет. Кээ бирөөлөр товарын берип, адеп-ахлакты бузса, кээ бирөөлөр өзүнүн жаман пикирин таратат. Алардын арасында атак-данк каалагандар бар. Жакшы саалих пенделер да бар. Товарды тандап, тазасын гана алгыла!
Талашып-тартышуудан, айтышуудан жана ушак-айыңдан алыс болгула! Арам нерселерди көчүрүп алуудан, же арамдын жайылуусуна шерик болуп калуудан сактангыла! Бул нерселер соодага коюлган жакшы же жаман товар сыяктуу, сатыка коюп жаткан же сатып алып жаткан товарларыңарга каргыла!
Кандайдыр бир маалыматка комментарий жазуудан, же аны башкалар менен бөлүшүүдөн мурда ойлонгула!
Көзүңөр менен көрө элек адамдын достугуна ишенбегиле! Жазганына карап адамдарга баа бербегиле! Кээ бир адамдар, түлкү терисин жабынган карышкырдай, сырты жалтырап турсада ичи чирип кеткен жемиштей болот. Алардын адеп-ахлактары жасалма, сөздөрү кооз болот. Алар өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн жашырышып, жакшы адамдын кейпин кийип жүздөрүн маска менен жаап алышат. Жалганды чын кылып жарыялап, чындыкты жашырышат. Канчалаган бузуку акмак адамдар бар, алар өздөрүн дин жолунда жүргөн адамдай кылып көрсөтүшөт. Канчалаган көрксүз, уятсыз адамдар бар, алар өздөрүн кооз кылып көрсөтүшөт. Канчалаган сараң адамдар бар, алар өздөрүн берешен адам кылып көрсөтүшөт. Канчалаган коркок адамдар бар, алар өздөрүн баатыр, тайманбас адам кылып көрсөтүшөт.
Жашырын коюлган аттардан (өз атын жашырып, башка ат коюп алгандардан) сактангыла! Анткени, андай адамдар өздөрүнө ишенишпейт. Өзүнө-өзү ишенбеген адамга ишенгенге такыр болбойт. Өзүңөрдүн атыңарды жашырып, башка ат коюп алуудан сактангыла! Анткени, Жараткан Алла, караңгы түндө, кап-караңгы үйдө, кара таштын астында басып бараткан кара кумурсканын дабышын угуп, көкүрөктөрдөгү сырларды билип турат.
Силерди акарат кылган адамды, акарат кылбагыла! Тентеке теңелип, терек бою секирбе. Ал да, силер да кандай адам экендигинерди ошол учурда билдиресиңер. Силер анын эмес, өзүңөрдүн адебиңерди көрсөтөсүңөр. Казанда бары чөмүчкө чыгат деген сөздү эсиңерге түйүп алгыла!
Жазып, көчүрүп жаткан маалыматтарды тандап алгыла! Анткени, силер жазып жаткан учурда, периштелер да силердин кыймылыңарды жазып жаткан болот. Алла Таала баарын көрүп, көзөмөлдөп турат.
Бул, интернет деген коркунучтуу деңизде, арам нерселерди, бузуку кадрларды көрүп туура жолдон адашып калуудан сактангыла! Эгер ушул күнгө чейин арам нерселерди көрүп жүргөн адамдар болсо, бүгүндөн баштап интернетти өзүңөрдү оңдоо үчүн, динди Адеп ахлакты жайылтуу үчүн, элдерге туура багыт берүү үчүн жана элдер менен байланышуу үчүн колдонгула! Эгер такыр арамдан алыс боло албай жаткандар болсо, интернет деген ааламдан алыстагыла! Жырткыч айбандан качпаган жаныбар жырткычка жем болот. Арамдан сактанбаган адам тозок отуна туш болот.
Шайтандын эң чоң куралы адамга арам ой салып, аны капылетте калтыруу. Бул экөөсү интернеттин устуну.
Интернет бизди азгыруу үчүн эмес, биз интернетти колдонуубуз үчүн түзүлгөн. Интернет силерди эмес, силер интернетти колдонгула! Интернет силерди кууратып, кыйратып жок кылбасын. Кыямат күнүндө силерге каршы эмес, силердин пайдаңарга күбөлүк болуусу үчүн интернетти туура пайдалангыла! !!
Аллах ыраазы болсун Мерует эже. Бизге да,тиги темада бузук суротторду жуктоп жаткандарга да эн сонун таасир этчуу создор экен. Дагы коп коп жазып турсаныз.
#3 14 Январь 2016 - 12:51
Бул жашоомдогу эн жагымдуу соз!
#4 14 Январь 2016 - 14:19
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 14 Январь 2016 - 18:35
ЖООШТУУК ЖАНА ЧЫДАЙКАЙЛЫК АРКЫЛУУ ТУНУ БОЮ ИБАДАТ КЫЛГАН МЕНЕН КУНДУЗУ БОЮ ОРОЗО КАРМАГАНДЫН ДАРАЖАСЫНА ЖЕТЕТ
Али (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Пенде жооштук жана чыдамкайлык себептен, куну бою орозо кармаган жана туну бою ибадат кылгандын даражасын табат".(Таргиб 3/418)
ЭСЕП-КЫСАПСЫЗ БЕЙИШКЕ КИРУУ
Амр бин Шуъайбтен (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:" Аллах Таала (Кыямат куну) бардык маклуктарды топтогондо, жар салуучу мындай жар салат:" Кадырлуулар кайда?" Бир кичинекей жамаат туруп, Бейиш тарапка тез жоноп калышат. Периштелер алардын алдынан тосуп:" Силердин Бейишке аябай тез кирип жатканынарды коруп жатабыз. Силер кимсинер" . Алар:" Биз кадырлуу элдербиз" -деп жооп беришет. Периштелер сурашат:" Силердин эмне артыкчылыгынар бар? (кандай жакшы амалынар бар). Алар минтип жооп беришет:" Бизге зулум кылышканда, биз сабр кылат элек жана бизге жамандык кылышканда, биз чыдап коёт элек". Андан сон аларга:Бейишке киргиле-делет" . Амал кылуучуларга кандай гана жакшы белектер бар!.(Таргиб 3/418)
Чыдамкайлык менен сабырдуулуктун абдан чон пазилеттери, артыкчылыктары хадисте айтылып отту. Аллах Таала баарыбызга ушул жакшы сыпаттарды насип кылсын! Омиин!
АЛЛАХ ТААЛАНЫН СУЙУУСУ КИМГЕ ВААЖИП?
Айшадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Кимге ачуусу келе турган соз айтылып, ал ага чыдап койсо, Аллахтын суйуусу ага ваажип болот".(Таргиб 3/419)
Чыдамкайлык жана сабырдулуукту Аллах Таала жакшы корот
КИМДЕ БУЛ УЧ НЕРСЕ БОЛБОСО
Умму Саламадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Кимде бул уч нерсе болбосо, ал озун эч бир (жакшы) амалда деп кумон кылбасын: 1 Аны Аллахтын арам кылган нерсесинен тосо турган Аллахтан коркуусу болбосо, 2 Конул бурбай турган нерселерден тосо турган, чыдайкайлыгы бобосо (адам ачуусу келгенде туура эмес жолду ыктыяр кылат) 3 Элдер менен тиричилик откоро турган кулк-мунозу бобосо".(Макаарим 322)
ЭКИ АДАТ АЛЛАХ ТААЛАГА ЖАГАТ
Абу Саъид (р.а) айтат:"Кайс деген уруунун окулунун бир кишиси (р.а) риваят, Пайгамбарыбызга (саллалооху ъалайхи ва саллам) жолукту, Аллахтын элчиси (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Аллахка жага турган сенде эки адат бар:"чыдайкайлык жана олуттуулук" . (Байхакий 2/335)
БИЙИК ДАРАЖАНЫН АМАЛДАРЫ КАЙСЫЛАР?
Убада бин Самиттен (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Мен силерге бейиштин бийик уйлору жана бийик даражаларына жете турган амалдарды айтайынбы?" . Алар айтышты:" Ооба, (айтыныз). Оо, Аллахтын элчиси!" . Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Ким силерге наадандык кылса, силер ага чыдап койгула. Ким силерге зулум кылса, аны унутуп койгула. Ким силерди куру кол калтырса, бир нерсе бербесе, силер ага бергиле жана ким силерден туугандыкты узсо, силер аны менен туугандык мамиледе болгула". (Таргиб 3/419)
ЧЫДАМКАЙ КИМ?
Адам кечируучу болбой туруп, чыдамкай боло албайт жана тажрыйба кылбай туруп, даанышман боло албайт(Мишкат 429)
Бул хадистин мааниси коп кечируучу, оч албаган, кек сактабаган киши чыдамкай болот.
ДУЙНО ЖАНА АКЫРЕТТИН БАШЧЫСЫ КИМ?
Хатиб Багдадий (р.х) Анастан (р.а) риваят кылат:"Чыдамкай, сабырдуу киши дуйнодо да, Акыретте да башчы болот".( Канз 3/129)
Чыдамкай, сабырдуу киши менен ар ким жакшы мамиле кылат жана ал эч кимге ызаа, зыян жеткирбейт.
АЛЛАХТЫН АЛДЫНДА БИЙИК ДАРАЖАГА КИМ ЖЕТЕТ?
Ибн Умардан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Аллахтан бийик мартабаны талап кылгыла:элдер силерге наадандык кылып жатканда, чыдамкайлык менен;силерди кур калтырып жатканда, аларга беруу менен".
Бул айтылган кулк-муноз бийик мартабага себепчи. Анткени, мындай кылганда напси олот. Напсинин олушу Аллахка жакындатат.
ЧЫДАМКАЙЛЫКТЫН СЕБЕБИНЕН ЭЧ КИМ КОР БОЛБОЙТ
Ибн Шахин (р.х) Ибн Масъудтан (р.а) риваят кылат:"Наадандык менен эч ким урмат-сыйга ээ болбойт. Чыдамкайлык менен эч ким кор болбойт. Садака бергенден мал-мулк азайып калбайт". (Канз 3/132)
ЧЫДАМКАЙЛЫКТЫН МААНИСИ
Чыдамкайлык жана сабырдын мааниси-оч алууга кудурети жетип туруп, кимдир бироонун созуно, же анын башка ызаа жеткируусуно чыдап коюу. Чыдамкайлык бул Аллахтын сапаттарынан. Аллах Таала ушул сапаттын себебинен пенделердин кемчиликтерин кечирет. Озгочо, ушул сапат пайгамбарларга (а.с) берилген. Ар бир момун ушул сапатка аракет кылуу керек.
Булак:Мухаммад(саллалооху ъалайхи ва саллам)дын сунноттору
#6 14 Январь 2016 - 19:37
Мени таштап кетпегенин үчүн!
Жетим бала кылбаганың үчүн!
Акылыңдан адашпай,
Тамеки да тартпаганың үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Жаман жолго түшпөгөнүң үчүн!
Адал эмгек издегениң үчүн!
Балаңды ойлоп болочок,
Ичкилик ичип кетпегениң үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Мага барын алып бергениң үчүн!
Мүнөзүмдү көтөргөнүң үчүн!
Он эки мүчөмдү соо кылып,
Дүйнөгө алып келгениң үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Күнөө кылсам кечиргениң үчүн!
Оордук кылсам кечиргениң үчүн!
Оорутпай мени аман-соо,
Адам кылып өстүргөнүң үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Сенин ар бир ыйлаганың үчүн!
Жоктон барды кураганың үчүн!
Бактысы үчүн балаңдын,
Бардыгына чыдаганың үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Арсыз ишке барбаганың үчүн!
Аборт кылып салбаганың үчүн!
Бизди ойлоп күн-түнү,
Өмүрүңдү арнаганың үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Болочок менин баламдын атынан!
Мурунку ата-бабамдын атынан!
Жети миллиард адамдын атынан!
Он сегиз миң ааламдын атынан!
РАХМАТ САГА ,
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 14 Январь 2016 - 19:41
#7 14 Январь 2016 - 19:51
1- Аллаху тааланын бир экенине ишенүү.
2- Халал тамак-аш жеп-ичүү.
3- Даарат алуу.
4- Беш маал намаз окуу.
5- Намаз үчүн аялдардын хайздан жана бардык мусулмандардын жунуптуктан тазалануу үчүн гусул алуулары.
6- Ырыскынын Аллаху тааладан экендигине жана ырыскыга Аллаху тааланын кепил экендигине ишенүү.
7- Адал, таза кийим кийүү.
8- Хакка тобокел кылып, эмгектенүү.
9- Канаат кылуу.
10- Берген ырыскылар үчүн Аллаху таалага шүгүр кылуу. Б.а., аларды буйрук ылган жерлеринде колдонуу.
11- Тагдырга ыраазы болуу.
12- Кыйынчылыктарга сабыр кылуу.
13- Күнөөлөрдөн тообо кылып, баш тартуу.
14- Аллах ыраазычылыгы үчүн ибадат кылуу.
15- Адам жана жин тайпасынын шайтандарын душман деп билүү.
16- Куран-и Каримдин өкүмдөрүнө ыраазы болуу.
17- Өлүмдүн акыйкат экенин билүү жана өлүмгө даярдануу.
18- Аллахтын досторуна дос, душмандарына душман болуу. Бул - хубб-и филлах жана бугд-и филлах деп аталат.
19- Ата-энеге жакшылык кылуу.
20- Жакшыга үндөп, жамандан кайтаруу (амр-и маруф нахй-и мункар).
21- Махрам болгон туугандар менен аралашып туруу.
22- Аманатка кыянат кылбоо.
23- Ар дайым Аллаху тааладан коркуп, харам иштерден сактануу.
24- Аллаху таалага жана Расулуна баш ийүү. Б.а., фарздарды орундап, харамдардан сактануу.
25- Күнөөлөрдөн качып, ибадат менен алектенүү.
26- Улул-амирге, жетекчилерге баш ийүү.
27- Ааламга сабак (ибрат) назары менен кароо.
28- Аллаху тааланын бар экенин ойлоо.
29- Тилин жаман сөздөрдөн коргоо.
30- Жүрөктү дүнүйөлүк нерселерден тазалоо.
31- Эч кимди маскара кылбоо.
32- Харам нерсени карабоо.
33- Кандай абалда болбосун сөзүндө туруу.
34- Кулагын харам нерселерди тыңдоодон коргоо.
35- Илим үйрөнүү.(Фарздарды, харамдардын эмнелер экендигин окуп үйрөнүү.)
36- Тараза жана башка чен-өлчөм каражаттарын дурус колдонуу.
37- Аллаху тааланын азабынан коркуу.
38- Мусулман кембагалдарга зекет берип, көмөк көрсөтүү.
39- Аллаху тааланын ырайымынан үмүт үзбөө.
40- Напсиге баш ийбөө, анын жаман каалоолоруна берилбөө.
41- Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүнач адамдарды тойгузуу.
42- Жетиштүү өлчөмдө ырыскы табуу үчүн эмгектенүү.
43- Мал-мүлкүнүн зекетин, түшүмдүн ушурун берүү.
44- Хайз абалындагы жана жаңы төрөгөн жубайына жакын болбоо.
45- Жүрөгүн күнөөлөрдөн тазалоо.
46- Бой көтөрүүдөн сактануу.
47- Балагатка жете элек жетимдин мүлкүн коргоо.
48- Уул балага жакындабоо. (Б.а., ливата кылбоо. Ливата - чоң күнөө. Педофилия, гомосексуализм)
49- Беш маал намазды убактысында окуп, каза кылбоо.
50- Зулумдук менен эч кимдин мүлкүнө кол салбоо, тартып албоо. (Ажырашкан аялынын махр акчасын төлөө кул акысына кирет. Төлөбөсө дүйнөдө жана акыретте чоң азапка тартылат. Кул акысынын эң маанилүүсү – туугандарына жана кол алдындагыларга Аллаху тааланын буйруктарын үйрөтпөө. Аларга дин илимин үйрөтүүнү таштап кою. Алардын жана бардык мусулмандардын динин үйрөнүүлөрүнө, ибадат кылууларына зулумдук менен же алдоо менен кедерги болгон адамдын капыр, Ислам душманы экендиги белгилүү болот. Бидатчылардын, мазхабсыздардын Ахли сүннөт ишенимин өзгөртүү, динди, ыйманды бузуулары ушундай.)
51- Аллаху таалага шерик кошпоо.
52- Зинадан качуу.
53- Шарап жана алкоголдук ичимдиктерди ичпөө. Спирт ичимдиктери оор нажис болуп эсептелет.
54- Жок нерсеге ант ичпөө.
#8 15 Январь 2016 - 10:17
Абдышукур Ажы Нарматов.
Ислам аалымы Хасанул Басрий айтты: "Кечки тамакты энем менен чогу тамактануу, энемдин жанында отуруу, энем менен маектешүү, энемдин ыраазылыгын алуу - түн ичинде туруп нафил намаз окуудан жакшыраак."
Эгер кайгырып жаткан болсоң Алланын эшигин как. Эгер кайгың андан да күчөп баратса, эшикти андан да катуураак как. Анткени, сага Алладан мээримдүүрөөк эч ким жок. Сенин кайгыңды Алладан башка эч ким билбейт.
Ислам аалымы айтты: "Күнөө жана бузукулук иштер - тынчсызданууну, кайгыны, коркунучту, капачылыкты, жан-дүйнөнүн жарды болуп калуусуну жана жүрөк ооруларын пайда кылат. Бул оорулардан айыгуунун жолу - тообо кылуу жана көп-көп истигфар(астагфируллох) айтып Алладан кечирим суроо".
Ислам аалымы айтты: "Мусулман - аз сүйлөп, көп амал кылат. Мунаафык (эки жүздүү адам) - көп сүйлөп, аз амал кылат".
Ислам аалымы айтты: "Акырет да дүнүйө да адамдын жүрөгүндө жайгашкан. Кайсынысы үстөмдүк кылса экинчиси анын артынан ээрчийт".
Ислам аалымы айтты: "Ар-бир адам дуба кылганга, зикр тартканга, намаз окуганга, Алланын кудуретине ой жүгүрткөнгө, өзүнө-өзү эсеп бергенге жана жүрөгүн тазартканга убакыт бөлүүсү керек".
Ислам аалымы айтты: "Дубаны алсыз адамдын куралы деген адам - эң төмөн, байкуш адам. Анткени, алсыз адамда куралы болбойт. А дуба бул - мусулмандын куралы. Түндө куралынын мизин курчутуп, күндүзү анын натыйжасын көрөт".
#9 15 Январь 2016 - 10:35
Белгилүү болууң үчүн айланаңда көп досторуң болуусу шарт эмес. Анткени, арстан жалгыз жүргөн учурда да арстан. А кой топ-топ, короо-короо болуп жүргөн учурда да кой бойдон кала берет. Чыпалак, аты жок, ортоңку жана сөөмөй колдор бири-бирине жакын жайгашкан, ал эми баш бармак чыпалак жана аты жок бармактан алыс жайгашкан. Эң кызыгы төрт бармак биригип баш бармаксыз эч нерсе кыла албайт. Ишенбесең баш бармаксыз жазып же кийимиңдин топчусун өткөрүп көр! Эсиңде бПайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Ким кичүүлөрүбүзгө ырайым кылып, чоңдорубузду сыйлабаса бизден эмес".Улууга урмат кичүүгө ызат.(макал).
Абдышукур Ажы Нарматов.
#10 15 Январь 2016 - 10:37
Абдышукур Ажы Нарматов
#11 15 Январь 2016 - 14:29
Бул хадисте бирөөнүн кемчилигин айтып жамандоо күнөө экендиги айтылды. Абу Хурайра,радыяллаху анху,риваят кылган хадисте Алланын Элчиси,саллаллооху ъалайхи ва саллам, айтты:«Ар бир мусулмандын каны,мал мүлкү жана ар намысы башка бир мусулман үчүн арам».
{Сахих Муслим}
Билгиниң ушактаган адам да,ушакты угуп жатканы да бирдей күнөөкөр. Уккан адам күнөөдөн алыс болуш үчүн ушактаган адамды тили менен
тыйсын.Эгерде муну кыла албаса,жүрөгүндө жаман көрсүн же ал жерден туруп кетсин. А эгер тыюуга кудурети жетсе,анда" мындай кылбагын" деп айтып токтотуу ал үчүн важип.
#12 15 Январь 2016 - 14:39
~НИКЕ~
Жалпы макулукту жубу менен жараткан жана
инсанды нике менен урматтуу кылган Алла Таалага чексиз
алкыш жана шүгүрлөр болсун. Нике бизди бузукулуктан,
зынаадан (никесиз жакындыктан) сактоочу, адал менен
арамды ажыратып туруучу чегара
“Никеленүү менин сүннөтүм жана кимде-ким
сүннөтүмдөн жүз бурса, менден (үмөтүмдөн) эмес”, деп
шаръий үй-бүлө курууга чакырган ак пайгамбар азирети Мухаммад соллоллоху алайхи васалламга, ал заттын үй-
бүлөсүнө жана сахабаларына жана аны жакшылык менен
ээрчигендерге Алланын эсепсиз салават-саламдары
болсун.
“Нике” сөзүнүн сөздүктөгү мааниси жыныстык катнашуу, ал эми колдонуудагы мааниси болсо, “үй-бүлө
куруу” дегенди билдирет. Шариятта ижаб (жооп берүү)
жана кабыл алуу (эки тараптын ыраазылыгы) менен пайда
болгон нике аркылуу эркек менен аялдын бири-биринен
бардык муктаждыктарды толуктоо үчүн пайдаланууну
адал кылат.
Никеде орчундуу сүннөттөр жана укуктар бар. Аларды
аткаруу жоопкерчилиги эркек менен аялдын мойнуна
жүктөлөт. Эгерде эркек менен аял бул милдеттерди
аткарбаса, кырсык-апааттарга дуушар болуусу мүмкүн,
баары эле муну сезип түшүнө бербейт. Мисалы, үй-бүлө нафака (каржы)сы үчүн адал ырыскы табуу, үй-бүлө жана
перзенттерге туура таалим-тарбия берүү сыяктуу.
Нике бул маани-мазмуну менен динди тургузуу,
мамилени жакшыртуу жана Мухаммад алайхис саламдын сыймыктарынан болгон жакшылык жана куттуу бир амал.
Бул жөнүндө хадистердин биринде мындай деп айтылат:
“Никеленгиле, көбөйөсүңөр. Албетте, мен кыямат
күнүндө өткөн үмөттөрдүн алдында силердин көптүгүңөр
менен сыймыктанамын. Ал тургай карындан түшкөн
жана чала төрөлгөн бала менен да”.
Никени айрымдар материалдык кыйынчылык, жетишпөөчүлүккө себеп болот деп күмөн кылышат.
Тескерисинче, нике себептүү инсандын ырыс-дөөлөтү
артат. Анткени жараткан Алла Таала Курани каримдин
“Нур” сүрөсүнүн 32-аятында...
“...Эгерде алар (никеленүүчүлөр) кедей болушса,
Алла өзү Өз берешендиги менен бай-муктажсыз кылат.
Алла - (берешен, жоомарт) Кең, Билүүчү”, деп айтат.
Ыйык хадисте:
“Бир мусулмандын никесине катышкан киши бир күн
Алла жолунда орозо туткандын сообуна ээ болот жана
бул бир күн (сооп тарабынан) жети жүз күнгө барабар”,
деген улук куш кабар берилсе, башка бир хадисте:
“Эки кишинин никесине себеп болсоң, тактап
айтканда алардын жубайлар болуусуна себеп болуп,
аракет кылсаң, шапааттын артыгы ушул”, деп айтылат.
Ал тургай жогоруда эстеткенибиздей Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам: “Албетте нике – менин
сүннөтүм жана кимде-ким сүннөтүмдөн жүз бурса, ал
бизден эмес”,-деп айткан.
#13 15 Январь 2016 - 22:12
✅ " Алтын кылым " деген ат менен тарыхта калган белгилуу доордун башталышында Шам мамлекетинин падышасы уулун уйлондурмокчу болуп, калкына: " Кимде - кимдин 18 менен 20 жаштын аралыгында Куранды толук жаттаган кызы болсо, бугун туну уйундо чырагын очурбосун" деп жар салыптыр. Кечинде падыша жан - жокорлору менен баласын ээрчитип шаарга чыкса шаардын уйлору асмандагы жылдыздардай жымындап чырактары жанып туруптур. Муну коруп тан калган падыша эртеси: " Кимдин 18 менен 20 жаштын ортосунда Куранды толук жаттап, маанисин чечмелей ала турган кызы болсо, бугун туну чырагы очурбосун" деп жар салат. Тунку намазын окуп падыша дагы сарайынан чыгат. Чыкса шаардын жарымынын чырагы жалтырап куйуп туруптур. Ошондо падыша уулуна карап мындай дептир: " Балам эсинде болсун. Эркек - уулду тарбиялайт, аял - улутту тарбиялайт. Биздин ата- энелер кыздарын Куран жаттатып, Алланын созун боюна синирип тарбия кылганын коруп, абдан кубанып турам. Эми мен уулум учун гана эмес, улутум учун да убайым тартпай эле койсом болот экен"...
#14 16 Январь 2016 - 21:41
Ким сегиз түрдү адамдар менен отурса Аллах ал адамга сегиз нерсени берет.
1-Ким байлар менен отурса Аллах ага дүйнөгө болгон сүйүнү жана ага болгон кызыгууну берет. 2- Ким кедейлер менен отурса Аллах ага
шүгүрчүлүктү жана Аллах берген нерселерге ыраазы болууну берет.
3-Ким аялдар менен отурса Аллах ага илимсиздикти жана аяалдарга кызыгууну берет .
4- Ким бийлик ээлери менен отурса Аллах ага текебер болууну жана ташбоор болууну берет .
5-Ким жаш балдар менен отурса Аллах ага пайдасыз сөздү жана көп тамашалоону берет.
6- Ким бузукулар менен отурса Аллах ага күнөөгө барууну жеңил, кошкөңүл каратып, күнөө иштерди убагы келгенде тооба кылам деген шылтоо берет.
7-Ким соолих(жакшы)кишилер менен отурса Аллах ага ибадатка болгон кызыгууну берет .
8-Ким аалымдар менен отурса Аллах ага илим жана таквачылык кылууну берет.
Айланандагы кишилерге жакшы конул бур,алар сени жакшылыка жетелеп жатабы же жамандыка??? ☝
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 16 Январь 2016 - 21:41
#15 16 Январь 2016 - 22:00
—Эгерде бирөөнү өзүңө дос кылмакчы болсоң,оболу анын таржымалын ушунчалык өздөштүрүп үйрөнүп чыккын.
1.Ал адам жаш кезинде өз ата— энесине кандай мамиледе болгон?
2.Туугандары, башка достору анын мамилесинен ыраазы болгонбу?
3.Ал адам өзүнүн убактысын пайдалуу ишке жумшайбы же көпчүлүктү өзүнөн бездиргенби?
4.Бирөө ага жакшылык кылган болсо,ал адамга өз ыраазычылыгын билдиргенби? Ал дагы ошондой жакшылык кыла алабы?
5.Шаан — шөөкөткө,сайран— жыргалга берилгенби? Тек гана өз кызыкчылыгын көздөй турган жанбы же жокбу?
Достун да,досун тандай билиңиз!
Себеби жакшылык— жамандыкта сиз менен катар болуучу ошол достор болуп эсептелет.
"Наасат" китебинен.
#16 16 Январь 2016 - 22:03
Ассалааму алайкум рахматуллоохи ва баракатуху
1) Денесине татуировка тарттырган аял⬇
Денесинин кайсы мүчөсүнө болбосун, чоң же кичине болбосун. Ал татуировканы тарткан аялга да жазасы бирдей. Бул нерсе эркектерге да тийешелүү⬇
Эгер бул нерсени кимде - ким тартырган болсо, кандайдыр бир жол менен болсо да өчүргөнгө аракет кылсын. А эгер өчпөй турган болсо түшүнбөстөн, билбестиктен кылган катасы үчүн тообо кылсын. Албетте Ал тооболорду Кабыл Кылуучу жана Кечирүүчү...
2) Кашын терген аял⬇...
Аллах берген табияттуу түсүн өзгөртүп, кашын терген аялга Аллахтын каргышы болот. Ал сулуулук үчүн деп ойлоосу мүмкүн, бирок чындыгында ал андай эмес. Кашын тердирген аялга да, кашын терген аялга да, Аллахтын каргышы болот. Анткени Аллах Кереметтүү Куранда
"Чындыгында биз инсанды сулуу келбетте жараттык" дейт. Кээ бир ислам аалымдары кашты тергенге уруксат берген, качан ал аялдын кашы ушунча кою болуп, бир -бирине жетип барган кезде гана...
3) Маӊдай тиштерин ачтырган аял⬇...
Кээ бир аялдар, маңдай, же болбосо алдынкы тиштеринин аралыгын сулуулук үчүн бир аз ачтырып алат. Бул нерсеге ислам шариатында тыюу салынат. Бул нерсени кылган аялга да Аллахтын каргышы болот...
4) Чачына чач коштурган аял⬇...
Сулуук үчүн же болболсо кооздук үчүн, чачына чач коштурганга ислам уруксат бербейт. Анткени бул нерсе көз бойомочулук, же болбосо өзүнүн чыныгы кейпин жашыруу болот. Айрыкча кыздар турмушка чыгаар алдында ушундай иштерге баруусу мүмкүн. Ошондой эле жасалма чач (парик) кийүүгө да болбойт дейт, кээ бир ислам аалымдары
Эскерте кете турган нерсе, кээ бир чачы узун кыздар чачын кыркып сатышат, бул нерсеге да ислам уруксат бербейт. (Адам донордук кылып канын сатууга болбой тургандай эле). Чачын коштурганга да, жана чачын кошуп бергенге да Аллахтын каргышы болот...
5) Күйөөсү нааразы болгон аял⬇...
Эгер күйөөсү аялын түндөсү төшөкө чакыра турган болсо, аялы эч бир себепсиз баш тартса, анда ал аялга таң атканча периштелер каргыш айтып чыгат. Эгер аялы кандайдыр бир себептер менен баш тартса, анда күнөөкөр болбойт. Мисалыга, ден соолугу начардыр, же болбосо этек кири келгендир, ж.б.у.с себептерден улам баш тартса күнөөкөр болбойт...
6) Эркектерге окшогон аял⬇...
Бул жерде айтыла турган маселе, чачтарын, кийген кийимдерин, баскан тургандарын, сүйлөгөн сөздөрүн эркеке окшоштурган аял жөнүндө. Аял заты аруу жана назик болуусу керек. Ошондой эле Аллах аялга өзүнө жараша сулуулугун, адеп -ахлагын берди. Өзүнө жараша абийирин жаба турган кийим тартуулады. Эгер кимде - ким бул жакшылыкты көзгө албай, өзүн эркеке окшоштурса, анда ал аялга Аллахтын каргышы тийет...
7) Мүрзөлөрдү көп зыярат кылган аял...
Негизинен аял затына мүрзөлөргө (Кабырларга) барууга, жана зыярат кылууга ислам уруксат берет. Бирок анын да чеги бар. Эгер ким мүрңөгө барууну адат кылып алса, жана ал жака көп каттай турган болсо, анда ал аялга Пайгамбарыбыз (Соллаллооху алайхи васаллам) тыюу салды. Анткени аял затынын көңүлү бош, жана назик болгону үчүн, ар барган сайын көңүлү ооруп калат, жана бул нерсе анын ден-соолугуна зыян берүүсү ыктымал. Ошондой эле жанындагы жакын адамдарына да таасири тийүүсү мүмкүн...
8) Үнүн катуу чыгарып (өкүрүп) ыйлаган аял⬇...
Бир жакын адамы бул дүйнө менен кош айтышып, тиги дүйнөгө сапар алган кезде, аял затына үстү - башын тытып, жерди чапкылап, үнүн катуу чыгарып өкүрүп ыйлаганга ислам тыюу салат. Үндү акырын чыгарып ыйлаганга ислам дини каршылык көрсөтпөйт, анткени көз жаш бул мээримдүүлүк, себеби, адам жакын адамын жоготкондо көңүл бошоп, көздөн жаш агат...
9) Атыр жыт (духи) себинген аял⬇...
"Эгер кандайдыр бир аял көчөгө чыгаардан мурда, өз денесине атыр жыт себине турган болсо, жана ал аял көчөгө чыккан кезде анын жыты көчөдөгү эркектерди өзүнө тарта турган болсо, ал аял зина кылган аял сыяктуу деди". Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) (өз үйүндө каалаган духисин, косметикасын колдонсун ал нерсеге ислам уруксат берет)...
10) Жылаңачтанган аял⬇
Бул азыркы убактагы кээ бир эже карындаштар кийинип жүргөн кийимдер тууралуу. Денесине жармашкан тар кийимди моода (саркеч) сымал кийишип, никесинде жок эркектерди өзүнө бурууда⬇
Же болбосо, ушундай тор кийимдерди кийишет ички денеси, тулку бою толук көрүнүп турат. Бул аялдар жөнүндө Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи вас саллам) "Оо аялдар, мага ишенгиле, тозоктун көпчүлүк бөлүгүн силер ээлейсиңер" деди. ( Ошол кийимдердин түрлөрүн кийсин өз үйүндө. Күйөөсүнө өзүн жакшылап жасасын. Ал эми кээ бир аялдар туура эмес кылат. Көчөгө чыккан кезде ушундай тар жана кыска кийим кийишет, баардык эркектердин көңүлүн өзүнө тартып. Үйүндө болсо 7 кабат кийим кийет)...
Эсиңде болсун бир тууганым!
Аллахтын каргышынан жана наалатынан корк!
Анткени анын каргышы тийген адам, анын мээриминен куру калат. Кимге Кудайдын каргышы тийген болсо, ал каргыш анын жети урпагына жетет. Ошондуктан эже карындаштарым, бул кыска сыноо дүйнөдө болбогон нерсеге азгырылбайлы. Жүзүңдөгү сулуулук эсептелүү убактан соң кетет. А бирок Кудайдын азабы, жана тозогу түбөлүк.
Ойлон ыктыяр сеники.
Тандоо жолу сенин колуңда, билгенди жеткирүү менин милдетим. ..
Оо Аллахым
Жүрөктөрүбүздү өз динине бекем кыл!
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 16 Январь 2016 - 22:04
#17 19 Январь 2016 - 09:00
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:Башында таажысы бар ак короз менин досум жана менин досумдун досу жана менин душманымдын душманы.(Сиратуш шамий 7/416)
Шейх Мухиббуддин Тибрий баян кылат:"Пайгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва саллам) ак корозу бар эле".(Хаятул Хайван 2/344)
Абу Зайд Ансарий (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Ак короз менин досум жана менин досумдун (момундун) досу. Менин душманымдын душманы. Озунун кожоюунунун уйун сактайт жана анын айланасындагы тогуз уйду сактайт". (Жаамиъус Согир 1/361)
Анастан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Ак короз менин досум жана менин досумдун (момундун) досу жана менин душманымдын душманы". (Жаамиъус Сагир1/361)
Дос дегендин мааниси-жакшылык каалоо,пайда жеткируу. Анткени анын кыйкырыгынын себебинен тахажуд намазына ойгонот эле жана намазга ойготуу, жакшылыкка себеп болуу. Ошол себептен Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) аны, дос деп айтты.
Ал эми каапыр жана бейкапар, куноокор элдер анын кыйкырыгынан кыжаалат болушат. Ошондуктан мындай элдер учун Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) душмандын душманы деп айтты. Сактай дегендин мааниси-анын кыйкырыгынан шайтандар качып кетет жана шайтандардан сакталып калат.
КОРОЗ НАМАЗГА ОЙГОТОТ
Хаалид Жуханий (р.а) айтат, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Корозду сокпогуло. Ал силерди намазга ойготот". (Абу Дауд 696, Сиратуш Шаамий 7/414)
Абу Котададан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Корозду жаман деп айтпагыла, ал силерди намазга чакырат". (Сирату Шаамий 7/414)
Короз тан сурулгон учурда кыйкырып уктоочуларды намазга ойготот. Уйкунун бейкапарчылыгынан ойготуп намазга тургузат. Кудум, ал намазга тургузган жакшы кызматчыдай.
КОРОЗДУ ЖАМАНДООДОН ТОСУУ
Ибн Аббастан (р.а) риваят: Пайгамбарыбызга (саллалооху ъалайхи ва саллам) жакын жерден бир короздун уну чыкты. Бир киши аны тилдеди. Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) ага мындай деди:"Аны тилдебе. аны жамандаба. Ал сени намазга тургузат" .(Сиратуш Шаамий 7/414)
Короздун кыйкырыгынан уйкусу бузулуп калганда кээ бир кишилер ага жаман создорду айтып согот. Андан Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) кайтарды. "Аны жамандабагыла ал силерге жакшылык каалоочу, Алланын парзын аткаруу учун силерди ойготот".
КОРОЗ БАГУУГА БУЙРУУ ЖАНА АНЫН ПАЙДАСЫ
Жаабир (р.а)риваят кылат:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) ак корозду багууга, кармоого буйруду. Кайсыл уйдо ак короз болсо шайтан, сыйкырчы, жылан, чаян ж.б да келе албайт".(Сиратуш Шамий 7/414)
СЫЙКЫР ЖАНА ШАЙТАНДАН САКТАНУУ
Абдулло бин Умар (р.а) риваят кылат:"Короз намазга ойготот. Ким ак короз бакса Аллах Таала аны уч нерседен сактайт. Ар бир шайтан, сыйкыр жана козу ачыктардан" .(Байхакий 7/414, Сиратуш Шаамий 7/414, Жаамиъус Сагир 261)
Корозду уйдо багуунун бир нече пайдалары бар. Баарынан чон пайдасы-тахажуд жана тан сурулгон учурда кыйкырып уй ээлерин ойготот. Экинчи пайдасы-уйго шайтан кирбейт жана уй сыйкырдан да сакталып турат. Зарылчылык болгондо союп жесе да болот.
КОРОЗ КЫЙКЫРГАНДА УЙКУДАН ТУРУУ СУННОТ
Айшадан (р.а) риваят:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) короз кыйкырган убакытта ойгонот эле".(Бухарийй 152)
Ибн Аттал айтат:"Короз тундун учтон эки болугу отуп, учтон бир болугу калганда кыйкырат" .(Фатхул Баарий 4/17)
Короз кээ бир учурларда эки жолу кыйкырат. 1 Тундун учтон бири калганда 2 Тан атаардан бир аз алдын тахажудду окуучуларды ойготот. Ушул хадистерден, Абу Зайд Ансарийнин (р.а) риваятын эске алып, короз багуу суннот экендиги да белгилуу болду.
Шейх Мухиббуддун Тибрий (р.х) баян кылат:"Сахабалар намаздын убактысын билуу учун сапарда короз алып журушот эле".(Хаятул Хайван 2/344)
КОРОЗ КЫЙКЫРСА ЭМНЕ ДЕП АЙТУУ КЕРЕК?
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Силер короздун кыйкырыгын укканынарда Аллахтын айколдугун сурагыла. Анткени ал периштелерди корду".(Бухарийй, Муслим 2/351)
Булак:Мухаммад(саллалооху ъалайхи ва саллам)дын
#18 19 Январь 2016 - 19:59
МЕНДЕГИ ДИЛ БАЯН
ЖАШООДОГУ МАКСАТ
БИР ТУУГАНДАР АЛБЕТТЕ БАКЫТ ИЗДЕП ЖАШАЙБЫЗ.БИРОК ОШОЛ БАКЫТТЫ КИМ КАНДАЙ ЭЛЕСТЕТЕТ?КЕП ОШОЛ ЖОНУНДО БОЛУП ЖАТАТ....КЭЭ БИРЛЕР ОЗН ОЗУ АСАТ,ДАРЫ ИЧИП,БИЙИКТЕН ОЗУН ТАШТАЙТ...АРТЫНДАГЫ БАЙЛЫК...ФИРМА АКЦИЯ АГА БАКЫТ БЕРЕ АЛБАДЫБЫ?
КЭЭ БИР ИНСАНДАР БОШ ЖАТУУНУ БАКЫТ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ.ОНОЙ БАЙЫП КЕТУУНУ КОЗДОЙТ...БИРОК БУЛ БАКЫТПЫ?АБДЫШУКУР УСТАЗ АЙТТЫ ЭЛЕ:"ЖАШТЫК +БОШТУК=КУНОО" -ДЕП....ООБА... .КЫЗМАТКЕРЛЕР УЙ ЖЫЙНАЙТ,БАЛАНЫЗДЫ НЯНЬКА БАГАТ,УЙУНУЗДУ ТАЗАЛАЙТ,АКЧАНЫ РЕАЛИЗАТОР ТАБАТ?КУНДО УРУШУП ТАРТЫШУУ...БОШ КАЛГАНДАН КУЙООСУ ЖАШ ОЙНОШ КЫЗ ТААП АЛДЫ....АЯЛЫ ПОДРУГАЛАРыМА ДЕП КЕТИП...ЖАШ ЖИгИТКЕ КОЗУ ТУШТУ(БАССЕЙНДЕ, ТРЕНАЖЕРНЫЙ ЗАЛДА)...
АКЫР МУЛК ТАЛАШЫП БАЛА ТАЛАШЫП УРАДЫ УЙ БУЛО...
ЖАШООДОН ТАЖАЙТ КИМ?НЕГЕ?НЕГЕ ОЛОТ?НЕГЕ НЕРВ ООРУЛАР КОБОЙОТ?ЖЕ НЕГЕ АРАК ИЧИП КЕТТИ?НЕГЕ НАРКОТИК БАЛЭЭГЕ ЖОЛУКТУ....
БУЛ ЖОЛДОН АЛЛАХ ТЫЙДЫ ЭМНЕГЕ?
НАРКОТИК САЙЫНГАН АКЫР БАКЫТ ТАПТЫБЫ?
АРАК ИЧКЕН ЖЫРГАП КЕТТИБИ?
ЗЫНААГА БАРГАН КИШИ ЭМНЕ ПАЙДА ТАПТЫ
КРЕДИТКЕ АКЧА АЛЫП БАНКРОТ БОЛУП,ПАЙЫЗ ОСУП,КАНЧА АДАМ ЖОЛУН ТАБА АЛБАЙ АСЫНДЫ?
ЖЕ КАНЧА КЫЗДЫН НАМЫСЫН АЛДАП АЛЫП...КАНЧА ОМУРЛОР КЫЙЫЛЫП ЖАТАТ....
ОА БУЛ КАТЕГОРИЯДАГЫ ГЛОБАЛДУУ ПРОБЛЕМАЛАР СИЗГЕ ТИЕШЕСИ ЖОКТУР...БИРОК КИМ КЕПИЛДИК БЕРЕ АЛАТ АЛ БАШЫНЫЗГА КЕЛБЕШИНЕ... НЕГЕ БАШКА БИР ТУУГАНДЫН ПРОБЛЕМА КОЙГОЮУ СИЗДИ ОЙЛОНДУРБАЙТ. ...
НАРИСТЕЛЕР НИКЕСИЗ ТОРОЛОТ...МУСОРКАДА БАШТЫККА ОРОП МУУНТУП ОЛТУРОТ,УБЛАНЫН УБАЛЫ ЖАМАН....
УММОТТУН БУЛ КОРУНУШУ МЕНИ КЫЙНАЙТ......
СИЗДЕРГЕ БААРЫ БИР БОЛСО МЕН ОЙЛОНОМ....ВЫХОД ИЗДЕЙМ...ДААВАТКА ЧАКЫРАМ...
АЛБЕТТЕ ОЙ МУСУЛМАНДАР ДЕЛЕ КУНОО КЫЛЫП ЖАТПАЙБЫ САКАЛЧАН АЛДАП ЖАТАТ,ХИДЖАБЧАН БАЛА МЕНЕН СУЙЛОШОТ...АЛАР ПЕРИШТЕ БОЛО БЕРИШПЕСИН ДЕЙСИЗ.....МЕЙЛИ КУНООКОР БОЛГОНДУР ТУУГАНЫМ...БИРОК АЛАР СИЗГЕ БИЗГЕ ТУНДО КОРСОТПОЙ ТАХАДЖУДДА ЫЙЛАП КЕЧИРИМ СУРАГАНДЫР. ..ЫЙМАНДУУ АДАМ КАНДАЙ БОЛБОСУН..АЛЛАХТЫН МЭЭРИМИНЕН, КЕЧИРИМИНЕН УМУТ УЗБОЙ ЖАНЫН КЫЙБАЙТ.....
АКЫРКЫ БОЛУК...БУЛ ПРОБЛЕМАЛАРДЫ КАНТИП ЧЕЧУУ КЕРЕК?
ДИНГЕ КЕЛУУ КЕРЕК...ОШОНДО ЧЕЧИЛЕТ...
ТАНДАН БАГЫМДАТТЫ БИСМИЛЛЯХ ДЕП БАШТАП,ОРОЗОНУ КАРМАП,СУННОТКО АМАЛ КЫЛЫП,АДЕП АХЛАК ОНДОП...ЖУМШАКТЫККА КЕЛИП,КУРАН БОЮНЧА ЖАШОО КЕРЕК.
******НАМАЗ
ФАРЗДАН КУТУЛАБЫЗ
ООРУДАН ШЫПАА АР БИР КЫЙМЫЛЫ
ЗЫНААДАН САКТАЙТ
ШИРКТЕН САКТАЙТ
ДАРАТ АЛЫП ТАЗАЛЫК САКТАЛАТ
НМАЗ БАРДЫК КУНООЛОРДОН СИЗДИ АЛЫС КЫЛАТ ИН ШАА АЛЛАХ
АНАН ХИДЖАБТЫ БАШТАЙБЫЗ
******ХИДЖАБ
ХАРАМДАН
КУНДУН УФ ЖАМАН НУРУНАН САКТАЙТ
ЗЫНААДАН САКТАЙТ
ЭН НЕГИЗГИСИ АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫ ХИДЖАБТА ДА БОЛОТ
********ОРОЗО
ОРОЗОДО УРУШ ТАЛАШТАН САКТАНАСЫЗ
ИСРАФ КЫЛУУДАН АЛЫСТАЙСЫЗ
АЛСЫЗ ПЕНДЕ ЭКЕНМИН ДЕП АЛЛАХТЫ УЛУКТАЙСЫЗ
КУНООЛОРУНУЗ КЕЧИРИЛЕТ ИН ШАА АЛЛАХ
ОКУП АМАЛ КЫЛГАНДАРДАН АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН
АВТОР АЙЗИРЕК АЛМАЗБЕКОВА
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 19 Январь 2016 - 20:08
#19 20 Январь 2016 - 15:18
Төмөндөгү макаланы бир жерден окудум эле, силер менен бөлүшкүм келди.
Себеби биздин айтаарыбыз деле ушуга окшош.
Аллах баарыбыздын намаздарыбызды кабыл кылсын!
Эмесе:
❤“ЭҢ НЕГИЗГИСИ ЖҮРӨГҮБҮЗ МЕНЕН ИШЕНСЕК, ЖҮРӨГҮБҮЗ ТАЗА БОЛСО БОЛДУ, НАМАЗ ОКУУ ШАРТ ЭМЕС”- ДЕГЕНДЕРГЕ.
⌛ Учурда, “мен намаз окубаганым менен , менин жүрөгүм таза, аллахка жүрөгүм менен ишенем, ошол эң негизгиси эмеспи деген “тилинде” гана мусулмандар, тилекке каршы көп. Албетте жакшы адам болуу, жакшылык кылуу, коомго пайдалуу инсан болуу маанилүү жана керектүү. Бирок алар айтып жаткан, “менин намаз окуума муктаждык жок, менин жүрөгүм таза”-деген сүйлөмдүн өзү, дүйнөдөгү эң булганыч сүйлөм. Анткени, пайгамбарлар да өз напсисинен коркушкан. А сиз, эч бир арамды карабадыңызбы? Бир да жолу жалган айтпадыңызбы? Бирөөнүн артынан сүйлөп, күнөөсүн албадыңызбы? Макул буларды кылбадыңыз дейли. Бирок намаз окубаганыңыздын өзү, чоң күнөө катары сизге жетет. Намазга кичинекей бир маселе ( аа, ооба окуш керек, окуйм буйруса) катары караган бирөөнүн чооң бир маселеси калбагандыр. Анткени намаз, андай маани бербей коё турган кичинекей нерсе эмес. Ыймандан кийинки эле сурала турчу нерсе бул, намаз.
⚠ Негизи бул жашоодо, бирөө бизге жакшылык кылса сөзсүз рахмат айтабыз. Чоң бир проблемабызды чечип, көйгөйдөн арылуубузга себепчи болгон адамга ыраазычылык билдире албай калсак, ичибизден кыжаалат болобуз.
Бирок, биздин ушул дүйнөдө, ушундай өнүккөн доордо, тынч бир өлкөдө, ата-энебизди маңдайыбызда кылып жаратып койгон, жадакалса ошол бизге жардам берген адамдын бизге жардам берүүсүн шарттаган, Жаратуучуга бир жолу сажда кылып ыраазычылык билдирбесек нанкөрдүк (жакшылыкты билбегендик) болбойбу?
#20 21 Январь 2016 - 09:44
Коомунан куулган адамды "Кадыр-барксыз" ,-деп шылдыңдап күлбө! Анткени, Ибрахим пайгамбар да өз коомунан куулган болчу, бирок Алланын эң сүйүктүү кулу жана досу болгон.
Түрмөгө камалган кишини "Күнөөкөр заалым",-деп шылдыңдап күлбө! Анткени, Юсуф пайгамбар да камалган болчу, бирок Алланын астында чынчыл болчу.
Банкрот болуп байлыгынан ажырап калган адамды "Ыксыз сарп кылуучу, жолу болбой калган",-деп шылдыңдап күлбө! Анткени, Аюб пайгамбар да байлыгынан ажыраган, бирок Алланын астында пайгамбар болгон.
Капылетте жүргөн адамды "Күнөөкөр" ,-деп, шылдыңдап күлбө! Анткени, Юнус пайгамбар да бир көз ирмемчелик убакытка Раббисинен капылетте калган. Бирок, Алланын астында элчи болгон.
Кесиби төмөн адамды "Кесиби маанисиз" ,-деп, шылдыңдап күлбө! Анткени, саалих пенделердин бири Лукман жыгач уста, тигүүчү жана койчу болгон. Бирок, Алланын астында даанышман болгон.
Адамдар бул "Шектүү адам"-деп, айткан адамды шылдыңдап күлбө! Анткени, пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи уасаллам)ды каафырлар сыйкырчы, жинди деп айтышкан. Бирок, Ал Аллага эң сүйүктүү пайгамбар болгон.
Эч кимди эч качан шылдыңдаба! Мүнөзүңдү өзгөрт! Башкалар тууралуу жакшы ойдо бол! Макулуктарды Жаратуучу Аллага тапшыр!
Ук, жылмай, билмексен бол! Ортодогу сый-урматты, сүйүүнү жана ынтымакты сактап калуу үчүн кемчиликти кечирип, катага көз жумган адамды Алла Таала Өз ырайымына алат.
Жүрөктүн тазалыгы айып эмес, кемчиликтерге көз жумуу акылсыздык эмес.
Кечиримдүү болуу алсыздык эмес.
Абдышукур Ажы Нарматов.
- (11 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »