Дүйшөн
"БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ" сынагын коё бербеңиз! "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт!
#21 18 Февраль 2015 - 16:19
Дүйшөн
#22 18 Февраль 2015 - 16:45
- “Hello, my best friend!” Ушул сөз курбум Гүлмайрам көп айткан сөздөрдүн бири. Эң жакын курбум. Аты айтып тургандай, ал өзү да майрам, сүйүнүч, кубаныч, белек, жагымдуу маанай дайыма аны жандап жүрөт.
Убакытка так жүрөт. Бир жолу киного бара турган болуп, убакытты белгилеп алдык. Менин саатым бузулуп калган экен. Ал белгиленген убакытта “Мен келдим, кай жердесиң?” десе, кебелбей “үйдө отурам, 2 саатта жетишем да” деп койдум. Ал капа болгонун билдирбей, “убактың болгондо барабыз, ээ” деп кайра үйүнө кетиптир. Саатымды оңдогондон кийин “Гүлмайрам эмнеге ачууланбай, кайра менин көңүлүм менен болду?” деп коём.
Бул сүрөт анын кыялынын ишке ашуусундагы биринчи кадамы. Түркияга барганда анын кубанычын тең бөлүшүп, өзүм да барып келгендей болгом. Гүлмайрам англис тилин өздөштүрүү менен алек. Кыялың орундалып, Америкага барып, Европаны кыдырып чыгышыңды каалайм.
Гука, сенин мээримиң баарыбызды бактылуу кылат. Майрамың менен! Айжана Эркинова
#23 18 Февраль 2015 - 16:47
- Бул менин көлдөй кенен, жердей балбан кеменгер таенем Аширбүбү. Ал азыр 75 жашта. Бул сүрөткө орозо айында түшкөнбүз. Таенемдин ак батасын, нускалуу кебин угуп чай ичүү баарыбыз үчүн сыймык. Батасын алуу үчүн бирибизден бирибиз ашып үйүбүзгө чакырабыз. Таенем келгенде дастарконубуз толуп, үйүбүз шаңга айланат. Айылдагылар “ биздин көчөнүн көркү Ашырбүбү апа” дешип сыйлашат. Сиздин жаркырап жүрүшүңүз биз үчүн чоң байлык. Арабыздан эч качан алыстабаңыз! Майрамыңыз менен! Небереңиз Гүлкайыр
#24 18 Февраль 2015 - 16:49
Менин жашоодогу эң кымбат белегим, асем кызым Сумая быйыл айымдардын майрамын экинчи жолу белгилейт. Кызым чоңоюп, апасына жардам бере турган болуп калды. Сумая биринчи наристебиз болгондуктан эрмектеп күнүбүз өтөт. Ашпозчу, модель, актриса, рок ырчысынын образында кийинтип, ойноп кетебиз. Боёнуп жатканымды көрүп бетине май сүйкөп, кирпиктерин боёп калат. Бир жолу өзү эле боёнуп, кашын бириктирип кал коюп алыптыр. Ошону ойлоп тапканына аябай таң калгам. Кызымды жарыкка алып келген күн азыр да көз алдымда. Операция жолу менен төрөгөндүктөн өзүм баарын көрүп тургам. Медайымдар “кыз төрөдүң” деп колума беришсе карап ишене албай, “атасына окшош го” деп таңыркагам. Операциядан кийин уйкуга кетип, жандандыруу бөлүмүнө 5 күн жатып калдым. Палатага которушканча көргүм келип, сагынып, кийин колума берип 2 сааттан кийин кайра алып кетишкенде жаман болгом. Суктанып карап отура берчүмүн. Көпчүлүгү атасына окшоштурушат, тили да “ава” деп чыккан. Азыр үй шыпырып жатсам Сумая шыпыргыны талашып жатат. Идиш жууганга киришип идиш-аяктардын кырлары сына баштады. Ушундай күлкүлүү кызым бар Кызым, майрамың менен! Эрдөөлөтова Нуриза
#25 18 Февраль 2015 - 16:51
Жолдошун Элис
#26 18 Февраль 2015 - 16:55
Наргизам менен көп жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кыз-жигит болуп жүргөндө ар бир күнүбүздү кызыктуу кылып өткөрчүбүз. Анткени менин сүйүктүүм табышмактуу, өзгөчө жан. Баш кошкондон бери да улам жаңы барактары ачылып, жомокто жашап жаткандай сезилип кетет. Буюрса, жубайым мага бир айдан кийин наристе тартуулайын деп турат. Кыз же эркек экенин билбеймин. Себеби сюрприз кылам деп жатат Наргизам. Бул сүрөт да кыз-жигит болуп жүргөндө көлгө эс алганы барганда тартылып алынган көз ирмем. Мирлан
#27 18 Февраль 2015 - 16:56
Менин чоң энем Санамбүбү буюрса, быйыл 8-мартта 86 жашка чыгат. 10 баланы тарбиялап өстүргөн ардактуу адам. Эне кылым жашаса да баары бир эне боюнча калат тура. Энебиз баса албай, сүйлөй албай үйдө отурса да, ымдоо, жаңсоо менен бардык балдарынан, неберелеринен кабар алып, акыл-насаатын айтып келет. Кубансак кубанып, кайгырсак кошо кайгырып турат.
Ал эми сүрөттө чоң энем жана атам. Шаардан барганымда уюлдук телефонума тарткан элем. Азыр алыс болсом да, бул сүрөт, андагы чоң энемдин жылмаюусу мага күч-кубат тартуулап келет. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпей көп жашаңыз, чоң эне!
Бегалы Абдыраимов
#28 18 Февраль 2015 - 16:57
- Сары кызым Касиет төрт жашта. “Мен өзүм, мен кылам” деген аракети азыртадан өтө күчтүү. Көзүнө көрүнгөндүн баарын тиштеп, жулуп, колун тийгизип көрмөйүнчө жаны тынбаган кызымдын жылдыз белгиси балык. Ошондон уламбы, сууну жакшы көрүп “көлгө барам, сууга түшөм, бассейнге баралычы” деп эле турат. 2014-жылы жайында көлгө таятасыныкына барганда эшекке минип алып таенесин көчөмө-көчө жетелетти. Боорубуз эзилип көпкө күлдүк. Арабага чегилген эшек менен болгон саякат эртең менен башталып, түштө араң бүткөн. Сүйүта Беккожоева
#29 18 Февраль 2015 - 17:57
kera2 (18 Февраль 2015 - 12:51) жазган:
Саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп добуш берсеңиздер болот:
http://www.super. kg/vote
#30 18 Февраль 2015 - 20:04
#31 18 Февраль 2015 - 23:04
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:19) жазган:
Дүйшөн
<div><img src="http://files. super.kg/upload/img/011. JPG"><br> </div>
Кичинекей Жаркынайдын жанындагы кыргыздын алгачкы кийимин даңктап (калак) кийген апамды(кайненем) көрүп сүйүнүп калдым
Алар Жалал-Абадтан эмес Алайдан барышкан негизи
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 19 Февраль 2015 - 09:04
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#32 18 Февраль 2015 - 23:34
Дагестандан кыргыз жигитти ээрчип келген Юмабике
- Жубайым менен Москвада жүргөндө таанышкам. Жан шеригимдин аты Юмабике, даргин кызы. Ата-энем кыргыздын салты менен Дагестанга барып Юманын колун сурап, сөйкө салып келишти. Ал жакта кыз узатуу той болгон соң келинчегимдин туугандары менен кыргызстанга келдик. Бул жактан да элден бата алып той берип, учурда Москва шаарында иштеп, жашап жатабыз. Юмабикени Юля деп алганбыз. Ал менин туугандарымды өз жакындарындай кабыл алды, апамды апа дейт. Ошол сөзүнө ыраазы болуп кетем. Баарынан да ата-энеси каршы болгонуна карабай үйдүн эрке кызы Кыргызстанга мени ээрчип келди. Демек, сүйүү менен жердин алыстыгын, жеңсе болот тура. Юмабийкем жакында мага наристе тартууулоонун алдында турат. Буюрса, мен ата болом. Бул сүрөт экөөбүздүн эс алуубуздагы бир көрүнүш.... Бактыяр
<div><img src="http://files. super.kg/upload/img/Дагестандан_кыргыз_жигитти_ээрчип_келген_Юмабике. jpg"><br> </div>
[/quoБактияр аке Юля жене силерге чын журоктон бакыт каалайм. Бактылуу болунуздар. Юля женебиз аябай зор кыз, адамдык сапаттары зор кыз. Эч качан ушунуздан жазбаныз.ККудайым буйруп аманаман-эсен тороп алыныз.Мен силерди аябай сыйлайм. Ваша коллектив Нура )))))
#33 19 Февраль 2015 - 09:07
Тилекке каршы, сынакка сүрөт кабыл алуу 18-февралда саат 11:00дө токтотулган. Кийинки жылкы сынакка катышып көрүңүз.
#36 19 Февраль 2015 - 16:23
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:13) жазган:
maga ushul jakty
#37 19 Февраль 2015 - 16:26
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:01) жазган:
Сүрөттө мен жана менин апам (кайненем). Апамдын аты Шарапат, 73 жашта. Бул сүрөт 2014 –жылдын 18-сентябрында тартылган. Мен жаңы келин болуп келип, ак босогону аттаганымда апам мага өз колу менен көп жылдан бери катып жүргөн ак жоолугун салды. Бул табышмактуу сезим ар бир кызга тааныш болсо керек. Ар бир кызда сөзсүз түрдө коркуу сезим болот экен. Кайненем кандай болду экен? Бир тилегенин кайненем жакшы болсо экен, ошол үйдөн орун таап кетсем экен дейсиң. Мен жолдуу болдум, мага ушундай алтын кайнени берген Кудайга миң мертебе ыраазымын.
Мен силерге апам жөнүндө жазгым келет. Апам алтын киши, мээримдүү, акылдуу, кең пейил, адамгерчиликтүү адам. Апам 6 баланы тарбиялап өстүргөн, азыр Таш-Көмүр шаарында уулунун колунда, 5 маал намазын окуп, бактылуу карылыгын неберелери менен чогуу өткөрүүдө.
Апам менен болгон бир окуя эч эсимден кетпейт. Бир жолу “дарыканага барып келеличи” деп калды, “макул, дары аласызбы?” десем, “жок, өткөндө дарыканадагы кыз ашыкча акча берип коюптур мага, ошону кайтарып берип келелик” дейт.
Бул апамдын ыймандуулугунан, адамгерчиликтүүлүгүнөн кабар берип турат. Апа, ден соолукта болуңуз, ар дайым жаныбызда, биздин маңдайыбызда аманчылыкта жүрө бериңиз. Мен сизди жакшы көрөм, апа!
Мээрим Эсенгелдиева
bil da sonun eken.Ai admin emne biz dobush bere alabyzby?je, koment ele jazyp koiobuzbu????
#38 19 Февраль 2015 - 16:28
#39 19 Февраль 2015 - 16:30
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:13) жазган:
chert dobush bere albait ekem da!jaaal
#40 19 Февраль 2015 - 17:24
SULUU-KYZ (19 Февраль 2015 - 16:26) жазган:
bil da sonun eken.Ai admin emne biz dobush bere alabyzby?je, koment ele jazyp koiobuzbu????
windom (19 Февраль 2015 - 16:28) жазган:
Саламатсыздарбы!
Тилекке каршы, катталганына 100 күн боло элек колдонуучулар добуш бере алышпайт жана бул темадагы билдирүүлөр эсепке алынбайт.
Тема баяндоолорду жарыялоого жана аларды талкуулоого ачылган.