– Мен көп жылдан бери мектепте мугалим болуп иштейм. Былтыр бизге завуч болуп бир аял жумушка кирген. Келгенден бир аз убакыт өтпөй эле мага асыла баштады. Анткени балдардан ашык акча чогултуп жатканын бетине айткан элем. Ошондон баштап ар дайым аброюма шек келтирген жаман сөздөр менен сөгүп кетчү болду. Окуучуларымдын көзүнчө жаман абалда калтырган убактары да аз эмес. Ушунун айынан жүрөгүм ооруп, ооруканага да жатып чыктым. Завучту сот жообуна тартканга болобу? Анын мени сөгүп жатканын уккан адамдар да күбө болуп беришерин айтышууда. Жанара, Бишкек шаары.
– Албетте, ал адамдын үстүнөн арыз жазууга акыңыз бар. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси боюнча, жаранды шылдыңдап, анын адамдык аброюна шек келтиргендер сот жообуна тартылат. Ошондой эле сизге келтирген моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп алсаңыз болот. Бул үчүн ооруканада жатып чыкканыңыз тууралуу маалымдама жана дарыланууга кеткен дары-дармектердин тизмеси болушу керек.
Баракча 1 - 1
ЖЕТЕКЧИМ МЕНИ ШЫЛДЫҢДАП… №410 10-16-сентябрь, 2010-ж
#2 26 Февраль 2015 - 23:22
Эгерде жетекчи окучуга кол котору туурабы же туура эмесби? Анан жетекчи тура эмес суйлосо окучу оз ойун айтса болобу же жетекчинин айтканы прав болобу бардык жерде?
Баракча 1 - 1