Ylykbek1990 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 464 (0,12 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (110 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Июль 13
- Кароолор:
- 22 985
- Соңку аракети
- 29 Июл 2021 15:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 22, 1990
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Бишкек - Ысык-Кол
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Жашоомдогу эң мыкты мугалимим
Жазылган күн: 25 Дек 2018
Бул окуя бир топ жыл мурун башталгыч класстын мугалиминин башынан өткөн. Айше эжеке сабагы башталган күнү эле кийим кечеси кир, чачтары уйпаланган балага көзү түштү. Анын аты Билал эле. Ал 5-класста окучу. Айше эжеке балада бир көйгөй бар экенин байкап, анын “өздүк делосун” таап, барактай баштайт. Окуп жатып аябай таң калат. Биринчи класста окуткан мугалими: Билал акылдуу жана шайыр бала. Тапшырмаларын убагында аткарат жана досторунун арасында кадыр баркка ээ деп жазат” Экинчи класстагы эжекеси: Эң мыкты окуучу, бирок апасынын оорусу аны аябай капалантат. Үй бүлөдөгү жашоосу татаал сыяктанат.
Үчүнчү класста окуткан мугалими: “Апасынын дүйнөдөн кайтышы ал үчүн кыйын учур болду. Атасы ага жетиштүү убакыт бөлө албай жатат. Эгер тез арада кандайдыр бир аракет иш аракет жасалбаса үйдөгү атмосфера балага терс таасирин тийгизиши толук ыктымал”.
Төртүнчү клаастагы эжекеси: “Билал эч ким менен сүйлөшпөйт жана мектепте сабакка кызыгуусу жок. Достору да жокко эсе. Кээде класста уктап калат”.
Мугалимдер күнү окуучулар эжекесине кооз кутудагы белектерин сунуп жатышты. Билал болсо өтө этияттык мененкаралжын кутудагы белегин эжекесинин столуна коюп койду. Айше эжеке өзүн дагы кызыктай сезди. Билалдын белеги балдардын көз алдында ачылганы балага катуу тийди. Бир канча ташы түшүп калган билерик жана үчтөн бир бөлүгү калган атыр бар эле. Муну көргөн окуучулар шылдыңдап күлүп жатышты. Бирок, мугалим билериктин канчалык баалуу экендигин айтып, атырдын бир нече тамчысын сүртүп, башка окуучулардын күлкүсүн токтотту.
Ошол күнү сабактан кийин Била мугалиминин жанына келип: “Эжеке, бүгүн сиз апамдай жыттанып турдуңуз” , - деди жер карап. Окуучулар кеткен соң мугалим көпкө ыйлады..
............... ......................
Кийинки күндөрү Айше эжеке Билалга өзгөчө көңүл бура баштады. Ал менен жекеме-жеке иштеп жатканда акылы кайрадан жанданганын сезди. Билалга эжекеси ишенген сайын аракети жакшырып атты. Жыл соңунда Билал эң мыкты окуучуга жана эжейинин эң сүйүктүү баласына айланды.
Айше эжеке бир жылдан кийин эшигинин алдынан бир кат таап алды. /Кат Билалдан келген эле. Ичинде: “Жашшомдо көргөн эң мыкты мугалим-сизсиз” деген жазуу бар эле.
Билалдан экинчи кат 6 жылдан кийин келди. Катта Билал лицейди эң мыкты жетишкендиктер менен аяктагынын жана дале болсо Айше эжеке анын жашоосундагы эң мыкты мугалимии экендигин жазган.
Айше эжеке 4 жылдан кийин Билалдан дагы бир кат алды. Катта университетте окуп жаткандыгы, эң мыкты жыйынтык алуу үчүн көп окуш керектигин жазып, дале болсо Айше эжеке анын жашоосундагы эң мыкты мугалимии экендигин баса белгиленген.
Арадан дагы 4 жыл өткөн соң Билал жакшы жыйынтык менен университетти бүтүргөнүн жана карьерасын улантууну каалаганын, дагы да болсо мугалими ал тааныган эң мыкты мугалими экендигин билдирет. Бул жолку катында өз атынын алдында “Медицина илиминин доктору” деген сөз кошулган эле.
Айше эжеке ошол жылдын жаз айларында дагы бир кат алат. Катта Билал бир кыз менен таанышкандыгын жана ал кыз менен турмуш курууну чечкендигин баяндайт. Ал эми Айше эжекеден болсо ата-энесинин ордуна келип, нике тойдо күбө болуп берүүсүн өтүнөт.
Бул суранычты Айше эжеке кантип аткарды деп ойлойсуз?
Ал тойго бара жатып Билал мугалимдер күнү белек кылган эскилиги жеткен билерикти тагынды жана апасы сыяктуу атанган атырды себүүнү унутпады.
Бири-бирин кучактап жатып, Билал мугалиминин кулагына: “Эжеке, мага ишенгениниз үчүн жана мени жашоого кайрадан шыктандырганыңыз үчүн ыраазымын”, -деди.
Мугалимдин карегин жаш тегеренип кетти. “Сен жаңылышасың, Билал. Сага чейин мен мугалимдик эмне экенин билбегенмин. Сен болбосоң балким билмек да эмесмин. Андыктан, мен сага ырахмат айтышым керек” , деди Айше эжеке көзүндөгү жашын аарчып атып.
-
Ажыдаардын үңкүрү
Жазылган күн: 25 Дек 2018
Ажыдаардын үңкүрү
Бердикожо Бийназаров
"Ааламга жол айылдан башталат" -дегендей, айыл жеринин таза суусун ичип, таза абасын жутуп, эне тилди улуу тутуп, элибиздин каада салтын , үрп-адатын бийик сактаган элет жеринен кандай таза таланттар чыгып, белгилүү инсандар кыргызды кыйырга таанылтты. Буга мисал катары жүрөккө алгачкы жолу операция жасаган маркум Иса Ахунбаевди, аты ааламга таанылган Чыңгыз Айтматовду жана башка ысмы тарыхта калган инсандарыбызды эле алалы. Кайсы бир акылга дыйкан адам айтты эле "айылдын, тактап айтканда тоо суусунун чийки суусун ичип чоңойгон адамдын ден-соолугу эле эмес, ой-тилеги дагы Ата Мекен үчүн таза болот"-деп. Анысысыңары, тоо булагы чоң дайрага кошулганга чейин кандай таза дагы, анан дайрага кошулганда бир топко чейин таза болуп агып, ылай сууга кошула албай барып акыры айласы жок шартка байланыштуу кошулуп, ылайланып кеткен сымал, адам баласы дагы көпчүлүккө келгенде гана тазалыктан кол жууп, булганыч жашоодо жашап калганына турмуш өзү күбө. "Турмуштан өткөн сабак жок"-демекчи сөз өңүтү турмуш багытындагы негизги окуяда. Марат, учурунда келечектен чоңду үмүт кылган. Мектепти жакшы баада бүтүрүп, жогорку окуу жайга өткөндө "элимдин керегине жарайм" деп, сабакка баш оту менен киришип, көз кыскан кыздарга дагы көңүл бурбай, эмне деген гана китептерди окуп чыгып өзүн билимге сугарып, китептердерден жана окуу жайдан турмуш сабактарына байланыштуу жакшы нерселерди үйрөнүп, беш жыл ичинде өз чөйрөсүндө көзгө көрүнгөн, оозго алынган адам болду. Окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, алгачкы тилеги кабыл болуп айылга келгенде атасы Токтоболот, чоң куйруктуу коюн көтөрүп чаап, айыл аксакалдарын чакырып өз оюн ортого салды.
-Менин ишенген уулум Марат, минтип бойго жетип, окуу жайды бүтүрүп, бир кездеги кыялымда тилегенимдей бала болду. Өз күчү менен чоң окуу жайга өтүп, ал окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрүп, эми ишке орношкону турат. "Баланын жакшы чыкканы, атанын атын чыгарат"- дегендей, менин атымды ушул балам чыгарганы калды көрүнөт. Өткөндө шаарга барып мугалимине жолуксам " Балаң жакшы окуйт, аспирантурада калсын"-деп айтты. Бирок Мараттын ойлогон оюн, алдыга койгон максатын уксам, алда канча жогору-экен. Кыскасы мен баламдан көптү үмүт кылып калдым Ошол себептен сиздерден бата алып берейин деп, тасмалымды кенен жайып башыңарды кошуп, кеп-кеңешиңерди угуп, оюңарды билейин дедим эле, деп, сөз учугун баштаганда, төрдө олтурган Стам карыя, кеп учугун мага бергиле дегенсип, үнүн жасап жөтөлүп алып:
-Темирболот, сен абдан жүйөөлү сөз козгодуң. Ар бир ата кыз баладан эмес, өзгөчө эркек уулдан көптү үмүт кылат. Уулдун жакшы чыкканы бир эле ата менен эненин багы эмес, жаамы журттун багы. Эл керегине жараган уул бала керек болсо эл-жер үчүн ак кызматын кылып, жанын дагы аябайт. Уул бала мекендин сыймыгы. Баланын жакшы чыкканы атанын эле эмес жаамы журттун атын чыгарат эмеспи.
Тээ илгери бир киши бала көрбөй жүрүп жашы өйдөлөгөндө балалуу болуп, сендей элдин башын чогултуп, уулунун өмүрүн тилеп, тасмалын жайып, тамагын кенен жайнатып бата сураганда, көптү көргөн карыя мындай деп бата берген -экен "Уулуң ара-жол ач-белде өлсүн"-деп. Тиги киши айтылган сөзгө анча түшүнө албай калып, колун жүзүнөн алып "кандай дейсиз"-дегенде, аксакал берген батасын мындай деп чечмелеп берген-экен.
- Кандай уул бала ач бел, ара жолдо өлөт, билесиңби?-деп, кайра суроо берип анын жообун күтпөй сөзүн кайра улап. Баатыр уул гана жоо беттеп катылган жоонун колунан талаа түз, ач белде эл-жердин келечеги үчүн көз жумат. Учурунда баатырлар арман кылчу экен, "найзанын учунан өлсөк"-деп. Атаганат уул бала үчүн душмандын колунан найза жеп же окко учуп каза болгон кандай барктуу өлүм, түшүнгөн адамга. Азыр заман өсүп-өнүп жашоонун нугу такыр башка нукка түшүп кетти көрүнөт. Менин айтайын дегеним, нарктуу сөздөргө баа берилбей адамдар жукасына тартып, барган сайын батыш элинин салтына ык коюп, жеңил жашоону көздөп, ылайланып баратат-деп, угуп жатасыңарбы дегенсип, олтургандарды аяр карап алды. Марат ооз жакта сөзгө кулак салып олтургандыктан ынтызары күч алып, сөз улансын үчүн оозунуп:
-Стам ата сөзүңүздү улай бериңиз- деди эле, Стам кабагы көтөрүңкү:
- Марат уулум, булар укпаса койсун, эң негизгиси сен уксаң болду. Деңгээли бийик айтылган сөздү, аны түшүнө билген гана киши угат. Сен минтип атаң Темирболоттун ишеничине татып, көптү үмүттөндүрүп койгондон соң, мындан кийин дагы ушунуңдан жазбай өсүп-өнгөндүн үстүндө бол! Эл-журттун, ата мекендин келечеги сага окшогон жаштардын колунда. Өлкөбүз жетимиш жыл орус элинин башкаруусунда жакшы жашады.Эми минтип "өз алдынча мамлекет болдук"- деп, калпагыбызды асманга ыргытып сүйүнгөнүбүз менен аягы кандай болот болду-экен?. .. Ай аттиң, менин такыр эле жанагы жаңы шайланган ажобузга ичим жылыбай койду.Эл башы,эл эгеси деген сүрдүү, жалжайып көп күлбөгөн, сырын ичине каткан,бир сырдуу адам болуш керек эле-деп, сөздү такыр башка нукка буруп жиберди да, кайра сөзүн алып:
-Кой, ажого тил тийгизбейинчи. Эл эгеси, улуу Алланын көзү түшкөн адам болот. Балким элдин жашоосун оң жолго салып, өзүнө артылган жүктү көтөрүп кетээр. Бирок, кыргыз калкы тээ илгертен бери, биринин сөзүн бири укпаган, уруу-урууга бөлүнүп, ынтымагы жогураак калк болгонун мойунга алышыбыз керек.Буга мисал катары Бугу менен Сарыбагыш уруусунун чабышын эле алалы. Канчалаган бей күнөө адамдар ортодон каза болгон. Андан кийинки эле болгон үркүндү эске салсак. Эгер, ынтымак болгондо эл билермандары чогулуп, орустар менен тил табышып сөзгө келгенде, үркүн болмок эмес дагы,эл кыргынга учурамак эмес. Мунун баары биримдиктин жоктугунун кесепети. Эми бул ажобуздун жолу кандай болот аны убакыт өзү калыстайт. Кыскасы жаңы жашоо башталды. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы"-демекчи, жашоо жаңыланып турганы жакшы, эгер келечектүү болсо. Баары бир эмне болгон күндө дагы ата салтынан кайтпаш керек. Эч качан өңгөнү сыйлап, өйдө өскөн өлкөнү укканым жок. Марат мунун баарын сени уксун деп айтып жатам. Анткени, мен сенден кандайдыр бир сырды байкап, сага ишеним арткан үчүн ушул сөздөр ооздон чыгып жатат. "Иштин бүтөр учуру бар" дегендей айтыла турган сөздүн дагы өз учуру келет. Сен, булакка окшоп азыр таза жол менен аккан суусуң. Тазалык көпчүлүккө барганда кирдейт. Бир кезде менин ушул айткан сөздөрүмдү эстеген учур да алдыда.
Мына, мен дагы карылыктын айылына баш багып, жашоодогу сапрым карып, бул дүйнөнүн оюнунан четтеп, кемпирден көзүн карап, анын тун баласындай бергенин ичип, кий дегенин кийип минтип карылык доорду сүрүп, төрдөн орун алып олтуруп калдым. Мен дагы бир кезде сендей болуп ооздо олтуруп, карылардын сөзүн уккам. "Сөздү уккан жерге айт,сууну сиңген жерге куй"-дегендей, сен сөзгө кулак салган үчүн чечилип сүйлөп жатам-деп, чай ууртап оозу бошогондо:
-Мен, көп жашадым, ошону менен бирге көптү көрдүм. Бийлик секисине чыгып эл менен дагы иштеп, кимдин-ким экенин билдим. Бирок, калп айткан менен болобу, менден дагы чекилик иштер кетти. Көп сүйлөп баратат окшойм, элди тажатып.Сөздү кыскартайын. Кыскасы сен ушунуңдан жазбасаң, чоң кызматта иштейсиң. Мен сенден чоң атаң Байболоттун сыймыгын байкап турам. Ал киши учурунда укмуш кыйын адам болгон. Байлыкка азгырылбаган, кыз-келинден алыс,ачкыл сууну татпаган, абдан таза ишине берилген чыныгы "кыргыз" деп жүрөгү соккон патириот адам эле, ыраматылык. Андай адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы. Жанагы, абак даамын таткан криминалдар аркылуу эле каза болду көрүнөт. Болбосо өлө турган адам эмес болучу.Эгер андай адамдан үчөө болсо эле элди багып кетет болучу-деп, Стам карыя сөзүнө чекит койгондо, Марат өзүнө артылган ишеничти берилген бааны жогору тутуп, кадимкидей жоопкерчилик Стам карыянын айткан сөзү менен мойнуна жүктөлгөндөй денеси оор тартып, беш жыл окуп билим алганынан азыркы уккан сөздүн күчү алда канча таазирлүү болуп, өзүнө-өзү ант берди " элдин жана жердин келечеги үчүн ак кызмат кылам"-деп. Аңгыча колго суу куюлуп куйруктуу кара койдун эти алдыга келгенде Акмат карыя:
-Токтоболот ?-деди, маанилүү сөз айтчуудай. Сырттан жаңы кирген Токтоболот:
- Кулак сизде-деп, калдастай түштү да, ката кетип калдыбы дегенсип тасмалдагы устукандарды карады эле, Акмат карыя ээгин жапкан сакалын сылап:
-Жанатан бери Стам курдашым көп сөздүн башын айтты.Эми мен дагы бир болгон окуяны айтып берейин, уулуң экөөң биз менен тамакка бирге отургулачы. "Сөздү учурунда айтпаса атасы өлөт"дегендей, сөз удулу келип калды-деп, өтүнүч менен кайрылды да, катар олтургандарды сыдыра карап:
-Менин айта турган сөзүм кыска, бирок нуска. Ириде Стам айтты го "өзгөнү сыйлап, өйдө өскөн өлкөнү көргөн жокмун"-деп. Өсө турган адам алгач өзүн сыйлайт,анан өзгөнү сыйлайт.Биздин элдики такыр тетири кетти. Айтайын дегеним азыр борбордо аялынын сөзүнөн чыга албаган сайпана, эркек деген атка доо кетирген атанын атын булгап аялдын баласы болуп алгандар, балдарын орус мектептен окутуп, кайирдин кылып өстүрүп каада-салттан алыс кылып өстүрүп жатышат. Орус мекткептен окуган баланын ой жүгүртүүсү орусча болуп, ойлогон оюу, кыял-жоругу, дити орус болуп калат-экен. Мен буга тээ жетимишинчи жылдан бери анализ жүргүзүп, баам салып келатам. Бала орус тилинде эркин сүйлөгөнү менен анын мекенге жана ата-эне, бир тууганга карата тоң моюн мамиле жасап, тилди булгап сүйлөп калганы мени абдан кыжаалат кылып келет. Эки кыргыз өз мекенинде башка тилде сүйлөшкөнү, кандай жагымсыз. Муну мен эмне үчүн айтып жатам. Жанагы биздин эл билермандары орус тилин билем деп мактанганыбы, дайыма эле теледен же радиодон орусча акылдуу сунуп сүйлөшөт. Ушул мекенди, жер- сууну бизге мураска калтырган ата-бабанын арбактарын сыйлагандыкка жатабы. Албетте орус тилинде сүйлөчү учур келет, бирок алар такыр эле эне тилди басынтканы кантип болсун. Алардын иш бүтүрүп жарытпаган немелер экенин көрүп эле турам.
Марат, сен өсөм десең алгач элиңдин тилин жана дилин сыйла. Ошондо сага бир Алла эле эмес ата-бабалардын арбагы дагы ыраазы болот. Бул айта турган биринчи сөзүм.Экинчиси бул.
- Тээ илгери бир ажыдаар болгон экен. Анын үңкүрүнө кирген киши ажыдаардай алдым- жуттум болуп, ач көздүккө берилип баарынан көр оокатты бийик баалап, убададан байлыкты жогору тутуп, эл-журтун каратып туруп алдап, өз гана кызыкчылыгын ойлоп калчу- экен. Бир күнү сага окшогон жаш бала "ажыдаарды өлтүрөм"- деп анын үңкүрүнө кирип, көз жоосун алган алтын буюмдарды көрүп, азга алым сынбай көпкө кызыгып жатып, өзү дагы кантип ажыдаарга айланганын билбей калыптыр.
- Азыр биздин ат үркүтөр төбөлдөрүбүз алдым-жуттумга баш оту менен кирип, ач көздүккө берилип бараткандай. Анысысыңары сен дагы мансапка жетип калсаң, байлыкка азгырылба жана өзүңдүн адамдык абийириңди баарынан бийик тут. Бул жерден акыл айтайын деген деле ниетим жок. Болгону бир келген жашоодо, атанын атына доо кетирбей таза абийирлүү жашап өтсөң, ошол сага бакыт. Барган сайын эмнегедир адамдык сапаттан, акча бийик болуп баратат. Байлардын сөзү-сөз болуп туура жана калыс айтылган кеп көмүскөдө калып баратканы ушул айтылган сөздөрдү айтканга түрткү берди. Негизи атаң Токтоболотко мен азыр ыраазы болуп турам. Керек болсо беш кишинин башын кошуп тамак бергенге дагы адамдын духу жетиш керек-деп, тартылган устукандан кесип оозуна салды да, тиши жок экенин билгизип, кемшеңдеп чайнаган болду.
-
АЖАР
Жазылган күн: 24 Дек 2018
АЖАР
Касымаалы Баялинов
Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна ток-
тогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачканнуруна
боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаң,ылык киргизгендей. Учу-түбүжок
туң,гуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп бүткүл макулукту кучагына
алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөйболот.
Калың, бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял келе жатышты.
Бирөөнүн үстүндө шайы ала чапаны бар; жоолугу бош ийинде түшүп,
башы жылаң, баш; аягында кепич, маасы; өң,ү саргайың,кы, жүдөң,кү,ак
жүзүнүн көркү кетип, көзүнүн алды карарган. Жашы 15–16 чамасында,
сенделип, буту араң, гана шилтөөгө келип, муң,дуу жумшак көз жашы
тыйылбай, үшкүрүгү таш жарат. Бул – биздин азыркы сөз баштамакчы
болуп олтурган Ажар деген кыз болуп, беркилери Ажарга жолдош болуп
бирге чыккан ошол жердик аялдар. Булар кедейдин алачыгына окшоп,
көп бейиттин четинде турган бир кичирээк мүрзөгө келип токтошту.Ал
– Ажардын энесинин мүрзөсү.
Ажар мүрзөнү көргөндө токтоп тура албай, мүрзөнү кучактап
буркурап-боздоп, ыйлап жиберди.
– Жаным, апа! – деди Ажар. Үн жок... Жымжырт... – Жаным, апа, тур!
Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артың,да калган жалгызың,келип,
жалооруп жаның,да олтурат. Жалгызың,дын сөзүн ук, ая! Жалгызың,
бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы
байланганы, ага сатылганы жатат. Андан кутказ, ал азапты көрсөтпө,
койнуң,а ал, ач койнуң,ду! ..
Сенин өлгөнүң,ө кайгылуу болуп, кан жутуп, сабыркап, санаа тартып
жүргөн кезимде, багат-көрөт деген тууганың, мени бул күнгөтүшүрүп, бир
жат кишиге сатып кетип, сай сөөгүмдү сыздатты, зарлантты,муң, дантты,
мага да өлүм керексинтти. Бирок сага берген ажалды кудай мага ыраа
көрбөдү. Жасаган ай, мунуң, эмне? Анык бар болсоң,, мени эмнекөрбөдүң, ?
Кантейин, эң, болбогондо, тең,туш болсо, кыздын барар жери күйөө
дегендей, жаттыгына карабай, «мейли» деп да коёт элем. Бирок алмаркум
атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Кантип аныөмүрлүк
жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кең,еш, кимденжардам
сурайм? Айт, апа! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим,таянар
тоом, жашынар караган-бутам калбай калды. Бирок сен, апа,жоксуң,. .. Сен
боору суук кара жердин койнунда, түбөлүк уйкуда жатасың,... – депбоздоп
Ажар ыйлады. Көзүнүн жашы он талаа болуп, бетин жууду...
II
Ажардын ким экендигин окуучуга айта кетелик. Ажар – 16-жылкы
үркүндө кытай элине сатылган кыргыз кыздарынын бири. Атасы Айткулу
үркүндө окко учкан; энеси Батма кечээ жакында кытай жеринде өлдү.
Ажар Айткулунун карыганда көргөн жалгызы болучу. Батманын
мурунку балдары токтобой, бардыгы жаш кезинде өлгөн. Батманын
боюнан түшкөн балдары да болгон. Айткулу ага көп аракет кылды.
Айылдагы бакшы, молдолорго Батманы көрсөтүп, далай чыгымданды,
карызданды; Кашкардан келген азирети аппак кожого да көрсөттү. Ал
Батманын мойнуна тумар тагып, чыныга аят жазып эзип ичирип, бир
топ күнү жаткан. Түн ортосуна чейин исми агзам дубасынан бирнечесин
кабаттап окуп чыгып, бир канча ырым-жырымдарын жасаган. Түшүндө
Батманы айланып жүргөн кара чаар, көк жал жолборс менен күрөшүп,
кырк чилтен менен сүйлөшүп, көп-көп кереметтер көргөн. Мунун бар-
дыгын мыктап туруп эртең,ки чайга олтурганда кожокем Айткулу менен
Батмага айткан. Көп кечикпей, арысы эки, бериси бир айдын ичинде
Батманын боюна шексиз бир эркек бала бүтүп, анын аман-эсен туулу-
шуна Батманы да, Айткулуну да ишендирген. Бирок анысы үчүн кырк
чилтендин тапшырган жумушу деп, бир жылкы кудайы керек экендигин
айтып жатып, Айткулунун жалгыз көк чологун алып, кожокем жолго
түшкөн. Мындан үч жыл өткөндөн кийин кожосуз, молдосуз, бакшысыз
эле Батманын боюна бүтүп, Ажар туулган.
Ажар үркүнгө чейин эч бир жаманчылык көрбөй, бир үйдүн эркеси
болуп өстү. Эл үрктү. Чүй боорундагы элдер келип, Коң,ур-Өлөң, ,Ала-
Башты каптап конушту. Түтүнгө бир кишиден ирет болуп, аскерликке
чыксын деп, манаптар буйрук кылышты. Ал иретке Айткулуну да чыгар-
макчы болушту. Айткулу андан калмакчы болуп, айыл манабы Сагындын
алдына барды.
– Баатыр, мени иретке чыксын деген экенсиз, бирок мен чыга ала
турган эмесмин. Үйүмдө мына бул турган чычкандай жалгыз кызымдан
башка бүлөм жок. Минтип ар ким өзү өлбөс камын кылып, журтбүлүнүп,
жоо жакадан алып турган кезде, катын-баламды чыркыратып кайда,
кимге таштайм? Мен бара албайм, мени коюң,уз, башка бүлөлүү элден
жибериң,из. Тиги Алымкулдун ортон колдой эки уулу да барбай калып
олтурбайбы? Адилеттик кылып, ошого окшогондордон чыгарың,ыз, –
деди Айткулу.
– Чык эшикке, ит! Сен Алымкулга тең, келгиң, келген экен, ээ! Муну
көрбөйсүң, бү! Сен ким, Алымкул ким? Муну билесиң,би? Эртең,денкалбай
аттанасың, ! – деп Сагын Айткулуну үйүнөн кууп чыккан.
Алымкул – Сагындын жакыны жана байы. Сагын жалаң, гана Алымкул
эмес, Алымкулга окшогон өзүнө жакын далай бай, манаптын балдарын
иретке чыгарткан жок. Иретке чыккан өң,чөй кедейлер, кедейдин балдары.
– Айткулу, аттан!
-
Компьютердик мастер
Жазылган күн: 20 Дек 2018
Компьютердик мастер- ремонт компьютеров, ноутбуков
- установка/переустановка windows xp, 7, 8, 8. 1, 10
- Установка/ настройка офисных приложений Microsoft Office 2007/2010/2013/2016
- Установка/ настройка антивируса (проверка, установка, обновление баз)
- Установка/ поиск драйверов на оборудование
- Установка любых дополнительных программ
- настройка и подключение к wi-fi
- и многое другое.
-
Компьютердик жардам
Жазылган күн: 15 Дек 2018
Компьютердик жардам
- ремонт компьютеров, ноутбуков
- установка/переустановка windows xp, 7, 8, 8. 1, 10
- Установка/ настройка офисных приложений Microsoft Office 2007/2010/2013/2016
- Установка/ настройка антивируса (проверка, установка, обновление баз)
- Установка/ поиск драйверов на оборудование
- Установка любых дополнительных программ
- настройка и подключение к wi-fi
- и многое другое.
Тел: 0707031656
Комментарийлер
Ylykbek1990 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?