adalsvards Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 5 150 (0,86 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (1041 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Июль 08
- Кароолор:
- 149 257
- Соңку аракети
- 27 Фев 2022 18:34
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 37 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 15, 1987
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Жомоктогу сепил сарай
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
biznes
09 Май 2023 - 02:04 -
kaprizka89
21 Апр 2023 - 18:45 -
Гость
29 Янв 2022 - 23:16 -
patma.mahmud-...
10 Янв 2022 - 12:29 -
arhidey
01 Янв 2022 - 19:04 -
Akyljan12
18 Ноя 2021 - 18:50 -
sternchen
10 Окт 2021 - 10:58 -
Babi.
10 Июл 2021 - 17:33 -
kgman92
23 Мар 2021 - 14:43 -
AZIK01
22 Мар 2021 - 08:00
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши...
Жазылган күн: 27 Фев 2022
Бул темада эле эмес, деги эле форумда да жазбай калгандан бери биринчи жолу баштан-аяк окуп чыктым. Арадан 7 жыл өтүп кетиптир. Ошол кезде төрөлгөн бала быйыл мектепке барат окшойт...)
Дал ушул теманы мага ушунча убакыт өткөнүнө карабай, эстетип турган эки адамга ыраазычылык билдирем. Улантышым да мүмкүн, улантпай коюшум да мүмкүн. Чыгармамды окуп келген, күтүп жүргөн ар бириңиздерге рахмат айтам! -
Темасы: Анёң! Корей дорамалары жана кинолорун талкуулайбыз
Жазылган күн: 29 Сен 2017
Анёң! Баарыңар барсыңарбы, түгөлсүңөрбү?
Дымы чыкпай кетти го деп мени эстегендер болуп калабы?)
Ушул теманы сагынып кетиптирмин. Ошон үчүн кирип калдым. Убакыт болсо, акыркы көргөн сериалдарым тууралуу жаза кетем.
-
Темасы: "Суперстан сулуусу-2017"
Жазылган күн: 28 Авг 2017
Баарына жалпы салам!
Калыстар актангандай болуп түшүндүрмө жазуунун ордуна ушул сынакка катышкандардын арасынан суурулуп чыккан жеңүүчүлөргө, дегиле кыздардын баарына баа берип, куттук айтып, анан каалоо менен жыйынтыктаган пост калтырганыбыз сонун болмок. Тилекке каршы, андай болбоду)
Биринчиден, ушул сынактын алкагында катышуучулардын баарына "бали" дегим келет. Анонимдүү болгубуз келген аянтчада ачыкка чыгуу бул чоң эрдикти талап кылат. Ар бириңердин өз алдынча өзгөчөлөнүүгө болгон аракетиңерди сыйлайм жана баалайм!
Экинчиден, ушул сынакты уюштурган форумчу кызыбызды - Maika'ны форумду жандантып койгонуна "рахмат" айткым келет. Сага бул сынак кийинки идеяларыңа дем болсун демекчимин)
Үчүнчүдөн, канчалык күтсөңөр да, жогоруда илинген бааларым боюнча кенен жазып отургум келген жок. Көп упай берген форумчулар демек, азаматтар! Ал эми азыраак упай берген форумчулар кичине алдыңкыларга караганда аракети аз болуп калыптыр деп түшүнгүлө. Бир эле көңүл калган сынактын шарты - дилбаян болду. Ал эми кызыгып караганым бул - видео кайрылуулар)
Сөз аягында жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктайм! -
Темасы: Анёң! Корей дорамалары жана кинолорун талкуулайбыз
Жазылган күн: 17 Дек 2016
Aisuluu7, мага да өтө жакты, аягына чейин жарылып кете жаздадым) Актёрдук курам шик тандалган ээ? Мындан артыгын каалоо күнөө болот))) Башкы каармандагы актриса Айю укмуш сонун ойногон, молодец ырчы да, актриса да өзү) Ван Сону аткарган Ли Чжун Кинин буга чейинки ролдорун жактырчу эмесмин, мында пөрфект! Сүйүп калууга аз калып, өзүмдү кармап калдым. Император болбосо, балким жүрөк арналып кетмек))) Кан Ха Ныль да сонун ойноптур, бул актёр башынан эле жагат, жакпаганы боло элек) Байкуш көздөрүм аны көргөндө токтоп калат, башка эч кимди байкабайт)))
Тарыхый жана курч сюжеттүү дорамалар жакса, "Алые сердца: Эпоха Корё" дегенди көрүңүз.
-
Темасы: Анёң! Корей дорамалары жана кинолорун талкуулайбыз
Жазылган күн: 17 Дек 2016
“W: Эки дүйнөнүн ортосунда” (“W: Меж двух миров”/“W: Two worlds”) – 100 жолу кайталанган сценарийден тажап бүттүңүзбү, 1-сериясынан ары эле окуя кандай өнүгөрүн билип коёсузбу, жооп “ооба” болсо, анда ушул сериалды сынап көрүңүз. Сценаристке эмгеги үчүн кол чаап койсо болот, чынында шаблон дорамалардан төөлүк өйдө турат. Муну да актёр Ли Чон Сок үчүн тандап алгам, бул адам долбоорлорду жакшы тандайт жана аны берилүү менен аткарат. Кызыктуу сюжет, мыкты оператордук жана режиссёрдук иш, жасалмалуулугу жок актёрдук курамдын аткаруусу... Сүйүү линиясы да жетиштүү порцияда, башкы каарманды ойногон кыз бир сөз менен айтканда, баатыр кыз)))