Кайнененин кылыктары
#921 12 Июнь 2020 - 19:50
#922 12 Июнь 2020 - 20:34
#923 17 Июнь 2020 - 21:05
Merelisha (12 Июнь 2020 - 19:50) жазган:
Саат 2де камыр кылып 7ге даяр кылып бышырып койсонуз,кыйын келин экенсиз ее там бердим.мен кайненениздин ордунда болгондо,суйунгодумдон эзилип жок болуп кетсем керек эле.мен кайненем мн турган да,эрте мн турарым мн камыр кылдырса жаман корот элем чай ичип алыпделе кылат элемго деп.сизди окуп алып уялып кеттим озумон.бактылуу болунуз ушунуздан жазбаныз ылайым.
#924 17 Июнь 2020 - 23:20
Merelisha (12 Июнь 2020 - 19:50) жазган:
Кайненеңин кыялдары кызык экен. Бүт тескерисинен
Бул жакты окуп коркосуң турмушка чыгуудан да))
#925 18 Июнь 2020 - 11:41
Merelisha (12 Июнь 2020 - 19:50) жазган:
Ушундай жоруктар бара бара сени дагы жалкоо кылып салат. Кылганын жакпаса,акылдашсан тетири сүйлөсө, адамды тетири жака тарбиялоого миңден бир жолу. Келин деген малай деген эле сөз экен карап отурсаң.
#926 18 Июнь 2020 - 17:28
#927 18 Июнь 2020 - 20:12
Mydearzh (17 Июнь 2020 - 23:20) жазган:
Бул жакты окуп коркосуң турмушка чыгуудан да))
Деп коюп, баарың бытырап четтен эле тийип кетип жатасыңарго, "Начар кайнененин айынан эрге тийбей турган болдум, бүттү жалгыз өтөм" дегенди эч эле окубадым.
Көз кулак кокрок, кол баатыр болот тийе бер садагаңа кетейин)).
Билдирүүнү түзөткөн: 0001KG: 18 Июнь 2020 - 20:13
#928 18 Июнь 2020 - 23:11
Merelisha (12 Июнь 2020 - 19:50) жазган:
Убакыт отушу менен уй-булодогу жагдай да озгорот таптакыр. Азыркы терс кыялын корсотуп жургон кайненениз да карыйт, кучтон кетет, жардамынызга муктаж болот, сизге болгон мамилеси озгорот.
#929 23 Август 2020 - 10:38
Merelisha (12 Июнь 2020 - 19:50) жазган:
Укмуш ай кайнене жогу деле жакшы кулак мээ тынч дегендей. Бизде кайнеже деген кайнене барда бирокчу бардык кайненелерди басып отот атак. Озумо сабр тилейм
#930 29 Август 2020 - 16:09
#931 20 Октябрь 2020 - 16:42
Мен азыр колунда келини бар кайнененин биримин.Чынында уч келиним бар.Тунгуч келинимди жакшы кором корбосом сагынып кетем Ал да апа оорусаныз коркуп кетем,оорубаныз апа,сагынып кеттим апа деп калат..Жакшы жагын да кетирген катачылыгын да энелик журогум менен сезип баары бир менин балам деп жакшы кором.Козумо сайып айыбын айтып турса да баары бир журогумон жакшы королм.Эшигимен кетсе да журогумон кетпейт апа деп звандаса, апа деп кирип келсе журогум суйунуп жайрап кетем.Ал менин суйгон эки неберемдин апасы...Мен суйгон ,мен жакшы коргон тунгуч келиним,келиним эмес кызым деп босогомду ататкам.Ал менин кызым.Кызымдай келип кетип турат...
Экинчи келиним жарокерим,жан куйорум бирок тилим тийип калган .Атан коруу куу турмуш уй булоо бузуп тийбесе тилим тийбес эле.Тиш тырмагым менен каршы болсом да тагдырын курусун эки наристе тороп ,жакшы жагы менен,тороп баласы менен,кылып кызматы менен жагып келет.Пешене да биринчи болуп босогомду аттаганда каап деп калам.Пешенеси ушул экен да болбосо бир куттуу уйду кут киргизген ак жуздуу зайып болмок деп башка келиндериме секин актап калам...
Учунчу келин кудай буйурса кенже келин ичимен силердин аранарда зырылдап жазган келиндерди окугам да келиниме боорум ооруп кетет..Уйго неберелерим келгенде келиним кантип атат деп козун карап кыжаалат болом.10 Неберем бар сегизи майдараак.Уйго келишсе тополон тоз болуп кетет.Мен учун майрам мен учун жыргал келиним кантти экен деп ойлонуп кетем.Аллага шугур сыр бербей чыдап келет.Кээде кеде саал кабагы бурколуп калат атан коруу чон ата менен чон эне келини жок оздору жашаса жакшы болмок бирок карылык бэлге тээп келет арган жок...
#932 22 Октябрь 2020 - 05:36
Баары бир бир ооз сурап кое бериш керек "не кылайын" деп, жооп берсе айтканын кыл, жооп бербей ары карап кетсе өз билгениңди кыл дегендей.
Анан дагы элестет өз үйүндө кожо болуп, баарын өзү билип жүргөн күндөрдүн биринде башка эле бирөө келип алып өз билгенин кылып жүрсө, кайненеге деле терс көрүнүш да).
Бир күнү тазикке кирлерди чогултуп койгон экен жууп койсом "иий" деди эле. Ошодон кийин өзүнүн кийимин жуудурбайт. Мен аны жакшы түшүнөм, себеби мен да ошондоймун. Муну кыл же кылба дебейт, өзү кылып жүрүп көрсөтүп коет баарын, кайсы жерге мен колумду тийгизсем болот, а кайсы жерге тийбешим керек экендигин азыр так билем. Өзү да менин дүнүйө оокатыма киришпейт и башка үй бүлөө мүчөөсүн да кийлигиштирбейт. Кыздарын мен жокто комнатама киргенин көрүп калса, "чыккыла, не кылып жүрөсүңөр ал жакта" деп тилдеп коет.
Айтор, личное пространство жакшы бизде.
Ар кимдин өз орду бар. Мен да кийин апамдай кайнене болсом экен дечү болдум акыркы күндөрү. Себеби кызганчаагыраак экенимди сезип калдым да, балдарымды келиндерден кызганбаган апамдай кайнене болсом экен дейм).
Бир чети ойлойм, "бул келиним баары бир бөлүнүп чыгат" деп балким атайын бардыгына аралаштырбай аткандыр деп. Себеби кайра-кайра эле башка бир чоң кишини тарбиялап, нукка сала бериш кыйын го. Нерв кетет дегендей.
Айтор, бир нерсени түшүндүм, канча үйрүлүп түшсөң да келин кызыңдай болбойт, кайнене энеңдей болбойт. Ошон үчүн "мени келин дейт, кызындай көрбөйт" деп келиндер өкүнө бербей, көп нерсени жүрөккө жакын албай, кол шилтеп үйрөнгөн жакшы. Баары бир ал үйгө бөлөксүң. Укмуш бир Куликовскийдин тортундай торт жасасаң деле бир жеринен кынтык табат)). Ошого нервиңерди сактагыла.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 22 Октябрь 2020 - 05:38
#933 31 Октябрь 2020 - 20:59
#934 09 Ноябрь 2020 - 22:55
#935 10 Ноябрь 2020 - 00:36
#936 15 Ноябрь 2020 - 13:09
#937 15 Ноябрь 2020 - 13:17
#938 15 Ноябрь 2020 - 13:23
#939 15 Ноябрь 2020 - 22:29
Janna19 (15 Ноябрь 2020 - 07:23) жазган:
Эээхххх кандай уяты жок неме???? Кандай дити барды? Кандай кызыгы бар баласы мн келининин тошогу? Мээме синдирип тушуно албай атам. Сизге сабыр каалайм.
#940 23 Ноябрь 2020 - 17:53
Кайненем тууралуу айтсам кээде эле ото жакшы , кээде эле башкача болуп чыга келет. Кайненем мен учун химия сабагындай эле тушунуксуз))