Puper-pup Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 502 (0,12 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (95 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 27 Август 13
- Кароолор:
- 93 266
- Соңку аракети
- 06 Окт 2021 22:28
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 96 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 1, 1928
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- UFC
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Бул нерсе кыйын эмес!
Жазылган күн: 9 Июл 2020
Темага кыйын эмес иштерди жазабыз. Мисалы,
Бул нерсе кыйын эмес- эртең менен турганда жылмайган.
Бул нерсе кыйын эмес- танкы кофени кооз кружкага ичкен.
Бул нерсе кыйын эмес-коңшуларга салам берген...
Улантабыз... -
Пейилди кенен коюп мотивация бер!
Жазылган күн: 27 Июн 2020
Оюндун шарты,бирөө келип тырындайт, найнындайт же эркелейт,мен капалуумун же ишим болбой жатат десе:
@Бул күндөр өтөт,
@Сенин колуңдан баардыгы келет деп, шыктандырат болушунча.
Жакшы сөз аянакей жок,бекер чыгат го.
Башталды:
Ушул оюнду ойноп болсо дагы көңүл жылытып пайда болот болду бекен?. -
Ийгиликтин сырлары. Тайм менеджмент.
Жазылган күн: 21 Июн 2020
Ийгиликтүү болуунун сырлары эмнеде деп ойлойсуз? Кантип өзүмө ишенген күчтүү инсан боло алам деп өзүңүзгө суроо бергенсизби?
Күнүмдү, айлык,жылдык план түзөсүзбү?
Суроолорго жооп берип өз оюңарды жаза кеткиле, мен дагы өз билгеним менен бөлүшүп турам. -
Алкановду ким, эмне үчүн бычактаган?
Жазылган күн: 4 Ноя 2014
Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилди. Ишкерге дарыгерлер 4 сааттан ашык операция жасашып, абалы оор бойдон экени айтылууда. Алкановдун денесине бир нече жолу бычак сайылып, анын көптөгөн ички органдары жабыркаганын.
79 жаштагы Райкан Алканов 25-октябрда Талас облусунун 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага (Талас облусунда) катышкан. Катышуучулардын айтымында, салтанатта меценат көңүлдүү отурган, ырдап, бийлеген. Андан кийин ишкерди айдоочусу эс алуу үчүн үйүнө жеткирген. Ал эми эртеси, 26-октябрда ал өзүнүн айдоочусу менен байланышып, тез келүүсүн айткан. Айдоочу ишкердин бычактан жаракат алганын көрүп, "Тез жардамды" чакырган.
Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды
Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 28-октябрда билдиришти.
“Кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды. Учурда ал сурак берүүдө. Анын мындай ишке барышы күмөн жаратууда. Жанында андан башка дагы адамдар болушу мүмкүн. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деди Ички иштер министрлиги.
Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектелип, издөөдө жүргөн 2 айым кармалды.
Кылмышка шектүүлөр ишкердин материалдык абалын билишкен жана атайылап ушул ишке барышкан. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири жабырлануучунун үйүндө бала багуучу болуп иштеген айымдын тууганы болуп чыкты.
Ишкер Райкан Алканов ага болгон кол салуу фактысы боюнча билдирүү жолдоду:
“Каргашалуу окуя болгон күнү үйүнө акча сурап бала багуучумдун эки кызы жана аны менен дагы бир кыз келген. Кийин кеч болуп кеткендиктен, алардын үйдө калуусуна уруксат бергем. Анан түн ичинде башыма урулган катуу соккудан улам ойгонуп кетип, бычак жана балта кармаган кыздарды көрдүм. Алар акча талап кылып, ичти көздөй бычак менен уруп жатышты” деп айтылат катта.
Бул окуя тууралуу кимдин ою кандай? Элдин оозунда элек жок дейт, кээ бири минтиптир:
- Кантип эле кыздар тоношсун?! Кыздардын мээси деле бардыр. Акчасын, байлыгын алгысы келсе, башка деле жол менен саап алышмак. Бул чын эле өчү бардыр да. Байлыкка көпкөнүнөн кыздардын намысына тийгендир.
- Той-торополош кишилердин айтканы:бул киши озу текебер,сулуураак кыз-келинди корсо куйоосун козго илбей тийишет дешет,ким билет.....
Комментарийлер
Puper-pup ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?