Mahmud-Kashgari Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 30 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстандын архиви (16 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 06 Июль 15
- Кароолор:
- 1 429
- Соңку аракети
14 Авг 2015 00:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 46 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 12, 1978
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: "Достор, сүрөттөрүбүздү жарыялайбыз" темасындагы сүрөттөргө оюбузду жазабыз.
Жазылган күн: 27 Июл 2015
Азамат иним сурот сонун. Сен дайыма жонокой нукура оригинал сурот илипсин. -
Темасы: НУРИК сенин элесин өмүр бою жүрөгүмдө сакталат.
Жазылган күн: 27 Июл 2015
Олгондон кийин жана туболукко жок болгондон кийин жерди тепкилесек да ал кундор кайтып келбейт. Ар бир жакынынызды убагында барктай журунуз. -
Темасы: "Аялдарга татыктуу мамиле жасалуудабы?"
Жазылган күн: 19 Июл 2015
Аялдарга татыктуу жеткиликтуу кам корулуп жатабы? Аялдардын жана жалпы эле Кыргыз републикасынын жарандарынын укугу кандай болуу керек жана кандай укуктарга ээ? Жарандар бири бирине кандай мамиле кылуу керек жана кантип кайрылуу керек? Ислам дининде аялдардын укугу жана аялдарга кандай мамиле кылуу керек? деген суроолордун тегерегинде соз болсо окшошмок экен. Аялдарга татыктуу мамиле дегенинер кандай? Кайсыл жердеги мамилени мисал кылып жатасыздар жана кандай эркектин кандай аялга мамилесин айтып жатасыздар? Куйоосунун аялына болгон мамилесиби же кам коруусубу? Баланын энесине болгон же эже карындашына болгон ортодогу мамилесиби же кам коруусубу? Бир кочодо бараткан эркектин кочодо бараткан бей тааныш аялга болгон мамилесиби? Ага кандай мамиле кылуу керек кантип кайрылуу керек дегендей.
Жалпысынан алганда мамилени соз кылчуу болсок мамиленин ар кандай туру бар. Ошондой эле ар кандай мамиледеги адамдар бар. Ар бир адам каалаган адам менен каалгандай мамиле кура алат жакшы же жаман. Ал эми аялдарга татыктуу кам корулуп жатабы, аялдардын укугу татыктуу корголуп жатабы? Аялдар эркектер учун ким, жана эркектердин аялдарга коз карашы кандай? Бул багытта соз кылуу абдан тугонгус масале. Адам укуктары жана милдеттери тууралуу кобуроок маалымат алып окусак ушул сыяктуу суроолорго жооп табаарбыз.
»»»»»««««««««
Ушунча жазыптырмын эми бир макаланы иле кетейин аялдарга мамиле тууралуу.
»»»««««
Адам укуктары
Ош: милициянын запкы көргөн жубайлары
»»»»»»«««««««
Оштогу аял укуктарын коргоо уюму акыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктар көбөйгөнүн билдирип чыгышты.
Үй-бүлө зомбулугуна күч кызматкерлеринин аялдары көп кабылууда. Мындай билдирүүнү Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова таратты. Анын айтымында, акыркы кездери борборго үй-бүлө зомбулугунан жабыркап кайрылган аялдардын 90% укук коргоо кызматкерлеринин жубайлары болуп чыккан.
- Үй-бүлө зомбулугуна кабылып кайрылган аялдардын көпчүлүгүн биз аныктап келгенде укуктук билими бар, тартип коргоо, күч органдарынын кызматкерлеринин аялдары болуп чыгууда. Биздин эсеп боюнча бизге кайрылган он аялдын тогузунун жолдошу тартип коргоо кызматкери экен. Себеби, алар мүлктү аялдарынан соттошпой тартып алууну каалайт. Ошол эле учурда өздөрү жазасыз калуунун жолдорун жакшы өздөштүргөн. Аялы канчалык какшаса да үнү эч кимге жетпей турганын билишет.
»»»»»»»«««««««««
Укук коргоочу Дарика Асылбекованын баамында, укуктук жактан сабаттуу эркектердин көпчүлүгү алган билимин аялдары менен мүлк талашкан учурда колдонушат. Ошол эле учурда аялдарына көрсөткөн зомбулугуүчүн жазасыз калышат.
Учурда бала сатып алууга айыпталып жаткан 31 жаштагы Мунаргүл Камчиевада милицияда иштеген күйөөсүнүн сунушу менен бала багып алууга макул болуп, кайра эле анын көрсөтмөсү менен камакка алынганына даттанды:
- Мен каршы болсом да "бала багып алсак тынч жашайбыз" деп көндүргөн. Багып ала турган баланы да өзү тааптыр. Мен үйдө жок кезде менин паспортум менен жаш кызды төрөтүп жүрүптүр. Анан өзү "аялыма чара көргүлө, бала сатып алып жатат" деп милицияга арыз жазыптыр. Биз бирге окуган учурда, алгач баш кошкон кезде да ал андай эмес болчу. Милицияга ишке киргенден кийин эки жыл ичинде бузулуп, өзгөрдү. Көзүн май басты. Көңүлдөш аялдары көбөйдү. Акыркы учурларда мен аны тааныбай калдым.
»»»»»»»««««««««
Көзүнүн жашы кургабаган Мунаргүл учурда бала сатып алуу фактысына толук бойдон күйөөсүн күнөөлөп, ага далилдерди чогултуп жүрөт.
Ал гана эмес, жолдошунан токмок жегендеги тактарынын сүрөттөрүн чогултуп алган. Ал канча арыз жазганы менен эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Бул учурда Мунаргүлгө карата кылмыш иши козголуп, камакка алынганын Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыковкабарлады:
- Учурда Мунаргүл Камчыеванын үстүнөн адам сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мурда милиция кызматкери менен жарандык никеде жашап жүрүшкөнү чын. Бирок алар чыр-чатактардын айынан бирге жашабай калышканы аныкталды.
»»»»»»»«««««««««
Учурда ал кызматкер Ош милициясынан борборго которулуп кеткен. Бүгүнкү күндө ал кызматкердин бала сатуу процессине катышпагандыгы аныкталып жатат. Ал ишке кимдин канчалык катыштыгы бар экенин иликтөө көрсөтөт.
Милиция кызматкерлери арасында аялына кол көтөрүү такай катталып турганын милициянын өздүк коопсуздук башкармалыгынын жергиликтүү бөлүмүнөн да тастыкташты.
Өздүк коопсуздук кызматынын жергиликтүү жетекчиси Тажимамат Курбанов кызыл камчы милициялардын так санын атаган жок. Бирок андай фактылар тастыкталбай каларын айтты:
- Кызматкерлер арасында үй-бүлө зомбулугу боюнча соттолгондор жок. Бирок арасында аялдары "күйөөм урду, СОБРда иштейт, күзөт бөлүмүндө иштейт" деп кайрылгандары бар. Бирок алар адатта тастыкталбай калат. Анткени аял кишилер өз арыздарынан баш тартып кетишет.
»»»»»»»«««««««««
"Ак жүрөк" кризистик борборуна жыл башынан бери 380 аял үй-бүлө зомбулугунан улам кайрылышкан. Укук коргоочулар милиция кызматкерлеринин арасында аялын эки-үч баласы менен кошо эч кандай мүлксүз көчөгө айдап чыккан фактылар бар экенин айтышат.
Өзүн милиция күйөөнүн курмандыгымын деп эсептеген Мунаргүлдүн парламент, Башкы прокуратура, ИИМдин өздүк коопсуздук органдарына жазган каттарынан али майнап чыга элек.
»»»»»»«««««««
Даярдаган
Ыдырыс Исаков
»»»»«««««
Укук коргоо органдарынын аялдары кордолгондон кийин башкасын кантебиз? Деги эле аял заты эркек учун ким? Ушул суроого жакшылап жооп издеп королучу.
П.С
Аялдар эле эмес жалпы адам заттын бири бирине мамилесин, укуктарын, ар бир адам биле журуусу абзел. -
Темасы: Сүйгөнүңөр үчүн ыйлаган учурлар болду беле?
Жазылган күн: 16 Июл 2015
Жараткан эгебиз эч бириниздерди суйуунун айынан ыйлоого таштабасын. Суйуу учун ыйлоо эмне болуп калыптыр, кан куйгон согуштар бей куноо жандар суйуунун айынан ажал тапкан. Суйуу кимдерди гана сындырып чоголотпогон, менмин деген каардуу адамдардын да суйуунун алдында алсыз болуп туруп берген. Суйгонун учун ыйлоонун эч кандай терс жагы жок. Эгер чындап суйсон ыйлагандан да бетер болуун мумкун. Копчулук озун томон сезгиси келбей ыйламаксан билдирмексен болот. Бирок сыртындан коз жашын чыкбаганы менен ичинден жан дуйноонор ыйлаары, талкаланаары чын кеп. Ички дуйнон ыйлаганы сырткы ыйлоодон алда канча азаптуу. Сыртка адамдарга билдирбегенинер менен Кудай ыйынарды ызанарды коруп турат. Эгер ичинерден жана сыртынардан ыйлабасанар эч нерсе сезбесенер, демек ал суйуу эч убакта суйуу эмес.
Ошондой эле эркек адамдын куру намысы болуп калыптанып калган соз эркектер ыйлаганы болбойт дегендер. Эркек да адам, анда да жан дуйноо, сезим, конул деген Жараткан эгебиз тарабынан берилген туюмдар бар. Тарыхта коптогон улуу каардуу падышалардын коз жаш токкон учурлары коп эле катталган. Алар болбосо эл башы ошончо элди башкарган эл башчы эмес беле. Аларда да сырткы денеге болчуу соккудан да жаман ички дуйноосуно соккулар болгон. Аларда да сезим бар. Пайгамбарыбыз салаллооху алейхи вассаламдын да коз жашы аккан учурлар болгон. Эркек адамдын коз жашы агат, жакын адамдарынан туболуко айрылганда, Кудайга жалбарып куноосун кечирилуусун сурап дуба кылганда жана башка учурларда эркек деле коз жашы чыгып кетуусу мумкун.
-
Темасы: Суперстан сулуусу 2015
Жазылган күн: 15 Июл 2015
Урматтуу форумчулар! Баарыныздарды сабырдуулука чакырам. Келе жаткан орозо айтыныздар менен!
Бир бирибиздин конулубузду оорутпай жакшы маанайда болсок. Коптон куткон сынак да аягына чыгып буюрса добуш берип жатыпсыздар.
Бироону сындаганды токтотуп катышуучуларды жигиттердин сынына калтырайлы дегеним жигиттер оздору билип добуш беришет. Сынак эн сонун былтыркы жылдан караганда озгочо жакшы денгээлде отту. Шарттары бир кыйла катаал болду мурдагы жылкыдан. Антсе да тайманбас эр журок озуно ишенген кыргыз бийкечтери тартынбай катышып беришти.
Кыздар сиздерге айтаарым, жигиттер гана баалайт сиздерди. Ар кандай сындарга конул бурбаныздар. Жана жалпыга айтаарым эрежени жакшылап окуп сактасак. Алып баруучулар экоо тен жаш келиндер экен уй тиричиликтен бошой албашы анык. Быйыл кечендеге бул сынак алар демилге которуп уюштурганына ыраазычылык деп койсок ашыкча болбос.
Баарыныздарга ийгилик! Сабырдуулук тынчтык менен бул сынакты аяктап татыктуусун тандап алыныздар. Мен добуш бере албайт экем. Баарынарга ийгилик кыздар. Кошкула!
Достору
Mahmud-Kashgari Досторду кошо элек
Комментарийлер
Mahmud-Kashgari ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?