Белгил
ү
ү тө
км
ө
акын Аалы Туткучев:
Ким эле кыргыз, ким болду?!
Ааламдардын Эгеси,
Мактоолор болсун Аллага.
Өмүргө
мени жаратып,
Өнөрдү
берди Ал мага.
Оймок ооз, ийне тил,
Ыр коозун терип саймага.
Баатырлар өткөн акындан,
Баш ийбей манап, байга да.
Атылган октой сөзү үчүн,
Асылып кеткен даргага.
Камчысы кандуу хандарга,
Какшык сөз айткан каймана.
Бабалар баскан жол менен,
Баратам ээрчип жай гана.
Бурулбай байлык, мансаптай,
Булганыч аккан дайрага,
Калкыма тийсин көмөгү
м.
Калк көргөн күндү көрөмү
н,
Кайылмын кара жармага.
Акындык таза дил менен,
"Айтсын"
деп кызыл тил берген.
Ок жетпес жерге сөз жетет,
Ойлосом чыны тил - мерген.
Жебедей таамай кадалып,
Жеңилбес эрди тил жеңген.
Акыйкат айткан сөз үчүн,
Акынга болбойт жинденген.
Баа жеткис кеңеш калтырган,
Бабаларыбыз бир келген.
Баш кесет, бирок тил кеспейт,
Деген сөз калган кимдерден?
Бабанын сөзүн ким чанса,
"Маңкурт"
деп элим чин берген.
Таба албай туура бир жолду,
Тамтаңдап бастык миң жолду.
Баа жеткис баба мурастын,
Баарына салып кир колду.
Төрүндө
бийлик талашып,
Төңкө
рүш менен дүң болду.
Тайманбай чыккан кыйындар,
Тапанча тийип тим болду.
Калкым деген азайып,
Алкым деген миң болду.
Журтум деген азайып,
Кулкун деген миң болду.
Элим деген азайып,
Жемим деген миң болду.
"Манасың
гана мактаган,
Мамлекетпи же индомбу"?
Деген, какшыгын угуп бирөөнү
н,
Кайгырып көөнү
м кир болду.
Кичине айтып өтөйү
н,
Ким эле кыргыз, ким болду?!
Төрүнө
малын жайлаган,
Төрт түлүк семиз бактырып.
Ак боз үй тигип жанына,
Аттарга мамы кактырып,
Жолоочу өтсө жол менен,
Жоргочон жигит чаптырып.
Коюн союп коноктоп,
Кооздолгон үйгө жаткырып.
Аттанчу конок эртеси,
Ал үйгө тилеп жакшылык.
Ал азыр бизге мындай иш,
Аябай чоочун, жат кылык.
Далдаалап үйүн бекитип,
Дарбаза курат айланып.
Кол-бутуң
жутуп ийчүдө
й,
Короодо дөбөт байланып.
Терезе, эшик ичинен,
Темир тор менен кармалып.
Кирген, чыккан кишинин,
Кийимине карап жайгарып.
Кайран кыргыз пейили,
Кай жакка кетти айдалып?
Карынын суусар тебетей,
Капталдан желге үлпүлдө
п,
Санжыра айтса балдарга,
Санаты бүтпөй күн-тү
ндөп.
Чаңкаса суусун кандырып,
Чаначта кымыз күрпүлдө
п.
Тарыхтан айткан жаштарга,
Так билип, айта жүрсүн деп,
Кылгырган угуп көз жашым,
Кытайга качкан үркүн деп.
Көп уккан үчүн карыны,
Көкүрө
гүмдө мүлкүм көп.
Ал азыр жаштар тыңсынып,
"Колхоз"
деп айтат карысын.
Унутуп элдик кааданы,
Улууга салып далысын.
Көйрөң
дөр көңдө
й көкүрө
к,
Көйнөктү
н тап дейт жаңысын.
Баарысын жасайт ата-эне,
Бакыттай көрүп анысын,
Ойлобойт көбү эркелик,
Оң жолдон буруп салышын.
Аксакалдардан жок эмес,
Алпарбай дүкөн карызын.
Сакалдан арак чуурутуп,
Сактабай арын, намысын.
Кемпирин сабап үйүндө
,
Келинге болуп абысын.
Балит сөз айтып олтурса,
Батасы кайдан жарысын.
Жоругу мындай кишинин,
Жолдойбу жаштар багытын?..
"Кырк чачы улуу кыздын" деп,
Кымбат бул макал жакшы ырдан,
Кыз - деген назик, кызыл гүл,
Кырк үйдөн коруп бактырган.
Ай нуруна чагылтып,
Ак бермет, шууру тактырган.
Көчкөндө
аттын жакшысын,
Көркөмдө
п жабуу жаптырган.
Саймалуу жоолук, такыя,
Салтанат менен бастырган.
Аккуудай келбет кылыгы,
Ак карлуу кышты жаз кылган.
Ал тургай сүрдүү
хан Жантай,
Алсырап Мөөрдү
жактырган.
Өткөн соң мезгил шамалдай,
Өзгөрдү
кыздар таптаза.
Кумсарып өңү
саргайган,
Куйгансып шорпо чачка да,
Бетиңе үйлөп түтүндү
,
Беркиден жутуп аз гана,
Айбан да кылаар иш эмес,
Абийирин сатып акчага,
Кыргыздар үчүн бул адат,
Кылымда болбос, маскара.
Таяктын эки жагы бар,
Тартиптү
ү кыздар дагы бар,
Ыймандуу кыздар бар үчүн,
Ырыстуу элдин багы бар.
Бузулган жагын айтайын,
Бугум бар ичте жарылаар.
Качырат алар кутуңу,
Капканга түртөт бутуңу.
Ай өтпөй бойдон алдырат,
Азап го кыргыз тукуму.
Жазыксыз кайран наристе,
Жашоого болбойт укугу.
Топтошуп бийлик талашпай,
Токтотсок кантет ушуну?..
Эр жигит элдин четинде,
Эңишкен жоонун бетинде.
Аталар айткан бул макал,
Ар кимдин бардыр эсинде.
Далилдеп өткөн Чолпонбай,
Дзотту тоскон кезинде.
"Ордоң
ду душман басканча,
Ойгонбой үйдө жатканча,
Оронгон артык кепинге".
Ушундай баатыр сөздөрдү
,
Улуулар куйган сезимге,
Тепсетпей баба арбагын,
Талатпай жоого мал-жанын.
Жесир таштап алганын,
Жетим таштап балдарын,
Уудан да ачуу намысты,
Учуна байлап найзанын.
Мекени үчүн кылычтын,
Мизине коюп кан-жанын.
Сыздаган бирок сынбаган,
Сыноосун тартып Алланын.
А бүгүн,
үлбүрө
п араң биликтер,
Үзүлгө
н турат үмүттө
р.
Алптардын жолун улантчу,
Азайып калды жигиттер.
Төрт туяк турчу такалуу,
Төгүлгө
н этке күлүктө
р.
Таш болуп булчун тырышкан,
Тамтык жок кулак бырышкан.
Маңдайы тердеп иш кылбай,
Манжасын аяп турушкан.
Жетөө тегиз аттанып,
Жоо чаап келчу баштанып,
Жортуулга түндөп чыгышкан.
Сугалак иттей сук артат,
Сумканын көрсө дөмпөгү
н.
Тыгылып маршрут ичинде,
Тытмалап элдин чөнтөгү
н.
Кой десең баары жабылып,
Койгулап жатса келтегин.
Камкору болбой мекендин,
Канкору болду өлкөнү
н.
Аларды салбай тартипке,
Айланды чоңдор артистке,
Бийликтин соруп эмчегин.
Абалкы кыргыз той берсе,
Айылдан майрам шаң чыгып.
Жети дубан кыргызга,
Жеткирип кабар айтылып.
Жебедей сызган, жел жетпес,
Жер чапчып күлүк алкынып.
Кырк жигит чаап көк бөрү,
Кызышып атка камчы уруп.
Устукан берип жаштарга,
Улуусу нуска калтырып.
Кылкыяк, комуз, чопо чоор,
Кылымдын күүсү
тартылып.
Таймашса төкмө акындар,
Таңдайга тили жанчылып.
Айтыштан жеңген мыктысы,
Ал тойго кылган жарчылык.
Ак бата алып той ээси,
Айлында болгон барчылык.
Азыр, той берсе чоңдор бапырап,
Топ жылкы соёт тапырап.
Чертилген комуз күүсү
жок,
Чет элден ырчы чакырат.
Чечинген жарым кийимчен,
Чет элче ырдап бакырат.
Тилдесе деле бүтүндө
й,
Тилине көбү түшүнбө
й,
"Бали" дейт колдор шатырап.
Ак эмгек менен таппаган,
Арам дүйнө чачылат.
"Бөдө
нөнүн"
сүтү деп,
Бөтөлкө
далай ачылат.
Аялы душман көрүнү
п,
Арстандай атылат.
Үркүтү
п сабап балдарын,
Үйүнү
н кутун качырат.
Биригип достор жүр дешип,
Бирин-бири кашылап.
Кыздар бар сауналарда,
Кызматын кылган асырап.
Арам акча көп болсо,
Азгырык ишке ким барбайт.
Азгырган шайтан кылыгы,
Адамды тургай жинди алдайт.
Ал жакта болгон жорукту,
Айтууга кызыл тил барбайт.
Акылмандар калтырган,
Айтайын элдик макалды.
"Көң
үлүң
сүйгөн уулуңа,
Көрсөтпө
деген базарды".
Чанжырап сүйлөй берет деп,
Чандыңбы кыргыз атаңды?
Акча деп күндү батырып,
Акча деп тостук азанды.
Акчага сатып жибердик,
Ак калпак, комуз, чапанды.
Карылар айткан кайран сөз,
Карытпай калды сапарды.
"Пулуң
болсо, кулуңмун"
,
Деген сөзгө такалды.
Атасы он сом бербесе,
Мектепке барбайт баласы,
Аз акча берсең албайм деп,
Сабакка бүгүн барбайм деп.
Үйдө да базар карачы?
Ар бир кызмат орундун,
Атайын койгон баасы бар.
Акылдын тийбейт пайдасы,
Акчаң бар болсо сатып ал.
Беш айда иштеп кайрадан,
Бергениң
үйгө ташып ал.
Баш ийбесең кубалайт,
"Базарком"
деген башы бар…
КМШнын базары,
Кыргызстан деп аталды,
Кыргызда ушул акыбал.
Байлыгың
болбойт арачы,
Башбаккан ажал ойнуна.
Акчасын жыйнап өлгөндө
р,
Ала жатпайт койнуна.
А көрө ыйман жыйнагын.
Акча, байлык ордуна,
Көрдө да бирге сен менен,
Көк тумар болуп мойнуңа.
Кулкундун кулу болбостон,
Кудайдын кулу болгула!
Алкымдын кулу болбостон,
Аллахтын кулу болгула!
Күлүктө
рдөн жал кетти,
Жигитерден ал кетти.
Аңыздагы дан кетти,
Адырдагы мал кетти.
Чөптү,
гүлдү куйкалап,
Чегинен ашып жай кетти.
Багбанчыдан иш кетти,
Балбандардан күч кетти.
Каада-салт улуу мурастар,
Кайрылбай баары түз кетти.
Берекеси азайып,
Пейили тарып күз кетти.
Күүлө
нүп бакыт куш кетти,
Күйөө
сүз төрөп кыз кетти.
Төбөлдө
р бийлик талашып,
Төрүбү
здөн кут кетти.
Катуулап суук жылдан-жыл,
Калыбын бузуп кыш кетти.
Кесилип кыздан чач кетти,
Келинден ыйман наз кетти.
Келген конок сүйүлбө
й,
Кемегеден аш кетти.
Мөндүрлө
п көчкү сел менен,
Мээримин төкпөй жаз кетти.
Улуудан нуска кеп кетти,
Кичүүдө
н акыл- эс кетти.
Алардын баарын сугунуп,
Ары жок арак жеп кетти.
Жемиштин баарын курт басты,
Жер бетинен ырк качты,
Батыштын сасык туманы,
Бардык элди чылк басты.
Жоболоңдуу иш жасап,
Жол бербесе да шарият,
Азайып бара жаткандай,
Адеп,, у намыс, арят.
Татыксыз биздин пейилге,
Таарынып жатат табият.
Жок деген сайын адамдын,
Жоголуп пейли кичирет.
Пейлиң тар болсо дүйнө тар,
Пенделер жакшы түшүнө
т.
Эл жаткан сайын битиреп,
Жер жаткан жокпу титиреп?..
Отурсам, турсам, бассам да,
Күнүгө
кечте жатканда,
Эл журтка ыйман бергин деп,
Эгемен тилейм жүз ирээт.
Тайландга барып бир кезде,
Тайраңдабады ким гана?
Эл жери кеткен бузулуп,
Мекендеп шайтан, жин гана.
Жык толуп турист дүйнөдө
н,
Жылаңач кыздар бийлеген.
Айтканга барбайт тил да ага,
Алланын түшүп каары,
Ал жерде болду "зилзала"
.
Пендеден канча кырылып,
Мекемелер жыгылып,
Мечиттер калды бир гана.
Кудайдын ошол белгиси,
Курдашым аны танбагын.
Башыңа келсе бир өлүм,
Байлыгың
бербейт жардамын.
Ишенбей жатсаң өлүмгө
,
Жети атаң кайда ардагым?
Бар болсун ыйман пейлибиз,
Башынан ушул арманым.
Өтүрү
к эмес чынды айттым,
Өзөктө
күйгөн муңду айттым,
Өзүң бил, журтум, калганын!..
Ким Эле кыргыз, ким болду. Аалы Туткучев
#2 18 Май 2010 - 06:55
Жжакшы ыр экен.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#3 20 Май 2010 - 20:04
Аалы Туткучев укмуш акын экен
(Ырын окуй элекмин, азыр окуйм, мен буга чейин уккам айтышын)
(Ырын окуй элекмин, азыр окуйм, мен буга чейин уккам айтышын)
#4 21 Май 2010 - 11:15
Чыныгы патриот Акын!!!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#5 05 Июль 2010 - 06:01
Aaaay....bul irga men maktay turgan soz taba albaym da...kanday gana keremet e,oo ezelki zamandan azirki zamanga cheyin jashap otkondoy boldum.Onorunuz orkundoy bersin deyt elem,orkundoptur,ushunday irlardan kop jazishiniz uchun omurunuz uzuuuuun bolsun deyin.
все что ни делается все к лучшему :(
#6 07 Июль 2010 - 13:02
Абдан сонун экен. бул чынында чындык. Бирок азыр эл эгемен деп терс жактарды кабыл алып жатпайбы!
Менин оюмча Эгемендүүлүк бул кылычтардын эмес адеп-аклак, акыл, ой, салт. менен жамандыктын күрөшүүсү...
Жана сойкулук , паракорлук,
жаман нерелердин жолун ашчу нурсе катары көрүнө баштады
Суровый в жизни, мягкий в душе...
#7 10 Сентябрь 2010 - 13:42
elif (05 July 2010 - 06:01) жазган:
Aaaay....bul irga men maktay turgan soz taba albaym da...kanday gana keremet e,oo ezelki zamandan azirki zamanga cheyin jashap otkondoy boldum.Onorunuz orkundoy bersin deyt elem,orkundoptur,ushunday irlardan kop jazishiniz uchun omurunuz uzuuuuun bolsun deyin.
Мен да кыргыз элиме каалап кетейин. Ушундай нукура кыргыз акындарыбызды баалагандар кобойсун.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#8 23 Сентябрь 2010 - 03:35
Aiabai jakshy jazyptyr ..Soz jok .talantyna taazim:applause:
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
#11 04 Октябрь 2010 - 15:58
#13 30 Октябрь 2010 - 13:15
#14 12 Ноябрь 2010 - 17:27
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#15 18 Ноябрь 2010 - 22:48
Кыргыздарды ойлонтуп туура жолго сала турган ыр экен. ААЛЫ сага таазим. Элге жеткирип билсин деп аракет кылган АМАНТУР сага таазим. Ушул ырга туура баа берип кубанып турган КЫРГЫЗ элиме таазим. Кыргызым арак деген балееден арылып, кайдыгерлик деген оорудан айыгып, биримдиктуу болуп бири-бирибизди колдоп Бакубат турмушка жетсек экен.
#17 21 Февраль 2015 - 00:23
тарых барактарында,
кыргыздын психологиясы анчейин жакшы көрсөткүч менен кездеше бербейт. мен жогорудагы билдирүүлөрдү окубай эле темага түз жоопз берүүдөмүн.
менин түшүнүшүм боюнча баскынчы эле кыргыз, ошол бойдон эле калдык. өзүбүздү өзүбүз тебелеп-тепсеп,
көрө албай,бут тособуз, "нагло"
бирөөнүн нанын тартып жегендер жебегендерден көп,мисалы өзүбүздүн өкүмөт баш болуп.
#18 19 Март 2015 - 20:30
Касиеттуу элбиз.сабыр кылсак жакшы,гулдогон мамлекетке айланабыз...
мен сыймыктанам улутум,тилим,
жерим менен
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#19 20 Март 2015 - 22:51
эн баалаган жана эн сыйлаган менин купулума толгон акын ушул Аалы Туткучев эмнеси менен жагат чындыкты ырдайт айтыштада эч кимди алдына салганын корбодум Аалы акындан мен ойлойм кыргыздын эле эмес казак акындарыда чочуп турат Аалыга туш келбесем экен деп
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун