КАЙДАН ЖУРУП САГА КАБЫЛДЫМ.
( же ТАГДЫР ОЮНУ).
Алтынчы болум.
- Азамат...? Эмне болуп жатат?
Жаныл эже ага суролуу тигилди. Азамат эки бутунун тизезине эки чыканагын таяп алып энкейип эки колу менен башын кармап отурган жеринен, чачын артка сылай ойдо болуп жатып оор дем алып алды.
-Жаныл...
Алар экоо саамга бирин бири тиктешип унсуз турушту. Бул тиктешуудо алар коздору аркылуу тээ журогунун тупкурундогу туюмдар аркылуу суйлошуп жаткандай сезилди мага. Бир убакта Жаныл эже биз уулум экообузду бир тиктеп алды да кайра ага карады
- Азамат....?
- Жаныл...суранам сенден, мени туура тушунгонго аракет кыл.
Азаматтын коздору аны жалынычтуу тиктеди.
- Демек..., демек баары чын экен да?
Азамат унчукпай эле башын ийкеди.
Жаныл эже уулум экообузду тиктеген бойдон катып калды. Ал коздорун чон ачкан бойдон нес боло Ильязды тиктеп турду. Анын коздорунун кычыгына жаш толуп агып тушконун озу да сезбеди. Мен ага чейин эле козумдун жашын агызып ыйлап колум менен суртуп отурган элем. Ортодо башын жерге салып Азамат унчукпай ойлуу отурду.
Ошол учурда менин ичим туз куйгандай ачышып эншерилип биринчи жолу кылган ишиме окунуп, озумду жек коруп турдум. Эмне кылып алганыма озум тушунбой, аял катары бир туруп Жаныл эженин абалын тушунуп ага боорум ооруп кетти. Эмне учун? Эмне учун, ушинтим экен? деп ичимден окуно суйлоп жаттым. Бул жашоодо мен озумду эн жакшы жубайлардын,
эн сонун уй-булосун бузган бетбак! Ооба, Ооба бетбак! дал ошол бетбактын озу болдум! Жаныл эже мени кечирип коюнуз, мен эч нерсени тушунбогон экенмин, мен атайлаган эмесмин деген создорум сыртка чыкпай ичимде айтылып жатты. Анан эле колумда тыбырчылап жаткан уулума карап, мени кечирип кой балам. Менин тунугум, мен сени таза суйуумдон тапкам. Мен сени жакшы ниетте, жакшы тилекте Азамат учун торогом, мен жаман адам эмесмин, дедим. Менин коз алдыма озумдун жаркылдаган эч кайгы капасы жок апама эркелеген бактылуу кыз убагым тартылып кетти. Кечээ эле жасана кийинип алып, дос кыздарым менен шанкылдап кулуп ээрчишип, кээде аларды машинама салып алып.....машина?
Ооба ооба ошол машина! ошол машина мени Азаматка жолуктурбады беле? Эх! Азамат кайдан да журуп сага кабылдым эле? Менин ошол жаштыгымды сен азгырып, мени суйууго мас кылып бугун эми мени, оз уй-булонду буздарган жаман аял катары коргозуп жатасын. Мен кыска эле убакыттын ичинде ушунча ойлорду ойлогонго жетишиптирмин.
Менин оюмду Жаныл эженин кыймылы бузду. Ал отурган ордунан шарт тура калып эле, козунун жашын аарчып жаны эле уйкудан чочуп ойгонгон адамдай коздорун ушалап чон-чон ачып жумуп эки жагын элендей карады да эшикти коздой жоноду. Ал оозго жетип эшиктин туткасын кармап бир аз турган сон кайра артына бурулуп бир мени, бир Азаматты аландай карап жатты. Ал азыркы болуп жаткан окуяны тушум болуп калсачы! деп ичинен тиледи окшойт. Бирок бул туш эмес эле! Ооба, ооба туш эмес экенин ал акыры тушунду. Турган ордунда айланчыктап,
эмне кылаарын билбей бир кызыктай абалда болуп ары бери басып жаткан Жаныл эжени Азамат ордунан тура калып кармайын дегенде, ал анын колдорун турто
- Кармаба мени! деди.
Алар экоо дагы унсуз тиктешип туруп калышты. Жаныл эженин коздоруно жаш толо бир убакта ал кутуусуз эле Азаматты шах!, эттире жаактан ары бир чаап алды. Азаматтын жузу кубара бир аз кабагын чытый анын коздоруно теше кадалып экоо дагы тиктешип турушту. Эх! алардын ошондогу тиктешкендери.
Мен аларды карап отуруп журогум тилке тилке болуп тилинип, ичим ыссып чыкты.
Жаныл эже андан жузун буруп шалдая темтендей басып барып креслого боюн таштап гуп эттире отуруп калды. Аны тиктеген бойдон Азамат арты менен жыла ордуна отуруп жатып
- Жаныл мен муну коптон бери сага айталбай кыйналып журдум эле. Мен сага ишенем! Сен мени туура тушуносун!
Суранам сенден Жаныл озунду колго ал, деди
Жаныл эже козунун жашын аарчый катуу ойлоно бир чекитти тиктеген бойдон
- Азамат кет уйдон. Уйдон чыгып кет, деди жай гана.
- Кетем Жаныл, кетем. Мен сенин ушунтээринди билгем. Бирок мен убактынча кетем. Бизге азыр бири- бирибизди туура тушунгонго убакыт керек. Убакыттын отушу менен баары ордуна тушот деп ишенемин. Мен сага мурдатан эле тамаша иретинде болсо да бул жонундо коп айтып жургом. Сен озун деле мындай болоорун сезип жургонсун Жаныл. Ошондуктан озунду коп алдырба. Сен мен учун дайыма, кандай кундо болбоюн ошондой бойдон кааларынды унутпа.
Жаныл эже бир аз озун колго алды окшойт. Ал Азаматка карап
- Ооба, сезип жургом. Ар кимден сен жонундо ар кандай ушак создорду угуп жургом Азамат.. Болбогон шылтоолорду айтып, сен озун да уйго кеч келип журдун. Укканымды укмаксан, сезгенимди сезмексен болуп ал кундорго эптеп чыдап журдум. Бирок мен сени мынчалыка жетишет деп бир да ойлобопурмун.
Себеби мен сага ишенген элем Азамат. Сени жакшылап ойлонуп туруп анан кадам таштайт дегем. Анын устуно сенин тамаша создоруно, мен жооп кылып дайыма айтып жургом. Эгерде башка бироого уйлонгун келсе айт. Мен сени кармабаймын.
Мен сени менен ошол куну эле ажырашам деп ачык эле айткамын!
Ошондуктан Азамат сен менден эч качан жакшылык кун кутпогун!
Эсинде болсун! Женил ойлуулукка алдырып уулду болгонго жетишипсин!
Куттуктайм.
Эми сен эч качан Кыязды корбойсун!
Биз ажырашабыз!
- Тушуном Жаныл. Сага азыр оор! Сен азыр ачууга алдырып жатасын. Бирок кандай болоорун убакыт озу коргозот.
- Убакыт коргозсо ошол. Эми торт тарабын кыбыла. Мага демек озуно окшогон женил ойлуу мындай кыздардан онду алып, онунан он уулду бол!
Азамат аны унчукпай теше тиктеп, ортодо аз да болсо тыным болду. Анан ал мага карап
- Самира силер кочого чыгып мени кутуп тургула, мен азыр бир эки ооз соз суйлошуп анан чыгам, деди.
- Биз суйлошуп буттук Азамат. Мага башка сенин созундун кереги жок. Уккум да келбейт. Сен да азыр чыгып кет!
- Жаныл..
- Коркпо Азамат. Мен башка аялдардай болуп бакырып кыйкырып, ызы-чуу салбаймын. Куйоом кетип калды деп артындан эзилип да ыйлабайм. Эми каалаганындай жаша. Бирок сен менин ким экенимди жакшы билбейт экенсин. Мен сага соз берем Азамат. Аны озун айтмакчы убагы келгенде коросун.
- Эмне коркутайын деп жатасынбы?
- Жок! Болгону сен мени бир туугандарымдын,
ата-энемдин алдында уят кылдын.....
Ошол учурда мен Ильязды которуп Жаныл эженин тушуна келип калган элем. Мен анын алдынан отуп баратып аран эле
- Мени кечирип коюнуз эже, дедим.
Ал мени тиктеп да койгон жок. Мен барып эшикти ачайын дегенде аны сыртынан баягы мен келгенде мени эшиктин оозунан тосуп чыккан синдиси ачып жиберди. Ал экообуз беттеше туштук. Анын каардуу онун коруп коркуп кеттим. Ал мени бир тиктеп алды да
- Эже силерге эмне болуп жатат? деди ал Азамат менен эжесине тынчсыздана карап. Мен унчукпай анын алдынан отуп кеттим да шыпылдаган бойдон сыртка чыгып бутумду кийе баштадым. Журогум дукулдоп бул жерден тез эле чыгып кетсем экен деп жаттым. Алар артымдан оздорунчо суйлошуп калышкандай болгон эле, бир убакта уйдун кире беришиндеги тепкичтерден тушуп баратсам
- Токто чон кыз! деген артымдан синдисинин уну чыкты. Ал мага жетип келип желкемден кармап бура тартып озуно каратты да
- Шуркуя! Бул уйго кайсыл бетин менен келдин! деп балам менен чогуу мени туртуп жиберди. Менин бир колумда балам болгон учун боюмду токтото албай тепкичти чон аттап жерге тушоорум менен темтендей бир эки кадам таштап тизелеп барып бир жак капталым менен жыгылып туштум. Балам корконунан катуу чынырып ыйлап жиберди. Жакшы ага эч нерсе болбоду. Мени арыда турган бир жаш кыз келип ордуман тургузуп жатып ал экообуздун козубуз тиктеше туштук. Азаматтын козу. Демек бул анын чон кызы. Анан эле мага Азамат аттап буттап жетип келип ,баламды колумдан ала койду да аны бооруна кыса кучактап селкилдете ары-бери басып сооротуп калды
- Балага эч нерсе болбодубу? Ал катуу тийбедиби жерге?деп сурады ал
- Жок, ага эч нерсе болгон жок дедим мен. Менин бир жак колум аябай катуу сыздап ооруп жатты. Чыканагым сыйрылып кеткен экен. Башымды буруп карасам эстери ооп эле, эмне болуп жатканына тушунушпой копчулук бизди карап турушкан экен. Алар биздин ызы чууну угуп уйдон чуркап чыгышса керек. Жаныл эже да каккан казыктай бир орунда нес боло катып калыптыр. Мен жерде жаткан сумкамды алып ойдо боло бергенимде синдиси мага келип мени жаактан ары дагы бир чапты. Мен анын жаныма кантип келгенин да байкабай калган экенмин. Аны артынан жетип келип бир жигит менден тартып жатты. Ал мага обдула
- Бироонун уй булосун бузган акмак! Шашпай тур мен сени кай жерден болсо таап коргулукту коргозом. Шуркуя! Уятсыз! деп кыйкырды.
- Мира жап жаагынды. Токтот дейм! Сен аралашпа бизге.
Ага Жаныл эже кыйкырды.
Азамат мени коргой алдыман тосуп баланы мага карматты да дарбазага карай туртуп
- Чык чыгып кет, мен азыр....деп бироону издегендей эки жакты карап
- Нурдин, уйдон машинанын ачкычын алып чык! деди.
- Ата! Силерге эмне болуп жатат? Сиз каякка?
Ага чон кызы тушунбой аландап бир апасын бир атасын карап калды. Азамат аны бир колу менен кучактай мандайынан опту.
- Айжана, жаным кызым баары жакшы болот садагасы. Коркпо! Мен созсуз келем.
- Сиз?... сиз бизди таштап кетип жатасызбы? Ата, эмне кылып жатасыз?
- Жок, жок! Мен эч качан силерди таштабайм кызым. Силер баарынар менин балдарымсынар.
Бир аз убакыт керек бизге. Мен сага анан озум жолугам. Экообуз кенен отуруп суйлошуп, озум сага баарын тушундуруп берем.
Ангыча Нурдин машинанын ачкычын алып чыгып Азаматка сунганда
- Машинаны айдап чык гараждан, деди ага.
Ошол учурда Жаныл эженин синдиси келип Айжанды колунан тартып кетти.
- Бас бери, атанды корбой турасынбы? Ал тиги жаш аялы менен кетип жатат!
Ал созду укканда кызы
- Жо-ок Ата-аа! деп кыйкырып жиберди.
Азамат соомойун балдызына кезей суйлоду
- Мира! Сенин менин балдарым менен ишин болбосун!
Сен аларга жакындаба. Сен ортодо туруп алып бузукуланба!
деди
- Менби, Сизби бузуку? Оз балдарыныздан да ошол шуркуя сизге артыкпы?
- Сен бизге аралашпа. Дагы айтам аралашпа!
Менин балдарыма жакындаба!
Мираны келип жанагы жигит артка суйроп кетти. Ал жон кетпей жездесине кыйкырып суйлоп баратты.
- Болду токтот дейм Мира! Уйго кир!
Жаныл эже Мирага карап суйлогон сон, басып келип кызын бекем кучактап
- Ыйлаба кызым. Эси жок болбо. Анан мен сага озум баарын тушундуруп берем деп аны соорото чачынан сылап опкулоп жатты.
Мен дарбазанын эшигин ачып жатканымда Азаматтын кичуу кызы арыдан чуркап келип эле атасын белинен бекем кучактап
- Ата кетпениз!
Ата-а-аа! деп адам чыдагыс ун менен кыйкырып чыркырап жатты. Мен кочого чыгып кеттим. Кыздын уну кулагыма угулуп мен шолоктоп ыйлап жаттым. Алар эмне болуп жатышты билбейм. Ызылдашып эле жатышты. Машинаны Нурдин гараждан айдап чыгаары менен Азамат да уйдон чыгып шашыла басып келди да мени машинага отургузду. Озу Рульга отуруп жатып
- Нурдин, сен бугундон калбай азыр кийимдеринди салыштырып Зирек эжемдикине кетип кал, деди да машинаны от алдырып биз ал жерден жылып кеттик. Жолдо баратып Азамат озунчо балдызына. жиндене согунуп жатты.
- Акмак, кайдан да ал бугун меникине келип калды эле. Тилинин айынан эри менен ажырашып кеткени менен иши жок, дагы мага атырылып суйлоп жатканын кара! Уйундогулордун баары эле жакшы адамдар, бир ушул кызы кайдан журуп ушундай болуп калган?
- Самира, Ильяз кандай?, Ага эч нерсе болгон жокпу? Баланын журогу тушуп калды окшойт? деди ал бизге карап.
- Жок жакшы эле.
Мен ойлуу бараткам. Козумдун жашы дагы эле сызылып агып жаткан болчу. Чынын айтсам мен Миранын создорунон улам озумду аябай начар сезип жаткам. Анан да Азаматтын кыздарынын ыйлагандары коз алдыман кетпей, мындан бир аз мурда болуп откон ызы-чуудан кантип бошонуп чыгып кеткениме ишенбей, озум да коркуп калган окшойм.
- Азамат, кайдан журуп сага кабылдым? Мен башында сага жолукканымда мынчалык оор кундорду жаман создорду угам деп эч ойлобогон элем .
- Капа болбо Самира! Айла жок баарына чыдашыбыз керек. Башын баштадыкпы,
аягына созсуз чыгабыз.
Мен унчукпадым.
Аны бир тиктеп алдым.
- Айткандай сен жанагы Миранын создоруно коп капа боло бербе. Ал ошентип суйлой берет. Чынын айтсам Самира, мен ал акмактын жумуштарына жардамдашып журуп, сага баралбай жургон болчумун. Кайнатам айтканынан жок дей албадым. Миранын бир жумуштары менен казахстанга уч кунго барып, бугун сен келээрден жарым сааттай мурда уйго келген элек.. Келсем Жанылдын болосу аялы менен келип, Мира экообузду кутуп отурушкан экен. Мен алардын устуно кирип учурашып, иштер боюнча чогуу чай ичип суйлошуп отурган элек.
Мен Азаматтын телефону уч кундон бери эмне учун очук экенин эми тушундум.
Азамат экообуз уйго келсек, уйго Нурзат келип алар Жийде экоо суйлошуп мени кутуп отурушкан экен. Алар биздин экообуздун ээрчишип кирип келгенибизди корушуп ооздору ачылып эле туруп калышыптыр.
Менин ыйлаган жузумду, кумсарып жудогон онумду корушуп тан калышты окшойт. Азаматтын да корунушу начар эле. Менин колумдагы уктап калган Ильязды Жийде келип колумдан ала койду да барып ордуна жаткырды. Ошол учурда Азаматтын телефону шынгырап ал алып суйлошуп калды. Нурдин экен. Нурдин Максат акенин уулу болот. Ал кайсыл бир окуу жайда студент, Азаматтыкында жашайт экен.
Азамат ал менен суйлошуп эле
- Мен азыр келем Самира, силер отуруп тургула деп бутун кийип калды.
- Эмне болду. Тынчылыкпы?
дедим мен коркуп кетип. Ал эшиктин оозуна жеткенде мага карап
- Жаныл менин кийимдеримдин бут баарын сумкага салыштырып,
Нурдинди азыр барып жеткирип бер деп жатыптыр. Мен аны кочого чыгып мени кутуп тур дедим. Аны Зирек эжемдикине таштап анан бул жакка келем деп чыгып кетти. Ошентип биз Нурзат Жийде учообуз ашкада суйлошуп тамактанып отурдук. Мен болгон окуянын баарын аларга айтып бердим.
- Азаматсын, Самира! Барып эн туура кылгансын, деди Нурзат
Бирок билбейм кыздар, чынын айтсам башым аябай катып жатат. Жаныл эжеге бугун чындап боорум ооруду, кыздарынын чыркыраганын айтпагыла. Аларды эстесем азыр деле журогум ооруп жатат.
- А сага кимдин журогу ооруйт Самира? Сен да кызык кыз экенсин. Мира деле балан экоонду туртуп жыгытканда Жанылдын сага боору ооруду бекен? Кебетенди карачы? Чыканагын аябай эле катуу сыйрылган турбайбы? Кана мындай кылчы. А иий деп Нурзат менин колдорумду,
бутумдун тизелерин бир катар коруп чыкты да.
- Эч нерсе эмес Самира. Колдорунду сыйрылтып журуп болсо да эптеп эринди ээрчитип келдин. Эми аны колдон чыгарбай бекем карма. Жаныл да сага окшоп, тундолору жалгыз калып ыйлап корсун! деди.
-Койчу Нурзат. Анда эмне куноо! Ал деген озунун мыйзамдуу эрин алдырып отурат.
Жийде Нурзаттын создоруно жини келе суйлоду.
Ал куну Жийдени Нурзат озу менен чогуу алып кетти. Азамат келээри менен сууга тушуп эле тошокко кулады. Бугун казахстандан жол журуп келип, анын устуно ал уй-булосунон чыгып баса бергенине эч нерсе конулуно барбай турду. Мен сууга тушуп чыксам Азамат ойдолоп уктай элек экен. Чынында бугунку кун ага да оной болгон жок. Эгер Мира болбогондо мынчалык ызы-чуу болбойт эле деп аны Азамат озу да кайра-кайра жолдо айтып келбедиби.
Мен келип тошокко жатаарым менен Азамат мени бекем кучагына алды.
- Дагы деле уктай элексинби?
- Жок, уктай албай жатам. Козумду жумсам эле кыздарым козумо корунуп жатат.
- Эх! Азамат. Ушундан коро жон эле журсок кана эле. Озубузду озубуз кыйнап эмнеге мындай кылдык билбейм.
- Кыжаалат боло бербе Самира. Эртеби кечпи бул нерсе акыр бур кун болушу керек болчу.
- Азамат, чынын айтсам сени мен эмнеге келдин деп мени урушат ко деп ойлогом.
- Жок, ага коп деле капа эмесмин. Болгону кыздарымды ойлоп жаман болуп жатам. Мен алар менен андай абалда коштошпошум керек болчу. Алар эми дипрессияга тушуп калышты окшойт. Аларга бат баттан барып жолугуп турбасам болбойт.
Биз экообуз тен ойлонуп унчукпай жаттык. Мен Жаныл эжени эстедим.
- Азамат эмнеге ошондой жакшы уй-булон бар туруп, мага да уйлондун?
- Сен мага керек болдун эле уйлондум.
- Жакшы аялын бар экен.
- Жактыбы?
- ...? Ошондой оор абалда, озун ошончолук кармаганына баа берип жатам. Тушунугу жогору аял го дейм. Ажылдап бетимен алып чачыман жулуп кочого чыгарып койсо кантет элем?
- Мирага окшоппу?
- Оо-ба...
Мен ага коздорум менен таарынгандай тигилдим. Ал кулду.
- Чын айтам Азамат. Ал жонундо бир да ойлобоптурмун.
Сага очогушуп сенин уйуно кантип коркпой кирип барганыма азыр эми озум да тан калып отурам.
- Кыйын аялсын э-ээ?
- Эмнеге?
- Коркпой тоодой журок менен Жанылдын алдына кирип барып куйоонду алып баса бердин.
- Койчу Азамат тамашанды. Сага эмне, бугун оной кун болдубу?
Мен оор дем алып алдым да, кайра суйлоп баштадым.
- Чынын айтсам Жаныл эже мага жакты. Нукура аялдык мунозу, сабырдылуугу,
Адамды бир коруп эле тушуно билгендиги.
Себеби ал мага бир ооз да эч нерсе дебеди.
- Мм..., Менин ошондой жакшы катындарым бар. Экоосу тен жакшы.
- Азам-аат!
- Чын эле ошондой. Сен деле ал жерде озунду жакшы кармадын. Ажылдап мага же Жанылга асылбадын. Жон калса Мирага да жооп кайтарбадын.
Элестет, ошол жерде Мирага кошулуп Жаныл экоон да ажылдашып тытышып жатсанар, уч катындын ортосунда мен кантет элем? Тушундунбу эми, менин катындарымдын жакшы экенин?
- Азама-ат....
- Себеби мен жакшы эркекмин. Аялдарыма жакшы караймын.
- Сенби?
- Оо-ба.
- Билбейм Азамат. Ошондой ыссык уй- булонун, акылдуу аялдын кадырына жетпеген эркекти эмне деп атаарымды да билбей турамын.
- Мм.... Жаман бекем?
- Ошондой го,...
Азамат мени жыттагылап аймалап кирди.
- Эмне болду?
- Эч нерсени ойлонгум келбей жатат. Болду токтотолучу.
Ал мени кумарлуу коздору менен тиктей эки козумон опту. Мен эки колумду анын мойнуна артып экообуздун ыссык илептерибиз чапталыша назик обушуп жаттык.
"Жашыл дарбаза" "Жашыл дарбаза-2" "Жашыл дарбаза","Кайдан жүрүп сага кабылдым"
#22 25 Декабрь 2016 - 14:50
КАЙДАН ЖУРУП САГА КАБЫЛДЫМ.
( же ТАГДЫР ОЮНУ )
Жетинчи болум.
Азаматтын уйундо болуп откон окуяларды, эртеси куну кечке эстеп алып ойлонуп журдум. Айрыкча анын кыздары, Жаныл эженин озу коз алдыман кетпей койду. Чынында аларга аябай эле оор болду. Бирок аларга боорум ооруганы менен Жаныл эженин алдына барып чындыкты ачып келгеним озумо эле жакшы болуптур. Бироо келип жоонумдан оор жукту алып салгандай болуп, озумду бир топ эле женил сезип калыптырмын. Чындап эле качанга чейин ушунтип Жаныл эжеден жашырынып коркуп журмок элек. Азамат айтмакчы эртеби кечпи бир куну ачыкка чыга турган иш болгондон кийин, алардын уйуно барып туура эле кылдым окшойт!. Эмесем Азамат дагы канча журот эле аны ким билсин? Мен да аны кундо куто берип, акыркы убактарда чыдабай чарчап кыйналып кеттим эле. Же экообуз ээрчишип кочо баспасак, же тууган урук менен эрди-аял болуп катташпасак ошол кандай жашоо болсун! Мен анын аялынан жашырынгандай Азаматтын ойношу белем? Жок, албетте! Азамат менин тунук суйуум, таза махабатым. Экообуздун бири-бирибизге болгон кучтуу сезимибизден улам мен ага таза аруулугумду арнадым. Мен ага коптон бери уулдуу болсом экен деп, тилек кылып кутуп жургон уулун тороп бердим. Эми мага артка жол жок! Оз бактым учун озум курошуп, уулумдун келечеги учун эмгектенишим керек. Ансыз да Азаматка жолугуп ага турмушка чыккандан бери, мен жакшылыктуу кун да корбоптурмун. Ыйлап кайгырып капа болуп башымдан эмне деген гана оор кундорду откорбодум. Болду, мен эми мындай кундорго чекит коюшум керек. Мына быйыл бешинчи курс да болуп калдым. Окуумду жакшылап окуп, турмушума конул буруум зарыл!
Арадан уч кун отуп Азамат уйго аябай капа болуп келди. Чон кызына бугун жолугалы деп телефон чалса анысы
- Бизге жолугам деп эч убара болбонуз Ата. Мен сиз менен суйлошпойм, деп коюптур.
Ага да болбой мектебинен тосуп чыккан экен, ал такыр эле озуно жолотпой
- Экинчи мага келбениз Ата! Мен сизди жек кором! деп айтып чуркаган бойдон кетип калыптыр.
Билдирбегени менен Азамат озу деле уйунон чыгып баса бергенине ичинен эзилип жургондой. Ал кыздары менен катташалбай копко убара болуп журду. Озу да аларды аябай эле сагынды окшойт. Чон кызы Айжана тогузда, кичинеси Чолпон тортунчу класста окушат экен. Азамат бир куну Чолпонго мектебинен жолуккан экен, ал да кабагын туйуп атасына жакшы суйлобой таарынып басып кетип калыптыр.
Ага Азамат озунчо ойлоно
- Кыздарым мага таарынса да мынчалык болбошу керек болчу. Демек аларга Мира уйротуп жатат. Балким Жаныл деле мага кыздарды жакындаткысы келбей, ал озу да уйротуп жаткандыр! деп болгоолоп жатты.
Кундогудой кечинде экообуз чай ичип отурсак, ага кайнатасы чалып эртен жолугушуп суйлошолу деди. Ал макул болду. Мен андан
- Азамат, ал сени эмнеге чакырышы мумкун? Сага ал кишинин зыяны тийбейби? деп сурадым.
- Эмнеге тиймек эле. Биз ал экообуз эркек катары маселени жакшы эле суйлошуп чечишип алабыз деди ал камырабай.
- Кантсе да кызынын турмушу бузулуп жатпайбы?
- Эч кандай бузулган жок! Бул убактынчалык гана нерсе. Мен ал кишиге деле эртен ушул созду айтам. Болгону Жаныл менин, дагы бир аялым бар экенине конуусу зарыл. Мен эки уй-буломо тен бирдей карап, балдарыма камкор ата болуум шарт.
- Эгер ал киши ага конбосочу? Бироосу менен гана жашайсын десечи?
- Жок. Антпейт.
- Сен аны кайдан билесин?
- Бул эркектердин иши Самира. Сага тушундуруп отурбайм.
Мен унчукпадым. Озумчо ичимден, кайнатасы жакшы кызматта иштеген киши болсо, балким анын да башка жаш аялы бар чыгаар, деп ойлоп калдым. Ошон учун да Азамат ишеничтуу суйлоп жатса керек. Анын устуно ал кайнатасы менен мамилеси аябай жакшы экенин озу айтып калчу. Анын айткан жумушун Азамат эч качан эки кылбай баарын оз убагында айтканындай жасап койчу экен.
Кудор отуп жатты. Азамат экообуз уч айдан бери чогуубуз. Ал кайнатасы менен жакшы эле суйлошуп келген окшойт. Кечээ ал киши Азаматка дагы бир жумушту дайындап, Азамат анын жумуштары менен кармалып уйго кеч келген. Бирок Жаныл эже мындан бир аз кун мурда ажырашуу боюча арыз жазып таштап коюптур. Ага ал коп деле капа болгон жок.
-Азыр Жанылдын абалын тушунсо болот. Убакыт дарылайт демекчи, убакыттын отушу менен ал да озуно келип мени туура тушуноор, деп койду.
Мен унчукпадым. Билбейм Азамат мага уй-булосу жонундо айтып калган учурларда мен дайыма унчукпай эле угуп коём. Ага ак да, кок да дебейм. Бугун да унчукпай эле оз жумуштарымды жасап журо бердим. Анан да телефондон такыр эле колум бошобой бирде туугандарым менен, бирде дос кыздарым менен тынбай суйлошуп жаттым. Азаматтын, озумдун тойго кийчу кийимдерибизди даярдап, уулума да эмнени кийгизсем экен деп ага да кечээ атайын тойго деп кийим сатып келгемин. Эртен менин бир тууган, эн кичуу агамдын уйлонуу тою. Ал менин досум Жийдеге уйлонуп жатат. Дос кызымдын мага жене болуп жатканына менин кубанычымда чек жок. Ата-энем, агалырым бул тойго аябай эле чон даярдык корушуп элди да коп чакырышкан. Анын устуно мындан эки жыл мурун Жалгыз кызы мени жакшы той менен турмушка узатабыз деп жаткан ата-энемдин тилеги таш каап, менин Азаматтан боюмда бутуп калбадыбы.? Ошондо биздин уй-було элге журтка жакшы эле соз болуп, ата-энем агаларым чунчушуп айла жок эле алар да унчукпай отуруп калышкан болчу. Ошон учун да алар эртен чон ресторонды тандашып, агама ошол жерде дунгуротуп чон той бергени жатышат. Анан да ал агам уйдун эн кичуу ата-апамдын колунда калчу баласы эмеспи. Айрыкча мен бул тойго озгочо даярдык коруп жаттам. Себеби эртен тойдо элдин баары Азамат экообузго чон конул бураары турган иш! Алардын копчулугу мени Азаматка турмушка чыгып балалуу болгонумдан бери эми эртен корушот.
Ошентип эртеси куну биз ресторанда тойдо журдук. Агам бойлуу келген, кен далылуу дене мучосу келишкен жигит болгон учун алар Жийде экоо бири бирине аябай эле жарышып калышыптыр. Айрыкча апакай койнок кийген Жийде, бугун башкача бир сулуу болуп турду. Мен аны коруп ичимден Нурзатка аябай ыраазы болуп кеттим. Себеби Нурзат, Жийде турмушка чыгат деген кундон баштап, ал учун изденип катуу даярдык коруп жургон болчу. Жийденин жакын дос кызы болуп да Нурзат озу чыгыптыр. Алар экоосу тен бугун биринен бири отуп супсулуу болуп жаркылдашып турушса аларды коруп озумчо толкунданып да алдым. Группалаш кыздарым да жасанышып боёнушуп оздорунчо жайнап ачылган гулдой бажырайышып копчулук аларга суктана карап жатышты. Тойго Зейнеп менен Равшан да келди. Озум айткандай эле тууган уруктун, дос жоролордун баарынын конулун айрыкча Азамат экообуз бурдук. Алар бизди отурган орундукта башын бурушуп, мойну узулуп кеткидей эле созушуп карап жатышты окшойт. Кээ бир жакыныраак туугандарым биздин жаныбызга басып келип учурашып Азамат менен оздорун тааныштырышып жатышты. Биз озубуз да жасана кийинип, чынын айтсам тойго деп Азамат мага сонун койнок сатып берген болчу. Аным озумо аябай эле жарашып элдин арасында бугун ашыкча сулуу экенимди жана эле Азамат кулагыма шыбырап откон. Азаматтын да устундогу кийимдерин озунун оюна койбой, болбой жатып баарын жаны алдырткам. Болгондо да анын тандоосу менен эмес озумдун тандоом менен алынган. Билбейм дос кыздарым баары эле мага
- Ой, Самира бугун ашыкча сулуусун. Баарысы озуно топ келген. Жада калса жанындагы Азаматын да жарашыктуу кийинип экоон бугун башка бир чойродон келгенсип элдин баарынын конулун озунорго бурдунар го дешип суктанышып жатышкан. Той жакшы отуп жатты. Агаларым да Азамат экообузду сыйлашып, жанагы учунчу агам деле бизге жакшы мамиле кылып калыптыр го. Бугунку экообуздун жарашып турганыбызды корушуп алардын, бир аз да болсо конулдору жайланып калды корунот. Женелерим деле бойпоктоп бизди айланчыктап болбой калышыптыр . Эки созунун бири -кыз, кыз болуп. Той ортолоп элдин баары кызып калган мезгилде биз Азамат экообуз жетелешип менин дос кыздарымдын жанына келип отурдук. Кыздардын тамаша аралаш создору кызып, каалоо тилектер айтылып баарыбыз конулдуу отурдук. Алар менен чогуу ортодо бийлеп, бир убакта Агам менен Жийде (келин -куйоо) биздин топко келип кошулушуп, группалаш кыздарым шандуу берилип бийлешип, армансыз эле ойноп жатышты. Женил бий башталып Азамат мени колумдан кармап бийге тарты. Экообуз бийлеп жатканда элдин баарынын эле козу бизде болуп жаткансыды мага.
Азамат! Эх, Азамат. Сен бугунку тойдо менин сени суйуп жургон журогумду андан бетер суйгуздун. Сен бугун менин купулума абдан толдун. Азаматтын копчулуктун арасында озун алып жургону, орду менен суйлогон создору, маданияттуулугу, туугандарыма, дос кыздарыма баарына эле жагып турду. Бий буткон сон менин жаныма Канышай келип
- Самира сен да бир топ эле кыйын кыз экенсин, сага соз жок деп калды
-Эмнеге?
Ал мага Азаматты козу менен жансай корсотуп
- Нурзат экоон бекерден аны талашып жургон эмес экенсинер да. Анан калса Азаматтын уйуно коркпой барып, аны аялынан алып баса бергенине сага баа берип жатам, деди
Мен эмне дээримди билбей кулуп эле
- Э досум, башка тушсо байтал жорго болот турбайбы, деп экообуз тен каткырып кулуп жибердик.
Той аяктап Жийденин ыргыткан гулун
Нурзат тутуп алды. Ага кыздардын баары
- О-оо, Нурзат жаны жылдан кийин тойду сен озун баштап берет окшойсун деп тамашалап кулушуп, арасынан Канышай
- Кыздар, куйоого чыккынар келсе Самирага жакындагыла. Себеби ага жакындап журуп Зейнеп анын жигити Равшанга тийди. Жийде ал менен чогуу жашап журуп агасына тийди. Нурзат да Азаматтын дос инилери менен жакшы болуп журот, ал да чыкса керек. Бизге эми жок дегенде, тууган туушкандарынын деле балдары бардыр деп баарыбыздын боорду эзип салды.
Ошентип той да аяктады. Келген меймандар узатылып, мени апам эртен эртерээк уйго келишимди дайындады. Биз Азамат экообуз уйго келээрибиз менен Ильязды ордуна жаткырдык да, кумарлуу коздорубуз менен бири-бирибизге тиктеше кучакташып уктоочу диванга куладык.
Азамат чынында эле аялга бардык жагынан камкор эркек. Аялды кантип конулун алып сыйлаганды билет. Ал озу да коп айтып калаар эле.
-Аялдын жакшы жаман болушу эркектен да болот деп. Себеби аялынын эмнени каалап жатканын эркеги сезуу керек. Анткени аял дайыма эркегине коз каранды. Ошондуктан ага жакшылап конул коюп, эркелетип жылуу жумшак создор менен гулго суу куйюп караган сыяктуу эле аялдын да сезимин журогун сугарып туруу зарыл. Аядар назик болгон учун алар дайыма эркегинен жылуулукту кутушот. Эгер кимдин аялы ажылдаак чырлуу болсо ага да кобунчо эркектер оздору кунолуу болушат. Демек ал аялына кандай мамиле жасоону билбейт. Аялынын жаман жактарын айтып, аны кемсинтип отурушуп оздору да аны кантип кобрага айлантып алышканын билбей калышат. Болду анан, ошону менен ошол уйдо уруш-талаш тушунбоочулуктор кучой берет. Негизи эркектин эркектей эле болгону жакшы, жаман катындардан отуп аялдарын ушактаган эркектерди коп жиним суйо бербейт деп калчу.
Мен анын создорун угуп озумчо узуун ойго батам. Азамат мени менен жашап жургону менен Жанылга мурдагыдай эле белек бекчектерди жонотуп турат. Ал биринчи жолу жаны жылга карата кыздарына,уулуна аялына деп аябай эле которунуп барган экен. Бирок алар аны кабыл алышпай, Азаматтын айласын кетирип бир топ эле жудотушкон. Кандай экенин билбейм ал акыры эптеп белектерин аларга таштап келген. Кийин сегизинчи мартта Жанылдын уйуно толтура роза гулдорун киргизгенин Нурзаттан уккамын. Бирок Жаныл эже Азамат менен бир да суйлошпой, уулу Кыязды корсотпой жатыптыр. Ал эми кыздарынын артынан чуркап журуп алар менен эптеп тил табышып алган. Кыздары деле атасын сагынышып жакшы корушот эмеспи. Кээде ал эки кызын машинасына салып алып эс алчу жайларда дем алыш кундорун чогуу откоруп, аларга мектебине керектелчу буюм терим, кийимдерине чейин алып берип, кээде атайын кечки тамактарды да жакшы тынч жайлардан тамактанышып калышат. Аларга акырындык менен Ильяз жонундо да айтып тушундургон окшойт. Бир куну аларды уйго алып келип Ильяз менен тааныштырам го деп калат. Бирок мен андан аябай корком. Себеби алар мени аябай эле жек коруп калышпадыбы. Быйыл Айжана тогузду аяктап ага коштошуу кечеге деп Азамат жакшы койнок сатып бериптир. Ал кызынын артынан мектепке барып салтанатка да катышып келди. Ошол кундору уйдо отурсам Азамат мага шашылыш телефон чалып,
-Ильязды кийинтирип даярдап тур! деп менин жообумду кутпой эле очуруп салды. Ошондогу калтыраганымды айтпагыла. Титиреп айланчыктап эле эмнени кармап эмнени коюп жатканымды да билбей озумчо кызыктай болуп жаттым. Арадан коп отпой Азамат озу жангыз уйго кирип келип
- Кана, Ильяз даяр болдубу? деди кубанычтуу.
Анан эле ал менин онумду коруп
- Сага эмне болду бозурайып. Эмне анчалык коркуп алгансын деп, каткырып кулуп алды да мандайыман ооп.
- Коркпо алар уйго киришпейт. Бизди кутушуп машинада отурушат. Мен Ильязды алып чыгайын. Бир аз айланып бат эле келебиз, деп баланы колуна которуп уйдон алып чыгып кетти.
Мен ал кетээри менен
- Уфф! деп шалдайып эле эсим ооп отуруп калдым.
Ошондон коп отпой мен да окуумду аяктап,. экзамендерди тапшырып бутуп группалаштар коштошуу кечесин белгиледик. Азамат кечеге кучагы толо кызыл гулдорду которуп уулубуз Ильязды темтендете жетелеп кирип келиптир. Аларды коруп менин ошондогу кубанганымды, бактылуулукка болонуп суйунгонумду айтпагыла. Азамат чындап эле жакшы эркек, чыныгы мырза! деп алдым ичимден. Андан эки уч кун отуп, ал бизди машинасына салып алып Апамдардыкына алып барып келди. Алар да бизди жакшы коноктоп, Жийде женем экообуздун окууну ийгиликтуу аяктап алганыбызга кубанышып ал куну ага- женелерим баары чогулушуптур. Бир туугандар жакшы суйлошуп отурдук. Жийде женем жаны тынбай кызматын кылып, колуна Ильязды алып эркелетип коюп журду. Анын да азыр боюнда бар.
Ал куну да биз уйго кеч кайтык. Тундо тошокто жатып мен Азаматка эркелей
- Азамат? Менде дагы бир кубанычтуу кабар бар дедим.
- Айтчы угайын.
- Менин дагы боюмда бар.
- Чын элеби?
- Чын эле.
Ал мени ичимен сылай жузумон суйуп отту.
- Азамат чынын айтсам мен кыз торогум келип журот. Озум жалгыз кыз болгонум учун кызды аябай жакшы кором.
- Кудайдын бергенин торойсун. Ким болбосун дени сак акылдуу бала болсо болду, деп ал чалкалай жатып ойлоно кетти.
- Эмнени ойлонуп жатасын?
- Кыязды. Кыязды корбогонумо да коп болуп кетти.
- ....? Жаныл эже эмне, аны дагы эле сага корсотпоймун дейби?
- Ал корсотпоймун дегенден бери коп эле жолу кордум. Акыркы жолу Айжана аны атайын кочого алып чыгып мени кутуп турган болчу. Баламды эми эле колума алганымда Жаныл уйдон чыгып колумдан сууруп кетти. Сезип калса керек.
- Сен эмне унчукпай эле кала бердинби?
- Ооба. Кайра- кайра эле кыздардын козунчо ал экообуз уруша бербейли деп ойлодум. Ансыз да бир жолу туура уйго кирип барсам, кашайып Мира да ошол жерде экен. Бир топ эле ызы-чуу болгонбуз ошондо. Бирок ошондон кийин алар кыздарымды эркине коюшуп мен алар менен катташып калдым...., Чынын айтсам Миранын мага коп зыяны тийди. Жаныл го баягысындай эле. Ажылдабайт. Тек гана
- Азамат, экинчи уйго басып келбе. Мага убара болбо. Мен сени баары бир кечирбейм дейт да болмого кирип ичинен илип алат. Кыязды да корсотпойт.
- Азамат бир нерсе сурайынбы?
- Сурап корчу.
- Жаныл эжеге кантип уйлонгонсун? Экоон суйлошуп журуп анан....?
- Бугун эмне болгон сага? Сен такыр эле ал жонундо билгин келчу эмес эле го? ( Ал кулду)
- Билбейм. Бугун сурагым келди.
Азамат оор дем ала бир аз ойлуу жатты да анан созун баштады.
- Атам менен Зулайка апамдын коздору откон жылы мен биринчи курс болуп Зирек эжемдин колунда элем. Ошол бойдон эжем менен жездеме мен чон баласындай эле болуп журдум. Эжем мени эртерээк эле уйлоп коёлу деп чечкен го. Бир куну алар жездем экоо мени суйлошкон кызын бар болсо айт, уйлоп коёлу дешти.
- Мен ойлонбой туруп макул болдум. Себеби мен ошол кундору Айсулуу деген кызды катуу суйуп жургон болчумун. Ал экообуз кыз жигит болуп ээрчишип, коп жакшы кундорду откоруп жургонбуз. Жаныл Айсулуунун жакын курбу кызы. Кээде аны да озубузго кошуп алып кочо айланып басып келчубуз. Ошентип мен Айсулууга уйлонуу сунушун киргиздим. Ал макул болду. Айсулуу ошол дем алышта уйуно барып апасы менен суйлошуп келмей болду. Эгер анын ата-энеси макул дешсе, Зирек эжемдер алардыкына барып сойко салып келишмек. Бирок Айсулуунун ата-энеси бизге каршы болушту. Аны бир алысыраак туугандары менен кичинекейинде кудалашып коюшкан имиш. Мен бул кабарды укканда аябай жаман болдум. Эжемдерге барып айтуудан уялдымбы, же кандай экенин озум да тушунбойм, намыстандым окшойт. Эжемдерге мен, кыздын ата-энеси азыр эмес, кийинчерээк келишсин деп айтышыптыр деп койдум. Ошентип эмне кылаарымды билбей мен ойлонгуча Айсулууну баягы айткан жери ала качып кетишти. Мен ото жаман абалда калдым. Барып Жаныл менен суйлошуп ага арманымды айтып болушуп отуруп, мага ошол жерден бир ой келди. Жаныл Айсулуудай сулуу болбосо да мунозу жакшы кыз экенин билчумун. Мен ага да уйлонуу сунушун киргиздим. Ал да макул болду. Эртеси куну Жаныл мага анын ата-энесинин макул экендигин айттып, ошол дем алышта эжемдер алардыкына барып ага сойко салып келишти. Алар келээри менен эжем мага аябай жакшы жер менен кудалашканын айтып суйунуп отурду. Корсо анын атасы жакшы кызматта иштейт экен. Чынын айтсам мен ал жонундо бир да билген эмесмин. Анан калса Жаныл да бой которбогон жонокой кыз болчу. Ошентип жакшы той менен биз уйлондук. Уйлонгонубузго бир жумадай болуп калса керек эле. Ошондо мага Жаныл ичиндегисин айтып жарылып жатпайбы. Корсо ал мени мурунтан эле ичинен билдирбей суйуп жургон экен. Ал мага суйуу жонундо жазып жургон кундолугун коргозгондо окуп алып аябай тан калгам. Ошентип биз Жаныл экообуз суйушуп кеттик деп Азамат мага карап кулуп калды.
- Жок Азамат, сени мендей эч ким суйо албайт, деп мен ага эркелей анын мойнуна колумду ородум. Ал кулуп эле жузумон суйуп
- Ошонд-ой Самира, биз Жаныл экообуз ошентип уйлонгонбуз. Жыйырма бир жашымда уйлонуп жыйырма учумда кыздуу болдум. Андан беш жыл отуп дагы кыздуу болдук.Убакыт отуп экинчи кызыбыз он жаш болуп баратса да Жанылдан торой турган дайын жок. Торойм деп коп дарыланып журду. Анан мен ага тийише баштадым. Атам эки катын алган, мен да экоону алышым керек деп. Ал башында чычалап журду. Кийин ыйлактап, эгер сен башкага уйлоно турган болсон мен сени менен ажырашам деп айтып калчу. Ичимен ойлоп койдум, мени суйгону чын болсо менден ажырашалбайт ко деп.
Ошентип, эгер Жаныл мени чындап суйсо, ал деле менин уулду болушумду каалайт да деген ой менен жургон кундорумдун бир куну Самира деген кыз келип менин машинамды бир сузуп жатпайбы. Жиним келип машинадан тушсом коздору карагат бир сулуу кыз турат. Анан мен ичимден айттып калдым. Шашпай тур сени сулуу кыз! Сага сузгонду корсотпосом элеби! деп
Биз Азамат экообуз тен каткырып кулуп жибердик. Ал менин устумо оодарыла мени кучактап
- А-а-ав деп мойнумдан аймалап опкулоп баштаганда
- Азам- ат токто, токтосон деп мен аны турто озумо караттым.
- Азамат чынынды айтчы, эгер ошол убактарда сенин уулун бар болгондо эмне кылат элен?
- Уулум бар болгондо да сени алат элем. Себеби мен сени бир коргондо эле суйуп калгам.
- Чын элеби?
- Чын эле. Чын айтам Самира мен сени ушунчалык суйом жаным. Менин карагат козум. Менин жашоом. Менин журогум.
Ал мени назик опкулоп, мен козумду жумдум.
Ошондон бир жума убакыт отуп, Азамат мени машинасына салып алып айылды коздой жоноду. Баламды Жийде женеме таштап койгонбуз. Себеби бул жолу да тоого чыгып баягы досунун уйуно бармакпыз. Азаматтын ушул жери жакшы, боюмда бар кезде балага жакшы болот деп атайын жаратылыштын кооздугун корсотуп эс алдыртып келет. Ильяз балам боюмда бар кезде да тоого чыгып ат минип боз уйдо туноп жакшы эс алып кайткан элек. Бул жолу да ошентик. Баягы боз уйдо экообуз жалгыз туноп, тун бир убакка чейин кобурашып суйлошуп, бул жолу кененирээк уч кун эс алып анан кайтык. Келатып жолдон Максат акенин уйуно Азаматтын туулуп оскон айлына кайрылдык. Мен алардыкына биринчи жолу келишим эле. Алар бизди жакшы эле тосуп алышканы менен Бегимай жене мени бир аз сузураак кабыл алды. Дасторкон устундо чай ичип отурганда да ал мени сынай тиктеп, коп созго аралашпады. Алардын карыган апасы унчукпай эле Азаматты бетинен кайра-кайра ооп сагынганын айтып, коптон бери эмнеге келбей жургонун сурады. Аны Азамат баягы эле жумушунун коптугуно шылтады. Ал мени апасы менен тааныштырганда
- Ии балам, аялын чындап эле сулуу турбайбы? Сен анын сулуулугуна кызыккансын го деп койду. Оо копто барып ана-ан,
-Эми Жаныл да сага таарына бербей элдешип ынтымакташып бактылуу болсонор болду деп озунчо кубуронуп суйлонуп койду.
Максат акенин короосу аябай чон экен. Азамат мени ээрчитип алып анын Атасы менен Зулайка апасы отургузган бакты аралай басып, ал озунун бала чагы атасы жана эки апасы жонундо айтып берип журду. Мага анын айткандары ушунчалык жомок сыяктуу кызык болуп жатканы менен мен бул ирет чындап алардын эки апасы бир короодо чогуу жашагандарына чындап ишендим окшойт. Биз бактан уйго кайтып келгенибизде Азамат мага эски суроттортордон бир экоону алып чыгып корсотту. Мына анын атасы Жунус, улуусу Зулайка апасы, жашыраагы Максуда апасы. Зулайка апаны мен копко тиктедим. Анын коздорунун артында терен сырлар жаткандай. Кучтуу аял экени корунуп тургандай. Ошон учун да аны Максуда апа терен сыйлаган чыгаар. Алар учоо чоогуу качандыр бир кезде эстелик учун тушушкон сурот экен. А бул суротто уй-було чогуусу менен тушушуптур. Зирек эженин алты жетиде окуган курагы окшойт. Максат аке анан жаны эле мектепке барган Азамат. Бул сурот мага аябай жакты.
Бегимай жененин атайын бизге аскан казандагы тамагы даяр болуп, ал бизди досторконго чакырып калды. Мен эмнегедир анын жанына басып барып ал менен аны муну суйлошуп туруп калдым. Бир убакта ал менден
- Ай чырайын келишкен сулуу кыз экенсин. Акыл эсин деле жайында корунот. Эмнеге аялы бар немеге башынды байладын деп сурап жиберди.
Мен кутуусуз келген мындай суроого эмне дээримди билбей ага жалдыраган бойдон кулуп эле ийнимди куушурдум. Ал озунчо оор дем алып алды да
- Жаныл сенчелик сулуу болбогону менен ал эстуу, мунозу жакшы аял эле. Менин айтканыма капа болбо. Кайним копконунон сенин сулуулугуна жаштыгына азгырылган го.? Эмесем анын бир жакшына уй-булосу бар болчу деди.
Мен унчукпадым. Эмне демек элем. Жаныл эженин жакшы аял экенин озум деле корбодумбу. Ошон учун да Зирек эже деле, Бегимай жене деле, Азаматка ичтеринен нааразы болгону менен сыртынан айласыз эле сыр бербей журушкондорун сезип эле калбадымбы.
Баарыбыз чогулуп тамактанып буткон сон, биз Азамат экообуз шаарды коздой жол тартык. Айткандай Азаматтын айылда да озунчо жерлери бар экен. Ал жерлерге да бак тигип аны азрынча Максат аке карап журуптур.
Апамдын каршы болгонуна карабай мен февраль айынын башында экинчи уулумду тородум. Себеби апам мени Азамат менен жашап калабы же жокпу деп, озунчо бушайман боло берчу эмес беле. А биздин Азамат экообуздун бири-бирибизге болгон суйуубуз барган сайын кучоп бараткан. Жаныл эже акыркы кундору Азамат менен ажырашам деп катуу киришип жатканын ал мага бир жолу айткан эле. Андан бери алар эмне болуп жатышат, мен аларга кызыкпай деле калганмын. Анын устуно эки жылга жакын убактан бери Азамат менен чогуу жашап, чыныгы эрди-аялдын жашоосун жашап жатканыма суйунуп отурбаймынбы. Балам торолуп торт ай болуп калган болчу. Кундогудой Азаматтын жумуштан келишине тамак жасап кутуп отурсам ал жок кечигип жатты. Балдар уктап калышкандан кийин бир убакта Азамат уйго кирип келди. Анын ону башын коруп коркуп кеттим. Бироо менен мушташкан го? Койногу айрылып, бир жак кашынын усту канап калыптыр. Ал ачууланып жинденип аялын согунуп жатты. Мен шашкалактап бинтен айрып алып анын канаган жерин аарчыйын деп колумду узутып баратсам ал мени жини келип бир колу менен
- Турчу ары! деп катуу туртуп жиберди. Мен боюмду токто албай столго сойоно отуруп калдым. Коздорумду алайтып мен аны тушунбой эле тиктеп калдым. Азаматтын биринчи жолу мага мынтип катуу тийиши эле.
- Эненди урайындар! Баарынар окшошсунар! Силерди коройун деген козум жок!
Ал эмне кылаарын билбей уйдун ичинде согунуп эки жакка басып журду.
- Азамат, сага эмне болду? Мен сени тааныбай турам, дедим мен ага жай гана.
- Тааныбасан, мына эми тааныйсын!
Ал колуна ашкананын бир стулун алып дубалга каратып бар кучу менен катуу ыргытып чапты эле, стол уйго кире бериштеги кузгуго барып тийип, ал шарактап сынып тушту.
- Апа-аа! деп, уктап жаткан Иляьз балам катуу чынырып ыйлаганда мен ага жетип барып аны боорума кыстым. Берки кичинекейим да кошулуп ыйлап, озум да катуу коркуп балдарымды кучактай ыйлап отуруп калдым. Азамат жинди болгон немедей эшикти катуу жаап уйдон чыгып кетти. Мен калтырап титиреп копко барып озумо келдим. Ильязым катуу коркуп калган окшойт ал басылбай копко чейин ыйлады. Байкуш баламдын кичинекейинен эле журогу тушуп бутмой болду деп озумчо бир кездеги Миранын бизди туртуп жибергенин да эстеп кеттим. Эртенден калбай баламдын журогун котортуп, докторго корсотпосом болбойт, деп ойлонуп жаттым. Азамат ал тундо келбеди. Эмне болгонун билбейм. Тун жарымда Зирек эжеге телефон чалбадым. Оюмда Жаныл эженикине кетсе керек, деп ойлодум.
Эрте менен туруп Азаматка кайра кайра чалсам телефону очук экен. Эмне кылаарымды да билбей калдым. Мумкун Жаныл эже менен урушуп жатып, экоо тундо элдешип аныкында туноп калдыбы деген ойдо Зирек эжеге да телефон чала албай койдум. Ошентип ойлонуп балдарым менен отурсам саат сегиз тогуздар чамасында мага Зирек эже озу чалып калды. Журогум дукулдоп бир жамандыкты сезгендей коркуп жатып телефонду алсам, ал мага Азаматтын тундо катуу авария болуп ооруканага тушконун, азыр ал реанимацияда экенин айтты.
Мен шалдырап эле коркконумдан ага жооп бере албай отуруп калдым.
- Самира коркпо! Кудай буйруса баары жакшы болот. Сага азыр..???..
Уландысы бар.

#23 02 Январь 2017 - 02:50
КАЙДАН ЖУРУП САГА КАБЫЛДЫМ.
( же ТАГДЫР ОЮНУ )
Сегизинчи болум.
Мени ошол куну ооруканага Нурдин алып келди. Келсем Азаматтын туугандары ошол жерде журушуптур. Алардын арасынан биринчи эле Максат акени коруп, журогум оозума кадала тушту. Аябай коркуп кеттим. Жок! Жакшы эле окшойт. Тигинде Зирек эже деле жакшы журот. Алардын онун коруп бир аз эс ала туштум. Алардын жанына келгенимде Зирек эже мага
- Самира баары жакшы. Сени коркутуп албайлы деп сага шашпай кабар бергенбиз. Азыр Азамат жакшы. Ал озуно келип биз менен жакшы эле суйлошуп жатат. Сен азыр бир аз куто тур. Азаматтын кайнатасы келген экен, ал киши чыкса анан сен киресин, деди.
- Эже, ага эмне болду эле? дедим мен дагы эле жакшы тушунбой.
- Ой, Азамат бизди аябай коркутпадыбы. Тунку саат ондордо анын МАИде иштеген досу бизге чалыптыр. Азамат машинасын уруп алып, ооруканага алып келдик деп. Ага чейин эле кызы Айжана да ыйлап чалган болчу. Атамды карап койгула озун бир нерсе кылып албасын! Ал машинасы менен биздин дарбазаны бир сузуп, кайра артына айдап кочодо катуу айдаган бойдон кетти деп. Орууканага келсем Азамат озун билбей реанимацияда экен. Коркконумдан Максатка чалып алар да тундо эле жетип келишкен. Туну менен мен озум анын жанында журуп......ага убагында кан куюлуп, азыр эми баары жакшы деди. Ал бир аз ойлонуп турду да Жаныл да ага тундо келип кеткен. Азыр анын атасы келиптир, деди.
Айткандай эле бир убакта Азаматтын кайнатасы чыгып Максат аке, Зирек эжелер аны узатыша чогуу басышып суйлошуп баратышты. Ал киши коштошуп кымбат баалуу кара тустуу машинага отуруп кетээри менен мага Зирек эже басып келип экообуз Азаматтын жанына кирдик. Анын кокурок туштары, башы колу бинт менен оролуп ойлуу жаткан экен.
- Азамат, Самираны да атайын алдырттым сени коруп бир аз да болсо конулу жайланып тынч отурсун дедим, деди ага Зирек эже.
Ал мени унчукпай эле кабагын буркой бир тиктеп алды да, мени жактырбагандай башын ары буруп кетти.
Мен ага бир да тушунбой оозум ачылып эле аны тиктеп калдым. Азаматтын бир эле кундо мынчалык озгоруусуно эмне себеп болду экен?
- Азамат кандайсын? дедим мен ага аран эле.
Ал мага карап
- Ильяз кандай? деди
- Жакшы.
- Мага башка келип убара болбой эле кой Самира. Барып балдарды уйдо жакшылап карап отур.
Мен башка ага эч нерсе дебедим. Унчукпадым. Бирок эмнеге экенин билбейм коздорумо кылгырып жаш келип, мен ал жерден ошол эле замат чыгып кеттим.
Ошондон эки кун отуп биздикине Зирек эже келди. Мен буга чейин Азаматтын аялы менен эмне болуп жатканын анча мынчалырыны гана укканым болбосо, толук маалыматым жок болчу. Зирек эже да бугун мага бекерден келип жаткан жери жок. Ал экообуз суйлошуп отуруп мен андан коп нерселерди угуп, эми баарын тушунуп билип отурбаймынбы.
Жаныл эже Азамат менен ажырашуу баюнча арызды жазып таштап койшлнуна коп эле болгон. Бирок ага Азамат болбой эле убакыт откоруп журо берген. Жаныл эже да озунун айтканынан кайтпай созундо туруп Азамат менен бир да жакшылыктуу суйлошпой, аны кечирбей жургон болчу. Азамат канча аракет кылганы менен эч кандай натыйжа чыкпаган окшойт. Ошентип журушуп акыры бир куну Жаныл эже Азаматты кафеге кечкиге жолугушууга чакырыптыр. Азаматтын оюнда эч кандай жаман нерсе жок колуна гулун которуп барса, аялы аны бир жигит менен кутуп отурган болот. Аларга коп тушуно бербей Азамат аялына суролуу тиктейт. Жаныл эже ага орундукту корсотуп
- Азамат кел отур. Отуруп алып анан кенири суйлошолу дептир. Ошентип алар учоо бир аз унчугушпай отурушкан сон Жаныл эже Азаматка жанындагы жигитти Нурлан деп тааныштырып, жакында ага турмушка чыгаарын айтыптыр. Азаматтын ошондогу абалын эч ким соз менен тушундуруп бере албаса керек. Ал биринчи ишенбептир.
- Сен атайын эле мага очогушуп уюштуруп жатасын, дегендей кылыптыр.
Ошол учурда Нурлан ордунан туруп,
- Тилекке каршы бул, чындык Азамат. Ошондуктан мен азыр силердин откон турмушунарга аралашпай, экоонду жалгыз калтырайын. Менин бул жерде эч кандай тиешем деле жок болуш керек. Силер кенен отуруп суйлошуп, чеччуу маселенерди озунор жакшылап чечишип алаарсынар, деп жоноп баратып Жаныл эжеге
- Мен сыртта машинада кутуп турам, Ашып барса силерге бир саат убакыт жетиштуу болсо керек, деп чыгып кетиптир
Озун аран кармап отурган Азамат, аялын карайт.
- Ушунд-ай Азамат, деп созун баштаптыр аялы.
- Мен буга чейин эле турмушка чыгып кетмекмин. Бирок уулум Кыяздын жаш экени мени кармап турду. Эми экообуз жакшылап отуруп суйлошуп алалы. Озун билесин ортодо мулк, анан балдар бар дегендей .....
Азаматтын жини келе тушот аялына
- Жаныл сен эмне акылындан айныдынбы? Балдардан да отуп сага эр керекпи?
- Ооба Азамат!" Сага балдардан да артык, жаш аял кандай керек болсо, мага да жанымда дайыма мени эркелетип аялдык бакытка балкытып конулумду улап турчу эркек керек болду.
- Жаныл, токтот тамашанды. Эмне деп жатканынды билип жатасынбы?
- Азамат мен сага соз бергем. Артындан сени эстеп эзилим ыйлабаймын. Башка аялдардай болуп ажылдап жанжал чыгарбаймын деп. Кантсе да сен эркек эмессинби. Аял башым менен мен которгон азапты, сен оной эле которот болушун керек.
- Сен эмне Жаныл, мени башкаларга уят кылайын дейсинби ? Азаматтын катыны эрге тийип кетиптир деген созго калтыргын барбы?
- Э балли! Уят болгон кандай болушун эми сезип жатат окшойсун. Жанылдын устуно куйоосу башка бир жаш аял алып алыптыр деген созго мени калтыраарда, сен ушуну неге ойлободун экен?
- Жаныл.....?!
- Туугандарымдын, тааныштарымдын алдында озумду ылдый сезип кемсинип, элден озумду алып качып, уялганымдан уйдон чыкпай чунчуп жургон кундорумду сен кайдан сезмек элен!
- Сен озунду анчалык жаман сезгидей мен сени таштап кеткен жокмун Жаныл. Мен сага ошондо эле айткамын. Сен мага башында кандай болсон, ошондой бойдон каласын деп.
- А мен сага ошондо эле айткамын Азамат. Менден жакшылыктуу кун кутпо. Сен менин ким экенимди жакшы биле элек экенсин? Убагы келгенде коросун, деп.
- Жаныл сен эмне, мага очогушуп эрге тийип жатасынбы?
- Сага деген журогум муздап калган Азамат! Сен менин, сага болгон суйуумду тепселеп салдын. Кадырыма жетпедин! Мен эми отконго окунуп, мени баалай билбеген эркектин артынан коз жаш тогуп, кудай берген омурумду, азыркы курагымды кор кылгым келбейт. Мага азыр жашоонун даамын татып, кызыгын короор мезгил эми келди. Орустар айтмакчы "в сорок лет жизнь только начинается" . А мен болгону отуз жети жаштан, отуз сегизге эми баратам.
- Башымды оорутпа Жаныл! Эч качан, эч кимге менден кете албайсын! Балдарымды мен эч кимге бербейм!
Азаматтын ачуусу кайнап, озуну кармай албай жиндене баштайт. Ага Жаныл эженин табасы канып, шашпай жай гана
- Тушуном Азамат. Сага азыр оор. Убакыт дарылайт демекчи....
Ошол учурда анын созун аягына чыгарбай ачуусу келген Азамат аялын тарс! деп жаактан ары бир чаап жиберет.
- Азамат! Эскертип коёюн, эгер мага дагы бир ашыкча кыймыл жасоочу болсон, жооп берип каласын! Ошондуктан озунду карма. Болду биздин создор ушуну менен бутту. Калган созду соттон бутуробуз, деп Жаныл эже ордунан туруп кетип баратып
- Айткандай дагы бир нерсени айтып коёюн. Уйду Айжанага эле каттатып берели. Ал он сегизге жаны эле чыкпадыбы. Анан Чолпон менен Кыязды мен озум менен чогуу алып кетем, деп айтып бутоору менен ал артын карабастан шыпылдаган бойдон сыртка жонойт. Анын артынан унчукпай жинди болгон немедей Азамат жонойт. Ошентип Жаныл эже машинанын жанында тамеки тартып турган Нурландын жанына жетип келээри менен артынан Азамат келип Нурланды сабап кирет. Ал экоо ошол жерден мушташып бир топ эле болушкан го. Ары бери жургон адамдар чогулуп, милиция келип аларды кармап, кандай экенин билбейм, айтор Жаныл эже ошол эле жерден Нурлан менен чогуу анын машинасында кетет. Азамат бир аз милициялар менен кармалып жатып, анан ал да оз машинасына отуруп уйго келген экен. Ал уйго келип жинденип биздин журогубузду тушуруп кузгуну талкалап чыгып кеткенден кийин, туура Жаныл эжеге барат. Барса алар дарбазаны ачпай, Азамат кыздарына телефон чалса алар да албай иши кылса жинденген Азамат машинасы менен дарбазаны бир сузот. Ал кайра машинаны артка берип кочодо газды болушунча катуу басып айдаган бойдон кетет. Ошол учурда Айжана атасынан кабатыр болуп Зирек эжеге телефон чалып кабар берген экен. Азамат машинаны бир кыйла жерге чейин катуу айдап келип жолдун боюндагы талды сузуп токтойт. Кудай дагы чон сактаптыр. Эгер адамды сузсо эмне болот эле? Зирек эженин суйунгону ошол болду. Азаматтын машинасынын алды тарабы бычырап жараксыз болуп калганы менен, кудай анын озун дагы чон сактаптыр. Аны коргон адамдар ошол замат МАИни, тез жардамды чакырышып Азамат оз убагында ооруканага жеткирилиптир.
Зирек эже экообуз ал куну копко суйлошуп отурдук. Азаматтын анчалык жинденгенине караганда аны аялы, биз билбеген дагы коп создор менен отуруп алып жай гана чучугуна жеткире туздаган окшойт деп ойлоп калдым ичимден. Ооба чындап эле ал коптон бери ичине топтоп жургон ачуу ызасын Азаматка бир айтып чыгарып алса керек. Анан да Жаныл эженин болочок куйоосу Нурлан, озунон уч жашка кичуу отуз беш жашта экен. Нурлан Америкада коптон бери иштеп, ал жакта отурукташып калыптыр. Анын жалгыз тогуз жаштагы уулу аялында калып, аялы экоонун жашабай калгандарына коп жыл болгон имиш. Нурлан менен Жаныл эже экоо бирин-бири бала кезден эле билишип, алардын ата-энелери да тээ илгертеден эле тааныш адамдар экен.
Зирек эжеден ушундай жанылыктарды угуп, мен унчукпай эле ойлонуп отуруп калдым. Эми чындап Азаматтын уй-булосу бузулганы турат. Кечээ эле эч нерседен бээкапар тынч жашап жаткан уй-було, эми экиге эмес учко болунгону турат. Себеби азыр Айжана студент болгон учун алар жашаган уйлорун ага каттатып, ал озунчо калат. Жаныл эже Кыяз менен Чолпонду озу менен чогуу алып кетем деп жатыптыр. Ага Зирек эже, эптеп жок дегенде Кыязды алып калышыбыз керек деп, кандай айла кылаарын билбей башын катырып журот. Ал эми Азамат болсо балдардын бироосун да ага бербейм, кандай жолго барып болсо да аларды эптеп озум менен алып калам деп жатыптыр. Чынын айтсам Зирек эжени карап отуруп ага аябай боорум ооруп кетти. Себеби анын корккону иниси Азамат болуп жатпайбы. Азамат балдары учун бир кырсыкка барып албаса экен деп, ал бир Жаныл эжеге, бир анын атасына барып сотко чейин озубузчо бир чечимге келип алалы деп жугуруп журот.
Азамат оорууканадан чыгып келгенден бери, анын эч нерсеге конулу жок. Ага жашоо кызыксыздай. Аялдардан конулу катуу калгандай. Кабагын буркоп же мага эч бир ичинде эмне оюу бар жарылып айтпады. Анын турмушун мен бузгансып мага тунорот эле тунорот. Эмне кылаарымды да билбей калдым. Мейли сабыр кылайын. Кантсе да Азаматтын уй-булосу бар экенине карабай озум тийбедим беле ага. Эми анын ачуусуна да таттуусуна да бирдей чыдап, ойдодо обок, ыйдыйда жолок болуп жашашым керек.
Азамат кээде телефон менен суйлошуп сыртка чыгып кетет. Ошол бойдон кечке журуп анан уйго кирип жатып алат. Кээде Ильязды жетелеп сыртка чыгып сейилдеп калат. Ошентип алар эмнегедир сотту создуктуруп жатышты. Же Азаматтын ден-соолугуна байланыштуубу билбейм. Кундор отуп отуруп, эртен сот болот деген куну Азамат эртен мененки чайды ичип алып сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келбеди. Тун бир убак болсо да жок. Телефон чалсам очук. Акыры айлам кетип Зирек эжеге чалдым. Ал да билбейт экен. Туну менен тааныштарга чалып аны издеп баштадык. Азамат эч жерде жок. Эртеси милицияга кабар берилип аны баары издеп баштады. Кыргызстандан сыртка чыгып кетти дейли десек, документтери баары уйдон чыкты. Мындайда жаман ойду да ойлонгондон да коркот экенсин. Зирек эже ошол кундору ойлоно берип арыктап да кетти. Кундор отуп жатты. Азаматтан дайын жок. Ошол кундору Зирек эже Жаныл келинине барып ыйлап келген окшойт. Эмне деп айтканын билбейм бирок.
Ошентип арадан он кундой убакыт отуп бир куну уйдо отурсам меникине Жаныл эже келиптир. Эшикти ачып эле аны коргон козумо ишенбей туруп калыптырмын.
- Уйго кирсем болобу?
- Кириниз....
Мен шашып калдым. Аны уйго киргиздим. Ал уйду бир катар коздон откоруп жатып Ильязыма тигилди. Кичинем уктап жаткан.
- Балдар кандай, чоноюп жатышабы?
- Жакшы рахмат.
Ал экообуз ээрчишип ашканага кирип отурдук. Бир аз унсуз отуруп калдык окшойт. Ал созду эмнеден баштаарын билбей бир оор дем алып алды да
- Самира мен сенин алдына мынтип келем деп бир да ойлогон эмес элем. Бирок келууго туура келип калды. Туурасын айтсам мен сени менен ачык суйлошуп алайын деп келдим.
Ал мени тиктей ойлонуп калды. Менин оюум чар тарапка таркалып, бул мени менен эмнени суйлошот болду экен деп аны кутуп туруп калдым.
- Создун ток этээр жерин айта турган болсом Самира, биз экообуз тен аялбыз. Экообуз тен энебиз. Болгондо да экообуздун балдардын атасы бир адам. Азамат менден балдарды талашып, ал мени.....?, создун кыскасы... эгер мен балдарымды сага таштасам, сен аларды оз балдарындай кабыл алып карайт белен ?
Ал менин коздорумо тигиле карады.
Мен бул созду чын угуп жатамбы, жалган угуп жатамбы уккан кулагыма ишенбей аны тиктеген бойдон
- Жаныл эже, эмне болду сизге? Эмнеден улам сиз мага бул созду айтып жатасыз? Эмне Азаматтан кабар барбы? дедим коздорумду алактатып.
Ал мени тиктеп турган бойдон башын чайкай озунчо кулуп алды да бир аз туруп
- Ооба, Азамат менен кечээ кечтен бери телефондон суйлошуп жатам. Ал озу мага чыгыптыр. Создун кыскасы ал мени балдарды таштаганга мажбурлап жатат. Анан да ал экообуз бири бирибизге тирешип жатып ортодо туугандарды, айрыкча Зирек эжени коп кыйнап койдук окшойт. Айла жок. Кантсе да аял киши эмеспизби. Кандай кундо болбойлу эркектин алдында баарыбир жумшактык кылат экенбиз. Ошондуктан сага келип ачык суйлошуп алып, анан Азаматка жообун айтайын дегем.
- Жаныл эже, ал жагынан камтама болбонуз. Ансыз да силердин уй-булонордун алдында озумду куноолоп окунуп журом. Бирок эми айла жок. Убагында жаштык кылып эч нерсени тушунбогон экем..... Мени кечирип коюнуз Жаныл эже.
Мен бул создорду узуп узуп арандан зорго айтып болсо да, ичимдегини сыртка чыгарып алдым окшойт.
- Кечирип кечирбегенден эми эмне пайда? Эч нерсени озгорто албайбыз. Болоор иш болду. Боёсу канды дегендей. Эми артка эч нерсени кайтарып алалбаган сон, алдыга гана умтулуп жашашыбыз керек. Андан башка арга да жок, деди Жаныл эже.
Ошол убакта эшикти такылдатып, уйго шашып эле Зирек эже кирип келди. Эшикти жана ичинен илбей калганмын го. Ал уйго кирип келип эле бир мени, бир Жаныл эжени карап туруп ыйлап жиберди.
Эх, Азамат. Чындап эле сен биздин баарыбызды азапка салып кыйнап буто турган болдун го. Жок дегенде Зирек эжени аяп, ага айтып кетсен болмок экен.
Азаматтын тоого жайлоого чыгып кеткенин бизге Жаныл эже айтты. Корсо ал биз ойлобогон тарапка Алай тараптагы досторуна кеткен экен. Ал куну биз учообуз озубузчо отуруп алып, балдар боюнча акыры бир чечимге келип суйлошуп алдык. Чынында аял кишиге баласын таштап, алыска кетуу кандай гана оор нерсе. Жаныл эже озу айтмакчы ал кыска ойлуулук кылбай, арканды узун таштады корунот.
- Кайдагы бир эркекке мен балдарымды бактыртып жинди болуптурмунбу деп Азамат озун коёрго жер таппай, озун да мени олтуром деп коркутуп жатат. Бирок кеп анда эмес. Балдарым кантсе да силердин канынар болгону менен мен алардын Энеси болуп жатпаймынбы. Ошондуктан бири-бирибизди туура тушунуп, балдарымдын келечеги учун туура чечимге келсек, деп Жаныл эже ичиндегисин биз менен болушуп кеьти.
Ошол кундун эртеси туштон ооп Азамат уйго кирип келди. Ал келип эле балдарын ооп жыттап эркелетип сагынычы таркаган сон, сууга тушуп сакал мурутун кырынып, озун иретке келтирип алып Зирек эженикине чыгып кетти. Ал мени келгенде мандайымдан ооп учурашканы эле болбосо, экообуз жарытарлык деле эч нерсени суйлошкон жокпуз.
- Азамат, бизди баарыбызды коркутуп кайда журдун? деген суроомо ал
- Убактынча болсо да, бул ойлордон алыстагым келди. Эч нерсени ойлонбой бир аз эс алып, озумо келейин дедим, деп койду. Мен адатымча унчукпадым.
Эх Арман! Дуйнодо эч качан, эч кимдин уй-булосу, ыссык уясы бузулбасын экен. Туштон кийин канчалык окунуп, кайгырганын менен баарын ордуна алып келип коё албайт экенсин. Корсо адам баласы баарын озубузго озубуз кылат турбайбызбы?
Азамат менен Жаныл эженин ажырашуусу да оной болгон жок. Алар балдарды талашып бир топ эле убарагерчилик тартып жатышты. Азамат балдарын чогуусу менен озум алып калам деп когоруп жатып ортодо бир аз тушунбостуктор, нааразычылык создор да айтылып кетти окшойт. Баарынан да Айжан менен Чолпондун экоо бирин-бири кучактап алып ыйлап турушканын коруп, аларга чыдап карап туралбайсын.
Ошентип соттун чечими да чыкты. Азамат менен Жаныл эже экоо акыры ажырашып тынышты. Ал экоонун ортосундагы уй-жай ошол бойдон Айжанага каттатылмак болду. Алардын экинчи кызы Чолпон Жаныл эжеде, ал эми кичинекей уулу Кыяз Азаматта калды.
Алардын ажырашуусу тууган урук, тааныштарга аябай эле катуу тийди. Башкаларга улгу болуп, тынч гана ынтымакта, бактылуу жашап жургон Азаматтын уй-булосу ушинтип туш-тушка чачырап кетишти. Жаныл эженин апасы
-Азамат менен Жаныл же бир урушуп жанжалдашып журушсо да мейли эле, тынч эле жашап жаткан уй-було бат эле ушинтип бузулуп кетет деген эмнеси? деп ыйлаган бойдон калыптыр. Зирек эже да инисинин уясы бузулганына ыйлап жатты.
Талашып тартышып журуп бул жылдын кандай тез отуп кеткенин да билбей калдык окшойт. Жаны жылдын алдынан Азаматтын карыган апасы Максуда апанын да козу отуп кетти. Жаныл эже ал убакта куйоосу менен чет мамлекетке кетип калган болчу. Ошентсе да анын атасы менен апасы айылга барып батаа кылышып Азамат, Зирек эже, Максат акелерге конул айтып кайтышты. Аларды коруп турмушта канча ойдо ылдый нерселер болсо да жакшы адамдар жакшы бойдон катташып кала беришет турбайбы деп ойлоп калдым. Азамат дагы деле кайнатасы менен жакшы мамиледе. Анын устуно алардын небереси Кыяз бар эмеспи.
Айжана биздикине убак, убагы менен келип кетип турат. Алар атасы экоо аябай эле жакшы. Азамат да кызынан тынбай кабар алып, кээде Иляз менен Кыязды машинасына салып алып Айжанага барып турушат. Билинбей отуруп убакыттын отушу менен кудайга шугур биз Айжана экообуз да жакшы болуп кеттик. Дем алыш, майрам кундорду баарыбыз чогуубуз менен тособуз. Азамат ошондой учурларда Чолпонду коп эстейт. Ал деле биз менен чогуу болгондо жакшы болот эле. Бир туугандардын чогуу оскону жакшы эле деп коп айтып калат. Ал эми Жаныл эже болсо мага телефон чалып уулу Кыязды сурап турат. Азамат экоо суйлошпой калган. Билбейм ал аялына аябай эле катуу капа болуп калгандай. Ал жонундо уккусу да келбейт.
Жаз келип, кун кыйла жылуулап калган кезде Азамат бизди жаны жер тамга кочуруп кетти. Ал жакшы жерден участогу чон, уй сатып алыптыр. Уйубуз азырынча уч болмолуу. Жаны уй болгон учун тыкан гана ремонту бар, шарты менен экен. Биз кочуп келгенден коп отпой эле Азамат эки кабаттуу уйдун фундаменттин курдуруп баштады. Мен оз туугандарым менен жакшы катташып, жалгыз кыз болгонум учун да агаларым бизге жардамдашып менден тынбай кабар алып турушчу болушту. Апам да азыр мага унчукпай калган. Эми анын конулу тынчып Азамат менен жашап кетишиме чындап козу жетип калды окшойт.
Ошентип кышында квартирабызга келип жашап, жазында жер уйго барып уйубузду салып журуп арадан эки жыл убакыт отуп кетиптир. Уйубузду зангыратып ичи тышын кооздоп бутуруп алганбыз. Эми кеч куздо балдарыма той кылам деп Азамат даярданып жургон убакта кутуусуздон кызыбыз Айжанага куда келип, ага сойко салып кетишти. Зирек эже эле аны эртерээк бергиси келди окшойт. Анын устуно озунун деле жашы келип калбадыбы Айжананы кудалап кеткенден бери Азамат озунчо ойлонуп
- Убакыт мынчалык бат отпосо. Акыркы жылдардын кантип отуп кеткенин озум да сезбей калыпмын. Кечээ эле башка бир жашоодо журбодум беле? Бугун мынтип кызымды турмушка узатчу убакка жетип калыптырмын, деп озунчо аябай кызынын бой жетип куйоого кетип жатканынан таасирленип жатты.
Чынын айтсам балдарыбызга уйубузго той кылабыз дегенден бери мен да аябай кубанып озумчо катуу даярданып жаттым эле. Анткени Азаматка турмушка чыкканда элге чон соз болуп, ата-энем бир туугандарымды жаман абалга калтырып койбодум беле. Эми балдарга той кылсак менин да баардык туугандарымды чакырып ата-энем агаларымды жакшылап коноктоп, сарпай кийигизип дегендей..... себеби менин туугандарым биринчи жолу артымдан эми келишмек.
Ошентип кеч куздо Азамат экообуз балдарыбызга чон той берип элден батаа алдык. Ильяздын да, Кыяздын да тайата- тайэнелери келишип жакшы сый коруп кетишти. Зирек эже менен Максат аке менин ата-энем менен агаларыма жакшы конул болушуп, алар биринчи жолу келип жатышкандыктан анча мынча салттарын да кошуп буткорушуп ыраазы кылып жонотушту окшойт.
Ал эми Айжананын кыз узатуу тоюн атайын жаны жыл кундору чон ресторанда откордук. Себеби Жаныл эже менен суйлошуп кабарлашып алардын келе алышына караган болчубуз. Ошентип тойго Жаныл эже кызы Чолпон менен келишти. Баягы Жаныл эже жок. Жашарып аябай эле сулууланып, стилин озгортуп озгочо кийинип келиптир. Жузу жайнап бактылуулуктун кабарын берип тургандай. Элдин баары эле аны суктана карап жатышкандай. Кызы Чолпон да чоноюп, бою чон кыздардай болуп осуп калыптыр. Ал атасын инисин аябай эле сагынып калган экен. Келгенден бери басса турса атасы менен чогуу журуп, мойнуна асыла ага эркелеп коюп журду. Бирок Азамат эмнегедир Жаныл эжеге коп конул бура бербеди. Ал менен суз эле учурашып койду. Азамат ага ичинен ото эле каттуу таарынып капа болгон окшойт.
Айжанды аябай кызыктуу жакшы той менен узаттык. Анын устуно кудалар да Азаматтын кайнатасынын жакшы тааныштары экен. Куда киши да кызматта иштеп, куйоо балабыздын да жумуштары жакшы окшойт. Алар да элге чон той берип Айжандын туугандарын жакшы сыйлашып узатышты.
Той да болот, тойдун эртеси да болот дегендей тойлорду откоруп баарыбыз оз озубуз менен болуп отуруп калдык. Азамат дагы деле Жаныл эжеге суйлобой койду. Баягы эле Зирек эже анын конулун алып, уйуно чакырып коноктоп журду. Убакыт болуп Жаныл эже кетчу кун келгенде, Азамат аларды узатып аэропортко да барбай койду. Ага айтып, деп кондуро албаган сон айласыз Кыязды алып аэропортко озум бардым. Чынын айтсам Жаныл эже аны келет деп куткон экен.
Биз барганда эле ал отура калып уулу Кыязды бетинен сылай коздоруно тигилди да аны жыттагылап опкулоп жатып козунон жашы куюлуп агып кетти. Ал уулун бооруна бекем кысып унсуз копко жыттап турду. Аны коруп баары эле жашып кетишти окшойт. Карасам аларды узатып апасы, туугандары келишкен экен. Бир убакта Жаныл эже козунун жашын аарчып ордунан турганда, Чолпон келип Кыязды колунан жетелеп ойнотуп калды. Биз Жаныл эже экообуз копчулуктон болунуп четке чыктык.
- Азаматты келет деп, атайын Кыяз менен коштошпой келбедим беле? деди ал бир аз уну буулуга.
Жаныл эже озуну ушунчалык карманайын десе да болбой анын козунон ыссык жаштар куюлуп агып жатты. Ал аны жашыргысы келгендей башын эки жакка карана буруп аарчып жатканы менен баары бир анын коздору кызарып кычыктарында жаш турду. Аны коруп менин журогум туз куйгандай ачышып жатты. Бул муноттор Жаныл эже экообузго тен аябай оор болду. Себеби мен анын бул корунушунон дагы деле тээ журогунун тубундо Азаматты суйоорун айдан ачык сезип турдум.
- Жаныл эже, жашоонуз кандай?дедим мен аны аягандай коздорум менен тиктеп.
Ал ичиндеги демин оор дем ала чыгарып алды да
- Эч нерсе эмес Самира. Баары жакшы. Негизгиси Нурлан мени чындап суйот. Ошондуктан мен ага жок дегенде эптеп бир баланы болсо да тороп берсемби деп, азыр дарыланып журом деди, мага кулумуш болуп.
Бирок анын козунун жашы дагы агып кетти.
- Самира, уулум сага аманат. Кыязымды жакшылап кара. Азамат анын атасы болгону менен, аны эне мээриминен кем кылба!
- Эже сизге соз берем. Камтама болбонуз!
Биз Жаныл эже экообуз кучакташа коштоштук. Ал мага чонтогунон кичинекей сувенирди алып чыгып колума карматып
- Муну Азаматка берип кой, деди да артына кылчайбастан басып кетти.
Эх! Суйуу, суйуу. Адам баласы канча жолубуздан адашып кандай гана тагдырларга туш болбойлу журогубуздун терениндеги суйуу ошол бойдон сакталып кала берет турбайбы. Корсо Жаныл эже менен Азаматтын ортосунда таза тунук суйуу бар болгон учун да ал экоо бири бирине катуу капа болуп таарынышып, ошон учун да ал экоо бирин бири кечире алышпай журушкон турбайбы?
Мен уйго келип Жаныл эженин белегин Азаматка бергенимде ал унчукпай эле аны тиктеген бойдон копко чейин кармалап унсуз ойлуу отуруп калды.
Арадан бир жыл убакыт отуп мен дагы учунчумду уул тородум. Чынын айтсам мен аябай кыз торогум келген болчум. Бирок дагы уул болуп калды. Ошондо биз Азамат экообуздун Кыяз уулубуз менен кошо торт эркек балабыз бар. Бир куну кечинде балдарды уктатып коюп Азамат экообуз суйлошуп отуруп мен ага
- Азамат, мен бир да кыз торобойт болушум керек, дедим озумчо ойлоно
- Эмнеге?
- Билбейм, мен ошондой ойлоп жатам. Себеби сен эркек бала учун аялындын устуно мени албадын беле? Жаныл эжени нааразы кылып. Ошого эми.....?
- Койчу каяктагыны айтпачы! ( Ал кулду)
- Чын айтам Азамат.
- Анда Жаныл эжен менен суйлошкондо айт ага, мени кыз торосун деп батаа берип коюнуз деп. Ал экоон жакшы суйлошот эмес беленер?
- Жаныл эже демекчи, ал эмне болду экен, коптон бери чалбай да калды. Анын айы да ушул ай болчу. Же ал да тороп калды бекен?
- Айткандай... ,Жаныл кыз тороптур.
- Сен аны кайдан угуп журосун?
Бугун анын атасы менен жолуккам. Ошондон уктум.
Азамат озунчо ойлоно бир нерсени айтчудай мага карады да
- Самира билесинби? Бугун Жанылдын кыз торогонун укканымдан бери ал эч оюмдан кетпей жатат. Чынын айтсам анын алдындагы куноомду бугун эми сезип жаткандаймын.
- Эмне болду анчалык?
- Жаныл ушул кызын торойм деп аябай кыйналыптыр. Азыр апасы да анын жанында экен.
-Азамат, тынчылыкпы? Жаныл эже кандай экен?
- Жакшы. Азыр Жаныл озун жакшы сезип, жакшы болуп калыптыр. Эне-бала экоо тен жакшы экен. Кадимкидей эле элге аралашып суйлошуп, кечээ атасы менен да телефондон суйлошуптур. Болгону мен жакшылап ойлоп корсом, Жаныл чындап эле турмушта коп кыйналыптыр. Мен аны убагында тушунбогон экем. Ал мага уул тороп берем деп изденип дарыланып канча аракет жасап журду. Ал ошонун баарын мен учун аракет кылып жатса да мен аны тушунбоптурмун. Ал мага турмушта жакшы жар болуп берди. Мени чын журогунон суйду. А мен аны, Жаныл мени суйот, суйгондон кийин ал мени туура тушунот да, тушунбой кайда да бармак эле деп журо берген экенмин. Корсо ал мени терен суйгон экен. Мен анын суйуусун кадырлай албапмын. Баркына жетпептирмин. Ал ошон учун мага катуу таарынган турбайбы. Жаныл башкага турмушка чыкты. Мен аны кечире албай койдум. Мен эркекмин. Мага боло берет башкага уйлонсом. Мен ката кетсем да ал ката кетпей эле койбойбу? дедим ичимден.
Ошентип ал мага баягыда сенден эки ак куунун суроту чегерилген журокчону берип жибериптир. Мен аны колума алганда эле тушундум. Жанылдын дагы эле мени суйоорун билдим. Корсо чыныгы суйуу-бул такыр башкача болот турбайбы. Аны эч качан соз менен жеткирууго мумкун эмес. Жаныл мага биринчи жолу суйуусун билдиргенде да ушуга окшогон журокчону белек кылган эле. Анда эжемдер барып ага жаны эле сойко салып келишкен болчу. Мен анда да Жанылды тушунбопмун. Озумчо андан журогум ток болуп, ал мени суйот деп журо берген экенмин. Байкуш Жаныл эми карабайсынбы? Экинчи куйоосу учун торогонго мумкун эмес болсо да эптеп тороптур.
Азамат экообуз унчукпай эле ойлонуп отуруп калдык. Ошол учурда менин оюма бир нерсе келди
- Азамат. Сен Жаныл эжеге телефон чалгын келбейби? Сен аны кыздуу болушу менен куттуктап, мумкун бир аз да болсо конулун которуп коёрсун.
Ал мени унчукпай ойлоно тиктеп турду да
- Сенде номери бар да э? деди
- Ооба, бар.
Ошентип ал кутуусуз эле Жаныл эжеге телефон чалып калды.
- Ало!
- Жаныл кандайсын?
- Азам-ат ?
Жаныл эже аны унунон жазбай тааныды. Ал экоо жай гана ал абал сурашып, Азамат анын кыздуу болушу менен куттуктап, ага уй булолук бакыт каалады. Жаныл эже да бизди куттуктап жакшылык каалап жатты. Алар оздорунчо кусалуу ундору менен бирин бири тээ журокторунун терениндеги сагынычтарын сезишип, бирин бири аяп жаткансышты. Жаныл эженин унунон анын ыйлап жатканы сезилип турду. Бир убакта Азамат андан
- Жаныл, мени кечирип кой. Мен ото кеч тушундум. Баарысы учун кечир мени, деди.
- Азамат...
Ал ыйлап жатты.
АЯГЫ.

#24 02 Январь 2017 - 03:10
Токол аламын деген эркектерге,
сабак боло турган чыгарма экен. Чымчыктын дагы уясы бузулбасын.
Баарыңарга үй-бүлөлүк ынтымак каалаймын.
#26 02 Январь 2017 - 19:01
Бир кыздын эркелигинин айынан бир үй-бүлө чачырады. Эне бала бири-биринен ажырады.
#28 06 Январь 2017 - 05:04
уйкудан да кызыктуу болуп кетти го ))) абдан сонун чыгарма экен авторго баракелде!
Бул жака кочургондорго да ыраазычылык
#29 06 Январь 2017 - 05:05
уйкудан да кызыктуу болуп кетти го ))) абдан сонун чыгарма экен авторго баракелде!
Бул жака кочургондорго да ыраазычылык
#30 08 Январь 2017 - 03:16
Окууп жатып аягында ыйлап да алдым. Аябай таасирдуу жазылыптыр.
#32 21 Январь 2017 - 20:30
авторго ыраазычылык!
!! ушундайлардан кобуроок жазыныз.!?
кыргызстан менин мекеним!!?
#33 23 Август 2017 - 23:55
#35 12 Апрель 2019 - 13:55
Аябай берилип окудум эле ушул чыгарманы , дагы бир кайталап окуп койсомбу?
![:гезит:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/29.gif)