Жашоомдо жаңылуу бар,жаңылык жок
Эзилүү,жанчылуу бар,жандуулук жок...
Жан дүйнөм муздап,тоңуп таштай болуп
Жалындын учкунундай жылуулук жок...
Канчалык жаным үрөп жатсам деле
Сезимде дил кубантаар сулуулук жок...
Жан дүнүйө казынам да майдаланып
Түгөнгөнсүйт,
аруулук да,улуулук жок...
Сүйдүм,бирок сезимдер бааланбады
Кучагына баткырбай аалам дагы
Кансырап көкүрөктөн өксүп турам
Жанга батып жашоонун жалгандары.
..
Сезимге азык берип жандандырган
Жүрөктү түшүнөөр бир адам барбы?
Башым толуп ойлорго,көөдөнүм бош
Дилимдм ээлеп боштук орду толбос...
Күн чыгып,таңдар атып..кечтер келип
Өмүрүмдүн жадаткан күндөрү окшош...
Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д
#83 16 Декабрь 2014 - 11:49
Азаматсыз USSR,
Сиздин, Барс авамдын чыгармаларын сагынып калган экем.,
кирип алып баш которбой окуп чыктым.
Ырларынызды окуп чыгып, коптон бери ыкшоолонуп калган жан дуйном жакшына азык алды.
Рахмат, дагы да жаны ырларынызды окутканга мумкунчулук болот деп ишенем.
урматтап,
aruu
Сиздин, Барс авамдын чыгармаларын сагынып калган экем.,
кирип алып баш которбой окуп чыктым.
Ырларынызды окуп чыгып, коптон бери ыкшоолонуп калган жан дуйном жакшына азык алды.
Рахмат, дагы да жаны ырларынызды окутканга мумкунчулук болот деп ишенем.
урматтап,
aruu
#84 17 Декабрь 2014 - 02:47
Бул теманы көрбөй көзүм кашайып кайда жүргөм билбейм.
Рахмат сизге өзгөчө саптар экен,окуган сайын ичимде кандайдыр кылдар чертилип десемби же тырсылдап үзүлүп десем туура болобу башкача сезимде болдум.Көптөн бери мындай таасирленип поэзия окубадым эле.
Рахмат сизге өзгөчө саптар экен,окуган сайын ичимде кандайдыр кылдар чертилип десемби же тырсылдап үзүлүп десем туура болобу башкача сезимде болдум.Көптөн бери мындай таасирленип поэзия окубадым эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#88 15 Апрель 2018 - 13:18
Отчетту эми жеңеге гана беришке туура келип атабы?
Им-пич-
мееееент!
#89 25 Декабрь 2018 - 13:20
Тоо этектеп кулач жайган айылым
Сени эңсеп күчөп турат сагынуум.....
Кыялымда аттап-буттап чыгып барып
Кырда олтурам...бет маңдайы айлымдын...
Көзгө тааныш, ийри-буйру көчөлө р
Жайында чаң...жазында баткак, ылай
Көң жыттанат...нан жыттанат....тааныш жыт
Эстен кеткис эне сүтү жытындай....
Мамыт аке айванында күн тийген
Устачылык кылып жатат сыягы
Амир аке от алдыра албай жаткансыйт
Эскилиги жетип бүткөн "Волгасын" баягы....
Султан аке жонго таштап кетменин
Жөнөдү окшойт сугарганы эгинин
Короосуна суу себип шыпырууда
Жаңыбайдын жаңы келген келини.....
Ооо! Буркан аке атын сылап жалынан
Баккан экен,аргымактын көзү ойноктойт
Бу кызык...көрсөтпөй бакчу эле
Жакында улак-тартыш болот окшойт....
Тээтигинде там-туң баскан бир бөбөк
Ойноп жүрөт жөжөлөрдү кубалап
Үрпөйүп,сес көргөзүп чаар тоок
Эне эмеспи,жөжөлөрүн кызганат.....
Эхх...айылым. ..
Ааламга кеткен дангыр жол
Ушул сенин босогоңдон башталат....
Ар бир ташың,ар бир чөбүң ...дарагың
Кубат берип....канат байлап шаштырат....
Сени эңсеп күчөп турат сагынуум.....
Кыялымда аттап-буттап чыгып барып
Кырда олтурам...бет маңдайы айлымдын...
Көзгө тааныш, ийри-буйру көчөлө р
Жайында чаң...жазында баткак, ылай
Көң жыттанат...нан жыттанат....тааныш жыт
Эстен кеткис эне сүтү жытындай....
Мамыт аке айванында күн тийген
Устачылык кылып жатат сыягы
Амир аке от алдыра албай жаткансыйт
Эскилиги жетип бүткөн "Волгасын" баягы....
Султан аке жонго таштап кетменин
Жөнөдү окшойт сугарганы эгинин
Короосуна суу себип шыпырууда
Жаңыбайдын жаңы келген келини.....
Ооо! Буркан аке атын сылап жалынан
Баккан экен,аргымактын көзү ойноктойт
Бу кызык...көрсөтпөй бакчу эле
Жакында улак-тартыш болот окшойт....
Тээтигинде там-туң баскан бир бөбөк
Ойноп жүрөт жөжөлөрдү кубалап
Үрпөйүп,сес көргөзүп чаар тоок
Эне эмеспи,жөжөлөрүн кызганат.....
Эхх...айылым. ..
Ааламга кеткен дангыр жол
Ушул сенин босогоңдон башталат....
Ар бир ташың,ар бир чөбүң ...дарагың
Кубат берип....канат байлап шаштырат....
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 25 Декабрь 2018 - 13:21
#90 25 Декабрь 2018 - 13:23
Кучактап сени жытыңа сенин мас болуп
Жадырап жүрөк бырышы кетээр жаш болуп
Сезимге эгип сүйүүнүн назик гүлдөрүн
Жүрө бер жаным мемиреп жылуу жаз болуп.....
Жолукпай калсак убакыт бизге кас болуп
Көкүрөк сыздайт көөдөнгө ысык жаш толуп
Жалгыздык ээлеп сагынган күндөр узарып
Сен менен өткөн жетишпейт күндөр аз болуп....
Тигилем сенин мухиттей терен көзүңө
Элжиреп жүрөк көргөндө сенин карегиң
Жашабайм азыр өзүмдүн үй-жай,көчөмдө
Карегиң сенин-азыркы менин дарегим.
Желп этип шамал....жалбырак учса шуудурап
Сезилет мага сен жаткансып шыбырап
Жай толгон учур-саратан аптап күнүнөн
Кучагың сенин мен үчүн кыйла жылуурак...
Жадырап жүрөк бырышы кетээр жаш болуп
Сезимге эгип сүйүүнүн назик гүлдөрүн
Жүрө бер жаным мемиреп жылуу жаз болуп.....
Жолукпай калсак убакыт бизге кас болуп
Көкүрөк сыздайт көөдөнгө ысык жаш толуп
Жалгыздык ээлеп сагынган күндөр узарып
Сен менен өткөн жетишпейт күндөр аз болуп....
Тигилем сенин мухиттей терен көзүңө
Элжиреп жүрөк көргөндө сенин карегиң
Жашабайм азыр өзүмдүн үй-жай,көчөмдө
Карегиң сенин-азыркы менин дарегим.
Желп этип шамал....жалбырак учса шуудурап
Сезилет мага сен жаткансып шыбырап
Жай толгон учур-саратан аптап күнүнөн
Кучагың сенин мен үчүн кыйла жылуурак...
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 25 Декабрь 2018 - 13:28
#91 25 Декабрь 2018 - 13:30
Түн муздак, асман муздак, аалам муздак
Сумсайган терезем да турат муздап
Тунжурап жалгыз калып сени эстедим
Кусалык жүрөгүмдү үнсүз мууздап...
Жол муздак, аба муздак, дубал муздак
Ойлонуп жолчырактар турат муздап
Уктабайм сагынчымдан чабалактап
Сен жөнүндө ойлор мени алды курчап...
Сумсайган терезем да турат муздап
Тунжурап жалгыз калып сени эстедим
Кусалык жүрөгүмдү үнсүз мууздап...
Жол муздак, аба муздак, дубал муздак
Ойлонуп жолчырактар турат муздап
Уктабайм сагынчымдан чабалактап
Сен жөнүндө ойлор мени алды курчап...
#92 25 Декабрь 2018 - 13:34
мен өлсөм эмне калат
досум арак,курбум шарап...
жеңил желпи кыздар менен ырсалактап. ..
даанышмандар айтмакчы
же тикпепмин бир түп дарак...
мен өлсөм эмне калат
томпойгон дөбө калат
анан баары унутулат
бул жашоого мен өзүм келбегендей. ..
ээ байкуш...
жүргөн бир пайдасыз неме эле деп
шыпшынган сөздөр калат.
элесимди карегинен бат өчүргөн
кайдыгер көздөр калат.
досум арак,курбум шарап...
жеңил желпи кыздар менен ырсалактап. ..
даанышмандар айтмакчы
же тикпепмин бир түп дарак...
мен өлсөм эмне калат
томпойгон дөбө калат
анан баары унутулат
бул жашоого мен өзүм келбегендей. ..
ээ байкуш...
жүргөн бир пайдасыз неме эле деп
шыпшынган сөздөр калат.
элесимди карегинен бат өчүргөн
кайдыгер көздөр калат.
#93 25 Декабрь 2018 - 13:39
Бүт аалам баткан карегиме
Бир тамчы жашым батпай,
Жыгылгым келбейт
Маарага жетпей зоруккан
Күлүк аттай.....
Ызадан үнүм буулуп
Көз жашка жүрөк жуулуп
Караңгылык ушулбу
Калганда күлүп тийген
Күн тутулуп????
Тагдырды сөктүм!
Жети атасын калтырбай
Урдум ушу жашооңду
Койду го мени
Эч жерине баткырбай...
Таарындым
Тагдыр деген мерез немеге
Таалайыма жеталбай койдум эмнеге?
Ишеним сынып
Көз жеткен жерге ой жетпей
Бараттым жалгыз
Ачарбактай купкуу болуп
Жол жээктей.
Тагдырдан кайыр сурап
Турам азыр ыйламсырап
Алсырап, жалгызсырап. ..
А бирок үмүтсүз-шайтан
Учкуну турат үлпүлдөп
Үмүттүн аппак шооласы
Үзүлгөн күнү жаным кошо үзүлөт...
Бир тамчы жашым батпай,
Жыгылгым келбейт
Маарага жетпей зоруккан
Күлүк аттай.....
Ызадан үнүм буулуп
Көз жашка жүрөк жуулуп
Караңгылык ушулбу
Калганда күлүп тийген
Күн тутулуп????
Тагдырды сөктүм!
Жети атасын калтырбай
Урдум ушу жашооңду
Койду го мени
Эч жерине баткырбай...
Таарындым
Тагдыр деген мерез немеге
Таалайыма жеталбай койдум эмнеге?
Ишеним сынып
Көз жеткен жерге ой жетпей
Бараттым жалгыз
Ачарбактай купкуу болуп
Жол жээктей.
Тагдырдан кайыр сурап
Турам азыр ыйламсырап
Алсырап, жалгызсырап. ..
А бирок үмүтсүз-шайтан
Учкуну турат үлпүлдөп
Үмүттүн аппак шооласы
Үзүлгөн күнү жаным кошо үзүлөт...