- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Ашканага тиешелуу ырым-жырымдар ;-)
#1 05 Ноябрь 2012 - 23:22
Салам алейкум.
Эгер ушундай тема болсо кошуп коюнуздарды суранам.
Эми сиз ашканага тиешелуу кандай ырымдарды билесиз?
Мисалы мен уккан билгендеримди айта кетсем:кокус колунуздан кашык тушсо аял,ал эми бычак тушуп кетсе эркек конок келет деген,анан тамагыныз туздуу болуп калса,демек сиз кимдир бироону жактырып калдыныз...деген ушул сыяктуу сиз уккан,билген ырымдарыныз м.н болушо кетсениздер. ..?

Сен менин бир тамчы коз жашым болсон,анда мен сени жоготпоо учун омур бою ыйлабай отмокмун...
#2 05 Ноябрь 2012 - 23:59
Chay ichip atkanda,piyalada chay jigachi bolso uyuno meyman kelet,tamagin tuzduu bolup kalsa biroonu suyosun:))
все что ни делается все к лучшему :(
#3 06 Ноябрь 2012 - 07:50
Ичип жаткан тамагына кумурса тушуп калса, ал тамакты тогуп жибербей, кумурскасын алып коюп жешин керек экен ал да ырыскы миишшш..
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#5 06 Ноябрь 2012 - 13:33
Кичинелигимде Тамакка деп тууралган сабизди жесен атан акчасын жоготуп алат десе ишенип алчумун
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#6 06 Ноябрь 2012 - 13:41
Тамак бышырып жатканда,этин терип жеп коймой адатым бар.Мамам урушуп калчу"ошентип эт жей берсен,тилдүү кайненеге туш келесиң"деп.
Только злые люди, зла боятся!
#7 06 Ноябрь 2012 - 13:59
aska tuuralgan sabizdi jebesh kerek,bolboso beresen (kariz) kop bolot:)
все что ни делается все к лучшему :(
#8 06 Ноябрь 2012 - 15:08
solnyshko (06 Ноябрь 2012 - 13:41) жазган:
Тамак бышырып жатканда,этин терип жеп коймой адатым бар.Мамам урушуп калчу"ошентип эт жей берсен,тилдүү кайненеге туш келесиң"деп.
мен да ушинтип тамактын этин алып жегенде женелерим "балдардын жанынан отуп баратканда сурдоп басалбай каласыз" деген болчу.
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#9 06 Ноябрь 2012 - 15:10
Тууралган сабизди жесең,жашооң да дал ошол сабиздей тууралган,узун-
кыска,жакырчылык болот деп коюшат...
Только злые люди, зла боятся!
#10 06 Ноябрь 2012 - 15:13
elif (05 Ноябрь 2012 - 23:59) жазган:
tamagin tuzduu bolup kalsa biroonu suyosun:))
эмне эле тамагым туздуу болот дейм, койсо бийоону суйуп калган туйбайымбы
Билдирүүнү түзөткөн: Aida.1995: 06 Ноябрь 2012 - 16:00
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#11 06 Ноябрь 2012 - 15:56
Омей мен да ушундай адатым бар эт терип жейм...анан аш устундо конок келип калса,ошол конок жакшы адам имиш...
Сен менин бир тамчы коз жашым болсон,анда мен сени жоготпоо учун омур бою ыйлабай отмокмун...
#12 06 Ноябрь 2012 - 16:01
Тамык бышканда салаардан алдын,өзүңө биринчи куюп алып,анан башкаларга куюп бер дешет.Себеби ал тамакты сен жасадың,анан биринчи куйган тамакта ырыскы болот,ал ырыскыны сен башка адамга куюп берип калгандай болосун.Ошондой эле,үйүңө конок келип калганда,биринчи куюлган тамакты ошол конокко куюп берип койсоң,ал ырыскыны силердин үйүңөрдөн кошо алып кетип калат деген да ырым бар.
Только злые люди, зла боятся!
#13 06 Ноябрь 2012 - 23:37
Тамак жасарда сырткы кийимибизге конул буруу керек экен. Кийимибиз таза жана тыкан болсо уйго киреше кирет экен,кир болсо жардылыктын белгиси болот экен.Тамак кууруп жатканда ар дайым бактыны тиленсен бактылуу болот экенсин
#15 07 Ноябрь 2012 - 01:53
#16 07 Ноябрь 2012 - 02:09
Mен деле мындай ырым-жырымдарды колдонбойм.
Бирок,менин чоң апам колдонуп калган ырым-жырымдарын жазсам:
Нанды тетири койбо, бир колдоп сындырба.Нан менен бычак аарчыба.Караңгыда ак сураба.Караңгыда сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.
Нанды тетири койбо, бир колдоп сындырба.Нан менен бычак аарчыба.Караңгыда ак сураба.Караңгыда сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#17 07 Ноябрь 2012 - 18:48
Оба менин да чон энем айта берет идиш аякты жууп жат деп.Анан да бир кемпирден укканмын идишти чала жууса гээ (куноо) болот деп...
Жанагы быша элек тамактын этин жеп койгондордун катарына мен да кирем ,озумун адатымы билем да тамака кобуроо эт кошом барыбир бир болугу менин ашказаныма деп...
Жанагы быша элек тамактын этин жеп койгондордун катарына мен да кирем ,озумун адатымы билем да тамака кобуроо эт кошом барыбир бир болугу менин ашказаныма деп...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#18 07 Ноябрь 2012 - 19:30
Аялдар Аштын биринчи кашыгын эт менен кошо жесе акылдуу, тушунуктуу келинге туш болот экен
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#19 08 Ноябрь 2012 - 18:27
Азыр менин адашып ашканага кирип калганымдын өзү жакшы жышаан, эгерде үйдөгүлөрдү кубантып, тамак жасап берсем, анда жөрөлгөнүн башы болмокмун, көчөдөн чоң шак алып келип эле, башыма сындырышмак.
..)))
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#20 09 Ноябрь 2012 - 18:44
solnyshko (06 Ноябрь 2012 - 10:41) жазган:
Тамак бышырып жатканда,этин терип жеп коймой адатым бар.Мамам урушуп калчу"ошентип эт жей берсен,тилдүү кайненеге туш келесиң"деп.
Сиз этин жесениз мен сабизин терип жеп коймоюм бар. Анда не болот?
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »