Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!
#121 04 Февраль 2015 - 15:50
Керемет создорду бири-бирине байлап, ар бир жазышы бир филсофия. Мындай суротторду кайдан табаарынды сыр болбосо жаза кетчи. Эч болбосо купуяга.
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#122 06 Февраль 2015 - 14:51
ales, сыр деле эмес, интернет деген мейкиндиктен эле табылат)
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#123 06 Февраль 2015 - 14:57
Так ошо интрнет мейкиндиктен издеп, конулго топ келгенин таба албай, ушул жерден табам да... Балким озунчо сайт барбы дегеним го...
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#124 09 Февраль 2015 - 12:20
ales, өзүнчө сайты деле жок көзгө ар жерден урунуп калат, мен тексттин ылайыгына жараша жайгаштырып коём, болгону ушул...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#125 09 Февраль 2015 - 15:14
Улантпайсызбы.
..чыдамсыздык менен кутуудомун
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
#126 09 Февраль 2015 - 18:02
Сиздин теманыз менен чыгарманыз дал келишбейт.Филосовкий коз караш менен караганда филосовдор 2суйлом менен ажаатынды ача турган маанилуу ойлорду калтырышат.
Досторунуз китеп,анан чеги жок ой жугуртуу экени жакшы,балким ушул тапта озунузду ким экенинизди издеп жаткан чыгаарсыз?!
Тажатма ой жугуртуудон коро сонун ыр жазып берсениз жалпы журтка кызыктуу болмок.
#127 10 Февраль 2015 - 12:41
raxelya,
неме-неме, бар го, мен филосоВ(-ф) эмесмин) капкарапайым эле сапсары кызмын) досторум кадимки өзүмө окшош жөпжөнөкөй адамдар, ал эми ой-жүгүртүү да тилекке каршы, чектелүү, чексиз болсо, ушул жерде тантып отурмак белем?) ии баса, ыр жаз дегениңиз да өЛЛө кызык демилге экен))) бул жерде мени да тажатпай, өз талааңызга барып, дыйканчылыгыңызды уланта бериңизчи) ыр жазасызбы, философиялык трактат жазасызбы, как-то мага "кү-үүн ысыК-Кы, абда-аан ысыК-Кы!"
Ийгиликтер!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#128 10 Февраль 2015 - 16:46
Ыр жазып берсеңиз дейби? )))
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#129 11 Февраль 2015 - 09:02
vankuver,
форумда реалдуу чындыкта жолуктурбагандын баарын кезиктиресиң дешсе, ишенчү эмесмин!) мындан ары биле жүрөм) мля, балким, "Манас"
эпосунун адальсча вариантын жазып көрөттүрмүн)))
Кой, ушуну менен теманы булгоону токтотолу, эч ким эч кандай пикири менен бөлүшпөй эле койсун, бул менин фронтум!)
Кой, ушуну менен теманы булгоону токтотолу, эч ким эч кандай пикири менен бөлүшпөй эле койсун, бул менин фронтум!)
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#130 13 Февраль 2015 - 14:26
adalsvards (10 Февраль 2015 - 12:41) жазган:
raxelya, неме-неме, бар го, мен филосоВ(-ф) эмесмин) капкарапайым эле сапсары кызмын) досторум кадимки өзүмө окшош жөпжөнөкөй адамдар, ал эми ой-жүгүртүү да тилекке каршы, чектелүү, чексиз болсо, ушул жерде тантып отурмак белем?) ии баса, ыр жаз дегениңиз да өЛЛө кызык демилге экен))) бул жерде мени да тажатпай, өз талааңызга барып, дыйканчылыгыңызды уланта бериңизчи) ыр жазасызбы, философиялык трактат жазасызбы, как-то мага "кү-үүн ысыК-Кы, абда-аан ысыК-Кы!"
Ийгиликтер!
#131 13 Февраль 2015 - 17:23
raxelya,
баардыгын эмес, анткени, сиздей "ушундан көрө ыр жазбайсыңбы"
деген сынды бул темада биринчи жолуктурушум,
демек сиздей адамдар бириндеп деп эсепке алсам, анда антифанаттарым аз болсо керек деп ойлойм. Мен эч кимге ушул убакка чейин темамды таңуулаган эмесмин, балким сиздей бөтөнчө адамдар чындап эле, бул темадан алыс болуп, ыр жазылган жактарга баш баксын деген ойдо жаздым гой)))
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#133 23 Февраль 2015 - 16:42
#134 23 Февраль 2015 - 17:24
XXXXI
"Жаныма чейин жакында/жолобо"
Эч кимди жаныма жарым карыш да жолоткум келбейт. Мейли, өмүрүмдүн бир теңи менен барабар чогуу жүргөн болсун. Мейли, ата-жотомдон тартып акыркы жаңылыктарыма чейин кабардар болсун. Мейли, өтө жакшы көргөн, же жек көргөн болсун...
Айрыкча, мунун кесепети - сенин жан дүйнөң кыйсыпырга түшүп, кыбылаң кай жак экенин таппай калганында өтө орой формада даана билинет. Жүрөгүңдүн ооруп турганын, керек болсо, сага өмүр тартуулаган адамга да айта албаганың, бул катастрофа! Сени кыйнап жаткан дарттан даба табууга эч бир нерсенин жардам кылбай калгандыгы бул кыямат! Ааламың алай-дүлөйгө түшүп турса да, ал ахвал сенин сырткы кебетеңден таптакыр билинбегени, кымындай тырыштан да байкалбаганы, бул магия, бул керемет!
Ар бир жаралган көйгөйүмдү көмүп кете берүү - эбак көнүмүшкө айланганына, не дешиме да башым маң. Баарынан кызыгы көйгөйдүн канчалык чоңоюп жатканын өзүм беш колдой биле туруп, керек болсо, ошонун көлөмүн көбөйтүүгө кошкон салымдын ээси мен экенимди айта турган болсом, садист деген атка татыктуу болуп чыгармын... Баш айланта бергенде эмне, ушуну менен канчанчы жакын адамымдан кол жууп жатканымды бир мен билбесем, анда экинчисин эгер бар болсо, анда Жараткан билет.
Актоого аргумент издей баштайм. "Алар дагы да мага жакындашса, мен алардын бирин жанымдан чыгармак эмесмин" деп жатам. Уялбай көптүк санда жазып койгонумду кантейин?.. Ушунун өзүнөн эле менин канчалык наадандыкка барышым мүмкүн экенин билдирет.
Бул сапар жерге берүү зыйнаты мени жүдөтүп койду. Көйгөй өтө узакка созулуп, көлөмү өтө ирик болуп кеткен экен. Өзүмдү алдап жатам. Сен сабырдуусуң, сен чыдамдуусуң, сен көтөрүмдүүсүң деп. Мен жериме сени да батыра алам. Абийирим саатынан эрте ойгонуп кетпесе эле, эртең сенин үстүңө байчечекей өсүп чыгат.

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:38
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#136 06 Апрель 2015 - 17:40
XXXXI
I
"Куласам, кучагың жайылуу экенин билем"
Жалгыздыгым жадатма жарнама болуп бүтсө да, жанымда бир жан жок болсо да, мен сенин тирүүлүгүң менен дем алган адаммын, мен сенин аман жүргөнүң менен бул дүйнөнүн адамымын. Мен беш колдой билем, эгерде боюмду таштап кулай турган болсом, эбак эле сен менден мурун ошол жардан секирип, кыйыры көрүнбөгөн аңга түшүп, сен мени ал жактан кучагыңды жайып тосуп аласың. Арманым аттын башындай болуп кетсе, жөлөк болчу далыңды тосууга даяр экениңди, бырылдап-шырылдап ыйлай турган болсом, жүзүмдөн ар бир жашымды аарчып турууга белен экениңди эң жакшы билем.
Мен баарын сезип-аңдап турам. Билинер-билинбес чачымдан сылаганыңды, байкатар-байкатпас кучагыңа катканыңды, көрүнөр-көрүнбөс мени абайлап турганыңды, угулар-угулбас дуба тилегениңди - мага баары сопсонун жетип турат.
Аба кемеси калкыган асманда, миң түркүн булуттар арасында, миллион бейтааныштын чөйрөсүндө, бул кең аалам биригип, жүрөк жалгыздыгын толтурууга алсыз. Мага тим койсо, сенин мен гана баткан кучагыңдан чыкпай коюу - баасыз белегим болмок.
Ушул жаздын жылуу илеби, астейдил соккон жели, мени калп эле болсо да, ким бирөөнүн чуркап келүүсү үчүн болсо да, кулаткысы келип турат. Кулатып туруп, ошол кимдир бирөөнүн кучагынан таптыргысы келип турат. Баарынан да башкысы - ошол кучактын кылымдарга кулпуланып калуусун тилеп турат...

#137 06 Апрель 2015 - 23:39
Ушул автордун жазгандарын окугандымда ичине сунгуп кирип ошол жерде жургондой сезем озумду.Суротторду жазууларга дал келтирип койгону да башкача.Жан дуйносу бай ой жугуртуусу кенен адам экениниз жазганыныздан билинип турат.
#138 07 Апрель 2015 - 14:03
adalsvards (06 Апрель 2015 - 17:40) жазган:
XXXXI
I
"Куласам, кучагың жайылуу экенин билем"
Жалгыздыгым жадатма жарнама болуп бүтсө да, жанымда бир жан жок болсо да, мен сенин тирүүлүгүң менен дем алган адаммын, мен сенин аман жүргөнүң менен бул дүйнөнүн адамымын. Мен беш колдой билем, эгерде боюмду таштап кулай турган болсом, эбак эле сен менден мурун ошол жардан секирип, кыйыры көрүнбөгөн аңга түшүп, сен мени ал жактан кучагыңды жайып тосуп аласың. Арманым аттын башындай болуп кетсе, жөлөк болчу далыңды тосууга даяр экениңди, бырылдап-шырылдап ыйлай турган болсом, жүзүмдөн ар бир жашымды аарчып турууга белен экениңди эң жакшы билем.
Мен баарын сезип-аңдап турам. Билинер-билинбес чачымдан сылаганыңды, байкатар-байкатпас кучагыңа катканыңды, көрүнөр-көрүнбөс мени абайлап турганыңды, угулар-угулбас дуба тилегениңди - мага баары сопсонун жетип турат.
Аба кемеси калкыган асманда, миң түркүн булуттар арасында, миллион бейтааныштын чөйрөсүндө, бул кең аалам биригип, жүрөк жалгыздыгын толтурууга алсыз. Мага тим койсо, сенин мен гана баткан кучагыңдан чыкпай коюу - баасыз белегим болмок.
Ушул жаздын жылуу илеби, астейдил соккон жели, мени калп эле болсо да, ким бирөөнүн чуркап келүүсү үчүн болсо да, кулаткысы келип турат. Кулатып туруп, ошол кимдир бирөөнүн кучагынан таптыргысы келип турат. Баарынан да башкысы - ошол кучактын кылымдарга кулпуланып калуусун тилеп турат...
"Куласам, кучагың жайылуу экенин билем"
Жалгыздыгым жадатма жарнама болуп бүтсө да, жанымда бир жан жок болсо да, мен сенин тирүүлүгүң менен дем алган адаммын, мен сенин аман жүргөнүң менен бул дүйнөнүн адамымын. Мен беш колдой билем, эгерде боюмду таштап кулай турган болсом, эбак эле сен менден мурун ошол жардан секирип, кыйыры көрүнбөгөн аңга түшүп, сен мени ал жактан кучагыңды жайып тосуп аласың. Арманым аттын башындай болуп кетсе, жөлөк болчу далыңды тосууга даяр экениңди, бырылдап-шырылдап ыйлай турган болсом, жүзүмдөн ар бир жашымды аарчып турууга белен экениңди эң жакшы билем.
Мен баарын сезип-аңдап турам. Билинер-билинбес чачымдан сылаганыңды, байкатар-байкатпас кучагыңа катканыңды, көрүнөр-көрүнбөс мени абайлап турганыңды, угулар-угулбас дуба тилегениңди - мага баары сопсонун жетип турат.
Аба кемеси калкыган асманда, миң түркүн булуттар арасында, миллион бейтааныштын чөйрөсүндө, бул кең аалам биригип, жүрөк жалгыздыгын толтурууга алсыз. Мага тим койсо, сенин мен гана баткан кучагыңдан чыкпай коюу - баасыз белегим болмок.
Ушул жаздын жылуу илеби, астейдил соккон жели, мени калп эле болсо да, ким бирөөнүн чуркап келүүсү үчүн болсо да, кулаткысы келип турат. Кулатып туруп, ошол кимдир бирөөнүн кучагынан таптыргысы келип турат. Баарынан да башкысы - ошол кучактын кылымдарга кулпуланып калуусун тилеп турат...
Класс баскым келди, сонун жазыпсын!
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
#139 07 Апрель 2015 - 14:28
Автор саламатсызбы?
Чынын айтсам сиздей созунон соз куюлуп,бал тамган адамды учураткан емесмин.калеминиз курчуй берсин.юморду ото баалайм.чынында сиздей созго бай,сиздей акылдуу болгум келди. Бирок биз таптакыр башка чойронун адамдарывыз.