БАНКАЛАРДЫ ТУУРА СТЕРИЛИЗАЦИЯЛОО!
Азыркы тапта ар бир айым кыштын камын көрүп салат, компот, варенье жасап жаткан учуру эмеспи. Буга көп убаракерчилик,
күч колдонулат жана албетте акча сарпалат.Андыктан мээнетиңиз текке кетпеш үчүн банкаларды туура стерилизациялоо маанилүү экенин унутпаңыз. Анкени, ичиндеги азыктар бузулуп, колдонууга жарабай калат. Ал үчүн эн мыкты жана жөнөкөй ыкмаларды колдонуңуз.
1. Банкаларды алгач жакшылап текшерип чыгыңыз. Сынык же кертилген жерлери болбошу керек. Андан кийин таза жууп аласыз. Банкада эч кандай жыт калбашы керек.
2. Банкаларды бууга чайнектин же мискейдин жардамы менен стерилизациялоого болот. Идиштеги кайнап жаткан сууга банканын башын ылдый каратып коюп, 15 мүнөткө бууландыруу шарт. Ал эми экинчи банкага алмаштыруудабиринчи банканы көмкөрүлгөн абалда таза кездеменин үстүнө коюп коёсуз. Оозун жогору каратып коюуга болбойт.
3. Духовкага да салып стерилизациялоого болот. Ал үчүн таза жуулган банканы духовкага салып, 160 градус ысыктыкка коюп коёсуз. Банканын суусу толугу менен кургап бүткөнчө турушу керек.
4. Микроволновкага 700-800 Вт күчүнө 3-5 мүнөткө саласыз. Ал үчүн таза жуулган банкага жарым стакан суу куюп коёсуз. Суу кайнаганда банка стерилизацияланат.
Капкактарды стерилизациялоо
Мискейдеги сууга 10-15 мүнөткө салып кайнатып алсаңыз болот.
Пайдалуу кеңештер:
Эски капкактарды жана кичинекей эле жеринде кертик бар капкактарды да колдонууга болбойт.
Узак убакыткасактай турган азыктар салынган банканы вакум капкагы менен жаппаңыз. Ичине бир- эки айдан кийин эле аба кире баштайт.
Консервалоо үчүн керектүү азыктарды абдан кылдаттык менен таза жууп, чирип же бузулуп бара жаткандарын кошуп алуудан сак болуңуз.
Ким кантип туздайт? Бадырың туздоо
#42 25 Сентябрь 2015 - 14:48
Болгар калемпирин кантип туздайт айтып койгулачы? Кадимки эле бадырың туздагандай туздап салса боло береби? Огородто жатат чирип эле, байкуштарды убал кылбай туздап салайын.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#43 25 Сентябрь 2015 - 22:25
Begimkyz (25 Сентябрь 2015 - 14:48) жазган:
Болгар калемпирин кантип туздайт айтып койгулачы? Кадимки эле бадырың туздагандай туздап салса боло береби? Огородто жатат чирип эле, байкуштарды убал кылбай туздап салайын.
болгарларды туздабай эле тазалап жууп пакетке салып морозильнике салып кой. Кышта элде жок маалда сенде болот,каалаган тамагына кошуп жей бересин. Аны туздаганын м.н деле кантип жейсин же жесе болобу?
#44 26 Сентябрь 2015 - 15:17
lucia01 (25 Сентябрь 2015 - 22:25) жазган:
болгарларды туздабай эле тазалап жууп пакетке салып морозильнике салып кой. Кышта элде жок маалда сенде болот,каалаган тамагына кошуп жей бересин. Аны туздаганын м.н деле кантип жейсин же жесе болобу?
Ооба кадимки эле бадыраңга окшоп калат экен туздаса. Биздикилер туздууга жакын да ошого туздап коеюн десем.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#45 26 Сентябрь 2015 - 17:27
Begimkyz (25 Сентябрь 2015 - 14:48) жазган:
Болгар калемпирин кантип туздайт айтып койгулачы? Кадимки эле бадырың туздагандай туздап салса боло береби? Огородто жатат чирип эле, байкуштарды убал кылбай туздап салайын.
Мен озумун рецебими жазып койойун пайдасы тийип калар Бегимкыз.
Биринчи болгар калемпирин ичин тазалап, жакшылап жууп аласыз. Андан сон тазаланган болгар калемпирлеринин ичине туздан саласыз.
Кийин стерилизацияланган банкаларга болгар калемпирлерин басып саласыз. Акырында кайнак суудан толтуруп куйуп крышкасы менен жаап койосуз. Кышында ачып салаттарга, тамактарга кошсонуз озгочо даам берет.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#47 06 Ноябрь 2015 - 15:41
мен бадыранды жонокой ыкма менен эле туздаган элем. хрустальный болуп , соонун туздалыптыр.
бир 3л банканы бир кундоле жеп койдук
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#48 20 Ноябрь 2015 - 21:03
Gulnazz93 (02 Ноябрь 2015 - 20:39) жазган:
Кок помидорду кантип туздайт?.болушкулочу
Озумдун методум менен жапканымды жаза кетейин.
Бууланган банкага кургатылган укроп, болгарский, чеснок, лавровый лист, тоголок мурч, кок помидор салып устуно кайнак суу куюп 20минута койобуз. Аны тогуп салып экинчисин куябыз. Анан жарым сааттан кийин бирден банкадагы кайнак сууну казанга куюп бир жарым кашык туз кошуп кайнатабыз. Уксусту банкага бир чай кашык кошобуз. Кайнаган сууну банкага куюп жаап койобуз. Кийинки банкаларды дагы ушундай ыкма менен жабабыз. Бул бир литрдик банкаларга жабылганы.