Мен алдынла жазып кетейн, каталар болуп калса кечирим сурап. Бул теманы ачышыма бир тууган акемдин азыркы состояниясы туртку болду. Соз башынан анда. Акем армиядан келип кошуна айылдан бир кызга уйлонгон. Ал азыркы женем. Экоо бир жылга жетпей суйлошуп баш кошушту. Женем мен билгенден жакшы аялзаты. Куйоосун козун карап сыйлап Эле турат. Апамдарды да болушунча сыйлаганга аракетин кылып Эле журот. Эн улуу акемин аялы менен салыштырып болбойт. Ал женем митаамыраак,
саал амалкой, саран, анан тили да бар. А бул женем балакыял, ичи таза болгонун болгондой айтып калп айтпайт. Уйуно барсан суйунуп тосуп алып сыйлап турат. Азыркы акыбалы женемдин журогум орутат. Кантип жардам беришибиз керек билбей да калдык.
Экоо чогуу уй- було болуп жашп жатканына быйыл 6 жыл толот. Эки кыздары бар. Жакшынакай эле жашап жатышкан. Биздин уйго келгенде акем келинчеги жок келип калса шашып уйуно кетер Эле. Жалгыз коркуп калбасын деп. Апам кулуп - Чечек аялына ашыгып кетти. Аман эсен жетип алсын. Ылайым эле ортолору суубай ынтымакту болушсун. Сен да уйлонсон сен да жонойсун го ээ деп кулагыман чойуп коер эле. Мен жок мен силерди багам силерди баккан аял алам. Сиз эс аласыз кичине чыдап турсаныз деп конулун жубатып койчумун. Экоонун ортосунда сый урмат бар экенин сезчумун. Бир жолу акемкине эт жеткирип барып эки уч кун кетирбей алып калышты. Негизи барсам Эле ошентип экоолоп шашпай кет эми деп жатып алып калышчу адаттары бар болчу. Апамда эми сен кетсен бир жумалап жоголосун отун сууну даярдап койуп кет деп калар эле. Эми кыскартып айтсам ошентип жатып калдым. Эртен менен тура элишек го деп буттун учу менен акырын суу ичиш керек болуп болмолорунон отуп баратсам экоо залда кубалашып ойноп атышыптыр. Экоо тен ич кийимчен. Каткырып ошондогу женемдин таза бактылуу кулкусу азыр да кулагыма жанырат. Мен делдейип турган боюнча катып калдым. Алар мени корбой Эле жыргап ойноп атышты, эркелешип, женем назданып акырын уул угат деп койот да кайрале кыткылыктайт.
Ошондо мен да уйлонгум келип кетти. Жашоо ушундай эле сонун болчудай болуп.
Буларды жазып жаткан себебим экоонун ортосунда суйуу бар болчу. Анан жакында Эле апам ушкурунуп кирип келди.акем ажырашам деп жатыптыр деп. Женем ыйлап болгонун айтып бериптир. Акыркы жети ай ичинде коп озгоруулор болуп кетиптир корсо. женем айтпай жакшы болуп кетет деп умутонуп журо бериптир. Акыры акем уйдон чыгып кеткенде гана айтканга туура келиптир. Бир келиндин уйуно кирип алыптыр. Ал торт баласы бар, эки жолу турмуштан чыккан аял экен. Акемен да улуу экен дешти. Кийин кордум ал келинди, кебетеси укмуш эми. Айтайын дегеним акемин уй булосун чанып кеткен жеткиргендей деле аял эмес экен. Ага караганда женем кыйла сулуу, назик жан. Эн негизи таза, аруу Эле.
Кыскасы акем болду жашабайм балдардын да кереги жок, ата эне да кереги жок. Мен Миргул менен гана бактылуу жашайм деп жайыма койгула деп жатат. Ага тууган барынан кечип жашайм дейт. Апам айласы кетип тигил келинге жалдырап ыйлап да барды уулумду кое бер ортолорунда балдары турат сен да энесин го деп. Мен кармагандай ал эмне буюм бекен ал озу тандады деп жолго салыптыр. Женемдин торкундору келип алып кетишти. Женем ыйлаган боюнча кетти. Туш Эле болуп калса эмне эми кандай жашоо болот деп. Айтайын дегеним апам бир эмес эки уч кыйын деген козу ачыктарга барып сураса баары бир ооздон суйлошуп алышкансып -Уулундун башын айлантып алган. Ал дубаланган экен. Жылкынын этин берип мурунку куйоосуно очошуп керек болсо торт балам сенден сулуу, сенден жашка тийип кетем дептир. Эми дуба канына отуп кеткен жардам бере албайм дептир бироосу. Дагы бири да ушундай сымал. Апам да айтат мен энелик менен сезип жатам уулум мындай эмес Эле туп тамыры менен озгорду деп. Чын Эле озгорулду акем. Эми кандай айла кылыш керек. Ушундай акмакчылыктан татынакай бир уй було бузулуп отурат. Мурда дуба жонундо угуп калсам кулкум келип болбогон нерсе деп койчумун. Эми мен да ишенип отурам. Акем корсо женеме колун да которуп козуно желмогуздай Эле корунуп калганмын дейт. Иши кылса айта берсе арман коп дегендей мындай ситуация да не кылышым керек билбей башым ман. Акыл кенешинерди кутом. Бишкекте жашаганыбызга себептен шаарда билген коргон кыйын деген кайтартма окуган адамдар бар болду бекен? Балким кайтартма окуса жанат биз жандыра албайбыз деп атышыптыр. Билгендер болсо купуяга деле кат жазып жардам бергилечи, сураныч.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Чын эле акемдин башын тегеретип алганбы.. Дубалап койду дешет
#2 10 Январь 2013 - 22:56
Салам автор.Окутуп алган дегенди уксам менинда кулкум келет.А сенин жазганынды кунт коюп окусам, баш уйуртмого ишенипда кеттим ( эгер жазгандарындай жашашса..).
Эми акен артка кайтпаса керек жаман болсода ошол азыркы алганы менен жашайтго...мындай ситуациЯны практика жузундо коруп журом.
2 балкасына боорум ачыйт байкуштар .......
Эми акен артка кайтпаса керек жаман болсода ошол азыркы алганы менен жашайтго...мындай ситуациЯны практика жузундо коруп журом.
2 балкасына боорум ачыйт байкуштар .......
#4 10 Январь 2013 - 23:17
Балдары женем алып кеткен откондо апам барып келди. Атам качан келип бизди алып кетет. Качан озубуздун уйубузго кетебиз деп улуусу журокту оорутат дейт. Женемди апамдар биздикинде эле кал балдарын менен чонойо бересинер, сенин куноон эмне, сен баары бир биздин кызсын. Кызым жок дечу элем, кызымдай Эле кором деп апам кетеринде ыйлап атып узатты Эле. Апама да боорум ооруйт. Байкуш заматта Эле карып кеткенсиди.
Женем торкундору болбой койду намыс деп. Куйоосу жашабайм деп атканда кызымды калтыра албайм деп. Алардыкы деле туура бир чети. Женем келип турам деген келген жок элден уялып жатат окшойт. Ал да соолуган гул сымал шолбурой тушкон. Жанагы акмак аялды атып Эле салгын келет!!!
#5 10 Январь 2013 - 23:39
Молдолорго кайрылып корунуз. Бирок ага акениз да бирге баруусу керек. Эгер чын эле дубаланган болсо анда кондуруу кыйын акенизди. Кандай пенде кудайдан коркпой ысык суук кылат экен
Өзгөнү ээрчиген, өздүгүн унутат...
#6 10 Январь 2013 - 23:59
"Шамбала"
деген газетаны алып окуп корунуз козу ачыктар жонундо коп жазат ошол газетада даректери м.н
Киргиз,
суйлоп корчу таза кыргызча,
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#7 11 Январь 2013 - 01:51
ысытма суутма деген копко узабайт. менин да акем энеми туугандарды экинчи аялые кечип Россияга Сахалинге ажырашкан аялына кетип калды эле. эми кайра ажырашып кетти. келе албай жатат намыстанып.
энем да канча коз жашын токту , баласы кечип кеткенин да кечирди ,кел деп жатат.
ысытманын мооноту буткондо терс таасирин тийгизет деп коет . козу очыктарга барбагыла, чон молдолорго кайрылгыла Исламды жакшы билген. козу ачык дегендер булар бакшылар/ менимче айрымасын билесинер.
ысытманын мооноту буткондо терс таасирин тийгизет деп коет . козу очыктарга барбагыла, чон молдолорго кайрылгыла Исламды жакшы билген. козу ачык дегендер булар бакшылар/ менимче айрымасын билесинер.
#8 11 Январь 2013 - 02:15
Аялына,айрыкча балдарына аябай жалко го((( Мен дагы ушундай окутуп койот экен,башын тегеретип алыптыр дегенге ишенчу эмесмин.Акыркы убактарда ушундай случайларды 1-2 таанышыман угуп,ишене баштадым.Кандай адамдар ошондой жаман жолго барышат эч тушунбойм?!
Жогоруда айтышкандай кучтуу молдого барып окутса жардам берет деп да угам.Ушунчалык жардам бергим келип жатат...колумдан келсе гоо((( Кудайым акенизди туура жолго салсын ылайым!
Все люди приносят счастье.Одни своим присутствием,
другие-отсутствием
.
#9 11 Январь 2013 - 03:14
молдо кожо дегендер барго ошолорго юир окутуп коруш керек.Балдарына ичим ачышып жатат
ОЗУМДУ ОЗУМ СУЙОМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#10 11 Январь 2013 - 03:34
Ааламдын укмуш сырлары чечилбес табышмактары өтө көп экенине мен тан калып келем. Бул нерселерге ишенем. Ошол аял жолдон азгырган, Аял затынын канча бөлүгү билбейм бирок ушу нерсеге жакын болушат. Бул убакта акене жардам берүү үчүн чон молдолор жардам берет.
#11 11 Январь 2013 - 03:42
Салам.
Ээээх аябай окунучтууу.
..Мен мындай ситуацияларды коп укканмын и коргонмун..ммм сага айтаарым Бишкекте Кок-Жар деген райондо эн мыкты Жылдыз деген эже бар ошого кайрылып коргуло.Нуу если байкен консо,барып коргуло калганын убакыт корсотот деп ойлоймун.....
.
#12 11 Январь 2013 - 10:20
Тобоо кылдым , мындай нерседен кудайым озу сактасын, жененизге, балдарына боорум ооруп атат, тиги аялды кудай озу жазаласын!
#13 11 Январь 2013 - 11:04
Эмне дээримди да билбейм. Аябай окунучтуу окуя экен. Жараткан озу жол корсотсун сиздерге
Нет нечего плохого
в том, что умный человек иногда говорит глупости.
Гороздо хуже когда
тупой постоянно умничает...
#14 11 Январь 2013 - 11:20
козу ачыктарга барган чон куноо, андай эле жолду ачса озулорунукнун ачып жыргап жашашпайт беле.. Андан коро чон мечиттерге барып молдолорго дуа окутсун.
#15 11 Январь 2013 - 11:21
Көзү ачыктарга эмес, кудайга ишенели, КУДАЙГА!!
!
Бул кундор да отот....
#16 11 Январь 2013 - 12:00
Чындыгында өкүнүчтүү,ошол эркектердин башын айлантып, үй-бүлөөлөрүн бузган кыз-келиндер бир күн Алланын алдында жооп берээрин ойлошпойт бекен,орус туугандар айтып коет эмеспи :"На чужом несчатье счастье не построишь"
деп,балдардын да убалы бар,сизге айтаар кеңешим Жараткандан жардам сураңыз, башка эч ким жардам бере албайт, сизге аганызга жардам берүү үчүн туура жол көрсөтүүсүн,
аганызга акыл берүүсүн,жененизге сабыр берүүсүн сураныз,АЛ УГУУЧУ ЖАНА ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ!!
!
Альхамдулиллях я Роббим шүгүр...!!! :)
#17 11 Январь 2013 - 12:53
Өз кызыкчылыгы үчүн башкалардын эркин тебелеп ошондой жолго баргандардын жазасын Аллах эки эселеп берсин.
Акениз кайтпаган болсо кетирген жеңеңизге жана анын балдарына Кудай бакубат турмуш тартууласын!
Акениз кайтпаган болсо кетирген жеңеңизге жана анын балдарына Кудай бакубат турмуш тартууласын!
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#18 11 Январь 2013 - 14:45
байкениздин ичине шайтан уялап алган гооо, эсине келгенде ото кеч болот.
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
#19 11 Январь 2013 - 15:15
Рахмат достор баардык кеп кенешинерге Ооба силер айткандай бир Аллага ишениш керек экенин билем, сезем. Бирок апамдын безелендеп эле ушкурунуп жургонун, тияктагы женем менен бобокторумду ойлогондо отура да албай кетем. Акеме да боор ооруйт. Соо адам кантип эле ата энесин кечип кетсин, бу да болсо оору деп апам журот байкуш озун озу алдап. Кийинки кундору жашоо карангы тартып Эле бараткансыйт.
Суйлошкон кызым менен да жок жерден таарыныша кеттик. Андан куноо кетсе да кечирим сурап атсам да ал да кечирбей эле когоруп суйлошпой журот. Алладан сабырдуулук тилеп мен журом, жарылып кетчудой болуп. Дагы бир жолу рахмат силерге достор.
#20 11 Январь 2013 - 15:59
Озунун кундолук кызыкчылыгы учун курмандыктарга барган кээ бир шумпайлардын кылыктарын угуп жаканды кармабай койбойсун...
Жараткан андай адамдардын оз жазасын "Ал"жакка жетпей эле ушул жерде берээри шексиз.Акенизге Жараткан ыйман-ынсап берсин ылайым!
Агарып аткан танды жылмайып тосуп алуунун озу кандай гана керемет!.
.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »