Бала менен бардыгына кантип жетишсе болот?
#61 20 Декабрь 2015 - 01:06
Мен балдарым өз өзүн эптеп болгончо жумушка чыккым келбейт оо келечекте. Бала карап үй жумуштарына да жетишем буюрса главное кайненем, күйөөм, кайын сиңдилерим баламды өөп жыттап каралашып турса болду
Внешность - это козырь , но не туз…
#62 20 Декабрь 2015 - 01:16
Jadyrashka (20 Декабрь 2015 - 01:06) жазган:
Мен балдарым өз өзүн эптеп болгончо жумушка чыккым келбейт оо келечекте. Бала карап үй жумуштарына да жетишем буюрса главное кайненем, күйөөм, кайын сиңдилерим баламды өөп жыттап каралашып турса болду
Тилегин жакшы экен,тилегине жет.
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.
Abuxanifa
Abuxanifa
#63 20 Декабрь 2015 - 03:50
Иий,мен да жаза кетсем окшойт.Экинчи кызым уч айлык кезинде уй салып уста бактым.Эрте менен турмай,завтрак берем,анан эле идиш жууп аны да от жагып,анан эле суу ташымай,кайра обедге урунмай.Эптеп бала менен обедин берем,чон кызыма бешикке салып берем,ал байкушум тербетет.Кайра эле идиштерин жууп,ужинге камынбай.Артамак берген сайын баары убагы менен,колдоруна суу ысытмай,анан чай кайнатмай,кеч анан тырп этип жатып калчы элем.Кийин анан кайнежем кызын берди,анча–мынча кирлерими алып кетип жууп жатты,бирок жакшы эле жардам беришти суйунушуп.Ошондо да каприз куйоомо жакпай калам.Азыр тан калам,кантип ошол кундор отконун,анан да кыш алып келгенде кыш ташыша коем,мык туздойм,кыскасы ал кундорум откон да.Азыр да жон тура албайм,кээде озумо тан калам,жада калса (ажатканада)отурганда колум кыймылдап,батерейкадагы майда кийимдерди буктоп отурам,турлоп тамак жасайм,кээде машина меннен бир нерселерди тиге коем,кыскасы тынч отургум келбейт да.(озумду озум мактап алдынбы)
#64 21 Декабрь 2015 - 12:29
Азаматсынар,
форумчу кыз-келиндер бирибиз калбай баарыбыз сонунбуз да...Уйдогу ишибиз бутуп,баланы карап,тамакты жасап,кайын журтту жайгарып жада калса, форумга да , убакыт таап келебиз ... Болгону эч эле кемчилигибиз жонундо соз кылбайбыз , кайнене - кайнеже , кайни- кайни синдилерди ушактасак да , озубуз тим эле АППАКАЙБЫЗ )) !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#65 21 Декабрь 2015 - 22:07
SMS Aroma (21 Декабрь 2015 - 12:29) жазган:
Азаматсынар,
форумчу кыз-келиндер бирибиз калбай баарыбыз сонунбуз да...Уйдогу ишибиз бутуп,баланы карап,тамакты жасап,кайын журтту жайгарып жада калса, форумга да , убакыт таап келебиз ... Болгону эч эле кемчилигибиз жонундо соз кылбайбыз , кайнене - кайнеже , кайни- кайни синдилерди ушактасак да , озубуз тим эле АППАКАЙБЫЗ )) !
Апакай эмеспиз деп унннчукпайле отурбайбызбы?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#66 22 Декабрь 2015 - 21:04
Мен турмушка чыгып анан окууга тапшырдым.. 1 курста эле боюмда болуп калды, шаарда жолдошум экообуз жашайбыз.. Торогучокту окудум, курсагым чампайып окууга барчуумун, зачеттер озу эле бутчуу )) 1 курсту бутуруп тородум, 2 курс башталганда кызым 4 айлык, уйго келем кызым мн болом. Уктаганда сабак даярдаймын,
азыр 7 айлык болду..окууда эжейлер жаш кыздарга кордунорбу окуугада, уйундогу жумушунада,
жолдошунада,
баласынада жетишип окуп келет деп калышат.. Эптеп бутуп алсам экен
#67 22 Декабрь 2015 - 22:59
love2016kg (22 Декабрь 2015 - 21:04) жазган:
Мен турмушка чыгып анан окууга тапшырдым.. 1 курста эле боюмда болуп калды, шаарда жолдошум экообуз жашайбыз.. Торогучокту окудум, курсагым чампайып окууга барчуумун, зачеттер озу эле бутчуу )) 1 курсту бутуруп тородум, 2 курс башталганда кызым 4 айлык, уйго келем кызым мн болом. Уктаганда сабак даярдаймын,
азыр 7 айлык болду..окууда эжейлер жаш кыздарга кордунорбу окуугада, уйундогу жумушунада,
жолдошунада,
баласынада жетишип окуп келет деп калышат.. Эптеп бутуп алсам экен
Молодец. Баарына жетишкенин жакшы экен. Кайын журтуң, күйөөңда азамат адамдар экен. Көбүн эле көрүп жүрөм, турмушка чыкканда окуусу калып кетет, кайын журту окутпай коет.
#68 23 Декабрь 2015 - 18:51
Бала менен баарына жетишсеңиздер кыйын экенсиздер.
Мен деле жетишкени аракет кылам бирок, балам каралбай калса сыркоолоп жүдөп калат же өзүмдүн дене табым көтөрүлүп жатып калам. Баарына үлгүрө албаган жаман келинмин го чамасы. Бир жолу 60 штуктай нан жаап жаткам, анын камырын кылыш, нан жасоо кара күчтү талап кылат билесиздер да. Ага кошумча боорсок да кылышым керек эле. Камырым ачып нан жасап баштадым, карасам боорсоктун камыры да ачып калган экен абысыныма "боорсокту бышырып бериңчи" деп сурандым. "Азыр барам" деген боюнча жок. Кайра барып чакыргым келбеди. Жиним менен нан жаап жүрө бердим, бешиктеги 1,5 айлык балам ыйлап атат же аны эмизип койгону убакыт таппайм. Жакшы жолдошум келип калып балдарды карап турду ыйлап сыктап атып 6 тандыр нан жаптым. Боорсоктун камыры көчөгө чыгайын деп калыптыр, аны карап жанымдын карайганына чыдабай ыйлап алгам сүйлөнүп "бир тууганым жакын болгондо чакырып иш кылдырат элем, өзүм же жетишпейм, мага боорсок жайышса болот да" деп жолдошума ыйлап атам, боорсок жайып атам. Анан эле кайнагам менен абысыным кирип калды. Ыйлаганымы көрүп абысыным кичине сүйлөнүп койду чоңдук кылып, мен дагы тилимди тартпай жооп кайтардым. Жолдошум мен тарап болуп болуша койсо, кайнагам чыга калса аялынын сөзүн туура деп. Күнөө менден кеткенин билип өзүмдү да, жолдошумду да тыйып "кечирип коюң, эч нерсеге жетишпей калдым" деп эшикке чыгып кеткем. Кийин жолдошума мага неге болушасың, "акем, менен жеңеме не тил кайтарасың деп бир урбайт белең, мен ыраазы эле болот элем уруп, тепсең деле" десем, сага боорум ооруду да дейт. Ошондо кичине айтыша кеткениме азыркыга чейин уялам.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#69 23 Декабрь 2015 - 19:22
Кечинде жатаарда " Эх Жараткан Алла таалам, эртенки кунду корууну насип кыла кор" деп анан ар бир кылаар ишими минутасына чейин пландап алам. Жайында алтыда, кышында жетиде турам. Балам ойгонгончо короону шыпырып, малды саап, жемин берип, завтрак даярдап коем. Атабызга чай берип, жумушка жонотуп, кайнатага чайын берип коюп, баламы, озуму тойгозом. Балама ырдап бийлегенчээ уй жыйнайм. Саат он бирде малга атала даярдап баштайм. Озубузго обед даярдап. Баламы уктатып коюп малды жайгарам. Туштон кийин же кир жууйм же короодо дагы бир козго коруноорлук жумуш жасайм. Мында балам экинчи жолу уктайт Кайрале баламы карайм. Малды карайм. Кеч болот, ужинге урунам. Жем даярдайм. Кечки тамактарын берем. Карангы болот, баламы атасы менен отургузуп коюп уйдо майда барат нерселерди кыбырап жасайм. Ошо менен тун болот. Анан тунку кызмат дегендей.
Жетишкенге болгон аракетимди жумшайм. Атабыздын мунозу катаал, жасалбай калган жумушту корсо маанайы бузулат. Бул бала менен чарчады же бугун мынандай жумушту кылыптыыр деп ойлонбойт. Озу уктабаса мени да уктатпайт. Болбогон эле нерселерге жумшай берет. Кыскасы жашоо малина. Сут тартып, нан жапкан куну анча мынча жумуштар калып кетет. Бирок ушундай жашоого да шугур дейм.

#70 23 Декабрь 2015 - 22:03
SMS Aroma (21 Декабрь 2015 - 12:29) жазган:
Азаматсынар,
форумчу кыз-келиндер бирибиз калбай баарыбыз сонунбуз да...Уйдогу ишибиз бутуп,баланы карап,тамакты жасап,кайын журтту жайгарып жада калса, форумга да , убакыт таап келебиз ... Болгону эч эле кемчилигибиз жонундо соз кылбайбыз , кайнене - кайнеже , кайни- кайни синдилерди ушактасак да , озубуз тим эле АППАКАЙБЫЗ )) !
Хе, хе, ушактабай эле тургандар бар го)))
Озубузду жамандап жаза албайбыз да, ошондуктан унчукпай олтурабыз)))
Бир жаманга бир жакшы дегендей, анын жаманы менмин деп моюнга алам, так что "кара точкалар" деле бар))))
Т.б. Мен бала менен жумушка жетише албай, айылдан туугандардын кызын алдыргам, колум узарып жыргап эле калдым)))
#71 23 Декабрь 2015 - 22:57
Эртегеле жаны жылдык конокторду тосом буюрса. Мурдум ошондо акса керек. Ошондо жаза кетем кайн журтту мактап же шывап. Анткени мага каралашаар ошолор эле.
#72 24 Декабрь 2015 - 09:59
Эхе конулум келсе баары бутот уй жумуштары балдарым деле карайм кээде жетишпей иштерим калат чарчасам баламы жатып эмизем
#73 24 Декабрь 2015 - 15:33
#75 25 Декабрь 2015 - 15:36
Конулум мн жасасам эле баарына жетишем,конулум келбегенде жетишпедим деп шылтоо кылып калам)))
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#76 30 Декабрь 2015 - 18:34
Мен да эки бала менен жетишкенге аракет кылам.Кичине балам аябай эле ыйлаак болгонуна байланыштуу коопле кыналдым.Кечээси уктатпайт Кундуз кечке зомби болуп журомун.Кундуз уктап алам дейм кайдагы уйку балам уктаганда аны муну жугуруп кылам успеть этсем этим болбосо дагыле Ошо ахвал.ошентип азыр он бир айлык болуп калдык.Азыр кыйналбайм куйоом уйдо эки кайнежем кызы бар ошолор эле карайт.Азырда наркы уйдо ойнотуштат мен форумду аралап журомун.
#77 30 Декабрь 2015 - 20:45
SMS Aroma (21 Декабрь 2015 - 12:29) жазган:
Азаматсынар,
форумчу кыз-келиндер бирибиз калбай баарыбыз сонунбуз да...Уйдогу ишибиз бутуп,баланы карап,тамакты жасап,кайын журтту жайгарып жада калса, форумга да , убакыт таап келебиз ... Болгону эч эле кемчилигибиз жонундо соз кылбайбыз , кайнене - кайнеже , кайни- кайни синдилерди ушактасак да , озубуз тим эле АППАКАЙБЫЗ )) !
Туура айтасын,кемчилигибизди жазбаппыз,эми кемчилик жазайлы,20 декабрда операция болуп тородум.Эми айта корбогуло аябай эле жудодум бала менен,кухняны корсом,конулум айланат,кыздар кичинекей,анан синдим карайт баари бир озумун иш кылганыма жетпейт экен.Куйом дагы деле наразы болуп журот.Эч нерсе кыла албайм,отурам.
#78 31 Декабрь 2015 - 02:51
Айылдагыларга жаман боорум ооруйт да. Менин кызым 8 айлык болду. Тороп келгенден кийин эч нерсеге жетишпей ыйлагам. Азыр форумдагыларды окуп алып шок болуп жатам айрыкча айылдагыларга.
Мен уй жыйнап тамак жасап, ванна туалет жууп, кирди машинага салып, кургаганын утуктоп оордуна койчумун анан прогулка ошого жетишпей ыйласам бул жакта талаа иштерин кылып жетишкендер бар экен го. Папабыз баласаак, иш кылсам кызы каралбай калаарын коруп уй ишин кылганга бир кызды суйлошуп берген. Ал кыз саат 8 де келип 4 ко чейин жумуштарды бутуруп кетет. Мен только бала карайм анан папабызга тамак жасайм анан интернет.
#79 02 Январь 2016 - 20:58
Мен да биринчи кыйналып журдум бир колума карман уй жыйнап пол жууп бир колдо балам бир колдо челек суу ысытып кир жууйт элем жерге койсом иилайт уйдо эч ким жок каляскага отургузуп алып чайкайт элем хаданако отургузуп камыр кылат элем же бир уктаса жаныма койуп алып нан жабат элем эн коп уктаганы бир саат уктаганда памидор самидор чаап отоп келчум азыр кыйла чонойуп калды.
А
#80 03 Январь 2016 - 02:16
Жумушка жетишуу озубуздон анан баладан да коз каранды го.Эгер бала жоош болсо,мурда кандай жумуш жасап жургон болсон ошондой эле жетишесин.А эгер ыйлаак болсо,колдон тушпосо,каралашар адам жок болсо албетте жетишпейсин.
Анан биринчи баланда кыйналасын жетише албай,кийинкилеринде такшалып каласын.Жети жашар кыздар оной эле карашат экен,курсагын тойгузуп берсен.Биринчи торогондорун чоноюп бала карап калса да женил."Мен уч балам менен,торт балам менен баарына жетишем"-
дегендер албетте жетишет,себеби балдары чоноюп калган ,кичинесин карап турат.Мен биринчи баламда жетишпей эле журчумун,тамак да ичтирбейт эле ыйлап,туалетке да бара албайт элем,которуп барат элем ,чач тарамай жок,кузгу карамай жок.Уктаса шашып-бушуп тамактанмай,
кайра тамак асмай,майда-
чуйдо иштерини аран бутуросун.Туруп алса бир колуна которуп жасамай баарын,анда да жон журо бербейт ото кыймылдуу эле.Кечинде чарчап эсин ооп уктайсын анан.Кийин басканда деле ошо.Бир жагынан жыйнасан,бир жагынан чачат.Кокус конокко барып калсан ал жакты да чачып келет баары жагын.Кир жуусан деле ошо колун сууга салып алат,кирлерди алып кетип калат же оюнчуктарын сууга салат.Колун ишке тийди дегенче оозун да тынбайт,нары тур бери тур деп жатып.Ошол эле учурда боломун менин балам менен тен кызы отурат экен эле ойноп озу менен озу,айтса тан калгам.А кийинки балдарым биринчимдей шок болбоду.Же мен опытная болуп калганга кыйналбадымбы,
айтор бир аз женилирээк болду.Анан ойлойм да апаларыбыз,
чон эне,чон апаларыбыз "Мен баардыгына жетишчу элем,муну кылчы элем,тамеки чапчумун келип уктабай тизет элем, мынча балам менен кичинекей болчу балдарым"
-десе оозум ачылат.Же мен дагы баарына жетишкем,баарын жасачумун,тын элем,-деп каламбы кийин?)))