mekenchil_jigit Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 451 (0,11 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (129 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 25 Июль 13
- Кароолор:
- 21 025
- Соңку аракети
- 04 Авг 2018 01:49
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 25, 1993
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Ош
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Жаныш Кулмамбетов "Ошол түнү"
Жазылган күн: 30 Мар 2015
Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ
Ошол түнү
(Эки бөлүмдүү драма)
Азыркы күндүн Ромео менен Жульеттасы тууралу кайгылуу окуя. Кыздарды сойкулукка түртүп, чет өлкөгө кулчулукка саткан биздин замандын шылуундары жөнүндө бул чыгармада драматург татаал мезгилдин чырмалышкан тагдырларын айкын ачып көрсөткөн.
Катышуучулар:
Азамат
Асыл
Гүлнур
Жыргал
Биринчи бөлүм
Биринчи сахна
Жыргалдын офиси. Кабинет. Сырттан Жыргал менен Азамат киришти, ээрчишип.
Жыргал. Балам, биз сага, эмне, жамандык кылып атабызбы? Сенин келечегиң жакшы болсун деп атабыз.
Азамат. (Күнөөлүдөй) Түшүнөм, мама…
Жыргал. Түшүнгөнүң жакшы. Ата-энең сага жамандык каалабайт да.
Азамат. (Ырахмат), мама. Бирок… менин да желаниеям менен эсептешкиле да, мама.
Жыргал. (Нааразы боло) Балам, башкалар мындай мүмкүнчүлүккө зар болуп жүрүшөт. А сен…
Азамат. Баарын прекрасно түшүнүп атам, мама.
Жыргал. Түшүнүп атсаң, анан эмне болуп атасың?
Азамат. Мама, сиз өзүңүз мени мактачу элеңизго “сенден жакшы скульптор чыгат” деп?
Жыргал. Бала кезиңде ошентип айтчумун.
Азамат. Вот видите… Это же моя мечта с детства, мама.
Жыргал. (Түшүндүрүүгө аракеттенип) Балам… балалык кыял деген башка… Адамдын аң-сезими жетиле элек кез болот. Мен дагы бала кезимде бир туруп космонавт болгум келчү, бир туруп альпинист болгум келчү, бир туруп врач болгум келчү. Кана эми, ошол кыялымдын бирөө ишке аштыбы?.. Кийин чоңойгондо өзүмө керектүү кесипти тандап алдым. А теперь, подумай, кана эми ошол кесип менен иштеп атаканым
Азамат. (Моюн толгоп) А эмне үчүн ошол кесибиңиз менен иштебейсиз?
Жыргал. Мхи… Ал кесип менен иштесем, сен ач-жылаңач калмаксың, балам.
Азамат. (Моюн толгоп) Кантип эле?.. Ну, папам деле иштеп атпайбы.
Жыргал. Ну, ладно… ”Ач-жылаңач” деп ашыра айтып ийдим. Зато, баары бир азыркыдай жашай алмак эмеспиз. Жыргаганымдан ушул ишке аралашыптырмынбы? “Кокуй,ушул үй-бүлөөмдүн жашоосу оңолсун! Жалгыз балам эч нерседен кем-карч болбосун! ” деп кара жанымды карч уруп, ушул ишти ачып, башым менен башмалдак атып иштедим. Кудайга, шүгүр, мына, жашообуз жаман эмес. Мен көгөрүп өзүмдүн кесибим менен иштей берсем, ушундай жашоого жетет белек? Кана айтчы, өзүң?
Азамат. (Ийнин куушуруп) Аны айтыш кыйын да, мама…
Жыргал. (Кызууланып) Эмнеси кыйын?!. Көрүп атпайсыңбы менин кесибим менен иштегендердин кандай жашап атканын?
Азамат. (Моюн толгоп) Баары бир, алар өз сүйгөн ишин иштеп атышат да.
Жыргал. “Сүйгөн кесип!..” Биздикиндей мүмкүнчүлүгү жок алардын. Болбосо, давно башка ишке өтүп кетишмек! .. Баласың да…
Азамат. Мама, мени кыйнабаңызчы, пожалуйста.
Жыргал. (Жаны күйүп) Мен сени жаман болсун деп атамбы, ыя?!.. (Демитип) Жаман болосун деп атамбы?!..
Азамат. Жок…
Жыргал. Анан эмне дейсиң?!.. Мен сени адам болсун деп атам!.. Түшүнсөң! ..
Азамат. (Мойноп) Түшүнүп эле турам, бирок…
Жыргал. (Жаны кашайып) Сен кандай бала болуп калгансың, ыя?!.. Ары айтсам да-көнбөйсүң, бери айтсам да-көнбөйсүң! (Сөөмөйүн кезеп) Айтып коёюн, балам-мен чындап таарынчу болсом… жаман болот…
Азамат. (Мойноп) Мама, мен сизге, таарына тургандай эмне кылып атам?
Жыргал. (Жаны кашайып) Тилимди албай атасың!.. Мен каалаганды аткарбай атасың!..
Азамат. (Мойноп) А менин каалаганымчы, мама?..
Жыргал. (Аргасы түгөнө) Эми эмне кылчумун, ыя?.. (Мобильнигин алып чала баштады) Алло!… Марлис!..Келчи, биякка!.. Уулуң караманча болбой атат… “Оксфорд-моксфордуңардын мага кереги жок”, дейт…Баягысын эле айтып атат “мен скульптор болом” дейт… Ме, айтчы буга, түшүндүрүп! ..(Мобильникти Азаматка узатты) Ме, папаң менен сүйлөш!..
Азамат. (Мобильникти кулагына такап) Угуп атам, папа… Түшүнөм… (Кыйылып) Мага ал профессия жакпаса эмне кылайын эми…Зачем так заставляете папа?!. (Тултуңдап) Анда, вообще эч жерде окубайм!.. (Жарылып) Ооба, малчы болуп кетем!.. (Мобильникти Жыргалга берди, кызууланып) Заставляет меня!.. Если так!.. Я уйду, вообще!..
Жыргал.(Чочулай) А эмне дегениң, балам?!.
Азамат.(Тултуңдап) А что он на меня орёт?!.
Жыргал. (Жайгара) Ал сенин папаң да, бөлөк-бөтөн киши бекен?
Азамат. (Кызуулана) Пусть не орёт!.. Что, милиционеру все дозволено?! . .
Жыргал. (Чебелектеп) Ай, балам, өз атаң жөнүндө да ушинтип айтасыңбы?..
Азамат. (Кызууланып) Анан, эмне анан… унижает,кишини? !..
Жыргал. Эмне деп унижать этти?..
Азамат. (Кызууланып) “Тилибизди албасаң — малчы кылып коём!” дейт!..
Жыргал. (Жайгарып) Ал, просто, жаны күйгөндөн ошентип атат да.
Азамат. (Кызууланып) Пусть выбирает выражения! .. Мен кичинекей бала эмесмин, ага!..
Жыргал. (Жалынып) Кой, балам, антпе. Атасы жөнүндө антип айтчу эмес. Он тебя любит. Сен тилибизди албай атсаң-ошого жини келип атат да.
Азамат. (Мойноп) Жини келсе эле ошентиш керекпи, анан?..Он привык наверно, унижать людей. Все менты такие!..
Жыргал. (Чебелектеп) Ай, коку-уй, ал эмне дегениң?..
Азамат. (Кызууланып) А что, не правда?!.
Жыргал (Жалынып-жалбарып) Мейли, мейли балам…Не хочшь не надо… Только минтип айтпай жүр. Папаң жакшы киши. Папаңдын аркасы менен биз ушуга жетип олтурабыз. Папаң бизди защищать эткен үчүн, папаң жардам берген үчүн,менин ишим жүрүшүп атат.
Азамат. (Мойноп) Папам защищать этпесе деле, жардам бербесе деле ишиңиз жүрүшмөк.
Жыргал. (Жайгара) Азамат, болду эми балам.
(Пауза)
Азамат. (Жыргалды кучактап) Кечирип коюңузчу, мама…
Жыргал. (Азаматты башынан сылап) Ладно, ладно, балам…
Азамат. (Күнөөлүдөй) Мама, мен кете берейинби?
Жыргал (Күрсүнүп) Өзүң бил.
(Азамат апасын бетинен өптү да эшикке чыга жөнөдү).
Дагы ойлон, балам…
(Азамат унчукпай чыгып кетти. Жыргал мобильнигин кайра алып телефон чала баштады).
Алло!… Марлис… Таакыр көнбөй койду… Ты не забывай, что он уже взрослый человек… Билбейм… Дагы алдап-соолап көрөлү да…Карабайсыңбы эми, ошону… Башкалардын балдары кудай деп окумак… Хорошо, кечинде сүйлөшөлү… (Мобильнигин өчүрдү. Үшкүрүнүп) Өх!..
Экинчи сахна
Айылдык клубдун ичи.Алыстан автомашинанын үнү менен аралаш сиренасы тынбай угулуп, улам жакындап келатты. Бир аздан кийин сирена басылды да, дароо эле мегафондон аялдын үнү чыга баштады.
Аялдын үнү. Көңүл бургула!.. Көңүл бургула!… Силердин сүйүктүү театрыңар бир сааттан кийин оюн көрсөтөт! .. Күңдүккө сатылып кеткен кыз “Жаңы Изаура жөнүндө жаңы жомок” деген куурчак спектаклди тартуулайбыз! ..
(Пауза).
Көңүл бургула!.. Көңүл бургула! “Жаңы Изаура жөнүндө жаңы жомокту көргүлө!” Бир сааттан кийин башталат! … Шашылгыла! …
(Пауза.
Бир аздан кийин клубдун ичине оор-оор килейген сумкаларды, жыгач-таш, темир-тезекти ырмая-чырмая көтөрүшкөн Асыл менен Гүлнур киришти. Кабагы салыңкы Гүлнур сумканы жерге күп эткизе таштады.)
Асыл. (Гүлнурга) Гүлнура!.. Акырын!.. Куурчактарды сындырасың! ..Ты что?..
Гүлнур. (Өзүн араң-араң карманып) Сынмактан кыйрап калсын!..
Асыл. (Гүлнурду жаман көзү менен карап) Ал эмне дегениң?
Гүлнур. (Өзүн араң кармап) Ал ошо дегеним!..
(Пауза).
Асыл. (Гүлнурга теңелгиси келбей) Давай, үйдөгү проблемаларды жумушта көрсөтпөйлү.
Гүлнур. (Өзүн араң-араң токтотуп) Мне надоело, все это!… Момундай жыгачтарды көтөрүп, темирлерди көтөрүп!.. Ары-бери ташып!..Күн сайын ушул!…
Асыл.(Этиеттей сүйлөп) Ушу менен нан таап жеп атабыз, худо-бедно…
Гүлнур. (Жарылып) Да!.. Да!.. Худо-бедно! .. Алаганыбыз жарыбаган акча! Тиякка тартсаң-тиякка жетпейт!.. Биякка тартсаң-биякка жетпейт!..
Асыл (Жайгарууга аракеттенип) Эмне кылалы эми…Өзүң көрүп атасың, тапканыбыз ушу болуп атпайбы.
Гүлнур. (Өзүн кармана албай) Анда эмне ушинтип темселеп иштеп жүрөбүз?!. .
Асыл.(Жайгарууга аракеттенип) Башка каякка барабыз, анан?
Гүлнур. (Өзүн кармана албай) Ушундан көрө кайырчы болуп кеткен жакшы!..
Асыл. (Жайгарууга аракеттенип) Кел… Ачууга жеңдирбейли. Азыр эл чогулат… Спектаклди ойноп бүтөлү, анан шашпай олтуруп алып ойлонолу, эмне кылышты.
Гүлнур. (Итатайы тутулуп) Кантип уялбай көрсөтөбүз ушул спектаклди, элге?!.. Декорациябыздын тарпы чыгып бүттү…Куурчактарыбыздын мойну шылкылдап калды!..
Асыл. (Эмне дээрин билбей) Эми аны… театрдын кожоюнуна айтыш керек да.
Гүлнур.(Тултуңдап) “Шашпай коё тургула, декорацияны жаңыртам, куурчактарды оңдотуп берем, аз калды, аз калды” эле дейт.
Асыл. Каражат таба албай атат да… Көрүп атпайсыңбы, өзүң.
Гүлнур. (Ого бетер жарылып) Каражат таба албаган театрдын кимге кереги бар?!. Кимге?!. Жаап салыш керек мындай театрды!.. Позорище! ..
(Узакка созулган пауза).
Асыл. (Гүлнурга) Успакоилась? Давай, иштейли. Бир аздан кийин эл келе баштайт. Еще репетиция кылып ала коюушубуз керек. (Сахна кура баштады).
Гүлнур.(Нааразы боло күңкүлдөп) Бүттү… Бүгүн акыркы жолу иштеймин. Кетемин.
(Асыл унчукккан жок. Ишин уланта берди. Нааразы болгон Гүлнур да Асылга кошулуп илең-салаң иштеп атты.
Бир аздан кийин клубдун сахнасына куурчак театрдын сахнасы, декорациясы туруп калды).
Асыл. (Гүлнурга) Баштадыкпы репетицияны?
Гүлнур. (Нааразылыгы тарабай, оозу бош) Баштадык.
Асыл. (Куурчак театрынын сахнасынын алдына чыгып, көрүүчүлөр залына карап жүгүнүп) Урматтуу көрүүчүлөр! ..Бүгүн биз сиздерге кичинекей театрыбыздын мааниси терең оюнун тартуулайбыз “Жаңы Изаура жөнүндө жаңы жомок” деген. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, азыркы мезгилде биздин кыздарыбыздын көбү чет өлкөгө сатылып кетип атат. Биздин жаңы жомогубуз, ошол жаңы Изауралар жөнүндө (Көшөгөнүн артына кирип кетти.
Куурчак оюну башталды. Куурчак театрынын сахнасына жап-жаш кыз чыкты, маанайы пас ырдап)
Жаш кыз (Гүлнур). (Маанайы пас)
Мен чарчадым, мен тажадым,
Ушул өңдүү жашоодон
Айбыгамын, корунамын,
Атымды да атоодон.
Кийине албайм, ичине албайм,
Башкалардай кеңири.
Кыйналыштан арылабы,
Жаш адамдын өмүрү?!
Кайда барам, эмне кылам?!
Кантип жашайм, мен эми?!
Жаштыгымдын доорун сүрчү,
Жакшы жашоо келеби?!
(Ошол учурда жаш кыздын алдынан өбөктөгөн кемпир чыкты)
Кемпир (Асыл). Кыйналбачы, каралдым, ай,
Каражаның камыгып.
Кубанаарсың келечекте,
Издегениң табылып.
Эзилбечи, жаркыным, ай,
Мени кошо ыйлатып.
Кудай сени өмүр бою,
Койбос балам кууратып.
Ишен балам, ишен балам,
Эртең жашооң оңолот.
Жолуң тоскон жакыр турмуш,
Бара-бара жоголот…
(Кемпир кызын кучактап алып үйүнө алып кетти. Сахна алмашты. Каминдин жанында сүлкүлдөп кийинген аял сотка менен сүйлөшүп атты.)
Аял (Асыл). Алло!.. Алло!..
Дубайга дубай салам!..
Товар топтоп,
Жакында алып барам!..
Айчүрөктөй сулуулар,
Келип атат.
Арыздарын тындырбай берип атат.
Алло!.. Алло!..
Топтоюн, шашпагыла
Кымбат товар,
Жыйнадым, качпапагыла!
(Ошол учурда жаш кыз кирди Аялдын үйүнө. Колунда гүл. Гүлдү Аялга берди).
Жаш кыз (Гүлнур). Мен даярмын,
Эжеке, качан жөнөйм?
Жыргал турмуш,
Чекесин качан көрөм?
Маакул болду,
Эжеке, байкуш энем!
Иштеп келсем,
Энеме баарын берем!
Бар болсунчу,
Эжеке, сиздей адам!
Эже эмессиз,
Эми сиз, мага-мамам!
(Аял жаш кызды кучактап ички үйүнө киргизип кетти.
Гүлнурдун үнү. (Көшөгөнүн ары жагынан) Кечке эле репетиция кыла беребизби?…Жетет да!..(Көшөгөнүн артынан Жаш кызды (куурчак) көтөрүп чыга келди да, полго олтура кетти. Артынан Асыл чыкты Аялды (куурчак) көтөргөн).
Асыл. Сага эмне болду, эми?
Гүлнур. (Итиркейи келип) Колум талып кетти, понимаешь?
Асыл. (Эмне дээрин билбей) Баары бир репетиция кылып алышыбыз керек да, эми?..
Гүлнур.(Нааразы боло) Жетет да ушул репетиция. Күнүгө эле ойноп атпайбызбы? ! Анын эмнесин кайра репетиция кылабыз?
Асыл.(Эмне деп айтаарын билбей) Баары бир репетиция кылыш керек да… Атмосферага кирели да…
Гүлнур.(Итиркейи келип) Мен ансыз деле атмосферадамын! Каждый день!.. Каждый час!.. Каждую минуту!.. Чарчадым баарынан! .. Чарчадым! ..
Асыл. (Айласы куруп,ооз учунан) Ладно… (Кичине тынымдан соң) Кой, анда, эл кире баштайт, азыр… (Көшөгөнүн артына кирип кетти. Гүлнур көрүүчүлөр залын кайдыгер тиктеп,бир топко олтурду да, анан үшкүрүнүп алып, оордунан туруп көшөгөнүн артына кирди).
Үчүнчү сахна
Менчик театрдын ичи. (Сахнада куурчак спектаклдин жасалгасы турат. Экинчи сахнадагыдай. Асыл жалгыз өзү куурчак ойнотуп, репетиция кылып атты. Асыл эркек кишинин куурчагын алып, өйдө көтөрүп, ары басып, бери басып, үнүн жасап сүйлөөгө даярдана баштады).
Асыл (эркек кишинин үнү менен). Мага бир кыз бериңиз аялдыкка.
Фазендама алпарып жашатамын.
Сүлкүлдөтүп түрлөнтүп кийиндирип,
Силерде жок тамактан ашатамын!
“Ягуар” автону мингиземин
Хан сарайдай үйүмө киргиземин!
Кофе ташып күнүгө төшөгүнө,
Сэм байкени акырын сүйгүзөмүн!
Ыйлап жүрсө, мен аны күлгүзөмүн!
Өчкөн отун бир паста күйгүзөмүн!
Кам санабай биякка келе берсин,
Өлгөн жанын бир паста тиргиземин!
(Ошол учурда сырттан Гүлнур кирип келди. Анын көңүлү көтөрүңкү эле).
Гүлнур. Салам.
Асыл. Салам, салам…Сага эмне болду?
Гүлнур. Эмне болуптур?
Асыл. Эмне кечиктиң репетицияга?
Гүлнур. (Мыйыгынан күлүп) Репетиция… Все, бүттү, Асыла, репетиция…
Асыл. (Түшүнбөй) Ал эмне дегениң?
Гүлнур. Ал ошо дегеним. Гүлнуруң кетти… Поезд тю-тю…
Асыл.(Дагы эле түшүнбөй) Сен эмне деп атасың?
Гүлнур. Кеттим деп атам. Кет-тим…
Асыл.(Чочуп кетти) Кызык ко… А сенин ролуңду ким ойнойт?
Гүлнур. (Күлүп) Кожоюн өзү ойносун…
Асыл.(Ого бетер чочуп) Шефпи?!. Ты что?!. Элестет, жаш кызды сапсаңдап ойноп атканын!..
Гүлнур.(Каткырып) Сапсаңдайбы, апсаңдайбы- ал өзүнүн иши!.. Это меня больше не волнует.
Асыл. (Чыдамы кетип) Айтчы ачыгын, эмне болду?
Гүлнур. Күйөөгө тийип атам!..
Асыл. (Ого бетер таң калып) Кайсы күйөөгө?!.
Гүлнур. (Асылдын колундагы куурчакты көрсөтүп) Мобуга!..
Асыл. (Каткырып) Артист десе!..
Гүлнур.(Асылдын колундагы куурчакты алып өөп-жыттай баштады) Ты богатый человек да?.. (Куурчактын үнү менен сүйлөп) О-о-очень богатый…(Өз үнү менен) Да-а?..(Куурчактын үнү менен) Да-а!.. (Өз үнү менен) Прекрасно! ..Значит, ты можешь терпеть все мои капризы!.. (Куурчактын үнү менен) Все!..(Өз үнү менен) Все?!. Все?!. (Куурчактын үнү менен) Все!. Все!. (Өз үнү менен) Ой, как я тебя люблю! М-м-ма!..(Өпкүлөп ийди куурчакты).
Асыл.(Каткырып күлүп атып) Мобу катын соо эмес, ай, бүгүн…
Гүлнур. Конечно, соо эмесмин. Эрге тийип аткан киши да соо болчу беле?
Асыл. (Ишенип-ишенбей) Тамашаңды койчу, ай?..
Гүлнур. (Ойноп) Эмнеге тамаша экен. Чын эле. (Ырдап) Чын эле, чын эле, ай, чын эле, чын эле...,ай!..
Асыл. (Таң калып) Чын эле айтып атасыңбы?..
Гүлнур. Ага эмне анчалык таң калып атасың? (Тегеренип көрүп) Же эмне менин көзүм сокур, бутум төкөрбү?
Асыл. (Күнөөлү) Койчу, ай, мен сени ошентип айтып атамбы? Просто… Сүйлөшкөн жигитиң кана? Же менден жашырып жүрдүң беле?
Гүлнур. Зачем мне нужны эти голодранцы?
Асыл. Омей, анан кимге тийген атасың?
Гүлнур.(Ойноп) Бирөөнө…
Асыл. (Чыдамы кетип) Шакаба чекпечи, ай, кишини. Айтпайсыңбы, эми…
Гүлнур. (Ойноп) Бирөөнө токол болгон атам. Бай. Депутат.
Асыл. (Ого бетер таң калып) Кайсы депутат?
Гүлнур. (Күлүп) Кайсы депутатты билесиң?
Асыл. Билем, баарын эле.
Гүлнур. (Ойноп) Тапчы анда, ким экенин?
Асыл. (Ойлонуп калды) Так-ак… Азыр айтам.
(Пауза).
Гүлнур. (Каткырып) Ишендиңби?
Асыл (Кошо күүлүп) Койчу, ай, ушинтип да кишини тамашалайсыңбы?
Гүлнур. Ну и что, депутаттардын баары эле токол алып атпайбы. Мен деле бирөөнө чыгып алмакмын, эмнеси бар экен?
Асыл. Ладно… Түшүндүм. Айтпайсыңбы эми, эмне болду?
Гүлнур. (Олуттуу) Башка жумуш таптым.
Асыл. Жакшы жумуш бекен?
Гүлнур. Айына үч миң төлөйт экен.
Асыл. (Ээринин артына тартып) Үч миң сомбу?
Гүлнур. Койчу, ай, сомуңду!.. Баксы.
Асыл. (Ишенбей) Ты что?!. Чын эле айтып атасыңбы?
Гүлнур. (Олуттуу) Бир фирма бар экен. Италияга гувернаткаларды жиберип атыптыр. Хозайкасы такая солидная женщина экен.
Асыл. Анан?
Гүлнур. Анан ошол-жактырды мени. Жарайт экенмин.
Асыл. Тил билбесең деле боло берет бекен?
Гүлнур. Ошояктан эле үйрөнүп аласың дейт, бат эле.
Асыл. (Күмөн санай) Жанагындай фирмалардан эмеспи?
Гүлнур. Койчу, ай, это совсем солидная фирма. Правительственная линия менен иштейт экен.
Асыл. “Правительственная линия менен иштейбиз” деп койсо эле ишенип каласыңбы?
Гүлнур. Бүт кагаздарынын баарын көрсөттү. Документациясын. Там, сүрөттөр турат. Премьер-министр менен түшүптүр. Чет өлкөнүн посолдору менен түшүптүр. Италиядан келген запросторду көрсөттү.
Асыл. Качан кетет экенсиң?
Гүлнур. Бир айдын ичинде. Ага чейин документтеримди даярдайт экенмин.
Асыл. (Күрсүнүп) И-и… Все-таки кетет турбайсыңбы? ..
Гүлнур. Давай, чогуу кетебиз?
Асыл. Я бы с удовольствием. Мамам укаса-чалкасынан кетет.
Гүлнур. Жакшылап түшүндүрбөйсүңбү.
Асыл. Прекрасно түшүнөт. Просто… жалгыз да.
Гүлнур. Хотябы бир жылга эптеп чыдап турбайбы.
Асыл. Көнбөйт баары бир. Айтып көрөм, конечно.
(Пауза).
Гүлнур. (Чечекейи чеч) Өзүм да ишене албай атам!..
Асыл. Эмнеге?
Гүлнур. Вдруг ушундай жумуш табылып калганына. Никогда не думала ушундай иште иштейм деп.
Асыл. Действительно жакшы иш экен.
Гүлнур. Преставь себе — три тысячи долларов! ..
Асыл. Преставляю. (Кичине тынымдан соң) Театрды эмне кыласың, эми?
Гүлнур. Бир жума иштеп берем. Ага чейин замена табыш керек, мага. А дальше документтеримди даярдап чуркайм да.
Асыл. Репетиция кылабызбы?
Гүлнур. (Көңүлү көтөрүңкү) Конечно, кылабыз!..
(Экөө тең көшөгөнүн артына кирип кетишти. Куурчак оюндун репетициясы башталды. Сахнада токой. Жаш кыз эчки кайтарып жүрөт. Артына эки карышкыр аңдып келишет да, асманды тиктеп улуп киришет).
Жаш кыз (Гүлнур). (Ыйламсырап) Бай күйөөгө тием деп,
Байкуш болдум, кордолдум.
Мал кайтарып моминтип,
Малай болдум, кор болдум.
Эңсейм деп жакшы турмушту,
Ээн токойдо кыйналдым.
Эчки багып моминтип,
Эчкирип күндө ыйладым.
Кагылайын, апаке,
Карааныңа зар болдум.
Капыстан түшүп капканга,
Кара жаным кар болдум.
Бөрүлөр менен алышып,
Бөтөн жерде каламбы?!.
Көзүмдөн учту Ата-Журт
Кайрылып аман барамбы?!.
(Илкий басып, эчкилерин айдап кетип баратты. Артынан эки бөрү аңдый жүрүп олтурушту).
Төртүнчү сахна
Түнкү шаар. Азамат менен Асыл көчөдө келатышты.
Азамат. (Аптыга) Асыл!..
Асыл. (Наздана) Угуп атам?
Азамат.(Аптыга) Сиз…
Асыл. (Наздана жылмайып) Сүйлөңүз, сүйлөңүз…
Азамат. (Аптыкканы басылбай) Сүйлөсөм…
Асыл. (Назданган калыбында) Бат эле сүйлөбөйсүзбү, эми.
Азамат. (Чекесинен тер чыгып) Асыл…сен…
Асыл. (Наздана күлүп) “Сенге” өттүкпү, дароо эле?
Азамат. (Аптыкканы басылбай) Мага ушундай ыңгайлуу болуп атат.
Асыл. (Назданган калыбында) Аябай маанилүү нерсени айткың…келип аткан го, ээ?
Азамат. (Аптыккканы басылбай) И-и…
Асыл. (Назданган калыбында) Жагып калдымбы, сага?
Азамат. (Таң кала түштү) Кантип билдиң?
Асыл. (Күлүп) Сүрдөп атпайсыңбы, менден.
Азамат. (Апатыкканын тыюга аракеттенип) Точно айттың!
Асыл.(Күлүп) Көргөндө эле жактырдың, ээ, мени?
Азамат. (Жүрөгү бир аз ылдыйлап) Психолог окшойсуң, ээ?
Асыл. (Күлүп) Кашпировскийдин окуучусумун.
Азамат. (Жүрөгү алда канча ылдыйлап) Чыныңды айтчы, эми.
Асыл. (Күлүп) Тамаша.
Азамат. (Башын чайкап) Баарын билип койгонуңа таң калып атам.
Асыл. (Күлүп) Кыйын бекенмин?
Азамат. Кыйын экенсиң.
Асыл. (Күлүп) Ушундай “кыйын кыз” менен таанышканыңа кубанып атасыңбы?
Азамат. (Күлүп) Естесвенно. (Башын чайкап) Сен соо эмес окшойсуң.
Асыл. (Күлүп) Эмне, ведьма деген турасыңбы?
Азамат. (Шашкалактап) Жок, жок!..Антип айтайын деген жокмун!..
Асыл. (Күлүп) Айтсаң да таарынбайм. (Артка кайрылды да кайра Азаматка кайрылганда чачын бетине түшүрүп, жезкемпирлерди туурай сүйлөдү) Жаш жигит, бул жерде эмне турасың?
Азамат. (Таң кала карап) Окшоштуң! Точно, окшоштуң! Кадимкидей жүрөгүм болк дей түштү.
Асыл. (Жезкемпир болгонун улантып) Мен эч кимге окшошкон жокмун. Бул мен-өзүммүн! .. (Колдорун сунуп сыйкырлай баштады, Азаматты). Жаш жигит, сен менден коркпо-о…Мен сени асманга-а…алыс жактарга-а… алып кете-ем..
Азамат.(Колу менен бетин калкалап) Пожалуйста, болдучу, чын эле корко баштадым…
Асыл. (Каткырып жиберип, калыбына келди) Чын эле коркуп кеттиңби?
Азамат. (Чын дилинен) Коркуп кеттим. Артист турбайсыңбы.
Асыл. (Башын ийкеп) Артистмин. Туура таптың.
Азамат. (Аябай таң калып) Подожди…кайсы театрда иштейсиң?
Асыл. (Күлүп, позага туруп) Звезда маленького, частного театра. (Жүгүнүп койду).
Азамат. Не-ет…сен даже чоң театрдагы артисттерден кыйын экенсиң.
Асыл. (Күлүп) Калп айтпачы.
Азамат. Калп айткан жокмун, я от души говорю.
Асыл. Чынбы?
Азамат. Чын.
Асыл. (Күлүп) Түшүндүңбү, эми?
Азамат. Эмнени?
Асыл. Оюңду кантип билип койгонумду?
Азамат. (Башын чайкап) Жок… Түшүнө элекмин…
Асыл. (Күлүп) Эх, ты, не путевый… Артист деген ар түрдүү образдарды жаратат. А образ жаратыш үчүн…
Азамат. (Шашкалашктап) Түшүндүм, түшүндүм! .. Образ жаратыш үчүн адамдын… (мукактана) мүнөзүн… ну, кул-мүнөзүн… и-и… ички дүйнөсүн жакшы билиш керек. Туурабы?
Асыл. (Жылмайып) Мына, эми таптың.
Азамат. (Күлүп) Не-ет. Сени менен киши зерикпейт экен.
Асыл. (Күлүп) Конечно, ушинтип бекер концерт көрүп турсаң...
(Пауза).
Азамат. (Үнү өзгөрүлө) Асыл….
Асыл. (Наздана) Кулагым сенде. Сүйлө.
Азамат. Эртең жолугабызбы?
Асыл.(Ойноктоп) “Эртең”… ”Эртең”… Эртең мен биякта болбойм.
Азамат. (Суз боло түштү) Эмнеге?
Асыл. (Ойноктоп) “Эмнеге, эмнеге”… Ошого (Күлүп койду).
Азамат. Гастролго кетесиңби?
Асыл. (Бышкырып) И-и… Индияга барам (индия бийинен бир-эки элемент көрсөтүп койду).
Азамат. (Ишенип) Чын элеби?
Асыл. (Күлүп) Тамаша.
Азамат. Анда каякка барасың?
Асыл. “Каякка, каякка”… Алы-ыс… алы-ыс жакка…
Азамат. (Суз) Чыныңды айтчы.
Асыл. (Ойноктоп) Чып-чын айтып атам.
Азамат. (Суз) Каякта болосуң, анан?
Асыл. (Ойноктоп) Издеп барасыңбы?
Азамат. (Чын дилинен) Барам. Каякта болооруңду айтып кой.
Асыл. (Күлүп) Аябай сүйүп калгансың го, мени?
Азамат. (Чын дилинен) Айтасыңбы?
Асыл. (Сырдуу) Ошоякка телефон чаласың, же SMS-сообщение жиберип коёсуң-ошондо айтам. Же электронный адресиме кат жазып иесиң. (Сумкасынан визитка алып чыгып Азаматка берди).
Азамат. (Визитканы алып) А менин визиткам жок.
Асыл. Не беда. Главное, ты знаешь меникин. Этого достаточно.
(Пауза).
Азамат. (Асылды каруудан кармады, толкундана) Асыл…
Асыл. (Наздана ойноктоп) Сразу эле өбүшөлүбү?
Азамат. (Башын чайкап) Баарын билип коёт экенсиң.
Асыл.(Күлүп) Такая родилась.
(Пауза).
Асыл. (Ойноктоп) Эмне турасың?
Азамат. (Түшүнбөй) Эмнени айтып атасың?
Асыл.(Күлүп) Өппөйсүңбү?
Азамат. (Уялып кетти) А-а…
Асыл.(Ойноктоп) Бы-ы…
(Кыз-жигит кучакташып, көпкө чейин өбүшүп калшты).
Экинчи бөлүм
Бешинчи сахна
Жыргалдын офиси. Кабинет. Жыргал компьютер тиктеп отурду.
Селектрдогу секретарь кыздын үнү. Жыргал эже, гезиттен бир корреспондент чалып атат. Сизден интервью алат элем дейт.
Жыргал. Байланыштыр… (Телефондун трубкасын алды, сылык) Саламатчылык… Угуп атам… Ооба туура эле чалып атасыңар… Биз өзүбүздүн граждандарга чет өлкөдөн жакшы жумуш таап беребиз…Няня, гувернатка, үй кызматчысы… Биздин партнерлорубуз аябай солидный… Ушул кезге чейин ишибизден бир да жолу кемчилик кеткен эмес… Клиенттерибиздин баары ыраазы… Биз эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп аткан мекемебиз да… Биз жумушка орноштургандардын жашоосу оңолуп кетсе деген эле ак тилек менен иштейбиз… Ырахмат.
(Трубканы ордуна койду. Мониторун карап) Апей, бул кыз эмне жүрөт, биякта?..
(Селекторун басып) Жазира!..
Селектордогу үн. Угуп атам, эже.
Жыргал. Тиги кыз эмне келиптир?
Селектордогу үн. Сизге кирет элем, зарыл ишим бар дейт.
Жыргал. (Кабагы бүркөлө) Сурачы эмне “зарыл иш” экенин?
(Пауза).
Эмне дейт?
Селектордогу үн. Өзүңүзгө гана айтам дейт
Жыргал. (Кабагы салыңкы) Киргиз.
(Пауза.
Кабинетке Асыл кирип келди).
Асыл. (Мукактана) Эже…
Жыргал. (Кабагын түйө) Тез сүйлө!..
Асыл. (Тарткынчактай) Эже…мен…үч төрт күндөн кийин кетсем болобу?
Жыргал. (Ачуусу келе) Эмне?!. Эмне?!.
Асыл. (Тарткынчактап) Мамам ооруп калды, неожиданно… түндө… Эки үч күн жанында тура турсамбы, дегем… Менден башка карай турган кишиси жок.
Жыргал.(Ачуулуу) Ай, кыз сенин мээң ордундабы, ыя?!. Эмне, сага өзүнчө самолёт жалдайлыбы? !. Бул деген чартерный рейс!..
Асыл. (Кыйылып) Мамам…
Жыргал. (Жини кайнап) Мамаңдын оору экенин билсең, эмне келдиң бизге, темселеп?! .
Асыл.(Оозунан сөзү түшүп) Оорулуу деле эмес, эже… Азыр… кичине…
Жыргал. (Катаал) Мээмди айлантпа, ай кыз!.. Барсаң, кечке чейин как штык даяр бол!… Барбайсыңбы- давай, сага кеткен чыгымдарды сразу төлө и көзүмө көрүнбөй жогол!..
Асыл. (Ыйламсырай) Эже… барам… бирок… түшүнсөңүз…
Жыргал.(Катаал) Түшүнбөйм-этпейм! .. Же бүгүн кечинде башка кыздарга кошулуп кетесиң!.. Же сага кеткен чыгымдардын баарын проценти менен немедленно төлөйсүң! ..
Асыл.(Дендароо боло түштү) Эже, менде андай мүмкүнчүлүк жок да!..
Жыргал. (Суз) Эти твои проблемы! .. Төлө!.. И все!..
Асыл. (Аргасы кетип) Төлөй албайм да, эже?!
Жыргал. (Капысынан буркан-шаркан түшүп) Эмне үчүн төлөй албайсың?! . Төлөйсүң! .. Еще как төлөйсүң! .. Төлөбөй эле көрчү!.. (Телефонуну чала баштады) Каматып таштайм, азыр!..
Асыл. (Жалооруп) Эже!.. Барам!.. Барам!..
Жыргал.(Ачуусун бир аз басып) Барасыңбы?! ..
Асыл.(Ыйламсырап) Барам, эже!.. Барам!..
Жыргал. (Өткөн) Давай, анда, жөнө үйүңө! Даярдан!..
Асыл.(Кыйылып) Эже!.. Барам… Бирок…
Жыргал. (Кекээрлеп) И-и?.. Дагы эмне?..
Асыл. (Жалынып) Эже, мамам айыккандан кийин барайын!.. Адресин айтсаңыз, өзүм эле таап барам!
Жыргал. (Кекетип) Ай, кыз!.. Сөзгө түшүнөсүңбү ыя?!. Мен сага эмне деп атам, эртеден бери?!. Сен өзүң жалдайсыңбы самолётту?! .
(Асылдын башы шылк эте түштү.
Пауза).
Жөнө!.. Жөнө!.. Жөнө, үйүңө!..
(Асыл шалдайган боюнча эшикти көздөй басмакчы болгондо, сырттан Азамат кирип келди, капысынан).
Азамат.(Жыргалга) Мама… (Асылды көрүп буйдала түштү, таң кала) Привет.
Асыл. ( Бир чети таң кала, бир чети өзүн ыңгайсыз сезип, ооз учунан) Привет… (Чыкканга шашты).
Азамат. (Таң калган боюнча) Эмне жүрөсүң, биякта?
Асыл. (Уялып) Жөн эле… (Эшикке бет алды).
(Жыргал бир уулун, бир Асылды тиктеп таң калып турду).
Азамат. (Асылга) Если можешь, подожди в приемной, пожалуйста.
Асыл. (Башын билинээр-билинбес ийкеп) Хорошо… (Чыгып кетти).
Жыргал. (Азаматка) Бул кызды каяктан билесиң?
Азамат. (Уялыңкы) Ну… мама…
Жыргал. (Бүшүркөп) Сүйлөшкөн кызың ушубу?!.
Азамат. (Кызарып-татарып) Она мне нравится…
Жыргал. (Эмне дээрин билбей) Азамат?!.
Азамат. Гастролуна жардам берип атасыңбы, мама?
Жыргал. (Мурунку абалынан чыга албай ооз учунан) Эмне гастроль?
Азамат. (Кысылыңкы) А-а… Мен ойлогом… Значит, башка эле иштер менен келген турбайбы, анда?
Жыргал. (Ооз учунан) Ооба… башка иштер менен…
(Пауза).
Азамат. (Таң кала) Экөөңдүн тааныш болуп калганыңарды карасаң…
Жыргал. (Суз) И-и…
Азамат. (Шашыла) Мама, мен Асылды жөнөтүп коёюн… (Эшикке умтулду).
Жыргал. (Ыкчам) Азамат, коё тур…
Азамат. (Шашкалактай) Мама, мен азыр… (Чыгып кетти).
Жыргал. (Артынан кошо умтулуп) Азамат!.. Азамат, дейм!.. (Кыжыры келип, барып селекторун басты) Жазира!..
Селектордогу кыздын үнү. Угуп атам, Жыргал эже.
Жыргал. (Буюра) Азаматты чакыр, телефонго! ..
Селектордогу кыздын үнү. Уулуңуз жанагы кыз менен чыгып кетпедиби. Көргөн жоксузбу?
Жыргал. (Мониторду карап, кыжынып) Албарстыдай болуп келе калганын карасаң, жалаптын! .. (Селекторду басып) Жазира!..
Селектордогу кыздын үнү. Угуп атам, эже.
Жыргал. (Буюра) Чуркаган бойдон чыгып, Азаматты чакырып кел!..Тез! ..(Селекторду өчүрүп койду). Баламдын башым айланткан экен да, бул ######!.. (Кекене) Сениби, шашпа!.. Көз көргүс жакка жоготом!.. Биякка вообще келгис кыла албасам элеби!.. (Пауза. Мониторду карады да, селекторду басты). Келатабы, Азамат?!.
Селектордогу кыздын үнү. Жок, эже. Кетип калыптыр, көрүнбөйт эч жерде.
Жыргал. (Ачуулуу) Жакшылап карадыңбы?! .
Селектордогу кыздын үнү. Жакшы эле карадым…
Жыргал. (Ачуулуу бурк этип) Болуптур. (Кайра телефон чала баштады).
Селектордогу Азаматтын үнү. Алло!.. Угуп атам.
Жыргал. (Ачуулуу) Каякта жүрөсүң, сен?!.
Селектордогу Азаматтын үнү. Асылды узатып коёюн деп баратам. Бир аздан кийин келем.
Жыргал. (Өкүм) Азамат!.. Немедленно кел!..
Селектордогу Азаматтын үнү. Азыр анте албайм, мама. Асылды узатып коюп, анан келем дебедимби.
Жыргал. (Истерикага түшүп, чаңырып) Азамат!! !
Селектордогу Азаматтын үнү. Ладно, мама, анан сүйлөшөлү, ээ? (Селектордо телефондун “Ту-ук…ту-ук. .” эткен үнү угулуп калды).
Жыргал. (Кыжынып) Менден сага ушул ###### артык болуп калган экен да, ээ?!. (Кайра телефон чалды).
Селектордогу үн. Здравствуйте. В настоящее время аппарат вызываемого абонента отключен. Просьба, повторить позднее.
Жыргал. (Ачуусуна туттугуп) Баламдын башын айлантып алган экенсиң, ээ, ######?! Көзүңдү гана тазалайм! ..
Алтынчы сахна
Көчө. Асыл аллея менен шашып баратты. Жанында ашыга баскан Азамат.
Азамат. (Асылды токтотууга аракеттенип) Асыла!.. Пожалуйста, токточу.
Асыл. (Суз) Шашып атам дебедимби. Апам оору…
Азамат. Нормально сүйлөшчү мени менен.
Асыл. Эмне жөнүндө?
Азамат. Ачыгын айтчы.
Асыл. Эмненин?
Азамат. Гастролуңду…
Асыл. (Мыйыгынан) “Гастроль…”
Азамат. Эмне үчүн мамам сага нааразы болуп атат?
Асыл. (Суз) Сага ошентип айттыбы?
Азамат. Я же вижу, мамамдын реакциясынан.
Асыл. (Суз) Если видишь… мамаңдан сура калганын.
Азамат. Акчасын толук төлөй албай атасыңбы, гастролуңдун?
Асыл. (Суз) Азамат… Знаешь…
Азамат. Биринчи мени укчу, пожалуйста. Эгер акчаң жетпей атса, мен төлөп берем. Канча керек?
Асыл. (Кабагын түйүп) Азамат!.. Мени жайыма койчу, пожалуйста! ..
Азамат. (Айласы куруп) Асыл, мен сага жаман эч нерсе айтып аткан жокмун го. Я хочу помочь тебе.
Асыл. (Кабагын түйгөн калыбында) Мага эч кимдин жардамынын кереги жок.
Азамат. (Шагы сына) Болуптур… (Туруп калды. Асыл токтобой кетип калды. Жигит кызды узата карап турду да, аллеянын четиндеги орундукка коомай олтуруп, башын жерге салып ойлонуп калды.
Жигит бир аз олтургандан кийин кетип калган жагынан кайра Асыл көрүндү. Жигит аны элес алган жок. Асыл шашпай басып Азаматка жакындай баштады. Кыз окчун келип калганда гана жигит аны байкады. Оордунан дароо ыргып туруп, Асылды көздөй шашыла басты. Экөө бири-бирине жете беришип, капысынан кучакташып калышты).
Асыл. (Эркелей) Кечирип койчу, пожалуйста.
Азамат. (Көңүлү көтөрүңкү) Мен сага таарынган жокмун.
(Экөө аллеянын четиндеги орундукка келип олтурушту).
Асыл. Ладно… Кичине олтура туралы, ээ? А то мен аябай шашып атам.
Азамат. Айтчы эми, пожалуйста. Эмне болду?
Асыл. Мен чет өлкөгө кетип атам…
Азамат. Билем, гастролго.
Асыл. Гастролго эмес. Иштегени.
Азамат. (Таң кала) Иштегени?
Асыл. Ооба. Мамаңдын фирмасы аркылуу.
Азамат. А эмне иш иштейт экенсиң?
Асыл. Аны так билбейм. Жакшы төлөп беришет деген, мамаң.
(Кичине тынымдан соң). Мындан жарым жыл мурда менин Гүлнур деген подружкам кеткен.
Азамат. Чет өлкөгөбү?
Асыл. Ооба. Тоже сенин мамаңдын фирмасы аркылуу.
Азамат. Сурап-билдиң беле анан, анын кандай иште иштеп атканын?
Асыл. Тиякка жетээр замат телефон чалган.
Азамат. Эмне деп?
Асыл. “Асыла, бияк просто сказка!” деген болчу. Андан кийин почему-то такыр байланышпай калды.
Азамат. Кайсы өлкөгө кетти эле?
Асыл. Италияга.
Азамат. А сен каякка кеткен атасың?
Асыл. Мени да Италияга барасың деген,мамаң.
Азамат. А мамам менен эмне проблема болуп атат, анан?
Асыл. Бүгүн кечинде учмакпыз. Түндө мамам ооруп калыптыр. Ага каралаша турган эч ким жок. Мен анын жалгыз кызымын да. Мамама каралаша туруп, кийинчерээк барайын десем…
Азамат. (Шар) Давай, ошент…
Асыл. Мамаң болбой атат.
Азамат. Эмне деп?
Асыл. Атайы самолёт жалдаптыр.
Азамат. Сагабы?
Асыл. (Күлүп) Мен жалгыз эмесмин да. Килтейген самолёт жалдагандан кийин мен, сыяктуулар көп болуш керек.
Азамат. А может быть, вообще не поедешь?
Асыл. (Башын чайкап) Жок!.. Жок!.. Мен жакшы акча табышым керек. Мамамдын менден башка ишене турган эч кимиси жок. Жакырчылыкта жашагандан тажадым. Жакшы акча таап келип, өзүмдүн ишимди ачам.
Азамат. Асыл… А если, мен… обеспечить этсемчи, сени?
Асыл. (Күлүп) Сенби?..
Азамат. А эмнеси бар экен?
Асыл. В качестве кого?
Азамат. (Кызарып-татарып) Ну… допустим… жениха… мужа…
Асыл. (Каткырып) Жениха?!. Еще мужа?!.
Азамат. (Таарына) А что, нельзя?..
Асыл. (Күлүп) Кечээ тааныша калып эле, бүгүн үйлөнөбүзбү?
Азамат. Ромео менен Жульетта бир көргөндө эле бири-бирин сүйүшүп, ошол түнү эле…
Асыл. ...чогуу жатып алды дечи.
Азамат. А что, не правда?
Асыл. (Тамашалай сөөмөйүн кесеп) Жаман оюң бар экен, ээ?
Азамат. (Түшүнбөй) Эмне ой?
Асыл. (Күлүп) Ромео менен Жульеттаны туурайлы сразу деп ойлогон экенсиң да.
Азамат. (Кызарып-татарып) А эмне сразу ошондой ойлойсуң?
Асыл. (Күлүп) Өзүң айтып атпайсыңбы, ошентип.
Азамат. Эмне деп?
Асыл. (Күлүп) Сразу эле Ромео Жульеттадай боло калалы деп.
Азамат. (Кызарып-татарып) Качан айттым?
Асыл. (Күлүп) Азыр эле айтпадыңбы. Күйөөң боло калам дебедиңби.
Азамат. (Кызарып-татарып) Может быть, это для тебя шутка… (Тарткынчактап) Мен сени аябай…
Асыл. (Күлүп) Сүйүп калдым дечи?
Азамат. (Ого бетер кызарып-татарып) Ооба… аябай сүйүп калдым, сени!..
Асыл. (Азаматты башынан сылап) Эх, ты, мой несчатный Ромео.
Азамат. Почему несчастный?
Асыл. (Күлүп) А разве Ромео был счастлив?
Азамат. (Кызарып-татарганы жасылбай) Ну да… ты права.
(Пауза).
Асыл. Ладно. Хорошо поговориили. Мне пора (ордунан турду).
Азамат. (Асылды колунан кармап) Жок, жок!.. Мен сени эч жакка жибербейм.
Асыл. (Кабатырлана) Ты что?!. Мамаң мени бышырып жейт!..
Азамат. Мамамды мага кой. Я попробую её уговорить.
Асыл. (Таң калып) Мен сени баятан бери тамашалап аткан экен десе.
Азамат. Я же тебе очень серьезно сказал.
Асыл. (Бошонууга аракеттенип) Азамат, такие вещи вот так не решаются
Азамат. (Коё бербей) А как?
Асыл. Мен биринчи барып келейин, Италияга. За это время мы с тобой хорошенько подумаем, а потом решим.
Азамат. (Тизелей калды) Пожалуйста, я прошу тебя!..
Асыл. (Күлүп) Ромео деп койсо,чын эле Ромео болуп кетесиң да. Тур ордуңдан. Уят.
Азамат. (Көгөрүп) Сен “да” демейинче турбайм.
Асыл. (Айласы куруп) Кыйнабачы мени, Азамат.
Азамат. (Ындыны өчө) Сен мени сүйбөйсүңбү?
Асыл. (Күлүп) Сүйөйүнбү?
Азамат. (Жаңдана түштү) Айтчы, эми, пожалуйста.
Асыл. (Күлүп) Айтам… Италиядан келгенде.
Азамат. (Кайрадан ындыны өчө) Түшүндүм…
Асыл. Эмнени?
Азамат. Ну…Сүйбөйсүңдү…
Асыл. (Күлүп) Мен антип айткан жокмун.
Азамат. (Кайра жанданып) Сүйөсүңбү, анда?!.
Асыл. (Күлүп) Сага ушу сүйүү аябай керекпи?
Азамат. Керек!..
Асыл. А ты знаешь, что я актриса?
Азамат. Актриса болсоң эмнеси бар экен?
Асыл. Мен разный ролдорду ойношум мүмкүн…
Азамат. Ойной бер. Мен сага тоскоол болбойм.
Асыл. (Сынай) Да?
Азамат. Да.
Асыл. А кокус бирөө менен өбүшкөн, же постельный сценадагы роль ойноп калсамчы?
Азамат. (Ойлоно түштү) Обязательно өбүшүш керекпи?
Асыл. Мына, көрдүңбү?..
Азамат. (Шашкалактап) Всё ровно по-настаящему өбүшпөйсүңөр да, туурабы?
Асыл. По-настоящему эле өбүшөбүз.
Азамат. (Аргасы куруй) Төшөккө да по-настоящему жатасыңарбы?
Асыл. (Мыйыгынан күлүп) Андай болуп калышы да мүмкүн…
(Пауза).
Азамат. (Жандана түштү) Тогда эмне, по-настоящему да өлөсүңөрбү?
Асыл. (Каткырып ийди) Митаам экенсиң, ээ…
Азамат. (Кошо күлүп) Кармалдыңбы?
Асыл. (Күлүп) Значит, по-настоящему эмес өбүшсөм, по-настоящему эмес төшөккө жатсам, по-настоящему эмес сүйүшсөм…
Азамат.…по- настоящему эмес өлсөң.
Асыл. (Күлүп) И-и…Ошентсем. Кызганбайт экенсиң да?
Азамат. Ради бога, сколько хочешь, только не по-настоящему.
Асыл. Анан?
Азамат. Только мени сүй…
Асыл. ...по-настоящему?
Азамат. Да. Только мени менен өбүш…
Асыл. ...по-настоящему?
Азамат. Да. Только мени менен…(буйдала түштү).
Асыл. ...төшөккө жат, по-настоящему?
Азамат. (Кызарып кетти) Да…
Асыл. Ладно…
Азамат. (Кубанып кетти) “Ладно” дегениң, значит “сүйөм” дегениңби?
Асыл. (Күлүп) Ушул сөздү эле айттыра албай убара болуп атасың, ээ?
Азамат. Скажи “да”.
Асыл. Я же сказала.
Азамат. (Чечекей чеч боло) Бүттү эми!.. Эч жакка барбайсың! ..
Асыл. (Кабатыр боло) Мамаңдан коркуп атам.
Азамат. (Чечкиндүү) Вообще, коркпо! Дайвай, ал жөнүндө ойлобочу. Мага кой дебедимби. Я решу! — (Пауза) Пошли куда-нибудь.
Асыл. Куда?
Азамат. Погуляем! ..
Асыл. Знаешь, у меня мама больна. Она дома одна.
Азамат. Жүрү, анда, мороженое жейбиз.
(Ошол учурда Асылдын мобильнигине сигнал келди).
Асыл. Ой!.. Мобильнигине сигнал келди. Извини. (Мобильнигин алып, келген сигналды окуй баштады, өңү заматта өзгөрүп кетти. Оозун колу менен жаап) Кудай, ай!.. Кудай, ай!..
Азамат. Эмне болду?
(Пауза).
Асыл. (Өзүн токтотуп,суз) Ты знал, чем занимается твоя мама?
Азамат. (Таң кала) Конечно, знаю.
Асыл. (Суз) Значит, вы одна шайка-лейка? !.
Азамат. (Ого бетер таң калып) О чем ты говоришь?! .
Асыл. (Азаматты укпай, ыйламсырап) “Италия!. .” “Америка! ..” Преступники! ..
Азамат. (Ого бетер таң калып) Кто?
Асыл. (Ыйламсыраган боюнча) Кто?!.. Кто?!.. Вы!.. Вы!.. Кто еще!..
Азамат. (Эмне дээрин билбей) Асыл?!
Асыл. (Ыйламсыраганы басылбай) Уходи прочь!..Уходи! ..
Азамат. (Башка чапкан немедей) Асы-ыл?!
Асыл. (Тиштене) Уходи, говорю!.. Уходи!..
(Пауза).
Азамат. Дай сюда мобильник, пожалуйста! ..
Асыл.(Мобильникти ала качып) Нет!.. Нет!.. Не трогай меня!.. Уходи!..
Азамат. (Жалынып) Пожалуйста! .. Прошу!.. Дай мобильник! ..
Асыл. (Азаматты карап башын чайкап) Нахал!.. (Мобильникти берди).
Азамат. (Мобильникти алып, билдирүүнү окуду да, эмне кылаарын билбей туруп калды. Күбүрөнүп) Не правда!.. Не правда!..
Асыл. (Башын чайкап) Ушунучалык уятыңар жок экен, ээ?!.
Азамат. (Тамагы буула) Нет!.. Нет!.. Мындай болушу мүмкүн эмес!..
Асыл. (Жек көрө) Эмне үчүн мүмкүн эмес?!. Ты хочешь сказать, что она врет?!.
Азамат. (Дендароо болуп) Нет, я не об этом… Боже мой!.. Боже мой!.. Если это правда?!. Если это правда?!.
Асыл. (Жек көрө карап) Анткорлонбочу, пожалуйста! .. Мне противно смотреть на тебя!..
Азамат. (Көзүнө жаш толуп) Асыла!.. Почему так?!.Почему? !.
Асыл.(Жек көрө карап) Опрадываешься, да?!.
Азамат. (Тамагы буулуп) Я не оправдываюсь… Просто..
Асыл. (Жек көрө карап) Артист!.. (Жолуна түштү).
Азамат. (Артынан умтулду) Асыл!.. Асыла!..
Асыл. (Жек көрө) Ээрчибе!.. Я ненавижу тебя!.. Я ненавижу вас!..
Азамат. (Ыңдыны өчө) Асыла!.. Подожди!.. Послушай, пожалуйста! ..
Асыл. (Жек көрө) Калып кал!.. Болбосо, азыр милиция чакырам!.. (Кетип калды).
Азамат. (Көзүнөн жаш тамчылап) Мама!.. Мама! (Ошол калыбында артын көздөй басты).
Жетинчи сахна
Жыргалдын кабинети. Кабагын түйгөн Жыргал компьютерди тиктеп олтурган. Сырттан Азамат кирип келди.
Жыргал. (Нааразы боло) Бул эмне ээн баштыгың, балам?.. Мени каакым ордуна көрбөй кайдагы бир… неме менен басып кетесиң!..
Азамат. (Кабагын түйүп) Кайдагы бир эмес…
Жыргал. (Ачуусу келип) Ошол түйдөк чач үчүн мени менен айтышкан турасыңбы?! .
Азамат. (Кабагы түйүлө) Антип оскорблять этпеңиз, мама!..
Жыргал. (Беймайланып) Эмне ороңдойсуң? !. Сабайсыңбы? !.
Азамат. (Кабагы түйүлө) Мама, ал эмне дегениңиз?! . Ушундай да сөз айтасызбы?! .
Жыргал. (Бейжайлана) Айтам!..Эмне үчүн айтпайт экенмин?!. Уруп жиберчүдөй болуп карап атсаң!..
Азамат. (Кабагы түйүлө) Антип караган жокмун!..
Жыргал. (Бейжайлана) Гүл көтөрүп кирдиңби, анан?!.
Азамат. (Кабагы түйүлө, кырс) Папама көрсөткөн кыялдарыңызды көрсөтпөңүз, мага!..Мен сизге…көпкөн мент эмесмин!..
Жыргал. (Келмеси оозунан түшүп) Эмне деп атасың, сен?!.
Азамат. (Кырс) Эмне уксаңыз-ошо! ..
Жыргал. (Ыйламсырамыш этип) И-и…Папаң бүтүп, эми сен калдыңбы, мени кодулай турган.
Азамат. (Кырс) Сизди эч ким кодулаган жок.
Жыргал. (Ыйламсырамыш этип) Моминтип корсулдап атканың, кодулаганга жатпайт экен да, ээ?!.
Азамат. (Жаны күйүп) Мама!.. Каалаганыңыздай бурмалай бербеңизчи, пожалуйста! ..
Жыргал. (Ыйламсырамыш этип) Койдум…койдум…кокуй! ..
(Пауза).
Азамат. (Кабагы түйүлгөн калыбында) Мама!..Сиз эмне иш кыласыз?
Жыргал. (Бүшүркөп) Эмне иш кылат экемин?
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ошону сизден сурап атам.
Жыргал. (Сыр билгизбей) Кайсы ишимди сурап атасың?
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ушул… мобул ишиңизди…
Жыргал.(Сыр билгизбей) Эмне иш кылат экемин?
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ошону сизден билейин деп атам.
Жыргал. (Бүшүркөп) И, анчалык эмне болуп кетти?
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ушул чынбы, мама?!.
Жыргал. (Түшүнбөмүш этип) Эмнени айтып атасың?
Азамат. (Жарылып) Ишиңизди айтып атам, мама!.. Ушул ишиңизди! .. Мобул ишиңизди! ..
Жыргал. Кыйкырба… Акырын!.. Эл угат!..
Азамат.(Токтоно албай) “Эл угат?..” Элден уяласызбы?! .
Жыргал. (Тыйганга аракеттенип) Сага эмне болуп атат, ыя?!.
Мен сенин энеңмин!.. Түшүнөсүңбү ушуну?!.
Азамат. (Өзүн араң токтотуп) Мама!.. Сиз антип мени упрекать этпеңиз?!.
Жыргал. (Нааразы түр көрсөтө) Сеники жакшыбы, анан?!.
Азамат. (Жарылып) Анан, сиздики жакшыбы, мама?!.
Жыргал. (Сыр билгизбей) Эмне кылыптырмын, мен?!.
Азамат. (Көзүнө жаш толо) Вы… работорговка! .. Понимаете, мама?!.
Жыргал. (Өңү өзгөрүлүп) Ким айтты сага, ошону?!.
Азамат. (Жаны ого бетер күйүп) Мама!.. Я же вам не чужой!.. Я же ваш сын!..
Жыргал. (Демин басып) Жанагы түйдөк чач жамандадыбы? !.
Азамат. (Көзүнөн жаш кетип) Ай, мама!.. Ай мама!.. Ушинтип жанды күйгүзөсүз да!..
Жыргал. (Нааразы болгон түр көрсөтө) Менин жаным сеникинен жаман күйүп атат, балам!.. Кантип, уялбай, мамаңа жалаа жаап атасың?!. Бирөөнүн көкүтүүсү менен!..
Азамат. (Башын чайкап) Эми, ушу мени алдагыңыз келип атат, ээ?!. (Мобильнигин алып телефон чалды).
Асылдын үнү. Алло… Эмне керек сага?!.
Азамат. Пожалуйста телефонуңду өчүрбөчү! ..
Асылдын үнү. (Суз) У меня нет времени…
Азамат. Подожди!.. Подожди!.. Мен азыр мамамдын кабинетиндемин. Жанагы мен окуган сообщениени окуп берчи, пожалуйста! ..
Асылдын үнү. Зачем?
Азамат. Надо!.. Пожалуйста! ..(Мобильнигин Жыргалга жакындатты).
Асылдын үнү. (Окуй баштады) “Асыл!.. Мен биздин консульстводон сага билдирүү жиберип атам. Мени Италияга эмес, Аравияга, притонго сатып ийиптир, баягы аял. Араңдап жатып бошонуп чыктым. Баргандан кийин ал аялдан өч алам!.. Сен ага чейин гезиттерге билдирүү берип койчу, макулбу? Мени менен кошо сатылган кыздар притондо калышты. Алардын ага-туугандары тиги аял менен эсептешишсин! .. Подпись: Гүлнур” Болдубу?
Азамат. Болду. Ырахмат!..
Асыл. (Ооор күрсүнүп) Угуп туруңуз, эми мени. Сиз ушунча бейкүнөө кыздардын көз жашынан байлык топтогуңуз келген экен, ээ?!. Ошолордун көз жашын, убалын, каргышын ойлодуңузбу? ! Ушунча адамдын каргышы сизди эч качан тынч койбойт!.. Эгер Кудай бар экени чын болсо!.. Акыры бирди көрөсүз!.. (Мобильнигин өчүрүп салды).
Жыргал. (Жанталаша) Бул калп!.. Бул калп!.. Жанагы кыздын кылыгы!.. Азыр мен аны папаңа айтып, түрмөгө салдырам! .. За клевету!.. (Мобильнигин колуна алды).
Азамат. (Кыйкырып) Ма-ма!!! Ма-ма!!!
(Жыргал селейе түштү).
Уятыңыз барбы?!! Уятыңыз барбы?!!
(Узакка созулган пауза. Бир аздан соң. Азамат дендароо боло күбүрөй баштады) Значит папа вас “крышевал”. А вы… под видом благородного дела, занимались работорговлей… Сколько судеб покалечили… Боже мой!.. Боже мой!.. А я-то думал.. Какой я слепой… (Эшикти көздөй бет алды).
Жыргал. (Жанталаша алдынан тосуп) Каякка барасың, балам?!.
Азамат. (Кайдыгер) Мама, жолумду тоспоңуз…
Жыргал. (Жанталашып) Укчу!.. Укчу! Мени, уулум!..
Азамат. (Кайдыгер) Жолумду тоспоңуз…..
Жыргал. (Жанталашып) Балам!.. Балам!.. Кичине эле угуп койчу!.. Кичине эле!..
(Азамат токтоп калды. Жыргал бышактай үсүл-кесил сүйлөй баштады).
Мен, эмне, жыргаганымдан ушул ишти баштаптырмынбы? .. Айла кеткенден, папаң экөөбүз…ушул ишке бардык да…Сен кем-карч болбосун деп…Эл катары жакшы жашайлы деп…
Азамат. (Кайдыгер) Мама… Болду, эми… Болду… (Чыгып кетти).
Жыргал. (Уулунун артынан умтулдуп) Аза-мат!.. Балам!..
Сегизинчи сахна
Менчик театрдын ичи. Сахнада куурчак спектаклдин жасалгасы турат.Маанайы пас, Асыл жалгыз өзү репетиция кылып атты.
Куурчак спектклде алыста Аялдын үйү өрттөнүп атты. Өртөнгөн үйү тарабынан аял келатты жанталашып, эчкирип ыйлап.
Аял. Жардам, жардам, кагылайын адамдар?!.
Үйүм күйүп, күлгө айланып кетет ко!
Жардам берчи, кошуналар, жабылып,
Көптөп ийсе, өрт заматта өчөт ко!..
(Эч ким басып келген жок).
Барсыңарбы, кагылайын эл-журтум?! .
Жардам берип, сактап калчы баарылап! ..
Жалын жалмап,жылас кылса үйүмдү,
Кызың анда шорго башы малынат!..
(Эч ким басып келген жок).
Жардам, жардам, айланайын адамдар!..
Жардамдашып, баскылачы жалынды!..
Азыр үйүм, тыйпыл болсо жалында,
Анда кызың куу турмушка кабылды!..
(Эч ким басып келген жок).
Киши жокпу, жардам берчү кызыңа,
Кагылайын, айланайын, адамдар?!.
Мерез беле, таш боор беле жүрөгүң?!.
Мөгдөп турса, карабайсың, балаңар!! !
(Ошол учурда кара кездемеге оронуп алган кыз көрүндү. Кыз аялдын маңдайына келди).
Кыз. Ай, “эжеке”, канчаларды какшаттың! ..
Көлдөттүң го,канчалардын көз жашын…
Кусур урат, каргыш тиет акыры,
Кабылдыбы каран түнгө өз башың?!.
(Кыз кетип калды).
Аял. (Кыздын артынан колун сунуп) Жа…жа…жар…дам! ..
(Асыл аялдын куурчагын көтөрүп чыкты).
Асыл. (Башын чайкап өзүнчө сүйлөнүп) Мы все лохи!.. Баарын көрүп-билип туруп, анан кайра (куурчакты көрсөтүп) момунун капканына түшүп беребиз. Таң калычтуу…
(Пауза).
Гүлнур экөөбүздү карабайсыңбы… Өзүбүз ушул жөнүндө оюн коюп жүрөбүз. А кайра өзүбүз… Мхи.. Почему так?.. Түшүнбөйм…
(Пауза. Ошол маалда сырттан Азамат кирди. Уландын маанайы аябай пас эле).
Азамат. (Көңүлү чөгүңкү) Привет.
Асыл. (Таң кала) Здравствуй… Как ты нашёл меня?
Азамат. (Айткысы келбей) Видишь… нашёл же… Мир тесен.
(Пауза).
Асыл. Зачем пришёл?
Азамат. Просто… хотел повидаться с тобой.
Асыл. Зачем?
Азамат. (Көңүлү чөгүңкү) Кетип атам.
Асыл. Каякка?
Азамат. Алыс… Сени менен коштошуп коёюн дегем… Асыл… ошол… Ишенесиңби, же ишенбейсиңби, өзүң бил. Бирок мен мамам менен папамдын ишин ушу кезге чейин билген эмесмин. Точнее кызыккан эмесмин. Я не думал, что они способны на такое… Я не оправдываюсь перед тобой…
(Пауза. Оор күрсүнүп) Ушундай жакшы пландарым бар эле… Экөөбүз чогуу болуп… бирге жашайбыз го деп ойлогом…Очень жаль, теперь всего этого не будет… Никогда… (Пауза). Но я перед тобой не виноват. Я расплачиваюсь за поступки своих родителей. (Пауза) Ладно… Видимо все это тебе не интересно.
(Асыл мелтиреп унчуккан жок).
Прощай. (Улан чыгып кетти. Асыл мелтирей карап турду да, анан капысынан өксөп ыйлап ийди. Өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө чейин ыйлады куурчак сахнаны жыйнап атып.)
Тогузунчу сахна
Көөдөй караңгы түн. Аңгыча теребелди жаңыртып ачуу чаңырык чыкты.
Аялдын чаңырыгы. А-а-а-а!! !
(Көөдөй түндүн арасынан бүлбүл жарык түшүп, чачы-башы саксайган, түнкү кийимчен Жыргал чуркап чыкты).
Жыргал. (Жаш аралаш кыйкырып) Мар-лис!.. Мар-лис!.. Карачы коку-уй!.. Карачы!.. Уулум!!!
(Күңүрт шоолада асылып турган кишинин сөлөкөтү көрүндү. Ал Азамат болчу).
Жыргал. (Жер муштагылап) Мар-лис!.. Мар-лис!.. Карачы уулуңду!.. (Өкүрүп-өксөп, жанын коёрго жер таппай турду).
Эпилог
Шаардын бейити. Бир байлам кара жоолукчан Асыл Азаматтын мүрзөсүнө гүл коюп жүргөн. Обочоороктон Жыргалдын карааны көрүндү. Ал жалтактап Асылга жакындай албай турду.
Асыл. (Жаш жууган көздөрү менен Жыргалды жек көрө карады) Эмне үчүн сиз!.. Сиз өлгөн жоксуз?!. Азамат эмес, сиз!.. Сиз өлүшүңүз керек болчу!
(Жыргал башын жерге салып солуктап атты). -
Төрөкан Мискен "Кыяматтык карыз"
Жазылган күн: 30 Мар 2015
Төрөкан Мискен
Кыяматтык карыз
(аңгеме)
Картаңбай чалдын илгерки өткөн бир иштен улам жүрөк өйүгөн ич күптүсү бар эле. Бул сыр ошол жабылуу бойдон кала бермек, эгерде... Соңку ушул окуя анын карыя башына келген чоң сынак болду, бирок багына, баары байсалдуу бүттү.
I
Айыл түндүк тоолордон тээ ылдыйкы сай таманына чейин кериле кучак жайып, тепкич-тепкич болуп жайгашкан үч түзөңдүн төмөнкү экөөсүнө жайгашкан. Бул түзөңдөрдүн туурасы кенен эмес, эки жагында жардана тик түшкөн дагы эки сай бар, андагы жарыша аккан эки суу ылдыйкы чоң дайрага кошулат.
Жогорку түзөң кыйла кенен, бирок жалаң жаан-чачынга күнү түшкөн бак-дарак, бадал бечел өсүп, жетилбей калган. Анын өйдөлүгүнөн эки тарабындагы эки суудан өйдө арык алынбай, жутаңкы калган.
Эски айыл орто түзөңдө. Бардыгери жүз түтүндөй. Мектеп, дүкөн, доктуркана ошондо. Илгери анда короо-жай оголе аз болуп, жердин теңи бош жатчу. Азыр түзөңдө чоло жер жок, тегиз жер тургай, чеке белдеги кашаттан ылдый түшкөн кыя беткейди да ээлеп алышкан. Орто түзөң мелт-калт болгондо, айыл эли бийлик ээлеринен ылдыйкы түзөңдү жаңы жер тилкелерине бердирүүгө жетише алды. Кантсе да канат-бутак өсөт, жаш балдар жетилет, уядан учуп, өзүнчө түтүн булаткысы келишет.
Ылдыйкы түзөң ортоңкудан кыйла кууш да, тар да. Илгери анда совхоздун алма багы болгон. Анда азыр бир эле көчө, ал көчөдө да үйлөр бир гана түштүк тарапта жайгашкан. Короо-жайга жерди кененирээк калтырмак максатта үйлөр да боор таянып, өйдөрөөк түшкөн. Ортоңку жана ылдыйкы түзөңдү ошол боор экиге бөлүп турат. Аны кыйгачынан кесип өткөн кенен шагыл машине жол бар. Төмөнкү түзөңдүн ылдый чети тик кулама аска-зоо, асты – чытырман токой. Токой тар нугунда жайын-кышын тынч албай, буркан-шаркан түшкөн тентек сууга барып тумшук тирейт.
Ылдыйкы айылда жашагандар ата конушунан бөлүнүп чыккан жогорку айылдын балдары. Булардын турагы жеринен табийгатка жакын: жалама тик аска-зоо да, алдас урган ташкын суу да, жаңгагы, алчасы аралаш дүпүйгөн жыш токой да ээк алдында. Алар айрыкча дайра жакынын өктөм сезишет. Эки жээктеги аскалардан жаңырып, бирде мокой түшсө, бирде кайра ычкынган арыбас шоокум, эпкиндүү муздак суу илеби алардын жан шериги. Ал айрыкча саратанда кашкая билинет, айылга суу эпкини мөңгү салкынынан эрте да, арымдуу да жетет.
Дайранын тиги өйүзү да аскалуу жарташ. Ал жакка өтчү көпүрө жакын арада жок. Айылдыктар көпүрө курушса, беш-алты жылга араң чыдайт, анан ээ-жаа бербей албууттанган киргин суу анын соксойгон кош таш жаздыгын гана калтырып, калганын бүт шыпырып тынат.
II
Картаңбай чалдын небересинин үйү кичи айылдын чок ортосунда, өйдөрөөктө. Андан айылдагы үйлөргө гана эмес, тиги өйүзгө да байкоо салса болот. Антсе да дүрбү менен эле көрөм дебесе, көзүнүн курчу кеткен чал тиги өйүздү даана көрө албайт. Дүрбү – бул башка кеп. Ал балакетиң көз жетпеген түпкүрдү алаканыңа салгандай жакындатып берет тура. Өзү да бул чөлкөмдө жок таберик. Небереси Арстан аны тээ жердин түбүнөн, Германиядан алып келген. Анда ал айыл жаштарынын арты болуп армияда кызмат өтөгөн. Андан кийинки жылы эле ал жакка биздин балдар барбай калышты. Эки жарым Германия бир бүтүн болду.
Арстан да бул дүрбүгө ит азабы менен ээ болгонун көп айтып калчу. Ал жөн салды дүрбү эмес, аскери дүрбү эле. Айнеги Цейсстики, анын эмне экенин Арстандын өзүнө гана жарык. Арстан дүрбү жыйырма эседей чоңойтот деп калчу. Алгач ага дүрбүнү алып кетүүгө улуксат беришпептир. Өз командирине айтып, жалынып-жалбарса, аны жөн буюм деп каттап, чегарадан эптеп алып чыгып кетүүгө шарт түзүп бериптир, бай болгур.
Картаңбай жайды жайлап Арстандыкында. Бул жердин абасы таза, күнү салкын. Кылган иши – эшик алдына отургуч коюп алып, керели-кеч жака-белге көз салуу. Беймаал, күзгө таман жөжө басып чыгарган эки мекияндын чүрпөлөрүн асмандагы кулаалыдан, жердеги ит-куштан кайтаруу да анын мойнунда. Мекияндардын бул жоругу күздүн жылуу болорунабы, же кыштын кеч түшөрүнөбү, белгисиз.
Көктөн келчү кулаалы экөө. Алар жөжөгө чапса кеч жазда, жай башында чабат. Эки жөжөнү бир алып кеткен күндөрү да болот. Картаңбай алардын ургаачы-эркегин жиктей албайт. Анын уясы тиги өйүздөгү тик жарташтын кычыгында, аны айыл эли бүт билет. Жапалдаш бир бута бир аз калкалайт дебесең, ал дүрбүдөн да даана көрүнөт. Кечинде кулаалылар ага дайра үстүнөн каалгып учуп барып конушат. Ошондо аларды дайра эпкини өйдө серпип, суу үстүндө сүрөп бараткандай сезилет.
Тээ илгери, ылдыйкы айыл ордунда алма бак турган кезде, кош кулаалы бу өйүздөгү аскага уя салышчу. Төмөнкү түзөңгө үйлөр курула баштаганда, алар эски уясынан безип, тиги өйүзгө кетишкен. Болду-болбоду, бул эки кулаалы же ошолордун өзүлөрү, же алардын балдары.
Иши кылып, соңку кезде баки-жоктун баарынын берекеси учуп бараткансыйт. Кулаалы да ошол эсепте. Илгери азыгы жетерлик болуп, үй тооктун жөжөлөрүнө чапчу эмес. Кышында кар, жайында жаан-чачын азайган сайын, ой-кырдын чөбүнүн да куту качты, жер чукуган макулук, жапайы ит-куштун да аягы суюлду. Бул кош кулаалынын жөжөлөргө, анан калса күзгө тарта чабышы бекер жеринен эмес. Жашоо кыстап ошентишет да, эмесе кудай алар азык кылсын деп жараткан жер-суунун макулуктары жетишпейби? Арстан улам туруп элирип, аларды атып салмак болот. Үйдөгү кош атарды дүрмөттөп койгону качан. Картаңбай анын демин суутуп, жөжөлөрдү кайтарып берүү милдетин өз мойнуна алган. Ичинен кулаалы эми жөжөгө чаппас деп ойлойт, анткени күзгө чукул калды. Жер чукуган макулук аз болсо да, азыр кадыресе ирденип алган кез. Тумшукка илинбес жөжөлөрдөн аларга не кайыр? Азырынча кулаалылар айылга баш багыша элек. Антсе да сактыкта кордук жок, абай болуу абзел. Тоок жөжөлөрү менен көбүнесе тигиндейде күйпөлөктөйт, куш келип калчудай болсо, чал аны таягы менен деле үркүтө алат.
Бүгүн чал адаттан тыш дагы эки кызыкты байкады. Алгач, тиги өйүздөгү кулаалынын уясынан бутага тырмышып чыгып, бери өткөн балапанды көрдү. Кулаалылардын өзү ал тапта көз жаздымында эле. Оболу дүрбүдөн бута менен кошо кыбырап жаткан бирдеме көрүндү. Ал дүрбүнүн капталын бурап, бутаны чоңойтту, таасындады. Балапан бутадан берки тектирчеге өттү, алды-артына көз салып коёт. Эми эмне кылар экен деп Картаңбай ага кызыга карап турду. Ал балапандын ошол чактагы кыймыл-кыбырын бүт көрө алган жок. Байкаганы: боз жарташтын шаңында араң билинген көгүш-сур муштумдай жандык. Ал тектирчеде колтук жүндөрүн чокуп таранып, бираз олтурду, анан тыяктан чыккан жол менен кайра артына кетти. Балким, уяда калган түгөйү аны издеп, жоктогонунан улам ошентти бекен? Чал ичинен бул кымындай жаныбардын эстүүлүгүнө тан берип отурду: ал өзү чыккан жарташ менен бутанын түбүндөгү кычыкка салды. Бутанын чет капталына салса, балким, байкоостон жарташтан учуп кетиши да ыктымал эле.
Чалдын көңүлүн бурган дагы бир окуя – жогорку айылдагы Бурулча небереси Арстанга кошуна турган уулунун үйүнө ушуну менен экинчи жолу келип жатышы. Ал кечке таман, мал үйгө кайткан кезде келет, бирок короо ичинде карайлап туруп калат. Бул кезде келини менен неберелери мал көздөө менен убара: мал жайланып, уйлар саалып, жем салынышы керек да. Бурулча туруп-туруп, кайра артка тартат. Кызык, анда ал эмнеге келет болду экен? Уулунун малына байкоо салуу үчүн элеби? Албетте, бул дайны жок кеп да.
Бул жолу Бурулча тигиндейден өтүп баратып, Картаңбайга салам берди.
– Үйгө кирип, даам ооз тийбейсиңби, Бурулча?
– Жок, аке, малды тосуш керек.
– Ага жаштар бар да.
– Жаштар тосорун тосот, бирок артынан көздөбөсөң, бирдемеси чала калат.
– Какиш байбиченин ашы качан?
– Үч аптадан кийин.
– Убакыттын желдей учканын көрсөң. Сапарга кечээ эле кеткендей болду эле, бир жыл өтүп кетиптир да.
– Балдар азыр чөп ташуу менен алек. Бүтсө эле, ашка кам көрө баштайбыз, кудай буюрса.
– Тилегиңер кабыл болсун.
– Айтканыңыз келсин.
Иңир кире, мал жайланып, айыл тынчый түштү. Суу шоокуму таасынданып, салкын сөөктөн өтө сыздатат. Мекияндар жөжөлөрүн ээрчитишип, түнөгүнөн орун алышты. Бир кулаалы жарташты көздөй уясына учуп кетти. Караңгы коюуланды. Картаңбай болсо, өткөндү эстөө менен алек. Жигит кезиндеги башынан өткөн-кеткен окуялар улам имерилип оюна келет. Жакшы-жаманы аралаш ар кандай кыял-жоруктун күбөсү болушкан ал учурда жашаган кишилер. Өзү да жаш эле, жашоо ырайы да башка ал кезде. Бирок ошондогу бир иштин кээри көкүрөгүнө зил болуп уюп, аны дале тынч алдырбайт…
III
Бурулчанын кайнатасы чөлкөмдөгү оокаттуулар эсебинде болгон. Жалаң жылкысы эле кырк чамалуу, ичинде байгеге коюлчу күлүктөрү да бар. Кезинде кыз алган байбичеси каза болуп, артында тестиер бала калган. Ал майып төрөлүп, көзүнүн чели бар эле. Кароосуз калган бала кул-кутанга кошулуп, үй кызматын кылып жүрдү.
Аңгыча кайнатасы дагы үйлөнөт. Аялы күйөөсүнөн он беш жаштай кичүү, тыкчыңдаган келин эле. Бул жыйырманчы жылдардын башында болгон. Анда Бурулчанын өзү деле дүйнөгө келе элек. Жаңы аялы баякы каза болгон Какиш байбиченин өзү. Ал дүйнөдө токсон жаш жашап, былтыр каза болду. Жаш келин жыл айланбай үйдөгү чоң чарбанын тизгинин өз колуна алып, аны тиш каккан немедей чарк имерип жүрдү. Келиндин чеңгели салмактуу, кул-кутанды тим эле кан кууруйт. Бул айрыкча жетим балага катуу тийип жатты. Энеси өлүп, жетимдиктин ачуу даамын татып калган ага эми деле күн жок болуп калды. Мурда бала малайларга кошулуп кызмат кылганы болбосо, чоң үйдө түнөчү. Эми ал кул-кутан менен бир табактан ичип-жеп, бир төшөктө түнөчү болуп калды.
Ал бир кыйчалыш, тар жол тайгак кечүү заман эле. Совет өкмөтү Орто Азиядагы басмачы каршылыгынын мизин кайтарып, жер-жерде өз бийлигин орнотсо да, басмачылар түп-тамырынан бери жок боло элек. Колхоз өнөктүгү да башталып калган. Басмачылар ушуну эле күтүп турушкандай, кайра баш көтөрүштү. Жер-жердеги өз кишилери аркылуу колхозго каршы үгүт жүргүзүп, барынча каралашты, аны элге мокочо кылып көргөзүүгө далалат урушту. Колхоз элдин баарына бир казандан аш берип, бир төшөктө уктатат имиш деди. Элдин көбү буга ишенди. Өзү караңгы эл болсо, анан кантсин байкуштар? Көпчүлүк жапырт колхоздон үркө безишти.
Бул чөлкөмдө басмачынын чоң уюгу болгон эмес. Алардын өкүлдөрү мында Чаткал тараптан ашуу ашып, суу кечип келишчү. Совет бийлигине кыйрата сокку урмак максатында басмачылар элди өз тарабына тартууга далбас уруп, үгүттөп жүрүштү. Өз учурунда Чаткал басмачыларын көкүткөндөр Ферганада калган, дале болсо омоктуу басмачы топтору эле...
– Ата, үйгө кириңиз, караңгы болуп калды.
Бул Арстандын аялы, Нуркан.
– Саал отура турайын. Арстандан эмне кабар?
– Кечирээк келем деген ал эртең менен.
Келин үйгө кирип, Картаңбайдын чепкенин алып чыкты.
– Жамынып алыңыз. Салкын түшүп калды. Чыйрыгып каласыз.
Чал келинди алкап койду. Ал аба салкын тартып, суу шоокуму күчөгөнүн эми гана байкады.
Жыйырманчы жылдардын соңунда, алда бир себептер менен басмачылар тобуна кошулуп калган Бурулчанын кайнатасы совет аскер окуу жайынын курсанттары менен болгон кармашта капыстан окко учту.
Ошентип, кабак-каштын ортосунда чөлкөмдөгү эң кадырман үйлөрдүн бири жок эсептүү болду да калды. Ээси жок бүлө шашылыш көчкөн үй ордунда ээн калган журттун кейпин кийди. Мал алыс-жакын туугандын колуна өтүп, жүрө-бара мүлдө жылас болду. Байынын көзү тирүүсүндө түшүндө да көрбөгөн тууган, тууган эместер жесир билбеген кайдагы бир карыздарын доолап келишти. Кыскасы, жыл өтпөй анын колунда бир кап буудайдан башка бир чымчым азык калбады. Кыш такымдап келгенде, бул оокат, албетте, жанга аралжы боло алмак эмес.
Картаңбай анда жаш эле, өзү Какиш байбичеден алты жаштай кичүү. Ошондо андан бир чоң чекилик кеткен. Аны өзү кечирээк сезип калды. Ал кезде болсо... Анда абал башка, ачарчылыктын арааны жүрүп, жамы журт өлүм оозунда. Ачка эл тиги Казакстанда, Волга боюнда боо түшүп кырылып жаткан... Бирок кыйын кезеңде адам да айбан сымал сезгич келет тура, тиги алааматтын кээри жердин жети түбүндөгү бул элетке да жетип жатты.
Ал кезде Картаңбайдын сабаты ачылып калган. Бирок ал арап тамгасын гана билет. Латин ариби жаңы киргизилген. Элдин андан кабары жок. Сабат билсең болду, сабаттуу анда бармак менен саналуу.
Какиш экөөсүнүн тууганчылык жайы да бар эле. Бир күнү ал Какиштин Чаткалдагы туугандарынан деп жесирге кат жазды. Тааныш кишилер беришти деп аны тигиге жеткирди.
– Какиш эже, бул кат Чаткалдагы туугандарыңан келиптир. Алар ашуу жабыла электе аракет кылып, тезирээк мында жетсин дешиптир. Мында тынч, Какиш келчү болсо, андан бир туугандык жардамыбызды аябайбыз деп жазышыптыр.
– Кичинекей бала менен ашуу ашып, анда жете алар бекем?
Баласы беш-алты жашар. Ал Бурулчанын болочок байы, эмкиче көзү тирүү.
Кара тааныбаган жесир эки анжы ойдо калат. Ишенбейин десе – Картаңбай жакын болбосо да тууган чалыш. Анан калса, бир кап буудай менен кыштап чыгуу сыйкырчынын гана колунан келбесе, бенденин иши эмес. Ишенейин десе, кычыраган кыш келип, жакадан алып турганда эселек бала менен кантип ашуу ашмак?
Картаңбайдын эсебинин дагы бир арамзалыгы – жесир Чаткалга жетпей да калышы мүмкүн эле... Азыр муну ойлогондо өзүнүн да төбө чачы тик турат. Окус Какиш Чаткалга жетчү болсо, анда ал бир айласын тапмак. Кечирээк болсо да жесирге карызын үстөгү менен кайтарып берип, ар шылтоо айтып, эптеп көңүлүн алмак. Башкысы – кыштан чыгуу. Андан аркысын ойлоп баш катыруу – акмактын иши.
Жесир акыры кетүүгө бел байлады. Картаңбай ага:
– Буудайың менен Чаткалга жетишиң арсар го. Ага кошумча, балаң да колуңда. Көтөрө алгыдай талкан тарттыр да, калганын мага таштап кет. Кийин келип калчу болсоң, үстөгү менен кайтарып берем, – деди.
Жесир анын айтканына көндү, бирок артына кайтканда, буудайды ага эч ким кайтарган жок. Ошондо да, андан кийин да...
Кишини шайтан азгырганда, оболу анын көзүн карартат. Жесирдин акыл-эси өз ордунда болсо, ошондо буудайды эптеп артынып кетчү жеңил-желпи бирдемеге айырбаштап алса болмок, алсак, чаначтагы сары майга. Бирок антмек кайда: ал Чаткалга шашылып турган. Чаткал ага анда жер уюктун нак өзү сезилип турган.
Колундагы жаш бала менен ашуу жабылгыча жетип алайын деген ал шашып-бушуп сапарга жөнөйт. Байы каза болгон соң, чилдей тарап кеткен көп малайдан калган жалгыз малайы аны менен кошо чыгат. Барар жери жок болуп, бул малай жесирдин эшигинде калган. Унаа-көлүк жок, жөө-жалаңдап жол басышат. Бала аларга кошумча жүк: бат чарчайт, жонуңа көтөр деп чыр салат, тар жол, тайгак кечүүдө колдон түшпөй, эсиңди эки кылат. Анын курсагы ачмайы, суусамайы, үшүмөйү бар... Иши кылып, ит азабы менен, Чаткалга жетишет.
Эмне себептен келгенин айтса, туугандары башын мыкчыйт:
– Кокуй, бейбак, бул не кылганың? Сени Картаңбай митаам куп сызга отургузуптур да. Ага кереги сенин буудайың экенине акылың жетпей, сени эмне кара басты?
Ошондо гана жесир кандай шорго малынганын сезет. Бармагын тиштейт, бирок андан не кайыр? Артка да жол жабык. Уулу, малайы менен кошо ал жерде туптуура эки жылга калып калат...
Өйдөкү жол менен машина өттү. Үнүнөн билинди: өр таянып баратат, жүгү да оор окшойт. Чөп жүктөп алса керек. Караңгынын уюганы ушунчалык, тиги өйүздүн тоо беттери кара буурул түнгө төнүп, бир бүтүн болду.
– Ата, үйгө кириңиз. Эшик суук. Арстан да келип калар, машинесинин үнү чыкты жаңы эле.
Чал эртерээкте келини Арстанды дос-жарандын чөбүн жүктөөгө кетти деп айтканын эстеди.
Картаңбай дүрбүнүн боосун анын мойнуна түрдү, таягына сүйөнүп, ордунан күңгүрөнө турду. Уюган колу-бутуна жан кирсин деп, ордунда биртике күймөлүп калды. Таягын кире беришке, дубалга сүйөп койду. Оң колу менен белин басып, сол колуна дүрбүнү кармап, башын ылдый салып, акырын үйгө кирди.
IV
Эртеси ал өз ордун кайра ээледи. Бүгүн күндүн ырайы башка, кечээкидей ысык жоктой. Асман бүркөк, булуттар күн чыгышка жыла көчүшөт.
Чал кулаалынын уясына бүгүн да дүрбү салды. Ага кош кулаалынын бири уяны кайтарганы калганы билинди. Кечээ алар мында болгон өзгөчө бир окуянын жытын сезип калышса керек. Кулаалы дайра үстүндө арымдуу айлана сызып, уядан бир аз обочо, тигиндейдеги урчук ташка конду. Андан уя алаканга салгандай көрүнөт.
Чын эле, ошондон бир саат өттүбү, жокпу, ким билет, кечээки "эргул" балапан белем, көнүмүш жолу менен келип, кычыкка баш бакты, анан кечээкидей бери чыга келди. Кулаалы ордунан учуп, ободо бир айланып, уясын көздөй учту. Ата-баланын ортосунда "жүйөөлөшүү" башталды. Балапан уяга кетпей кежеңдеп, эпке келбеди окшойт. Ошондо кулаалы бир саамга эмне кылаарын билбей, арасат турду белем. Анан ал ордунан тик көтөрүлүп, бийиктен тегерене учуп келди. Балапанды талаанын кош аяк чычканындай чеңгелге алып, тигиндейден бир айланды да, уясынын жанына конду. Аны уяга түз жеткирүүгө бута менен жарташ жол бербеди көрүнөт.
Картаңбай Какиш байбиченин окуясын кайра эстеди. Анын оюна дагы бир нерсе кылт этти.
***
Ошентип, өгөй энеси сапарга кетип, жетим мында жалгыз калды. Ошол тапта аны ойлогон эч ким деле болгон жок. Бул дүйнөдө ал башкалар үчүн жок эсептүү эле.
Кантсе да, тирүү деген тирүү, жашоодо анын жакшыбы, жаманбы, буюрган өз энчиси бар. Эгер жесир колундагы жетими менен ашуу ашып, суу кечип, ач бел, куу жондо калбай, барар жерине тирүү жетсе, айылда калган береги жетимдин да өз насиби бар белем, ал да кыштан аман чыкты. Жесир тамды айылдагы турагы жок карыптардын бирине таштап кеткен эле. Балага чоочун уянын чеке-белин түнөктөп, күн көрүүгө туура келди. Жаз келери менен анын тынчын Чаткалдагы аталаш тууганына кантип жетсем деген бир эле тилек алып жүрдү. Чаткалга ким баратты болду экен деп, эл оозундагы имиш-имишти аңдыйт. Аңгыча сапарга чыкчулар да табылды. Жетим акебайлап жалынып-жалбарып, ошол топтогулардын этегине жармашты. Алардын арасында маркум атасынын кыйыр бир тууганы бар болуп, балага ошол арка-бел болуп берди.
Топ атчаны бар, жөөсү бар, бары-жогу беш-алты киши эле. Жөөлөр атчандарга илеше алышпайт. Бирок алыс жолдо баратканда ким алда, ким артта деп кызыккан жан деле болбойт, жол арбыса болду. Бала көбүнчө эле топ артында тезек терип калат. Ошондо тиги тууганы аны эс алдырмакка биртике атына учкаштырып алат. Ушул көйдө ал эптеп көздөгөн жерине жетип калар беле, ким билет, бирок тагдыр башкача буйруду. Сапардын үчүнчү күнүнөн тартып эле ал ичим ооруп жатат деп бүктөлүп калды, анан эсин жоготту. Ага эмне болгонун ар нерсеге жоруган жолоочулар аны жакын жердеги тегирменчинин үйүнө жеткиришет. Бул да тагдырдын насиби, эмесе туура Чаткалга чейинки жолдо киши-караан жолукпайт. Кантсе да, баланы жолоочулар күтө алышмак эмес. Баланы тегирменчиге табыштап, алар жолун улантышат. Тегирменчи күйүмдүү киши болуп чыгат, баланы төшөккө жаткырып, жолоочуларды аттантат.
Бала ошондо он беш, он алтыдагы өспүрүм болгон. Ал ошол бойдон эсине келбей, экинчи күнү жан берет. Тегирменчи анын жаназасын окуп, тегирменден алыс эмес жерге көөмп коёт. Мүрзөнүн тегерегине таш терип, мал тепсебес үчүн тикенек бадал менен курчап коёт.
Ошондо баланын дарты эмнеде экенин эч ким деле билген эмес. Азыр Картаңбай баамдап караса, бала жөн салды сокур ичек менен ооруп калса керек. Анда баланын кайсы оору менен ооруганын билген күндө да, ким ага жардам бере алмак?
Барып-келип, шору калың жетим ошондон бери толук унутта калат. Картаңбайдын буга ишеними бек. Бир жолу ал Бурулчанын күйөөсүнөн: ошол тууганың эсиңдеби деги? – деп сураса, тигил аны жакшы эстей албасын айткан. Үйдө көзүндө чели бар бир тестиер бала жүрчү эле деди да койду.
Какиш го, аны кантип билбей калсын? Уулу билбесе, демек, энеси тирүүсүндө ага жашында жайраган бир тууганы жөнүндө ооз ачып, бирдеме айткан эместир. Кайран Какиш анда ал сырды өзү менен көрүнө алып кеткендир.
Картаңбай тегирменчини да билчү. Саал кийин ал тегирменди таштап, кошуна айылга көчүп келген. Ошентип, жетимдин мүрзөсү да өзү сыңары ай талаада жалгыз калып, күнү бүгүнгө чейин жалгызсырап турат белем. Куурай, чөп-чар басып, бир караган көзгө азыр анын мүрзө экени да билинбей калса керек.
Тегирменчи токтоо киши эле. Сурап келген киши-каран болбосо, тигиндей, мындай эле деп башка бирөөгө бала жөнүндө анын ооз ачканын ким билет? Бала жөнүндө болбосо да, мүрзө жөнүндө анын үй-бүлөсүндөгүлөр билсе керек. Бирок атам заманда үйүнө тентип келип, ажалын ошол жерден тапкан неме менен алардын эмне иши бар? Тегирменчи өзү болсо кудай алдындагы, мусапыр пенде алдындагы парзын аткарды, калганы менен анын да чарбасы жок. Өткөн өттү, кеткен кетти. Азыр тегирменчинин дүйнөдөн өтүп кеткенине да он жылдай убакыт болуп калды.
Мына, кептин баш-аягы ушул. Муну Бурулча билет болду бекен?
Кечинде Бурулча баягы жоругун кайталады. Беймаксат күтүп туруп-туруп, ал дагы үйүнө кетүүгө камынганда, капыстан уулу, үй ээси Асанбек келип калды. Алар бир топко сүйлөштү, кейпи, олуттуу бирдеменин башын чече албай жатышкандай. Анан, сөзүн укпаса да, алардын ымынан Картаңбай, уулу энесин үйгө чакырып жатканын билди. Энеси көнбөдү, бурулуп үйүнө басты.
Өйдө баратып, Бурулча Картаңбайга салам берди.
– Эмне болду, Бурулча, кептин башын чечип алдыңарбы?
– Эмнени айтып жатасыз, Каке?
– Мында үчүнчү жолу келип жатасың да. Бүгүн өңүң башкача.
– Аныңыз чын, Каке, бүгүн кошунаңыз кепке келди окшойт. Ал макул болобу, болбойбу деп эчен сарсанаа болдум. Ал болсо, – береке тапкыр! – бат эле көнө койсо болобу.
– Ырас болуптур. Ал эмне иш эле, купуя болбосо?
– Каке, кечирип кой, азыр шашып баратам. Чалым жалгыз калды. Мен жок болсом эле, жүдөй түшөт байкуш. Капа этпесеңиз, кептин баш-аягын башка бир күнү айтып берсем кантет?
Картаңбай ага баш ийкеди. Бурулча жолун улантты.
V
Бурулчанын ишинин сыры Картаңбай Асанбектин өзү менен сүйлөшкөн соң да чечилбеди.
– Аксакал, анын эмне ою эмне экенин мен да болжой албадым. Букачарыңды берсең, жакшы болот эле дейт. Мен да көп такыбай, макул дей салдым.
– Букачарды эмне кылат экен?
– Өзү айтпады, мен сурабадым. Өзү да шашып жүрүптүр. Убакыт тар болду.
– Балким, Какиш байбиченин ашына керек болуп калгандыр.
– Чоң энемдин ашына үч жашар бука бордолуп турат. Атам Эсенбек экөө чыгымды тең бөлүп көтөрмөк болушкан.
Эсенбек Асанбектин ата-энеси колунда турган иниси.
Алар ошентип ажырашты. Аңгыча Какиш байбиченин ашы да жакындап келе жатты. Асанбек айткан букачар Асанбектин малынын арасында кайра Картаңбайдын көзгө түшпөдү. Акыры Асанбек чалдын үйүнүн жанынан өтүп баратып, Картаңбайды өйдөкү үйдө бериле турган чоң энесинин ашына өз оозу менен чакырган күн да келип жетти.
Сыр түйүнү күтүлбөгөн жерден чечилди. Аштан бир-эки күн мурда Картаңбай Нуркандан Какиш байбиченин ашы жөнүндө эмне билесиң деп сурады. Келини анын ушул сөзүн эле күтүп тургансып, шыңгыр булак болуп төгүлө акса болобу.
Көрсө, деп жатты ал, Бурулча эженин чалынын бир тууганы бар экен. Ал жөнүндө акыркы саатка чейин эч ким билбептир. Жада калса, чалдын өзү да. Албетте, Какиш байбиче билет да, бирок ал өлөр-өлгүчө эч кимге ооз ачпаптыр. Өлүм оозунда турганда гана Бурулча эжеге айтыптыр дешет.
Ошондо Бурулча эже тиги унут калган маркум кайнагасынын ашын Какиш байбиченин ашы менен бир бермек болуп чечиптир. Аты Темирбек экен. Бурулча эже ага атап сойгонго мал да табылыптыр: Асанбек ага букачарын тартуу кылган го, сыягы. Мына ушинтип, алар эки кишинин – өгөй эне менен өгөй уулдун – ашын бир бермек болуп жатышыптыр.
Бул – Нуркандын кайнатасына төкпөй-чачпай жеткирген аңгемеси. Картаңбай бир гана:
– Муну кайдан билдиң? – деп сурады. Көрсө, муну ал кошунасынан, Асанбектин аялынан уккан экен.
Акыркы күндөрү Картаңбайды ой басып эле туруп алды. Үйдөгүлөрдүн баары муну байкады, бирок ооз ачып сураганга эч кимдин оозу барган жок. Бир туруп короодо аркы-терки басат, бир туруп жарташтын кашатына барат, дүрбү салып, тиги өйүздү карайт, кайра үйгө кайтат, жөжөлөрдү карамыш болот, бирок ою капкайда. Бир күнү туруп, Арстанга минтти:
– Жогорку үйгө барып, мал арасындагы ала кунажынды алып кел. Башка андай мал жок, бат эле табасың. Атаң бирдеме десе, чоң атам айтты де.
– Азырбы? Караңгы түндөбү?
– Эртең менен жетише албайсың, мал жайытка чыгып кетет.
Арстан ага бир карады да, бурулуп эшикке чыгып кетти. Чоң атасы айткандай кылды.
Эртеси ал Арстанга кунажынды чечип, артыман бас деп буюрду.
– Кайда, чоң ата?
– Анда жумушуң болбосун.
Кары киши таягына таянып, илкий басты. Асанбектин эргилчегине келишти. Арстан анын бекиткичин бошотту да, кыйкырып үй ээсин чакырды. Тиги жумушка кете элек экен. Тышка чыгып, карыяга кол берип саламдашты.
– Эртелеп келип калыпсыз, Каке?
– Кеп бар, Асанбек. Тээ илгерки бир кезде сенин чоң энеңе бир кап буудай карыз болуп калгам. Андан бери биздин дайрадан көп эле суу аккандай болду. Какиш байбиче да сапарга жүрүп кетти. Убагында кайтарсам болот эле, эч ыгы келбеди. Ал буудай, кыяматтык карыз дейби, ошол сыңары болуп калды. Менин кетериме да аз калды. Ошол буудай үчүн кудай алдында күнөөкөр болгум келбейт. Анын ордуна бул кунажынды ал да, ыраазы бол.
– Бир кап буудайга кунажынбы? Калыстык кайда? Болор иш болуптур, боёгу каныптыр. Өткөндү козгобой, өз ордуна жөн койсо болбойбу? – деди Арстан.
– Сага сөз жок, – деп кагып койду аны Картаңбай. – Кыйынсынба. Ал буудай болбосо, азыр балким, мен тургай сен да мында турмак эмессиң.
– Жок десем, таарынып каларсыз. Андагы бир кап буудай жөнүндө да, силердин ич ара мамилеңер жөнүндө да эчтеке билбейм. Бирок, маселени кабыргасынан коюп жатканыңыз көрүнүп турат. Кунажын мында калсын, бирок кийин аны кайра айныйм десеңиз, өз эркиңиз. Алыс жер эмес, короолор ирегелеш, – деди Асанбек.
Бул окуя ушинтип бүттү.
Биз да ушул жерде соңку чекит коюп, аңгеменин тыянактасак болмок. Бирок, кыстыра кетчү дагы бир-эки сөз бар.
Эки-үч күндөн кийин Картаңбай, кулаалынын балдары уя тегерегинде аркы-терки уча баштаганын байкады. Алардын уядан учканын Картаңбай деле аңдамак эмес: бир күнү көз салса эле, кош кулаалынын бири баягы өзүнүн күзөт ордунда, урчукта отурат. Көп өтпөй, ага уя түлөктүн бири учуп келип, жанаша конду. Ал ала сала отура албай, теңселип жарга учуп кете жаздады, ошол замат эки канатын каккылап, калтаңдап барып, араң оңолду. Бали, жаш түлөк! Картаңбай кески жаңылбаса, сен баягы эле уядан суурулган, ата-энесинин мазасын алган тажаалдын так өзүсүң. Ушул арымыңан жазба!
Жөжөлөр да ирденишти. Бирин-экиси чыгым болду, албетте. Бирок, алар өз ажалынан өлүштү. -
Кордук
Жазылган күн: 14 Мар 2015
Кечээ эле сыдырым желге саамай чачым сеңселген беш көкүл кыз элем го, ооба, жаштыктын жашыл макмал тулаңында тоголонуп оюнга тойбогон кез көз ачып-жумгуча өтөт экен. Анда мен бул тирүүлүктүн кызык экенин туйсам да, азаптуу, ары машакаттуу болоорун ойлобогон секелек курагым"…
Алтынчач ушинтти да, зымырап кетип жаткан унаанын терезесинен ары карай көз чаптырып, туңгуюкка сүңгүп кирип кеткендей болду…
Ал тоолору көк тиреген, жыпар жыттуу гүлдөрү аңкып, таза абасы дайым көңүл сергиткен айылда өскөн. Козу-улак кайтарып, майда өрүм чачтарын сербеңдете сай-сайлап жүгүрүп, улактар менен кошо таштан-ташка секирген ойноо курагы такыр эсинен кетпейт. Анан эле бир күнү ойноп жүрүп, үйгө кирсе апасы ыйлап отурат.
- Апа, эмне ыйлап жатасың? - деди Алтынчач отура калып, быйтыйган колдору менен көзүндөгү жашын аарчып.
- Эчтеке болгон жок, каралдым, - деп апасы алдындагы кичүү сиңдиси Карачачты карап коюп, шуу үшкүрүнүп алды.
- Ыйлабачы, апа.
- Ыйлабайм, садага, ыйлабайм.
- Атам каякка кетти?
- Ал ишине кетти.
- Кечинде келеби?
- Келээр… - деп арсар унчукту Умсунай, көкүрөгүн өйүгөн бир сыр бардай.
Алтынчач аны байкабады. Абсатар өзү кээде эки-үч күндөп келбей калчу, эки кызы менен Умсунай кылдыратып оокатын жасай берет. Бирок жыйырма бешке чыгып-чыга элек келиндин кызганычы күч. Өзү сүйүп тийген, жанындай көргөн күйөөсү уул төрөбөйсүң деген шылтоо менен күйөөсү өлгөн келиндин үйүнө барып жүргөнүн угуп, ичинен күйүп бышса да, балдарына билгизбегенге аракет кылат, бала неме кайдан түшүнсүн. Алтынчач быйыл окуйт, Карачач болсо үчтөн жаңы эле өткөн. Апасы ыйлаганын токтотуп калгандан кийин кыз кайра алаксып ойноп кетти. Чоң апасы Суусаркан жетимиштеги кемпир, кызынын үйүнө кеткен. Абсатар эртең менен эрте туруп, жумушуна кетип жатканда Умсунай экөө кер-мур айтыша кетишти. Ал айыл өкмөтүнүн майда-барат иштеринде иштейт, мал-кел каттоодо, жашы отуз экиде эле.
- Аби, - деди Умсунай, анткени апасы, туугандары бүт күйөөсүн Аби дешчү. - Сен бүгүн эрте келесиңби?
- Келбейм, күтпөй эле кой.
- Кайда барасың, апам да жок, корком го жаш балдар менен.
- Коркуп эмне, эчтеке болбойсуң, - деп корс этти Абсатар.
- Дагы баягыңа барасыңбы, уялат экенсиң элден угуп, каралуу аялдын кесепети тийет деп ойлобойсуңбу? - деди Умсунай.
- Эмнени ойлойм, кыйраткансып эки кызды катар төрөп коюп, мага сүйлөгөнүн кара, керек болсо азыр дагы барам, экөөңдү бирдей багам!
- Кереги жок, анда мен эки кызымды алам да кетем.
- Кете берчи, кыйратып койгонсуп мага кетем деп коркутпай, бар кете бер, алкаш атаңкына батканыңды көрөм! - деп сыланып-сыйпанып, Умсунай үтүктөп койгон шымды кычырата кийип чыгып баратканда артынан Умсунай кыйкырып калды:
- Асылбачы менин атама, ал сага эмне жамандык кылды?.
Анысы жоопсуз калды, Абсатар укмаксан боло калганы карс жаап чыгып кетти. Ошого ызаланып ыйлап жаткан. Чынында ата-энеси начар турат. Атасы көп ичип, апасын эки күндүн биринде чырылдатып сабай берет. Эң улуусу эле Умсунай, андан кийин үч иниси, бир сиңдиси бар. Жайы-кышы уруш-талаш менен күн өтөт, атасы арактан колу бошобой, жарытылуу да иштебейт. Айрыкча кайра куруу, базар экономикасы деп заман өзгөргөндөн бери жумушсуз, үйүнөн чыгып кетип, эки-үч саатка жетпей мас болуп жетип келет. Же ата-энесинен калган эски үй-жайын дурустап оңдоп алсачы, баарынын эскилиги жетип, катуураак шамал болсо кулаганы турат. Бирин-экин мал-жанын ичип, карыз боло берип, ошого төлөп бүткөн. Өкмөттөн берилген үлүш жерине дагы элчилеп бирдеме айдабайт. Жазгы жер айдоодо Үмүтай эптеп өзү жүгүрүп жүрүп, ар кимге жалдырап жатып, чемичке айдап, күздө май тарттырып сатып, балдарына тамак-аш кылат. Ошондо да Сагынбектин карыздары жан койбой эшик тешип, көбү ошого кетет, же бир айылда колунан келчү иш болсочу. Ошондон улам Умсунай атасынын үйүнө да баралбайт, эки кызы менен кайдан батат, өздөрү кээде ун жок болгондо загыра нан жеп отурушса. Эт биякта калсын, көк шорпо ичкенге зар. Умсунай ыйлап-ыйлап алды да, күнүмдүк ишине киришти. Абсатарлардын колунда бар, эки саан уй, анын торпоктору да чоңоюп, үчөө-төртөө болуп калган. Жандыктары кырк-элүүдөй. Мингенге аты да бар. Оокат-аштуу. Ошондуктан керсейип аялын теңсинбей баратты, бирок учурунда Умсунайды бир көрүп ашык болуп, ала качып алган эле. Көздөрү тептегерек, кара каштуу, мурду кырдач, буудай жүздүү татынакай келин. Болуп-толуп турган кези.
Түн. Умсунай уйкусу келбей, мелтиреп шыпты тиктеп, ойгоо жатты. Уктап жаткан кыздарын улам ачынып калса кымтылап коюп, ойлору онго, санаасы санга бөлүнөт. Күйөөсүн башка келинден кызганып, жүрөгү тызылдап, каректери эрксиз жашка толот. Кумар ышкысы ашынган жаш келин күйөөсүнүн кубаттуу кучагын эңсейт. "Эмнеге ал мени ушинтип кордой берет, бир-эки жаш кичүүлүгү болбосо, чынында Айжамалга караганда мен сулуумун го? Мен минтип басынып жүрө берсем кырыма чыгып алды, биротоло кетишим керек. Салынды болуп кала бергенче кетейин, кааласа алып алсын ошонусун" , - деп ойлонуп, бир чечимге келгендей болду, өзү дагы эс ала түшкөнсүдү. Аңгыча таң агарып, терезеден жарык шоола түшүп калганын көрүп: "Таң дагы атты, минтип азап тартып жаш күнүмдө кор болгуча кеткеним оң", - деп ойлонуп жатып, уктап кеткенин сезбей калды. Бир кезде кобур-собурдан улам ойгонуп кетсе, үйгө кайненеси келиптир. Кызы Айнур жакшы жерге барган, Суусарканды күйөө баласы Темирбек жеткирип келген экен. Умсунай ыргып туруп, кийине калды.
- Келдиңби, апа
Ооба, айланайын, тура элексиңерби?
- Уктап калыптырмын.
- Ий, мейли, балам, уйку тынччылык дечи, короодогу кой-эчкилерди отко айдабасаңар ачка өлөт го?
- Азыр, мен Алтынчачты тургузайын, - деп Умсунай күнөөлүүдөй кайра ичкери кирип, кызын ойготту. Шыпылдай чай койо коюп, дасторкон жайды. Темирбек бир чыны чай ичип алып эле кайра кетти. Суусаркан жалгыз келинине жакшы, өзүнүн кызындай эле күтүп, мээримин төгүп турат. Уулунун ороң-бараң кыялын билет, бирок Абсатар апасынан сестенип турат, жашынан жалгыз бала деп эркелетпей катуу кармаган эле. Кары эне келининин кабак-кашын байкап койду, өзү деле уулу жөнүндө имиш-имиштерди угуп жүргөн. Уктабагандан улам киртийип, ыйлаганга шишип калган көздөрүн кыраакы кемпир кирип келгенде эле байкаган.
- Аби ишке кеттиби, балам?
- Ооба, апа, - деп сыр билгизбей жооп берди Умсунай.
- Иштей берсин, балам, колоктоп бош жүргөндө эмне, - дегени менен ичинде ит өлүп турса дагы келининин зымпыйып сыр ачпаганына, "балаң антип жүрөт, балаң минтип жүрөт", - деп айгайлабаганына ыраазы. "Келсе ал арамды урушайын" , - деп ойлоп алды, жетимишке чыкса дагы күүлүү, кайраттуу эне келинине кээде боору ооруп кетет.
- Алтынчач улактарды кайтарсын, апа, мен койлорду төшкө айдап келейин, - деди Умсунай. Жаздын күнү жаанчыл келип, мал көккө тойгон маал.
- Бирдеме ичип алсын, садага.
- Ооба, тоюп алып анан барсын, мен кеттим, - деп Умсунай үстүнө күйөөсүнүн эски курткасын кийип алып чыгып кетти. Үч жашар Карачачты эне алдына алып отурат. Алтынчач, Карачач деп кыздарына атты да Суусаркан өзү койгон. Сербеңдеген Алтынчач энесинин артынан жөнөмөк болду эле.
- Кызым, кардыңды тойгузуп алсаңчы? - деди кары эне.
- Тойдум, - деп кыз текирең-таскак салып чыгып кетти. Умсунай улактарды бөлүп, энелерин саайт, он эчкиден бир чакадай сүт алат, айран уютуп, кайненесине көмө катыктап, чай берет.
Алтынчач козу-улак кайтарганды жакшы көрөт, төш тарапта өзүнө окшоп улак кайтарган кыз-балдар бар, алар менен кечке ойношот. Оюнга алаксып кетпейт, эки көзү улактарда, кокус алыстап кетип жаткан болсо кезектешип тосуп турушат. Балалык кандай сонун, эч нерседен капарсыз гана ойноп-күлүп жүрүп, кеч киргенин да байкабай калышат. Умсунай койлорду кокту өрдөтүп айдап коюп, кыңылдап ырдап келе жатат, бактылуу ыр болсо кана, муңга толгон жүрөгүнөн ыза гана оргуштабаса… Курткадан Абсатардын терге чыланган коңур жыты уруп: "Ушул жытыңды башка бирөө искеп, мен күтүү менен чыдап канчага чейин түтөөр экенмин, ат айланып казыгын табат дегендей акыры келээрсиң" , - деп ойлонуп келе жатканда арт жагынан аттын дабышы угулуп, жол бошото берди. Атчан бурула берип:
- Оо, Умсун, кандайсың? - деп калбаспы, ал өзүнөн эки жаш улуу Өмүрбек деген бала эле. Кезинде Умсунайга бир топ кат жазып, жообу жок сүйүү болуп кала берген.
- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? - деди Умсунай басканын токтотпой.
- Кандай, Умсун, күйөөң актив деп уктум?
- Ошондой.
- Бир кезде тоготпой койдуң эле, сенин күйөөң деле менден ашык эмес экен го?
- Болсо болгондур, анын эмнесин айткыдай…
- Сага ашыктыгым анык деп,
Кантип айтам азыр дагы сүйөм деп. -
Махабатты каргаган аял
Жазылган күн: 2 Мар 2015
Таш Мияшовдун калемине таандык "Махабатты каргаган аял" повести -
"Жаза" чыгармасы
Жазылган күн: 16 Фев 2015
Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ
ЖАЗА
(Эшафот)
(Эки бөлүмдүү драма)
Адам өз оюнан кайтып, өз аброюн
сатканда, анысы үчүн жазасын алганы
жөнүндө уламыш
КАТЫШУУЧУЛАР:
Адыл мерген.
Жезтумшук аял.
Атай.
Чолпон.
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Биринчи сахна
Түн. Аска-зоонун арасы. Отту
алоолонто жагып коюп, Адыл мерген
шишкебек бышырып жеп атты.
Аңгыча Адыл мергендин аты
кошкуруп-кошкуруп алып, теребелди
жаңырта кишенеп ийди.
Адыл. (Аты тарапка кулак түрө) Ай,
Күмүш жал, сага эмне боду, ыя? Бир
нерсенин шек-шооратын сезип
турасың го ээ, жаныбар? (Мылтыгын
колуна алып, эки жагына кунт кое
көз чаптырды. Ансайын ат тынбай
кошкуруп атты).
Капырай, момунун бир билгени бар…
(Аңгыча көөдөй караңгылыктын
ичинен бир караан шак чыга калды.
Оттун жарыгында ал караандын аял
киши экенин баамдоого болоор эле.
Ал эмнегедир бетин жеңи менен
калкалап алган).
Аял. Адыл мерген…
Адыл. (Дароо мылтыгын белендеп)
Сен кимсиң?
Аял. (Мыскылдай) Жүрөгүң түшүп
калдыбы, Адыл мерген? Кел, апаптап
коеюн.
Адыл. (Демин бир аз басып)
Караңгыда караңсалдай болуп чыга
калсаң, адам болгондон кийин
сестенет да, коркпосо дагы. Кимсиң,
сен?!
Аял. (Мыскылдай күлүп) Тоо-ташты
аралап жалгыз жүргөнүңө карабай,
коркок белемсиң.
Адыл. (Кыжыры келип) Мени
териштиргенди сага ким коюптур!
Кимсиң деп атам?!
Аял. (Мыскылдай) Коркок деп койсом
коржоңдойсуң да, тим эле.
Адыл. (Мылтыгын бетине кармап)
Айт деп атам, ким экениңди!
Аял. (Мыскылдай) Көрбөй турасыңбы,
ким экенимди – аялмын.
Адыл. Аял экениңди көрүп атам…
Аял. Көрсөң-ошол. Түшүр
мылтыгыңды, короктотпой.
Адыл. Айтпайсыңбы, сен дагы ким
экениңди, маалкатпай!
Аял. Эркек да сендей болобу, аялга
мылтык кезеп.
Адыл. (Мылтыгын ылдый түшүрдү)
Жети түндө биякта эмне кылып
жүрөсүң, аял болсоң?
Аял. (Мыскылдай күлүп) Хи-хи-хи!..
Эмчек эмизейин деп келатам, сага.
Адыл. (Жаалы келип) Тамтаңдаба, эй,
катын!.. Тамтаңдаба! ..
Аял. (Чочумуш этип) Апей!..
Тамашаны да түшүнбөйсүңбү?
Адыл. (Жаалы келген калыбында)
Тамашалашаар кишиң менби, ыя?!
Аял. Э, кокуй, ээн тоонун арасында
экөөбүздөн башка эч ким жок болсо,
сени менен тамашалашпаганда, сен
сеңирден ыргыта аткан, мобул өлгөн
серке менен тамашалашайынбы?
Адыл. (Жаалы ого бетер келип) Эй,
катын, дөөдүрөбөй, ким экениңди
айт! Болбосо…
Аял. Болбосо бооруңду отко кактап
жеп коем дечи, серкеникине кошуп?
Адыл. (Жаалы ого бетер келип)
Жетишет!.. Жетишет!.. Аял экениңе
карабайм! .. Айт, кимсиң?!
Аял. (Үнүн өзгөртүп) Баятан бери
тамашалап койсо, тим эле
таңыраңдайсың да! Тарт ооздугуңду!
Адыл. (Дароо селейе түштү) Анан,
өзүң айтпай атпайсыңбы, ким
экениңди.
Аял. (Үнүн өзгөртүп) Эселек кезиңен
энең айткан жок беле?
Адыл. (Сестене түштү) Эмнени?!
Аял. Тоо-таштын, кокту-колоттун,
агын суунун ээси болоорун?
Адыл. (Ого бетер сестенип) Энем
айткан… атам айткан… эл айткан…
Аял. (Үнүн катаал чыгарып) Билет
турбайсыңбы, өзүң.
Адыл. (Жүрөксүнгөнү басылбай)
Билем… Ким билбесин…
Аял. (Текебер) Билсең, эмне карап
турасың?
Адыл. (Чөк түшө калып) Ушул тоонун
ээсисиңби?
Аял. (Текебер) Эми жеттиби, алдыкы
көңдөй башыңа?!
Адыл. (Жүрөкзада болуп) Жетти,
пирим, жетти!..
Аял. (Текебер) Ошентпейсиңби, бая
эле, оңураңдабай.
Адыл. (Бүжүрөп) Билбестиктен!
Билбестиктен! .. Тааныбасты- сыйлабас
деген ушул да.
Аял. Менин каарыма калсаң — укум-
тукумуңа чейин эмне болооруңду
билесиңби?
Адыл. (Ого бетер бүжүрөп) Билем-
билем!..
Аял. (Текебер) Эмне, менден
уруксаатсыз серкени аттың?
Адыл. (Ансайын бүжүрөп) Айып
мойнумда! .. Айып мойнумда! ..
Аял. (Текебер) Төлө, серкени!..
Адыл. (Жанталашып) Иригим бар,
короомдо, торпоктой болгон. Ошону
берейин, акысына.
Аял. (Текебер) Даакы баскан жаман
иригиң ушул серкенин кунуна
татыйт деп кайсы атаң айтты,
сенин?!
Адыл. (Жанталашып) Анда эки ирик
берейин!..
Аял. (Текебер) Эки ирик менен эптеп
кутулгуң барбы?
Адыл. (Жанталашып) Үч ирик
берейин!..
Аял. (Текебер) Үч ирик эмес жүз ирик
берсең да, бул серкенин кунунан
кутула албайсың.
Адыл. (Жанталашып) Анда… Короо
толгон малымды… бүт берейин!
Аял. (Сынай) Малың көппү?
Адыл. (Жанталашып) Көп… Майда
жандыктарымдын туягынын эсебин
ала элекмин. Бодо малым..
Аял. (Зекип) Эй, нысапсыз, ошончо
малың туруп, Кудай-тааланын
кайберенине көз артканың эмнең?
Адыл. (Мукактанып) Мхи… мхи… ата-
бабабыз “ашык дөөлөт баш жарбайт”
дейт да. Анан…
Аял. (Каардуу) Ата-бабаңды кошо ала
чаппа! Сенин өзүңдүн напсиң бузук!
Короомдогу бир котур козум өлгүчө
өзүм өлөйүн деген, битин сыгып
канын жалаган ачкөззүң да. Малыңа
тийгенге колуң барбай, кайберенге
катылдың да, алкы бузук!
Адыл. (Жанталашып) Экинчи
ошентсем! .. Экинчи ошентсем! ..
Аял. (Башын чайкап) Тигини…
тигини… Эмне, жаның көзүңө
көрүнүп атабы?
Адыл. (Жанталашып) Мындан ары
колума курал алсам, оңбоюн!
Аял. (Мыскылдай) Жана эле доңуздай
болуп корсулдап аттың эле, эми бир
заматта безбелдектей болуп безилдей
баштадыңбы, байкуш.
Адыл. (Жанталашып) Экинчи
ушуякка бассам, бутум сынсын!
Аял. (Сынай) Бутуң сынса, колуң бар
да.
Адыл. (Жанталашып) Анда, колум
кошо сынсын!..
Аял. (Мыскылдай) И-и, дагы?..
Адыл. (Түшүнбөй) Эмнени?..
Аял. (Мыскылдай) Каргана түш, мага
жагып атат.
Адыл. (Жанталашып) Майнеке…
майнеке болоюн, ошентсем!
Аял. (Келекелей) Майнеке эмес,
майнекенин таз катыны болосуң!
Адыл. (Жанталашып) Мейли, мейли,
ошондой деле болоюн!
Аял. (Келекелей) Ай, анан сен кокус
шертиңди бузуп коюп, майнекенин
таз катыны болуп калсаң, катын-
балаң карабай кетет да?
Адыл. (Жанталашып) Шертимди
бузбайм!.. Бузбайм, шертимди! ..
Аял. (Келекелей) А кокус, шертиңди
бузсаңчы?
Адыл. (Мукактана түштү) Анда… ошо
болоюун дебедимби! ..
Аял. “Ошоң” эмне?
Адыл. (Мукактана) Ошо… тиги…
Аял. (Келекелей) Майнекенин таз
катыны болосуң да, ээ?
Адыл. (Жанталашып) Ооба!..
Аял. Болбойт.
Адыл. (Эмне дээрин билбей) Анда…
Аял. (Күлүп, келекелей) Майнекенин
эки жолку таз катыны болосуң!.. Ха-
ха-ха!.. ( Ыкшып күлүп ийди. Ошол
учурда аялдын жүзү ачыла түшүп,
анын жезтумшугу Адылга даана
көрүндү. Аял кайра жүзүн жапкыча
шашты).
Адыл. (Чочуп) Жезтумшук?! .
Аял. (Алактап) Ким жезтумшук?
Адыл. (Айкырып) Сен!.. Сен,
жезтумшук! .. (Мылтыгын дароо
бетине кармады) Жеңиңди түшүр,
ылдый!.. Түшүр!..
(Аял алактап жеңин ылдый түшүрдү
эле, жезтумшугу отко жалт-жулт этип
чагылышып атты).
Аял. (Жооткотууга аракеттенип)
Мерген… мерген…
Адыл. (Ого бетер айкырып) Мерген
дебе!.. Мерген дебе, жезтумшук! ..
Баятан бери мени келекелеп, ары
калчап, бери калчап… Азыр
жайлайм!.. Азыр жайлайм!..
Аял. (Чөгөлөй калды, безилдеп)
Жанымды калтыр!.. Калтыр,
жанымды!.. Каалаганыңды аткарам!..
Адыл. (Ого бетер жаалы келип)
Көрчү!.. Көрчү, айтып турганын,
мобул азыткынын! .. Мен сенин бал
тилиңе алданбайм! .. Алданбайм! ..
Аял. (Безилдеп) Мен сени алдабайм! ..
Алдабайм! ..
Адыл. (Мылтыгын бетине кармап,
машаасын басууга белендеди)
Жанталашпа! .. Баары бир жайлайм!..
Аял. (Сабыр этип) Мейли!.. Кудай
кылса, кубаарыңдын акысы барбы,
дейт адамдар. Башка түшкөнү ушул
экен. Жайласаң, жайла. Бирок,
өлтүрөөрдөн мурда бир өтүнүчүмдү
аткар.
Адыл. (Мылтыгын белендеген
калыбында) Көрчү, дагы эле алдап
кетем деп турганын!
Аял. (Токтоо) Жайла, анда. Эмне карап
турасың?
Адыл. (Тартына түшсө да, сөөмөйүн
машааны басууга белендеген
калыбында) Болуптур, эсиңде болсун,
алдап кетем дечү болсоң!.. Айт.
Аял. (Ыйламсырап) Мен өспүрүм
кезимде бир жигитке ашык болгом.
Адыл. (Жаалы кармап) Калп айтпа,
желмогуз! Адам менен жезтумшуктун
кайнаса каны кошулбайт! ..
Аял. (Безилдеп) Чын!.. Ашык болгонум
чын!..
Адыл. (Келекелей) “Ошол ашыгым сен
болчусуң”, дебейсиңби.
Аял. Жок. Сен эмес. Башка.
Адыл. (Бир чети күлкүсү келип) Эй,
келесоо, жезтумшук да адам баласына
ашык болчу беле. Калпты ченебей
айтпайсыңбы.
Аял. (Безилдеп) Калп эмес!.. Таакыр
калп эмес!..
Адыл. “Адамга ашык болгом” десең,
мени боору ооруйт деген турасың го,
ээ, анда?
Аял. Андай оюм жок.
Адыл. И-и, болуптур, болуптур. Анан?
Аял. Ата-энеме айтпай, жашыруун
барып жүрдүм, ошол жигиттин
айлына.
Адыл. Канын соргону барып
жүргөнсүң да, желмогуз.
Аял. Жок, жок, ашыктыктын айынан.
Сары оору болуп, саргарып, ошол
тегеректе эле жүрүп калдым.
Адыл. (Келекелей) И-и, анан ал да
сени сүйүп калды да, ээ, алдыгы
кочкордун мүйүзүндөй болгон
мурдуңду?
Аял. (Жаны ачып) Жок, ал мени
сүйгөн жок. Ал өзүнө окшогон эле
адам баласынын кызына үйлөндү.
Адыл. (Какшыктап) Адамдын кызына
үйлөнбөгөндө, анан кебетеси бузук
сага үйлөнөт деп жүрдүң беле, көк
мээ!
Аял. (Үшкүрүп) Өх!.. Ошол бойдон эч
кимди каалаган жокмун.
Адыл. (Келекелеп) Ой, байкуш, ай,
тим эле арманың аттын башындай
экен да, анда?
Аял, Ооба!.. Туура айтасың. Ошондон
бери армандамын. Арылгыс азапка
түштүм.
Адыл. (Келекелей) А мени эмне кыл
деген турасың?
Аял. Ал сенин колуңдан келе турган
нерсе.
Адыл. (Келекелей) А-а, ошол
ашыгыңды алып келейин да, ээ,
маңдайыңа? Өлөөрдүн алдында бир
көрүп алайын дечи.
Аял. (Башын чайкап) Жок.
Адыл. (Таң кала түштү) Анда эмне?
Аял. Ашыктыктын айынан, ушул
кезге чейин эркек аттууну көрө
элекмин. Алигиче кызмын.
Адыл. (Күлүп) Койчу, ой, жомогуңду.
Аял. Чын! Эркек эмне экенин
билбейм.
Адыл. (Бүшүркөп) Эркектин жытын
искет дегиң бар экен, ээ?
Аял. (Жалооруй) Ооба!
Адыл. (Бүшүркөп) Жыт искеше турган
эркегиң менмин го?
Аял. (Жалооруй) Ооба!
Адыл. (Жаалы кайра кармап) Эй,
азыткы, амалданба дебедим беле, мен
сага! Амалданба дебедим беле!
Аял. (Жанталашып) Кайсы арыма
амалданайын! Чымындай жаным
колуңда турат ко!
Адыл. (Муюша түштү) Аның чын!
Аял. (Жалынып-жалбарып) Бир ирээт
эркектик милдетиңди аткарып кой.
Андан кийин эмне кылсаң, өзүң бил.
Акка моюн сунууга даярмын!
Адыл. Жок!.. Бал тилге салба!.. Баары
бир алдай албайсың! .. (Мылтыгын
белендеп) Азыр өлөсүң!
Аял. (Токтоо) Ыктыяр сенде. Бирок,
дагы бир нерсеге өкүнүп турамын.
Адыл. Дагы жомогуңду баштаган
атасыңбы?
Аял. (Кейиштүү) Сенин малың
корооңдо.
Адыл. (Олурайып) Короомдо болсо
эмне экен?
Аял. А менин үңкүр толгон алтын-
күмүшүм кала берет турбайбы эми,
пайда — батасы жок.
Адыл. (Бүшүркөп) Алтын-күмүшүм
дейсиңби?
Аял. (Кейиштүү) Ооба.
Адыл. (Жумшара) Көппү?
Аял. (Кейиштүү) Эки үңкүр толо.
Адыл. (Көздөрү жайнай) Эки үңкүр
толобу?!
Аял. (Кош көңүл) Ооба.
Адыл. Эй, түрү суук катын, калп
айтып дагы менин алдайын деген
жоксуңбу?!
Аял. (Токтоо) Ишенбесең өзүң бил.
Эмне карап турасың, анда? Өлтүр.
Адыл. (Мылтыгынын машаасынан
сөөмөйүн тартты да, шап дегиче
жезтумшуктун олоң чачын колуна
орой салды) Көрсөт, каткан кенчиңди!
Аял. Ал менин укум-тукумумдуку.
Адыл. Сенин укум-тукумуңдуку болсо,
эми менин укум-тукумумдуку болот!
Көрсөт!
Аял. (Көгөрүп) Жок!
Адыл. (Демитип) Көрсөт, деп атам,
мен сага!
Аял. Жайлайм деп камынып атпадың
беле? Жайлабайсыңбы?
Адыл. (Кекетип) Көрсөтөсүңбү,
жокпу?!
Аял. (Көгөрүп) Жок! Жайла, мени!
Адыл. (Жумшара) Өтүнүчүңдү
аткарайын. Акысы ушул болсун.
Аял. (Аңкоолонуп) Кайсы
өтүнүчүмдү?
Адыл. (Кызалаңдап) Эмелеки
өтүнүчүңдү! Азыркы өтүнүчүңдү!
Аял. (Сынай) Жатасыңбы, мени
менен?
Адыл. (Шар) Жатам!
Аял. (Сынай) Менин түрүм суук да?
Адыл. Суук болсо эмне экен,
чырайыңды чылап ичмек белем!
Жатам!
Аял. (Башын чайкап) Капырай,
алтын — күмүштүн күчү ушунчалык
экен, ээ?
Адыл. (Шашкалактап) Жүрү!.. Алпар
мени!..
Аял. Жети түндөбү?
Адыл. Түн болсо эмне экен?
Аял. Караңгыда карайлап кайсы
үңкүрдү сүзөйүн. Күн жарыкта
көрсөтөм. Андан көрө, азыр убадаңды
аткар.
Адыл. (Аргасыздан) Болуптур. Анан,
койнумда жатып колкомду жулуп
алып жүрбө, жез тырмактарың
менен?
Аял. Колу-бутумду мобул кыл
арканың менен керип туруп, таңып
койбой жаның жокпу. Ошого да
акылың жетпейби?
Адыл. Ырас эле… (Жезтумшукту оттун
жанында жаткан кыл аркан менен
шапа-шупа чырмап ийди да, күйүп
аткан оттон төрт көсөөнү ала коюп,
төрт жерге казык кага салды. Андан
соң жезтумшукту чырмаган кыл
арканын кайра чечип, аялдын колу-
бутун керип туруп, казыкка байлап
таштады да, чечинтип жиберип, сугу
түшө карап калды) Мүчө – боюң
аялдыкындай эле турбайбы.
Аял. Аялдыкындай болбогондо,
эркектикиндей дедиң беле?
Адыл. (Күлүп) Ким билет. Жезтумшук
десе эле башкача болот деп ойлоп
жүрүптүрмүн да.
Аял. Эмне, сүйүп турасыңбы?
Адыл. Тумшугуң эле болбосо,
жапжакшынакай эле экенсиң.
Аял. (Какшыктап) Ашык болуп калып,
айлаң кетип жүрбөсүн, бөөдө өлтүрүп
алып?
Адыл. Бал тилге салып турганын
карачы, мобул мастандын. Антип
үмүттөнбөй эле кой. (Өзүнчө
борсулдап күлүп) Капырай, эми ушул
жезтумшукту дат ушинткен атам, ээ?
(Жаргак шымынын белбоосун чечип,
жезтумшук аялды басып жыгылды).
Аял. (Чаңырып ийди) А – а – а!..
(Пауза).
Адыл. (Кыйладан кийин жаргак
шымын энтиге шымданып) Кызмын
деп айтып койбойт белең, дароо эле.
Аял. Эркек көрө элекмин десем
келекелебедиңби, мени. Ишенбей.
Адыл. (Эстеди, энтиге) И – и, и – и,
айткансың, ошентип.
Аял. Аялдай эле бекемин?
Адыл. (Күлүп, энтиге) Кыздай
экенсиң.
Аял. Кандыбы, анда кумарың?
Адыл. (Демин баса албай) Жок.
Демимди бир аз басып алып, анан
кайра… Таң аткыча көп бар. Ээн
тоонун арасында экөөбүздөн башка эч
ким жок. Эрмектей берем да,
каалашымча. Өлөөр алдыңда сенин
да сообуңа бир калайын, эркектен
көзүң каткан байкуш экенсиң.
Комментарийлер
aelinaaa
26 Авг 2013 - 14:08