Merry-RFDV Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 156 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (82 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Июнь 15
- Кароолор:
- 14 211
- Соңку аракети
- 29 Янв 2020 20:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 7, 1992
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Барктай жүр...
Жазылган күн: 20 Мар 2016
Акыркы конгуроо кагылып, конгуроонун унуно кошулуп жаш улан-кыздардын каткырыгы шынгырап мектептин алдында чон майрам болуп жатты. Мугалимдер бутуруучу класстын окуучуларына жакшы тилектерин айтышып, каалоолор микрофондо жанырып турду... Кечинде райондук кафелердин биринде бутуруучулордун жана мугалимдердин урматына майрамдык кече уюштурулду. Каны суюк жаш жигиттер классташ кыздарына коз арткан башка айылдын жигиттери келгенин угушуп сыртка чыгышып "эркекче" чечишип усту башы канжалап келип калышты. Ошентип шандуу майрамдык олтуруш ызы-чуу менен аяктап, чогулгандар аз-аздан уйлоруно тарай башташты. Майрамдык кечеге ата-энелер да чакырылган, алар оз уулдарын, кыздарын жетелеп кетишти... Нурайдын атасы менен огой апасы дагы ушул жерде эле. Ызы-чуунун башы келип айылдын эн келбеттуу, жылдыздуу, сулуу кызы Нурайга такалат. Кошуна айылдан Жыргал Нурайды 9-классынан бери сыртынан коз салып, журогундо багып келет. Бугун суйуктуусу мектепти ийгиликтуу аяктап жатканы менен куттуктамакчы болуп 2-3 досу менен келгени эле жигиттин. Ал эми Нурайдын классташ жигиттери кызганып, анын устуно ата-энелерден жашынып ачуу суудан серп этип алгандагы "эр журоктуктору" менен жигиттерди киргизбей калчылдашып келишкен болчу...
-ушул кызын кайда болсо чыр башы. Козун сузуп корунгон жигитти азгырганы азгырган... Качан болсо ушул кызындын айынан той-топо, майрамдар тынч отпойт! Мунун эми эртен шаарга окууга кетсе даана бузулуп келет! деп озунчо эле албууттанган Зейнеп артында башын шылкыйтып келе жаткан куйоосуно наалып баратты. Нурай болсо кадамын тездетип алардан алдыга озуп бараткан. Огой энесинин создорун так угуп баратса дагы тилин тиштеп, озунун тээ бала кезинде козу отуп кеткен апасынын элесин сагынып, ойлуу баратты.
Нурай 3-класста окуп жургон. Мектептен келе жатып уйунун алдында чогулган элди коруп, балалык журогу бир башкача "болк" эткен. Чуркап баратып жыгылып, чан болгон кийимине карабастан, тизеси канап ак колготкисинен каны чыгып сыздатып оорутканына карабастан ыйлап чуркап уйуно жеткенче шашкан. Анын чан болуп, ыйлап келгенин коруп элдин баары зээни кейип коз жашы кылышкан. Тээ кыргыз уйдун оозунда атасы кара чапан жамынып башын шылкыйта окуруп олтурат. Кыргыз уйдун ичинен тай энесинин журокту зыркыраткан кошогу жанырып турат... Нурайдын балалык журогу ошондо дуйнодо оор жоготуу болгонун сезген. Жашоосундагы эн асыл адамынан айрылганын тушунгон. Тордогу кара рамкага салынган апасынын жылмая тушкон суроту кызын аянычтуу карап мелтиреп турган эле...
Апасынын жылдыгы откончо Нурайдын таэжелери келип каралашып, кир-кокторун жууп, тазалап, тамак жасап берип журушту. Коншулары нанын жаап беришет. Нурай озу тын кыз эле, уйлорун шыпырып колунан келишинче тырмаландап мектептен келип жаны тынбайт. Апасынын жоктугуна коно албай кыйла ыйлап-сыктап жургону менен кор тиргилик ото берди. Атасы короо-жайын карап, малдан колу бошобойт. Иштери бутсо деле короо тарапта бир нерселерди чукулап журо берет. Качан гана Нурайдын 'атооув! Чай даяр' деп чакыганын укканда кадамын суз шилтей, ойлуу, усту-башын кагынып уйго келет... Нурайдын апасынын жылдыгынан кийин тууган-урук чогулушуп, Насырды ортого алышып уйломокчу болушту. Эки куйоого чыгып, согончогу канабаган Зейнепти табышты. Салт-санаа менен уйго алып келишти. Адеп келгенде Нурай аны алыс тууган деп ойлоп, убактылуу журот го деп умуттонду. Бирок кайдан, башында жасалма жылмайган жузу серт неме кетпей койбодубу. Башында кыздын узун кундуз чачын укмуш оруп берип, кийимин таза караган "апасы" бара-бара заар жылаанга айланып баратты. Каргап-шилегени кобойду. Насырдын козунчо Нурайга жакшы суйлогон Зейнеп кийин анысын да озгортту. Атасын кызына кошуп каргап-шилеп, ажаандыгын арттырды да калды... Андан бери канча жыл отту, канча суулар акты... Нурай менен Насыр Зейнептин уу тилине конуп деле калышкан. Баштарын шылкыйтып, тилдерин тиштенип гана тим болушат... Зейнеп уй-жайга тын, ото таза аял, баарын чукулап, тазалап жаркыратып турат. Кошуна-колонго да катышы жакшы. Тууган-урук менен да мамилеси бекем. Эн эле чон айыбы торобойт анан ажаан... Тили заар... Болбосо Насырды Насыр кылган ушул аял болду. Келгенден малын кобойтуп, тиргилигин кыйла тынытып салбадыбы... Ошого да Насыр "жым" дебей баарына чыдайт. Соз кайтарып же кол которбойт... -
Буулугуп кетем...
Жазылган күн: 3 Янв 2016
Экинчи турмуш. Бул азыр копчулук деле тан калбай, чоочубай эле угуп калган корунуш. Учурда баш кошуулар коп, ажырашкандар андан коп... Кечээ эле "уйлонуп жатышыптыр" деп уккандарыбызды кайра эле жыл айланбай "ажырашыптыр" деп угуп калабыз. Окунучтуу. Албетте окунучтуу. Бирок азыркы жаштар турмушка коз карашыбыз ото эле ар тараптуубу, же ушунчалык турмушту оюн коруп женил сезип калганбызбы? Турмуштан жанылышып, жаштык кылып, адашып-ажырашкандардын катарын мен да толуктайм... Суйуп-куйуп журуп, ата-энеми уккум келбей так секирип, ыйлап-сыктап суйгонумо турмушка чыктым. Кээ бироолор айткандай биздин суйуу никеден кийин башталбай эле, тескерисинче соолуп калды. Доркурогон чон тойдун таасири копко жетпей таркап, 1 айдан кийинки жашообуз, мамилебиз оорлошуп акыры сабырыбыз 6 айга гана жетти. Оз-озубуздун эркелигибизден экообуз тен ата-энелерибизгк арызданып журуп душмандрга айлантырып алдык. Кудай кошкон куда-кудагыйлардын сыйы копко узабай биз учун жаман-жакшы айтышып, жек корушуп бутушту. Акыры экообуз оз буюмдарыбызды болушуп, ажырашып тындык. Ажырашкандан кийин озунчо конушо албай кыйла азап тарттык. Сагыныштык. Жолугушуп журдук. Ажырашкан менен нике бузула элек болчу. Жашыруун жолугушуулардын аягы да уруш-талаш, тушунбостуктор менен бутчу. Кайра эле таарынышмай, коштошмой, номерлерди очурмой... Кайдаан... Бири-бирибиздин номерлерибизди жатка билет элек го чиркин...! Бара-бара мурдагыдай тартылуу деле жоголду. Байланыш деле суздап барып узулгонсуду. Ажырашканыбызга толук 3 жыл болгондо мен башкага турмушка чыгып кеттим. Ал да жакында уйлонду. Кыскасы китептин биринчи тому сонуна чыкты.
Негизги максат мурунку нерселерди жазуу эмес. Азыркы турмушум мени сыгат. Эзет. Коп ойлонтурат. ..
Интернет аркылуу тааныштык. Жакшы создорду жазып, чалып копко жакшы нерселерди айтып берип журду. Мен жактырган деле жокмун. Суротун коруп эле айныган элем. Бирок жармашып алды. Суйуп калганын айтып, омур бою алаканына салып жашаарын айтып эле безилдейт. Ошол эле учурда дагы бироо менен тааныштым. Уйу да биздин уйго жакын экен. Ал жолугушууга чакырып, достору менен олтурган жерлерге алып барып журду. Ал эми телефондогу "геройум" созго чечен эле. Тилинен бал таматго чиркин... Бара-бара мамилелер эки тараптан тен олуттуу болуп баратты. Турмушка чыгуу керек. Биринин 4 жашар кызы бар. Биринин 2 баласы бар. Бири Москвада иштейт. Бири убактылуу иштебейт. Бирок иштебесе да уйлуу-жайлуу, ата-энеси менен жашайт. Келбеттуу. Келишимдуу. Тартынбаган адам эле. Уйго келип ата-энем менен да таанышты. Биринчи турмуштан жолу болбой калган кызына куйуккон апам эртеси эле сураштырып анын оорукчан экенин угуптур. "Жакшылап ойлон, жашай турган сен" дешти. Ал эми беркинин ата-энеси баласы коро элек кызга себетин туйуп уйго келип алышты. "Уй-жайын жок" десем "ин ша Аллах баары болот" деди, "билимин жок" десем "эн башкысы акыл, тарбия" деди, "кызын бар да" десем "ата-энем багып алган бизге зыяны тийбейт" деди, "айылда жашай албайм" десем "шаардан уй салып берем" деди, кыскасы ар бир созумо жароо жооп табып конулумду жайгарганга аракет кылып калчу. Ишендим. Чындыгында ишендим. 3-класстан кийинки билими жоктугуна коз жумдум, акылына кирип калган кызы бар экенине коз жумдум, колунда коко тыйыны жоктугуна коз жумдум, коргонду бир аз чоочута турган туру суук келбетине коз жумдум, теги алыскы, ото алыскы айылдан экенине жана уй-булоосу бут окубаган карангыр адамдар экенине да коз жумдум... Эмнеге баарына коз жумганыма озум дагы тушунбойм. Мактанайын дебейм, бирок чындыгында менин теним эмес. Ата-энем, бир туугандарым баарыбыз жогорку окуу-жайларын окуп билимибиз кудайга шугур. Элдин алды болбосок да башкалар суктанчудай турмушубуз бар, барчылыкта осконбуз. Жокчулукту тээ балалыгыбызда коруп жакшы деле билбей калдык. Эмнеге тандап келип-келип ушуга макул болуп тийип калдым озум эч тушунбойм. Никеден кийин деле жактыра албадым. Конулум айланат корсом. Дек кором. Мага берген убадаларынын бири жок. Тескерисинче караандай калптарын карындашы чукуп айтып берип эсими оодарды... Корсо мага айткан неоселеринин бири да жок, мен ойлогондон алда канча начар экен баары. 'Кыйратам' деп кеткен, жарытып бир иш бутуро элек. Атугул биринчи турмушунан заксы кыркыла элек экен. А менин ичим кун санап осуудо. Балам торолсо куболукту кандай алам заксыбыз жок? Качанга чейин оз ата-энемин уйундо жашайм? Ал бир жаш жигит болсо бир жон, 30 жашында же уйу жок, же малы жок, же бир тузугуроок кийими жок устундо... Ата-энеси жардам бермек турсун тескерисинче суранышат. Бир туугандары суранышат. Кызын багат. Мен торосом кимге жалдырайм? "Эчнерседен кем кылбайм" деген созу ооздун жели болуп эле калган. Биринчиси макул-жаштык кылыпмын. Экинчисинде да адашып калганыма окуном. Бирок ажыраша албайм. Ата-энеми дагы элге уяткаргым келбейт. Бир гана ата-энем учун аны жек корсом да чыдап келем. Жаза берсе соз толтура, кайсы бирин арман кылам... Ушунчалык буулугуп кеттим. Келечегимди элестете албайм... Сабыр кылып келем, бирок кээде ушунчалык жаным кашайып кетет. Оз жанымды кыйып баарын таштап кетким келет. Бирок ата-энеми аяйм, ичимдеги томпойгон аз убакытта жарыка келе турган баламды аяйм... Кандай кылып аны ондойм? Каратып туруп жалганды урдура берет. Чындыкты козуно сайып турсан деле калп айтып туруп алат. Ойлонбойт. Турмушубузду ондоого аракет деле кылбайт. Ото коп суйлойт. Суйлой эле берет. Суйлой эле берет. Суйлой эле берет... Курук убадаларды беруудон чарчабайт. Жек коргон сайын андан бетер конулуму калтыра берет. Канткенде кандай болот? Кенеш кутом... -
Каргыш
Жазылган күн: 11 Дек 2015
-Алдееей, алдей ак бобок. Ак бешике жат бобок...
Апакай жоолукту улбурото салынган арыкчырай, назик, жузу жылдыздуу келин торку болмодо созолонто "алдейлеп" кооз жасалгаланган бешикти терметип олтурат. Бул сулуу келиндин аты Нестан. Озу шаарда бардар уй-булоодо торолуп оскон. Алты уулдан кийин торолуп, ата-энесинин мандайы жарылган кубанычынын себепкери болгон. Эн кенжеси, жалгыз эрке кызы болуп оскону менен мунозу токтоо, сабырдуу, акылдуу, жонокой кыз болуп жетилди. Атасы милициянын начальниги, кадырлуу киши. Агалары да катарынан жогорку окуу-жайларын бутургон, "атанын уулу" дегенчелик татыктуу журушкон жакшы балдар. Ал эми апасы ото мээримдуу, боорукер жана аябай сулуу аял. Мына ушундай жакшы уй-булоонун кызы Нестан куйоосу Эрмек менен ооруканадан таанышкан. Кыз анда окуп жургон, курбу кызы ооруканада практикада эле, ошого жолукканы барып кутуп турганда Эрмек оорукчан эжесине тамак алып келип коридордон экоо капысынан бет-мандай келип калышкан. Жалындуу журоктор дароо эле сезгенби, кагышы катуулай, жуздору албырып, бири-бирин бир корушто жактырышкан. ..
Эрмектин ошол оорулуу эжеси, эки агасы анан карындашы бар. Ото бай эмес, орто жашаган уй-булоонун кенжеси. Атасы каза болуп калган. Апасы оорулуу кызын карап уйдо кобунчо. Эки агасы иштеп бутундой уй-булоону багышат. Эрмекти да, карындашы Айсулууну да окутушат. Андан сырткары оорулуу эжесинин дары-дармегин бут алып беришип кам корушот. Агалары экоо тен уй-булоолуу. Аялдары менен башка-башка жашашканы менен тынбай келип кемин толуктап турушат. Ал эми келиндердин кыялдары чатак чыккан. Оорулуу кайын эжеден тажап болунуп чыгып кетишкен. Оорулуу демекчи Жамалды жаштайында машина коюп кетип кышында оз учурунда чара корулбой буттары жараксыз болуп дарыгерлер кесип салышкан. Бул жагымсыз окуяны кыздын журогу которо албай журок оорулуу болуп калган. Эки буту тубунон жок болсо дагы жан таттуу экен, жылына бир жолу 1 айга ооруканага жатып дарыланат. Калган убакытта уйдо дары-дармек ичип кун корот... Апасы Зарипа байкуштун тилегени эле ушул кенже уулуна акылдуу келин келиши. Басса-турса тилеп журуп Эрмек ыймандуу келиндуу кылды. Ото зангыратраса да чакан той берип элдин батасын алышып экоо баш кошту. Мындай жонокой уй-булоого кызын ыраа корбогон ата-эне канчалык кыйылса да кызынын конулунон чыга алышпады. Колдорунан келишинче сеп даярдашып, кыздын турмуш-шартын тузук эле тузуп беришти. Айылда эчкимде кир жуучу машине жок, Нестанга болбой алып беришти. Уктоочу болмого диван-шкаф, кухнясына бут керектуулор, корпо-тошок тим эле коп, сандык, телевизор, тамак жылытуучусунан бери бут калтырбай алып беришти. Зарипа берген калынына уялып калды. Ал эми абысындарынын коздору куйуп эле шыпшынып-шыбырашып жатып калышты... Нестан болсо мунун баарына маани деле берген жок, суйуктуусунун туболуктуу жары болуп жатканына чексиз бактылуу эле... -
Сапырылган сары жалбырак...
Жазылган күн: 24 Окт 2015
Баары балалыктан башталган... Мен орто жашаган, жонокой, карапайым уй-булоодо жарыка келгенмин. Эки уулдан кийин кыз торолгонуно ата-энем мандайлары жарыла кубанышкан тура. Так ошол кыз болгондуктан тагдыры тайкы болуп, турмушта коп азап тартаарын ойлошпогон чыгаар ошондо байкуштарым. .. Мен эки жашка толгондо апам дагы бир кыз тороду. Ошентип эки уул, эки кыз болуп калганбыз. Коп деле эрке осподук. Кымбат баалуу, белгилуу фирмалардын кийимдерин кийбесек да озубузго жарашыктуу, ото арзан эмес кийимдерди кийип остук. Атам кесиби боюнча ооруканада коз дарыгери болчу. Апам болсо мектепте орус тил мугалими. Билимдуу адамдардын тарбиясын алгандыктанбы, агаларым да синдим экообуз да тартиптуу элек. Туугандарыбыз балдарына бизди улгу кылаарын коп угуп, кээде сыймыктанып алчубуз. Атам оор басырыктуу, токтоо бирок каардуу жана сурдуу адам эле. Бир туура эмес иш кылып койсок атамдан коркуп турчубуз. Бирок атам бир жолу да бизге колу тийген жок. Апам болсо шыпылдаган, женил, коп суйлогон аял эле. Бизди коп сабабаса да кээде ачуусу келгенде акырын уруп какыс-кукус кылып калчу. Андайда атам бизге болушуп, балдарымды урба деп калчу. Бирок апам да ичинде кири жок, канча ачуусу чукул болсо ошончолук бат жазылган шайыр аял болчу. Ата-энебиз коноко кеткенде тортообуз ынтымактуу олтуруп ар кимибиз озубузго тиешелуу жумуштарды бутуруп оз ордуларыбызга жатып уктап калчубуз. Ошентип балалыгыбыз коп деле эркеликсиз, коп эле чан-тополонсуз отту. Бирок эч бир нерседен зарыгып, кыйынчылык коргон жокпуз. Жыл артынан жыл кубалап отуп, биз эс тартып бой жете баштадык. Биз чонойгон сайын бизге сарпталчу акчанын саны да чоноё берет тура. Улуу агам мектепти бутуруп оз кучу менен атамын жолун жолдоп медициналык академиянын бюджетине отуп кетти. Миндеген абитуриенттерден жалгыз агам оз кучу менен отуп кеткенине уй-булообуз менен аябай кубандык. Андан кийинки агам бир аз тентегирээк болчу. Мектепти бутургон сон озу энсеген музыкалык окуу жайга эмес, атамдын каалоосу боюнча юридикалык университетке окууга отту. Албетте контракт болумуно. Ошентип эки агабыз тен чон окуу жайларда окуп журушту. Ата-энебизге агаларыбызды окутуп, бизди багуу оорлошуп калды. Албетте эки адамдын жарыбаган айлыгы бир уй-булоону багып, эки студентти камсыздоого жетпей баратты. Убакыт отуп мен да оз кучум менен окууга тапшырып медициналык факультетине бюджетке оттум. Улуу агам окуудан сырткары иштеп бизге каралашып калган. Синдим дагы мектепти ийгиликтуу аяктап журналистикага тапшырып отуп кетти. Ошентип баарыбыз окуп ата-энебизге туйшук кобуроок жуктолуп калды. Синдим биринчи курсту буткон жылы атам журок оорусунан каза болуп калды. Ошондогу биздин абалыбызды соз менен жеткируу кыйын эле. Бактылуу жашообуз заматта тозоктой сезилип кеткен. Апам байкуштун куйуту оор болду. Атамы жерге берип кыркы чыкканча окууга да бара албадым. Апамы андай абалда таштап кетуу кыйын эле. Бир туугандарым аргасыздан окууларын улантып барып жатышты. Атамын кыркынан кийин окуума барып коп кун сабакты калтырып койгондугум учун аябай кагуу жедим. Эскертуу алдым. Бирок андан кийин окуумду улантууга кызыгуум калбады. Атамы ото каттуу жакшы коргондуктонбу, эмнегедир копко озумо келе албай журдум. Агаларым да синдим да апам да баарыбыз кыйналып кеттик. Бирок жашоо улана берет тура. Атамын жылдыгынан кийин синдимди ала качып кетишти. Болгондо да Нарынга. Биз Озубуз туштуктон болгондуктан Нарын ото алыс сезилди. Апам так секирип каршы болуп туруп алды. Бирок суйуу жердин алыс-жакындыгына карабайт тура. Жалгыз уул экен куйоо бала. Бишкекте жашайт экен. Синдимдин окуусун Бишкеке которуп окутууга соз берип, апамдын кайра-кайра отуп жатышып кондуруп ак той менен алып кетишти. Синдим алыска тушконуно дагы копко коно албай куса болуп журдук. Бара бара буга да кондук. Андан коп отпой мага да куда тушуп келе башташты. Бирок эки агам да уйлоно элек мен турмушка чыгып кетсем болбой калышын ойлоп анан калса окуумдан алаксып калгым келбей турмушка чыгуудан баш тартып журдум. -
Сүйүшкөндөр кандай бактылуу...
Жазылган күн: 8 Сен 2015
Журок сыры... Ушул болумго сырымды жазып, женилдеп алгым келди. "Балким болгонун болгондой жазсам жакындарыман же тааныштардан бироо жарым окуп калса билип калабы" деп кээ бир жерлеринде "кооздоп- туздоп" жазып коюшум мумкун. Бирок болушунча ичимдегини токконго аракет кылайын... Балким "монолог" темасына жазып койсом деле болоттур эле, бирок ал жактан кеп-кенеш ала албай калам го деген ой келди. Эми темага жакындасам. ..
Башкалардын "ай-иий ото жакшы жигит экен, сени ото каттуу суйот экен, ыйманы жузуно жанып турат экен, сыйласа болду да, сени бактылуу кылса болду да, сулуулугун чайга чылап ичмек белен? главное душа." деген турдуу кенештеринен сон башым айланып эле калганы чын. Конулумо жагып турган кен далылуу, тарс-тарс суйлогон, келишимдуу жигитимдин конулун оорутуп: "мени кечир, ал мени сыйлайт, бактылуу кылат албетте. А сен экообуз кийин коп урушуп-талашкыдайбыз. Бир адашкан турмушумдан дагы адашкым келбейт, бактылуу бол" деп туруп телефонду очургон элем. Оз бактымды озум оолактатып, конулумо таптакыр жакпаган адамга колумду сунуп, тагдырымды тапшырып кете бердим... Эмне себептен антип ошол убакта башым айланып калганына дале тушунбойм. Эмнени ойлоп озумо жакпаган адамга ыраазы болдум билбейм. Албетте, жакшы турмушка, сый-урматка, бактылуу жашоого умуттондум. Бирок аттин, окунгон менен пайда жок, конул, журокто сезим болбосо баары бекер экен. Аны жаман дебейм, тузук эле. Сыйлайт, корс-копол мамилеме чыдайт, айтканымды аткарат, конулумду аяп турат. Биз аялдарга дагы эмне керек? Албетте мындай эркектин жанында ар бир эле аял озун бактылуу сезмек, эгерде сезими болсо...
Бирок менин журогум таптакыр жылыбай койду. Канчалык ал мага тартылган сайын мен андан безип калдым. Жакындаганында эле безге сайгандай качып турам. Унун уксам кадимкидей кыжырым келип, жанында буулугуп кетем. Тундосу колун тийгизсе да чоочуп ойгоном, ар туну тескери карап уктап конуп деле калдым. Жытынан конулум айланат. Ал канчалык жышынып, эзинип жуунса дагы ошол жагымсыз жыты кетпегендей сезилет. Эптеп урушуп атып конуп бергенге аргасыз болом. "ишин" батыраак бутурушун тилеп тиштенип ыйлап жатып бергенден башка айла жок... Ушунчалык конул калып кетти. Себебин деле билбейм, жек кором. Окуном. Бирок экинчи турмуштан кол узушко намыстанам. Сабыр кылып тан аттырып, сабыр менен кун батат... Анын ан-сезими томон, озумо тен корбойм, озумду ага ыраа корбойм...
Келечегимди элестете да албайм. Суйушуп баш кошкон жаштардын суйуу толгон каректерин коргондо заманам куурулуп кетет. Менин коздорум суз, бактысыз, нурсуз....! Эми калган омурум ал менен ушундай отушун ойлогондо жанымды коёрго жай таппай кетем... Коркуп кетем. Жакшы суйлоп, озум да жактырышка аракет кылып кордум. Болбоду. Ото эле конул жнок экен. Кээде олуп алгым келет. Эн эле оной жолу ошондой сезилет. Бирок ичимде жаныдан жарык дуйного умут байлап келе жаткан анын канынан жаралган туйулдукту ойлоп аяп турам. Ошол уюган кандан акырын чоноюп адам болчу баламды элестетип гана кыйбай турам.... Жашоом кунарсыз уланууда...
Комментарийлер
Merry-RFDV ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?