Таң каламда. Орусиянын 3-12 жаштагы балдарын карагыла!
3- жашында балеедей болуп сүйлөп, шахмат ойногон ж.б. А биздин балдар "контр страйк" ж.б оюндарын онойт 12- жаштагылар.
3- жаштагыларды айтпай эле коёюн. Эмнеге мындай? Тарбияданбы же...
Келгиле талкуу кылайлычы.
Баракча 1 - 1
"Баарынан мыкты" (Лучше всех) теледолбоору. Ушул теледолбоор жөнүндө сөз кылбайлыбы?!
#5 04 Апрель 2017 - 18:54
Менда таң калам. Өтө күчтүү балдар. Мамлекеттин борборлорун жон эле айтатко.
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#6 05 Апрель 2017 - 11:46
Ата-энелер акча табып, үй-бүлө багуу менен алек. Балдар бакчага барса барат, барбаса жок, чоң эне, тайнесиникинде тарбия көрөт. Бала бакчаларыбыз көңүл жубатаарлык эмес, жакшы жерге алып баруу үчүн көбүрөөк акча керек. Чет элге кетип, балдарын айылга таштагандар да жок эмес. Албетте, мындай жол менен акыл-эстүү баланы тарбиялай алышыбыз мүмкүн. Бирок көйгөйдүн баары анын кызыгуусу, жөндөмү байкалбай калып жатканында болсо керек. Кызыгуусу болуп турганда тиешелүү курстарга алып барып, андан ары өрчүтүш керек. Антпесе, убакыт өткөндө кызыгуусу тарап же токтоп калат. Жеке оюмда, баланы ар тараптуу сынап көрүш керек. Эң мыкты жасаган, кызыккан нерсесине көңүл бурганыбыз туура болот. Эске тутуусу жакшыбы, демек өлкөлөрдүн борборлорун,
же жогорудагы видео-мисалдагыдай жол белгилерин жаттатууга эмнеге болбосун? Кыргыздын канына сиңип калган "жакшы"
көрүнүш бар: "ары ойноп турчу, тоскоол болбо, сен кичинекейсиң,
билбейсиң, чоңдорго аралашпа... ж.б" деген сыяктуу сөздөр, балким, "чоңдор"
шахмат ойноп жатканда, маанилүү темаларды талкуулап жатканда, же болбосо башка нерсеби, айтор, үйрөтүп, кызыгуусун артыруу, дүйнө таанымын кеңейтүүнүн ордуна, арыраак барып "чукө ойноп" туруусун каалайбыз, негизгиси тоскоол болбосо болду. Азыркы балдардын биздин бала чакка караганда акылы алда канча жогору, ой жүгүртүүсү заманга жараша күчтүүрөөк деп ойлойм. Андыктан балдарга туура багыт берүүдөн, каалаган нерсесин үйрөтүүдөн,
кызыккан суроосуна жооп берүүдөн качпайлы.
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
#8 17 Апрель 2017 - 23:46
Алгачкы угушум.. Ошентсе да балакайларга бали! Чынын айтканда, мен андай куракта кайсы би форумчу айткандай, шымым бир тартып, мурдум бир тартып эле журчум.)
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#10 18 Апрель 2017 - 09:20
#11 18 Апрель 2017 - 09:45
Бул орустар балдары менен кичинекейинен баштап ,чон адам менен суйлошкондой суйлошуп,тушундурушотго ,Автобузда кетип жаткан болсо да ,суйлоп Бир нерселерди сураса да, жадабай зээрикбей жооп берет.Биз болсо андай да жон отур,жадап кетсек урушуп отургузуп коевузг.Орустар урушбайт ,конулуно карап Журогун ток кылып чонойтот,бир нерселерге кызыктырып оздору кошо ойноп кобуроок конул бурат.бизде да бар ,ушундай кичинесинен эле ,акылдуу,бир нерсеге шыгы барлар,биз аларга анча колдоо корсотбой ,конул бурбайт окшовуйз.Орустар кошумча сабакка беришет Ошого балдары да эртеле суйлоп,басып акылдуу болову деген ой да ,бизде булардыкындай шарт жок
Билдирүүнү түзөткөн: Naku01: 18 Апрель 2017 - 09:54
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#12 19 Апрель 2017 - 12:36
Жеке мага балдарымдын бактылуулугу керек))) Бактылуу балалык, бактылуу турмуш, суйуктуу жумушу...
Билесинерби, айрым кичинекейлер дээринен зирек келишет. Жана дээринен бир тармакка кызыгуусу куч болот. Буларга жардам беруу булактын козун тазалагандай сооп иш. Бирок жардамсыз деле эртеби, кечпи ичиндеги талант баары бир озунукун алат, сыртка чыгат.
А айрым кичинекейлердин ата-энеси амбициялуу келишет. Бала каалайбы, жокпу буту чыккандан тарта балетке, хоккейге, гимнастикага, фортепиано- скрипка свбактарына суйроп жоношот. Муну мен зомбулуктун бир туру деп билем. Бала такыр бош калбаганы, пайдалуу нерсе уйронгону келечеги учун абдан жакшы дегилечи, бирок бала бактылуу болобу ошонусу кызык...
Ошо себептуу мен "Лучше всех" корсотуусун коро албайм. Бала уч жашында болбосо беш жашында, боло бербесе жети жашында баары бир тамгаларды уйронот. Эрте шашканда эмне. Бизде деле кезигет, "балам уч айында отурду, жети айында ьасты дегендер" , кудум андан кечиксе баласы отурбай, баспай кала тургандай...
Ата-энелер бала кызыкса айтып беруубуз, тушундуруубуз бизге милдет. Бирок чектен чыгып кетуу эч кимди бактылуу кыла албайт.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 15 Май 2017 - 20:37
Биздин Кыргызстандан Айпери, Нурпери деген кыздарыбыз.
Анан Жалалабаддан Нурмухамедд деген бала катышышты эле го эфирге чыга элекпи аябай күтүп жатам. Жакында эле лучше всехте поваренок полина дегенди көрдүнүздөрбү эфирде салат, котлет, пюре жасады, милашка кыз экен прикольная.
Негизи жаш талантуулар 3 жаштан 12 жашка чейинкилер катыша алат экен. Жакындан бери көрө баштадым
#16 27 Май 2017 - 03:23
Менин балам аябай жакшы корот ушул передачаны,
иногда телефондон коруп калат мультигинен тажаган кезинде, а так мультиктен колу бошобойт такыр, окууга дагы ээч кызыкпайт не хочу менен кутулат.
Баракча 1 - 1