Сен кимсиң түштөрүмө кирип алган,
Сырымды айтылбаган билип алган,
Байкатпай жүрөгүмө кирип алып,
Ачпастан эшигин бек илип алган.
Менин ырларым Менин ырларым
#102 17 Январь 2019 - 20:17
Сен деп жүрөм дагы деле сен дейин,
Сени сүйүп сени эч кимге бербеймин,
Жүрөктөгү жылуулукту өчүрбө,
Башкалардан мээрим издеп кетпейин.
Сен деп жашап сени гана тандайын,
Сезимдердин эң таттуусун арнайын,
Суу куюп тур жүрөгүмө гүлдөрдөй,
Саман сымал какшып куурап калбайын.
Сени сүйүп сени эч кимге бербеймин,
Жүрөктөгү жылуулукту өчүрбө,
Башкалардан мээрим издеп кетпейин.
Сен деп жашап сени гана тандайын,
Сезимдердин эң таттуусун арнайын,
Суу куюп тур жүрөгүмө гүлдөрдөй,
Саман сымал какшып куурап калбайын.