NIkalike Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 174 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (174 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Июнь 17
- Кароолор:
- 16 687
- Соңку аракети
- 29 Июл 2023 22:56
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 22, 1991
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Бул сезим
Жазылган күн: 25 Июл 2023
Арадан канча жыл өттү. Ал жылдарда эмнелер гана болгон жок. Көп эле жолу көптүн арасынан кезигип калабыз. Ананчы классташ, бир айылдан болсок. Сен бир кыз, бир уулду болдуң. Эң кызыгы кызыңдын аты Назик. Кичинекей Назиктин ысымы мага сенин чексиз сезимдериңдин белгиси.
Кеттиң. Ырас эле кетип калдың э? Үй бүлөң менен АКШга көчүп кеттиң. Алыс... Эми биз көрүшчү күндөр болбосо деле ыраазымын. Көз менен сүйлөшүп, жүрөктөр менен сырдашып тажап кеттик. Сен акылдуусуң. Ортобуздагы эбегейсиз сезимди экөөбүз тең акыл менен башкарып жүрөбүз. Түшүнгөн адамга бул кандай кыйын! Жүрөктөгү лүпүлдөгөн сезимди шырп эттирбей басып, демин чыгарбай тумчуктуруу. .. Канчалык аба жетпей кысылып, кыйналып бараткан күндө да сен үчүн, мен үчүн өзүбүздүн тандообуз, балдарыбыз, үй бүлөбүз биринчи орунда экенин далилдеп келдик. Ушунча жылдан бери мен сага бир сөз айтпадым. Сен мага үн катпадың. Ананчы түтөп турган сезимди бир сөз менен үйлөп алоолонтуп алсак, илебине ээ боло албай, ал отко бей күнөө канча адамды куйкалап жибермекпиз? Жоок, биз деген акыл эстүү адамдарбыз. Мен жолдошумду сүйөм, сен жубайың менен бактылуусуң((( Башка эмне керек э? Сени айылга келип баары менен коштошуп кетти деп уктум. Жүрөгүм бир башкача толкуп алды.
Экөөбүз сырдашчу булак дагы эле шырылдап муздак, тунук бойдон агып турат. Бүгүн кечке биздин булакты тиктеп отурдум, негедир бир нерсемди жоготкондой эки жагымды карап коем. Биздин аруу сезимдерибиздин күбөсү. Бир убакта биз отурчу таштын түбүндөгү "Назик, өзгөчөм 2023" деген өтө чоң эмес ташка чегилген жазууну окуп калдым. Билинбегидей кылып чегип чыгыптыр. 2023... быйыл...мүмкүн эмес. Мени дайыма "Өзгөчөм" дечүсүң! Сен жаздың э? Сен... башым айланып кетти. 20 жылга жакындап калган сезимдерим. Майда калтырак баскан колдорум менен бетимди баскан бойдон ыйлап жаттым. Эмнеден жаздык? Кайсыл жерден тайдык? Жок, мен бул белгини көрбөшүм керек, бул мага жазылган жок! Ал өзүнүн кызынын атын жазып койду. А мен өзүмчө эле не болуп атам? Балким башка бирөө жазып койду. Калп эле белги, символ издеп жинди боло бербечи! Мен эмес...мен эмес... колума тийген таш менен жазууну чапкылап өчүрүп баштадым. Жоок...кайкырып алдым. Жин кирген немедей чоң таштын боорун колумдагы таш менен чапкылап, өксүдүм, толуп калган көкүрөгүм бошочудай эмес. Канча ыйладым, боздодум билбейм. Бир убакта колумдагы ургулап аткан кичине таштын бир бөлүгү сынып, башыма "каңк" деп бир тийип, көзүмөн от чыгып эсиме келе түштүм. Ылдыйды көздөй ысып аккан канды сууга жууп, колум менен бассам токточудай эмес. Демейде жанымда жүргөн бет аарчы да жок. Жалбырак менен бассам болбоду. Бутумдагы эки байпагымды чечип, так төбөм канап жатыптыр, башыма коюп, өпкөм көөп, көзүм шишип,кызыл ала кан болуп үйгө бет алдым. Албуутанып жаткан балдарды энеси бир койгондо эсине келе түшөт го. Мен да так ошондой болдум. Көзүм умачтай ачыла, декилдеп байпагым менен төбөмдү кармап жолдо келатам. Баарынан да үйдөгүлөргө эмне дейм? "Жыгылып түштүм" дейин десем, "Так төбөң менен сайылдыңбы? " дешет. "Тайып кеттим" дейин десем, эшикте жай, жамгыр да жок. "Тоголонуп барып ташка бир тийдим" десем да окшошпойт. Не десем? Өкүрүп, бакырып таш чапкыладым деп кантип айтам? Бирөө башка чаап качып кетти десем да болбойт. Не десем? Жаман өзүнчө драма болуп атсам, бул жагы ит эле болду. Оорукчан немедей байпагым менен башымды кучактап, шишип-көөп үйгө кирип бардым. -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 23 Ноя 2019
Качан журогум тынч алат болду экен? -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 23 Ноя 2019
Билем, менден куноо кетти. Бирок баары бир сенин кылганын туура эмес. Сыртымда, оюмда, мээмде кечирдим дегеним менен журогум негедир ачышып кетип жатат. Билеем, мени суйосун, а мен да сени жакшы кором. Бирок ошол сезимдерибизге муздактык бир аз себелеп кетти окшойт. Сабак болду. Болуптур, ошол муздактыка нымдалышып калган суйуубузду эми когортуп жибербей, экоолоп кургаталы. ))) Сен кок бет, мен бетбак. Издешпей табышкан экенбиз да, чиркин. -
Темасы: Бул сезим
Жазылган күн: 18 Ноя 2019
СУЙУНЧУ!! ! Уулдуу болдук.)))) Кудайыма рахмат, шугур. -
Темасы: Жыртык жүрөк
Жазылган күн: 18 Апр 2019
Достору
-
sumaya -
turmus -
TimMeka -
Takesha87 -
jalguzum -
aytunuk -
nur_kadyr -
Shanghai -
Azake0103 -
Serenada -
XONIA1995 -
Nurjan15 -
nazgul.elhan -
Sofiya98 -
Mahabat84 -
nargis -
tam4y -
asya00 -
jergetal. -
beru -
Kominam -
Aidani -
Asol.Aslo. -
Aijamal0405 -
nur_ice -
milashka_moia -
Anivar -
fayina -
Tahikardia -
KUBI -
aizira -
Jirawat.kg -
janbirge -
azamattynk... -
Jamka2013 -
Rita00
Комментарийлер
TimMeka
11 Ноя 2018 - 15:47Aidani
07 Ноя 2018 - 15:06