Уландысы барбы
Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене
#322 15 Июнь 2020 - 23:19
Зумураттын энесинин тойго жөнөгөнөй кийинип,
шаан-шөкөттүү кетип баратканын көргөндөр:
– Ботом, тиги жеңени токтотпосоңор, чындап эле акылынан айнып калган го! Жасанып алып, баягы жакка дагы кетип баратат! - дешти.
– Токто дегенди укмак беле а киши? Укпайт. Жай- ына кой, барса, барып келсин. Көксөөсү сууганда тынчыр. Болбосо, баласын таап, эрчитип келип калса, аны да көрө жатарбыз.
– Ээ десең, өлгөндөрдү тирилтип келчү күн болсо кана, атаганат! - деп кала беришти.
* * *
Чепеңдеп алдыда бара жаткан бала-жылан да, эмнегедир көңүлдүү болчу. Улам кылчайып, артта ке- латкан энени карап коет. Аны кубанктан дагы бир жагдай, эненин маанайы эле. Бетине кан жүгүрүп, көздөрү тирилип, баскан-турганы шайдоот, шамда- гай. Анын үстүнө үстүнө кийген жаңы кийими да аны ого бетер ажарына чыгарып салбадыбы.
Алардын мындай маанайы баягы таштын тушуна келгенде гана өзгөрдү.
Эне Аксары кирип кеткен жерден эңкейип ылдый карап, тереңдиктен жүрөгү опкоолжуп, көзү караң- гылай түштү. Ылдый кирип кетип, бир топ жерге чейин түшүп кеткен Аксары да тээ асканын кылда учунда эмне кыларын билбей, бир ийнине куржунун асынып, эки колуна түйүнчөгүн көтөрүп, этек-жеңи желбиреп туруп калган энени карады. Ошондон кий- ин гана эсине келгендей кайра жогору чыгып келип, кыр бойлоп, артында келаткан энеге ыңгайлуу жол издей баштады. Бир убакта жар астынан кылактап чыга калып, кайра куйругун булактатып кире кач-
2
кан кызыл түлкүнү көрүп эне да, Аксары да куба- нып кетти.
Алар так ошол түлкү кирип кеткен жерге келишти. Айткандай эле, асканы кырдап, ылдый кыйгачтап кирип кеткен жалгыз аяк жол бар экен.
Бала-жылан алдыда, эне улам тайгаланып, улам түзөлө калып, жар таянып ылдыйлап келе берди. Те- реңдиктен башы айланып, кулап кетпеш үчүн ылдый карабай, жарды кучактай капталдап, оозунан келме- си түшпөй “Кудайлап” барат.
– Айланып, кагылып кетейин Кудай, жардам бер? Колдой көр? Балама өлүгүм барбай, тирүү барайын? Сенден өткөн күчтүү, сенден өткөн кубаттуу эч ким жок. Барды жок кылган да өзүң, жокту бар кыл- ган да өзүң! Бир кереметиңди көрсөтүп, жалгызыма аман-эсен жеткир, жалгызымды аман-эсен көрсөт? Айланайын, айланайын... Билип жасаган, билбей жа- саган күнөөлөрүмдү кечир? Ата-бабамдын күнөөлөрүн кечир, баламдын күнөөлөрүн кечир? Тилегимди ка- был кыл, баламды көрсөт?
Бир убакта жалгыз аяк жол оңурайган оюкка ке- лип, бүтүп калды.
Эненин муун-жүүнү калчылдап, денесин муздак тер басып кетти. Ал өлүмдөн эмес, баласын көрбөй калуудан коркуп жатты. Бут алдында элтеңдеп, эмне кыларын билбей чебеленип, тегеренген бала-жыланга ичи ысыды.
– Айланайын, айбандан башкача жаралган бир жан экенсиң, эми Кудайдан бир керемет болуп, балама аман-эсен баштап барсаң экен, айланайын... Ак жол- той болсоң экен.
Эне боюн токтотуп, мойнун буруп, аркасында- гы асканы карады. Бооруна куюлган кум-шагылын,
3
орчук-бурчук, анда-санда жерде жалама таштарын жалтыраткан аска көкүрөк керип, бой тиреп турат. Андан төмөнгө карай алган жок.
Өзүнүн буту ылдый жактан шагырап кум куюлуп кетти.
– О, Кудай! - деп жиберди эне. - Шерменде кыла көрбө, Кудай! Баламды бир көрсөт, Кудайым. Андан кийин өлсөм мейли, баламды бир көрсөт, Кудай?!
Эне Аксарынын шооратын издеди. Көпкө тыңша- ды. Эмнегедир андан дайын жок.
– Э, Кудай, айланайын, чын эле шерменде болгом го, - деди бир убакта оюнда. - Эл чын эле айткан го, кокуй? Чын эле мени жин даарып, шайтан азгырган го?! Я, айланайын Кудай?! Мен көргөндүн, мен ишен- гендин баары жалган, азгырык беле? Болбосо, кантип ушундай болсун? Ошончонун баарын берген Кудай кантип ушундай кылсын? Кантип асканын бооруна алып келип асып койсун?
Эне кыңылдап ыйлай баштады.
Төмөндү карай кум-шагыл менен бир топ жерге чейин куюлуп барып токтогон бала-жылан эненин үнүн тыңшап, селейе түштү да, кайра жогоруну карай чепеңдеп, жанталашып жөнөдү.
Ушу саам ал Зумураттын асканын бир топ жери- не чейин чыгып барып, кайра шагыл менен агылып түшүп келчү учурларын эстеди. “Эмнеге эне Зуму- ратка окшоп, асканын боорунан аттап -буттап, коюу шагылдын үстүнө секирип түшүп, ылдыйды карай агылып жөнөбөйт? Эмнеге турат...” - деди ал оюнда.
Эненин калчылдак басып, титиреген буттарын көрүп, селейип катып калды.
– Андан көрө үйдө жатып өлсөм эмне? - деди эне кыңылдап ыйлап. - Аксары-ы! Сен ким элең? Азгы-
рык белең? Көрүмчү белең? Үү-үү...

#323 15 Июнь 2020 - 23:20
Аксары эненин ийин тушуна чейин сойлоп чыгып келди.
Эненин үнү “тып” басылды. Үмүтү жана түштү. “Эми эмне болот?” - деген көздөр бала-жыланды үңүлө тиктеп калды.
Аксары жанагы ойлонгонунун баарын энеге күй- үп-бышып айткандай болду. Бирок эне анын үнүн ук- кан да, түшүнгөн да жок.
Ошондон кийин гана Аксары капталдагы шагыл- дын үстүнө секирип, бой таштады эле, кум-шагыл аны төмөнду карай агызган боюнча алып жөнөдү.
Эне анын эмнени айткысы келгенин түшүндү. “Атаңдын көрү-ү, - деди бир аз чыйрала түшүп. - Жандын таттуулугун карабайсыңбы! Тырышып, тыр- мышып... туруп алганымды, деги эле!”
Жогору жакты карады. Артка жол жок болчу! Буга чейин кантип түшүп келгенине таң калды. “Эми канчага чейин асылып тура алам, кокуй? Чалкам- дан кетип, арка-мойнум сынып өлгүчө, Аксары ай- ткандай болоюн. Башка жол жок!” - деп ойлогон эне акырындап жылып, эптеп эле тигил кум-шагылдын үстүнө бой таштоого аракет кылып баратты. “Ансыз да өлөрүм калды, өсөрүм калган жок! - деди өзүн-өзү сүрөп. - Башыма түшкөндү көрөйүн. Жаным сага аманат, айланайын Кудай.”
Ошо ирмем ал Аксарыны дагы көрдү.
Бала-жылан кайра жогору чыгып келип, жар боо- рунда серейген куурайга илинип алып, энени тостоюп карап турган болчу.
* * *
2
Кечээки түн бир башкача түн болгон.
Тунү менен ооналактап жатып, Зумурат таң агар- ган маалда ордунан туруп, үңкүрдүн оозуна жабылган ташты ары жылдырып, эшикти ачкан.
– Зумурат, эмне болду?
– Эчтеке.
– Кайда баратасың?
– Эч жакка. Таң атканча уктай албай чыктым.
– Эч жериң ооруган жокпу?
– Жок. Бирок бирдеме эле болуп жатам.
Дүрайым чукуранган уулунун оозуна эмчек салып, улутунган.
– Дагы кичине чонойгуча Аксарыны жөнөтпөй эле койсокпу? Сары санаа болуп жатам. Жер үстүндө- гүлөр анын ким экенин, эмне экенин билишпейт да. Бала немени олтүрүп коюшса эмне кылабыз?
Зумурат унчуккан жок.
– Бирок түшүм жакшы, атасы.
Үңкүрдүн оозунда, таштын ордунда отурган Зуму- рат келинге суроолуу караган:
– Эмне көрдүң?
– Аксары менен Тилек... Уулубуз кадимкидей чоңоюп, чуркап калыптыр. Аксары да чоң жылан болуптур десең. Биздин айылдын жогору жагындагы гүлдүү аңызда экөө кубалашып, ойноп жүрүшүптүр. Ушундай керемет дейсиң. Кудум, баягы биздин бала чагыбыздай болуп, жапжашыл шибер, кызыл, сары, көк гүлдөр... Тээ өйдөтөн агып келген тоо суусу тупту- нук болуп, арык ылдый шылдырап агып турат. Чым- чыктар сайрайт. Күн жаркырап тийип турат. Тиги айыл тараптан иттердин авалаганы угулат. Түтүндүн жыты келет...
– Анан?
– 3
– Экөөбүз ушунчалык бактылуу болуп, балдарды асмандан карап турабыз.
– Асмандан?!
– Ооба, биз кудум булуттардын арасында жүргөн- дөйбүз. Аңгыча ары жактан бир аял Тилекке кол булгалап чакырып жатат. Тилек менен Аксары аны карай жарышып, чуркап баратышат. Биз аларды: “Жыгылып кетпесе экен,” - деп чебеленебиз. Бирок үнүбүз жетпейт...
Унчугушпай калышты.
– Атасы, бул кандай түш? Эмнеге унчукпай кал- дың?
– Жакшы түш... - ийин кага улутунат Зумурат.
– Чочуп ойгонуп кеттим. Ошого улай эле дагы бир керемет түш көрдүм, атасы. Биздин ушул турган же- рибиз, ушул үңкүр бейишке айланып кетиптир.
Бу саам да Зумурат келинди суроолуу карап калды.
– Билбейм, кандайча экенин. Ойгонсок эле үңкүрүбүз кенен, жарык болуп, кайдан-жайдан күн- дүн нуру тийип, ар бир таш жаркырап, нур чачып калыптыр. Сыртка чыксак, сыртта да күн...
Улутунду Дүрайым. Зумурат жандана түштү:
– Түшүң туш болсун. Мен да бир нерсени сезген- сийм. Бирөө кытыгылап жаткансып, жүрөгүм эле бирдеме болуп жатат.
– Аксары кайда?
– Жатат тигинде.
– Балким, Аксары бүгүн жакшы жаңылык алып келер? Балким, апам элди чогултуп, бизди бу жерден чыгарып кетишер.
– Билбейм.

#324 15 Июнь 2020 - 23:21
* * *
Ошентип, Аксарыны дагы жолго чыгарып, бу жолу Зумураттын жеңинин учун айрып алышып, бала-жы- ландын мойнуна белги кылып байлап коюшкан.
Ошондон бери экөөнүн караганы эле асканын башы. Баятан бери баланы көтөрүп алышып, жараңканын бул учунан тиги учуна беш-алты жолу барып да ке-
лишти.
– Келер маалы болуп калды, ээ? - деди бир убакта Зумурат.
– Болуп калды. Бирок өткөндө бат эле келип кал- ган... - кабатыр болгондой үшкүрдү келин.
– Токточу, - сыртка кулак түрдү жигит. Экөө тең элейип тыңшап калышты.
– Чыкпай эле койчу, - деди турууга обдулган эрин билектен калган келин. - Өткөндө эмне болдуң? Аз жерден таштын астында калайын депсиң. Көмүлүп калсаң биз сени кайдан табабыз?
– Кудайым бар.
– Жок, кокус өткөндөгүдөй болуп, биздин үстүбүбүздү жар басып калса, балаң экөөбүз тумчугуп өлсөкчү? Жалгыз каласың.
– Коркпо. Бу жер андай эмес, коопсуз. Үңкүрдүн оозу жабылып калган күндө да оңой ачылгыдай кылып койгом.
– Койчу, баары бир жанымда болчу. Жалгыз жи- бергим келбейт. Бизди таштабачы. Ме, андан көрө ба- лаңды алчы.
Ошол убакта чакан үңкүрдүн ичинен упуранып майда-барат топурак-кум куюлуп, сырттан күүл- дөк-шаалдак угулду.
2
Жаңы эле баланы колуна алган Зумурат:
– Жогору жакта жамгыр деле жок сыяктанды эле, Аксары деле тынч келчү эле, мынчалык күүлдөк-ша- алдак кайдан? - деди кулак түрүп.
– Жаным, балким бая күнкүдөй мал-сал түшүп кеткендир?
Ынангандай, Зумурат унчуккан жок.
Таштардн тарсылдап кулап, кум-шагылдын күүл- дөп акканы бир топко чейин созулду.
– Чын эле, - деди келин. - Аксары эмес бул. Анткен менен Дүрайымдын көздөрү күлмүңдөп,
кубанып алган.
– Эт-аш түгөнгөн маалда, ошондогудай дагы бир бодо мал келип калса, ээ? - деди. - Балким, айылды- ктар атайылап эле союп алсын кулатып жиберишкен- дир?
Көп өтпөй эле айлана-тегерек кулак-мурун кескен- дей тынчып калды.
– Ме, баланы, - деди жүрөгү элеп-желеп болгон Зу- мурат шашкалактап. - Мен карайынчы.
– Мен деле барам, - баланы бооруна баскан келин соңунан чыкты.
* * *
Аксары баягы куурайга илинип, башын серейткен боюнча ылдыйды карай көмөлөнүп, томолонуп, кум- дун арасынан бирде көрүнсө, бирде көмүлүп, ошон- до да куржунун кое бербей кетип бараткан энеден көз албай, тирмийип карап турду да, качан гана эне көрүнбөй кеткенде артынан жөнөдү.
Жылан-бала кум үйүлгөн жерге эне менен удаа эле келди да, энени таппай калды. Өчөшкөнсүп, жогору жактан шыркыраган кумдун куйругу көпкө чейин
3
үзүлбөй, куюлуп туруп алды.
Энени көмгөн дөбөчөнүн үстүнө чыга калып, кайра түшө калып, эмне кыларын билбей айланып-тегере- нип жатып, бир убакта эсине бир нерсе келе калган- дай артына бурулду да, үңкүрдү карай чымын-куюн болуп жөнөдү.
Бул убакта Зумурат менен Дүрайым да жараңка- нын ичинде дикилдеп, кум-көчкү түшкөн тарапты ка- рай чуркап келе жатышакан.
Алар жакын калганда Аксары тикесинен тура кал- ды. Муну менен аларга алда неден белги берсе, экин- чиден, көрбөй калышпасын дегени болчу.
– Аксары?!
Демейде жайдаңдап келчү бала-жыландын түрүн көрүп, Зумурат сестене түшүштү.
– Эмне болду, Аксары?!

#325 15 Июнь 2020 - 23:22
Аксары алар жетип-жете электе артына шрт бурул- ду да, алып учуп алдыга баштап жөнөдү. Артынан чуркаган Зумураттын жүрөгү кабынан ыргып кет- чүдөй дүкүлдөп, күйүгүп да чыкты.
Аксары үйүлгөн кумдун жанына жетип, айла- нып-тегеренип кетти. Зумурат чапанын чечип ыргы- тып жиберип, колу менен кумду туш-тушка жиреп, жанталашып ача баштады.
– Эмне болду?! Эмне экен?! - деп, бала менен же- тип келген Дүрайым да баланы жерде жаткан чапанга жаткыра коюп, жардамшып жатып, бир убакта:
– Кол! Кол!- деп бакырган Дүрайым алда кайда ыр- гап-секирип кетти. - Кол!
Тааныш жең, тааныш шакек-билериктер!
– Апа?! - Зумурат бакырып жиберди. - Апаа-аа!! !
– Ыя?! Апа?! - Дүрайым нес болду.
Зумурат баркырап ыйлап, кумду баягыдан да баш-
кача ылдамдык менен туш келди шилегилеп, ача баштады.
– Апа?! Апакем?! Апакебай?! Асылым апакебай!
Дүрайым да жетип келип, экөөлөп кумду шилеп жатып, араңжан энени ачып алышты.
Зумурат энени баладай таптак көтөрүп ала коюп, баркырап ыйлап, теңселип турду.
– Апаң тирүү, эмне ыйлайсың? - деди эненин тамы- рын кармаган келин.- Тирүү!
Ошондон кийин гана жигит эсине келе түшкөндөй энесин жерге жаткыра коюп, сыңар тизелеп отура калып жүрөгүн тыңшады.
– Тирүү! Тирүү! Апакем тирүү! Апа-аа!! !
Эненин аппак чачтарынан жыттап, бети-башында- гы кумду алаканы менен арчып, колу-бутун бат-бат- тан ушалай баштады. Белине байланган көөкөрчөнүн оозун ачып, эненин оозуна суу тамчылатты.
2
Эне тээ бир топто барып көзүн ачып, бет мандай- ында өзүн тиктеп отурган уулун тааныбай жактандай бүшүркөй карады.
– Апа?! Бул - мен, Зумурат! Апаке! Эненин ээги эмшеңдеп кетти:
– Ку-лунум?!
– Ооба, мен, апа! Мен - балаң!..
Башын көтөрөм деп обдулган энени Зумурат кучак- тай калды.
Кучакташып алып, буркурап-боздоп отурушкан эне менен бала!
Эне бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей болду. Ыйын токтото калып, мунун баары өңү же түшү экенин ажыратып билгиси келгендей, уулунун бети-башын кармалап:
– О, Кудай, өңүбү же түшүмбү?! - деди. - Чын эле сенби?! Чын эле амансынбы?!
– Менмин, апо-о! Аманмын! Мени кечир? Кечир мени, апакебайым? !
Уулу апасынын бутун кучактап, буркурады:
– Мени кечире алсаң, кечир, апакебайым? !.
– Каралдым, каралдым! Кечирим сурагыдай күнөөң барбы сенин?! Сага жаным курман! Сени көрсөткөн Жаратканга жаным курман! Эми өлүп кете берсем мейли!
– Жок! Антип айтпа, апа! Антип айтпа! Аны мага угузба!
Ушул убакта Тилек ыйлап жиберди.
Ошондо гана эне Дүрайым менен Тилекти көрдү. Дүрайым ийилип, учурашкан окшоду.
Эне анын ким экенин боолгологондондой, колун сунду.
Жанына отурган келиндин чекесинен өөп, наристе- ни алып, бооруна басты.
– Апа, неберең, - деди Зумурат.
– Айланайын! Айланайын!
*

#326 15 Июнь 2020 - 23:23
* *
Зумураттын энесинин баягы кеткен боюнча кайтып келбей, жоголуп кеткенин айылдыктар эртеси билишти.
– Ботом, баягы кемпирден кабар алып келейинчи,
- деп, курбу-курдаш өскөн Мыскал байбиче адатынча таң эрте эле анын үйүн карай басты.
Байланып турган карала уй менен, короодо маарап турган беш-алты майда жандыкты көрүп, жүрөгү опкоолжуй түштү. «Ботом, уй-коюн эрте чыгарчу
эле, бул убакка чейин уктамак эмес, ооруп калган- бы?» Бирок үйгө кирип эле тунжураган боштук менен көрүшүп, эси эңгирей түштү.
– Байбиче? Э, байбиче? - деген болду. Жооп болгон жок. Демейде, бул убакта Зумураттын энеси мал-жан- ды жай-жайына чыгарып коюп, уулуна деп камдаган ардеме, бирдемелерин кармалап, күйпөлөктөп жүр- мөк. Эки кемпир тээ бир далайга чейин өткөн-кет- кенди кеп кыла кобурашып, кээде күлүп, кээде бышактап ыйлап, кайра бирин-бири соороткон болушуп:
«Эне-е!» - деп Мыскалдын неберелери издеп келгиче отура беришмек.
Мыскал эне эшикке чыкты.
Үйдү айланта карап: «Соо эмес, - деди оюнда. - Кече кеткен боюнча келген эмес го! Мени Кудай куу- ратпаганда, артынан балдарды чуркатпай эмне бол- дум, ботом?! »
Бир жамандыкты туйгандай, тамагы жашка муунуп, көкүрөк-көңүлүн бир кызыктай сезим бийлеп, көзү караңгылап кетти.
2
– Бу кандай болуп кетти, кокуй? Байкушум! Баягы жыланын дагы айта баштаганда кагып койбодум беле шордууну! Угуп койбой эмне болдум?! Эми эмне кылам, каран күн?!
Ошондон көп өтпөй эле Зумураттын үйүнө айыл- дыктар чогулуп келишип, жоолукчандар үйдө калышып, эркектер Зумураттын энесин издеп, Жинди-Чапты карай аттанып кетишти.
* * *
Үңкүрдүн ичине береке кирип, ортого карын май, курут, сүрсүгөн эт, чучук, талкан-нан коюлуп, бапырап эле жатып калышты. Эне келинге деп катып жүргөн жоолугун Дүрайымдын башына салып, уул-келиндин үстү-башын жаңыртып, наристеге деп өз колу менен тиккен кийимдерин кийгизди.
– Апа, Тилектин киймин ченегендей тигипсиз го?
- деди Дүрайым балага атасынын ичигине окшотуп тиккен тонду кийгизип көрүп. - Небереңиз бар экенин кантип билдиңиз?
– Ботом, силер жиберген эки окшош топчудан улам билдим да, - деди эне. - Буларды көргөн сайын силер- ди көргөндөй болуп...
Эне чөнтөгүнөн бетаарчыга оролгон бири чоң, бири кичинекей топчу менен шакекти алып чыгып карап, кайра ороп салып алды.
Ошол түнү алар уктаган жок. Тунү бою үңкүрдүн ичиндеги кобур басылбай, Зумурат менен Дүрайым жер астына кантип түшүп кетишкенин, канча ирет чыгууга аракет кылышып, бирок эми үмүттөрү деле үзүлүп калганын, эне болсо, айыл-ападагы болгон жашоону, анан Аксарыга кантип жолукканын, бирок элге айтса эч кимиси ишенбей койгонун айтып, таң атырышты.
– 3
– Апа, деди бир убакта Зумурат кейип. - Апа, би- рок сиз бекер келдиңиз, Аксары аркылуу эле кабар- лашып турсак болмок!
– Эмнеге, ботом? - баласынын эмне себептен кейигенин билип туруп эле сурап койду эне. Уулу, бир топко чейин кыйналып-кысталып жатып:
– Апа! Үстүгө чыкчу жол болсо, сизди бу жерге келтирбей, өзүбүз чыгып барбайт белек! Мен сиздин бу жерде кыйналганыңызды көрүп, кантип чыдап тура алам, апа?!
– Э, балам, үстүдө мага силерсиз, суутуп коюптур-
бу?! Барайын деген эч ким жок! Мен эмне, жер үстүнө түркүк болмок белем?! Акыры түшөр жерим - жердин асты. Анан калса, төрүмдөн көрүм жакын турат. Ушул жерде, сенин колуңдан топурак буюруп өлөйүн деп келдим да! Андай сөзүңду экинчи мага угузба, балам!
Уул-келин бири-бирин карап, тим болушту. Ошентип, күндөр өтүп жатты.
Айылыдктар болсо, жумалап издеп, Зумураттын энесин таппай калышты да, үйүн бекитип:
– «Байкуштун арбагы ыраазы болсун» деп жандыгынан бир-экини союп, куран окутушуп, болгон ырым-жырымын жасап, «эми сүтүн саап ичип, куран окуп коюп тургула», - деп уй-музоосун, майда жандыгын жаш-аялмет, жетим-жесирлерге таратып беришти.
Соңу
Кымбаттуу окурмандар.
Ушуну менен соңуна чыгара туралы. Анткени, жетишип жаза албай жатам. Иш да башталды.
Буюрса калганын алымча- кошумча кылып, толуктап китепке бергенге аракет кылам.
Инстаграмда , буюрса, онлайн презентация откоруп бергенди да ойлонуп жатам.
Кенен сүйлөшөбүз ошондо.
Мен сиздерди жакшы көрөм.
Жыпар Исабаева

#327 15 Июнь 2020 - 23:24
Автордун одноклассники сайтына жазгандарын жүктөп койдум. Калганын качан улантат, азырынча белгисиз