Oleg-Ummati-Muhammad-SAW Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 35 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (31 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Июль 14
- Кароолор:
- 2 257
- Соңку аракети
- 15 Авг 2014 07:22
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Май 13, 1988
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
uikuchu
25 Дек 2018 - 15:26 -
ekalove
13 Май 2017 - 09:26 -
Stervamyn
13 Май 2016 - 22:58 -
KG_Beka_KG
21 Сен 2014 - 13:15 -
zloy
22 Авг 2014 - 16:27 -
jass00
15 Авг 2014 - 12:28 -
sensei
15 Авг 2014 - 03:26 -
Asan-aka
14 Авг 2014 - 23:50 -
aika2013
14 Авг 2014 - 22:47 -
Nurmuhammad
29 Июл 2014 - 11:13
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Кайсы форумчуну, кайсы тасманын белгилуу каарманына окшоштурасыз?
Жазылган күн: 14 Авг 2014
Оюун күлкү тамаша бөлүмүнө ачпаптырда теманы автор -
Темасы: Шахид мубарак
Жазылган күн: 11 Авг 2014
Ойлонолу ойгонолу.
Даавад үчүн кирген жандар
Бул жашоону сыноо деп билген жандар
Ислам динин жаюуну максат кылып,
Желкесине болгон жүктү илген жандар
Бул дүйнөдө отко - чокко күйгөндөр бар
Ислам динин жандан артык сүйгөндөр бар
Алланын ысмы менен даавад кылсаң,
Артыңдан ушак айтып күлгөндөр бар
Мусулман мусулманга тирек болот
Бир муштумдай түйүлгөн билек болот
Бир топ болуп, каштарына душман келсе,
Мизин кайрып, барысын жиреп коёт.
Момундар көп бул дүйнөдө бардык жерде
Болгону биримдик жок биздин элде
Жакшы дебей жаман деп ушактайбыз
Кудай үчүн күрөшүп жанын берсе
Жок эмес убакытты учургандар
Байлыкка чиренишип кутургандар
Арак ичип, арам кийип жыргаса да,
Алар кимдер?-бул дүйнөдө утулгандар!
АНДЫКТАН ОЙЛОНОЛУ ОЙГОНОЛУ МУСУЛМАНДАР! !!
автор: Барскан Бала -
Темасы: Шахид мубарак
Жазылган күн: 11 Авг 2014
Аллах Всевышний сказал:
"И никак не считай тех, которые убиты на пути
Аллаха, мертвыми. Нет, живые! Они у Господа
Своего получают удел, радуясь тому, что
даровал им Аллах из Своей милости" ("аль-
Имран", 169, 170) -
Темасы: Шахид мубарак
Жазылган күн: 11 Авг 2014
Кулимирзаев Кадирали Раимджанович родился 15 ноября 1969 года. Отец 3 дочерей и 3 сыновей. C 1997 года активно призывал к Исламу и к работе для установления исламского государства.
13 февраля 2012 года был осуждён на 2 года условно.
15 февраля 2013 года был лишён свободы на 8 лет .
9 августа 2014 года находясь в застенках тиранического каримовского режима закончился его жизненный путь.
Жена Кулимирзаева Гульнара Абалтиевна родилась 30 апреля 1974 года.
4 августа 2014 года была осуждена на 2 года условно за ту же деятельность.
Просим Аллаhа одарить нашего брата степенью Шахида и поселить его вместе с Пророками (Мир им) в Садах Рая! Просим облегчения и терпения для его семьи! Просим у Аллаhа победы и освобождения всех притесненных мусульман! Амин! -
Темасы: Илимдүүлөргө суроо
Жазылган күн: 29 Июл 2014
Ай көрүүдөн чыккан талаш
[attachment=98918:8431B902- 1B01-426E]
Кыргызстанда быйыл Орозо айт башка көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнө караганда бир күнгө кеч белгиленди.
Орозо айт качан болот? Орозону бир күн эрте тутса же ачса болобу? Кимдин көзү күчтүү? Эмне кылсам сообу көп болуп бейиште жыргап калам, - сыяктуу маселелер мен үчүн көп деле манилүү эмес. Балким бир күн аз туттук же бир күн көп туттук. Алла Тааланын бизге өзүнүн рухунан үйлөгөндүгүнүн биз үчүн эң жогорку белек экенин унутуп, сооп чогултуу менен алек болгон диний прагматиктердин катарын да толуктагым келбейт. Менин көңүлүмдү бурган жана бузган нерсе - орозонун башталышы жана бүтүшү туурасында ким кандай ыкманы (хикма) колдонгондугу болду. Бул маселе жөнөкөй бир ибадатка байланыштуу маселе сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул маселени талкуулоо укугуна ээ болгондордун ыкмаларын же ыкмасыздыктарын көрүп, Кыргыз мамлекетинин, дегеле мусулман коомчулугунун өнүгүүгө карай, мындайча айтканда чыныгы мусулман болууга карай кандай багыт алып жаткандыгын байкоого болот. Маселени талдоого өтсөк.
ДИНДИК НЕГИЗ
Орозонун парз болушун белгилеген өкүмдөрдүн бири: "Андыктан Рамазан айына күбө болгонуңар бул айда орозо кармасын" (Бакара, 185.) аятында белгиленген. Аяттагы ай сөзү камар (луна) эмес ай-санакты түшүндүргөн шахр (месяц) сөзү аркылуу берилген. Бул жерде Рамазан айынын кирүүсү орозонун парз болушунун себеби экендигин көрүүгө болот. Ал эми айдын көрүлүшү же болбсо айдын жаңырышы Рамазан айынын киргендигинин белгиси. Биз үчүн өкүм Курандын аяты. Ал эми хадисте айтылган айды көрүү орозонун парз болушуна себеп болгон Рамазан айынын киргендигинин тактоочу каражаты.
Эмне үчүн пайгамбарыбыз Рамазан айында орозо тутуу өкүмүнө тактоо иретинде айдын көрүнүшүн негиз кылды? Бул суроого пайгамбарыбыздын дагы бир хадисинен жооп издесек болот. "Биз сабатсыз үммөтпүз. Жазуу жазбайбыз, эсеп эсептебейбиз. Ай (Рамазан) (манжаларын көргөзүп) же 29 же 30." (Бухари, савм 13.) хадиси ошол мезгилдеги айды аныктоо маселесинде сабаттуу эмес коомго эң жөнөкөй жол менен Рамазан айынын киришин аныктоо керектигин айтып өткөн. Хадистин мааниси да манилүү. Ал жазуу жазганды билбеген үммөткө, айдын айлануу циклын каттабаган үммөткө багытталган. Анткени ал мезгилде тамга тааныган адамдар бар болчу. Бирок ай жана күндүн айлануу маселесин (туура жана ишенимдүү) жазгандар жок эсе эле.
Хадистеги "Эсеп эсептебейбиз" сөзү Рахман сүрөсүнүн "Күн жана ай бир эсеп менен (кыймылдайт)" (Рахман, 5) аятындагы эсеп сөзүнө дал келет. Эсепти туура эсептөө менен айдын абалын аныктаса болот, анткени Алла Таала "асманды бийиктетип тең салмактуулукту (мизан) койгондугун" (Рахман, 7) маалымдаган. Демек эгер үммөт сабаттуу болуп, Алланын системасын түшүнүп, эсептеп, Рамазан айынын киришин аныктаган болсо, анда Куранда айтылган орозого байланыштуу өкүмдөргө себеп болгон кырдаал толугу менен жаралган жана чечилген болоор эле.
Анткени көрүүнүн эки түрү бар: жалаң көз менен (хакики) көрүү жана башка жолдор менен (хукми) көрүү. Бул жагынан караганда азыркы учурда бийиктикке чыгып ай көрүү аракетин жасоо жаңылыштык болбосо да, көрүүнүн эң жөнөкөй, сабатсыз жана көрүү мүмкүнчүлүгү начар болгон түрү болуп эсептелет. Салафилерди сындаган аалымдарыбыз көз менен көрүүдөн башка методдорду жокко чыгаруу менен, өздөрү салафилик методду колдонуп жаткандыгын түшүнүшү керек.
Ал эми Абдуллах бин Умардан айтылган: "Айды көрбөй орозо тутпагыла жана айды көрбөстөн туруп айттык кылбагыла. Эгер аба күңүрт болуп айды көрө албасаңар анда (Рамазан) айды отуз күнгө толуктагыла" хадисине таянуу менен Рамазанды отуз күнгө толуктап, Рамазандын киришинде жасалган жаңылыштыкты эки эсе көбөйтүү баарынан мурда усулдук жактан туура эмес. Анткени орозону отуз күнгө толуктоо көрүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо колдонулуучу муктаждыктын негизинде келип чыккан күмөндүү (занний) иш аракет. Мындайча айтканда анык эмес бирок этият болуу үчүн жасалган нерсе.
Ал эми Рамазан айынын качан кире тургандыгы жана качан бүтөөрү илимий негизде анык жана так (катий) белгиленген. Мындай учурда тактык (катий) бар жерде күмөндүүлүк (занний) менен амал кылынбайт, экинчи планга өтөт. Орозону отуз күнгө толуктоо тактыкты таштап күмөндүүлүк менен амал кылуу дегендикке жатат жана бул туура эмес. Хадисте айтылган көрүү мүмкүнчүлүгүнүн жок болушу бир эле көз менен же телескоп менен көрүүнү түшүндүрбөйт. Алла Тааланын койгон тең салмактуулугуна ынанган жана аны аңдап түшүнгөн илимий негиздерге таянып белгилөө да "көрүү" катары кабыл алынат. Кандай болгон ченде да "көздөрү бар туруп көрбөгөндөрдүн, кулактары бар туруп укпагандардын" (Араф, 179) кейпин кийбейли. Көрүү үчүн көздүн болушу, угуу үчүн кулактын гана болушу жетпейт экен. Биз ой жүгүртүп, оюбузду айтып, туураны тактоого ар түрдүү жол менен күчүбүздү жумшагандыгыбыз менен айбандардан айырмаланат экенбиз.
Маселени чечүү ыкмасы: Алла Тааланын эсеп менен жаратып тең салмактуулукка салып койгон жаратылышын илимий негиздерге таянып эсептөө менен түшүнүүнү колго алуу.
Коомдун сабаттуулугун жоюга тоскоол боло турган иш чаралардан алыс болуу.
Ыкмалардын ичинен эң так жана ыңгайлуусун колдонуу.
Тактык (катий) бар жерде күмөнгө (занний) ыктабоо.
АЙДЫ ТАКТООДОГУ АЙМАКТЫК ӨЗГӨЧӨЛҮК
Айдын кайсы бир мамлекетте көрүнүүсү биз үчүн далил болуп эсептелет. Анткени бир күндүк айырмага тете саат айырмасы болбогон болсо кайсы бир мамлекетте көрүлгөн ай айдын жаңырганынын далили болот.
Технология өнүкпөгөн мезгилдерде аймактык айырмачылыктар манилүү болушу мүмкүн эле. А бирок дүйнөнүн кайсыл бир бурчундагы окуя ошол замат бизге жетип турган азыркы учурда үйүбүзгө камалып билген намазыбызды окуй албайбыз. Мындай иш аракеттер бизге болгон ишеничти жоготкондон башкага жарабайт.
Маселени чечүү ыкмасы: Исламдын адамзаттын бардык учуруна жана ааламга өтүмдүү болгон универсалдуу баалуулуктарын жана өзгөчөлүктөрүн аңдай билүү. Ошол эле мезгилде белгилүү бир учурга гана тийешелүү же болбосо белгилүү бир аймакка (мамлекетке) же коомго гана тийешелүү баалуулуктарды жана өзгөчөлүктөрдү айырмалай билүү.
Дүйнөдө бир эле ай бар экендигин эске алуу менен айдын чыгышын тактоону ар бир мамлекет өзүнчө колго албастан эл аралык деңгээлде чечилүүсүн колго алуу.
УБАКЫТТЫ БЕЛГИЛӨӨДӨГҮ ПАРАДОКС
Айды көрөөрдө көз менен көрүүнү негиз кылгандар ошол эле Рамазан айында саарлык менен ооз ачаарда илимий негизде такталган (айды караарда ишенбеген) календарга минутасына чейин карашат. Келгиле анда күнүгө саарлыкта да көз менен карап оозубузду жабалы. Айды караарда ишенбейбиз, ал эми ошол эле намаз убактыларын календарга карап белгилейбиз. Бул жерде ыкмаларыбызда жана амалдарыбызда шайкешсиздик байкалат.
Маселени чечүү ыкмасы: Нерселерге парадигмалык (шайкештик) мамиле кылуу. Мындайча айтканда окшош нерселерге бирдей мамиле кылуу.
МУФТИЙДИН СӨЗҮН АТКАРБОО КАФФАРАТКА ЖОЛ АЧАБЫ?
Муфтияттын айтканын аткаруу керек экендигин, анткени улул амрга баш ийүү милдеттүүлүк (важип) экендигин айтып чыккан азаматтарыбыз да болуп жатат. Ал тургай муфтийдин фатвасынан кийин орозосун бузгандарга каффарат өкүмү чыкты!
Туура, шарият өкүмдөрү колдонулган Дарул Исламда же болбосо шарият өкүмдөрү колдонулбаса да мусулмандарга адилеттүү мамиле кылган Дарул Адлда улул амрга баш ийүү важип. Улул амр ким? Дарул Ислам, Дарул Адл жана Дарул Куфр эмне? Бул өзүнчө узун маселе. Бизге тийешелүүсүн айтканда муфтий улул амр эмес. Улул амр бул мамлекет башчысы. Мындайча айтканда укуктук жактан колдоого алынган, буйрук берүү укугуна жана ал буйруктар аткарылбаган учурда, аны аткартууга жана жазалоого укуктук жана физикалык жактан күчү жеткен жак.
Муфтийдин фатвасы кайсыл бир диний маселеде кызыкдар жак үчүн (мустафтий) маалымат иретиндеги берилген жооп, кеп-кеңеш гана болуп эсептелет. Мүмкүн муфтий өзүнүн башкармалыгында иштегендерге улул амрдир. Бирок жалпы үммөткө улул амр болуп эсептелбейт. Тынчтыкты сактоо үчүн кээ бир учурда муфтияттын буйрукчулдугуна көз жумушубуз мүмкүн, бирок шариятта андай эмес. Мурдагы мезгилдерде муфтийден айырмаланып, казынын өкүмү өтүмдүү болгон. Анткени казы соттун ролун аткарган. Ал эми муфтий жана шайхул исламдар саясаттан алыс болуп, диний маселелерде жол көрсөтүүчү жана диний жашоодо жардам берип кызмат кылуучу милдетти аркалаган. Ошондуктан шариятта казынын өкүмү менен муфтийдин өкүмү бири-биринен айырмаланып турган.
Муфтийдин сөзүнөн кийин 28-июлда (мага окшогон) оозун ачкандарга каффарат боло тургандыгы маселеси кээ бир макалдарды эске салат. Айдын көрүнүшү менен Рамазандын бүткөндүгү далилденгенден кийин бул далилге эч кимдин фатвасы каршы тура албайт. Так далилдерге карабастан занний себептерге таянган муфтийдин фатвасына баш ийбөө каффаратка себеп болбойт.
Сын пикир айткан кээ бир мусулмандарды чагымчылдык менен күнөөлөгөн сөздөр да айтылды. Ар бир адам өзүнүн оюн айтканга укуктуу. Туура эмес болсо да айтканга укуктуу. Туура эмес болсо туура эмес экендигин туура жол менен белгилеш керек. Айтылган ой-пикирлерге эмоция менен жооп берген, дароо эле кайсыл бир агымга же топко кошуп жиберген же болбосо адамдын деңгээлине асыла калган "деңгээли төмөн" мамилелер жайылып баратат. Мындай төмөн, тар мүнөзгө ээ болгондордун ошол эле мамлекеттин негизин түзгөн коомдун эркин ой жүгүртүүсүнө, интеллектуалдык деңгээлди көтөрүүгө жана сабаттуу муундун өсүп чыгуусуна салым кошуучу мекемелерде иштегендиги да бизди өкүндүрөт.
Маселени чечүү ыкмасы: Диндик терминдерди туура талдап, туура колдонуу.
Динди буйрук менен эмес жакшы сөздөр менен жайылтуу.
Көз караштарды айтуу эркиндигин таануу.
Кайсыл бир маселеге илимий негизде ой-пикирин айтуу мүмкүнчүлүгүн жана өзгөчөлүгүн жаратууга ылайыктуу шарттарды түзүү.
Самаган МЫРЗАИБРАИМОВ, дин таануучу, теология илимдеринин доктору
Достору
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW Досторду кошо элек
Комментарийлер
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?