- (380 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Наристелүү апаларга жардам Жаңы төрөгөн жаш балалуу энелер үчүн кеңештер
#1 23 Январь 2014 - 13:14
Наристенин эн алгачкы туулган кунунон тартып ары ширин, ары туйшуктуу, ары кызык кундор башталат эмеспи. Мына ошол мезгилде тажрыйбанын тартыштыгынан айрым койгойлор, суроолор келип чыгышы турган кеп. Келгиле, эмизуу, бала гигиенасы, укалоо, жана башка аспекттер боюнча билгенибиз менен болушуп, билбегенибизди билип алалы.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#2 23 Январь 2014 - 13:33
Билдирүүнү түзөткөн: Sarabanda: 23 Январь 2014 - 13:34
#4 23 Январь 2014 - 13:52
Сут келгенге дейре бала суранса улам кокурокту алмаштырып эмизе берген 1.суттун бат келуусуно оболго тузот, 2.матканы жакшы жыйрылтат.
Торогон сон сут толуп, кокурогунуз кыйнабаса, колду муштумга туйуп, ичке басып комкорончо 2-3 саат жаткан он.
Коп жатпаган да, коп баспаган да жакшы. Улам- улам экоосун алмаштырып туруу керек.
Эмизуу калыптанганча, кокурок катып оорутпашы учун, бош болгондо эле укалай берген он. Укалаганда чыккан суттон 5-10 гр дан башка ашыкча саабай эле койгон жакшы. Себеби, канча коп саалса, ошончо коп сут толот. Бала эмгенден ашыкча саалган суттун орду улам кобойуп отуруп сизди кыйнап коюусу ыктымал.
Белинизди танып ичти киргизууну матка ордуна келип торогондон 2, 3 кун откондо баштаса болот. Ага чейин эрте.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 23 Январь 2014 - 14:17
Бала эмизуу кандай раахат. Мен тундо туруп, бир колумда бала, бир колум менен смесь дайындачум. 40кы чыккыча апам жардам берип, жуунткан, укалаган баары ошонун мойнунда болду. Кантип чонойгонун деле сезген жокмун. Колго алсан жудоп, жатам деп ыйлачу. Жаткызып музыка коюп койсон, озу кошулуп ырдап уктап калат. Кудайдагы мени аядыбы, ыйлак болгон жок, курсагы ачса эле ыйлабаса, болду, озу менен озу журо берет.
#6 23 Январь 2014 - 15:40
#7 23 Январь 2014 - 16:16
Бир педиатрдын айтканы эсимде,сутум аз,тойгуза албайтам деп,фигураны сактоо учун,болбогон шылтоолорду айтпагыла,канчалык коп эмизсе ошончолук,сут кобоетда,экинчи жолку дароо бойго бутуунунда алдын алат,деген. Энеси ачка блуп бир кун кечке тамак жебей калсада баланы тойгузганга жетчуу сут болунуп чыгат,ашказанда эчнерсе калбай. калганда, эненин каруусундагы, булчундар сут болуп чыгаруу функциясын аткарып калат экен. Кудайдын керемети ушунчалык,эненин ар бир органы сут болуп чыгаруу касиетине ээ болуп калат экен. Болбосо согуш кезинде торолгон наристелер ачкадан набыт болмок,анткени эне байкуш бул жактагы томсоргон балдарын ачка калбасын деп талаадан терип келген бир ууч буудайын кууруп, талкан кылып,озу жебей балларына берип,озу кезерип. ачка журсода эмчектеги баласын тойгузуп келишкен,деп таасирдуу кенештерин айткан жайы бар эле ошол педиатр.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 23 Январь 2014 - 16:24
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#8 23 Январь 2014 - 16:29
1. Суунун температурасын текшеруу учун чыканагынызды салып корунуз.
2. Дайым эмес, бир жумада бир, эки жолу баланы дары чопторду (череда, ромашка- 1 литрге 2 аш кашык), туз(1 литрге бир кочуш) тундуруп алып анан жалпы тепшидеги сууга аралаштырып, бир жумада бир жолу самындап жуундурган жакшы. Буларды дайым пайдалансаныз баланын териси кургак тартып калат.
Жуунтканда баланын артына бир колунузду коюп, устуно аны жаткырасыз да, экинчи колунуз менен жуундурасыз.
Баланы сууга шашпай, акырындык менен салып, эркелетип жуундурсаныз бала ыйлабайт. Алгачкы айларда жуунунун эн биринчи функциясы- баланы сууга кондуруу. Озунуз шашып, нервденип, чарчап турсаныз, жуундургандан жуундурбаган жакшы.
Алгачкы жолу жуунтканда баланы эзгилебей, сылап гана жуунтат. Териси сыйрылгандай, кирдегендей болсо да аягына чейин тазалаганга ашыкпаныз. Наристенин териси ото назик келгендиктен, жон гана суу тийгизип койгон жетиштуу.
Жуундурган сон баланын кулагын терен чукубай, корунуп турган жерин гана вата менен кургатып койгон он.
Кундо баланын бетин, кулак артын, моюнун, колдорун (алакан, бармактар), колтугун жумшак ватаны/ чупурокту суулап алып арчып туруу керек. Эгер баланын влажная салфеткага аллергиясы жок болсо, пайдалансаныз болот.
Эгер баланын моюн, колтук- чурайлары кызарса, кургак тартса, кадимки суу майды бууда кайнатып пайдалансаныз бренд кремдерден алда канча ойдо болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 23 Январь 2014 - 16:55
Kg.lady (23 Январь 2014 - 16:16) жазган:
Бир педиатрдын айтканы эсимде,сутум аз,тойгуза албайтам деп,фигураны сактоо учун,болбогон шылтоолорду айтпагыла,канчалык коп эмизсе ошончолук,сут кобоетда,экинчи жолку дароо бойго бутуунунда алдын алат,деген. Энеси ачка блуп бир кун кечке тамак жебей калсада баланы тойгузганга жетчуу сут болунуп чыгат,ашказанда эчнерсе калбай. калганда, эненин каруусундагы, булчундар сут болуп чыгаруу функциясын аткарып калат экен. Кудайдын керемети ушунчалык,эненин ар бир органы сут болуп чыгаруу касиетине ээ болуп калат экен. Болбосо согуш кезинде торолгон наристелер ачкадан набыт болмок,анткени эне байкуш бул жактагы томсоргон балдарын ачка калбасын деп талаадан терип келген бир ууч буудайын кууруп, талкан кылып,озу жебей балларына берип,озу кезерип. ачка журсода эмчектеги баласын тойгузуп келишкен,деп таасирдуу кенештерин айткан жайы бар эле ошол педиатр.
Чыын, чын. Канча коп эмизсе, ошончо коп сут келет. Сутту кобойтуу учун зерикпей эмизе беруу керек. Айрыкча тундо 2 ден 5 ке чейин эмизсе лактация кучойт.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#10 23 Январь 2014 - 22:28
#11 24 Январь 2014 - 01:55
sparkle (23 Январь 2014 - 22:28) жазган:
Он тарабынызда телевизор же терезе жок белее? Наристениздин башы тоголок элеби, же сол тарабын сопойтуп алдынызбы? Дегеним, эмизгенде он тараптагы нерсеге алаксыганыныздын натыйжасы го дейм.
Тендоо учун сол тарап менен кобуроок эмизуу кажет. Он тарап толуп баратса, 5-10 гр дай саап, укалап турсаныз болот. Коп кабатырланбаныз
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 24 Январь 2014 - 01:58
sparkle (23 Январь 2014 - 18:28) жазган:
Сут таркаганда бала эмчектен чыкканда озу эле тенделип калат. Меники да бири чон бири кичине болуп калган болчу.
#14 24 Январь 2014 - 09:18
Кыз баланын гигиенасы
Эн эле алгачкысы, салфетка колдонсонуз деле, суу менен чайкантсаныз деле алдынан артын коздой жууйсуз. Бул занда болуучу айрым микробдордун берки жакка кирип кетуусунун алдын алат.
Малые половые губынын устундо ак бирдеме пайда болсо кыжаалаттанбаныз. Бул май бездери иштеп чыккан коргогуч. Аны ватная палочканы майга салып ошону менен тазалап койсонуз болот. Бирок ото тазалагыч болуп кетпениз. Жана тазалап жаткан учурда малые половые губынын бир- бирине тийишкен жерине да аз- маз май тийгизип койсонуз, алардын биригип кетуусунун алдын алат.
Кээде кызыныз бирдемеге аллергия болуп, бетине высыпание болсо, ал жагына да кызыл тактар чыгышы мумкун, же шишимик тартып калышы мумкун. Мындай учурда ромашка тундурмасы менен чайкап койсонуз болот.
Жаны торолгон кыздан выделение коруп калсаныз кабатырланбаныз. Сиздин курсагынызда экенинде сиздин гормондор откон, ошолордун убактылуу таасири деп билиниз.
Кызды ото абайлаш керек, коп чукуп тазалап жиберген болбойт.
Анан да отурайын деп талпынып калганда озу толук отуруп уйронмойунчо жолоп отургузбайт, маткасы загиб болуп калат деген кеп бар, канчалык чын же калп экенин билбедим.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#16 24 Январь 2014 - 12:20
aijan (24 Январь 2014 - 01:55) жазган:
Тендоо учун сол тарап менен кобуроок эмизуу кажет. Он тарап толуп баратса, 5-10 гр дай саап, укалап турсаныз болот. Коп кабатырланбаныз />
тункусун ар дайым он жагыма алып жатчумун. 4айдан баштап эле турбай жатып эле эмизип калгам.
ошонун натыйжасы
#17 24 Январь 2014 - 12:38
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 24 Январь 2014 - 12:39
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#18 24 Январь 2014 - 14:01
#19 24 Январь 2014 - 16:56
#20 24 Январь 2014 - 17:28
Шилекейин улам арчый бериниз. Азырынча бала аны контролдой албайт.
Шилекей тиш чыгып жатканда да коп агат.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
- (380 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »