- (10 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң Анткени кыргыз тилде сүйлөө укугуң бар
#1 25 Июнь 2015 - 23:04
Мамлекеттик тил, расмий тил деп башты оорутушту. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы (жана азырга чейинки) мамлекет башчыларынын алсыз эркинен, же эркинин жоктугунан ушул абал жаралды деп эсептейм.
***
Өзүмдүн жеке тажрыйбамдан.
***
Бир мамлекеттик кызматкер расмий тилде сүйлөө "укугуна" жамынып, орусча өз оюн жеткиликтүү билдире албаган жаранга "орусча сүйлө, кыргызча түшүнбөйм" деп басынтып жатат.
***
Дагы бир жаран келип алып, "мен кыргызча түшүнбөйм. Ошондуктан өзүм түшүнө алган орус тилинде маалымат алууга "укугум" бар" деп орусча жакшы билбеген мамлекеттик кызматкерди кемсинтип, шылдыңдап жатат.
***
Эми суроо:
Эмне үчүн бир жаран өзү жакшы түшүнгөн кыргыз тилинде маалымат алууга укугу жок? Эмнеге ал жагалданып/ кыйналып орусча сүйлөшү керек?
***
Эмне үчүн бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинде кызмат көрсөтүү укугу жок?
***
Эмнеге кыргыздар башкалардай болуп (керек болсо ӨЗ МЕКЕНИНДЕ) өз тилинде маалымат алуу/малымат берүү укугун талап кылбайт?
Эскертүү: Кыргыз тилин сыйлабагандар эч нерсе жазбай эле койгула.
#2 25 Июнь 2015 - 23:10
Эне тилин суйбогон, элин суйуп жарытпайт.
Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 25 Июнь 2015 - 23:11
*************************************
#3 25 Июнь 2015 - 23:17
#4 25 Июнь 2015 - 23:36
#5 25 Июнь 2015 - 23:54
#6 26 Июнь 2015 - 06:52
Ушундай акыбалда болсок коп создор унутулуу коркунучунда турат.
#7 26 Июнь 2015 - 07:50
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#8 26 Июнь 2015 - 09:53
Билдирүүнү түзөткөн: sterva: 26 Июнь 2015 - 09:56
#9 26 Июнь 2015 - 10:56
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 26 Июнь 2015 - 10:59
#11 26 Июнь 2015 - 11:08
Кыргыздын кино тасмалары да, жарымы кыргыз жарымы орус тилинде болуп жатпайбы, мындай болушуна эмне себеп болууда? Кыргыз киносу болуп жаткан соң, актёрлор эмнеге кыргызча сүйлөшпөйт? Айта берсең сөз көп. Адамдын дээринде болбосо, миң ирет айтсаң да, кайра эле ошол көрүнүш кайталана берет. Улуу урматтуу КЫРГЫЗДАР өз эне-тилиңерди сатпагыла!
#12 26 Июнь 2015 - 12:19
Менимче, азыркы тапта бул койгой акырындап жоголуп бараткансыйт. Балким, бул менин гана субъективдуу пикиримдир.
Жана да кыргыз тишине куйуп бышкан жаштар бар экендиги кубантат. Тилекке каршы, мен учун тил кобунчо пикир алышуу куралы болгондуктан, теманын маанайы уялтты десем туура болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 26 Июнь 2015 - 15:11
Өзүбүздөн башташыбыз керек, коомдук жайларда, баардык жерлерде кыргызча сүйлөй берсек, башка улуттар дагы бара-бара кошулат.
Билдирүүнү түзөткөн: raku: 26 Июнь 2015 - 15:18
#14 26 Июнь 2015 - 15:14
Кийин алардар "киргиздер" өсүп чыгат, кыргызча сүйлөй албаган...
Билдирүүнү түзөткөн: raku: 26 Июнь 2015 - 15:18
#15 26 Июнь 2015 - 15:25
"Кардыма эмес-кадырыма куйомун"да, куйомун!! !
#16 26 Июнь 2015 - 15:35
raku (26 Июнь 2015 - 15:14) жазган:
Кийин алардар "киргиздер" өсүп чыгат, кыргызча сүйлөй албаган...
Менин балдарым бала бакчадан баштап мектепке чейин орусча окушту,мектеп боюнча менин гана балдарым кыргыздар эле.Уйдо кыргызча суйлошобуз, эки тилде тен жакшы суйлошот,кыргыздарга кыргызча,орустарга орусча.Кыргыз экенин эн сонун билишет.Улуулардын тарбиясы дагы жаштарга таасирин тийгизет деп ойлойм.
#17 26 Июнь 2015 - 16:18
Enesai (26 Июнь 2015 - 15:35) жазган:
Силердики жакшы, тилекке каршы баарыныкы эле андай эмес. Менин курсташтарымдын арасында кыргызча сүйлөй албаган киргиздер толтура эле...
#18 26 Июнь 2015 - 17:45
#19 26 Июнь 2015 - 22:54
Otunbaeva. (26 Июнь 2015 - 17:45) жазган:
Ушул билдирүүнү Атамбаева деген ник м/н жазганың да өлө жарашып калмак экен го.
#20 27 Июнь 2015 - 01:34
- (10 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »