Бул теманы келиндер төркүндөрүбүз үчүн арнасак болчуудай. Кайнене, күйөө "үйүңө барып кел" дегенде тим эле учуп, күйүп жумуштарды аткарып, кудуңдап жөнөп калабыз, ээ? Илгерикилерден көп угам "биз бир жылда барсак барып, болсо жок жүрө берет элек, таарынбай нетпей эле. Азыркылар ай сайын барбаса, башы ооруйт" деп. Чын эле? Азыркы замандын келиндери төркүнгө көп кетебизби?
Төркүнгө канча күнгө барасыңар?
Барып конок болуп эле отуруп каласыздарбы же мурункудай шарт-шурт аралашып, буюмдарын колдонуп кете бересиңерби?
Эгер үйдө келин бар болсо тартынсаңар керек ээ?
Эмесе, төркүндөгү жагдай жөнүндө бир аз бөлүшө кетсеңиздер.
Кудуул Тынар Курбаналиев айтмакчы "анча, мынча күйүүмдү, ата-энесин жакшы көргөн кыздар күйөөсүнөн келип алат" деп какшыктагандай, андай болбой эле койсун!
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/
smile.gif)