Чындык катылган беткап.
Детектив, триллер, драма.
-Эмне учун андай жолго бардын?
-тушунбодум.
-тушундун, эн жакшы тушундун. Бир аптадан бери байкуш жигитти милиция кызматкерлери аёсуз сабап жатышат жасабаган кылмышын мойнуна койуу аракетинде,
а сенин жалгандан аккан коз жашын кургайын дебейт, айтчы ал жигиттен эмне каалайсын? Анда акча жок экенин жакшы билесин.
-а балким тескерисинче сиз жок жерден кумон санап чынды жалганга чыгарып жатпаныз.
Мелиса мыйыгынан жылмайып алды. Мындай тилдуу акыл эстуу кыздар оздорун тепсетип койбойт, андайга аракет кылгандарды созсуз жазалайт. Бул керебетте жаткан кыздын жалганын ал экинчи ирет коргондо билген, биринчи куну айтылган создорун эч адашпай утур чекитине чейин кайталап берип жатканда, ал тургай анын кай жерден ыйлап качан жылмайышын да алдын ала билип санап мыкты даярдыктан отконуно баа берип отурган. Кыздын беткабын чечууго канча аракет кылбады дейсин, аяган болуп жан тартты, создорун тескерисинче айтып адаштырып да корду эч майнап чыкпаганда бугун эрте менен уйдон чыгып келе жатып ушул ыкманы ойлонгон. Каршылашындын оюн окуп билиш учун озун ага айлан анын изи менен бас, эгер ал озумчул болуп каалаганын алуу учун баарына даяр болсо сен да ошондой кыл, бетбак адамга бетбакча мамиле кылуу туура деп чечкен. Бул акыркы ыкмасы эмес эле бирок кыз ушул жерден сынды, Мелиса ар дайымкыдай женишке жетишкени турат. Ал ушул сапаты учун коп жылдардан бери баа жеткис кызматкер болуп келе жатпайбы. Канчалаган адамдын канын ичкен канкорлор да бул аялдын алдына келгенде сынып беришет, анткени бул психоаналитик кылмышкерлерге башка арга калтырбайт.
-Балким. Бирок эмне себептен менин кумонум сага тушуп жатат, сени кордогон зомбулчуга эмес, буга тушундурмо бере аласынбы?
-мен сизди тушунбой жатам, мага куноокор катары карап жатасызбы? Башка суйлошкум жок сиз менен, менин абалымды эн жакшы коруп турасыз, деди кыз кыжырдана.
Мелиса илептерин бекем кысып тиши менен тиштеп, жузун тултуйтуп уйлоп туруп демин сыртка чыгарбай ичине жутуп илептерин кое берип чурчуйтуп чыгарып онго солго кыймылдатып койду да манжалары биригип турган колдорун бошотуп алаканын жогору карата тизесине койду, ачык суйлошууго даяр экенин билдире.
-Чечилген беткапты кайра кийуунун кажети барбы? Мен жузунду коруп болбодумбу.
Билесинби, сен мыкты аткаруучу болсон жарашмак, созун ордунда коз жашын сенин буйругунду гана кутуп турат экен, он тустон да Кудай нааразы кылбаптыр. Бир гана бул жер кино аянтчасы эмес а мен режиссерлукка кол койбогом. Жалган айтканды билсен эле ага баары ишене берет экен дебе. Куноосуз адамды бошот. Менден коркпо, мен сага зыян алып келбейм, эгер жардам беришимди кааласан суунун устуно чык тубуно менин колум жетпей калышы мумкун.
-сиз мага жалаа жапканы турасыз, ал учун канча толоду? деди кыз унун катуу чыгарып.
-сен жакшы билесин анда мага бергидей акча жок.
-мына кордунузбу мен да андан эч нерсе каалабайм, берээрге акчасы жок экенин да билем, болгону ал жасаган кылмышы учун жооп берсин. Абалымды коруп турасыз, текшеруу зомбулукка кабылганымды далилдегенинен да кабарыныз бар, ал эми уруктуктун ДНКсы ага таандык экени менин адашпаганымды далилдеп турат. Башка эмне керек сизге?
Мелиса бул учурда туруп болмонун ичнде ары бери басып жургон, вазада салынып турган гулго карап ойлонуп кетти, жолдошунан гул албаганына коп болгон экен, акыркы кундору ал катуу озгоруп кетти балким башканы таап алгандыр, деп оз оюнан озу чочуп кетип кайра келип ордуна отурду.
-Чындык. Эн кызыгы чындыкта жуз пайыз дал келуу болбойт кичине болсо да соз менен иштин айрымасы болуш керек, сенин учурунда болсо баары сенин айтканындай болуп жатат, муну мыкты даярдалган оюн деп коет. Эгер суйлогун келбесе мен айтайын адашкан жеримди туздоп тур, деди да созун баштады. Текшеруу далилдегендей бул биринчи жолкусу эмес, демек сен озунду кымбатка баалайсын рас мындай кордукка чыдаганына караганда. Алар акча бергенден кийин каалаганын алышка укугу бар а сен чыдабаска арган жок. Эмнеге мынтесин мага кызык эмес, балким чын эле акча ото керектир. А азыр баарынан чарчап турган учурун кийин керектуу суммадагы акчаны жыйып болсон керек, эми уй булоо куруп тынч жашагын келип турат. Ал учун кудум абактагы баладай адам керек болгон сага байлыгы бийлиги жок жонокой, кийин кокустук болуп отмушун билинип калса да сенден баш тартып кете албай турган же болбосо жигинди билдирбей комуп салганга даай албаган. Бир гана сен эсине албагансын жонокой адамда да каалоо болоорун. Ал сага уйлонуштон баш тарткан, бул нерсе сен учун оон корунуш, анткени озун тууралуу оюн ото жогору каалаган эркегин сенин алдында болуп конгогсун. Андан терс жооп уккан сон акыркы кадамдарга бардын, олтуруп коюш деле колундан келмек бирок сенде умут бар эле балким коркконунан уйлонуп калабы деген. Ошентип мыкты план тузгонсун да аны ишке ашырыш учун конумуш адатынды колдонуп акыркы кардарынды кутконсун, болгондо да эн мыкаачысын тандап чакырдын, андан канча акча алганынды элестете да албайм мыкаачылар март келет эмеспи. Ал кеткенден кийин биздин жигитти чакырдын, байкуш алдыда эмне кутуп жатканын сезбей эркектик напсисинин артынан ээрчип сага келген. Жарыкты жандырганга уруксат бербесен керек ал карангыда денендеги жараттарды байкабай каалаганын алгандан кийин коштошуп кете берген. Андан аркысы баарына белгилуу, аран телефонго жетип милицияга чалып болуп эсинди жоготконсун,
ойгонуп озунду бул керебеттен таптын. Эмнеден адашканынды билесинби? Озунду ашыкча кыйнап койгонсун, мындай учурда маселеге мендей адамдар аралашаары эсине келбесе керек. Ооба менин милдетим сенин психиканды калыбына келтируу болгондуктан анын эмнеден жабыркаганын аныкташым керек, сенин учурунда зомбулуктан эмес озумчулдуктон жабыркаган.
Кыз чалкасынан жаткан боюнча коздорунон жаш таамп жаздыкка тушуп жатты.
-мен да баардык эле кыздардай ак койнок кийип турмуш жолуна аттангам. Жашообуз бир калыпта отуп жатты томонго да тушпой жогору да жылбай, болгону мен жашоомо канааттанбай жаттым. Кыялымда бардар жашоодо жашабасам да кучтуу эркекти жандап озумду алсыз аял катары сезгим келчуу. Мен андай болушум учун жан шеригим ото эле кучтуу болушу керек экен, а куйом андай боло албады. Ошондой же кундон же тундон ырахат албай жашап жаткан кундорум бир уйгур жигитке жолуктум, ал мен ойлогондой адам эле. Бир кун шаардын четине эс алууга чакырды мен ойлонбой макул болдум, ал кече биз уйго кайткан жокпуз, анын кучтуулугун соз менен айтып жеткире албайм. Эртеси уйго жеткирип келип колума бир ууч акча карматып кете берди, мына ошол кундон башталды баары. Кун алыс ага жолугуп турдум, куйом тоскоол болбой жолумду бошотту, озу учун жакшы кылды антпесе билбейм эмне кылмакмын. Бара бара бул нерседен ырахат гана албай коп акча тапса да болоорун билип толук кирип кеттим. Ана жашоо, мени ырахатка болоп гана тим болбостон керегинен ашыкча акча сунушат. Бирок бардык нерсе акырына чыгат экен, бир кун мен аны жолуктурдум,
анын кучуно байландым да калдым. Ал учун мен баарынан баш тарттым, агып жаткан акчадан, ар кун алчуу ырахаттан, каалаганын бердим керек болсо жашоосуна тоскоолдук жаратып жаткан адамдардан арылттым. Мунун баары анын жон гана менин жашоомдо пайда болгону учун билдирген ыраазычылыгым эле, а ал эмне кылды? Башканын колун кармап кеткени турат.
-сага зомбулук жагабы?
-жок кучтуу адамдын жанында болуш жагат, а ал алсыз экен, суйбосо да уйлонууго даяр, мен аял болсом да суйбогон адам менен жашаштан баш тарта алдым. Мен жолуктурган эркектерден ичинен каалаганыма турмушка чыгып алсам болмок, бирок мен акчасы учун гана жашай алмак эмесмин, суйуу да керек эле. Суйбой акча учун жашаган эркектер эн алсыз эркектер, алар жашоодо оз ордун билбесе коргозуп коюш керек. Кучтуулор жашоодо калат, алсыздар алардын жолун тосконго акысы жок.
Мелиса ордунан туруп барып терезеге жете таянып туруп калды. Тообо озун кордотконду жакшы коргон да адам болот экен да. Бул кыз алсыз болгонду жактырабы же озунун кучтуулугун далилдегиси келеби, ар бир коргон зомбулукка туруштук бергенин эрдик деп эсептесе керек. Алсыз адам менен курошуу буга кызыксыз, андай болсо абактагы бала да кыйла бар. Мага жон жерден баарын айтып берип жаткан жок, балким... деп келе жатып акылына башка нерсе келе тушту. Кыздын жанына басып келип,
-Раяна, атын ушундай беле, мени ук. Азыркы мага айтканынды башка жан адамга ооз ачпа, сенин бактына мен мент эмесмин, тескерисинче сага жардам берчуу адаммын. Бул создорду башка бироо укса жалган жалаа жапканын учун тигинин ордуна сени камайт. Тузоло бер мен сага келип турам, деп сомою менен коз айнегин жогору которуп шиш такасын тыкылдата басып чыгып кетти.
Раяна башын болоор болбос которуп анын артынан карап кала берди эч нерсеге тушунбой, ал башкача ойлоп жаткан, баары бутту бул аялдын кучуно туруштук бере албадым деп.
Коп отпой Мелиса тергоочунун болмосундо отурду
-кыздын абалы чындап эле оор, коптон бери кысым корсотулуп келе жаткандай ким тараптан болсо да.
-а тиги жигит башкача суйлоп жатпайбы, ал озу... деп келе жатканда анын созун боло,
-ал жагы менин жумушум эмес, мен билгенимди айттым, чыныгы куноокор ким экенин аныкташ силердин милдет. Кызга ашыкча суроо берип кыйноого эрте, анын психикасын калыбына келтируу аракети текке кетет, деди да сумкасын которо коштошпостон такылдап чыгып кетти.
*****
Жумуш кунун аяктап уйуно келгенде сааттын жебеси кечки жетини коргозуп турган, кыш мезгили болгондуктан айланага эчаак эле карангы кирип калган эле. Астананы аттап уйдогу карангылык менен бет келишти, мурдагыдай ашканада дымдаманын буруксуган жыты чыкпай, жолдошу кеч келсе аяп сумкасын колунан алып жылуу созу менен тосуп албай калган. Ооба кээде кеч келип уйдо аялдык бурчун аткара албай калат, бирок ал иштеп журбойбу ойноп эмес, озун ушинтип актайт. Жолдошу бир мекемеде юрист сааты менен келип кетчуу жумуш, жубайынан да ошону талап кылып жатса керек.
Уктоочу болмого кирип жарыкты жандырып чочуп кетти, куйосу керебетте комкоросунон жатыптыр кийимдерин да алмаштырбаган...
Чындык катылган беткап Детектив, триллер, драма.
#3 02 Ноябрь 2018 - 13:17
Кадамын баттан таштап жанына басып келип бирок колун сунушка даабай турганда,
-чарчадым, деди жолдошу.
Мелисанын чекесинен муздак тер чыгып кетти, биринчи эле ою тируу экен деген болду.
-эмнеден? балким эргууго чыгаарсын убактын да келип калды, эс алып кайтсан кантет?
-каалабайм!
Дагы башталды, "мен жумуштан эмес жашоодон чарчадым, мага жумушун эмес мени суйгон, коп убактысын сыртта эмес уйдо откоргон аял керек" дейт. А эмне Демир Мелисанын Ким экенин билбей уйлонду беле, ал жумушун катуу суйоорун андан эч качан баш тартпасын угуп коруп туруп ушул кадамга барбады беле, эми мынтип жатканы адилетсиздик эмей эмне. Балким башканы таап алгандыр, а бул создорду жон эле жубайы озун куноолу сезиши учун айтып жаткан болбосун.
Жолдошунун создору жакпай турса да сыр билдирбей
-Демир жур тамактанып келебиз, экообуз тен даяр экенбиз. Андан ары дачага кетебиз, эртен дем алыш эмеспи бирге убакыт откоруп бираз сергип кайтабыз, деди.
-жок! деп кесе суйлоду Демир. Эртен кеч менин жолугушум бар.
-эн жакшы, эртен кечке чейин убактыбыз бар тура, туруп даяр бол мен ресторанга чалып стол айтып коеюн, деп жооп кутпой эле болмодон чыгып кетти.
Мелисанын айтканын аткарбай кое албайт эле жолдошу, ага болгон суйуусу кучтуубу али да же ал жумушта колдонгон ыкмалардан уйдо да колдонобу, кантсе да психоаналитик эмеспи качан кандай тондо суйлоо керек экенин жакшы билет. Кийин ал жубайынын табитин жактырат, эмне тандаса да эн жакшысын тандайт, андан жакшысын издейм дегендер кур эле убара тартышат.
Мелиса "эптеп" деген созду жактырбайт, андайды жашоосунда колдонбойт. Кийген кийиминен уктаган керебетине чейин озгочо табит менен тандалган, бир буюм алаарда эптеп эле ала койбойт, аны айлап кыдырып жакшы жаман жактарын салыштырып отуруп тандайт жана аларды козунун карегиндей сактайт. Озундо бардын баарын жакшы корот, жок ал жон эле жакшы коруу эмес буюмдарын озунун бир болугу деп эсептейт, ар бир буюмунун озунчо тарыхы бар. Ал уйдобу, кочодобу же жумуштабы бир кун да бир жеринен кычык таба албайсын, чач жасалгасынан бут кийиминин такасына чейин мизилдейт. Жан дуйномдун жыргалчылыгы учун Жараткандан белекке берилген дене мучомду аябайм, алар кыймылдаш учун берилген дейт, ошол эле учурда жан дуйносуно жакын гана жумушту жасайт, акылы жактырса болду жасай албайм деш жок. Тан калыштуусу дене мучолорун толук озуно баш ийдире алат, буттары жет деген жерге жетет, колдору жаса деген нерсесин жасашат оорбу, узакпы тандашпайт, алардын кожоюну мээ.
Азыр да алар бир жакшы жерге барышаары бышык, балким Демирдин конулу да ошону каалап тургандыр.
Экоо шаардын эн кымбат ресторандарынын биринде тамактанып отурушат, жанагы эле тарынычтар кайдадыр учуп кеткен сынары конулдору куунак.
Адамга озу аз гана нерсе керек эмеспи, карынды тойгозуш учун коп жештин кереги жок болгону мээн ага эн жакшы азыкты салып жатканын жеткире билиш керек, эптеп бир нерсени жей берсе аш казан толгон менен мээ тойбосо ырахат болбойт.
Демирдин телефонуна конгуроо келбегенде баары ойдогудай болмок. Жолдошу келген конгуроого жооп бербей очуруп койгону бираз ойлондуруп койду Мелисаны. Ал жайдан чыкканда конулу тушуп баштапкы оюнан баш тарткысы келип турса да жолдошуна билгизбегенге аракет кылып жылмайган болуп унаага отуруп дачага карап жоноп кетишти. Анткени анын дагы бир адаты баштапкы максаттан жуйоолуу себеп болбосо баш тартпоо эле, кийин ансыз да очуп бараткан коломто отуна суу сеппейин десе керек.
Ызы чуудан алыс болуп экообуз гана калсак балким ичибиздегини айтып ачык суйлошуп алаарбыз деп ойлогон, ал ою ишке ашпай калды.
Караган адамды коз карашы менен катырып, дудукту суйлотуп койчу Мелиса баардык катуулугуна карабай жолдошуна унун жогору которчуу эмес, ал айткысы келбеген маалыматты такып сурабайт дагы. Жолдошу болсо тескерисинче биртике ундобой журот да акыры чыдабай кетеби ичин жарып катуу кыйкырып эмне ойлогонун айтып алат.
Бугун андай эмес башкача эмнедендир кыжаалат, кызык эмнеге менден аны жашырууга аракет кылып жатат, демек бул кыжаалаттыгы мага да тийешелуу, анын жумулуу жаткан коздоруно бираз карап туруп ушуну ойлоду Мелиса.
Демир козун ачып мандайында озун жылмайып карап турган жубайын коруп, чачынан сылап, жаздыкты коргозуп койду жат дегендей ишаарат кылып, озу болсо ага артын салып жатып алды. Мелиса бугунку откон кунду бир сыйра саптан откоруп эртенге план тузуп коюп уйкуга кетти, коптон бери жолдошунун мындай адатына конуп калган.
Жаманы ал тун ортосу ойгонуп алчуу адат таап алган акыркы кундору. Азыр да ойгонуп кетип коздорун кайра дароо жуумп алды уйкусун жоготпоонун аракетин кылып. Мындайда кулактары да уукуч болуп кетет, ызы чуудан алыс деп келген жайында да дабыштар чыгып сыртта иттердин ургондору угулуп туруп алды. Коздорун жумганы аздык кылат экен кулактарын да бекитиш керек го, бир кулагы жаздыкта экинчисин кантет. Ошол жаткан абалында эле колдорун аркасына сунуп сыйпалап жатып бир нерсени таап кулагына басты, ана тынчып эле калбадыбы эми уйкусун улантса болот. Жок адашкан экен, мээ деген нерсени эстен чыгарыптыр, ал иштеп баштаса эч кандай бекитип болбойт. Кулагына жапкан нерсени сыйпалап жатып жаздык экенин тушунду, озунуку башынын алдында а бул кайдан, " демек Демирдики, ал женил эле илешпедиби колума а эмне Демир балыштан тушуп калганбы " деп ошол эле абалында колун созуп сыйпалап корсо жаны бош, оодарылып караса чындап эле жолдошу жаткан ордунда жок экен, ажатканага кеткен чыгаар деп жатып калды. Он мунот откон сон уйдон эч бир дабыш билинбегенде текшерип коруу учун ордунан туруп уктоочу болмодон кирип кетчуу ажатканага жетип каалганын туткасына колун сунганда сырттан жолдошу кирип келди.
-кайда журосун?
-ажатканага чыктым, деди Демир козу менен эмне болуп кетти дегендей карап.
-сен сырттан кирбединби.
-ооба бизде башка дагы андай болмолор бар эмеспи, сени ойготпоюн деп биринчи кабатка тушком.
-жарыкты да жандырбайын дегенсинго.
-жандырдым а эмнеге?
-колундагы телефонду айтам.
-аа саатты караганча эле которо кетипмин.
-канча болуптур?
Демир билбейт эле азыркы убакытты.
-тушунбодум, сен эмне мени суракка алып жатасынбы Мелиса?
-жок. Уйкум качты жон эле, деп жолдошунун белинен кучактап барып керебетке жатып калды. Демир жубайына жооп кылып чекесинен жыттап койду да чалкалап жатып эки колун башына жазданып уйкуга кетти. Колун созуп бейкут кучагына кысып эркелеткенди айтпа жон эле анткиси келбегенин жашырганга да аракет кылбайт. Бул жон гана башканы жолуктуруп калуу эмес андан алда канча оор кадамга баруу болсо керек. Абада калкып жургон чандардын орун алмашып калганын байкаган Мелиса кантип эле ушуну байкабай калсын.
Туну уйкусу канбай башы ооруган кундор артта калып азыр андай корунушко конуп буткондой, жолдошу тошоктон туруп алдынкы кабатка тушкондо эс алуу болмосундогу столдун устундо дуюм тамак уйулуп турган экен ар дайымкыдай жогорку денгээлде жасалып, бул нерсеге качан улгургон. Демир байкаган анын туну менен уктабай жатканын, озу болсо тан атаарда гана козу илинип бир саатча уктап кеткен экен ошол убакытта баарына улгургонбу, кантип? Уйдо азык дагы жок эмес беле мунун баарын даярдаганга, жубайы аны тан калтырганын койбойт.
Жолдошунун столдон козун албай карап турганын коруп жылмайып жанына басып келип чачынан уйпалап эркелетип ОЗУ да эркелей кетти.
-бактылуу кунго кош келиниз!
-бирок... качан?
Мелиса жооп ордуна эки алаканын жайып жогору далысынын тушунча которуп койду.
Демирдин тан калганы дасторкон толгон дуйум тамак гана эмес Мелисанын турушу дагы эле, кудум тун болуп тан атпагандай, азыр эле тошоктон турган адамдай эмес эми эле сулуулук салонунан чыгып келгендей ажарына чыгып турган аялын карап туруп ичинен муздап кетти, дагы эмнелерге улгурду болду экен акыркы бир саат ичинде, эмне мунун жаны темирденби.
-Демир сага эмне болду? Жасаганым жакпай калдыбы? Татып кор, эгер чындап жакпаса башка жасай коем.
-жок баары жайында, мен бети Колумду жууп келем деп артка бурулуп жуунучу болмого кирип эле телефонун которуп кимдир бироого кат жазып кирди. Ангыча Мелисага конгуроо келип жагымсыз кабар угузду окшойт же жумушуна чакырып дем алыш кунун бузгангабы жузун чытып козун жуумп демин ичке тартып ойлонуп туруп калды. Жолдошу чыгып келгенде сумкасын асынып босогодо кетууго даяр турган эле.
-Демир кечир, жумушка баруум керек болуп калды.
-бугун дем алыш эмеспи. Ким мага соз берди эле дем алышты бирге откоробуз деп. Мелиса эмне болсо болсун кайт, дем алыш куну жумушка чыкпаганын учун эч ким сени айдап жибербейт.
-Демир бул жон гана жумуш эмес, мен ал кызга керекмин, башка бироого тапшырып кое албайм, анда бул нерсе жакшылык менен аяктабайт.
-макул бар, уй булоондон да артык болсо бар.
Бул создордон сон Мелиса босогону аттап чыгып кете алмак эмес, бут кийимин чечип сумкасын оордуна коюп столдун жанына басып келди.
-макул айтканындай болсун.
Экоо бирге калгандары менен жакшылыктуу тамактана да алышпады, создору да бир бирине коошпой турду мындай болсо кунду эч бир пайдасыз откорушоору анык.
-Мелиса кечир мени, мен... жакшысы жумушуна бар, баарын тушунуп туруп мындай мамиле жасаганыма озум дагы тушунбой калам, ашыкча эле озумчул болуп баратсам керек.
Жолдошуна карап баары жайында экенине ынанганда гана колдорунан кармап ооп ордунан турду.
-токто бирге кетебиз, унаан жок эмне менен кетмексин, деп бирге туруп жоноду Демир да.
Дем алыш болгонуна карабай Мелиса жумушка чыгып Раяна жаткан ооруканага келди. Экоо созун жаны эле баштаганда сырттан Мелисага тааныш жуздуу озунон он жаштарга улуурак аял кирип келип,
-Эгер оорулуунун тууганы болбосонуз сыртка чыгып турасыз, биз маектешип алышыбыз керек, деди.
Мелиса анын копоолдугуна маани бербегендей,
-саламатсызбы, эмне себеп менен келгенинизди билбейм бирок биздин маек да маанилуу, эгер зарыл болсо он мунот убакытка чыгып турушум мумкун болбосо куто турасыз, деп жумшак ун менен жетээр жерине жеткирип жооп узатты.
-мен андай деп эсептебейм, анткени мен жумуш устундомун, болгондо да дем алыш куну убактымды болуп келип отурам.
Бул аял Мелисаны душман катары эсептеп жатабы же уккан жообуна теригип кеттиби айтоор ачууланганын жашырбай заар коз карашы менен карап туруп суйлоп жатты.
Чынында ал озунон жаш бул кесипке андан кийин аралашса да аброю жогору турган Мелисаны анча жактыра берчуу эмес.
-тушунбодум. Билишимче экообуз бир максатта келип отурсак керек, бир кесиптин ээси эмеспизби. Бирок эмнеге экообуз? бул кыз бироо эмеспи, кийин ал мага тапшырылган.
-адашасын, бугундон баштап бул кыз менен мен иштешем, деди аял папкасын ачып ручка барагын даярдап жатып.
Мелиса Эми тушунгондой болуп,
-эже кечиресиз, бирок мен журумду баштагам, азыр биздин алмашуубуз кызга зыянын тийгизип коюшу мумкун, тийиштуу адамдарга озум жооп берем сиз дем алыш кунду уланта берсениз болот, деди сылык гана озунун куноосун сезе.
Бул создорду озунон жаш, турмуштук тажрыйбасы аз бирок аброю озунукунон жогору болгон адамдан угуш ансыз да кыжырдуу турган аял учун катуу соккудай туюлду окшойт, заарын чачып кое берди.
-менин кунум, аны кай жерде кандай откороорумду озум билем а сен оз кунундун камын кор, анткени мен сен жашырып жаткан сырды ачмакмын, Менин жумушума тоскоол болбо.
Аялдын каршы алган мамилесинен азыр ага суйлоонун пайдасы жок экенин тушуно, ордунан туруп жоноп калды Мелиса. Ага да конбой тиги аял анын жанына басып келип устомдук кыла аста шыбырап,
-биздин милдет оорулууну дарылоо эмес анын чыныгы жузун ачуу эмеспи ээ, деп басып кетти.
Мелиса озун татыктуу тутуш учун аран карманып туруп артка бурула кызга башын чайкап, ооз ачпа дегендей ишаарат кылып чыгып кетти. Раяна анын жузунон азыр эле тиги аял ото жагымсыз соз айтканын тушунду.
Мелиса сыртка чыкканда жолдошу али да кетпей кутуп отурган экен.
-сен эмне кетпединби?
-баары бир кечке чейин бошмун, а сенин унаан жок эмеспи жоо коймок белем, деди ал камкорлоно.
Ага ыраазы боло тиктеп,
-мени прокуратурага алып барчы эгер ынгайсыз болбосо, деп суранды.
Демир унаанын башын буруп ал айткан жакка жеткирип сыртта калды кутуп.
Мелиса тергоочуну ынандыра албай айласы куруп ачуусу менен келип унаага унсуз отуруп калганын коруп бираз конулун ачуу учун уйго эмес башка конул аччуу жайга айдап дачада калууга буйрубаса да шаарда кунун бирге откорушту. Айтылгандай Демир кеч жолугушууга баруусу керек. Мелиса андан кайда бараарын ким менен жолугаарын да сурабады, бул анын адаты эмес. Кызганууга да орун жок, Демир акыркы келесоолордон эмес дем алыш куну кечинде болгондо да жубайына алдын ала айтып туруп жашыруун жолугууга бармак эмес. Бири уйго кирип бири сыртта калып экиге болунушкондо гана женилдеп алышты, акыркы убактарда бирге болуу экооно тен оор болуп баратканга окшойт, ага карабай экоо бирдей уй булоону сактап калууга тырышып жатышкандай, балким бул откунчу кундор отуп кетет деп жатышкандыр.
Эрте менен ойгонгон Мелиса кадимкидей талыкшып калыптыр, кечээ коп жургонгобу же коп ойлонгонгобу башы да бираз ооруп тургандай, жада калса кечинде жолдошунун качан келгенин да сезбей уктаган. Кандай болсо да ал турганча озун иретке келтируусу керек, аны бул абалда бироо коруусун каалабайт. Ангыча кутуусуз конгуроо кагылып Мелисанын журогу титиреп кетти, арыдан жолдошу да жетип келген экен, анын жузундо да тынчсыздануу бар эле, экоо бири бирин карап туруп калышып качан гана экинчи ирет конгуроо чалынып каалганы ача бергенде босогодо милиция кызматкерлери пайда болушту,
-Мелиса Артыковна биз менен журунуз.
-себеп? деди жолдошу биринчи оозанып калтыраган доошу менен.
-кече кечинде кесиптешиниз Аида Толонова киши колдуу болуп олтурулгон...

#4 02 Ноябрь 2018 - 16:13
Ээхх вообще мощна чыгарма экен автор. Колунузга береке коп-коптон шашбай тез-тез жаза бериниз??!
#5 03 Ноябрь 2018 - 05:46
Уландысын кутобуз! Эмнегедир озум ошол жерде жургондой титиреп кеттим.
#8 04 Ноябрь 2018 - 11:42
Автор аягына чыгасызбы? Чыксаныз окуйлу сутко оозу куйгон айранды уйлоп ичет болуп калганбыз. Каттуу айтсам кечирес.
#10 04 Ноябрь 2018 - 20:16
Автор сиз дагын бироонун чыгармаларын саргара кутуп кыйналып жазбаса жинденип окууган чыгарсыз ошону эске алсаныз
#13 06 Ноябрь 2018 - 22:54
Коп отпой Мелиса сурак болумундо отурду.
-кайгылуу окуя болуптур. Жашоо кутуусуз бурулуштарга бай деген ушул экен да, болбосо кече аны коргонумдо мындай болушунан кумон да санаган эмес элем. Бирок менин бул жерде кандай тиешем бар? Же силер мени...
-жок албетте, андай эмес, болгону сиздин кесибинизге тиешелуу суроолор бар, тескерисинче сиздин жардамыныз керек десек да болот. Кече аны коргонунуздо андан кандайдыр бир озгочолук байкай алдыныз беле, балким коркуу сезими коштоп жургонун же кыжаалатчылыкты. Сиз башкаларга караганда адамдын жузуно карап оюн окуй алат эмесссизби.
Мелиса тергоочуго бираз тигилип туруп илептерин чурчуйтуп чыгарып онго солго кыймылдатып болуп жылмайып алды. Бул кылыкты ал маектеши чыныгы жузун, тупку оюн жашырууга аракет кылып жатканын байкаганда жасайт. Азыр да тергоочунун созуно эмес оюна конул болуп отуруп ичинен суйлонуп алды, сен кимди алдап убараланып жатасын, туз эле сурасан болмок, ал тууралуу менин оюмду билгин келип жатабы, ха адашасын мен эч кимди озумо атаандаш деп эсептебейм, керек болсо сени да.
-ооба ал мага душманындай карап корс мамиле жасаган, бирок муну утурумдук озгоруштук дей албайм, анткени мен алдын ал аял менен бет келишип корбогонмун, балким бул анын дайымкы журум турумудур.
-сизге жагымсыз болсо керек мындай каршы алуу, кимге эле жага койсун учунчу жактын болгондо да сенден коз каранды адамдын алдында кагуу жеген.
-Мен аны тушунуу менен кабыл алгам себеби билем биздин жумуш ото оор. Оорулуулардын эсин жайына келтиребиз деп алардын жашоосуна сунгуйбуз, кай жерден жабыркаганын аныкташ учун алар сезгенди сезип, алар басып откон жолдорду баткагына карабай кечип отуубузго туура келет, мына ушундан кийин озубуздун жашообузга кайтып келип кадимкидей кунумдук жашообузду улантуубуз керек. Албетте бул оз кесибинин чыныгы ээлерине таандык сапат, бирок ким болбосун ал тируу жан да темирден эмес, кээде андай адамдардын да мээси мындай тез алмашууга улгурбой калат, ошондуктан биз кээде жонокой созду да которо албай турган абалга келип калабыз, бул корунуш тан калаарлык нерсе эмес. Анан дагы ал менин алдымда чыныгы жузун жашырууга кажет жок эле.
-айтынызчы, ооруканада жаткан кыздан кумондуу нерсе байкай алдынызбы, балким ал жалгандан корсотмо берип жатканын.
-аны аныктоо менин милдетим эмес, мен жон гана ал жалган айтууга жондомдуубу жокпу билишим керек, эгер андай болсо себебин аныкташым керек.
-аныктай алдынызбы?
-ал жонундо сенин билуун шарт эмес, ар иштин озунун кожоюну болот эмеспи, билишимче сенин ал ишке тиешен жок.
-ошондой. Болгону мен, маркум сиз аныктай албаган же жон гана аныктагыныз келбеген маалымат учун жанын курмандыкка чалышы мумкун деген божомолду текшерип жатам.
-балким.
-сиз да менин айтканыма кошуласызбы, Ооруканадагы кыз жасашы мумкунбу?
-мен андай деген жокмун, дегеле бул менин маселем эмес, ар ким оз жумушун жасаганы жакшы.
-тушунуктуу, бизге жардам берейин деген каалоонуз жок.
-менимче силер алсыз корунбойсунор, а кучтуулор жардамга муктаж болбойт.
Тергоочу акыркы жоопту укканда кагаздарына карап ойлонуп отуруп калды, мандайында Ким отурганын жакшы билет. Азыр озун ото кылдат тутуусу керек, антпесе мандайындагы аял анын ичегилери кандай кыймылдап жатканын билип отурганы белгилуу. Мындан коро министирди же бир канкорду суракка алуу женил, алар тескерисинче тергоочунун алдында оздорун кылдат тутуп отурушат.
Мелиса саатына карап койду, бул жайда отурганына да торт саатка чукулдап калыптыр, торт сааттан ашык сурак журбойт. Мындан ары тергоочунун аны кармап отурууга акысы жок айып такпаса коюп жибериштен башка аргасы калбайт.
Айткандай эле беш мунот отпой Мелиса ал жайдан чыгып келип мандайында турган жолдошун коруп токтоп калды.
-сен бул жерде эмне кылып журосун?
-кандайча эмне кылып? Сенден кабатыр алдым.
Анда эмне бул жерде отурасын, ичкери кирип сураштырып жактоочуга кабар бериш керек экенин сен билбесен анда башка бул чойродон такыр кабары жок адамдар эч эле тоскоолдуксуз оздорун тозок отуна таштап берет экен да. Аа ооба унутупмун маселе озунун жакындарына келгенде дарыгерлер да колунда турган ийнени кантип сайышты унутуп коюшат эмесби, байкушум сен да кыжаалат болгондон эмнеден башташты билбей калгансын го, же ирети менен кетчуу жолду башка нукка бургун келдиби, деп ичинен суйлонуп алып, алдыга карай басты.
-жакшы кылыпсын Демир мени уйго алып барчы эс алууну улантайын, кандай жакшы ээ бугун да дем алыш болгону.
Демир жубайынын унунон дайымкыдай колдой жайылган жайбаракаттыкты угуп турса да анын тупку оюндагы какшыкты байкай алды. Анан эмнени кутту эле, оз уйундо мурдунун алдынан милиция кызматкерлери алып чыгып баратса да эч бир тоскоолдук корсото албаганы аз келгенсип торт саат бетондон курчалган суук болмодо отурганга жол коюп, озу жаратылыштын кооздугуна суктанып жылуу унаада куру кол отургандыгы учун рахмат угушу керек беле. Жубайы Мелиса болгондугу учун гана ач кыйкырыксыз алдыда баратса керек, башка аял болгондо азыр анын ордун жакшылап коргозуп, ким экенин тушундуруп коймок. Ким билет балким Демир да ошону каалагандыр эле, жубайынын темирден эмес кадимки аял экенин коргусу келгендир. Бири алдыда бири артта бараткан бул эки адам жашоодо эн негизги тандоодон адашкандай, экоо эки башка такыр окшоштугу жок тугойлор кантип бир уйдо жашап жатышат болду экен, же аларды бириктирип турчу башка негиз барбы.
Уйун коздой баратып Мелиса жолдошу сураган суроолорго жай гана жооп берип келе жатты.
-Мелиса сен бул маселеге эч аралашпа, эгер тергоочунун божомолу туура болсо ал кызга жакындоо коркунучтуу. Балким чындап эле сенин кесиптешин анын сырын тартып керек болбогон маалыматка ээ болуп алгандыр, ал чыгып кеткенден кийин эмне кылып койгонун кеч тушунгон кыз ушундай кылуусу мумкун.
Сени Кудай озу сактаптыр.
Жубайы жооп ордуна жылмайып гана койду. Анын жылмайуусунан сен кимге уйротуп жатасын дегенди окуса болот эле. Демир ундобой, козун да ирмебей жолго карап отуруп калды. Анын ролго жабышкан колдору титиреп жатканы ачык эле байкалып турган.
"Эмнеге Демир, эмнеге анча кыжаалатсын? коркуп жатасынбы? мен учунбу же менденби? деп ойлоно Мелиса да жолдон козун албай баратты.
Дем алыш кундор да аяктап, чарчаганы чарчаган боюнча дем алганга улгургону жайдары жуздору менен жумуш кунун башташты. Мелиса да оз ордунда конгон жумуштарын аткарып жаткан, ангыча прокуротурадан ооруканага отуп Раяна менен иштоону улантуусун айтып конгуроо кылып калышты. Телефондун туткасын кармаган боюнча ойлонуп отуруп жолдошунун номурун терди,
-Демир эсиндеби кечеки баяным, мына азыр эле ал ишти улантуумду суранып чалышыптыр, кандай дейсин?
-жок, Мелиса токтот. Жыйынтыгын кордун го кандай болоорун.
-а эмне учун антип ойлоп жатасын? Маркумдун башка койгойлору да болушу мумкун эле го.
-озун бил, сен сурадын мен оюмду айттым. Унутпасан мен да ушул чойронун адамымын. Биздин багытыбыз бир эле женишке жетуу, болгону экообуз эки башка жол менен алып барабыз, акыркы жыйынтык адамдардын чыныгы жузун ачуу. Ошондуктан суроондун жообун озун жакшы билесин.
-макул айтканын болсун!
-бул эмне дегенин Мелиса?
Жолдошунун акыркы создорун укпай эле телефонду басып салды. Чынында Мелиса баарын эчаак эле чечип койгон, болгону ал кадамдардын туура багытта баратканын текшерип оюн бышыктап алууну чечкен эле.
"Тушунуктуу, сенин омурун, озун курош деген экенсин го. Макул, айтканын болсун Демир, айтканын болсун!" деп суйлонуп жатты телефондун туткасын кыса кармаган боюнча. Анан эсине келе калгандай шашыла ордунан туруп ооруканага жоноду.
Раяна аны кудум жакын сырдаш адамындай тосуп алды жылуу жылмайып. Мелиса да ага карап жылмайып коюп болмого бир сыйра коз чаптырып алды, вазадагы гул дагы жанырып калган экен, анын кайдан экенин сурайын деп оозун таптап барып кайра ичине жутуп алды. Бул суроонун жообу анын алдыда жетуучу максатына кедергисин тийгизип коюшу мумкун.
-эже бугун да сиз келипсиз, демек менден дагы бир нерсени билгиниз келет го дейм. Же сиз дагы башкалардай эле кесиптешиниздин олумунун жообун менден алгыныз келип жатабы?
-жок Раяна ал ишке сенин тийешен жок экенин эн жакшы билем. Кийин ал менин маселем эмес, менин милдетим сени баштапкы калыбына келтируу.
-бирок сиз билесиз да менин баштапкы абалым менен азыркы абалым бирдей экенин.
-бирдей эмес. Сен кучтуу гана эмес, ак караны ажырата алган акылдуу аялсын азыр болсо кимдир бироонун курмандыгы болуп жатасын.
-кызык, кимдин?
-мага кызык эмес анын кимдиги, Ким болбосун ал сенин курмандыктарына арзыбайт. Бул тууралуу жакшылап ойлон, качан даяр болгондо кабар бер, азыр мени жолдошум кутуп калды. Билесинби ал эн жакшы адам, мага болгон суйуусу чексиз, мен учун баарын жасоого даяр, Эгер мен кыйын абалга тушуп калсам четте карап турмак эмес, мына ушундай адам арзыйт курмандыктарга, деп берилуу менен суйлоп бутуп ордунан туруп жоноп калды.
-Мелиса Артыковна!
Ал каалгага жете бергенде бул чакырыкты угуп токтоп туруп, ууртунан билинер билинбес жылмайып алды.
-эмнеге? Эмне себептен сиз мага жардам берип жатасыз?
-бул менин милдетим, деди артына бурулуп кызга карап.
-бирок сиз билесиз, мен... деп келе жатканда аста жанына басып барып,
-кучтуулор жашоодо калат, алсыздар алардын жолун тосууга акысы жок, деп озунун айтылган созун кайталап колун бекем кысып койду.
Ушул учурда Раяна анын жузунон кыжаалатчылыкты байкап,
-сиз бир нерседен кападайсыз, деди.
-жок, жон эле бираз чарчап турам сурактардан, адамдардын коз карашынан. Аида Толонованын олумун менден да сурап жатышат, ал кечээги эле бобок тергоочунун озун мага салыштырып мени торт саат муздак болмодо кармаганын акылыма сыйдыра албай жатам. Ал кайдан андай кучту алып жатат болду экен, эч бир далилсиз менден кумон кылгыдай ошону ойлонуп жатам, деп кабагын буркоп айтып жатып кай жерде экенин эстегендей чарчанкы ушкуруп жылмайып койду. -карачы сени дарылабай эле, озумдун дартымды айтып жатканымды. Бирок эч нерсе эмес, жолдошум бар баары артта калды, ал мени жалгыз калтырган жок. Жашоодо ийгиликке жетиш учун ар дайым бизди колдогон адамдарга ыраазычылык билдирип жашашыбыз керек, антпесек карыздар болуп калабыз, ал эми карыздар адамды ийгилик суйбойт, деп вазадагы гулго бир карап алып туруп барып жыттап -менин жолдошум да мага ар дайым ушундай гул берет, менин жакшы коргон гулдорум, билбейм эгер ал дагы башка адамга гул бергенин билсем эмне кылмакмын. Экообуздун табитибиз бир экен деди да саатына бир карап алып коштошуп чыгып кетти.
Раяна бир нерсе дейин деген улгурбой калды.
-бул гулдорду мен эмес ал жакшы корот дейин десе керек.
*****
Аз убакытта Мелтса тергоочу менен бетме бет суйлошуп отурду анын болмосундо.
-кече мен ИИБ тарабынан суракка алынганымды билесизби?
-ооба, алар биздин иш боюнча маалымат сурашкан.
-демек сиз да алардын оюна кошуласыз, Толонова менден артык маалыматка ээ болгон деп.
-Мелиса сенин чеберчилигинден кумонум жок, бирок сен да инсан эмессинби, жашоодо ар бир нерсе качандыр биринчи жолу болот дегендей бул да сенин биринчи адашуун болуп журбосун.
-балким. Чын эле мен да инсан эмесминби, бирок ал кыз жалган айтып жатат дегенибиз да адашуу болуп калсачы.
-камактагы баланы бир карап короорсун, мен ага кобуроок ишенип жатам.
-жок! Мен абакка кирбейм, Эгер ал жерде сурак жургузгонду кааласам сиздин кесипти тандамакмын, деди да кандай кирип келсе ошондой эле уруксатсыз чыгып кетти.
Баардык жумуштарын жыйыштырып коюп бугун уйуно эрте барып жолдошун жумуштан кутуп алууну чечип шашып келген. Жолдошу болсо эч бир дайынсыз эле кечигип тун ортосу кирип келип али да уктабай ашканада озун кутуп чечинбей бут кийимчен ойлуу отурган Мелисаны коруп унсуз мандайына келип отуруп калды. Мандайында ал куткондой суроо берип мээсин чакпай тескерисинче мээрим толгон коздору менен карап аны аяп отурган жубайын карап тутпой кетти ондонот буркурап ыйлап жиберди,
-кечир мени! Мелиса мен азыр эле жаман иш кылдым, азыр эле...
-чшш, ыйлаба Демир ыйлаба, кылганына окунуп ыйлаба, баары озуно татыктуу жашоону алат. Сен кимге эмне жасасан ал ошого татыктуу болчу, деп сооротуп колдорун созуп анын колдоруна жакындата бергенде телефондун конгуроосу чалынып экоону бирдей чочутуп жиберди. Мелиса жашыл баскычты басып кулагына такай электе ары жактан тергоочунун уну жаныра берди.
-Мелиса, ИИБдагы Аида Толонованын ишин алып барып жаткан тергоочу бала киши колдуу болуптур жаны эле, ооруканадагы кыз ордунда жок...

#16 07 Ноябрь 2018 - 11:00