Ар бир чыгарманыз ширелуу, сабак болчудай маанилуу, азаматсыз, колунан коору тогулгон устасыз.
Каргыш Детектив, триллер, мистика, мелодрама.
#22 19 Январь 2019 - 11:51
Селсаяк кыз баарынын айласын кетирип жапайыланып жатканы менен акылы өтө жакшы иштеп жаткан. Биринчи көргөн сымбатту кишиден башка эч ким өзүнө катуу айтып кол которбогонуно караганда ал бул жерге кордолуу үчүн алынып келинген эмес. Бирок бул эмне болгон жай болду экен, терезелеринин жогору жагы гана ачык болуп жарык кирип турганы болбосо, ылдыйы темир жалюзи менен жабылган, сыртты да карай албайт, бөлмөдөн чыгарышпайт.
Бирок бул кадимки ооруканага окшошпойт, түрмөнү айтпай эле койсо да болот. Эмне себептен аны бул жайга алып келишти, жана ким? Ал эч кандай деле жаман иш кылбады эле, болгону көчөдөгү тентимиштердин жашоосун көрүп алардын башынан өткөрүп жаткан тагдырларына жакындан күбө болуш үчүн ал чөйрөгө кирбеди беле. Ооба алардын үстүнөн да көзөмөлдөп турчу башчылары бар деген кепти териштириш керек болчу, таштанды чогултканды кадимки бизнеске айлантып алган күчтөр бар деген кепке анча ишене бербегени менен тапшырманы аткарыш милдети эле. Ырас бул жайга кармалып келгенине караганда айтылган кептин чындыгы барга окшойт. Бул жай ошол таштанды чогулткандардын башчысынына тийиштүүбу?
Эгер алар ушундай жашашса өлкө башчысынын жашоосун элестете да албайм деп ойлонуп отурган. Макул ошол адамдар аны бул жерге алып келген болсун, бирок эмне себептен? Анын ким экенин билип коюштубу? анда эмнеге сурак жургузушпойт же жөн эле олтуруп көзүн тазалап коюшпайт. Же артынан ким келет экен деп күтүп жатышабы. Жоок, эгер анын ким экенин билишсе артында ким тураарын да билишмек, демек аныкташа элек. Эмне болгон ченде да сыр алдырбай кадимки селсаяктын ролун ойноону уланта бериши керек, кийин бир амалын таап башчысы Касым Тайлакович менен байланышка чыгып кайда экенин айтса ал куткарып кетет. Ушундай ойду бекемдеп жаткан кыз мамлекеттик белгилүү редакцияда кылмыштуулук менен күрөшүү маалымат бөлүмүндө кабарчы болуп иштечүү Айпери эле. Ал үчүн эч кандай жумуш оор эмес, жада калса селсаяктын жашоосуна чыдап бир аптадан бери көчөдө түнөп журбойбу. Бул өз кесибин сүйгөндугу болсо керек. Жаш болгонуна карабай көп адамдарды таанып көп маалыматка ээ боло алган. Түн ортосу түшүнөн чочутуп сураса да акыркы учурда кайсы аймакта кандай кылмыш болуп жатканын, канчоосунун бети ачылып канчоосу каттала элек экенин айтып бере алат. Анын ушундай курч мүнөзүн баалап көп нерсе умуттондургон кызматкер деп мактаса, бир чети так ушул курчтугу өмүрүнө залакасын тийгизбегей эле деп коркуп көп жолдон кайтарып турган өзүнүн башчысы Касым Тайлакович эле. Жогоруда айтылгандай Кыргызстандагы таштандыдан акча жасап, селсаяктардын көбөйүшүно шарт түзүп жаткан күчтөрдү аныкташ үчүн ушул кызды тандап жөнөткөн. Айперинин баштаган ишинин акырына чыкмайын тынчыбай турган кыялын билип, ал үчүн эч нерседен баш тартпасын сезген үчүн. Ар күн кабарлашып турчу кабарчы эми мынтип 2 күндөн бери кабарсыз болуп жатканына тынчы кете өзү да аны издегенге өткөн. Тайлаковичтин дагы колу узун, каалаган жерине оңой эле жетчүү адам, андан карыздар болбогон адам аз эле өлкөдө. Ошол карыздар болгондордун баарына кабар айттырып издегени менен Айперинин изине эч түшө албай кыжаалат болуп жүрөт, жерге синип кеткенсип жок. Көрүнгөн селсаякка сүрөтүн көргөзсө эле тааныбайбыз дешет. Албетте Айпери селсаяктардын арасына кошулганда алдагы сүрөттөгү сулуулуктан түк да калбаган эле да. Эски самсалаган кийимдерди кийип чачы апсайып бети башы шакмар болуп жүргөн кызды корсотушсо го башка кеп.
Тагдыр үйүнүн босогосун аттаганда эле жаны жер тартып чарчап турганын сезип өз бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Бул каарылыкпы же узак убакыт унаадан түшпой буктолуп отургангабы деп өзүнө өзү түшүнбөй бутун араң шилтеп басып баратты. Алдыда жасала турган иштери абдан көп, демейде мындай учурда уйкуну ойлоп да койбогон азыр тим эле болбой коошулуп уйкуга кетти.
Азат болсо азап көлүнөн чыга албай өзүнчө тумчугат. Кантип бул азапты көтөрүп жашайт акылы жетпей кыйналып онтолойт. Акжигиттин айтканы да дурус деп ынанганы менен атасынын жасап жаткандары жүрөгүн ушутуп койгондой. Эгер ал күчүн далилдеш үчүн өз баласынын бактысын бир селсаякка байлаганга барса колунан дагы башка кандай иштер келээрин элестетүүнун өзү коркунучтуу. Атасы алдын эле катуу адам боло турган, бирок анын жашоосуна Жаңыл кирип келгени бир топ эле жумшарып өзгөрө түшкөн эле, кийин ал Кошмо Штаттан келсе эле кайрадан түнт тартып баштапкы абалына түшүп калыптыр, андан бетер кем сөз болуп. Башын жарган бул ойлордун түбү барып эле ошол шахмат бөлмөсүндө жашап жаткан аялга такалат. Атасы аялдарга ишенбей, сүйүүнү баалабай калганынын себеби да ошондон болуп жүрбөсүн. А балким ал кызганычтын айынан ошол абалга түшкөн болсочу, эгер Тагдырдай адамды башкага алмаштырам деп ошондой болгон болсо анда эч ким күнөөлү эмес, дейт. Анын ким экенин билип туруп ошол жолду тандаганы өлүмгө бет алды дегени эмеспи. Өз баласын аябаган анан кайдагы бир аялды аяп коймок беле. Буларды ойлонсо жинди болуп кала турган. Кандай болгон ченде да ал жөнүндө билиши керек. Эмнеге алдын эч кызыгып корбоду экен, же өз башына андай кыйынчылык түшпөйт деп ойлогонбу, а балким өзү да ошол абалга түшүп калыштан коркуп жаткандыр. Ал кызыгып сураганда эле ким ага баарын баяндап бермек эле, кимдин ал окуядан кабары болушу мүмкүн. Ашпозчу аялбы? Уй кызматчыларынын баары эле көптөн бери бул үйдө болгону менен Тагдыр ошол каарыган аялга көбүрөөк ишеним арттырат, үйдү кайтарган кароолчуларга ишенбеген ачкычтарды да ага ишенип тапшырып кетет, алыска эс алууга чыкса жанында алып жүрөт тамак даярдатып. Жанылдын бөлмөсүнө да жалгыз ал аялды коёт, ошол жуундурат, тамактандырат. Ал каарыган аял Азатка да мээримдүү өз баласындай кам көрөт, бирок ал дегени Тагдырдын сырын ачык айтып берет дегени эмес. Жанын сураса бериши мүмкүн, бирок кожоюнунун сырын бербейт. Акжигитпи? Ал деле ошол. Ашпозчудан айырмаланып атасына мээрим менен байланбаса да жашоодо жалгыз коркунучу деп Тагдырды билет, ал баарын билген ченде да атасынын уруксаты жок оозун ачпайт. Ойлонуп жатып түн ооп калса да көз ирмей албай койду Азат . Жөн эле өзүн кыйнап жата бербей бир нерседен баштабаса болбой турганын ойлоп ордунан турду, антпесе чындап эле жанакы өзү көргөн жапайы кыз менен бир жаздыкка баш коюп Айкерасынан биротоло ажыраганы турат. Ошентти да бөлмөсүнөн чыгып ууру мышыктай бутунун учу менен басып төмөн көздөй тепкич менен түшүп баратты. Чоң каалганы ачып сыртка чыкканда эле кыймылга карап иштөөчү электр жарыктары биринен сала бири жанып эшиктин алды жапжарык боло түштү. Арыдан жетип келген түнкү кароолдогу жигит, эмне керек болгондугуна кызыгып сурап калды алдына тура калып. Азыр Азаттын ордуна атасы болгондо да ушундай суроо бермек беле же ундобой турган ордунда тура бермекпи, аны билиш кыйын. Азат бир аз калдастай түшүп кийин өзүн колго ала,
-эмне мен өз үйүмдө да каалаган тарабыма жүрө албаймынбы? Сен менден эмес тескерисинче мени корушун керек, деди да алдын карай үйдү тегеренип басып кетти.
Кароолдогу жигит эмнени туура эмес жасап алганына түшүнбөй кала берди.
Азат үйдүн арка жагына өтүп эки күн мурун өзү келген бөлмөгө баш багып каалганы тартып көрсө ал дагы да ачык экен. Кыязы бул бөлмө өзү ойлогондой катуу корукта болбосо керек, же бул тарапка эч ким басып келбесин деп баарына эскертүү берилгенби. Оор каалганы ачып ичкери кирсе ал каалга менен темир тордун ортосундагы жайда жарык очурулбогон экен, андыктан ал жарык ичкерки Жаңыл жаткан бөлмөгө да түшүп турат. Баш айланткан бөлмөнүн бир бурчунда кыймылсыз бурушуп жаткан аялга карап боору ооруп кетти көрүнөт,
-Кайсы кылган күнөөн үчүн бул абалга жеттин экен, деп оозун кыбыратып сүйлөнүп алды.
Азыр эле бурушуп жаткан аял ордунан козголуп, - карышкыр! деп кыйкырып өзүн көздөй келе жатканын көргон Азат күтүлбөстуктонбу артка качам деп өзүнүн бутуна чалынып жыгылып түштү. Темир торго жетип башы менен сузгулоп, буту менен тепкилеп жаткан аялга карап нес боло жыгылган ордунан тура албай жер таянып артка жыла берип колу бир нерсеге илешкендей болгонунан өзү эле коркуп араң турган жаны кыйкырып коё берди. Көрсө эшиктен ашпозчу аял кирип келе жаткан экен, анын оозун жаап колунан тарта ордунан тургузуп,
-жүрү кармап тур, деп буйрук бере шагыратып темир торду ачып кирди.
Кадамын алдыга таштаганга даабай нес болуп катып турган өзүнө көзүн чоң ачып бир карап алып ичкери кадам койгон ашпозчунун артынан бутун араң сүйрөй кирип келди Азат.
-ордуна жаткыр!
Азат айтылганга баш ийип, колу байланган аялды котороюн десе күчү жетпей койду. Денесине шал тийгенсип буту колу өзүнө баш ийбей өзүн араң кармап турса андан кайдагы жардам болмок эле.
-ме муну кармап тур, деп колуна бир демени карматып коюп ашпозчу аял өзү аны эки колдоп кучактай тартып барып төшөккө жаткырып коюп Азаттын колуна карматкан уколду алып Жанылдын жоон санына сайып алды эле тиги көзүн антарып кыймылсыз жатып калды. Көзү менен көрүп турганына акылы жетпей Азат кайра ашпозчунун буйругу менен сыртка чыгып анын артынан басты.
Алар качан үйгө кирип ашканага өткөндө гана тиги каарыган аял мээримин төгө карап бир чыныга суу сунду Азатка.
-ме муну ичип алчы, чочуп калдын го.
Акылын араң жыйган Азат, өзүнүн эркек экенин эми эстегендей селт эте мойнун буруп,
-мен эмне жаш бала белем, деди.
-ой тобо карып калган чал белең анан эмне, мен үчүн албетте жаш баласын, ич муну, ич да сол далындан тукуруп кой, деди.
Ооба бул аял айтканын аткаратпай койбойт, Азат анын колундагы сууну алып баарын жутуп жиберип бош калган чыныны столго койду да так ушул учурдан пайдаланып баарын билип алууну ойлоп андан сурап калды.
-Эми айтынызчы, мен бул үйдө киммин? Балким мени багып алгандыр Тагдыр Акбарович, же кайсы бир учур үчүн даярдалып тапталып жаткан жөн эле катардагы эксрерименттин биримин?
-эмне дейт? Бул баланын акылы жайында эмес, чындап эле катуу коркуп калбадынбы? деп жанына жакын келип Азаттын көздөрүн колдору менен чоң ачып тегерете карап, колдорунун алакандарынан бери текшерип жиберди.
Ооба бул аял Азатты туулгандан бери билгендиктен өз баласындай кастарлап карап жакшы көрөт. Ансыз да апасынан ажырап жалгыз калган балага бүт мээримин төгүп байланып калган. Бирок азыркы чочулоосунун себеби башкада эле. Балээ болуп Жаңылга көрүнгөн абал буга да көрүнүп калбады бекен деп чочулаган.
-анда эмне мен эч качан эч нерседен кабарым болбойт. Эгер атам өзүмдүн эле атам болсо мага эмне мындай мамиле кылат? Кайдагы бир аялдан ала албаган кегин менден алып жатабы? Эмнеге ал менин бактылуу болушумду каалабайт? Сиз мени жөн эле аябай эле коюнуз.
-ок кантет мына. Аста бол атаң укса капа болот.
-Ах, капа болот деңизчи. Кийин эмне мени да ошондой капаска салып коёбу?
-балам барып эс ал, эртең атаң менен сүйлөшөсүн.
-сүйлөшөмбү? Же сүйлөнгөнүн угамбы? Демек сиз мага айтпайсыз. Түшүнөм эгер ооз ачсаныз сизди да ошондой капаска салып коёт да атам, деди кекердуу, чындап эле баарынан жадап жашоонун кызыгы калбагандай түр менен.
-Ах балам, жашсын да жашсын. Атаңдын кылганынын баары сен үчүн, сени коргоо үчүн экенин кайдан билмек элең.
-Ооба мени коргоп кайдагы бир селсаяктын артына бекиткени жатпайбы ээ. Кайдан эмне билмек элем, мага эч ким эч нерсе айтпаса. Кана сиз айтынызчы атамдын жанында көптөн бери журосуз, эмне билесиз ал жөнүндө? Мен эмне билем.
-Азат сен чындап эле билгин келеби?
Азат жандана түштү, аялдан бир деме угам го дегендей.
- андай болсо эртең сүйлөп берем, азыр барып жат, мен каарып калган адаммын чарчадым.
Ушул жагына да ыраазы болуп, эртең да болот дегендей башын ийкеп ашканадан чыга жөнөдү Азат.
-а баса сиз каарыган эмессиз, жанагыны ордунан так көтөрүп ашыра чаппадынызбы, деди күлө артына кайрылып.
Кимди айтып жатканын түшүнгөн аял кулбостон туруп ушкуруп алды.
-ал байкушта эмне калды дейсиң сөөктөн башка, салмагы көп болсо сегиз жашар баладай.
Азат туура эмес тамашалап алганын түшүнө, бул жерде олуттуу маселе жатканын сезип чыгып кетти.
Эрте менен адаттагыдай Жанылды тамактандырып жатып чачы жок таз аялды кучактай башынан сылап отурган кожоюнуна карап,
-кечинде сиз бул жайда тунободунуз, деди ашпозчу аял.
Тагдыр бир азга катып отуруп калды, сен эмне мени текшерип жросунбу дегендей. Анысын байкаган аял шаша түшүндүрууго өттү.
-Азат кечинде бул жайга келип, кожейкенин оорлошкон учурунун үстүнөн чыгып коркуп калды. Балким ал баарын билүүнүн учуру келгендир.
Тагдыр Жаңылдын башынан сылай далысынан тарта бекем кучактап чекесинен сүйдү да ордунан туруп ак да көк да дебей ал бөлмөдөн чыгып кетти. Аны көзү менен ээрчип жалдырай тиктеп кала берген аялды карап ашпозчу оор ушкуруп алды.
-байкуш, кантсен дагы аялсын да, баары бир мээримге зарсын...

#25 21 Январь 2019 - 19:06
Ашканага кирип идиш табагын жуулчу жайга коюп өзү ал жерди обоктой ойлуу туруп калган аял артынан чыккан конур үндөн чочуп кетти.
-эмнеге антесиз? Дегеле маңдайынызда отурган мени байкабайсыз.
-Ах сениби бала, канча айтам мени чочутпай жүр деп. Каарып араң турган жаным жүрөгүм тарс эте жарылып кетсе эмне болот.
-сиздин жүрөгүнүз жарылбайт ал темирден эмеспи, аны жарыш үчүн Манастын канжары керек болот, деди күлө.
-Тентек бала бүгүн эрте турупсун жакшы болгон тура, сага кандай даамдарды даярдагам, ах ах ах, деп тамшанып алып кичи кожоюнунун кардын тойгузуунун камын көрө баштады ашпозчу аял.
-мени бул үйдө кармап турган даамдар. Ошол даамды татыш үчүн гана эртелеп төшөктөн турат болушум керек. Кана ушул жерге эле даярдай койсоңуз, аш казаным бир жыргап алсын.
-кара жаным десе, сөздөрүнөн бери атасына окшогонун кара, деп столдун үстүн дуйум тамакка толтуруп болуп жанында туруп калган ашпозчунун колунан тарта жанындагы орундукка отургузуп олуттуу карап,
-суранам мындан ары да мага эскерте журунузчу, кайсы убакта сиздин кожоюнунузга окшоп баратканымды. Мен дегеле ага окшошкум келбейт, деди Азат.
Аял ток ургандай чочуп колун тартып алды андан.
-Бул эмне дегенин? Атам деп атагын келбей калдыбы эмне?
-жок андай эмес, деди Азат эки колу менен столдун чекесин таяна отуруп. Менин атамдан башка кимим бар, ата дебей койсом эле башкача болуп калмак беле. Баары бир ал менин атам да, болгону мен ага окшошкум келбейт. Мен анчалык канкор болгум келбейт. Өзүнүн кызыкчылыгын баласынын бактысынан жогору коюп, сүйүүсүн капаска салып камап отурган кишиге эч эле окшогум келген жок. Билесизби акыркы күндөрү мени эң катуу коркуткан ой эмне болуп жатканын? Менин апамдын өлүмү да жөн жерден болбогондур, а балким так атамдын колунан каза тапкандыр өз жанын кыйбай эле.
Ашпозчу аял кайрадан ордуна отура калды, бул ирет уруксатсыз эле.
-Андай дебе Азат. Аял аз эле учурда ушинтип атынан атай турган кичик кожоюнун, демек азыр да ага бир аз ачууланып жаткан учуру.
-туура эмеспи? Сиз да билбейт чыгаарсыз. Биз эмне атам кандай эсептесе ошондой жашайт эмеспизби, ал эмнени айтса ошону гана билебиз. Же андай эмеспи?
-Атан эмне кылса баарын сен үчүн кылды. Сен кайдагы бир али курулбаган бактынды кеп кыласың, ал киши өмүрүн сага арнап койгонун билсен кана.
-ал менден сурадыбы, а балким мага анын өмүрү керек эместир, жөн гана анын ыраазычылыгы жана эркиндик керек болгондур.
-сен эч нерсе билбейсин, деп ордунан туруп идиш табактарын калдыратып өз жумушуна киришип кетти ашпозчу аял.
-Жоок сиз бир нерсени эстен чыгардыныз, мен таң атышын күтүп кирпик какпай чыктым. Кана кечеки берген убаданыздын үстүнөн чыгынызчы, кулагым сизде, тиги аял эмне себептен баш айланткан шахмат бөлмөдө камалуу жатат?
-Жаңыл өзү жасаган ал бөлмөнү, деди аял ооз учунан кунк эте артын караган абалында.
-ушул жерге мени камагыла деппи?
-ал бөлмө бир убакта шахмат доскалары жайылган, түркүн китептер тизилген бөлмө эле. Ал жерде Жаңылдын достору топтолуп керээли кечке шахмат ойноп отуруша турган. Мен таң калчуумун, ойноп күлө турган куракта шаттык доорду суруунун ордуна бир бөлмөгө камалып алып шахмат ойноп күн өткөргөн жаштарга. Байкуш келин бул балээге жооукпаганда азыр да ал бөлмөдө жалгыз болбой курбуларын жыйып отурмак, деди колундагы табактарды идиш жуучу машинага жайгаштырып баскычын басып жатып.
Ундобой отуруп калган Азат жаштыгын элестетип көз алдынан өткөрүп жатты. Чындап эле Жаңыл шахматты жакшы көрө турган, Азатты да китеп менен шахмат ойногоо ошол уйротподу беле. Ал доскага отурган учурда башка ааламга кирип кеткендей сезилчуу, өзү жаңы үйрөтүп жаткан кичине бала менен ойноп жатса да жакшылап маани берип кунт коюп ойной турган. Көрсө ал адамдын оюнда жасаган журушунон жашоодогу оюн түшүнчү тура.
-эмне болгон балээ? деди оюнун акырына чыгып жатып Азат.
Ашпозчу аял кайрадан анын маңдайына отуруп ойлуу тиктеп сөзүн баштады.
-сен тушуноор бекенсин. Атаң Жанылдын алдында өзүн күнөөлүү сезип жашап келет. Ошон үчүн башкага үйлөнгөн да жок. Аны жакшы кылам деп эмнелер гана кылбады дейсиң, менмин деген дарыгер молдолорду алып келди, эч биринен шыпаа болгон жок. Аргасыз аны ошол каанада кармап келет, бул үчүн күнүнө канча өлүп тирилип жатканын айтпаса да билем мен. Атаңдын байкушка караган көз карашына соо адам чыдап тура алмак эмес, керек болсо жүрөгүн сууруп тартуулаганга даяр карайт. Жаңылды ошол сүйүүсү менен эле бул дүйнөдө кармап турса керек.
Азат чыдабай кетип,
-менин апамды тааныйсызбы? Атам апамды да ошондой жакшы көрчү беле? деп сурап жиберди, атасын кызганды көрүнөт Жаңылдан.
-Апанды да таанычуумун, мен бул үйгө келгенден бир жыл кийин келген келин болуп. Ал аябай көңүлү жумшак келин эле, сенин жумшактыгын да ошондон. Атаң экөөнү жөн эле ата энелери келишип уйлондурушкон болсо да жакшы жашашты. Чоң атаң өтө катуу адам боло турган, бирок сенин апандын алдында ал да жумшара түшчү, кантсе да өзү келин кылып тандаган да. Ал байкуш да күнүн буткур каргыштын жеми болду, деп оор ушкуруп алды.
Бир аз күтүп отуруп аял сөзүн андан ары улабай жатканына чыдамы кете,
-кийин? Эмне болгон каргыш ал, деп сурап калды Азат.
-мен толук билбейм, билгенимди айтып берейин, деп оңдонуп отуруп сөзүн улады аял. Илгери бир байдын төрт уулу болгон экен, алардын үчөө жай турмушун кууруп атасы айткандай жашоосун улап кетишет. Эң кичүүсү болсо жаштыктын доорун сүрүп жүрүп, ошол өрөөнгө келип конгон цыган улутундагылардын арасынан бир кызга ашык болуп калат. Атасынын каршы болгонуна карабай ал кыз менен жашыруун жолугушуп жүрө берет. Бирок анын атактуу атасы алардын баш кошуусуна караманча каршы чыгат, анткени алардын тукуму хандын тукуму деп эсептелип бир гана өздөрүнө окшогон атту баштуу жердин кыздарына үйлөнүп алардан тукум улашчуу. Бир күнү ал бай ооруп төшөк тартып жатып калат да балдарын чакыртып, эгер эң кенжеси цыган кыздан арылбаса бул үйдө калтырбашын жана балалыктан кечээрин айтат. Ошондо кенже баласы анын кардында өзүнүн баласы бар экенин, бир эки күндө төрөлөрүн кабарлайт. Муну уккан атасы баары бир ал бала булардын тукум улоочусу боло албай турганын айтып тигини туула элек баласы менен жок кылуусун буюрат. Бирок бактыга жараша ошол түнү цыган кыз көз жарып кара чачтуу кызды жарык дүйнөгө алып келет. Байдын баласы баары бир сүйгөнүн куткара албашына көзү жетип жок дегенде жаңы төрөлгөн чурпосун сактап калуунун айласын кылып наристени алып калып, али эс учун билбей жаткан цыган кыздын ичине көп жоолукту байлап ичин чоң коргозуп бөлмөдө калтырып кеткен экен. Түн ката кирген атасынын адамдары ал кызды төшөктөн таап токойго алып барып алоолоп жанып турган отко ыргытышат. Тирүү койсо баласы баары бир бир күн таап алат деп коркуп ушундай кылууну буйруган эле атасы. Жалындуу отто күйүп жаткан кыз ал үйдү катуу каргаган экен унунун барынча, анын ошол кечтеги үнү бүт айылды жарган дешет. Кээлери жада калса токойдогу карышкырлар да аны угуп келип кызды куткарып кетишкен деп да айтып жүрүшөт. Каргыштын мааниси болсо, алардын тукуму бир гана өзүндөй бечарадан уланышын болбосо бирден кобойбошун, төрөлгөн бала өз энесинин өлүмү болушун түшүндүрөт экен. Жана ата менен бала эч качан жакын болбой бир биринен ушул үйдү кызганып душман болуп өтүшүн, бул дүйнөдө байлыктан башка эч нерсе таппай калууларын айтып боздогон экен, байкуш чамасы уругу өзү төрөгөн баладан улансын десе керек өзү кыз төрөгөнун билбей. Анын зар какшаган үнү Кудайга жеткенби, байдын чоң балдары урук тукуму менен өлүп эч себепсиз эле жок болуп кетишип жалгыз ошол кичүү баласы калат. Ал кийин атасынын алдында кетирген катасын оңдоо үчүн жакшы жерден үйлөнүп балканактай уулду болот. Цыгандан төрөлгөн кызын болсо элге коргозбой бирөөгө бактырып чоңойгондо апасынын тарыхын айтып берип эркин коё берген экен. Бирок ал башка эч качан андай сүйүүгө туш болбоптур, аялы да төрөгөндөн көп өтпөй каза табат, кийинкилери да ошентип, балдары токтобой бир эле баласы менен калат экен. Мына ал Тагдыр кайталанып, ошол күндөн бери анын айтканы болуп келе жатат дешет.
Азат башын бир чайкап алды.
-Менин суроомдун буга кандай тиешеси бар?
-Сен ошол каргышка калган байдын тукумусун.
Бир аз ундобой отурган Азат каткыра күлүп ордунан турду.
-ушул жомокко мени ишен дегени турасызбы? Апан да ошон учун өлгөн, Жаңыл да ошондой деңизчи.
-Ооба. Атаң апанды сени алып Жети огуздогу хан сарайга эс алганы барган, мен да бар элем. Бир түн туногондон кийин эле апан катуу озгорду, карышкырлар аны чакырып жатканын, алардын ханышасы сулуу кыз экенин айтып өзүнчө себепсиз күлүп эле сени жактырбай калды. Ал үйдө көптөн бери жашоочу цыган Баро бар эмеспи, ал атаңа жакшы эле айтып түшүндүргөндөй болду сени алып шаарга кайтуусун, апанды ал жайга калтыруусун айтканда атаң көнбөй койду. "Баланы апасынан бөлбөйм" деп. Ал киши ошол күндөн апандын артынан калбай ээрчип жүрдү. Анан эле бир күн түнү ызы чуу болуп калды, бөлмөдөн чыгып барсам апан үйдүн төбөсүндө сени кармап туруптур башыңды ылдый каратып. Баро болсо апана жакындап бараткан экен, ар нерсени сүйлөп алаксытып. Эми жетип сенин башыңды кармаганга улгургондо апан чанырып сени талашып ылдый көздөй түртүп жатты, "карышкырлар ач калды, бер муну аларга" деп. Билбейм, андай күчтү кайдан алган, чоң эле кишинин ага алы жетпей баратты, анан атаң жетип барып апаңды тартайын дегенде буту тайып ылдый кулап кетип ошол жерден жан берген апаң.
Азат күлөрун же ыйларын билбей туруп калды. Ишенейин десе дегеле өмүрү кулак укпаган бир демени сүйлөп жатат, ишенбейин десе бул каарыган аял аны алдап эмне пайда тапмак.
-атам ушуларды айтуунузду буйрудубу мага. Көргөм эрте менен экөөндү, үйдүн артын карай баратканынарды деди, ишенгиси келбегенин билдире.
-Ооба, биз ар кун эртелеп Жаңылды бирге тамактандырабыз. Атаң көп тундорду анын жанында өткөрөт, кече өз бөлмөсүндө калган экен эрте менен бирге баратканбыз. Бирок мунун баарын сага айтуума уруксат берген эмес Тагдыр Акбарович.
-сиз айткандай болсо эмнеге аны тиги жакка камап коёт, баары бир колу танылуу экен өз бөлмөсүнө эле алып кирип алса болмок.
-колу танылуу болгону менен оозу ачык эмеспи, ал кээде аябай катуу кыйкырат. Сен үйгө кайтып келээр алдында ал бөлмөгө жайгаштырган сени чочуп калбасын деп. Ал бөлмөдөн сыртка үн угулбайт, менин бөлмөмдөн башка. Колдорун танып койбосо өзүнүн жанына кас урушу мүмкүн, чачтарын да ошон учун алып салган, эч кандай катуу буюм жок бөлмөдө ал урунуп ала турган.
Азат кайра ордуна келип отура калды.
-а эмне себептен ал антип калды, мен Кошмо Штатка кетип жатканда бир жакшына эмес беле?
- Жаңыл боюнда болуп аябай кубанган, атаң да биринчи учурда жакшы кабыл албаганы менен кийин аябай кубанып жүрдү. Эсимде тиги чоң сарайга эс алганы барам деп Жаңыл койбогонунан ал жакка барганбыз, адаттагыдай эле мен да атандар менен бирге болчумун. Баро абалды байкап атаңа бир демелерди айткандай болду, мен баарын уга албадым. Кийин ал ашканага кирип келип мага азыркы мен сага айткан тарыхты айтып берип, "кожейкене жакшы кара, андан көзүңдү алба, ал төрөлгөндө дароо мага кабар айт" деп дайындады. Мен анын айтканын аткара албадым учурунда, кимден кантип айттырышты билбей, бирок Жанылдан көзүмдү албай карап жүрдүм. Ал көз жарганча жакшына эле жүрүп, өзүнө окшогон ай чырайлуу кызды жарык дүйнөгө алып келди. Андан кийин эле жанагы сенин апандай болуп озгоруло баштады, шахматтын фигуралары менен өз алдынча сүйлөшүп кызы бар экенин деле эсинен чыгарып коёт. Тагдыр Акбаровичке Баронун айткандарын айтсам, ал мени катуу урушуп "жашоомо киришпе, ал киши айта берет. Анын айынан бир балам энесиз калды, кызым антпейт. Жаңыл болгону балалуу болгонуна көнө албай жатат, үйрөнүп кетет деди. Ошондон эки апта өтпөй Жаңыл өз бөлмөсүндө кызынын башын күзгү менен жанчып туруп балкондон ыргытып жиберген. Ошондо гана атаң анын оорулуу экенин тан алып даарылата баштады. Муну уккан Баро аябай катуу капа болду мага. "Мен сенден сурангам, эгер кожоюн билсин дегенимде өзүнө айтмакмын, анын сүйүүсү көзүн жаап калганын байкаганым үчүн сага айттым эле" деп. Көрсө ал эгер уул төрөлсө дароо өлтүрүп жок кылыш керек, кыз болсо уурдап башка бирөөлөргө берип жиберем аман калат деген экен.
-а эмнеге уул болсо олтуруш керек эле?
-анын корккону, эгер ал бала жашаса сенин өмүрүн коркунучта калмак. Муну атаңа да айтса керек, ошон үчүн ал Барого кабарлашыма каршы чыкты. Ал кызына бир нерсе кылат деп коркуп. Байкуш атаң да жаштык кылды. Анан кантсин атасы бул тууралуу айтып кетпесе, кайдагы бир уурусуз цыганга ишенмек беле. Ошондон бери Тагдыр Акбарович ал сарайга басып барган жок, цыган да бул үйгө келбейт.
Үнсүз бир чекитти тиктеп отурган Азатка карап оор ушкуруп алды аял.
-Эми тушундунбу атаңдын дартын. Сени сүйгөну менен бир болуп, кийин андан өлүп ажыраса өзүндөй болуп сыздабасын деп аярлап жатат. Тиги селсаяк кызды алып келгенине караганда каргышка калган тукумун тазалайын, каргышты жандырайын, бир бечарадан болсо да урпагым улансын деп жатканы го. Баронун айтуусу боюнча эгер өрттөлгөн цыган кыздын айтканын аткарып бир уруусуз бечарадан урук улабаса каргыш жанбайт.
-жалган! Мунун баары жалган! Атам болгону мени тарбиялаш үчүн ушундай кылып жатат. Ал мени өзүнүн досунун кызына уйлондуройун деген, мен көнбөй койгонум үчүн ал ушундай кылып жатат. Эгер мен макул болуп ал кызга уйлонгонумдо эмне болмок. Ал өлмөк, демек атама баары бир экен да башканын кыздары өлө берсин экен. Дегеле атамдын атасына анын атасына да ошондой болгон экен, менин апамды да олтуруш үчүн тандаган тура андай болсо, деди ызырына, уккан тарыхка ишенип ага ачууланып жатканы же аны жалган деп ачуусу келип жатканы белгисиз. - Сиз атам уруксат бербесе кантип сүйлөп жатасыз, деди бир убакта аялдын жалганын кармап алгандай. Эгер сиздин мага айтып бергенинизди ал билип калса соо койбойт деп коркпойсузбу?
-ал билип болду, деди аял шалдая эки колун эки жакка таштап көздөрүн айландырып шыпка карап. Биздин маек башталганда эле кабар тапкан атаң. Жанылдын жоругунан кийин ал өтө сак болуп калган, бардык жерде анын кулактары бар, бул үйдө эле эмес сыртта да эмне сөз болуп жатканынан кабардар болуп турат. Эмне деп чечсе өз эрки, мен башкача жасай албайт элем, сен да билишин керек болчу муну, ката кетирбешин үчүн.
Муну уккан Азат ундобой ордунан туруп ашканадан чыгып кетти, столдун үстүнө коюлган даамдар кол тийбеген бойдон калды. Ал бөлмөсүнө кирип кийинип даярданып алып жанына эч кимди албастан унааны өзү айдап кайдадыр жөнөп кетти...

#26 22 Январь 2019 - 01:24
Колунузга талыкпаган куч автор рахмат
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#27 24 Январь 2019 - 23:57
Азат маанилүү нерседен куру калчуудай унаасынын башын жулкуп айдап Айкера окуучу окуу жайдын алдына келип токтогон. Келиши келип алып эмне кылышын билбей отуруп калды. Өзүнүн жүзү элге таанымал болгону көп эле учурда ынгайсыздык жарата турган, бирок бул ирет атасынын аты жөнү жашоосуна өтө чоң тоскоол болуп жаткандай. Керек болсо жөн эле кадимки өзү курдуу жигиттердей сүйүүгө да акысы жоктой. Азыр кирип барганы менен сүйүктүүсү кабыл албай тескери карап басып кеткен болсо бүт өмүрү кыйрады дей бер, эртең эле өлкөдөгү эң актуалдуу жанылыкка айланаары турган кеп. Өзүнүн колун сунуп жалдырап тиктеп турган сүрөтүн, Айкеранын башын жогору көтөрүп ал тарапты бир карап да койбой жанынан өтүп бараткан элесин гезит бетинен көрүүнү элестетип алып жанакы үйүнөн атырылып чыккан кайратынан кайта түштү. "Жок бул жай болбойт" деди ал ичинен, өткөндө кызды таарынткан өзү эмеспи, "ал да өзгөчө намыской неме алдынан чыгып кучак жайса эле кучагына бой ура тургандардан эмес" деп алып кайра артына кайтты. Бирок өзү да билбейт андан эмне каалап жатканын, болгону азыр уккан жомокту ага айтып берейин десе керек. А балким селсаяк кыз төрөсө эле өлөт кийин бир болобуз мени кут дегиси келгендир, же атасынын анчалык эле өзүмчүл эместигин айтып ал керек болсо так ошол уулунун сүйүктүүсүн ойлогонун, анын өмүрүн коркунучка койгусу келбегенин айтып аны актагысы келди, кантсе да атасы эмеспи ал жөнүндө башкалардын жаман ойлоосун каалабагандыр.
Айтоор эмнеси болсо да бат эле ойлогон оюнан кайтып, артка жөнөдү. Кандай кылса болот, өзү дегеле жалдырап бирөөнүн артынан ээрчигиси келбейт, төрөлгөндөн жалаң гана өзүнө жалынган жалдыраган көздөрдү көрүп чоңойгон, ошондой мамилеге көнгөн да, эми келип эле кантип бирөөгө жалбарат. Ойлонуп баратып өзү тапкан оюна өзү кубанып кетти. Акжигит, ооба так ошол адам жардам бере алат, ал деген буйрукту так аткарган адам, кандай кылып болсо да бул маалыматты ал Айкерага жеткире алат. Мына деди ал, эр болсоң анын сөзүн укпай кутулуп көр, аны Акжигит деп коёт сенин эмне каалап жатканын менен иши да болбойт бир эле сүйлөштө оюнду өзү каалаган тарапка өзгөртө алат. Ошондон айттырмакчы болуп ага телефон чала баштады, ал Азатка жардам берүүдөн баш тартпайт.
-Ало, мен сизге жолугушум керек. Мен өзүм барам. Макул күт, деди да шаардын так ортосунда жайгашкан Акжигиттин ишканасы тарапка карай бет алды.
Аз өтпөй экөө кенен бөлмөдө таза кайыш менен жабдылган жумшак эмерек үстүндө жай сүйлөшүп отурушту. Азат ашпозчу аялдан укканын бүт айтып берди Акжигитке Жанылдан башкасын, аны жашырып койгону балким ал атасынын жашыруун сыры болуш керек деп ойлогон. Акжигит ордунан туруп ак көйнөгүнүн жеңин түрүп, оң колу менен ээгин таяна бөлмөнүн ичинде ары бери баса берди.
-Демек чын экен да.
-эмне сен да уккан белең бул жөнүндө?
Акжигит чочуп кетти Азаттын суроосуна, ал оюндагысын сыртка чыгарып сүйлөп алганын байкабай калган эле.
-эмнени? деди кайра ага суроо узатып.
-чын экен деп жатпайсынбы, демек алдын укканын бар да бул жөнүндө.
-аа жок, деп шашып калды Акжигит. Уккан эмесмин. Ал аял балким жөн гана оюнан токуп айтып койгондур, сенин көңүлүңдү жибитиш үчүн. Менден эмне каалайсын?
-менин сүйүктүүмо бул сөздөрдү жеткирүүнду. Мага караганда тилин бал эмеспи, кантсе да кесибин, адамды ынандырыш боюнча устасын.
-макул жеткирейин. Мындан эмне өзгөрөт?
Акжигит чындап эле кызыгуусу артып сурап калды. Же актангын келип турабы кыздын алдында?
-Айкера шашылбасын чечим чыгарууда. Мен баарын жайгаштырам, ал экөөбүз бир болобуз, болгону ал бир аз күтө турсун. Кыязы бул жомокко атам да ишенип алганга окшойт, мен мунун болгону бир жомок уламыш экенин далилдеп ага жеткире алсам баары жайына түшөт.
-Аа, деп кашын көтөрүп койду Акжигит ишенип ишенбей. Эгер Азат азыр ал өзү билген Тагдыр Акбарович жөнүндө айтып жаткан болсо анда анын жолу жеңил эмес экенин түшүнүп турган.
Тагдыр канча аракет кылса да көңүлү жайына түшпөй жатты, эмнегедир ал ошол хан сарайга баргысы келет да турат. Ары ойлонуп бери ойлонуп ал акыры Көлгө барууну чечти. "Барсам өзүмдүн жайыма барам, тартына турган кимим бар" деген оюн бекемдеп алып ордунан тура жөнөй бергенде телефонго конгуроо келип калды. Коопсуздугун көзөмөлдөөчу жигиттердин башчысы экен.
-Ало Тагдыр Акбарович, Азат Тагдырович Көл тарапка карай бет алды, жалгыз.
-Жанынан жарым карыш жылба, уулумдун өмүрүнө керт башын менен жооп бересиң! деп ачуу кыйкырып коё берди.
-жарайт түшүндүм, деген жоопту алганда да өзүн баса албай титиреп жатты.
Канча ирет айтты аны жалгыз журбо деп, шаардын ичинде болсо да көңүлү тынч баары бир алыстан болсо да көзөмөлдөп жүрчүү адамдары болот, уулунун алыскы жолдо жандоочусу жок жүрүшү катуу коркунучка салат атаны. Мына ушул тапта ал тан алып турду, бар күчү да коркунучу да жалгыз уулу экенин, болбосо андан башка ким өзүнүн сөзүн эки кылат. Буйругун аткарбаган уулун эмне кыла алат. Кантип, качан ата бала ортосундагы ишеним менен сүйүү жок болду эле. Токтой турчу, андай нерсе өзү болгонбу буларда? Тагдыр өзүнүн уулуна болгон сүйүүсү чексиз экенинен шеги жок дечи, бирок уулунда бар бекен атага болгон мээрим же жалаң гана коркунуч менен жашап келеби? Бул ойлордон денеси муздап кетти, өзүнүн атасы менен болгон мамилесин элестетип. Ооба ал да кудум азыр Азатка окшоп өмүр бою ичиндеги туйгусун сыртка чыгара албай жашап келген, бирок атасы экөөнүн ортосунда бир да жолу кагылышуу болбоптур. Тагдыр атасынын айтканын эки кылбай аткарчуу, бир да жолу жок деген сөздү айтпаптыр ойлоп көрсө, бирок бир өзү бир Жараткан билет атасынын буйруктарын аткарам деп канча ирет өзүнун бөлүктөрүн бирден олтуруп отурганын. Балким ал ошентип отуруп өзүнүн өздүгү калбай атасына айланып калгандыр, жашоого да ал карагандай карап. Андай болсо, демек атасы да Тагдырды жакшы көргөн экен да өзү ойлогондой эмес. Бирок уулу экөөнүн мамилеси андан өзгөчөлонүп тургандай, бул аз да болсо ата баланын мамилесине окшош жөн гана буйрук берүүчү жана аны аткаруучудай эмес. Буга себеп өзү али атасындай катуу болуп адамдык сапаттан такыр куру кала элек, же уулу өзүнө караганда чечкиндүү эрктуурок анын каарына туруштук берип тура алган болсо. Ал өзү байкабаган менен азыр уулу менен сыймыктанып да турду. Мындай ойлордон кийин өзүн колго алып Азатты жайына коюуну туура көрдү, болгон кичине түйүндү да үзүп алып такыр эле өзү менен атасындай бөтөн болуп калуудан сактанып. Аргасыз хан сарайга баруу оюнан кайтып өзүнүн үйүнө жөнөдү, азыр кадимкидей мээримге зар болуп турганын сезип. Андай мээримди бере ала турган жалгыз инсан да андан мээрим күтүп үйдө кармалып олтурат.
Дарбазадан кирип эле эч кимге карабай үйдүн аркасын карай басып шахмат бөлмөгө кирип кетти.
Байкуш аял да мелтиреп шыпка карап ордунан турбай жаткан экен, өзүнүн өткөргөн өмүрүн талдап жаткансып.
-Жанылым, жашоом! Мени күттүнбү? деп келип жанына жатып калды. Ундобой кыймылсыз жаткан жубайын кучагына кыса мээрим төгүп сүйлөп жатты.
-Чарчадынбы? Билем баарын коруп турам, бирок мен сени эч коюп жибере албайм. Сенсиз мен кантип дем алам айтчы. Сен эмеспи мага дем алганды үйрөткөн. Сен күчтүү аялсын баарына чыдайсын, мына көрөсүң аз калды баары жайына келет. Мен сени аякка тургузам. Ошондой эмеспи ээ, деп жаткан жеринен туруп тизелей отуруп калды. Карасан кылымдар сен көтөргөн жүктү эч ким көтөрө албаган, биздин урукта аял деген болбогон. Сен көтөрдүн, мага болгон сүйүүн чексиз экенин далилдеп алиге чейин мени таштап кетпедин.
Жаңыл эми гана байкагандай ал жакты карай башын буруп жалдырай тиктеп калды.
-эмне? Айтчы эмне каалайсын? Дүйнөнү сатып бер мага дечи, деп жалбарып жиберди Тагдыр, жанындагы аялдын эч нерсеге акылы жетпес эки аяктуу жемишке айланып калганын унутуп койгондой. Кечир, деди бир убакта анын жалдыраган көздөрүнө карай албай башын ылдый түшүрүп. Билбейм эмне болгонун, мени бир күч ээлеп алды ал убакта, аны алиге чейин өзүм да түшүнө албай жатам. Өзүн деле билесиң да Баронун кандай чебер уста экенин, анын жасаган иштерине суктанбай болобу, мен да суктанган болушум керек жөн гана. Сага болгон сүйүүмдү бир болбогон жансыз дүнүйөго алмаштырмак белем, деп башын көтөрүп анын көздөрүнө тик карады. Аял дагы деле көздөрүн ирмебей аны карап жаткан.
-эмне Азатымды айтып жатасыңбы? Аны мен айтпасам да билесиң, ал менин жашоом да. Ал бар үчүн мен жарык күндүн астында басып жүрөм, бул бакыт бөлмөсүнөн чыгып караңгы дүнүйөнун кучагына кирип чыгам. Мен аны апасынан артык көргөнум чын, керек болсо уулумду өзүнүн бактысынан да артык көрөм. Мен аны коргош үчүн канча башты атташым керек болсо баарын жасайм, керек болсо өзүмдөн да кечип коё алам, бирок сенден эмес, сен үчүн андан кечип коё албагандай эле.
Жаңыл мыйыгынан жылмайып жатып эле унунун болушунча катуу каткырып күлүп кирди.
-эмне? Мени жалган айтып жатат дегин келип турабы? Жок, баары чын.
Аял аны укпай эле ордунан туруп килемдеги клеткаларга секирип башын жогору каратып алып каткырып жатты. Бир аз ага карап эмне кылаарын билбей турган Тагдыр да ордунан туруп аны туурап каткыра күлүп секирип кирди. Жубайынын ордуна өзүн коюп, ал сезгенди сезип көрөйүн деди окшойт.
Сырттан кирип келип темир тордун артында колуна уколун кармаган ашпозчу аял бул экөөнү карап эч нерсеге түшүнбөй катып туруп калды. Бул аялды эч нерсе таң калтырбай калганына көп болгон бирок бул учур өзгөчө эле. Кечээки күндөн берки өмүрүн бүт көз алдынан өткөрүп жиберди бир саамда, Тагдырдын ар бир кыймылын элестетип. Кыязы аны да бир балээге жолукту бекен деп коркуп жатса керек.
Тагдыр бир аз башын жогору кармап секиргенде эле башы айланып чарчап отуруп калып темир торго жабышып кыймылсыз турган аялды көрүп башын чайкап койду, мунусу уколду сайба дегени болсо керек. Жанылды дагы бир аз карап туруп али бери токтобосун түшүнүп, анын тегеренип жатканынан башы айлана аста туруп сыртты көздөй жөнөдү.
Торду жаап жатып ашпозчу аялга,
-сен жанында бол! деп чыгып кетти.
Үйдүн босогосун аттап мойнундагы галстугун тартып бошотуп жатып жанагындай эле бирок бир аз ичкерээк үн менен күлүп жаткан каткырыкты угуп делдээ туруп калды. Бул үн үстүнкү кабаттан чыгып жаткан. Жүрөгү опкоолжуй аста көтөрүлүп күлкү чыккан тарапты карай келе жатып бул үн кимге таандык болушу мүмкүн экенин эстеди. Карачы үйүндө кечээден бери дагы бир бейтааныш кыз жашап жатканын такыр эсинен чыгарган тура. Ал жайгашкан бөлмөнүн каалгасын ачып, бөлмөнү чачып кызматкер аялдын айласын кетирип жаткан кызды көрүп тааный албай турду. Кечээ өзү көргөн жыртык кийимдеги шалтак кыздан дайын жок бир татына болуп чыга келиптир. Алдагы жоругу менен орду жок күлкүсүн алып койсо эле анын качандыр селсаяк болгонунан түк да калбачудай.
-Тагдыр Акбарович, деп жым туруп калган аял караган тарапты карап Айперинин жүзү өзгөрүлө түштү.
-Акбарович? деп үнүн чыгара сүйлөп да алды байкабай.
-так өзү. Сен мени кайдан тааныйсын? деп жакындашып келе жаткан кишиден тайсалдай түшүп кайра өзүн колго ала,
-мына катындан укпадымбы азыр эле ааха-ха, деп жанакы жасап жаткан жоругун кайталап койду Айпери.
-ошондой де, алдын эч укпаганмын көрбөгөнмүн дечи, деди көптү көргөн Тагдыр кыздын жалганын байкап жакындаша.
-Тагдыр Акбарович! Бул ысымды укпаган адам барбы, жинди менен эле дүлөй укпаган болбосо. Болгону бул жүздү гезиттен анан телевизор Дон эле көргөм да. Кана кармап көрөйүнчу деп сомойунун учун анын кийимине тийгизип кайра тартып алды да,
-чын эй, деди жанындагы аялга карап. Эми мен бул колумду жуубайм эч качан, колуңду жуу деп урушпа эми мени, деп сомойун колтугуна катып алды. Артына тегеренип эки үч жолу айланып өзүнүн кийип жүргөн кийимине да суктанып карап алганга улгурду.
-кызык, досторума айтсам ишенээр болушту бекен. Кече эле таштанды аралап көчөдө жүргөн мен бүгүн периште болуп калдым, Акбарович деген адамды жанынан көрдүм, керек болсо колум да тийди десем ишенишпейт го. Ээ койчу биз жомокко ишенбей калганыбызга көп болбодубу, деп кайдыгер колун шилтеп койду.
Муну Айпери деп коёт, кандай кырдаал болбосун ынгайлуу жолун таап абалдан чыгууга жөндөмү күч. Ушундай кырдаалдар үчүн атайын даярдыктардан өткөн, эмоциясын жашыруу жана башкалардын эмоциясын бетине чыгарууну үйрөнүү үчүн атайын журналистика факультетин аяктабадыбы.
Бирок азыркы каршылашы да кадимки катардагы адамдардай эмес, селсаяк болуп бутунда басып жүргөн адамга эмес жаны торолуп буту чыга элек наристеге да кумондуу караган аты эле айтып тургандай өз жашоосунун ээси боло ала турган адам айтылуу Тагдыр эле.
-кандай гезиттен көрүп жүрөсүң? Дагы эмне болуп гезитке чыгып калдым экен, деди ал өзү кабарсыз калып кеткен маалымат уга тургандай кызыгып...

#29 27 Январь 2019 - 17:37
-Эмне селсаяк болсо эле көзү көр, кулагы дүлөй, акылы кем бирөөнү элестетесинерби.
Биз деле адамбыз. Керек болсо башка керсейип папка кучактап жүргөндөрдон көбүрөөк билебиз. Аларын китеп эмес гезит кармап көрө элек, убактысы жок андайга. А бизде болсо убакыт кенен, тапкан колубузга тийгендин баарын окуй беребиз. Мен деген керек болсо дүйнөнүн эң байын билем өлкөнүн эмес деп мактанып койду көкүрөгүн көтөрө оозун чурчуйтуп.
-ал ким экен?
Тагдырдын жөн эле какшыктап турганын билсе да чындай кабыл алып жооп берип жатты Айпери. Ал кантип эле түшүнбөй калсын текшерүүдөн өтүп жатканын.
-ха-ха-ха. Айттыым силер деген акча эсептешти эле билесиңер, а дүйнө жаңылыктары силерди кызыктырбайт. Ал деген Кошмо штатта жашаган Маккензинин күйөөсү Джефф Безос да. Анын байлыгы 140 миллиард долларды чапчыйт дейт эй. Аны кайда жумшайт дебейм, жумшоочу жайды табат дечи. Кайдан кантип жыйды экен дейм да анча байлыкты. Силер кантип табасынар өзү акчаны? Мына мен эмне кылсам да окшошпой койду эй. Менде акча эмне кылсын, акчам эмес тыйыным жок. Жүз сом тапсам эки жүздү жок кылам, деп каткырып күлүп коё берди.
-сен чындап эле көптү билгенге окшойсун. Айтчы таштандынын арасында эмне карап жүрөсүң?
-эмне карап жүрмөк элем, тамак карайм да. Кээде бөтөлкө чыгып калат, аны тапшырам, азыр аны да эч ким албай калды. А баса менин органымды сатсаныз мага жарым акчасын бериңизчи ээ, мен дагы аз да болсо адамга окшоп жашап алайын.
-а сен кайдан алдын муну, сенин органын мага керек болот деп.
-а эмне андай эмеспи? Сизге менин органым керек болбогондо башка эмнем керек болмок эле, деди чоң көздөрүн андан бетер чоң ачып алайтып. Сиз коркпон мен ар нерсени оозума тыгып ден соолугумду уулап койгон эмесмин, ичимдик ичпейм чылым тартпайм. Менин органым эң кымбат кетет, деп денесин жакшы көрүп сылап койду жалгандан эле сыр алдырбай. Бирок чынында Айпери бир оор жүктөн арылгансып жеңилдей түшкөн эле, баардык дене мүчөсү өзүндө калаарына шүгүр кылып.
Тагдыр аргасыз күлдү, ага эмнегедир бул кыз жагып турду.
-А сен эмне оңой эле органынды берип коесунбу?
-жок бербейм, мага тийишпе коюп жибер, болбосо соттотом! десем мени угасызбы. Керек болсо мени сиз эмес сот дагы укпайт. Башка арга калбагандан кийин, акыркы кадам ушул болсо башка эмне кылам, жок дегенде ооз тийип калайын деп жатпаймынбы өз денемдин акчасынан. Баатырларча акыркы каным калганча салгылашып өлөм дейин десем баатыр дагы эмесмин. Экөөбүз пил менен кумурска дагы эмеспиз, кумурскада да мүмкүнчүлүк бар, бир кычыкка кирип кетсе пил көрбөй калышы мүмкүн. Биз торго салынган торгой менен ага карап турган адамдайбыз. Билесизби торгойлор адамдан жакшылык күтпөйт экен, бир коё берсең кайрылып келбегени ошондон.
Анын сөзүн бөлбөй угуп турган Тагдыр терезеге жакын келип темир жалюзини тартып ылдый түшүрүп ачып коюп четте турган орундуктардын бирине келип отура кетти.
-кана торгой сайра, сен өзүңө жакшы ат коюп алыпсын. Эгер адамча сайрап эстүү болсон торун алтындан болот, жок анте албай эссиз торгойдой эркиндикти эңсесен суукта тонуп өлөсүн.
-азыр жай эмеспи тонбойм, деди Айпери Тагдырдын эмне каалап жатканына түшүнбөй. Ал экинчи оюна ооп бараткан эле, бул кишиге банктары, курулуш иштери, алтындан келген пайдасы жетпей таштандыга да асыла баштаган экен деп. Азыр болсо аны ким жөнөттү, тапшырманы кандай алган, эмне жөнүндө билип баруусу керек, мына ушулар жөнүндө сурап жатса керек деди оюнда.
-Кимдин кызысын? деди, кыздын бир нерседен коркуп бирок аны жашырууга аракет кылып жатканын байкап отурган Тагдыр күтүүсүз.
-бир кишинин болсо керек. Айперинин оозуна ушул сөз келди, ал аты жонун жашырыш керектигин буга чейин эле түшүнгөн. Өзү эмне болсо да жакындарына зыян жетпеши керек.
-Демек сүйлөгун келбейт.
-сүйлөп жатпаймынбы. Мен билбейм кимдин кызы экенимди. Ата энем бар болгондо ушинтип көчөдө жашамак белем, жок дегенде үйүнүн бир бурчунан оорун беришмек да, деп көзүнө жаш тегеретип жиберди кыз.
Бирок анын жашы Тагдырды селт эттире албады. Бул кишинин жүрөгүн анча мынча нерсе жумшарта албагыдай абалда тонгон, анда эмоция дегендин өзү жашабайт.
-Жок дегенде атын кимдигини билесинби?
-Айпери.
-Бул чын атынбы? Ким койгон же өзүн ойлоп таап алгансынбы?
-билбейм мени тааныгандардын баары ушинтип аташат. Бул ысым кайдан келгенин деле билбейм.
Тагдыр канча кумондонгону менен кыздын ар бир сөзүнон ал өзү издеген адамды таап жатты. Кудум ушундай уруксуз бечараны издебеди беле. Алдында турган кыздын баарына карабай акылдуу сөздөрдү таап сүйлөп жатканы да жагып турду. Акылы тунук экен жашоону үйрөтүү да жеңил болот деп ойлоп, канча кумону турса да жакшылыкка болгон үмүтү жеңип кетти. Оюнда балким каргыш жанса Жаңылы да ордуна келет деп ишенип жаткан. Азыр эле ал үчүн баарын жасайм дебедиби, демек муну да жасап көрүүсү керек. Кийин бул кыз ал ойлогондой болбой калса эмнеси кетиптир, ушул бир бечара Тагдырга зыян өткөрө алмак беле.
-Эмесе мындай Айпери, мен сенин сөздөрүнө ишенгендей сен да менин сөздөрүмө ишен. Озун айтмакчы акыркы кадам ушул болсо экөөбүздо куру сөзгө ишенуудон башка арга жок. Мен сага жамандык каалабайм, бирок эркин коё берип да жибере албайм. Мындан аркы жашооң ушул үйдө өтмөкчү ошондуктан жакшылап коно бер. Сага бул жерде ким эмне айтса ошону жаса, билгин алар менин атымдан сүйлөшөөрүн. А мен сөзүмдү тындабагандарды жактырбайм, мага жакпаган адамдар азыр кайда экенин эч ким билбейт. Өзүң акылдуу жанга окшойсун ойлонуп кадам кой, мындан ары жанагындай жапайычылыкты кайталаба, деди да ордунан туруп бөлмөдөн чыгып бара жатып артына карап, а баса сен эми бул үйдө эркин жүрөсүң муну баалай бил, деп көзүн эки үч жолу ирмеп алып чыгып кетти.
Айпери эч нерсени түшүнбөгөн бойдон эле бөлмөдө кала берди жалгыз, жанындагы аял да Тагдырдын артынан эле чыгып кеткен. "Мына сага турмуш" деди ал оюнда, мындай кырдаалдарды дайым өзү издеп таап барчу, бул ирет кырдаал өзү келип отурат, болгондо да кандай. Чындап эле бул нерселер анын жашоосунда болуп жатабы же көп нерсени кыялданып уктап калып түшүнө кирип жатабы. Бутунун санын чымчып көрсө ооруткандай, демек өңүндө эле болуп жатат. Биринчи оюнда тегеренип бөлмөнү кыдырып телефон издеп жатып бир ойдон эсине келе түштү, кантип эле аны эркин коюп коймок эле ушундай үйдө, ар бурчта видео көзөмөл орнотулган болуш керек. Мындан ары эмне кылуусу керек, аны ойлонууга азыр акылы иштебей жатты. Бутун сүйрөп барып керебетке комкоросунон кулап кыймылсыз жатып калды, азыркы болгон маекти башында тегеретип. Бирок бул абалы да көпкө узабады, көп өтпөй эле каалга такылдап эки адам кирип келди колдоруна көтөрүп алган баштыктары бар. Алардын эч бири эч кандай сөз сүйлөбөй эле аны ордунан тургузуп кузгунун алдындагы отургучка отургузуп бири чачын жасап бири тырнактарын туздоп киришти. "Кыязы булар мени чыныгы ак сөөк аял кылганы жатышат го" деген ойдо ундобой алардын эркине көнүп отуруп берди Айпери. Тагдыр ага кыска нуска айтып жакшы түшүндүрүп кетпедиби, булар да буйрук аткарып жатышат да суроо берүүнүн сүйлөшүүнүн пайдасы жок экенин ал түшүнүп турат. Бирок мындай кылуунун себебин түшүнбөй башы катып жатты. "Эмне Акбарович мени өзүнө жубай кылганы жатабы? Кантип эле селсаяктардын арасынан жубай издемек эле, бул кишиге тийем деген сулуулар катар тизилип турушса. Же мен бирөөгө окшошмунбу? Анын көзүн тазалап коюп мени ал адамдын ордуна кармаганы жатабы? А баса бул кишинин жубайы кетип калбады беле качып. А балким чындап эле өзү айткандай буйругуна баш ийбегендерди дайынсыз жоготуп коёттур, ага мисал жубайы болуп жатпайбы. Деги эмнеси болсо да жашасам көрө жатаармын, эптеп Тайлакович менен байланышка чыгып алсам бул жайдан да кутулаармын, ошондо менде айта турган өлкөнү дүң дедирчуу макала болот", деп өлө албай жатып жумушун ойлонуп жатты.
Эки саат дегенде кузгунун алдында өзүн карап тааныбай турду. Мынтип кирип барса жумуштаглары эмес өзүнүн апасы да тааныбай калат. Өз кесибинин чебери деп мына ушуну айт, шаарда канча деген сулуулук салондоруна барганда да мындай ажарына чыкпаган. Бир чач жасалгасын кашын өзгөртүү менен жүзүнө кандай өзгөрүү киргизип коюшкан. Ал өзүн суктануу менен карап турганда тигилер кандай кирип келсе ошондой үн сөзсүз чыгып жок болушту. Андан кийин эле дагы бирөө баш бакты бөлмөгө. Бул ирет кирген адам өтө сүрдүү карап, кудум жумушка кабыл ала тургандай баштан аяк сынай тиктеген аял экен. Айпери бир аз калдастай түштү, аялдын андан эмне каалап жатканын түшүнбөй.
-Бери басчы! деди сүрдүү аял.
Айпери бир эки кадам таштаганда эле, колун көтөрүп - токто, деди. Өзү анын жанына басып келип артына өтүп белинен кармап эки бутун туздоп улам буту менен түртүп тизесинин ички таманына тизесин тийгизип бугуп бастырып кирди. Айпериге эми жетип келгенге окшоду, бул аял аны туура басышка үйрөтүп жүрүм турумун оңдоо үчүн келгенге окшойт. Толук эки саат анын көзөмөлүндо болуп кадимкидей алдан тайып чарчап калды. Өзүн эч чарчабаган шамдагай ойлоп жүргөн экен бутун каалаган тарапка таштап басып жүрсө эле кыймылдап жүрөм деп, көрсө чыныгы шамдагайлар бул жакта тура, эки саат аякта тик туруп гана тим болбой ар бир мүчөсүн көзөмөлдөп. "Ак сөөк болуу оңой олтон нерсе эмес экенин түшүнүп жетти бир эле күндө, али алдыда эмне деген сыноолор күтүп жатканын билбей туруп. Каалга кагылып дуйум тамак салынган падносту көтөрүп сырттан башкасы кирип келгенде сүрдүү аял тизесин бир аз гана бугуп жердин катуулугун текшергендей басык менен аяр басып чыгып кетти. Ух деп чуңкур дем алып, болгон салмагын таштап орундукка шалдая отуруп, бир балээден кутулдум деп жыргай түштү эле Айпери, адашкан экен. Жаңы кирип келген аял тамакты ченеп алып келгени аз келгенсип аны жөн да жедире койбоду. Бир туруп колундагы таякчасы менен чыканагына урса, бир туруп табакка карай созулган экинчи колуна урат. Байкуш кыз ушул кезге чейин эч ойлобогон экен туура тамактанышты билбейм деп, көрсө такыр эле байыркы адамдардай жашайт тура. Улам бир аспапты колуна алган сайын жүрөгү титирейт, туура кармадымбы же дагы таяк жейминби деп. Ошентип отуруп жеген тамагы кайда кеткенин да билбей калды. Качан аял падносун көтөрүп чыгып кеткенде карды али да курулдап ач экенин билгизип турду.
"Эгер өмүр бою ушундай кылып жашайсың бай болсоң десе мен эч качан макул болмок эмесмин" деди Айпери ызалуу. "Бай болуп каалаганын жасап, тойо тамак жей албасан анда ал байлыктын эмне кереги бар, көргөзмө үчүнбу?,Жок андан коро карапайым эле жашоом жакшы. Кардым ток, эрким өзүмдө эч кимден корунбайм, бутумду кайда кааласам кандай кааласам ошондой таштап басам" деп өзүнүн бул үйдөн сырттагы бар жашоосун эңсеп, биринчи жолу ал жашоонун кадырына жетип отурду.
Баро Азатты да кудум кече атасын тосуп алгандай күтүп алды. Экөө үйдү тегерене басышып ар кайсыны сүйлөшүп жүрүшүп акыры сөз Азаттын келген максатына жетти.
-Баро мырза адамдар эмнеге сизге тартылаарын эми түшүнүп жеттим. Сизде бир сыйкыр күч барга окшойт, сөздөрүнүз өзүнө тартат да турат.
-Андайы бар, деп күлүп койду Баро. Себеби мен бир гана чындыкты сүйлөйм.
Ал Азаттын эмне сурагысы келип жатканын жакшы түшүнүп турган. Баары бир "укканым чынбы" деп суроосу турган кеп.
-дагы бир башкалардан өзгөчөлүгүнуз бул айтыла турган сөздү укпастан туруп жооп бергениниз болсо керек, деди Азат да анын оюн түшүнүп.
-ошондой, эгер сөз эмне жөнүндө боло турганын билсем.
-макул дейли баары сиз айткандай болсун, бирок сиз муну кайдан билесиз. Ашпозчу аял айтканына караганда бул уламышка түздөн-түз катышы бар менин атам да сизчелик билбегенге окшойт.
-Атаныз тирүү туруп сизди кожоюн деп атасам туура болот бекен?
-жок, деди Азат кесе. Сиз бизде кызматчы эмессиз, болгону бул үйдө турасыз. Мен бул үйгө эч качан кожоюндук кылбайм.
Баро башын буруп Азаттын көздөрүнө тике карап туруп көзүн тартып кетти. Жигиттин көзүндө чечкиндүүлүк, тайманбастык жана катуу очошкондук бар эле. Ал бардык болгон бактысыздыгына так ушул үйдү күнөөлөп жатканына түшүндү.
-мен да бул уламышка түздөн-түз катышы бар адаммын. Болгону менин каным силердикиндей таза эмес, деди көзүн тээ алыстарга кадап.
-түшүнбөдум.
-сен уккан каргыш таза ак сөөк кандан тарагандарга гана тийиштүү. А менин каным аралашма.
Азат нес боло туруп калды.
-Ошондо сиз?
-Ооба, мен уруксуз цыган кыздан тарагандарданмын.
-Муну атам билбейт ээ?
-жок, бирок... деп сөзүнүн аягына чыга электе артына бурулуп шаша унаасын отуруп кайтып кетти Азат.
Ал кетип калса да Баро анын артынан,
-бирок мен жашырган эмесмин, болгону атаныз сураган эмес. Ал киши сурабаган нерсени баяндап берген адамды жактырбайт, деп сүйлөп кала берди.
Азат канча катуу айдап шашылганы менен эч эле Бишкекке жетпей койду, жол кудум эки үч эсеге узарып кеткендей туюлуп. Анын шашылган себеби, өзү ойлогон түйүндүн учун таптым деп ойлоп баратат. "Бул цыган кишинин айткандары жалган экенине далил таптым, ал болгону бизге жакындаштын амалын кылып кайдагынын ойлоп таап келип алган" деп ойлоп келе жатты. Азыр барып бул кабарды атасына жеткирсе эле баары жайына түшчүдөй...

#30 30 Январь 2019 - 16:16
Күүгүм талаш гана уйуно жетип келген Азат атасынын тамактанып болуп столдон жаңы туруп бара жаткан учуруна туш келди. Уулунун маарадан куру калчуудай шаша кирип келген түрүн көрүп токтоп калган Тагдыр аны баштан аяк бир карап алып,
-Кел уулум! Тамактанып болуп экинчи кабаттагы мейман кыздын бөлмөсүнө кирип таанышып чык, деди бейгам гана.
Ушундай да адам болобу. Бул байлык деген нерсе адамга зор күч берет сыңары, байлыгы бар адамда өзүнө болгон ишеним да күч болот. Болбосо бул киши кантип алдына келгендин барын кайратынан жандырчуу сапатка ээ болмок. Азыр да бөтөн эмес өзүнүн уулу, каны жаны болгон Азат атасынын көзүнө тик карап айтчуу сөзүн айта албай тайсалдап турат. Атасы же аны тилдебесе, жөн гана жумшак сөз менен тосуп алып жатса эмнеден коркуп турганы белгисиз. Ал так ушул жумшактыктан коркуп турат, демек анын ушунча короткон кадамы бекерге кеткен. Суроо салбай жай гана тосуп турганына караганда атасы ал айтпастан туруп баарынан кабардар жана жообу да даяр.
-менин артымдан андуу койдунузбу? деди башын жерден көтөрбөй туруп Азат.
-мен баарын чечип болгом, куру эле жүгүрө бербе. Айпери менен жакындан тааныш, андан көп нерсе үйрөнүүгө да болчудай мисалы тагдырын моюндоону, деди да басып кетти атасы.
-эч качан! Мен эч качан ага уйлонбойм!
Тагдыр артына кылчайып да койбой тепкич менен үстүнкү кабатка көтөрүлүп бара жатты.
Азат колу менен жүзүн шыпыра сылап бойрогун таяна туруп калып,
- Мунун баары жалган! Бир уруксуздун сөздөрүнө ишенип менин бактымды байлаба ата! деп жалбарып жиберди.
-Мен сенин каалоонду аткарып жатам. Селсаякка үйлөнгүң келбеди беле же жалганбы. Эр болсоң оозундан чыккан сөзгө жооп беришти үйрөн. Мен айткан кызга уйлонуштон баш тарттын, эми мындан да баш тартсан жөн гана менден кечкин келип жүрөт. Ага да каршы эмесмин, жолун ачык. Тиги артисине барып бактылуу боло бер. Эгер аның сени менсиз кабыл алса, деп акыркы сөзүн ооз учунан угулаар угулмаксан аста айтып коюп кете берди.
-ал сиздин уругунузданмын дейт. Ал айткандай болсо демек эки тараптан урук улоого мүмкүн экен да.
-Билем! деди Тагдыр акыркы жолу үнүн чыгарып узун коридорго кирип бара жатып, ошол бойдон анын карааны да көрүнбөй калды. Эмнени билем дегени табышмак бойдон кала берди. Баронун тамырында да өзүнүкүндөй кан айланаарынбы же эки тараптан урук уласа болоорун билеби.
Бар күчү менен столду бир муштап алып эмне кылаарын билбей жинденип туруп калган Азат айланасындагы азыр эле атасынын жанында чарк айланып жүргөн кызматчылар эч нерсе болбогондой, аны көрбөй жаткандай өз иштери менен алек болуп ар тарапка кирип кеткендерин көрүп андан бетер өрөпкүп өзүн токтото албай калды.
-мен эч киммин! Мени эч кимдин ордуна коюп койгонсун! Макул сенин айтканындай болсун. Эми чындап бул үйгө мен эч ким болом, деди да чоң каалганы түртө ачып үйдөн чыгып кетти.
Ашканада жүргөн ашпозчу аял Азатты токтотмокчу болуп артынан чыгып алдын торой жүгүрдү, кантсе да туулгандан бери билип өз уулундай жакшы көрөт эмеспи, азыр жаштык кылып чыгып кетсе кыялы катуу атасы кечирбей коёт деп корккон. Ачуусу менен унаасын көздөй бараткан жигиттин артынан жетип колунан тарта токтотуп бурулуп сүйлөйүн деп оозун ачып келе жатып үстүнкү кабаттагы терезеден карап турган Тагдырды көрүп токтоп калды, сөзүн баштабай туруп аяктап. Ал эки колун бөйрөгүно ала таянып карап турган экен, анын көзүндөгү сүрү ошончо аралыктан аялдын денесин титиретип жиберди. Аргасыз Азаттын колун коё берип үйдү көздөй кирип кетти. Тагдырды өзүнөн кийин эле жакшы билчүү адам ушул. Ал өзү суранбаганча жашоосуна аралашкан адамды жактырбайт. Канча жакын болгону менен баары бир ал Азаттын апасы эмес да, ошол себептүү азыр бул ишке аралашышка акысы жок экенин жакшы түшүнүп турат, ансыз да чектен ашчуу иш жасап болгон эртелеп. Ал үчүн али сурала элек болсо эле болду кутулду баарын туура жасаган дегени эмес, Тагдыр ал жөнүндө баары бир эскертет.
Азат ошол абалында жүрүп отуруп кантип Айкеранын өзү сатып берген батири жайгашкан үйдүн алдына келип калганын байкабай калды. Али да ачуусу басандабаган кызуу кандуу жаш неме атасына эрегишип, "кетсе кеттим, бактылуу болуш менин да колумдан келет" деп тиштенип алып заманбап улгудо салынган кызыл ак аралашкан боёк менен боёлгон чоң үйдүн подьездеринин бирине кирип кетти.
Конгуроо чалынаары менен каалга алдына жетип келген Айкера ооздо турган Азаттын мойнуна асылып, эч нерсе болбогондой жытынан тое жыттап эркелеп алды да, колун анын мойнунан бошотуп алып эшикке жөлөнүп туруп калды үнсүз, көздөрүндо жаштын изи пайда боло түшкөн. Бул кыз ар дайым жигитти таң калтырат, азыр жакшы кабыл алып жатып үйүнө кир дегенге шашылбаганы эмнеси. Ал ошондой нес абалда эмне дээрин билбей турганда Айкера ууртундагы уячасын чыгара билинээр билинбес жылмайып жаш арасынан,
-сагындым, деди шыбырай.
-жарыгым мен да сени сагындым. Эми эч качан ажырабайбыз, өз бактым үчүн күрөшүп бирге болуу үчүн келдим алдына, деп кучагын жая бергенде кыз адатынча жеңил гана артка чегине жигиттин колунан жетелей ичкери киргизди. Бирок ал күткөндөй уктоочу бөлмөгө эмес ашканага карай өтүштү. Азатты кире бериштеги жумшак орундукка отургузуп өзү столду тегеренип барып анын так маңдайынан орун алды. Сүйүү толгон көздөрү менен бир аз тигиле карап отуруп Азаттын чыдамы кете баштаганын байкаганда гана узактан баштап сөзгө өттү.
-Азат Тагдырович! Кандай керемет угулат ээ. Башкаларга кандай билбейм, мен бул ысымды укканда дүйнөнүн падышасын эле элестетем. Эгер жөн эле Азат деп койсо да ошол эле адамды элестете берем, мага айырмасы жок. Болгону ал адам өзүн ошондой элестете алабы? Атасынын аты коштобой калса жашоосу кандай өзгөрөт?
Сүйүктүүсүнүн эмне айткысы келгенин түшүнө албады Азат, алдын да аны түшүнөм деп аракет кылган учурлары жөн эле текке кеткен убаралануу болгон эки үч ирет, ошондуктан азыр ага аракет да кылбады. Жакшысы өзүнөн эле сураганы оң.
-Айкера эмне дегин келип турат? Мени атандан алыс жашай албайсың дегин келип турабы? Эмне өз жашоосун алып кете албаган алсыз адам көрүп турасыңбы?
-эч качан! Сен күчтүү болгон үчүн атаңа татыктуу уул болуп жүрөсүң, өз жашоонду көтөрүп. Сен күчтүү болгон үчүн менин эч кимге багынбас жүрөгүмдү багындырып алдын. Бирок мен өзүмчүл боло албайм, балким ошондоюм үчүн сен мени тандагансын. Атаны жалгыз уулунан бөлүп эч нерсе болбогондой жашай албайм. Сен өзүңдүн жашоонду татаал деп ойлоп жүрсөн адашасын, бул дүйнөдө сеникинен алда канча татаал тагдырлар бар. Сенин алардан айрымачылыгын жалгыз эмессин, опол тоодой колдоочун бар, ал атаң. Анын кадырына жет, башка эч ким, мен да андай жакын боло албайм. Мени деп атандан каргыш алба. Баарын акыл менен чечели. Ал адашып жаткан болсо да азыр сен анын жанында бол. Өзүң жакшы билесиң өз атаңдын кыялын, ал сени жөн эле коё берип жибербейт, жер менен жексен кылып жок кылат. Ошондуктан анын уруксатысыз кадам да койбо. Баары ал кишинин уруксаты менен болуусу шарт, кийин мен ак бата менен кирип баргым келет ак оргоно. Мага баарын тиги сен жөнөткөн адам айтып түшүндүрдү, мен билбегем жаным. Мен сени кутом, балким атаң ойлонуп калаар. Башка жолун тап, атаңдын адашканын далилде, бирок анын каргышына калба. Тиги атаң тапкан кызга үйлөнбөстун амалы анын атаңа жакпаган тарабын таап көрсөт.
Ушул жерине келгенде Азат хы деп мыскыл күлүп койду.
-Деги анын атама жага турган жери жок. Мени ошого тең кылып жатканына караганда ал үчүн ким экенимди көзүмө сайып коргозуп жатса керек мага.
-Азат андай дебе. Ал сенин атаң, анын сенден башка жакыны, мураскери жок.
-бирок кааласа табат мураскерди, мага андан эч нерсе керек эмес.
-жок сен ага жол бербейсин. Атаңдын жалгыз уулу сенсин.
Азыр эч кандай сөз менен бул кызды ынандыра албашын түшүндүбү же анын айткандарын туура көрдүбу, айтоор Азат сүйүктүүсүнүн сөзүнө муюп башын ийкегилеп ордунан туруп сыртка жөнөдү. Айкера жетип келип артынан кучактай,
-мен сени кутоорумду унутпа, бирок мен да сабырсызмын шашыл, деди шыбырап.
Азат чыгып каалга жабылаары менен ичкери уктоочу бөлмөдөн Акжигит чыга келди. Айкеранын жүзүнөн сылай,
-ал эмес сен күчтүүсүн. Бир карашта эки адамдын жүрөгүн жаралай алган, деди.
-Акжигит, жаным айтчы биз бактылуу болуш үчүн анын акчасы керекпи. Сен башыңды бошотсон экөөбүз бир болсок эле болду эмеспи, деп жалдырай тиктеди аны кыз.
-биз эмнеден баштаганыбыз эсинден чыктыбы, эч кандай эч нерседен үмүт жок эле. Эми ушунча жолго келип калганда таштап кете албайбыз. Бир кадам аттасак баары биздин колубузда болот. Ал дүйнөнү сенин алаканына салууга даяр, болгону сен сурай турган дүйнө азыр анда жок. Түшүнсөн жаным сен эч нерсеге муктажсыз жашоого татыктуусун. Мен да балдарга татыктуу жашоо куруп берип калтырышым керек, кийин экөөбүздүн тынчыбызды албагандай кылып. А бул күчүктүн күнү баары бир түгөнөт атасы кеткенден кийин. Азат атасынан калган мураска ээлик кыла албайт, баары бир ал мурас башканын колуна өтчүү нерсе, а эмнеге ал биз болбошубуз керек?
-атасын жан алгычтын өзү деп жатпайсынбы, анан кантип анын жанын аласың сен?
-мен эмес баласы алат. Болгону ал уулу үйлөнгөндө байлыгын анын жубайына каттатат. Бул жөнүндө ал үйлөнгөн жаш келиндин да уулунун да кабары болбойт. Ага чейин өлүп кетсе ал эч нерсеге ээлик кыла албай калат. Бул алардын атадан балага уланып келе жаткан мурасы. Ошондуктан алардын уругунда эч бир уул атасына каршы чыкпаган. Эгер Азат атасынын ачуусуна тийсе же ал өлгөнчо уйлонууго улгурбой калса баары анын капастагы жинди аялына өтөт. Ал аялга биздин эч кандай тиешебиз жок болгону үчүн баарынан куру жалак калабыз.
-Демек азыр да анын атасынын байлыгы жок экен да, ал тиги аялынын атында болсо.
-жок, Жаңыл анын атасы алып берген аялы эмес. Биринчи жубайы Азаттын апасы болгон, ал өлгөндө бар байлыгы кайрадан чыныгы мураскерин таап анын күйөөсү Тагдырга өткөн. Менин акылым жетпеген бир гана маселе бар болчу, кандайча алар алган келиндеринин уулдарынан алдын олоорун билишкен деген. Азат жанагы жомокту айткандан кийин билип отурбаймынбы. Алар өз кылган иштерин жашыруу үчүн ушул жомокту ойлоп таап алышкан болсо керек. Аталары өздөрү тандап алып берген аялдан уулдары баш тартып кетпес үчүн ушундай мыйзамды колдонушса, балдары ал аялдарды өлтүрүп гана кутулуп келишкен.
-Демек сен мага да ошондой тагдырды таңуулап жаткан экенсиң да, деп ызаалана түштү Айкера өзү айтканын аткарып анын кулу болууга даяр жүрсө анын кылганы бул экенине куйугуп.
-өзүңдү бас! деди Акжигит кызды каруудан алып силке. Сени анын атасы эмес өзү тандап жатат өлтүрүүгө колу барбайт, андай оюнда болсо да ишке ашырууга улгурбойт. Сен нике куболугуно колуңду коюп мыйзамдуу түрдө Акбарова аталган күнү түнгө жетпей атасы жарыктык менен кош айтышып баласы түрмөгө кете берет.
-эгер атасы бизге ыраазычылыгын бербесечи?
-ал киши баласын катуу кармаганы менен аны өтө жакшы көрөт, уулунан кечип коё албайт, баары бир жүрөгү ооруйт жалгызы үчүн. Болгону анын жүрөгүн орутуунун жолун табуу керек. Уулунун акылдуулугуна ишенуусу шарт. А ал күчүкту акылдуу көрсөтүш сенин милдетин, чайнап берген ашты эптеп анын оозуна салып да бере албайсыңбы. Тездет, Азатты өзүңдөн алыстатпа, бирок жалынып жабышпа да, ал сени жоготуп коюудан корко тургандай кыл. Эгер болбой кетип жатса тойду токтотуучу акыркы кадам атасы тапкан кызды жок кылуу.
-мен аны кантип жок кылам?
-сен эмес, сени ал үйгө кийирбейт да. Азатка айтасын, бирок түз сүйлөбө, сенден ирээнжип калбагандай болсун, алар өтө назик жандуу таза адамдарды жактыраарын унутпа, деди да маңдайынан сүйүп эшиктин алдынан түртө салып чыгып кетти.
Жүрөгү сүйгөн адамын узатып каалгага жөлөнүп туруп калган кыздын көзүнөн жаш сызыла берди, азыр өзү да кудум Азаттын ордунда экенин ойлоп, баарын көрүп түшүнүп турган өзүндө да башка жол жок экенин элестетип ыйлап жатты.
Бул сүйүү дегенин ушундай бир канкор түшүнүксүз сезим го абийиринди жулуп ыргыткан, сенин намысын эмне? күчүн кайда? мүмкүнчүлүгүн барбы? деп эсептешпеген, жаса! жана тап! деп талап койгон. Канчалаган кыйындарды алдында жормолотуп ойногон. Эгер күчүн ашып урунаарга тоо таппай урушаарга жоо таппай турсаң өз сүйүүн менен күрөшүп көр, аны жүрөгүндөн жулуп ыргытып көр. Кайдаан тамырлап кеткен ал балээ сени ондурбай калсын, кайда качсан да артыңдан калбай жүрөгүңдү сыздадыт ээрчип жүрөт. Бирок абийир азабы деген да бар ар бир адамда, ал канча канкор болбосун, текебер болуп катасын эч мойнуна албасын баары бир ал ичиндеги дагы бир азаптан кутула албайт, ал абийир азабы. Абийир сүйүүдөн айырмаланып алда канча мокок болсо да адамдан калбайт, суйуудой эле ар дайым ээрчип жүрөт, бирок үнү октом эмес шыбыр чыккан үчүн көбү аны уга бербейт, азыр Айкерага окшоп. Бирок ал кулакка жетпеген шыбыр үн такыр жок болуп кетпей денеге таркап кетет. Анан ичтен жеп отуруп өлүмгө алып баруучу катуу ооруну же өзүнө кол салуу деген кенен жолду оюп ачып коёт. Ал оюкту бекитуунун жолу жок, эгер болсо ошончо элди алдаган адилетсиз падышалар, амалкой шылуундар, бир ооз сөз менен адамдын өмүрүн чечип тарс эттире жыгачын уруп абийирин акчага сатып кеткен соттор кичине жыртыкты бүтөй албай жан чыдагыс дарттарга чалдыкмак беле. Бирок мүмкүн болбогон нерсенин өзү жок дегендей балким абийирди калыбына келтирүү менен ал оюкту да бүтөсо болсо керек. Муну азыр кимиси түшүнүүсу керектигин эч ким билбейт эле...

#32 01 Февраль 2019 - 21:26
Унаанын башын буруп ойду келди айдап жөнөгөн Азат бүгүнкү күндү баштан аяк эстен өткөрүп жатты. Эмне деген укмуш күн болду бүгүн ал үчүн. Бир күндүк чыныгы тажрыйба жүз жылдык куру өткөргөн өмүрүнду жокко чыгарат деген ушул беле. Бирок дагы бир жолу бардык кырдаал анын атасынын кучтуулугун далилдеп турат. Эмнеге баары эле атасын колдой беришет, кантип алар Азат көргөн катуу кыял, өзүмчүл, адилетсиз адамды көрө алышпайт. "Жоок" , деди ал, "алар жөн гана андан коркушат, ооба бир эле ооздорунан аны жаман деген сөз чыгып көрсүнчү, эртең өздөрүн жер бетинен таппай калышат. Тагдырдан качан эмне кутушту билбейсин. Менчи? акыркы эле күндөрдө нечен ирет ага каршы чыктым, а бирок али да тирүүмүн. Балким Айкера туура айтаттыр, атамдын эң жакын адамы менмин ошондуктан ал мага зыян келтире албайт. Ашпозчу аял да ошону эле айтат. Барочу? Ал бизде ата баланы чырмап турган үзүлгүс түйүн бар дебедиби, биз кааласак да узо албайт имишпиз. Бир эмес нечендер бир эле сөздү кайталап жатышат, балким чын эле мен алар көргөндү көрө албай жаткандырмын.
Атам менден алыста деп наалыйм, а мен өзүм ага жакындоого аракет кылып көрдүм бекен? Азыр барсам эмне болот? Үйгө киргизбей койсочу, өтө эле катуу айтып чыгып кетпедим беле." деген эки анжы ойлордун кучагынан чыга албай шаарды айланып жүрө берди. Канча ирет үйүнүн жанынан айдап өтүп бирок кирип барууга эрки жетпей койду.
Эрте менен жумушка келген Акжигит ишкананын алдында токтоп турган кара түстөгү БМВ М5 үлгүсүндогу кымбат баалуу унааны көрүп жанына басып келип, терезесин чертип ичинде уктап жаткан Азатты ойготту. Көзүн укалап айланасын карап кайсы убак, кай жер экенин эстей албай жаткандай дендароо отурган Азат экинчи ирет терезе чертилгенде гана бекилген эшигин ачып Акжигитти унаага отургузду.
-түнду ушул жайда откордунбу?
-мен өткөргөн жокмун, өзү эле өттү. Эгер мен өткөрө турган болгондо көп тундордо калып кетмекмин.
-тамаша сүйлөгөнгө чаман жетип турса демек жашоого болгон каалоон өчө элек. Анан эмне унаада буктолуп уктап жүрөсүң, шаардын жарымы сенин үйүн болуп турса.
-менин эмес атамдын.
-Туура, а бирок ал ата сеники эмеспи. Бир убакта ал да сендей эле баары атамдыкы деп жүргөн, демек учуру келип сенин уулун да ушул кепти айтат.
- А мен сага башкача айтам. Менин уулум да ушундай айтуусу мүмкүн, бирок ал айткан нерсе сен экөөбүз айтып жаткандан асман менен жердей айырмасы болот. Эгер айрыма болушун каалабасам анда менде уул болбойт.
- Ошондой де. А сага кайсы тандоон көбүрөөк жагып турат?
- экөө тең жагып турган жок. Бир бармагымды тандап экинчисин кесип салсам эмне жаным оорубай коймок беле.
-ошондуктан эки бармагынды тең соо алып кал, акылды иштет. Өзүңдүн бармагынды кесип салганга караганда бөтөн бирөөнукун кескен оң, жок дегенде анын оорусу сага сезилбейт, албетте мындан башка жол жок болсо, деп түшүп баратып кайра ордуна отуруп калды.
-Үйдө тунобой бул жерде жүрүп али да тирүү бул кымбат баалуу унаада отурсан демек атаңды жетүүчу чекке жеткире элексин. Ага жеткенче акылына кел, андай эле эр болсоң атаңдын дүнүйөсүн бүт кайтарып бер. Ошондо көрөсүң сага андан эч нерсе керек болбогонун, селсаяк да сенден байыраак жашаганын тушуносун. Ал го каалаган жайынан ачык асман алдынан жай табат, а сага бул шаарда эмес көп өлкөдө орун калбай калат.
-эмне дегин келип турат? деди Азат башын силке.
-Дегим келгенин деп болдум, эгер мени жакын санасан кебиме кулак сал. Мен сени бир тууганымдай жакын көрөм, балким башкалар да ушундай эле ойдо, бирок эч ким ал чындыкты көргөзө албайт. Мен аларды жакшы түшүнөм, себеби мен да алардын биримин. Тагдыр Акбарович турганда андан өтүп сага жакын болууга жол жок, деп курч көздөрү менен карап туруп, Азат кургап калган оозун суулап шилекейин жутканча унаадан түшүп кетти. Азыр ал дагы бир суроону берип сөздү көбөйтүп отурмак, андан көрө ал суроосуна өзү жооп издеп таап алсын дегенсип аны өз ою менен жалгыз калтырып кетти.
Азат болсо анын акыркы сөзүнүн түпкү маанисине түшүнө бербеди, өзү чечмелеген ойду өзүнон алыс кууп. Кантип эле Акжигит аны өз атасына каршы койсун, ал жөн эле эсине келтириш үчүн ушинтип айтты болуш керек, дайым эле чектен ашып баратканда ушундай катуу айтып эсине келтирип турат эмеспи, деп өзүн жооткотуп унаасын жүргүзүп ал жерден узап кетти.
Шаарды бир айланып чыгып саатына караса тогуздан өтүп калыптыр, бул убакта атасы эбаак үйдөн чыгып жумушта отурган болот. Ушул учурдан пайдаланып үйү тарапка өтүүнү туура көрдү. "Эгер кароолчулар дарбазадан кийирбесе демек баары бүттү. Жок андай болбосо атам кече мен айткан акыркы сөздү укпай калган болот, мен да эч нерсе болбогондой кадимки жашоомо кайтам. Балким чындап эле баары айткандай атам мени чексиз жакшы көрсө акыры айтканыма коноор, качанкы жаңылыш сүйлөгөнүм үчүн кечирээр. Бир эбин таап Айкера менен тааныштырып алсам бардык ою озгорулмок, аныкындай акыл анча мынча эле аял затында болооруна ынанмак, деп кыялданып отуруп үйүнө жетип келди. Анын унаасы дарбаза алдына жеткенде эле чоң дарбаза эки тарапка жылып кенен ачылып тосуп алды. Баары ал элестеткендей жаман эмес экен, кароолдогу жигиттер кадимкисиндей эле башын ийип салам берип турушат, үй кызматчылары да ага башкача көз менен карашкан жок, баары жайында күндөгүдөй эле өзү көнгөн жашоо уланып жатыптыр. Үйдү кыдырып атасы жок экенине ынанганда гана ашпозчу аялды издөөгө өттү. Ал үйдүн арка тарабынан келе жаткан экен.
-Мен келдим, деди Азат башын жерге салып уянкы.
-Кардын ачпы? деп кадимкисиндей куйполоктоп анын карды менен алек болду аял, башка эч нерсе дебей. Кыязы жигитти уялтпайын деди окшойт.
-башка эч нерсе дебейсизби? Атамдын айткандарын жеткирбейсизби?
-эмне дейин. Сен чоң адамсын эми өзүнчө туптолуп болгон инсансын. Мен ал күндөрдү көрбөй калайын ылайым, бирок Кудай буйруп насип кылса бул үйдүн келечектеги ээси сенсин. Өз үйүнө качан келип качан кетсен өз эркин. Учуру келип бул үйгө кирип чыккандын баары сага сиз деп кайрылып, алды менен кирип арты менен чыгышат. Ошондо жанында ким тураары белгисиз, эч качан кечегиндей катуу кыйкырба, сени айлангандар шыбырынан корккудай бол. Атаң да атаңдын атасы да катуу адамдар болгон бирок алар эч качан үнүн бийик чыгарышпайт, билесинби эмнеге?
-силер эмне баарыңар сүйлөшүп алганснарбы? Же эмне менин атам кеткени жатабы бизди таштап? деди Азат бул адамдардын баары эле аны келечекке даярдап акыл үйрөтүп жатканына ачуулана.
-так мына ошон үчүн. Мен бул үйгө келгенден бери бир нерсени жакшы түшүндүм. Дайыма үнүңдү бийик чыгарып жүрө албагандан кийин аны кээде боштондукка коё бергенин жарабайт. Качан доошун басайганда баары сага акыл айта башташат. Эгер андай болуусун каалабасан ар дайым бир калыпта жүр, адамдар эч качан түшүнбөгөндөй болсун сен кандай маанайдасын. Ошондо гана алар сага ар дайым бирдей мамиле жасашат өзгөрүүсүз. Кудум биз атаңа карагандай.
Буларды айтып болуп жолун улай алдыга басып кетти ашпозчу . Азат бир аз ойлонуп ордунан жылбай туруп калды да бир маанилүү нерсени эстегендей чуркап аялдын артынан жетип келди.
-Сиз эмне себептен бул үйдө журосуз камалып.
-ким камаптыр мени?
-өзүңүздү өзүңүз камап алгандайсыз. Болбосо сиздикиндей акыл менен өлкөнү башкарчуу орундактырдын бирин оңой эле багынтса болмок, Акбаровдун ашканасын эмес.
-ай тентек бала, муну айтып жатам дебейсинби. Жашоо биз ойлогондой жеңил эмес, андай жерге мендей бир байкушту киргизбей калышсын тиги жубарымбектер. Ал орунду багындырууда акыл керек туура, бирок меникиндей эмес. Сен аны түшүнбөйсүн, сенин аты жөнүндү укканда эле баардык эшиктер өзүнөн өзү кенен ачылып жатса, жабык эшиктин артында калуу эмне экенин кайдан тушунмок элең. Бирок жашоо биз элестетип алгандай татаал да эмес. Акылдуу адамдар андай жерге барбайт да, алардын каалаганы башка, жашоо гана. Күрөшүү дагы жакшы бирок ансыз жашап болбогон учурда. Тикенек жолго салып алып аны кыя бергендин пайдасы канча эгер жанында тикен сиз кең жол турса.
-ошондо сиз бул үйдү тикенсиз деп жатасызбы? Эгер бул үй тикенсиз болсо тиги орундуктарды суудан таза муздан жылтырак дейт элем, деп күлүп, көзү менен короону айландыра карап койду Азат.
Ашпозчу аял да аны менен бирге күлүп жатып токтоп калды.
-суу менен музда жашаган ынгайлуу болгондо адамдардын баары Антарктидада жашашмак. Тикенек жаман болгондо төөлөр жемек эмес. Болгону кимге кандай мамиле жасашты билиш керек. Мага сен айткан суу менен музга караганда сен ойлогон тикенек көбүрөөк жагат, деп басып кетти.
Азат эми анын артынан эрчибей ал айткан сөздүн артын андый баштады. Мен кимди тикенге салыштырганымды билбей калмак беле, билди. Демек бул менин атамды, Тагдыр Акбаровичти жакшы көрөбү. Кантип? Ушунча жыл аны сүйүп бирок айтпай анын оту менен кирип күлү менен чыгып жүрөбү. Атамчы? Ал билет болду бекен. Бир карашта жүрөгүңдүн үшүн алып, акылындагыны айттырбай билген айтылуу Тагдыр кантип эле бул аялдын сезиминен кабарсыз калып кетти. Мына кызык, экөөнүн кимиси күчтүү болуп билгендерин сыртка чыгарбай, сездирбей жүрүшөт.
Азат ашканага өтүп тамактанганча көзүн аялдан албай карай берди. Атам ушунчалык бир калыпта жүргөн адамбы, жада калса жакшы сезимдерди сүйлөтө койбогон. Байкуш аял ушунча убак чыдап кантип жүрөт сырын ичине катып. А балким бул мен үчүн гана сырдыр, алар эч качан узак убакытка бири биринен ажырашапаганынын сыры ушунда болуп жүрбөсүн. Анда эмнеге муну ачыкка алып чыкпайт атам, ашпозчу болгону үчүнбу, же тиги каргышты деп үйлөнүп анын өмүрүн коркунучка койгусу келбейби. Андай болсо жөнөкөй инсан өзүндө деле бар экен үйлөнүп каргышын жандыра берсе болмок. Жоок бул жерде бир нерсе бар, алар келишип алып иш алып барып жатышканга окшойт. Өздөрүн эмес башканын өмүрүн коюп тагдырды сынамакчы болуп жатышабы. Анда Жанылды эмне кармап отурушат, а эмне эгер ал байкушту бул абалга алып келген ушул ашпозчу болсо. Оюнун ушул жерине келгенде селт этип кетти. Кантип бул аял жөнүндө мынтип ойлоого акысы бар, төрөлгөндөн бери жанында болуп өз энесиндей эле кам көрүп мээрим төгүп остурбодубу, кийин эч качан андан жаман сапат көрө алган эмес. Жөнөкөй ашпозчу болсо да ар дайым анын акылына тан берип келген өзү эмеспи. Кээде жөнөкөй адамдар генийлерден күчтүү болушат, деп ойлонуп отуруп өзүнүн жөнөкөй тааныштарын эстеп кирди. Албетте биринчи эле оюна Айкера келет, оо анын акылына сөз жок, назиктиги менен сулуулугун сүрөттөп бүтпөйт, баардык аял заты андай болсо дүйнөгө акылсыз бала келмек эмес. Бирок ушуну менен анын айланасында жөнөкөй адамдардын саны аягына чыгып калды. Жакшылап тырышып эстеп отуруп бул үйдө жакындан бери дагы бир жөнөкөй адам бар экени эсине түштү, бирок ал менен азырынча тааныш эмес. Өз ойлору менен алек болуп отуруп бул столго отурган себебин да унутуп коюп тамактанбастан эле ордунан туруп кетти. Үстүнкү кабатка көтөрүлүп атасы айткан конок кыздын бөлмөсүнө баш бакса ал жерде өзү көргөн жапайы кыз эмес, такыр эле башка сулуусунан келген кымча белдуу жалбырактын шамалына учуп кетчүдөй назик кыз бөлмөнүн ичин ченеп жаткансып бир башкача басык менен ары бери басып жүрүптур. Азыр эле жөнөкөй адам менен таанышып сүйлөшүп көрүүгө келген Азат алдындагы сулууну көрүп даярдап келген сөзүн жоготуп койду.
Айпери каалга ачылганда дагы бир акылдуусу жашоону үйрөткөнү кирди да деп артын карабай койгон. Жымжырт болуп эч дабыш чыкпаганынан карай салса өлкөнүн байы аталган кишинин жалгыз мураскери, өлкөдө чыкчуу гезиттердин алдыңкы беттеринен жок эле дегенде бир жолудан орун алып улгургон айтылуу Акбаров Азат Тагдыровичтин өзү туруптур. Ким билет башка учур болгондо бул атактуу адамдан сурдоп сөзүн жоготуп коёт беле же кабарчыларды мындай учур сурдотпойбу, айтоор Тагдырдын өзүн көргөндөн кийин анын уулу Айперини сурдото албады.
- кош келипсиз. Айтылуу Азат Акбаров өзү келип калыптыр бизден эмне кызмат, деди эки күндүк көнүгүүлордун жыйынтыгын көргөзө.
-сиз кимсиз?
-Айпери. Ушундай атасаныз болот.
-сенин атыңды сураган жокмун, кимдигинди сурап жатам, деди Азат өзү каалаган узун жоопту ала албаганына ачуулана.
-кызык, бул жерде баары эле мага акыл болуп, сүйлөө, жүрүү, жашоо эрежелерин уйротушот. Жакшысы Тагдыр Акбарович ал мээнетти өз уулуна колдонсо болмок экен. Мен сизден сенге өтүүгө уруксат бербедим окшойт, деди Айпери Азатка тик карап. Анын кесиптик өзгөчөлүгү эмоциясы олуктой Тагдырга өтпөгөну менен уулуна жакшы эле таасирин тийгизе алганга окшойт. Азат ал курч көздөрго карап тура албай көзүн тартып кетти, бетке айтылган чындык ушинтип ар кимди болсо да мокото алат.
"Айпери, Айпери" деп ичинен кайталап жатты Азат, кайдан укту эле бул ысымды, жүзү да жылуу учурайт, кимдин кызы болду экен деди биринчи эле оюнда. Ооба кече атасы айтпады беле бул ысымды, бөлмөдөгу Айпери менен тааныш деп. Ошондо бул жанакы өзү көргөн жапайы селсаякпы.
-сен? Сен Айпери эмес эле селсаяк кыз эмессинби? деди башын көтөрүп кутурган иттикиндей көздөрү менен карап.
Бул ирет кыздын чын эле ачуусу келе түштү, кабарчы же селсаяк катары эмес, адам катары.
-эмне селсаяктар Айпери болсо жарашпайбы, же эмне аларда ысым болбош керекпи сиздин оюңузча?
Адам деген мынча тез озгорулбосо, жана эле бул сулуунун кимдигине кызыгып турган Азат анын ким экенин билгенде адам катары да эсептебей калды.
-сен кай жерде турганынды жана кимдин алдында турганынды унутпа! Мен силердин ысым жөнүндө ойлонмок түгүл бар экенинерди билгим келбейт!
Кыз эч качан эч кимден мындай кагуу жеп көрбөгөн, анын кабарчы экенин билгендер этияттап сүйлөшчүү, албетте эртең өздөрүнүн чыныгы жуздорун массалык маалымат каражаттарынан көргүсү келбегендер. Мындай бейбаштыктан кийин ал да аяна турган эч нерсеси калбагандай тилине эркиндик берип коё берди. А анын тили эркиндикке чыкканда буудайдын камы калчуу эмес.
-эсинизде болсун менин да сиздер жөнүндө оюм ошондой. Кимдин алдында кай жерде турганым мени кызыктырбайт. Бул жайга мен ишим түшүп жалдырап келген жокмун, тескерисинче эркиме каршы алып келген силер.
-менин эле сени бул жерде көрөйүн деп көзүм учуп турган жок. Дагы атам айткан жөө жомокко ишенип куру кыялдарды куруп алба. Мен эч качан сага уйлонбойм. Жакшысы мүмкүнчүлүк таап бул үйдөн качып жок бол кеч болуп кала электе, кечиксен өзүңдөн кор, деп чонток телефонун алдына ыргытып коюп чыгып кетти Азат...

#35 05 Февраль 2019 - 03:04
"Бул дагы эмне деген оюну болуп кетти, эми ушундай жол менен сыноого өтүштүбу. Деги менден эмне керек буларга?"
деп ойлонуп отуруп калды Айпери. Улам столдо жаткан телефонго карап коёт, бирок алганга колу барбайт. Аны алып эле кимге конгуроо кыла алмак эле, анда эле өзүн бекерге сатып жиберген болбойбу. Ал чалган номурду издебей коюшат дейсинби, ушундай жол менен анын изине түшкөнү жатышса керек. Шектүү шекшинет болуп алардын ар бир кыймылынан күмөн издеп өзүн жашырганга аракет кылып жатты. Бир жагынан бул түрмөдөн кутулууну кааласа, бир тарабы окуянын эмне менен бутооруно кызыгып кумары артат. "Ойлон Айпери, ойлон. Сага Кудай акылды ушундай учурга жаратсын деп берген" деп тырышып отуруп учурда болуп жаткан абалды талдоого өттү. Бул байдын уулунун азыркы айткан сөздөрүнүн кайсы бирине ишенсе болот, чыны кай жерден бүтүп жалганы кай жерден башталат. Эгер айтканынын бири эле жалган болсо акырына чейин бир гана жалган сүйлөдү, жок ал чындап эле Айперинин ким экенин тааныбай калган болсо демек ар бир сөзү чын. Анда эмне Акбаров өз уулуна жубайды селсаяктардын арасынан издеп жүрөбү. Мындай кылууга кандай себеп болушу мүмкүн, кыязы уулун жазалаганы жатса керек. "Уф" деп ушкурунуп алды кыз. Мындай жарабайт, ал өмүрүндө биринчи көрүп турган инсандын оюн окуй алгыдай көзү ачык эмес. Кандай болсо да аягына чыгуусу керек, коркуудан да кызыгуу кумары жеңип кетти. Телефонго колун да тийгизбестен ошондой эле жашоосун уланта берүүнү чечти утурумдук. Кызыгы бөлмөгө кирген жашоо үйрөтүүчүлөрүнүн бири да столдун үстүндө жаткан телефонду кайдан деп сурашкан жок, алар дегеле бөлмөдөгу буюмдарды сурабайт дечи карап да коюшпайт, бирок телефонду сураштары керек эле Айперинин оюнча. Же алар билеби бул телефондун кайдан келгенин.
Ал күнү Азат дарбазадан чыкпай атасын күттү. Келсе сөзсүз кечирим сурайм, убактынча болсо да анын айтканын аткарып сызган сызыгынан чыкпай жүрөм, балким ошондо мага болгон мамилесин өзгөртөр деп ойлоп. Айперинин бул үйдөн качып чыга албашын, аны эми эч ким куткара албашын да билет. Болгону кыздын өзү ойлогондон алда канча акылдуурак экенинен кумондонбой, ал сөзсүз бирөөгө чалат деп ойлогон, ал кабарлашкан дагы бир селсаякка дарегин айтса сөзсүз издеп келет, ал менин жүзүмдү корбодубу кайдалыгын билет деп ойлогон. Эгер артынан издеп келген эле бирөөр жарым болуп калса атасы аны бул жерде, ал эле эмес бул шаарда калтырбайт, ошону менен Айпери деген ысымдан да кутулат. Бул ой капыстан керек учурда акылына келе калганына кубанып да кеткен. Атасынын бир сапатын жакшы билет, ал эч качан атын булгап артында былык иштерин калтырбайт, түп тамырына чейин жок кылып кылдат журчуу адам.
Тагдыр күндөгүдөй убакта кеч кирээр алдында жумуштан келип үйгө кирбестен эле Жанылдын бөлмөсүнө карай өтүп кетти. Сагынычын таркатып кобуранып өзү сүйлөп өзү жооп берип сүйүктүүсү менен маектешкен болуп бир саатча убакыт өткөрүп кийин чыгып үйгө кирсе, Азат аны кире бериштеги чоң залда күтүп олтуруптур. Ал атасы кирээри менен ордунан туруп барып көптөн бери корушпогондой кол алышып салам берип күтүп алды. Эмне-эмне Тагдыр уулунан мындайды күтпөгөн. Чындап эле таң калтырчуу окуя, Азат узаак убакыт Кошмо штатта жүрүп келгенде да мындай корушпогон атасы менен. Азыр болсо өзүн чон адамдай, чыныгы ишкерлердей тутуп салабатту саламдашып турат. Чынында бул үчүн Азат күн бою даярданган эле, кандай болбосун атасынын көзүнө өзүн чоң адам болгонун коргозуп, жасалган кадамдарына жооп берүүгө даяр экенин далилдеш үчүн.
-Ата мени кечирин. Менин чыныгы катам сизден караганда жашоону жакшы түшүнөм деп ойлогонум болду. Албетте эң туурасын сиз билесиз, мен сиз коргозгон жашоону таанып билүүгө даярмын.
Тагдыр уулуна кыйгач карап жылмайып гана тим болуп,
-Столду даярдай бергиле, деп буйрук күтүп турган үй кызматкерлерине дайындады да кийимин алмаштырууга өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Ал үстүдөн түшүп келгенде стол даяр болуп адаттагыдай уулу столдун четинде колун куушуруп аны күтүп турган экен. Ал өз ордуна отурган соң Азат да өз жайынан орун алды. Күндөгүдөн эч айырмасы жок бул үнсүз кеч ким үчүн кандай Азат үчүн өзгөчө сезилип жатты. Ал атасын биринчи ирет көргөндөй ар бир кыймылын көзөмөлдөп отурган, бир столдун четинде буйрук күтүп турган ашпозчуга карайт бир атасына.
Тагдыр да уулун көзөмөлдөп отурганбы же өзү эле ушундай чечтиби, бир убакта тамактануу ортолоп калган ченде эки колун кере стол таянып, артында турган ашпозчу аялга карай колун жансап калды столдон орундук коргозуп. Ал кожоюнунун ишааратын көрсө да ордунан жылбай каккан казыктай тура берди. Анын жылбай турганын көрүп Тагдыр ордунан туруп өзү отурган жайдан бир орун арыдагы отургучту артка тарта жай коргозуп калды. Дегеле мындайды күтпөгөн байкуш аялдын кыялынан эмнелер отподу дейсиң бир саамда. "Мына кече жасаган жоругу үчүн суралуучу убакыт келди. А балким бүгүнкү Азатка сүйлөгөнүмдү угуп койгондур, менин көзүм тирүү туруп бул үйгө жаңы кожоюн даярдагыдай сен кимсин десечи. Же жасаган жумуштарым жакпай баратабы, каарыдын деп кетирип жиберсечи" . Деги койчу орундукка олтурганча эмнелерди гана ойлонгонго улгурбоду дейсиң байкуш. Чынында анын бара турган жайы деле бар, Тагдыр ага шаардын жакшы жеринен 2 болмолуу батир сатып берген " балким сен да өз жашоонду кургун келээр" деп. Иштеген айлык акысы деле топтолуп бир кыйлага жетип калган, бул үйдөн чыкпай жүргөнгө эч кандай деле чыгымы жок эле. Бирок эмнегедир ал бул үйдөн кеткиси келбейт, кожоюнун өзүнөн башка эч кимге ишенип тапшыра албай жүрөт.
Азат болсо өзүнүн ойлору менен алек. Мына азыр баары ачыкка чыгат деп столдун алдынан алаканын ушалап күтүп отурат.
Тагдыр болсо эч ким күтпөгөн сөздү сүйлөп, мындан кийин алар бирге тамактанаарын айтып тим болду.
-Биз уулум экөөбүздү эң көп билген инсан сенсин. Азат торолуп көзүн ачкандан сени көргөн, менимче ал отуруп тамактанып жатканда сен тик туруп турганын уулума ыңгайсыздык жаратып жүрөт. Тамактануу учурунда сени өз бөлмөнө жөнөтүп да жибере албайм билесиң сенден башка эч кимдин колунан чай куйдуруп иче албасымды, андыктан бул абалдан чыгуунун жалгыз жолу ушул орундук, туурабы уулум деп Азатка караганда, ал ачкан оозун жабууга да улгурбой калды.
-Албетте, деген сөз араң чыкты оозунан. Ал атасынын күтүлбөгөн көп иштерди жасоого уста экенин билсе да бул көрүнүш Азат үчүн жаңы ачылыш болду.
Ошону менен ал кечтеги тамактанууда кутулбостуктор аягына чыкты.
Азат болмосуно кирип керебетине бук түшө жатып санаа-санаа ойго чомулду. "Менин атам ээ? Ал жөнөкөй үй кызматкери менен бир столдо отуруп тамактанууга макул. Демек атам ашпозчунун сезимдеринен кабары бар, бирок тиги байкуш аял ал жөнүндө ойлонбогон го, сезимдеримди терең катып билдирбей жүрөм деп ойлоп жүрсө керек, көздөрүнөн эле байкалып калбадыбы. Бир уурулугу кармалгандай эки бети кызарып тим эле секелек кыздай уялды го. А балким бир күн тиги селсаякты да биздин арабызга отургузат чыгаар. Ооба аны бүтүндөй өзгөртүп ошол учурга даярдап жаткан тура. " деп ойлоно ордунан тура каалганы ачып эч ким жокпу дегендей эки жагын карап алып Айперинин бөлмөсүнө карай жөнөдү.
Бөлмөгө баш бакканда Айпери терезенин түбүндө сыртты карап каалгага артын сала турган экен. Азат бир азга анын селсаяк экенин унута түштү, чындап эле бул өтө кооз учур эле, эгер сүрөтчү болсо кызды ордунан жылбай туруусун өтүнүп кагазга түшүрүп алмак. Жай мезгилинде күндүн батып бараткан учуру, акыркы нурлары чачырап асмандын бир бурчу кызарып терезеден толук көрүнүп турат. Бөлмөдөгу дубал менен бир болгон терезе, анын түбүндө эки колун көкүрөгүнө алып улуу ойчулдардай абалда башын бийик көтөрүп күндүн батышын көзөмөлдөп турган жаратылыштын дагы бир теңдешсиз назик мүчөсү. Эх чиркин живопись сүйүүчүлөру бул учурду колдон чыгармак эмес. Күн да бул жаратылыштын назик мүчөсүнүн сулуулугунан уялгандай уясына жышырынып баратат, а бул сулуу, күндүн өзү турсун акыркы нуру канчалык сулуулук тартуулай аларына суктанып аны күзөтүп турган кези, керемет эмеспи ээ. Азат да ушундай ойдо калкып турган, качан кыздын,
-дагы эмне деп эрмектегиниз келет? деген жай сөзүн укканда эсине келип биринчи эле столдун үстүндө турган телефонго көзү түштү, өзү кандай калтырып кеткен болсо ошол абалында жатат.
-Демек сен мени түшүнбөгөнсүн, деди ал телефондон көзүн албай туруп.
-Мен бул жайда эч кимге тушунбойм. Албетте кайдагы бир селсаяктын түшүнүгү асманда журчуу инсандардын тушунугуно жетмек беле, деди Айпери кекердуу ошол турган калыбынан жазбай.
-өзүңдөн кор, эми сен бул жерден тирүү чыкпайсын.
-билем, деди кыз жай гана. Андан кийин жанагындай бир өзгөчө басык менен басып келип,
-эгер атаныз мени тирүү калтырса сизди жайынызга койбосун билиниз. Телефонду алган учурда Акбаровичтин колунан олмокмун, мен экинчи жолун тандадым, эркиниз жетсе сиз олтурунуз, деди маңдайына тура калып.
Келип-келип адамдын акыркы сабында турган бир селсаяктан мындай сөз угам деп күтпөгөн Азат жооп айтууга татыктуу сөз таппай буйдала түштү.
-Мен эч качан тагдырыма каршы чыкпагам, ошондуктан азыр сиздин атаныз эмне десе ошону аткарам. Билесизби эмнеге, анын аты мен баш ийген өмүргө ылайык. Эгер тагдырыма сиз менен бир болуу жазылса аны эч ким өзгөртө албайт, сиз дагы. Жок андай эмес болсо сиздин атактуу атаныз дагы бизди кошо албайт, деди Айпери жигиттин айтышууга даяр эмес келгенинен пайдаланып анын акыркы акылынан адаштыра.
Азат аны бир карап алып ирмелбей тик караган көз караштан улам башка эч нерсе дебестен бөлмөдөн чыгып кетти.
Ал чыгып кеткен тарапты карай башын ийкегилеп туруп калды Айпери. Жигттин жалган айтпаганын түшүндү, демек атасы чындап эле уулуна жубай даярдап жаткан экен. Азатты өлкөгө таанылып келе жаткан ырчы кыз жандап жүрөт деген ушак кептерден кабары бар болчу, Тагдырдын бул чечимин ал ошого жооруп жатты. Уулун андан куткаруунун жолун ушундай уюштурган окшойт. "Кызык бул менен эмне дегиси келди болду экен, ырчы кызга сенден көрө селсаяк жакшы деп коргозгусу келдиби аны теңине албай, андай болсо башка бир байдын кызын деле тапса болмок да", деп оюнун учугун таба албай жатты. Эч нерсе эмес, эң башкысы бул жайга эмне себептен алынып келгенин кайсыл учурга даярдалып жатканын билип алды, калганын дагы көрө жатаар.
Азат болмосуно кирбей ашканага түшүп келип отуруп алды. Улам турат кайра отурат, кыязы ашпозчу менен акылдашайын деп келсе керек аны ордунан таппаганда өзүн коерго жай таппай жатты. Ананчы буга чейин эч ким ага тик карап мындай сөздөрдү сүйлөй элек болчу, жада калса Айкера да абайлап сүйлөп тартынып турат. Анан эле кечеки селсаяк мынтип турса, аларды адам өлтүргүч деп эле айтпадыбы. Бирок өзү эмнени каалады эле качан ага бул жерден тирүү чыкпайсын деп айтканда. Ал го ал Тагдырдын уулу а тиги кызчы? ким болуп калыптыр ага мындай жооп айткыдай же өзүн ишенимдүү бул үйдүн мүчөсү катары сезип баштаганбы. "Эч качан! Эч качан!" деп кекенип жатканда ашпозчу аял кирип келди.
-Эч качандын мыйзамы бат иштейт, деди кирип келе жатып.
-иштесин, мен эч качан ага жол бербейм!
-эмнени айтып жатканыңды билбедим го, бирок аалам терс көрүнүштөгү сөздү кабыл албайт, эч деген сөзүн алып салып кабыл алат. Сен эч качан деп жатканын, качан болот экен деп күтүп жаткандай кабыл алынып ааламдын ээси сени шашылып жаткандай түшүнүп сен качкан окуяны жакындатып коёт имиш, деди аял.
-жок карасаныз, тиги селсаяк кыз бизди эч кандай орунга койбой калыптыр, өзүн эми эле бул үйдүн толук кандуу мүчөсү элестетип алса керек.
-эмне болуп кетти?
Азат шашып бир сөзүн таштап кетип кайра артка кайрылып келип отуруп болгон окуяны араң баяндап берди. Анын сүйлөгөн сөздөрүнөн эле билүүгө болот эле канчалык ачууланып жатканын.
-А балким ал байкуш бул жашоосунун акыркы күндөрү деп эсептеп жаткандыр. Адам аянары калбаганда жашоого тик карап калат. Эгер чындыкты уккун келсе өлүп бара жаткан адамдан ук деп коюшат эмеспи.
Азат аялдын акылына дагы бир жолу тан берди.
-айтсаныз, сиз бул үйдөн чыкпайсыз адамдар менен деле баарлашпайсыз, томдоп китеп окуганынызды деги көрбөйм анан мынча нерсени кайдан билесиз?
-ай балам ай, деп күлүп алып сөзүн улады. Мен да жаш болгом, окугам билим алгам, чоң эне чоң апалардын кебин укканмын. Кийин бул үйдө жашагандын баары акылдуу адамдар эмеспи, анан эмне кылам сырттан баарлашууга адам издеп. Мага келип сүйлөп турчу жалгыз сен эмессин да, кээлери мага келип үйрөтүп кетет мен ал уккандарымды башкалар сурап калганда айтып берем. Китеп окуйм, сен көрбөйсүң да аларды жумуш жайыма алып чыкпасам.
Азат жакшы эле бул жайга келген экен, өзү да билет ким анын жан дүйнөсүн тынчтандыра алышын, аялдын сөздөрүн угуп тынчтанып алып жолуна түштү. Чындап эле бул жөнүндө ойлонуп көрбөгөн экен, жарым саат алдын эле кандай жаман ойлоп турган болсо азыр ою толук карама каршысына ооду. Байкуш чындап эле өз өмүрү үчүн коркуп жашап жаткан болсо кандай кыйын учурда деп аяп да кетти Айперини.
Ошол күндөн тарта күндүзү да тундосу да ушул ой акылынан чыкпай койду. Ал тургай ар күн бир ирет кыздын бөлмөсүнө кирип ага тийишип чыкмай адат да таап алган. Анын каалаганы чындыктын жүзүн көрүү эле, ашпозчунун сөзүн уккандан бери ал үчүн айланада жалгыз чындык сүйлөгөн адам ушул кыздай туюлуп калган. Айперинин ар бир сүйлөгөн сөзүн жүрөгү менен кабыл алат, анда жалган болушунан кумону да жок. Бирок жүрөгүндө Айкерасынын гана элеси.
Ал күндөрдөн көп өтпөй Айпери күндө кайталоочу көнүгүүлордон чарчап керебетке чалкасынан шыпты тиктеген абалда жата кеткен, аңгыча каалга кагылып Тагдыр кирип келди.
Айпери ордунан тура калып ээгин билинээр билинбес сол тарапка кыйшайтып аз маз ийкеп салам берип жылмайып туруп калды. Тагдыр да колун кере жакын келип кыздын эки далысынан ала маңдайынан сүйүп койду. Анын алдында баягы өзү көргөн эпсиз күлүп, копоол кыймылдаган жапайы кыз эмес, түп тамыры менен өзгөртүп салгансып бир сулуу турган. Чындап эле өз ишинин чеберлери бул кызды өзгөрткөнбу ушул абалга жеткирип, же бул кыз жөн гана аларды ойнотуп жатабы өзүнүн кимдигин жашырып.
-Жаман эмес! деди суктанганын жашырбай.
Кыз да уялган болуп көзүн ирмеп назик жылмайып туруп калды.
-Кел отур, деди ага бөлмөнүн ортосунда турган кенен жумшак, апакай баркут менен чапталган креслону коргозуп.
Айпери туюму менен сезип жатты чечүүчү убакыт келип жеткенин.
-Байкашымча жашоо жөндөмдүүлүгүн күч. Бул үйдө жашоо кыйынчылык жаратпадыбы? деп сөзүн баштады Тагдыр.
-күрөшүү мааниге ээ болбой калган учурда жашоонун ар бир күнү маанилүү болуп калат экен. Тагдырым ушул болсо моюндабашка аргам барбы, мен акыркы күндөр ичинде жөн гана жашадым, жашоом кай тарапка бурулса аны ээрчип.
Кыздын жообу жакты Тагдырга, бирок ал сабатсыз адам эки апта ичинде мындай сөз таап жооп берүүгө үйрөнө алышына ишенбей турду.
-жашоо бурулушу жактыбы кийин?
-Ооба бул жыргал да азап да жашоо. Анткени жашоом мен жомоктон уккандай болуп жатат, бирок ал дагы утурумдук гана эмеспи ээ, жаңы бурулуш кайсы учурда келээрин күтүп жашоодон өткөн азап да жок.
-сен көп гезит окуймун дедин беле? Кайсы тармактагы гезиттерге көңүл бурасын? деп аста алып келип кепти өзү каалаган нукка бурду Тагдыр.
Айпери да билип жатты, анын али да өзү жөнүндө күмөну бар экенин.
-айырмасы жок, кандай гезит колума кирсе окуй берем.
-окуган маалыматтарындын баары эсинде калабы?
-мага кызык болгондору.
-Айпери сен акылдуу кызсын, тагдыр бизден сурабайт эмеспи биздин эмне каалаганыбызды, ал өзүнүкүн жасайт да коёт. Биздин милдет аны моюндоо гана. Мына жакынкы күндөрү чоң бурулуш болот жашооңдо сен кааласан каалабасан да ошон үчүн айтчуу кебин болсо азыр айтып кал.
Сөздүн мындай тез бурулушка ээ болоорун күтпөгөн кыз буйдала түштү.
-кебим жок, деди кыска гана.
-анда менин кебиме кулак сал, мен кайталап сүйлөгөндү жактырбайм. Эртең биз бир жайга барабыз, жалгыз уулумдун болочок жубайын эл алдына алып чыгып тааныштыруу аземи өтөт . Ал келинчектин ата энеси чет өлкөдө болгондугуна байланыштуу аземге катыша алышпайт. Алар көптөн бери Италияда турушат, атасы жеке ишкер апасы жазуучу, а менин болочок келиним классикалык музыкага кызыгып аны менен алектенип жүрөт. Уулум экөө Кошмо штаттан таанышып калышкан, көп жылдардан бери жакшы мамиледе. Балдардын аркасынан биз да ата энелер таанышып жылдызыбыз туура келип бул чечимди бирге кабыл алганбыз. Жакынкы күндөрү келиним өз мекенин көргөнү бул жерге келген, учурдан пайдаланып бул империянын келечектеги кожейкесин элге тааныштырып коюуну туура көрдүм. Кудааларымдын убактысы меникиндей эле өтө таар болуп, жыл алдын коюлуп калган күн тартибине байланыштуу бул аземге катыша алышпай калышаарын айтып кечирим сурап куттуктоо баракчасын жөнөтүп жиберишиптир, деп көкүрөк чонтогунон жылтырак алтын менен жалатылган кичине баракчаны сууруп чыгып коргозду.
Айпери анын кебин кызыгуу менен угуп, баалуу кагазды таң кала кармап көрүп тиги музыкага кызыкчуу кыз бул шаарда эле турчуу эле го же ал кеп жалганбы деп ойлонуп жатып жүзү озгоруло түштү, мунун баарын ал эмне үчүн ага айтып жатат. Бул жерде анын кандай тиешеси бар, же?
Тагдыр анын жүзүндөгү өзгөрүүнү көз жаздымда калтырган жок.
-Акылдуусун Айпери, муну эмне себептен мага айтып жатат деп жатасың ээ? Анда ук, ал кыз сенсин.
Эмне?! Жалт караган Айпенин жүзүндө ушул суроо бар эле...

#39 09 Февраль 2019 - 00:37
-Ким экенинди жакшылап түшүнүп, өзүңдү ээлеген абалына татыктуу алып жүрө турган бол. Менин жанымда эч ким сага суроо узатууга даабайт дечи, бирок сен жалгыз калган учурду колдон чыгарбай тургандар четтен чыгат. Калган көйгөйдү жаралуу мөөнөтүно карай чечебиз. А баса эң башкысы жанына сак бол, азыркы таптагы негизги маселе сенин амандыгын.
Тагдыр ордунан туруп үстүндөгү койногун туздоп жеңин түрүп сол колун даярдап туруп калды, кыздын колуктап жүрүүсуно ыңгайлаштырып
Али да эс мас абалдагы Айпери отурган ордунан козголуп жатып көзүн ирмеп сүйлөөгө оозун камдап баратканда Тагдыр оозанып сөзүн бүтүрүп койду.
-биринчи көйгөй, мен уруксат бермейинче мага оозуңду аччуу болбо, эгер кетирген орчундуу катамды байкап калсаң да эскертүүну түк эсиңе алба.
Айпериде башын ийкеп аны менен бирге жүрүүдөн башка арга калбады. Бул кишиде чындап эле ушундай бир зор күч бар, анын айтканын аткарбай артка чегингенге эч кимдин күчү жетпейт. Ал сүйлөгөндө ар бир жанда анын айтканын аткаргандан башка арга жоктой сезилет.
Алар колтукташып тепкичтен түшүп келишкенде Азат адаттагыдай столдун четинде колун куушуруп атасын күтүп турган экен. "Мына" деди ал ичинен аларды бирге көрүп, ал коркуп күткөн күн келди, бүгүн алар бир столдо отурушат дагы бир атасы туура деп эсептеген күнү бир бөлмөдө укташат. Бирок Азат оңою менен бир тошокту болушпойт бул кыз менен, а муну атасы эч качан көзөмөлдөй албайт, ушундай ойлор менен өзүн алаксытып турду Азат, атасынын берген табына туруштук берүүгө өзүн даярдап. Бирок ал кайдан билсин, кудум ушуну анын атасы жеке көзөмөлгө алаарын. Азат атасынын алдында тая баспаштын аргасын кылып бардык кыжырдануусун жашырып Айпериге жай даярдап, өзү отурчу орундуктун жанындагы отургучту тартып туруп калды. Тагдыр болсо уулунун жанынан жылмайып өтүп столду айлана басып Айперини өзүнүн оң тарабындагы ашпозчу аялга болуп берген орундукка жайгаштырды. Ага карап жылмайып ыраазычылык билдире столдун четинен орун алган Айпери Азат тарапты карап да койгон жок.
Жер айлан кочок болуп туруп калган Азат качан Тагдырдын - отур уулум, деген сөзүн укканда гана өз жайынан орун алды. Алар столго жайгашаары менен ашканадан ысык чайын көтөрүп жаш гана жаңы келген кызматчы келин чыга келди. "Бул дагы эмнеси болуп кетти, биздин ашпозчу аял кайда? Эмнеге Айпери анын ордун ээледи? Же атам ага өзү көз салып калдыбы?" деген ойлор аралап өтүп, ал ойлордон түшүнүксүз көңүлгө жагымсыз сезимдерге кабылып отурду Азат. Кайсы бири ал үчүн эң жагымсыз болушу мүмкүн, жакын туткан ашпозчунун алмашып калганыбы же атасынын селсаяк кызга көзү түшүп калышыбы, а балким өзү даярданып жаткан орунду тарттырып жибергенине болуп жүрбөсүн.
Эч нерсеге карабай бул үйдүн салтына айлангандай бул кечтеги тамактануу да үнсүз өттү. Айпери алардын ар бир кыймылын күзөтүп эсине сактап отурат. Кимдин адаты кандай экенин, кайсы учурда баш көтөрүүгө мүмкүн, кайсы учурда кашыкты ордуна коюу керек экенин тактап үйрөнүп. Бул жерде отурган башка экөөнүн абалдары да андан эч айрымаланбайт эле. Азат ички туйгусу менен алышып отурса, абалдын кожоюну Тагдыр калган экөөнүн абалын күзөтүу менен алек.
Айперинин сол тарабынан кашыктын тарелкага коюлган доошу угулганда гана анын маңдайында отурган Азат кашыгын таштап башын көтөрдү. Айпери да жигитти туурап ошондой кылып ал караган тарапка мойнун буруп отуруп калды. Столдогулардын көңүлү толук өзүнө бурулганда Тагдыр эки колун столдун үстүнө алып, аларга алмак салмак көзүн таштап сөзүн баштады.
-Азат эртең Айперини алып Жети огузго жолго чыгасын эрте менен. Силердин милдет эртээрек барып атайын даярдалган кийимдерди кийип көрүп, үйдүн ичи менен таанышып ал жайда жүрүүнү өздөштүрүп ынгайлаша бергиле. Кечинде өтүүчү жогорку катмар менен таанышуу кечесине даяр болгула. Силерди ал жайда ашпозчу аял күтүп олтурат, калганын ал түшүндүрөт. Силерди Акжигит жеткирет, деди да ушуну менен сөз бүттү дегендей ордунан козголду. Атасынын кыймылын байкаган Азат эптуу кыймылдап дароо ордунан тура калды, Айпери да анын кыймылын кайталап ордунан турду.
Тагдыр отургучту артка жылдырып чекеге чыгып баратып уулуна карап,
-Эч кандай күтүүсүз кыймыл жасалбасын! деди да басып кетти.
"Мына сага белек, ушунча болду бир жолу көзүн танып барып эле бул сенин той күнүн деп койсо болмок" деп кыжырданып туруп калды Азат. Ал кайдан билсин бул жөн эле ачыла турган гулдун бүчүру экенин. Бирок так ушул тапта анын жүрөгүн башкача бир жеңил сезим ээлеп калды оор кайгынын ордуна. Балким ал атасы анын ордун талашып жатпаганына жеңилдей түшкөндөр же өзүн бул жөн гана таанышуу кечеси али баары алдыда, абалды өзгөртүүгө убакыт бар деп жоошутуп жаттыбы түшүнүксүз.
Маңдай тескей столдун эки тарабында бири бирин карашып калган экөө эмне дээрин билбей, ар бири экинчисинен сөз күтүп ар кандай бурулушка даяр туруп калышты. Азаттын башында атасынын акыркы сөзү жаңырып жаткан, "күтүүсүз кыймыл жасалбасын" . Бул так эле эскертүү болбодубу, "сабырымды сынаба, эскертпеди дебе" деген сөз эмей эмне, бул эки ооз сөз менен уулунун колу бутун аркансыз байлады да койду. Мындай учурда акылга эмнелер гана келбей койбойт, эң акылдуу ойлор менен катар шайтандын шыбыры да кулак туптон жанырып калат. Айла кеткен учурда ар бир жардам маанилүү деп, Азат да азыр ар келген дооштон жардам күтүп турду. Мына, анын акылы жетпеген нерсеге акылы жетчүү адамдар толтура эмеспи айланасында, алардын бири бир убакта үйрөткөн "жолун түгөнүп эки бармактын бирин тандай турган учурда сен үчүнчүсүн танда" деп. Ал убакта бул учур келээрин кайдан билсин, эми азыр ал кеңешти колдонуунун учуру келди. Бир укмушту жасай тургандай аптыгып шаша кыздын жанына келип - жүрү, деп колдон тарта сыртка жөнөп калды, андан жооп күтпөй эле. Ошол эле шашылган абалында үн сөзсүз үйдү айланып өтүп арка тарапта жайгашкан темир каалгага келди.
-Эгер жашоондун момундай уланышын каалабасан аны менен коштошчуу учур так азыр. Сен менин атамдын ким экенин, колунан эмнелер келээрин элестете да албайсың. Өлүмдү ар күн тилеп күтө турган абалга жеткирүү ал үчүн эч кеп эмес, деп каалганы ачып көз көрбөгөн караңгылыкка туш келди. Бөлмөнүн ичи толгон караңгылык, жарык тийчуу жылчык жок, терезелери бекилген, көп жылдардан бери адамдын буту басып келбегендей.
-кана? Ал өлдүбу? деген Азат темир торду кармап туруп калды да
-Бул жерде атамдын аялы бар болчу көп жылдардан бери кармалып турчуу, сага аны коргозойун дегем. Кач бул жерден, сен түшүнбөй жатасың эмнеге кадам коюп жатканыңды. Сен ойлоп жаткан ырахат жашоо сенин тозогун болот, кеч боло электе кутул. Биз каргышка калган адамдарбыз, билесинби сени ошол каргыштын жеми кылганы жатышат. Ме муну ал да аракетинди көр, деп кол телефонун сунуп, оозуна келген сөздөрдү айтып кызды ал жерге таштап өзү үйгө карай басып кетти.
Айпери болсо эмне ойлоноорун билбей, кимдин сөзүнө кулак салаарын дегеле айланасында эмнелер болуп жатканын андабаган боюнча колуна телефонду кармап ордунан жылбай кала берди. Жок, жок азыр ойлонууга мүмкүн эмес, мындай учурда акылын иштемек тургай анын бар экени да эстен чыгат. Бир билгени бул ордунда тура бергенден эч нерсе озгорбойт, жок дегенде көзүнө кичине болсо да тааныш боло түшкөн жайы өз бөлмөсүнө жетүүсу керек. Эки жагын каранып аландап айланасы менен таанышканча Азат баскан тарапты карай жөнөп бара жатты. Тагдырдын бул үйдө эркин жүрөсүң дегенине карабай бул анын биринчи жолу короого чыгышы эле. Тургузулган тамдын бийиктиги кооздугу кандай болсо аны курчап турган коргон дарбазасы да ошондой бийиктикте, демек бул жайдан качып чыгууга такыр мүмкүн эмес. Үйдүн алдында ары бери басып жүргөн эки жигит өзүнүн ар бир кадамын күзөтүп тургандарын да сезип баратты жоон териси менен, бирок алар кызга жакын келишпеди кыязы Азат экөө үйдөн бирге чыкканын көрүшсө керек. Качан үйгө кирип өз бөлмөсүнүн босогосун аттаганда гана денеси чымырап тируулуктун даамын сезди Айпери. Ар күн кутула албай жаткан бул бөлмө ал үчүн азыр жан сактоочу жалгыз жайдай туюлуп турду. Азаттын ар бир ачуу сөзүн, Тагдырдын жеңил демин ошол эле учурда жан дүйнөндү антара тиктеген көз карашын элестетип титиреп кетти. "Кызык, өз канынан жаралган баласы да өз атасын ушундай сүрөттөйбү? Ал уулуна эмне кылды экен анчалык, кайдагы каргыш, кайдагы аялды айтып жатат? Бирок анын көздөрү чындап эле коркунучка толо болчу, ким үчүн коркуп жатат? Менин өмүрүм үчүн жан үрөп коркконго окшобойт, көбүн эсе өзүн курмандыкка кабылгандай сезип жаткандай туюлбадыбы. Ал эле эмес өз жаныңды кыйчуу учур деп да сөз таштагандай болду. Жанагы караңгы жай чындап эле эрки жок адамдарды кармай турган жайга окшойт экен темир тордон эшик коюулуп" деп ойлоп кирди өзүн бир аз болсо да коопсуз сезе калган жаны. Албетте бул жайдан кутулуу керек, бирок кантип? Жанагындай дарбазадан кантип чыгат, ал дарбазага жеткире да коюшпайт эмеспи дөөдөй болгон кароолчулар. Бул жайдан чыга ала турган эмес, андайга акылы да күчү да жетпейт. Чыккан ченде да ар күн качып жашырынып жашоого туура келет, анткени Тагдыр аны издебей койбойт. Жок деди ал, "мени ал эртенге чейин олтурбойт, ушул күнгө даярдап туруп каалаганына жетээр алдында баарын ойрон кылмак беле. Анан калса тескерисинче жанына сак бол деп эскертпедиби. Кызык ал эмнени эске алды экен, Азаттыбы? Эмне ата бала бири биринен чоочулап жатышабы? Алардын арасында билинбеген согуш барга окшойт. Бир гана атасы токтоорок келип баарын жайына койгонго умтулса уулу тескерисинче ал согуштун улануусун каалап жаткандай, экөө бири бирине күчүн коргозуп жатышабы, муну аныктоо керек". Карачы кесиптик өзгөчөлүгү кандай, ушундай оор кырдаалда да маалымат жыйганга ашыгып олтурат. Бүгүн Азаттан сак болуусу керек, өз жаныңды кый деген инсан жөн эле анын жанына кол салуусу мүмкүн, эптеп эртенге чыкса кийин Тагдырдан сактанабы ал жагын дагы көрө жатат, бирок баарына даяр болуусу керек. Бул ирет телефонду колдонуп көрүүнү чечти, кандай күнгө калса да аны издегендер билүүсу керек кайдалыгыны, кийин бүгүнкү тамактанууда байкады ата бала келишип иш тутпай эле эки башка жолдолугун. Демек телефон жөнүндө Тагдыр билбейт, а Азат билген ченде да атасынын алдында эч нерсе кыла албайт. Ал тамгаларды терип кыска гана кат жазды.
"Досум менин жашоом ырахат, мен Акбаровко келин болгону жатам, эртең Жети огуздо тоюм болот, өт сен да, бир тоюп келесин. Бирок көп ичип алып тоюмду буза көрбө, өлсөм да мен ал күндү көрүүм керек сен селсаяк досунду эстей жүр".
Мына ушинтти да баштыгы Тайлаковичке жөнөтүп жиберди. Атайын эле бул номурга чалба деп айтпады, ал киши өзү да түшүнөт деген үмүттө, эгер андай десе накта күмөн жаратып алмак. Эми Азат башын катырып көрсүн, ал бул номурга чалганы менен баары бир жооп болбойт, анткени алардын жумуштагылар гана биле турган жашыруун номурлары боло турган сырттан келген конгуроолорго жооп берилбейт. Ошондуктан ал кат жазды да телефон кылбай. Кудай жалгап кат жетти деген кабар келип артынан конгуроо да жооп да келбеди.
Түнү менен кирпик какпай жатып таң атаарда көзү илинип кеткен экен, каалга такылдап нануштого чакырган аял келгенде гана ордунан турду. Саатка караса эрте мененки жети, бүгүн да бул үйдүн кожоюндары менен бирге тамактануусу керек экен.
Ал өзүн иретке келтирип түшүп келгенче ата бала эбаак столдон орун алып болушуптур.
-кечиресиз, деди да кечээ олтурган жайдан орун алды.
-жакшы эс алдынбы? деген Тагдыр анын жообун күтпөй туруп эле эскертүүго өттү.
-Кечиресиз эмес кечиресиздер, бул жайда олтурган эки адам да ушул үйгө таандык жана сени күтүп жатышат. Бирок мындай учур акыркы ирет болуп жатат, мындан ары кайталанбайт деп ишенем. Ошондой эмеспи ээ Азат? деп уулуна кайрылды Айперини караган абалында.
-албетте, деди ал да көнүмүш эле суроого жооп бергендей, бирок унундо кыжырдануу бар эле, мунусу кызды али да тирүү көрүп турганында болсо керек.
Айпери да Тагдырга караган абалында көзүн тартып кетпей отурганы менен ичи калтырап чыкты. "Бул эмнеси? Кечээ эле башкача сүйлөп жатпады беле, же чындап эле бүгүн менин көзүмдү тазалап курмандык кылуу күнү болобу. Каап кече Тайлаковичке ачык эле жазып жардам сурасам болмок экен, Азат бекеринен тызылдабаган го" , деп ойлоп жиберди.
Бул ирет да Тагдырдын кашыгы столго коюлары менен Азат да барын таштап башын көтөрдү. Саатына бир карап алып,
-Акжигит дарбазадан күтүп турат жөнөгүлө, деди Тагдыр.
Айпери байкагандан ал дайым сөз баштаарда саатына карап алмай адаты бар экен, демек убакытка өтө так адам болсо керек. Азыр да конгуроосу жок дарбаза алдында турган адамды айтып жатат, демек мунун адамдары да сапаты менен жүрүү тартибине көнүп бутушсо керек.
Азат ордунан туруп сыртка бет алганда Айпери да козголуп үстүнкү кабатка карай басты.
-сен кайда? деди Тагдыр.
Кыз буйдала түштү. Ал башка кийим менен барам го деп ойлогон жолго ылайык, бирок антип айтуу азыр туура эместей сезилди. Сенин кайсы буюмун бар эле десечи, чынында бул уйдогунун баары бул үйгө гана таандык эмеспи, өзүндө буюм эмес эрк жок экенин унута жаздаптыр.
Токтогон ордунан артка бурулуп сыртка Азатты ээрчий жөнөп калды.
-токто! деди, дагы жанакы жүрөк титиреткен жай добуш.
Айпери уйротулгон иттей дароо ордунда катты. Жанына жай басып келген Тагдыр кыздын ээгин колу менен көтөрө,
-мен уулумду сен аркылуу коргоп жатам, сен барда ал да бар. Бир маселе ал муну тушунгусу келбейт, аны жолдон азгыргандар да жок эмес ошондуктан сен өзүңө сак бол, мен уулум жашашын каалайм, деди да маңдайынан сүйүп мээримин төгө карап уруксат дегендей көзүн ирмеп койду.
Ал дарбазадан чыкканда эле гилтейген эки жигит эки жагынан жандап барып арканкы эшигин ачып унаага отургузушту, Азат алдыңкы орунга отуруп болгон экен. Айпери отураары менен от алып даяр турган унаа курулдоп жөнөп кетти, алардын алдынан да артынан да бири биринен эч айрымаланбаган унаалар кошо жүрүштү. Көчөлөрдү көрүп кайда экенин аңдап бараткан Айпери капысынан алдыңкы күзгүгө карай коюп өзүнө теше тиктеп бараткан көздөрго көзү чагылаша түштү. Бул бөрк ал десе баш ала турган, көздөгөн жемин жеп тынмайынча жарым карыш жанынан жылбачуудай караган ач көздөрду кай жерде көрдү эле эстей албай жатты, бул жумушка келген күнүнөн бери жагын бүт көз алдынан өткөрүп. Балким уулун азгырчуу инсандар деп Тагдыр кудум ушул адамды айткан болбосун, мунун ач көздөрүнө караганда...