РИНГ
#44 30 Декабрь 2020 - 14:24
jindirak (30 Декабрь 2020 - 14:20) жазган:
Жазчы жаным окуйлу
********
"Министр Мурат Дөөлөтович кырсыкка кабылды" - деген кабар үй бүлөсүнөн мурун коомчулукка тарады. Түнү бою кирпик какпай чыккан Айдеми эшик алдында жүргөн. Үйдүн ичинен Жайнанын чаңырган үнүн угуп чуркап кирди. Кызматчы аял суу чачып, колдорун ушалап олтуруптур.
-Эмне болду? - деп Жайнанын колдорун кармап жанына олтура кетти.
-Тез жардамга чалчы? Ким баар, келгиле?!
Кызматчы аялдын бир аз жашы улуурак, Айдемиге айткандан коркту, сыягы " бул да өзүн жоготуп койбосун" - деди окшойт.
Тапырап кирип келген башка кызматчылар жерде жаткан Жайнаны көтөрүп диванга жаткырышты. Баарынын көзүндө жаш тегеренип жүрөт.
-Тынчылыкпы деги?
Айдеми сабыры түгөнгөндө кыйкырды.
-Кызым келчи? - деген аял Айдеминин колдорун кармап оор үшкүрдү.
-Кайраттуу бол кызым, атаңдан ажырап калдык!
-Эмне? Атам? Кандайча?
Кучагына баскан аялды түрткөн Айдеми түшүнбөй кайра сурады.
-Күчтүү бол балам! Кудайдын буйругу.
-Жооок!
Айдеми эми аңдап жетти да ыйламсырап кыйкырып жиберди.
-Сен күчтүү болбосоң болбойт балам, карачы Жайнаны. Кала берсе Чолпонду таап, кабар берүү керек, - деген аял күбүрөнө сүйлөнүп Айдемини жөлөп олтургузду.
-Атам! Кантип эле? Эмне болуп кетти? - деди кыз шыбырап.
-Жолдо кырсыкка кабылыптыр түндөсү. Жол чырактан өтүп баратканда.
-Чолпон!
Айдеми бир нерсе эсине түшкөндөй селт этти. Атасы Чолпондун артынан кетпеди беле? Ал кайда?
Айдеми тура калып кол телефонун издеп таап чыкты да, шашыла титиреген колдору менен Алилеттин номерин терди.
-Алло Айдеми, жакшысыңбы? Мен азыр эле уктум.
-Адилет байке атамдын үйүнө келиңизчи, - деди шашылып.
-Макул азыр барамын.
-Арткы тараптагы жол менен келиңиз. Үйдүн алдында адам көп.
-Түшүндүм.
Жарым саат өтпөй бакча менен келген жолдо Айдеми Адилетти кучактап ыйлап турду.
-Мен, мен атама аны канчалык жакшы көрөөрүмдү айтпай калдым.
-Ал билет Айдеми, өзүңдү кыйнаба, - деген Адилет кызды кучагына басып чачтарынан сылап жатты. Дирилдеген кыздын кичинекей денесин бооруна катуу кысып алды.
Көптө барып басылган кыз бир убакта жаштарын аарчып ыйын токтотту.
-Бул чоң жоготуунун азабы далай кыйнайт. Бирок азыр дагы бир маселе бар.
-Эмне? - деген Адилет таң кала Айдеминин оозун тиктеди.
-Чолпон түндөсү качып чыккан үйдөн. Атам артынан кеткен болчу. Чолпондон алигече дайын жок. Адилет байке сиз өзүңүз издең. Милицияга кабар бере албайбыз, абалыбызды көрүп турасыз.
-Макул жигиттер менен издөөнү баштайбыз.
-Клуб, кафе ресторан. Дагы билбейм ал кыз кайжерлерде журөөрүн, - деди Айдеми чарасыз.
-Ойлонбо табабыз.
-Менимче жерге берүү зыйнаты эртең болот, ага чейин табуу керек.
-Макул, - деп баш ийкеген Адилет кыздын колдорун бекем кармап алды.
-Апасынын унаасы менен кеткен, ак түстөгү жол тандабас. Билбейм дагы эмнени айта аламын Адилет байке.
-Таап келем, ойлонбо...
Адилет залда чогуу машыккан жигиттерди жардамга чакырды. Алгач эле шаардагы бүт кафе, клубтарды бөлүнүп алышып түрө кыдырганга өтүштү. Акыры бир түнкү клубтун алдында токтоп турган Айдеми айткан унааны көрүп ошол клубга кирди. Клубтун администратору менен жолугуп камераны текшерип берүүсүн өтүндү. Кылдаттык менен камераны текшертип жатып Чолпонду көрдү. Колунан булкуп жетелеп бараткан жигиттин жүзү даана түшпөй калыптыр.
-Сыртта да барбы камера?
-Албетте.
-Анда ошол камераны да көрөлү.
Көрдү. Колдон сүйрөп барган жигит башка унаага салып айдап кетиптир. Ал унаа бурулган тараптагы жол шаардын сыртына чыгып кетет. Демек шаардан алып чыгып кеткен болушу да мүмкүн. Алар түшкөн унаанын номерин жазып алып клубтан чыгып кетти.
Мурат Дөөлөтовичтин өлүмү баарына кокустук катары маалым болду. Атүгүл үй бүлөө мүчөлөрүнө да. Аны эч ким атайын Шан тараптан уюштурулган жол кырсыгы экенин билбей калышты. Жерге берүү зыйнатына эл көп келди. Келгендин баары эле кызы Чолпонду сурап жатышты. Ооруп калды, атасынын өлүмүн көтөрө албай дешкенден башка сөз айтыша алышпады. Муратты жерге беришти. Кечинде өзүн улам жоготуп бара жаткан Жайнага Айдеми тынчтандыруучу укол жасап жатканда телефонуна чалуу келди.
-Адилет байке жакшы кабар менен чалдыңыз деп үмүт кыламын. Таптыңызбы?
-Таптык, бирок абалы оор, - деди Адилет.
-Канчалык?
Айдеми бир аз ары жака басып сүйлөдү.
-Араң дем алып жатат.
-Мен иштеген клиникага алып барыңыз, мен да үйдөн билдирбей чыгып барууга аракет кыламын.
Айдеми шашыла үстүнө күрмөсүн көтөрүп, үйдүн арты менен жөнөдү.
Клиникага келгенде Адилеттер али келише элек экен. Дароо клиникада жандандыруу бөлүмүн, уколдорду даярдатты. Аңгыча каталкага Чолпонду салып кирип келишти. Абалы оор дегенин укса да мынчалык элестетпеген. Жүзү сабалгандан таанылгыс болуп көгөрүп, колдорундагы тамырлар да жарылып кетиптир. Денеси муздап бараткан экен. Тамыры билинер билинбес уруп жатат. Айдеми нес абалга түштү.
-Кислородту даярдагыла! - деген баш дарыгердин үнү Айдемини селт эттирди.
-Мен... - деген кыз каталканын чекесин кармап калды.
-Айдеми кызым, сени бул абалда киргизе албайм ичкери. Сыртта тур, - деп токтоткон дарыгер жандандыруу бөлүмүнүн эшигин жаап койду.
-Айдеми, - деген Адилет теңселе дубалга жөлөнө калган кызды кучактап калды.
-Кайдан таптыңыз?
-Шаар сыртындагы эски имараттан.
-Кимдер? Кимдер аны мынтип таштап салышты?
-Издеп жатабыз. Клубтан бирөө менен чыккан экен. Алар түшүп кеткен унааны издеттим. Чолпондун өзүнө катталуу... Бирок сөзсүз табабыз.
-Апасына айттыңбы? - деди Адилет Айдеминин айласыз, чарчаңкы араң турганын көрүп аягандай жалооруп.
-Апасынын абалы мындан да оор... - деп алган кыз өзү да оор үшкүрүп олтура кетти.
#45 30 Декабрь 2020 - 14:25
******
Министр каза болгондон кийин артындагы иштери казылып чыкты. Жогорку кеңештин депутаты болуп жүргөнүндө көп эле контрабанда менен алек болгон экен. Андан сырткары мамлекеттин бюджетине зыян келтирди деп коррупуиялык иштеринен бери таап чыгышты. Өлүмүнө бир ай боло элек, үйүнө укук коргоо органдары кирип келишип, Дөөлөтовичтин бүт мал мүлкү конфискацияланаарын, атүгүл ушул турган үйү да мамлекеттин эсебине өтөөрүн эскертип кетишти. Бул жагын араң көтөрүп турган Жайна муну укканда такыр эсинен танды. Мураттын атына гана жазылган мүлктөр эмес, кызы Чолпондун, аялы Жайнанын атындагы мүлктөрдү да тартып алышты.
Бозоргон дөбөдөгү жайдын алдында турду Айдеми. Бир канча убакыт мурун атасы менен сүйлөшкөн ошол кечти эстеди.
-Кызым, күчтүүм менин. Билесиңби сенин эстүүлүгүң апаңдан өткөн.
-Сиз деле акылдуу эмессизби? - деген Айдеми эркелеп.
-Акылсызмын кызым.
-Аттаа?
-Оов
-Сен бактылуусуңбу?
Кызынын жүзүнө бурулган Мурат оор үшкүрүп жиберди.
-Бакыт деген, бийликте, байлыкта ,мансапта көңүл ачууда болсо бактылуумун.
-Жан дүйнө тынчтыгы менен сүйүүдө болсочу? - деген Айдеми атасын суроолуу тигилди.
-Анда бактысыз өмүр сүрдүм. Жок, жалган айттым бактылуу болдум. Аз гана убакыт.
-Ата, мени кечир. Сага апам менен көрүшүп турууга уруксат бербей койгонум үчүн. Сага сүйлөбөй жүргөнүм үчүн. Экөөң тең канчалык бири - бириңди көрүүгө ашыгып турсаңар да мени кыя албай унчукпай жашадыңар...
-Сенин айыбың жок кызым.
Атасы кучагына алды. Жылуу, камкор кучак. Бүт дүйнөнүн жамандыгынан, таш боордугунан коргой алчу кучак.
-Кызым, мага бир нерсе болуп кетсе ишенерим сенсиң.
-Ата?!
Айдеми атасынын кучагынан бошоп жүзүнө карады.
-Ишиңде маселе болдубу?
-Деги айтканым. Жашым деле келип калбадыбы?
-Сен узак өмүр сүрөсүң ата. Небере чоңойтосуң.
-Тилегиңден! - деген Мурат титиреген колдору менен кызынын саамайын сылап маңдайынан сүйдү.
-Кокустук болуп кетсе дейм кызым. Тиги экөөнү сага гана тапшыра аламын.
Айдеми атасынан көз албай жалдырап карап турду.
-Туура, арсызмын кызым!
Мурат өзүнчө күлүп алды.
-Бир өмүр апаң экөөңөрдү жол каратып, күтүү менен жашатканым аз келгенсип эми проблемамды сага таштаганы жатамын. Бирок ишенерим сен да кызым.
-Ата, караңгы түндө жаман сөздү сүйлөбөйт...
Айдеми атасынын желкесине башын койду.
-Сенчи? - деди бир убакта Мурат.
-Сен бактылуусуңбу?
-Сен кызым десең бактылуу болом, - деген кызы атасын тиктеди..
Мөлтүрөп турган көздөрүнөн өөп алган атасы:
-Кызым менин! - деди эркелете.
Ушуларды эстеген кыздын көздөрүнөн жаштар тамчылады. "Атаке! Кечир мени сени канчалык жакшы көрөөрүмдү айта албаганым үчүн. Мен эми чындап жалгыз калдым. Сенин мага болгон ишеничиңди актаймын, сөз беремин. Сен тынч жат." - деп жатты көңүлүндө...
Жашоонун адилеттүүлүгүбү балким кайтар дүйнө деген тагдырдын мыйзамы беле бир убактары ушул кыздын апасынын жашоосун талкалаган Жайнанын мындай кийинки өмүрү, тагдыры кандай болоору Айдеминин колунда эле. Эч нерсеси жок калган аял ошол үйгө бараары жети уктап түшүнө кирбесе керек эле. Баягы бир убактары өзү тагдырын талкалаган аялдын арабасына мынтип кызы олтуруп калаарын ойлобосо керек эле. Такси менен кабат үйдүн алдына токтошту. Акырын түшүп айлананы караган Жайнага бул жай такыр өзгөрбөгөндөй сезилди. Ошол болгон жини менен күйөөсүнүн артынан аңдып жүрүп келген үй. Экинчи кабатка көтөрүлүшүп, Айдеми сумкасынан ачкычын таап чыгып ачып жатты. Эшик ачылып ичкери кирген Жайнаны Айгүлдүн назик, үлбүрөгөн элеси жылмайып тосуп алды.

#49 03 Январь 2021 - 12:21
jindirak (30 Декабрь 2020 - 22:13) жазган:
Анан
*********
Эржан Шан менен кошулуп чет өлкөгө чыгып кетишкен эле. Ал жакта өткөн биринчи беттештен жеңишке жетип, кийинке беттеште жеңилип калды. Бул кылыгы Шандын өзүнөн чыгып кетүүсүнө себеп болду. Анткени акыркы убактары Эржандын өзүнө карата мамилеси өзгөргөнүн байкап жүргөн. Мурункудай болуп салган мушташка түшүп кетпей, алгач алчу суммасын сурап, керек болсо өзүнүн шарттарын да койчу болду. Чакырган убагында алдына келип, кандай ишке жиберсе да даяр турчу Эржан жок. Телефонун өчүрүп, дайынсыз кетип да жүрдү. Мунун баарына Шан башында көз жумса, акыркы бул кылыгына ачуусу чындап келди. Анткени бул беттештин алдында да өзүнүн шарттарын коюп, ага Шан көнбөй койду эле жөн гана жеңилип берди. Биринчи раундта эле эч кандай кайтарма сокку бербей, өзүн гана коргоп, жеңил гана жеңилип берди. Шан ар дайымкыдай мунун үстүнөн канчалаган сумма койгон эле.
-Сен! Сен эмне кылып салдың билесиңби?! - деген Шан Эржандын алдына келип кыйкырды.
-Мен жеңилдим!
-Эй акмак!
-Шан, дайым эле жеңишке жетише бербейм го? Кээде адам жеңилет да.
Эржандын ушунчалык токтоолук менен сүйлөп жатканы Шанды андан бетер өзүнөн чыгарды.
-Айбан! Сен атайы кылдың? Сен керек болсо мушташкан да жоксуң!
-Шан беттеш алдында сага мен шартымды айткам.
-Эмнеееее?! Эй ит! Сен белең мага шарт койчу?! Мен сени сатып алгам!
-Ал акчаңды үч эселеп актап болгом!
Шан Эржанга жакын келип жакадан алды.
-Сен өмүрүңдү саткансың! - деди көздөрүнө карап.
-Кайра анда кайтарып аламын! - деди Эржан да Шандын кызарып кеткен көздөрүнөн көзүн албай.
-Хаа-ааха- хааа!
Шан ары карай басып каткырып жатты.
-Эй чимкирик! Кай жерде көрдүң менин колума түшкөн товарды коё бергенимди? Же уктуң беле? Ушунча жыл мени менен жүрүп, мени дагы билип бүтпөдүңбү сен?
-Шан, мен сага татыктуу иштеп бердим. Эми коё бер?
-Былжырабачы? ! - деген Шан ары жактагы стулга олтура кетти да тамекисин күйгүздү.
-Сени менен келишим мындай болгон эмес Эржан. Деги эле келишим түзүлгөн эмес. Сен акча, байлык дегенсиң. Мен мүмкүн болбогон кыска аралыкта сага чоң суммада акча бердим. Дүйнөгө маарыттым. Акчага чөмүлдүң. Заматта элита аталдың. Мен жок болсом жүрөмөксүң. Тиги тамынан суу өткөн залда машыгып же атың таанылбай, же жарытылуу акча таппай. Сен каалаганыңа жеттиң. Чынбы?
Шан басып келип тамекисинин түтүнүн Эржандын жүзүнө үйлөдү.
-Эми менин каалаганымды бер!
-Шан салган беттешиңден ушул күнгө чейин бардык суммаңды актап бердим.
-Акмак!
Шандын чындап чыдамы кетти. Дайыма жанына сала жүрчү куралын сууруп чыгып Эржандын маңдайына такады.
-Бүгүн бул мелдешке канча акча тиккенимди билесиңби? Жок, ал сумма сенин түшүңө да кирбейт. А сен болсо аны жөн гана көккө сапырдың! Мунун баасын кантип төлөйсүң? Өмүрүң мененби? Жоок, жалгыз сенин өмүрүң жетпейт!
Шан Эржанды курал менен төшүнөн ары итерди.
-Кыргызстанга жетип сүйлөшөбүз!
Шан чыгып кетери менен Эржан дубалды мумштап, муштап жиберди. Дагы жакшы апасы менен карындаштарын өлкөдөн чыгарып жиберген экен. Өзүнүн өмүрү не болсо болсун... ушуларды ойлогон Эржан башын мыкчый олтура кетти.
Кыргызстанга кайтары менен өлкөдө дуу болгон министрдин өлүмүн укту Эржан. Чолпон менен Айдемиге барайын деп келип, баягы особняктын дарбазасында печатталган кагаз турганын көрүп артына кайтты.
Досу Адилет менен байланышып, жашыруун жолугушту.
-Түшүнүктүү, - деди Эржан болуп өткөн окуяларды угуп башын шылкыйта.
-Чолпондун абалы чын эле оор. Айдеми өз үйүндө карап жатат. Азырынча атасы тууралуу айтыша элек.
-Билесиңби Адилет, Чолпондун бул абалга түшүп калышына менин күнөөм көп. Аны жалгыз калтырбай, жанында болгонумда мындай болмок эмес. Чолпондун жеңил турмушту, оюн күлкүнү жакшы көрөөрүн билип туруп кандай болот абалы деп ойлонбой кеттим.
-Эми сен атайы кылбадың го.
-Чолпонду көрүшүм керек.
Бөлмөгө баш баккан Эржан керебетте колуна асма укол сайылып, өңү бозоруп эрди кеберсип жаткан Чолпонду көрдү. Биринчи жолу кызды сейил бактан көргөн күнүн эстеди. Аппак жүзү албырып, белинен өтүп төгүлгөн капкара чачы, күлкүсү тыялбай жайдары турган эле. Акырын кыздын алдына келип тизелеп олтура калып маңдайынан сылады. Көздөрүн алсыз ачкан Чолпон Эржанды көрүп көздөрү чоңоюп кетти.
-Кечир мени, - деди кыздын колдорун кармап өөп жаткан жигит.
-...
Чолпон жооп бергендин ордуна көзүнөн тамган жашы ылдый сызылып акты.
-Кечир!
Эржан дагы кайталап жатты.
-Сенин күнөөң жок.
Алсыз шыбыраган кыз Эржандын колдорун кысып койду.
-Баарын өзүм кылдым. Жомоктогудай жашоомду тозокко айланттым. Анын таттуу сөздөрүнө алдандым. Сенден кийин көөдөнүм күйүп, ал жалын эч нерсе менен басылбай койду. Жада калса алдыма гүл төшөп сүйүүсүн арнагандарды көзгө илбедим. Мен андан да бийик, андан да жогоруну көздөдүм. Өзүмдү сага көрсөткүм келди. Сен чындыгында менин ким экенимди билип бүтсөң деле көрсөткүм келди. Тентекмин. Азаттын жайган торуна чырмалып баратканымды билсем да баш тарта албадым.
Кыз араң дем алып, энтигип сүйлөп жатты.
-Чолпон!
Эржан кыздын алсыз колдорун кармап өөп алды. Колунан жогору жагындагы сайынып жүргөн ийнелеринин тактарын көрүп ансайын жүрөгү ооруду.
-Кечирчи?!
Чолпон даарынын күчү менен уктап калганда бөлмөдөн чыкты. Ашканада Адилет менен Айдеми олтурушкан экен, унчукпай алардын катарына кошулду.
-Эмне деп жатышат? - деди Эржан Айдемиге карап.
-Эки бөйрөгү тең катуу жабыркап калган, түндөсү суукта калып кеткенге шамалдап ага кошумча болду. Абалы оор...Биз ойлогондон да. Гемодиализге жумасына үч жолу каттап жатат. Чолпон атамдын өткөнүн да билбейт. Апасы да үстүнө кире элек.
Айдеминин көздөрү жашылдана түштү. Адилет кыздын колдорун катуу кармап алды.
-Менин, Адилет байкенин тапканы даары дармегине араң жарап жатат. Атамдын сырын эч кимибиз билбей калдык. Андан соң баарын мамлекет тартып алышты. Мамлекеттен калганын атамдын биз билбеген белгисиз байланыштары бар экен. Алар алып кетишти. Чолпонго тез арада операция жасалуу керек. Бөйрөгүн алмаштырууга.
-Донор таптыңарбы? - деди Эржан үмүттүү.
-Мен болом донор.
Айдеми чечкиндүү жооп берди.
-Эмне? Сен?
-Бир туугандын гана бөйрөгү түшөт дешти. Менден башка ким бар? Текшерттим, анализ тапшырдым түшөт. Болгону чет өлкөгө каражат керек. Чолпон азыр эки тараптуу дарылануу курсун алып жатат. Азыр ага абдан оор.
Булардын сөздөрүнүн баарын эшик сыртында угуп турду Жайна. Колдору менен оозун жаап алып үнсүз ыйлап жатты. Бирок ошөл үнсүз ыйдын ичинде эмне гана жок? Ызаа, өкүнүч, арман! Тагдырдын кызыктыгын, жашоонун амалкөйлүгүн, кайтар дүйнөнү карачы?! Жайна бир кезде өзүн бактысыз кылган, сүйүүсүн уурдаган, кылмышка түрткөн аялдын кызы мынтип аны тозоктун эшигинен бери сууруп алууга жан далбас кылып жатат. Бул не деген тагдырдын адилетсиз чечими?!
#50 03 Январь 2021 - 12:22
****
Эржан кайра Шандын алдында турду. Кече эле азоо аттай бой бербей, өз шарттарын коюп баш ийгиси келбеген Эржан мынтип кайра алдына келди. Креслосуна чалкалап олтурган Шан алдында турган Эржанды табалагандай мазактуу жылмайып карап турат..
-Ии угуп жатамын?
-Мага акча керек!
-Хмм, акча баарына керек. Мага да керек Эржан.
-Сенде ал акча бар.
-Анан?
-Мага бер!
-Сен өз үлүшүңдү алып бүткөнсүң. А айтмакчы сен менден кетем дедиң беле?
Шан атайын Эржанды басынтып сүйлөп жатты. Алдына чарасыз келгенин билип туруп, эч кайда кете албасын көрүп ушинтти. А эгерде Эржан кетип калганда деле коё бермек эмес.
-Эржан, жакындарыңды качырып жибердиң ээ?
-Сага менин өмүрүм жетет!
-Жоо-жоок! Сенин оюңча мен аларды таба албаймынбы?
-Эч качан!
-Аны көрө жатарбыз. Азыр башка маселе, - деди Шан адатынча тамекисин күйгүзүп.
-Сага акча берүүмдү талап кылып жатасың, ордуна эмне аламын?
-Мени!
-Эхх Эржан, Эржан! Сени эчак эле сатып алгам мен.
Шан тамекисин өчүрүп Эржандын алдына келди.
-Бүгүн беттеш болот. Сен түшөсүң. Казахстандан келген коноктор бар. Жеңсең коюлган сумманын баары сеники! Ал эми жеңилсең...
-Жеңем! - деди Эржан.
-Жеңилсең эмне болоорун жакшы билесиң да!
Шан жигитти далыдан таптап ары басты.
Түн бир оокум. Белгиленген бул беттеш өтчү жайда күн менен түндүн айырмасы жок. Анча чоң эмес спорт залынын ортосуна коюлган октагон. Адам көп, колдоруна бокал менен ичимдик көтөргөн олигарх, бизнесмен, депутат, авторитеттер жана аларды жандаган ичке белди сулуулар. Арасында өлкөгө белгилүү ырчы жаш кыздар да жүрөт. Эржандын оюнда азыр жеңиш гана турду. Чолпонду сактап калуу керек. Бул жака келерден мурун көпкө ойлогон. Чолпондун үмүтсүз көздөрү эсинен кетпей туруп алды. ..
Бир, эки, үч... Башталды.. Кыраан менен дуулдап чыккан кол чабууларга, каткырыктарга толгон зал! Беттеш майданында турду Эржан. Башын көтөрүп элди карагысы келген жок. Жада калса маңдайына чыккан атаандашын да тиктебеди. Белги берилип, эрежелерди айткан калыс октагондон чыгып кеткенде гана башын көтөрдү. Көтөрдү да катты Эржан. Үстү жылаңач өзүн таң калган көздөр менен карап Сагын турган экен. Ооба ошол. Оштогу сапарында көргөн. Булардын чөйрөсүнө жаңы кошулган чемпион. Эржан түшүнбөй калды. Экөө тең бири - бирине жакындаша албай тура беришти.
-Эржаааан?! - деген Шандын кыйкырыгы жигитти өзүнө келтирди.
Катуу эмес акырын соккуларды берип, бири - бирин тооруп жатышты экөө тең. Качан Эржан Сагынды жыгыта тээп үстүнө миңгенде сүйлөдү.
-Эмне жүрөсүң бул жерде?
-Мен.. Мен сен деп ойлобогом, - деди Сагын энтиге өзүн Эржандын муштумунан коргоп жатып. Атайы мушташып жаткандай көрүнгөн экөө ушинтип сүйлөшүп жатышты. Анткени беттеште атаандаштар бири - бири менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес эле.
-Казахстан менен болот деген эле беттеш! - деди Эржан.
-Мен Казахстандан келдим. Бир ай мурун мени Казахстанга сатып жиберишти.
-Эмнеее? Уулуңа операция жасалдыбы?
-Жок, ушул беттештен соң.
Эржан шалдырай түштү. Сагындын үстүнөн жерге кулады да, чалкасынан жата кетти.
-Бул не деген сыноо эми?!
Залда олтургандар эч нерсени түшүнгөн жок. Алар укмуш кызыктуу беттешти элестетип келишкен. Ал эми бул экөө эки жерде жатышат. Калыс чыкты да экөөнү тең тургузуп эки жака таркатты. Беттеш жарым сааттан соң уланаарын эскертти.
Башын жерге салып олтурган Эржандын бөлмөсунө октой учуп кирди Шан.
-Эй акмак?! Бул дагы эмне деген театр?
-Эмнеге атаандашым Сагын болоорун эскертпедиң?
-Сага эмне айырмасы бар ким экенин?
Шан кыйкырып жиберди.
-Шан мен жеңишим керек!
-Анан? Эмне тоскоол?
-Сагын да жеңиш керек! Экөөбүз тең чарасызбыз! Анын уулунун өмүрү коркунучта.
-Ээй урганым жок уулун! Талкала! Болбосо тиги качырып жиберген апаң менен карындашыңа кошуп министрдин эки кызын алдыңда мууздайм!
Эржандын көздөрү чоңоюп кетти. Анткени Шанды жакшы билет, эгер жеңилсе ал бул иштен эч качан кайра тартпайт.

#51 03 Январь 2021 - 14:01
Ооо жакшы жакшы бирок аз экен кечке дагын кутомго жаным жазышыны.
#52 03 Январь 2021 - 16:58
jindirak (03 Январь 2021 - 14:01) жазган:
Ооо жакшы жакшы бирок аз экен кечке дагын кутомго жаным жазышыны.
Жарым сааттык тыныгуу бүтүп кайра беттеш башталды. Сагынга эмне дешкени белгисиз, Эржан аны тиктегенде баягыдай карабай тескерисинче жек көрүүгө толо көздөр менен өзүн карап, жанчып салууга даяр туруптур. Биринчи Сагын өттү чабуулга. Анын таамай соккулары Эржандан шуу, шуу деп өтүп жатты. Ушул азыр бир соккусу тийсе талкалап салчудай айбат менен мушташып жатат. Экөө жакын келип мушташа кеткенде Эржан Сагындын:
-Кечир! - деп жатканын укту.
-Кечир...мен уулум үчүн мажбурмун!
Эржан Сагынды түртүп жиберди. Артка кетенчиктеп барып кайра алдыга чуркап Эржанга чабуулга өттү. Эржан өзүн араң коргогонго үлгүрүп жатты.
-Салгылаш! Чап! Ур!
Сагын кыйкырып жатты.
-Сагын өзүңдү карма! Бул менен экөөбүз тең жеңишке жетпейбиз.
-Сени урганым жок! Мага өз өмүрүм, өз үй бүлөөм кымбат!
Эржан Сагынды учура тепти да өзү чабуулга өтүүгө даяр адамдай муштумдарын түйүп туруп калды. Шан үчүн, залга толо келген эл үчүн эң сонун беттеш болуп жатты. Эки тайманбас кыргыздын кыраандары акча үчүн түшкөн бул тузактын курмандыгына айланды. Экөө тең келечектүү, экөө тең аруу максаттар менен спортко кадам койбоду беле? Дүйнөгө кыргызды таанытчу дагы канча азаматтар мынтип туура жолдон адаштырган, кылмыш дүйнөгө кирип чалынды экен? Эки жигит, эки тарапта бири - бирине айбаат көргөзө бирок озунуп кол салууга даабай турушту. Бул экөөнөн тең не деген чемпиондор чыкмак? Аттиң...
Шандын сөздөрү улам кулагында жаңырып, Эржан да чабуулга өтө баштады. Сагын жанатан бери чыңалган абалда болгондуктан бат эле энтиге түштү. Октагондун ортосунда улам биринин үстүнө бири чыга калып былчылдата мушташып жаткан эки жигиттин, бирдей чарасыздыгын эч ким түшүнгөн жок. Эч ким булардын айласыз экенин, булар тамаша кылып жаткан кандуу беттеш өмүргө бааланганын түшүнүшпөйт эле. Өздөрүнүн гана эмес, үй бүлөөсүнүн, жакындарынын өмүрүнө бааланган беттеш.Кайра аларды сүрөп, коштоп жатышты. Узакка созулган эң кызуу беттеш болду. Башында экөө тең коркуп, аргасыз турушса, ушул мүнөттөрдө экөө да өз жашоосу үчүн күрөшүп жатышты. Эржан айланып туруп тепкен соккусу Сагындын мойнуна тийип жерге кулады. Үстүнө жете келген Эржан аны эки, үч жолу муштап жибергенге да үлгүрдү. Качан гана оозу мурдунан кан агып жаткан Сагын өзүн коргобой чалкалай жатып калганда токтоду Эржан.
-Уулумду сага тапшырамын! - деди жылмая кан болгон тиштерин көрсөтүп.
-Талкалааа?! ! - деген Шандын үнү чыкты зал тараптан.
-Кечир!
Эржан олтура калып Сагындын бутун кайрып туруп сындырып салды. Карс деген үнгө удаа эле "Аааааа?! " - деген Сагындын жан ооруткан кыйкырыгы залды каптады.
Кол чабуулар менен кошо алкыш, кыйкырыктар. .. Булардын баары азыр Эржанга маанисиз эле. Сагындын үстүнө жыгылып ыйлап жатты.
-Суранам кечир! Мен мажбур болдум!
Октагонго чыккан калыс менен кошо эки жигит араң Эржанды Сагындын үстүнөн сууруп алышты. Шан алдына келип сыймык, мактаныч менен Эржан тиктеп турду.
-Куттуктайм! Мен сага ишенгем! - деди колуна чакан дипломат карматып жатып.
-Бул үчүн жооп берчү күнүң келет! - деген Эржан колундагы дипломатты жулуп алды.
-Менин чемпионум!
Эми басып кетейин дегенде Шан Эржанды колдон тартып, бир колун жогору көтөрүп залга кыйкырды.
-Мен таптаган, мен ишенген жолборсум! Баарыңардын алдыңарда ага ыраазычылыгымды берейин деп жатам! - деп Эржандын колундагы дипломатты ачып октагонду айлана басып залга көрсөтүп жатты. Эржан кыжыры келе, муштумдары өзүнөн өзү түйүлүп Шанды булкуп жиберип басып кетти. Кийимдерин которуп жатканда бөлмөсүнө ичимдик көтөрүп Шан баш бакты.
-Калбайсыңбы сага арналган кечеге?
Эржан үнсүз кийине берди.
-Дааа! Укмуш беттеш көрсөттүңөр бирок.
-Шан, - деди Эржан акырын.
-Сенин жеңишке жетериңе ишенгем!
-Сагынды сактап кал суранам!
-Эмне?
-Тиги жеңилир калганы үчүн кандай жазаа алаары белгилүү, сактап кал.
-Ал биздин колдо эмес да. Казактардын өз эрежеси бар. Биз кийгилеше албайбыз.
-Анда сатып ал кайра!
-Акчаң барбы? - деген Шан колундагы ичимдикти көтөрүп ичип алды.
-Дагы төлөп берем!
-Койчу Эржан. Чымчыктай жаныңды баалай бербе. Сен ансыз деле мага өмүр бою карызсың да.
-Сагын тирүү калуусу керек.
-Тааак ... Мындай кылалы, мен Сагын үчүн жооп бере албайм. Бирок үй бүлөөсүнө тийбешин суранып көрөм.
-Шан!
-Болду, башка жардам күтпө! Эс алууга жки күн берем. Андан соң сени өзүбүздүн жайда күтөм, дайымкыдай.
Шан чыгып кетти.
.. ********
Түн жарымда кагылган эшик коңгуроосунан ойгонуп кеткен Айдеми эшик алдына келди.
-Ким бул?
-Мен Эржан.
-Аа, - деген кыз эшикти акырын ачты.
-Келиңиз? - деп келе жаткан Айдеми Эржандын кебетесин көрүп чоочуп кетти.
-Сизге эмне болду?
-Аа, жигитчиликте болуп турат, - деди Эржан кайдыгер кол шилтеп.
Ашканага алып кирип, даары салган кутусун ачып Эржандын жарылган жүзүндөгү жарааттарды тазалап жатты.
-Чолпон кандай?
-Ошол эле бойдон.
-Мен акча таап келдим.
Эржан күрмөсүнүн ичинен кагазга оролгон пачка акчаны стол үстүнө койду.
-Булар кайдан? - деген кыз акчаны көрүп бир эсе кубанса, кайра коркунуч каптап үнү дирилдеп чыкты.
-Коркпо банк тоногон жокмун.
Эржан жылмайды.
-Жок чын эле.
-Таап келдим, Чолпон үчүн.
Айдеми Эржанды аяп карап турду.
-Антип тиктебечи! Билем туура эмес жолго бардым, бирок силерге зыян тийбейт. Мындай кыска убакытта мынча сумма табуу да кыйын. Ал эми Чолпондо убакыт аз.
-Рахмат сизге.
-Качан кетесиңер эми?
-Эртеңден калбай сүйлөшөм.
-Макул мен кеттим, - деген Эржан ордунан туруп эшикти көздөй жөнөдү.
-Рахмат сизге дагы бир жолу.
Айдеми чын жүрөктөн айтты бул сөздү.
Так бир жумадан соң Айдеми, Чолпон жана Жайна болуп Индияга сапар алышты. Сүйлөшүлгөн боюнча ал жактагы клиника буларды аэропорттон тосуп алмай болушту. Бул убакытта, Чолпондун абалы дагы начарлай берди. Бир гана бөйрөк эмес, сайынып жүргөн баңги затынын кумары кармап бир топ оорлоду абалы.
******
Азат башы жарылчудай ооруганына чыдай албай көздөрүн араң ачып коркуп кетти. Анткени ал буттары менен жогоруга илинип башы төмөнгө салаңдап туруптур.
-Эээй ким бааар? - деп кыйкырып жиберди. Таштанды жарымы курулуп бүтө элек имартта экенин болжоду.
-Кыйкырба!
Ары тараптан колуна узун таяк көтөрүп капкара кийинген Эржан чыкты.
-Кимсиң сен?!
-Хмм менби? Тааныйсыңбы жокпу билбейм Эржанмын.
-Кайсы Эржан?
Азат башы төмөн карап турганга маңдайына келген жигитти жакшы көрө албай жатты. Анын үстүнө башынын ооруганы бир тең болуп. Кайдан бул жака келип калганын деле билбейт.
-Сага эмне керек? Бошот мени!
-Жок, бошото албайт экем.
-Анда эмне каалайсың айт?
-Азапталышыңды!
-Эмне?
-Жаның ооруп кыйналып өлүшүңдү каалайм!
-Дөөдүрөбөчү! Сен эмне оорлуусуңбу? - деп жатканда белине тийген катуу соккудан көзүнөн от чачырап кетти.
-Ааааааа! Коё бееер дейм!
-Ушунча эле алың бар беле?
Эржан дагы чаап жиберди.
-Сен кимсиң өзү бай болгур? Айтчы?! Неге мен бул жердемин?
-Күнөөлөрүңдүн, жасаган ыплас иштериңдин кайсы бири үчүн дейсиңби?
-Макул эмне болсо да кечирим сураймын. Алгач мени түшүр бул жерден. Кенен олтуруп сүйлөшөбүз. Каалаганыңды берем, - деп алдаганга өттү Азат.
-Жетишебиз кенен сүйлөшүүгө, каалаганымды да бересиң!
Эржан дагы чаап жиберди. Бул жолу асылып турган буттарына салды.
-Ааааа! Токтот дееейм!
-Эээ сени эркек дейт! Бул жерге алып келип кордогон кызыңдын жанынча да жаның жокпу? Ал сага караганда баатыр экен, төртөөңө туруштук берсе!
Эржан кайра кыжыры келе дагы чаап, чаап жиберди.
Оор онтоп асылып турган Азат эми гана сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндү.
-Чолпон! - деди энтигип.
-Туура!
-Ал өз каалоосу менен келген!
Азат жан талаша актанып жатты.
-Коркок! Жаны жок!
Эржан чарчап калгыча сабады Азатты. Көз алдына Чолпондун алсыз элеси тартыла берди. Бир убакта Азат эсин жоготуп койгондо токтоду.
Кайра эсине келген Азат столго байланып олтурган экен. Маңдайында Эржан.
-Ойгондуңбу?
-Коё берчи? Мен буйрукту гана аткаргам!
-Кимдин?
-Шан, - деди Азат.
Эржан дел болду. Кантип? Шанга эмне кереги бар эле?
-Кол кой, - деди Азаттын бир колун бошотуп ручка карматып жатып.
-Бул эмне?
-Сен бир кездери Чолпондон тартып алган анын дүйнөсү.
Азат кол койду. Ушул азыр эптеп эле жаны аман калса болду.
-Кайра колдорун артка байлап, оозуна скотч жабыштырган Эржан Азатты жаактан сылап койду.
-Жакшы кал. Көрөлүчү сени да издеп таап алып кетишер бекен?!
Азат кыйкыра албай тыбырчылаган бойдон кала берди. Оор жабылган эски имараттын эшигинен чыккан Эржандын азыр оюнда Шанга деген укмуш өч алуу жатты.
#54 04 Январь 2021 - 22:22
#55 04 Январь 2021 - 23:01
********
Адам баласынын тагдыр жолунда эмне деген күндөр, сааттар, мүнөттөр, ирмемдер өтөт. Жашообуз кандай гана жолдорго бурулуп, башыбыздан оор, жеңил сыноолорду өткөрөбүз. Не деген чиеленишкен тагдырларды көрөбүз. Жашоодо баары болот. Атүгүл досуң душманыңа, душманың жан досуңа айланып, баары бүттү деген жерден өмүр жолуң башталат. Чолпон менен Айдеминин жолдору ушундай кесилишти. Ушундай уланды. Чолпон башында маани бербеген, жөн гана атасынын катачылыгы менен жарык дүйнөгө келген экинчи кызы леп кабыл алган, кийин душманына айланган Айдеми өзү үчүн мынча аракет кылаарын ойлобогон экен. Операция башталаарына саналуу мүнөттөр калган. Чолпонду жаткырган столдун жанына Айдемини да сүйрөп келип жаткырышты. Башын буруп караган Чолпондун көздөрүнөн жаштар эрксизден сызылып акты.
-Баары жакшы болот!
Шыбыраган Айдеми колун созуп Чолпондун колдорун кармап алды. Азыр бир нече мүнөттө экөө тең наркоз берилет.
Сыртта күтүп олтурган Жайнанын ойлору чаржайыт. Узун коридордо максатсыз эле басып жүрө берди. Кызы, көзүнүн кареги болгон Чолпонун жоготуп алганы калган жеринен Айдеми себеп сактап калышты. Ушунча жылдан бери көздөрү эч нерсени көрбөй жашаган экен. Менменсиген текебердик менен бош көкүрөгүн көтөрүп, өзүн бийик сезип, бирок эң төмөндө жашаган турбайбы? Көрсө жалгыз кызы деле өзүнө сырын ачып, жакын боло албаптыр. Эстеп көрсө кызы бир да жолу көкүрөгүнө жөлөнүп сырдашпаптыр, ыйлабаптыр, мойнуна асылып кубанычын төкпөптүр. Болбосо ушунун баарына жеткирбей неге көзөмөлдөп калбады? Неге жок дегенде жалгыз кызын тагдырдын таш боор чеңгелине салып бербей арачалап кала албады?! Андан кийин көзү ачылды. Муратты өлүмү, кызынын абалы... өзүнө катары менен келген бул сыноолорду көтөрө албай эси ооп олтурганда Мураттын буларга белгисиз байланыштары келип болгон мал мүлкүн тоноп кетишти. Эч нерсеси жок, оорукчан кызы менен көчөдө калды Жайна. Баягы бир кездеги тааныш достору, жакындарынын баары жүзүн үйрүп кетишти. Кайра баары колдорун кезеп буларды көрсөттү. Сүрөткө тартып табалаган сөздөр менен интернет булактарына чыгарышты. Убагында алдына келип ийилип салам берчүлөр тоготпой кетишти. Айдеми болбогондо мунун баарын көтөрө алмак беле? Же кызын да, өзүн да жанын кыйып кетмек беле? Алсыз экенин эми мойнуна алды. Мурат эмнеге Айгүлдү мынча сүйгөнүнүн себебин да эми аңдап жетип жаткандай. Көрсө ал аялдын сулуулугу кең пейил жүрөгүндө, таза жан дүйнөсүндө турбайбы? Айдеми апасынын дал ошол мүнөзүн алыптыр. Болбосо ушул кызга өзүнүн бир жолу жакшы сүйлөгөнүн эстей албайт. Ар дайым текебер карап, кемсинтип тураар эле. Анысы аз келгенсип жалаа жаап үйдөн кетүүгө мажбур кылганычы. Оор абалдан чыгарып алып чыгып жатканда Айдеминин сөзү эмес, кабанынан да сезбеди анын орой мамилесин. Жадырап күлүп мурун кандай болсо ошондогудай. Жайна ыйлап жатты. Уятынан, кеч ойгонгон абийирине, текебер мүнөзүнө көзү ачык, бирок көөдөнү сокур болуп жашаган өмүрүнө ыйлап жатты...
******
Эржан Адилеттин алдына кеч келди. Түн бир убакта экөө машинада сүйлөшүп олтуруп колуна кичинекей флешкарта карматты.
-Бул эмне?
-Менин керезим.
-Жөн олтурчу, - деди Адилет кайра флешкартаны досуна сунуп.
-Жок, тамаша. Керектүү маалыматтар бар досум. Шанды жок кылууга, каматып салууга жете турган далилдер бар. Мен азыр анын жанына баратамын. Ал чөйрөдөн чыкпасам болбойт.
-Барып эмне кыласың? Жүр азыр эле муну органга өзүң алып барып тапшыр.
-Адилет, сенин оюңча азыр муну органга тапшырсак алар Шанды кармап берет дейсиңби? Ал деген Шан. Кылмыш дүйнөдөгү белгилүү орду бар авторитет. Органда анын канча адамы иштейт. Азыр экөөбүз кирип барсак, аны эмес экөөбүз жок кылып салышат.
-Анан эмне кылмакчысың?
-Шанды деген кылмыш үстүндө колго түшүрүү керек. Далил менен.
-Түшүнбөдүм.
-Бүгүн коңшу Өзбекстандан түштүк аркылуу товар кирди. Аны Шан эртең өз дачасында кабыл алат. Ошого мен да жанында болом. Бул биздин акыркы мүмкүнчүлүк. Сен бул флешкарта менен органга барып ишеничтүү адамга бер. Ал эч кандай шек алдырбай кармоочу топ даярдап мен айткан дарекке бастырып келишет. Аларга кошумча бир эки журналисттик топту кошуу керек. Алар түз эфир менен алып көрсөтөт. Анткени органды сатып алса да, элдин көзүн жаап алышпайт.
-Эржан?
Адилеттин чындап оозу ачылды. Өзүн криминалдык топ менен биргеликте фильмге тартылып жаткандай элестетип кетти. Ананчы мындай укмуштуу окуяларды кинодон гана көргөн да. Жашоодо, болгондо да өздөрүнүн алакандай мамлекетинин ичинде болуп жатканы түшүнө да кирбес эле.
-Мага бир нерсе болсо...
-Айтпачы кайдагыны!
-Уксаң? Эми кокустук дейм, болуп кетсе апам менен карындаштарымды сага тапшырамын.
-Эржан, балким башка да жолу бар.
-Жоок, - деп баш чайкады Эржан.
-Бул чөйрөгө аралашкандын баарынын жолу кууш. Акыры жок. Тобокел жашоо. Мен билбей кирип алдым. Ал эми билгенимде өтө кеч болду. Эми чыгам деп жатканымда Чолпонду сактоо керек болду. Чолпонду ошол Шандын жардамы аркылуу бул жолго салышыптыр. Мурат Дөөлөтовичтин өлүмү да кокустук эмес.
-Эмне? Токточу, анан?
-Тигиде баары бар.
-Жакшы болот баары!
-Албетте...
Эржандын колундагы флешкарта мындан үч күн мурун жазылган болчу. Катардагы өткөргөн товарын жууп олтурушканда Эржан кийген күрмөсүнүн чөнтөгүнө байкатпастан жайгаштырган кичинекей камера менен олтурган.
-Эржан биздин бир ишеничтүү жигитибизди өлтүрүп кетишиптир, - деди Шан кейип ошол эле убакта кыжыры келе.
-Кайсы? - деди Эржан.
-Азат. Менин эң ишеничтүү жигитим болчу. Кече күнү бузулган имараттан таап келишти. Канча күн жатканы белгисиз...
-Ким кылышы мүмкүн? - деген Эржан да сыр бербей сүйлөдү.
-Билбейм, бирок ошону таап келесиңер. Ал деген мүмкүн болбогон иштерди жасачу.
Шан бир аз кызуу болчу.
-Мисалы? Менден да ишеничтүү беле сага?
Эржан Шанды атайы сөзгө чалып жатты.
-Хе сенби? Сен аргасыз алдымдасың. Ал эми ал өз эрки менен иштеген мага. Сен эми биз менен калдың. Эржан качырып жиберген апаң менен карындаштарыңды таап келем баары бир. Ага чейин өзүң.алып кел. Баары мурункудай болот. Жыргал жашоодо жашайсың.
-Ансыз деле өзүм ушуну ойлоп жаткам. Сени менен эле иштешем. Акчадан кыйла аксап калдым, - деди Эржан ишенимге кирүү үчүн.
-Оо мын эми өзүңө келдиң жолборсум. Бүгүнкү ийгилик үчүн. Хее ушул товарларды өлкөгө эркин алып кирүү үчүн тиги министрге сунуш кылгам.
-Кайсы?
-Сенин периштеңдин атасы.
Шан мыскылдуу жылмайды.
-Баса аның жакшыбы?
-Ооба, жакында мекенге кайтышат, - деди Эржан.
-Хмм, сактап калдың. Бирок атасы Мурат. Билесиңби Эржан аны өлүмүн баары кокустук деп ойлоду. Эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болуп калды.
-Сага эмнеге керек болду анын өлүмү?
-Министр болгондон кийин чогуу иштешүүнү каалабады.
Шан адатынча жанында турган калянды тартып жатып сүйлөдү.
-Ал адам менен көп иштерди бүтүргөнбүз. Канча мыйзамсыз товар жүргүзүүлөр. Мага жакшы өнөктөш эле. Анткени бийликте. Бирок бир күнү эле баш тартты. Көрсө министр болгону жатыптыр. Мен көп жолу айтып көрдүм болбоду. Анан түбү менен жок кылып салууну ойлодум. Дөөлөтович болбосо башка бийлик өкүлү менен деле иштешип кете алам, бирок билесиң мен кекчил адаммын.
Ооба бул Шанга тиешелүү мүнөз. Ара жолго калтырган, жолуна тоскол болгон, айтканын аткарбаган адамды жөн койбойт.
-Анан кызынан баштап, колундагы бийлигине чейин тартып алдым. Өзү түзүп жаткан тынч жашоосунун чаңын сапырдым. Артынан көп күн жүргөн адам ошол күнү аны коюп кетти. Өзү да эрежени бузуп айдады. Анысы албетте бизге пайда алып келди.
Шан улам каляндан тартып, ичимдик ичип баарын Эржанга айтып бере берди. Мунун баары жазылып жатканынан кабары жок.

#56 04 Январь 2021 - 23:05
*******
Эржан бийик дубал менен курчалган үйдүн дарбазасына келип коңгуроосун басты. Жашыл жоолук салынып, көздөрү кызарып шишиген жаш келин кыйгач ачты.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Сагындын үйү бекен.
Келиндин көздөрү жашылдана түштү.
-Ооба, бирок Сагын, - деп ыйламсырап келе жаткан келиндин сөзүн бөлө:
-Мен билем, - деди Эржан.
-Анын аманаты бар болчу.
-Кириңиз, - деген келин эшикти ачып алдыны көргөздү. Үй чакан болуп айланасы бакка курчалган экен. Эшик алдындагы бак түбүндөгү тапчанга келишти. Төрдө жаш бала жаткан экен Эржанды көрүп ордунан козголуп учурашты.
-Сен Медерсиң? - деди Эржан жүзү кубарып, энтигип жаткан баланы карап.
-Ооба, - деген бала баш ийкеди.
-Мен Эржан.
Дасторкон салып нан койгон келинди токтотту Эржан.
-Аида олтуруңуз.
Келин унчукпай тапчандын чекесинен орун алды.
-Сагын менен доспуз. Ал силер жөнүндө көп айтчу. Акыркы ирет кездешкенибизде да силер жөнүндө, уулу жөнүндө сүйлөгөн. Балким билсе керек баарын. Ошондо мага бир нерсе болсо деп силерди аманат кылып айткан эле.
Аиданын көздөрүнөн жаштары куюлуп жатты. Ооба Эржан калп айтты. Сенин күйөөң менин айымдан өлдү деп айта алмак эмес. Сагынды ошол беттештен соң, жол кырсыгына кабылды деп Казахстандан сөөгүн алып келишкен. Ал эми бул кандай жол кырсык экени Эржанга маалым болчу. Булар үчүн, дегиле Сагынды тааныган калк үчүн чемпион кырсыкка кабылып өлдү деген гана чындык айтылган. Кудум бир кездерде Эржандын атасынын өлүмүнө окшоп. Балким анын артында да ушундай чулгандуу эч ким билбеген окуя жаткандыр...
-Балага операция жасалуу керектигин айтчу. Бул Сагындын, менин топтогон акчабыз.
Эржан стол үстүнө кагазга оролгон акчаны койду.
-Чет мамлекет менен да сүйлөшүү жүргүзүп койдук, эртең бул дарек боюнча барасыңар, анализ алышат. Адамдарды дайындап койдум.
Аида эч нерсе дей албады. Жөн гана бир чекитти мелтиреп тиктеп көз жашын агызып олтура берди.
-Макул, мен барайын, - деген Эржан ордунан козголуп Медерди башынан сылады.
-Атасынын жолун улай турганы бар, кайгырбаңыз, - деди Аидага карап.
-Рахмат сизге, ыраазыбыз! - деген келин көзүндөгү жашын сүртүп узата карап кала берди. Эржан канчалык экени белгисиз бирок Сагындын алдындагы күнөөсүн ушинтип жуугусу келди. Шан Сагындын өзүн сактай албаса да, сөзүнө туруп үй бүлөөсүнө тийгизбептир эч кимди.
Эржан бул жактан чыгып туура эле Шандын дайым товарларды өткөрүп алчу дачасына жол алды. Бүгүнкү күн кандай жыйынтык менен аяктаары белгисиз...

#57 05 Январь 2021 - 01:09
Жарайсын жаным, биротоло бутуро салбайсынбы Эми, кандай дейсин.
#59 05 Январь 2021 - 12:17
jindirak (05 Январь 2021 - 01:09) жазган:
Жарайсын жаным, биротоло бутуро салбайсынбы Эми, кандай дейсин.
*******
-Темир байке? Сиздин тааныштарыңыз бар го?
-Бар дечи, бирок алар жардам бере алабы?
-Эржандын үмүтү менден, - деди Адилет акырын.
-Ушундай болоорун баары бир сезгем.
-Кандай?
-Эржан бул жолдон баш тартаарын.
-Ооба бирок, кеч түшүндү да Темир байке. Апасы менен карындаштарын араң чыгардык өлкөдөн. Эми өзүнүн өмүрү коркунучта.
-Жакшы болот баары. Мен бүгүн досума барайын, кеңешебиз. Сенин колуңдагы бул маалымат жөн эмес.
Адилет досу таштап кеткен флешкартаны алып өздөрүнүн машыктыруучусу Темир байкеге келди. Анткени мындан башка бирөөдөн жардам ала алмак эмес. Темирдин органда досу иштейт, ошону менен телефондо сүйлөшүп жолугушууга чакырды.
-Оо Темир, кандай досум?
-Жакшы, жакшы. Өзүң?
-Биз ушул өзүң билгендей.
-Сага өтүнүч, балким жардам менен кайрылып жатамын.
-Кандай айта бер.
-Жоок, бул мындай жерде сүйлөшчү иш эмес.
-Жүрчү, - деген экөө Темирдин унаасына келип олтурушту. Ноутбукка салган флешкартадагы маалыматтын баарын экөө үнсүз көрүп чыгышты.
-Булар сенде кайдан жүрөт?
-Тиги тарткан бала менин жигитим болчу. Келечеги кең мушкер эле. Булардын жайган торуна түшүп калды. Акча үчүн албетте.
-Даа! Шан деген канча жылдардан бери бул чөйрөдө жүргөнүн эч ким билбейт. Балким бала күнүнөн бери. Анын аты көп эле жерде аталып жүргөнү менен, мындай далил эч жерде жок. Сен туура айтасың, биздин бөлүмдө Шандын адамы көп. Ойлонуп анан план түзүү керек.
-Жок! - деди Темир.
-Убакыт тар досум. Бүгүн бул мүмкүнчүлүктү чыгарсак, андан кийин качан болот белгисиз. Эржан да ал жерде көпкө кармала албайт. Анткени Шан шек алып калуусу мүмкүн. Бизге ордер гана керек досум. Менин жигиттерим даяр, кааласаң.
-Темир бул ордер менен бүтө калчу иш эмес, силер өзүңөр жигиттериң менен кармай албайсың. Анан да спротчуларды аралаштырбай тур.
-Планың барбы?
-Бар албетте. Даректи билесиңби? Саат канчага чогулушат?
-Эржандын айтуусу боюнча түндөсү келет товар.
-Анда ишке өтөбүз. Бардык коопсуздук чараларын карап чыгуу абзел. Азыр экөөбүз ошол даректи сырттан карап келүүбүз керек.
Темир менен анын органда иштеген досу Санжар Төлөнович Эржан айткан дарек боюнча келишти. Шаардан анча алыс эмес жаңы конуштардагы обочо жерде жайгашкан мансард үлгү менен салынган үй экен. Коргон анча бийик эмес дубал менен курчалган. Сырттан караган адамга эч кандай шек билинбейт. Катардагы курулушу толук бүтө элек үй. Бул конушка жаңы түшүп жаткан үйлөрдөн эч кандай айрымасы жок. Күмөн жаратпоо максатында үйдүн жанынан өтүп бараткандай түр көрсөтүп өтүштү.
-Менимче бул үйдүн жер төлөсү да бар, - деди Санжар үйдөн бир аз жылгандан кийин, машинаны далдоо жерге токтотуп.
-Мүмкүн.
-Бардык иштери ошол жер төлөдө жүргүзүлөт. Анткени үстүңкү кабат бүтө элек. Атайын элдин көзүнө урунбоо үчүн кылышкан.
-Кандай кылабыз? Бак дарактар да жок экен айланада, - деген Темир да айлананы мойнун созуп карап жатты.
-Таак, - деген Санжар манжалары менен ролду черткилеп ойлонуп калды да, бир убакта алдыны көрсөтүп:
-Тиги туштагы үйдү көрдүңбү? - деди.
-Ооба.
-Ошол үйдүн ээси менен сүйлөшүү керек. Биз эки топко бөлүнөбүз. Биринчи топ алдыда жолду тазалап кетет, экинчи топ ошол үйдө кабар күтүп турат, журналисттер да экинчи топ менен барышат. Ишенимдүү жигиттериң барбы? Биринчи топко?
-Сөзсүз да, - деди Темир.
-Анда кеттик, батыраак.
Эски унаа чаңы көтөрүлгөн көчөдөн зуулдап чыгып кетти.
Айлананы күүгүм каптап караңгылык өз өкүмүн жүргүзө баштаган убак.
-Адилет, сен балким барбайсың, - деди Темир ичинен ок өткөрбөчү жилет кийип жаткан Адилетти карап.
-Темир байкее,
-Жок, мен чын эле. Кооптуу, алдыда эмне күтүп турат белгисиз. Биз үйдүн ичин да билбейбиз. Ичкериде бизди канча жигит тосуп алат, ал жагы да караңгы. Бир чемпионумду аларга бердим, эми сени да тобокелге салып жоготуп кала албайм.
-Жок, Эржан менин досум. Ал менден жардам сурады. Темир байке мен эки колумду кармап олтура албайм.
-Макул, - деген Темир Адилетти далыдан таптады. Санжар айткандай алар бөлүнүп келишти конушка. Жанагы күндүзү сүйлөшүп кеткен үйдүн ичине бирден кирип кетишип кеч киришин ошол жерде күтүштү.
Эржан күндүзү ичиндеги көйнөгүнө билинбей коюлган микрофон менен жүрдү.
Ал Шандын бир нече жигитине кошулуп короодо товар келүүсүн күтүп турат. Шан өзүнө окшогон чиновниктерди да чакыртып, жаш кыздар менен чардап жер төлөдө. Темирлер ичкеридеги абалды Эржанга коюлган микрофон менен билип турушту. Түн кирип калса да товар кечигип жатты. Саат түнкү он экиден өтүп калганда гана сигнал берилип чакан жүк ташуучу унаа менен аны коштогон эки машина кирип келди. Огол артынан коштогон унаадан түшкөн Шандын эки жигити Эржанды жаман көздөрү менен карап өтүп кетишти да, туура эле жер төлөгө түшүп кетишти. Арадан эч канча убакыт өтпөй, Шандын кыйкырган үнү угулду.
-Эржаааан?!
Келген товарды жаңы гана жерге түшүрүп ичкериге ташып жатышкан. Жанагы келген эки жигит келип Эржанды сүдүрөп жер төлөгө алып түшүштү. Чоң бөлмөдө көздөрү кызарып кеткен Шан тосуп алды Эржанды.
-Шан, - деген Эржан жакындай бергенде Шан күтүүсүз муштуму менен чаап жиберди.
Күтүлбөгөн соккудан жерге оонап түшкөн Эржандын оозунан кан чыгып кетти. Оюна биринчи эле баарын билип калды деген келди.
-Эй сенби менин артыман иш бүтүргөн?!
Оозуна толгон канды жерге түкүргөн Эржан ордунан турду да, эч нерсе болбогондой Шанга маңдайлаш келди.
-Эмне кылыптырмын? - деди Эржан.
-Сен! Унутуп калдыңбы ыя? - деген Шан колундагы телефондо жазылган видеону маңдайына такады. Анда Эржан Азатты түнкү клубтан сыртка сүдүрөп алып чыгып унаасына салып кеткени түшүп калыптыр.
-Анан? - деди Эржан сыр бербей.
-Эмне анан?! Сенби менин адамдарымды өлтүрчү?!
Коңшу коргондо будардын баарын угуп олтурушкан Адилеттер шашып калышты.
-Темир байке биз азыр кирүүбүз керек.
-Эрте али, - деди Санжар.
-Жок, Эржанды өлтүрүп салат! Ошону күтүп жатасыңарбы? !
Адилет чыйпылыктап жиберди.
Аңгыча дагы Шандын үнү угулду.
-Айтчы эмнеге Азатты өлтүрдүң?!
-Чолпон, - деди энтиккен Эржан кан сызылып аккан ээгин колу менен сүртүп.
-Эмнее?! Эй акмак?!
Шан жерде колун таянып олтурган Эржанды жакадан алып тургузганда жашыруун коюлган микрофону түшүп кетти.
-Бул эмнеее?!
Шандын көздөрү чакчая түштү. Эржан жооп берген жок. Анын ордуна жылмайып гана турду.
Шандын кыйкырыгы менен чысырап барып үзүлган байланыштан соң Санжар буйрук берди.
-Кеттик. Убакыт жок. Биринчи топ, артынан эле экинчи топ. Азыр Шанды колдон чыгаруубуз мүмкүн!
-Өлтүрөөөм сени ит!
Шан Эржанды ичке бир нече жолу муштап уруп жиберди.
-Сен бүттүң! - деди Эржан өзөрө ичин кармап жатып энтиге.
-Тез көзөмөлдү күчөткүлөө? !
Шан эшик оозунда турган жигиттерине кыйкырды.
Ушул убакта эле сырттан бир нече ирет атылган октун үнү угулду.
-Сени өлтүрөм.
Шан ары жакта стол үстүндө турган бычакты көтөрүп келип Эржанды дубалган такап ичине эки үч жолу бычакты матырып алды.
-Шан жеңилдиң сен!
Эржан оозуна келген канга какап жатып ушуларды сүйлөп жыгылды. Жерге жыгылган Эржандын үстүнө түкүрүр алып сыртка чуркап жөнөдү Шан.
Абал курч жака өзгөрүп кеткендиктен Адилеттер даярдаган эки топ бир убакта кол салууга мажбур болушту. Биринчи топ курал менен кирип барышып артындагы экинчи топту калкалап жатышты. Анткени анда 3 журналист жигит түз эфир менен алып берип жатышкан. Тарсылдаган үндөр тез эле короону түтүнгө каптап салды. Чын эле үй эки кабат болгону менен жер төлөсү аябай чоң экен. Ичи кадимкидей элиталуу мейманканадай жасалгаланган. Адилет Эржанды издеп жөнөдү. Ал эми Санжар менен Темир баштаган жигиттерге кошулган журналисттер тобу Шанды колго алуу үчүн үйдү аңтарып жатышты. Жер төлөдөгү узун кеткен коридордун төрүндөгү бөлмөгө Шанга кошулуп дагы бир нече чиновниктер качып киришкенин көрүр артынан түшүштү. Ал бөлмө кең болуп шкафтар менен курчалган экен, кыйгач ачылып калган шкафтын эшигин түртүп киришкен алар дагы узун коридорго тущ болушту. Демек бул кошумча сыртка алып чыгуучу жашыруун эшик. Ошол узун коридор менен кыйла жүрүшкөн алар такыр башка тараптан чыгышты. Шанды ошол жактан, Санжар даярдап турган кошумча күч кармап турушуптур.
Адилет бөлмөлөрдү кыдырып жүрүп Эржанды жарадар болуп, эсин жоготуп жаткан жеринен тапты.
-Эржаан?! Ач көзүңдү! Мен келдим!
Досун бери кыла канга чыланган кийимин көрдү.
-Азыр. Чыда досум! Бир аз.
Эржанды көтөрүп алып сыртка жөнөдү. Ал короого чыкканда качан эле кошумча күчтөр келип, короону чектөөгө алышып, колго түшкөндөрдү машинага салып жатышкан экен. Адилеттин Эржанды көтөрүп турганын көрүп Темир чуркап келди да, тез жардам унаасына салышты.
Тез жардамда баратканда көздөрүн ачты Эржан.
-Бүттүбү? - деди жанында колдорун кармап олтурган досун карап.
-Бүттү! Азаматсың!
-Шүгүр! - деген Эржан кайра көздөрүн жумду.
-Жок, сен уктаба! Ач көзүңдү! Аз калды, чыда досум.
-Көп кан жоготуптур! Кан керек! - деди тез жардамда бара жаткан дарыгер.
-Куйгула!
Адилет кыйкырып жибергенин билбей калды.
-Азыр жок, ооруканага жетүү керек!
-Эржан! Аз калды.
-Адилет ук мени!
-Жок, укпаймын! Сүйлөбө!
-Укчуу?!
Эржан болгон күчүн жыйнап кыйкырды.
-Апам, карындаштарым, Чолпон, Айдеми... баары, баарын сага тапшырам. Дагы...дагы көп нерселер бар. Апамдарды алып кел....
Эржан акыркы сөздөрүн түшүнүксүз сүйлөп, жатып үзүлүп кетти. Адилеттин колдорун катуу кармаган кан колдору шалдырап, башы да шылк этти...
-Эржаааааан? !!
Өлкөгө резонанс жараткан бул түз эфир кайра кайра көрсөтүлүп жатты. Атүгүл ошол коргондун ичиндеги жер төлөнүн укмуш бөлмөлөрү, кошумча жашыруун жолдору өзүнчө бир жаңылыкка айланды. Мыйзамдагы ууру, крим авторитет Шан жана ага кошулуп жүргөн белгилүү чиновниктердин кармалышы көрсөтүлгөн репортаж өлкөнү дүрбөттү. Карапайым калк жөн гана жакасын кармап сүйлөп калышса, жогору бийлик тарапта ич ара согуш, тынымсыз эрегишүү менен бири - биринин көзүн чукуп, айыбын ачмай башталды. Кылмыш дүйнөсүнүн эң маанилүү бир устуну кулады. Шанды эми түрмөдөн эч кандай күч чыгара албайт эле. Анын Эржан таштап кеткен жазуусуна кошумча дагы көптөгөн иштери ачылып кылмыш иши козголду. Шан жөнүндө репортаж жасаган Адилет, анын бир канча жаш спортчуларды азгырып колдонуп келгенинен тарта, өлкөгө ташыган наркотик, контрабандасына чейин теледен элге көрсөтүп берди.
Бул колго алуу операциясында Санжар бутунан жеңил жаракат алды. Мамлекет тарабынан Адилет, Темир, Санжар жана журналисттер тобу ардак громаталар жана сыйлыктар менен сыйланышты. ..
Ринг. Колдоп коштогон эл. Ортодогу октагонго түшүрүлгөн ар кандай жарыктар. Калыс Адилеттин колун жогору көтөрүп жеңичүүчү атаганда Адилеттин көзүнөн жаштар акты. Кыргызстандын гимни жаңырып, желеги көтөрүлүп Адилетке чемпиондук кур тапшырылды. Микрофонду алган Адилет терең дем алып:
-Бул жеңишимди кыргыз элиме жана досумдун жаркын элесине арнайм! - деди.
Мына Эржан кыялданган чемпиондук кур. Алилет үйүнүн төрүнөн орун алган Эржандын күлүп түшкөн сүрөтүнүн алдына алып келип койду курду.
-Сен үчүн!
Адилет менен Айдеми бат - баттан Эржандын мүрзөсүнө келип куран окутуп турушат. Апасы жана карындаштарын да алып келген. Ал эми Чолпон узака созулган даарылануудан кийин кайра өз кесибин улантып баштады.
Бир жылдан соң уул төрөгөн Айдеми менен Адилет уулуна Эржан деп ысым ыйгарышты.
Аягы...
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 05 Январь 2021 - 12:26