Gupa (23 Февраль 2017 - 15:50) жазган:
Мен таята, таенеге карата кандай сезимдер болорун сезген эмесмин, билбейм дагы. Азыр ата-апамдын жээндерин карап эле сезимиш этпесем, башка жок. Аларды, жада калса алар кызы мендей кыздуу болорун билишкен да эмес, билбей кетишкен.
Ал эми чоң атам мен 3 жашка чыкканда дүйнөдөн өткөн. Сүрөттөрдөн анын бою узун, арыкчырай киши экенин көрөм. Эски сүрөттөрдү ачканда эле биринчи көзгө урунат. Чоң атам саяпкер болгон, ат таптап, күлүк салган. Аттын жан дүйнөсүн, башкасын түшүнгөн адам болгон экен. Ал киши 2 жылдай ооруп төшөктө жатты. Энемдин айтымында, мен ошол кезде ага эш болчу жалгыз киши болгон экем. Төшөктө жатып "энеңди чакырчы" десе сыртка чыгып, үйүбүздөн бир топ алыс жайгашкан тамда жүргөн (мал сарайды там дейбиз, киши жашаганды үй) энеме "эне-еее" деп кыйкрып, жооп берсе, башым менен көрсөтүп коюп кирип кетчү экенмин. Кийин кичине тилим чыкканда "эне, чыкатат" дечү экенмин. Муну энем айтып калчу. Менин да анча-мынча "контактарым тийишип" кеткендеги жерлери эсимде калыптыр. Мени Гүкүбай, Гүкү иши кылып Гү... менен ар түрдүү атап эркелеткендеги үндөрү кичинемде даана угулчу, бара-бара унутуп калдым ал үндү. "Бутуңду тос, таманыңды тос, өбөйүн" десе менин бутум диванга жетпей, бутумду көтөрө албай убара тартып жаткандарым эсимде бар. Балким, 3 жаштагы бала кантип эстеп калмак эле дешиңер мүмкүн, буга мен деле түшүнбөйм, кичинерээк кезимде эстеп калчу жашка келгенде кетсе керек деп ойлочумун, бирок кийин билсем 94-жылы, мен 3 гана жашка чыкканда көзү өткөн экен. Көзү өтөрдөн мурун "ушул кызыма эки дүйнө ыраазымын" деп кеткенин кийин эс тартканда уктум. Кичинемде ошол эркелеткен үндү сагынчумун, ошол диванды өзгөчө көрчүмүн, бул менин эч кимге айта элек сырым экен. Ооба, мен чын эле ошол үндү уккум келчү, көрсө, мен ошол диванда эки жыл төшөктө жатып көз жумган саяпкер чоң атамды сагынчу экенмин. Болгону элестете албайм ал кишинин басып, күлүп, кайгырып, каткырганын. Балким, азыр чоң кайнатамды ошон үчүн да аябай жакшы көрсөм керек.
Ал эми энем - чоң энем (кээ бир аймактарда чоң апа делет эмеспи) таза, тыкандыгында айып жок болчу, ошол эле учурда аябай намыскөй болгон. Энемден көбү сестенип да турушчу. Жыйылган жүгү тим эле кыры чыгып чыкыят. Ал жаткан бөлмөнү энемдин үйү деп алганбыз. Менден улуу эжем энемдин кызы эле, коюнунда жатчу. Мени бутуна отургузуп алып "чу-чу" деп ат кылып силкилдетип ойноткону, сыналгыдан жылан көрсө, чыга калчудай "какы-ыый, жогот!" деп кыйкырып бетин жаба калганы, туура эмес нерсени байкап калгандагы кабагы, үшкүрүнүп койсоң, "ок! Жаш эле туруп... Көйнөгүңдү бит жегир, көтөнүңдү ит жегир" дей салганы, чайнегин көтөрүп даарат алганы жөнөп калганы, баары эсимде. Ал кишинин даарат алган өзүнүн чайнеги бар эле, көзү өткөндөн 1-2 жылдан кийин ошол чайнеги менен түшүмө кирди...
Менин энем так, таза, анан "требовательная" болчу. Жаткан жерлери жайлуу болсун!

Негизи бала 3 жаштан кийинки нерселерин эйтей алат болуш керек. Менин чон энем да, таенем да 4 жашым коздору отуп кетишти раматылык. Бирок кээ бир коз ирмемдери али коз коз алдымда да. Сиз айткандай мен да алардын жуздорун убакыт откон сайын унутуп баратам. Айткан создору да мээмде калчу эле кээде сагынып, аларын унутуп калдым.