Түш.....
Ар качанда тартууладын сүйгөнүмдү,
Аптыктырдын чырды салып жүрөгүмдү,
Алакчыда сенин мага көрсөткөнүң.
Ажайыптан кооздодуңда түндөрүмдү.
Балдай уйкум уланууда түн кыскарып,
Бир түш кирди көз алдыма гүл кыстарып,
Бакыт өзү ушул өңдүү көрүнөтко,
Бүлүк салды жан-дүйнөмө кубанч салып.
Ал мындайча ал мындайча башталат:
Уккан дилдер эрий түшөт тамшанат,
Бул түш өчпөйт шамал болсо күкүмдөп,
Атборойдой муз жүрөккө чок салат..
Ал адеми сулуу жүзү келишип,
Чачтарыны шамал өөп турчуле,
Сулуулукка сулуулугун беришип,
Асманы жер, колдоруну сунчуле.
Келеме жака алтын күмүш оролгон
Жакут түстүү кызыл көйнөк чоролгон.
Кылпыраса шамал тийип өйдөлөп,
Ошол кооздук асабасы өндөнөт..
Мойнундагы асыл таштуу маржаны,
Шуру болуп тизилишкен көөхары,
Суктандырат чийме болгон каштары,
Нур таратат көзу жылдыз жанганы.
Бунча сүйкүм камаштырат бул көзүмдү,
Сезип турдум, туйдум шондо бир өзүңдү,
Илек жылда бир жаралчу бу сулуулук
Сенде болчу кыдырсамда жер жүзүнү.
Мезгилдида мээримине алганбы?
Агала жамгыр шыбыргагы баштады.
Кол чатырым тоссомбу деп жеткиче,
Эхх жамгырдай жоголдуда
кайтпады.
Көрсө ошол түшүм мени алдаптырда,
Супа саадак таңын сүрүп баштаптырда,
Сагынганым Аймиримди түшүнгөнсүп.
Сүрөтүнү тартып мага таштаптырда.
,.,.
Арап уулу Майрамбек
Кээбир создор "Манас"
эпосунун Саякбай Каралаев вариантында кездешет.
Кокустан окуп калсанар ой калтырып койгула?....
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1