Баракча 1 - 1
Тил каттын канчалык күчү бар? №400 2-8-июль, 2010-ж.
#1 05 Июль 2010 - 13:14
– Мен өзгөчө жагдайга туш болуп отурам. 1993-жылы Нурбек аттуу таанышымдын үйүн сатып алган элем. Мен акчасын берген менен, ал мага үйдү каттаткан эмес. Болгону, тил кат жаздырып калгам. Ошол эле жылы ал үйгө көчүп барып жашап калдым. Бирок экөөбүздүн ортобузда “сатуу жана сатып алуу келишими” түзүлгөн эмес. Арадан көп убакыт өтпөй Нурбек автокырсыкка туш болуп, кайтыш болуп калды. Үй азыр анын наамында. Үйдү өз наамыма котороюн деп Нурбектин мураскери, тууган-туушкандарын таппай жатам.
Суроом: учурда жашап жаткан турак жайды кантип өзүмө каттатып алсам болот? Тил каттын канчалык күчү бар.
Алтынбек, Бишкек шаары.
– Чындыгында эле өзгөчө жагдай экен. Сиз өзүңүз жашаган райондун сотуна доо арыз менен кайрылышыңыз керек. Сот Жарандык кодекстин 181-беренесинин 2-пунктунун негизинде “сатуу жана сатып алуу келишими түзүлгөн” деп чечим чыгарып бериши мүмкүн. Бирок ал үчүн бир катар далилдер керек.
Сизге Нурбек жазып калтырып кеткен тил каттын түп нускасы (көчүрмөсү жарабайт);
Нурбектин каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
Кайсы мөөнөттөн баштап бул турак жайда жашап жаткандыгыңыз тууралуу маалымдама.
Мына ушул документтерди даярдап алып сотко кайрылсаңыз, иш сиздин пайдаңызга чечилишине мыйзамдуу мүмкүнчүлүк бар.
Мезгилден артта калбаңыз!
#2 16 Июль 2010 - 17:25
Эгерде жогорудагыдай абалга туш болсонуз, томондогу маалыматты дагы эсинизге алыныз:
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодлексинин 265-беренсинин 1-пунктуна ылайык мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган граждан же юридикалык жак ал мүлккө (ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча) ээлик кылуу укугун алат.
Мындай ситуация коп эле кездешет бизде. Турак жайдын тех.паспортун алсак эле уй меники болду деп ойлойбуз кээ бирообуз. Андай эмес. Эртенки куну турак жайдын ээси Мамлекеттик каттоо (Госрегистр) органына барып турак жайдын документтерин жоготуп алдым деп жанысын жасатып ала алат.
Кыймылсыз мулк сатып алсаныз нотариустан сатуу-сатып алуу келишимин тузуп, куболондуруп, мамкаттоодон озунузго каттаткандан кийин гана мыйзамдуу турдо сиздин менчигиниз болуп эсептелинет.
Эми жогорудагы суроо боюнча:
КР ЖКнын 265-беренесин жетекчиликке алып, сиз турак жайдын документтерин, тилкаттын туп нускасын, турак жай ээсинин олгондугу тууралуу куболугунун кочурмосун, турак жайды баалоо корутундусун (турак жайдын баасына, кымбат-арзанына жараша, коп же аз мамлекеттик алым толойсуз), 1993-жылдан бери ушул уйдо жашап жатканынызды билген кишилерден тушунук, уйго ремонттоо жургузгондугунуз боюнча далидериниз болсо аларды кошунуз (подряд келишими ж.б.), уйдо жашаган жылдары электр энергиясына, суу, таштанды, телефон, ж.б.у.с. толомдорду толоп келгендигинизди далилдеген квитанциялар, квитанцияларыныз жок болсо же толук эмес болсо бугунку кундо карызы жок деген справка, жашаган жеринизден жана уй було тууралуу справкаларды «Ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу турак жайга ээлик кылууга укук беруу жонундо» доо арызга тиркеп, турак жай жайгашкан жердеги сотко кайрыла аласыз. Сот доо арызынызды канааттандыруу жонундо чечим чыгарып берсе, ал чечимдин негизинде турак жайды мамкаттоодон озунуздун наамынызга каттатып аласыз.
Тилкат 3 жылдан кийин мыйзамдуу кучун жоготот. Бирок жогорудагыдай жагдайда тилкаттын бар экенинин озу эле чон роль ойноп кетет. Себеби турак жайды талашкан киши жок, а ээсинин оз колу менен жазылган тилкаты бар.

Билдирүүнү түзөткөн: fari: 16 Июль 2010 - 17:32
Баракча 1 - 1