Менин арыз муңум мындай жана көптөн бери чече албай атам.
Өзүм соттук буйрук чыгаруу жөнүндөгү токтомдун негизинде Үй-бүлө кодексинин 85-86 беренелерине ылайык алимент төлөп атам.Сот ЖПКнын 246,247,251,252-253 негизинде токтом кылган.
Эми мен Үй-бүлө кодексинин 65 беренесинин 2 бөлүмунө (тарамына) ылайык (анда минтип жазылган:алимент төлөөчүнүн талабын эске алып, сот бала үчүн төлөнүп аткан алименттин 50 пайыздан ашпаган бөлүгүн баланын атына ачылган банктагы эсепке которуу жөнүндө чечим чыгарууга акылуу.) кайрылдым.
Сотторго ушинтип кайрылсам көнбөй атышат, мындайды өмүрү көргөн да уккан да эмеспиз, билбейбиз кантип чечим чыгарышты деп качып атат.
Мен балам чоңойгуча акча топтолуп, окуп - чокуп алса деп, ушуга жол издеп жүрөм.
Колдон келсе жол көрсөтүп койсоңуздар.
Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 09 Июль 2010 - 09:39