П.С. Салаттар орус тилдүү болгондуктан "эптеп" которуп койдум.
Керектелет:
1) Жарым стакан күрүч.
2) Бир банка консерваланган балык.
3) Эки даана сабиз, эки даана бадыраң, үч даана жумуртка.
4) Майонез, укроп, салат жалбырагы.
Даярдоо ыкмасы:
1) Күрүчтүү алгач сууга бышырып алабыз.
2) Сабизди кыргычтан өткөрүп, майга бир аз кууруп,
3) Жумуртканы кайнатып тазалап,
4) Салатты катмарлаштырып салабыз:
а) Салат жалбырагы.
б) Күрүч, майонез.
в) Майдаланган балык, майонез.
г) майда тууралган пияз, майонез.
д) Куурулган сабиз, майонез.
е) Майда тууралган бадыраң, майонез.
5) Салатты кооздойбуз.
Ромашка: гүлдүн ортосун жумуртканын сарысынан, чети узун тууралган жумуртканын агынан жасап, укроп менен кооздойбуз.
Даамдуу болсун!
Билдирүүнү түзөткөн: CauseLove: 14 Июль 2014 - 11:46