Жазсыныз эми
Өз каалооңдон корк. Фантастика, триллер, драма
#22 23 Май 2020 - 01:20
Ооба, ал балдарынын ички дүйнөсүндө эмнелер болуп жатканын билүү үчүн ошондой адамдар керек.
Катчы кыз бат эле айтканын аткарып жетип келди. Данияр тизмеге карап,
-Охоо, бул жагы Гарварддагы биздин жердештерге окшойт экен, Рахмат бара бер деп кызга уруксат сөзүн айтып чыгарып жиберип, жалгыз калганда бир убактагы өзүнүн Америкалык группалаш кызынын сөзүн эстеп аябай жыргап күлүп алды.
Ал,
-сенин өлкөн тууралуу биринчи ирет угуп турам. Бул окуу жайда сен эң биринчи болуп окуп жатасыңбы өз өлкөндөн, деген.
-Жок ай, эгер менден алдын эч ким келбеген болсо мен кайдан билмекмин Гарвард тууралуу, деп актанып Кыргызстан тууралуу курдаштарынын оюн өзгөртүү аракетин көрө баштаганда жанагы кыз,
-андан көп дечи. Макул мени кечир эки бирден көп болоорун унута жаздапмын. Балким экинчи Кыргызстандыкты көрбөй калышым мүмкүн да, деп эки тарабын айландыра карап тегеректеп турган курдаштарын кыраан каткыга бөлөгөн.
Азыркы колунда кармап турган кагаздагы адамдардын тизмеси ошондогу кыздын айтканына төп келип турду. Эки өлкөдө биригип үч адам экен, психология илими менен терең тааныш болгон. Анын бирөөсү гана Кыргызстандык. "Бул да жакшы, демек мен тандап убараланып отурбайм" деп телефондон кагазда жазылган номурду терип жооп күтүп калды.
-Саламатсыз. Доктор менин сизге жумушум бар, ал телефондо айтылчуу маселе эмес, деп өзүн тааныштырып жолугушуу сурады.
-Жок-жок, ашкана да сиздин да менин да жумушум туура келбейт. Жакшысы өз үйүмдө коноктоюн сизди. Жакшы болот, деп телефонду өчүрүп орундукка чалкалай кетти. Жолугушуу апта соңунда болот, ага чейин убакыт бар. Келинчегине айтсабы же коё турсабы. Ушундай ойлордон арыла албай отуруп түшүндү азыр баары бир эч кандай жумушка колу барбасын, ордунан туруп күрмөсүн колуна илип, бөлмөнү бир сыйра көз жүгүртүп карап алып чыгып кетти. Ооздо отурган катчы кызга кайрылып, бүгүн эртең эч кандай телефон чалуу да тирүү адам да кабыл албасын айтып, бирок жумушка келишин же келбешин ачыктабай сыртты көздөй бет алды. Ал чыгып кеткенине он мүнөт өтпөй кабарчы Жеңиш кирип келди ишканасына. Катчы кыз Даниярдын азыр эле чыгып кеткенин айтып, күтпөй кете берүүсүн сунуштады ага.
-Бүгүн эртең эч кимди кабыл албайм деди, телефондон да байланыштыра албайм. Балким өзүнө түз байланышка чыгып көрөорсуз, досу эмессизби сизге өзгөчөлүк бардыр, деди жылмайып.
Жеңишти тааныбаган адам жок болуш керек бул өлкөдө, сыналгы көргөн адамдардын баары аны таанышат. Эр жигит аттан түшсө да эрден түшпөйт дегендей, баары бир андан үмүт кылып атактуулукка жол ачабы дегендей үмүт менен тиктеп калышат жаштар, катчы кыз да алардын бири.
Жеңишке болсо өз арабасын араң суйроп жүрө турган заман келген. Кайдан болсо да кызыктуу кабар таап, жалт этип эл алдына чыгуу максатында жүрүп калган ал азыр.
Мурунку абалын кайтаруу мүмкүн болбосо да анын жарымына жетишүү аракетинде жүргөн кербези. Бирок ал абалын байкатпайт албетте. Анан башкалар кайдан кабар тапмак мындайдан.
Даниярдын эгиз балдарынын урматына өткөрүлгөн кечеге катышкан күндөн тарта жаны жай албай койду Жеңиштин. Кечеде уккан сөзүнөн да балдардын ага жасаган жоругу эсинен чыкпайт. Жанына келип Данияр жана анын үй бүлөөсу тууралуу сүйлөп кеткен адамдын сөзүнөн кийин ал балдардан көзүн албай карап турган, балким атасы менен окшоштуктарын издеп жаткандыр эле. Бир убакта эле бир 4-5 жашаар бала Альмирага келип тийишип бир демени талашып жаткан, аларга такыр карабай арыда жүргөн Амир артына жалт бурулуп жетип келип тиги балага айбаат коргозду эле ал кадимкидей титиреп коркуп ыйлап жиберди. Бала карап жаткан кыздар аны менен алек болуп калган учурда эгиздер жетелешип алып ал жайды таштап өздөрүнчө басып баратышкан. Апасына арызданып барат го деп ойлогон Жеңиштин ою ордунан чыкпай алар тепкич тарапты көздөй басып кетишти. Адашып калышпасын барып алып келейин деп артынан бара жатып эле көз ирмемче аралыкта аларды жоготуп алды. Артынан жүгүрүп барып эч кайдан таба албай калган. Түз, эч кандай бурулушу жок тепкичтин кай жагына кирип кетүүлору мүмкүн экенин түшүнбөй, бир алдын коркуп да артына бурулуп келе жатып Даниярдын алдынан чыккан эле. Анан эле Аяна аларды жетелеп келип калган. Мындай окуяны күндө көрүп жатпаган соң эгиздер анын мээсине жайгашып алышты. Ар күн аларды ойлойт, Даниярдын да акыркы күндөрү элден качып, ал эмес жай да которуп жибергени ал күмөнуно кошумча болуп жатты. Аяна болсо такыр эле эл алдына чыкпай калган. Балким бул алардын кадимки жашоосудур, эмнеге мурун кийин ойлобогон үй бүлөөну азыр эле аябай көп ойлонуп калды өзү да түшүнбөйт. Же бул үй бүлө аны мурунтан эле кызыктырып жургондур, аны эми тан алып жатты болду бекен. Ананчы, дайыма туулгандан бери жетиштүү төрт тарабы төп келген адамдын жанында жүрүп анын сырын билүүгө ким эле кызыкпасын. Болгондо да тигиндей сырдуу сөздөрдү угуп көзү менен күбө болгондон кийин ал каалоосу ашып ташып кетпейби. Чын эле кечедеги жанына келип сүйлөп кеткен чала тааныш адамдын айтканындай Даниярдын ийгилигинин сыры бактылуу жылдыз алдында туулуп калганы үчүн эмес башкада болуп жүрбөсүн. Эмне эгер ал деле ийгиликтин артынан кууп, ал үчүн кээ бир өз каалоосунан кечип башка жолду тандап жашап жаткан болсо. Ушундай ойлор менен санаалашынын жашоосун антарып баштаган эле. Анын да жашоосунан кемчилик таап, көксөөсун суутуп, өзүнүн жашоосу гана жаман эмес экенин өзүнө далилдегиси келип жаткандыр. Ошол күндөн бери Даниярдын жумушуна келип бирок аны менен жолугушууга себеп таппай унаада отуруп алыстан күзөтүп гана кетет. Артынан аңдып барып жашаган жайын билгиси келет, бирок билгенде эмне, дароо эле киргизип бар сырын ортого таштап айтып бере койбос деп өзүн токтотуп калат. Азыр болсо атайын эле Даниярдын унаага отуруп жөнөп кеткенин көрүп, жоктугунан пайдаланып калууну көздөп кирип келген. Балким жумушундагылардан сурап көрөт анын үй бүлөөсу тууралуу, эгиз балдарын көргөндөр бар чыгаар. Эч болбогондо анын жашоосундагы акыркы болуп жаткан жанылыктардан кабардар болсо жолугушуу сураганга себеп табылаар, деп. Катчы кыздын айтканы да күмөнун курчутуп койду. Жумуш десе жанын берчүү, ар дайым жолугушууга ачык Данияр мынтип четтеп, баарына көңүл кош мамиле жасап калганына караганда чын эле бир сыр бардай. Көп жылдар кабарчы болуп иштеп жерге көмүлүү сырлады чукуп чыгып көнүп калган адаты кармап кумарланып кетти.
-Ошондой де. Макул тынчтыгын албайын, эгер досум эч кимди каалабай жатса мунун бир себеби бардыр, деп жугуштуу жылмаюсун тартуулап койду эле катчы кыз өзүн ага керектей сезип шердене түштү.
-Чынында мен да ошол себеп менен келгенмин. Шефинер акыркы күндөрү жумуштан гана эмес досторунан да качып калган. Деги ден соолугу жакшы бекен? балким бир жери ооруп жаткан болбосун, деп сөзүн улантып кабатырланган адам болуп кызга эмес шыпка тигилип карап калды Жеңиш.
-Менимче баары жакшы. Билбейм дагы, балким үй бүлөөдө болуп турчуу жагдай эле болбогон болсо.
Катчы кыз өзү сезбеген тейде жаңылыш сүйлөп алды. Жеңиштен башка адам болсо балким түз сроо берип кызды чочутуп алмак, Жеңиш болсо бул абалга кубанып кеткенин билдирбей, көпкө ундобой туруп,
-Жок, мындай болуусу мүмкүн эмес, деди.
Кыз ийинин куушуруп, эриндерин чурчуйтуп койду, "Мен билгенди сен билбейсин" дегенсип.
-Эгер андай болгондо менден жардам сурап кайрылмак эмес, алар да түшүнбөй жатышат эмне болгонун. Жөнү жок эле кыжаалат болуп жатышат го деп өз көзүм менен көрүп кетейин дегенмин. Өкүнүчтүү көрө албайт экенмин, макул ал акылдуу инсан эмеспи бир билгени бардыр. А сиз бул жайда жалгыз отурбай жаркырап теленин көркүн аччуу жан экенсиз, жакшы турунуз деп артына бурула бергенде,
-Психология илимдеринин доктору менен жөнөкөй психологдун айырмасы эмнеде? деди кыз. Ал азыр Жеңиш кетип калса чоң бир мүмкүнчүлүктөн куру кала тургандай коркуп кеткен.
Жеңиш да дал ушуну каалаган, тагыраагы ушундай болоорун билген. Анын оозунан жогорудагыдай сөздү уккан жаш кыздардын капканга түшпөгону аз эле учурайт.
Бир аз ошол артына караган калыбында турду да ууртунда пайда боло калган мыскыл жылмаюну жашырып кызга бурулду.
-Психолог адам менен иштейт ал эми доктор кагаз менен. Психолог себебин табат даарылоо ошол илимпоздун жазганы менен жүрөт. Түшүндүрө алдымбы, деп жылмайып койду.
Катчы кыз муну ансыз да жакшы билээрин Жеңиш да билет, болгону бул сөздүн улануусу үчүн себеп эле.
-Демек досум илимпоз издеп жүрөт. Эми акылдуулар акылдууну издейт да, элестетсениз Данияр досумдун бир бужуройгон өзүнө жакшы ишене бербеген психологдун маңдайында олтурушун. Жоок, ал анте албайт, адис аны эмей эле ал психологду дарылай албай түтөп кетпейби. Ал эми илим докторунан керектүү маалымат сурагысы келгендир, мисалы жумушчулары тууралуу.
-Жок, жок, андай болсо мен билмекмин. Эгер жубайы сизге кайрылган болсо, демек үй булоосуно да тиешелүү эмес. Балким чын эле өзүнө керектүү маалымат издеп жүрөт, деп токтоп калды кыз, ансыз да ашыкча маалымат төгүп жибергенин туюп.
-Кечиресиз, кимдин жубайы мага кайрылды эле, Жеңиш чындап эле бир нерсени эстен чыгарган адамдай кызыгуу менен сурап калды.
-Жана алар менден жардам сурап кайрылды дебединизби.
-Ооба, алар кайрылган. Бирок жубайы эмес, жакшы турунуз деп чыгып кетти Жеңиш, кыздан мындан артык маалымат ала албасын билип.
Катчы кыз утулганын сезип отуруп калды. "Бүттү, баары бүттү. Данияр мырза менин айткандарымды билсе эмне кылат экен. Деги бул адамдын кандай ою бар эле. Мен эмнелерди айттым өзү" деп шаштысы кетип отурду. Бир гана доктор издегенин айтыптыр эстесе, мындан эч нерсе болбос деп болгон окуяны жашырып коюну туура көрдү. Ал кайдан билмек Жеңиш үчүн бирөөнүн чучкургонун билүү жетиштүү экенин, себебин өзү таап жыйынтыгын өзү чыгарып коёрун.
Уландысы бар.

#23 26 Май 2020 - 15:45
Данияр күткөн күн да келип доктор менен өз үйүндө баарлашып отурду. Бирок апта ичи ал чыгынып жубайына бул күн тууралуу айта албай койгон, аяды аны. Жок дегенде баары ачыкталбаганча билбей эле турсун деди. Бирок анын бар коркунучу бекер эле болуп жатыптыр, кирип келген коноктун кимдигин келинчеги жакшы билет экен. Экөө сырдуу тиктешип учурашышты,
кыязы алардын бири да күтпөгөн мындай жолугууну.
-Данияр мырза, Аяна сиздин келинчегиниз экен да, билген эмес экенмин. Абалы жакшыбы? деди конок бир аз отурган соң, Данияр экөө жалгыз калганда.
Аны кайдан тааныйсыз деп сурай турган болуп барып токтоп калды Данияр,балким ал Аянанын оорусу тууралуу билген болсо, ал тууралуу айттыргысы келбеди.
-Жакшы, деп кыска гана жооп узатып тим болду.
Коноктун эмне үчүн чакырылганын билүүгө ашыгып отурганын сезген Данияр балдарын алуу үчүн алардын бөлмөсүнө келген, Аяна да ошондо экен.
-Эмне кылганы жатасың? Ал эмне үчүн биздин үйдө? деди ал.
-Балдар менен тааныштырганы жатам, деп балдарын колуна алганда Аяна күйөөсүнүн колуна жабыша калды.
-Жок! Ушинтип алып кайра жумшара түштү. Балдарды ага коргозуу канчалык туура болот. Ал деген илим менен алек болгон инсан… деп сөзүн аягына чыга албай.
-Асылым мага ишен, баары жакшы болот, деп келинчегинин колун аста алып балдарды көтөрүп чыгып кетти.
-Доктор мырза, бул үйдө отурганыныздын себебин билүүгө ашыгып турсаныз керек. Анда менин балдарым менен таанышып коюнуз. Менин акылдуум, арстаным уулум Амир. Чурогум, ардагым, көрөгөчум кызым Альмира.
Данияр сүйлөгөнчо эле басып келе жатты. Аларды көрө сала доктор ордунан тура калып, аябай берилүү менен балдарга карап турду. Алардын өзүн теше тиктеген көз караштары аны чочута алган жок. Туулгандан бери мындай көз караштан чочубаган экинчи эле инсан ушул болду, бири Джозеф эле. Жада калса өз ата энеси да чочуп жатышпадыбы, азыр деле аларды толук болгонундай кабыл алып үйрөнүшо элек.
-Аянанын балдары? деп аябай кызыгуу менен тиктеп туруп, Данияр жакын келгенде,
-Кана уулум бери келчи, деп колун созо берди эле Амир бөлөктобой боюн таштап кете берди.
-Азамат десе, мына акылдуу бала деген ушундай болот. Мен албетте сага жардам берем, деди бөбөктүн төбөсүнөн сүйүп жатып.
Амир кайра эле жүзүн өйдө буруп анын көздөрүнө тигиле карайт. Анан эле Альмирага карап бир башкача жылмайып койду. Альмира да ага жооп кыла жылмайып докторго карай ынтыла берди эле аны да колуна ала экөөнү эки тизесине алып отура кетти.
-Доктор кечиресиз сиз кайдан билдиниз балдарга жардам керек экенин, деди Данияр бир алдын таңыркай, бир алдын ынгайсыздана.
-Келген себебиниз менен таанышып коюнуз деп жатпайсызбы. Демек балдарга жардам керек, туурабы? деди Альмирага карап жылмайып.
Альмира болсо дароо Амирге карады, Амир болсо атасына. Данияр башын ийкеп койду эле докторго карап суроолорун жадыра баштады Амир.
-Жараткан деген сизсизби?
-Жок мен сендей эле адаммын.
-Анда кайдан билдиниз биздин ким экенибизди?
-Сенин көз карашындан, силер эң акылдуу балдарсынар. Бирок айтчы эмне үчүн Альмира өзү жооп бербейт? деп доктор Амирге суроо узатты.
-Амир сөздөрдү жакшы кошуп сүйлөйт. Альмира биринчи ирет үн катты.
-Альмира бат ойлонот, деди Амир кошумчалап.
Ушул убакка чейин балдардан эч чочулабай отурган доктордун өңү бир аз өзгөрө түштү.
-Алар бири биринин акылына кире алышат. Жанында эмне болуп кетээр экен деп көзүн албай тиктеп отурган Данияр балдары үчүн жооп берип койду.
-Ошондойбу? Доктор кайра эле балдар менен алек болуп, алардын калган өнөрлорүн билүүгө кызыгып маек куруп жатты.
Бул учурда Аяна бир да ирет алардын жанына басып келген жок.
Кыйла убакыт өтүп доктор да кетүүгө камына баштады.
-Мен силер менен коштошпойм, дагы көп жолу көрүшкүм келет уруксат берсеңер, деп эгиздердин баштарынан жыттап коштошту. Балдарды таштап конокту узатып сыртка чыкканда гана суроо узатты Данияр.
-Эмне дейсиз?
-Азырынча эч нерсе. Өзүм да азыр түшүнүксүз абалда турам. Кечиресиз албетте, мен көп учурду кезиктиргем, бирок мындайды көргөн эмесмин. Эң кызыгы бир мээни эки адамга бөлүп салып койгондой, бири бирин толуктап турушат экен. Мындай учурда алар башка адамга муктаж болушпайт, экөө өздөрүнө жетээрлик.
Данияр башка сурабады, жылуу коштошуп дагы ушул үйдө күтөрүн жана эч ким менен бул жөнүндө маалымат болушпосун суранып узатып койду.
Үйүнө кирип келип жумшак эмеректе сыналгы көрүп олтурган балдарын эркелете суроо узатты.
-Силерге доктор жактыбы? Ал абдан акылдуу киши.
-Жакты, деди экөө бир ооздон, көрүп жаткан нерсесинен алаыксыбай туруп.
-Кана эмне көрүп жатасыңар? деп балдарынын жанына өтүп келип кызыгуу менен экранга тигилип калды. Анда менин планетам деген берүү жүрүп жаткан экен.
-Кордунорбу, күн огундагы эң көп планеталардын ичинен биздин гана жерде жашоо бар. Биздин гана планета кооз, деп айтып берип жатты Данияр балдарына мактануу менен.
-Сен муну кайдан билесиң? деди Альмира атасына бурулуп.
Данияр мукактана түштү.
-Азыр мына так ушул тууралуу айтып жаткан жокпу?
-Жер тууралуу айтып жатат, ал биз жашап жаткан жай да ээ? Альмира кайра атасына суроо узатты.
-Ооба биздин планета жер.
Альмира көздөрүн асманга каратып ойлонуп калганда Амир ага жардамдаша кетти.
-Ал жерден да кооз, жайлуу планета болушу мүмкүн экенин айткысы келип жатат. Эгер жок болсо ага далил барбы дегиси келет.
Альмира Амирдин сөзүн тастыктагандай башын ийкегилеп койду.
-Жок уулум ага далил жок. Бирок азыр анын үстүнөн тынымсыз иштеп жаткан учуру адамзаттын. Кээ бир планеталарды изилдеп жашоо жоктугун аныкташты.
Жанатан бери алардын артында турган Аяна жолдошуна жардамдаша ушундай деди. Жубайынын келип калганын байкабай калган Данияр артынан чыккан үндөн чочуп кетти.
-Сен качан келип калдын?
Аяна жооп ордуна жылмайып гана коюп эмеректи тегеренип алардын жанына келди.
-Кана уулум бери келчи. Амирди алдына алып жатып маңдайына түшүп турган чачын артка карай сылап койду.
-Чачынды кырып алып салсак кантет. Билем сага жарашат.
-Менин да, Альмира да өз чачын кармап апасына көрсөтүп жатты.
-Макул кызым сенин да чачынды кырып таштайбыз. Аяна кызынын башынан сылап койду.
Данияр болсо эч нерсеге түшүнбөй аларга четтен карап гана отуруп берди. Ал азыр эле өзүн бул үйдүн кожоюну, баарынын сырын билген жалгыз инсан катары эсептеп, жакынкы күндөрү баарын жайын коёруна ишенип отурган. Эми болсо эмне болуп жатканын аңдай албай калды. Келинчеги ал күткөндөй таңданбай, тескерисинче эч нерсе болбогонсуп өзүн дайымкыдай тутуп балдарына мээримин чачып олтурат. Эч нерсе билбейт дейин десе азыр эле өзү уулунун суроосуна жооп бербедиби.
-Бул жерде эмне болуп жатат өзү, балким түшүндүрөөрсүн, деди ал акыры Аянага карап.
-Атасы кандай ойлойсуң, балдарыбыздын чачтарын алып салсак кантет. Менимче эң сонун болот.
-Токтот! Данияр катуу айтып алып токтоп калды. Мен башка нерсени сурадым.
-Мисалы, деди Аяна түшүнбөгөндөй.
-Сен биздин планеталар тууралуу сүйлөшкөн сөздөрүбуз үчүн сурак салбайсынбы? Бул нерсени билүү биздин балдар үчүн азыр өтө эле эрте экени сага кызык туюлбай элеби?
-А ошону айтасыңбы. Эсиндеби Далласта алар космос тууралуу уккандары, анда алар болгону үч айлык болчу. А эмнеге азыр ал тууралуу сүйлөөгө болбосун, деп эрдин чурчуйтуп койду Аяна.
Даниярдын сөзү түгөнүп калды. "Чын эле сырттан караган адамга бул көрүнүш кадимкидей эч өзгөчөлүгү жоктой сезилет, жаңыдан тили чыгып жаткан бала эмне деген гана суроолррду бербейт. Бирок бул балдардын тилдери жаңыдан чыгып жаткан жок да. Кийин өзгөчө болуп жаткан күн бүгүн гана эмес, андай күндөрдүн эсеби жок болуп жатпайбы. Кантип эле Аяна анын баарын байкабай жатат." Мына эми Даниярдын шаштысы чындап кетти.
-Жок Аяна сен мындай кылбайсын. Эч нерсе болбогондой баарына көз жумуп карап тура албайсың.
-Жок албетте. Эмнеге көз жумуп карап турушум керек. Айтчы мен байкабай жаткан бир нерсе барбы? деп колундагы баласын отургуза коюп өзү ордунан туруп, ары бери басып келип,
-Эч нерсе байкай албай жатам. Эмне болду өзү, айтчы деди.
-Шайтан алгыр. Аяна өзүнө кел. Биздин балдар, алар "индиго" !
-Аа ошолбу сенин маселен. Мен да бир нерсе болгон экен десемчи, деп жайына келип отуруп калды.
Даниярдын айласы эми чындап куруду. “Карасан келинчеги эмне кылып жатканын. Бул нерседен да өткөн маселе болуш керекпи. Балдары ал үчүн маселе болбой калганбы? "
-Аяна сен муну билгенсин. Менден жашырдын. Айтчы кантип? Эмнеге? Качанга чейин мага айтпай коё алмаксын?
-Мен эмнени сенден жашырдым? деди Аяна али да өзүн жайбаракат кармаганы менен үнү дирилдеп чыгып.
-Балдардын абалын!
-А сен аларды бүгүн гана көрүп турасыңбы? А баса сен жумушка барат эмессинби. Алардын качан басканын да эстен чыгарган болсоң керек. Бир жылдан соң гана алардын өзгөчө экенин билгенин кандай жакшы. Эч нерсе эмес, эртең жумушка барсан алаксып кетесин. Бул күндү да унута аласың. А баса токточу, сага бул жагып жаткан болсо керек. Ооба ошон үчүн тиги илимпозду чакырып келдин, мактануу үчүнбу? Балдарын кандай акылдуу экенин көрсөткүн келдиби? А сен билесинби муну коом билсе эмне болот. Анда мен айтайын. Элдер биздин балдарга зоопарктагы укмуш жаныбарды көргөндөй каршат, жолдо соомойу менен көрсөтүшөт. А жанагындай илимпоздорун болсо катарга тизилип алар менен баарлашууну каалашат. Алардын эч бири эске албайт балдардын али бала экенин. Эгер андан ары изилдешсе эмне болот билесинби? Аны айтууга тилим да барбайт. Биз кандай өлкөдө жашаганыбызды эсте, бизде элдер бири биринин жашоосун аңтаруу менен, башканын жашоосуна кийлигишуу менен күн кечиришет. Ансыз да акчалууну жаман көрүп жерип жүргөн бекерчилер бизди таш бараңга алышат. Бизди шайтанга чыгарышат. Кудум алардын жашоосун уурдап, алардын үстүнөн үстөмдүк кылгыбыз келип, биз үчүн алардын жашоосу жаманга өзгөрүлүп жаткандай көрүшөт.
Буларды айтып жатып ыйлап жиберди Аяна.
Данияр аны кучагына басып соорото албай убараланып жатты.
-Андай болбойт жаным. Сөз берем эч кимдин колу жетпейт биздин балдарга.
-Билбейм Данияр. Мен коркуп жатам. Балдарымдан коркуп жатам. Алардан айрылсам мен көтөрө албайм. Алар менден алысташын каалабайм.
-Жок, эч качан! Сен алардан айрылбайсын.
-Балдарым менден алыстабашы үчүн, аларды түшүнүү үчүн күн түн дебей китеп окудум. Ушул күнгө даярдандым. Алар берген суроосуна жооп берүүгө даяр болуш үчүн көп нерсе үйрөндүм. Билесинби жанагы келген коногунду кайдан таанырымды. Мен андан жардам алып жүрөм. Бишкекке кайткан күндөн тарта, тогуз ай аралыгында. Болуп жаткан окуялардан жинди болуп кетпеш үчүн ага кайрылдым. Бирок али да балдарды көрсөтүүгө батына албадым, корктум. А сен бир эле күндө ага баарын ачыктап койдун. Сен билбеген көп нерсе бар. Балдар сен көргөндөй алты айында эмес беш айында аякка турушкан. Алар бир жыл аралыгында бир да ирет ыйлаганы жок. Мунун баарын көрүп туруп кыйгач карап басып кетүү кандай оор экенин билесинби. Бирок алар али да бала. Түшүнөсунбу алар кичине, менин кичинекейлерим. Азыр алар жанагындай кырдаалдарга туруштук бере алышпайт, дүйнөнүн таш боордугун көтөрө алышпайт.
Данияр эки тарабын карап балдарын таппай калды.
-Кыжаалат болбо, алар бөлмөсүндө. Балдардын көзүнчө ушунча сөздү айта коймок эмесмин, деди Аяна.
-Кантип? Сен кантип байкап койдун алардын туруп кетишкендерин.
-Бир жылдан бери үйрөндүм. Керек болсо алардын дем алгандарын байкап каалагандарын көздөрүнөн көрүүгө көндүм. Эмнеге биздин үйдө бала багычуулар токтобой жатты деп ойлойсуң? Аларды эгиздер каалабай жатышты, көз караштары менен түшүндүрүп жатышты муну аларга. Кичине баладан андай көз карашты көргөн ар бир эле инсан чочуйт, өз энеси мен дале ошондой болбодумбу Эсиндеби? Мени андан жанагы доктор куткарды, коркунучумду жоготту. А мен аларды кандай болсо ошондой кабыл алып сүйө алдым.
Данияр ундобой гана отуруп укту.
-Бирок сен туура эмес түшүнбө. Мен сенден жашырайын деген жокмун, болгону кандай жол тутууну өзүм биринчи өздөштүрүп алайын дедим.
-Жок, жок. Андай ой акылыма да келбеди. Тескерисинче мен баарына күнөөлүүмүн. Болгону мен сендей күчтүү боло албай жатам асылым. Балдарды бар болушундай кабыл ала албай жатам. Сен бир нерсени билишин керек. Мен алардын акылдуу болушун каалаганмын. Бирок Кудай акы Джозефти мынчалыкка барат деп ойлободум...

#25 30 Май 2020 - 13:27
#26 30 Май 2020 - 16:30
-Данияр! Алар биздин балдарыбыз,
бизге муктаж. Алардан жүз бурууга акыбыз жок. Балким бир үзүмчо убакыт мен да ошону каалап кеткендирмин,
антпесе сенин эмне каалап жатканыңды көздөрүңдөн көрүп эле турбадымбы,
токтотуп койгонго жарабадым. Ардагым мага сөз бер! Эч качан! Эч качан аларга катуу айтпайсын, балдарыбыз өтө сезимтал, эгер эле жаман көз караш байкап калышса биротоло сенден алысташат. Алар жек көргөн адамына кандай мамиле жасашаарын биле албайбыз. Кийин алардын өзгөчө экенин өздөрүнө да өзгөгө да билдирбейсин,
баш тартпайсын.
Уулубуз менен кызыбызды баарынан коргойсун, керек болсо менден да.
-Аяна!
-Ооба Данияр ошентесин. Ошол эле учурда мен да ошону жасайм. Талап болуп тандоо коюлса балдарымды тандайм.
Аяна ар дайымкысындай мойнун жогору созуп жүзүн ишенимдүү кармап, чечкиндүү сүйлөп жаткан эле. Мындай учурда ал эч кимге жеңилип бербейт. А Даниярда болсо аны колдоп, келишуудон башка жол калбайт. Азыр да дал ошондой жасады.
-Бирок бизге жардам керек. Алардын акылын туура жолго салуу үчүн. Бул жаатты түшүнө алган адам керек.
-Билбейм. Эгер сен айтып жаткан адам да өз кызыкчылыгын көздөп кетпесе эгер, деп башын күйөөсүнүн далысына жолоду.
Ал түнү Данияр уктай алган жок, утуру барып балдарын карай берди. Балким уктап жаткандарынан да өзгөчөлүк издеп жатса керек.
Бир убакта Аяна анын колунан тартты.
-Болду эми аларды карай бербе, азыр ойгоно турган маалы болду.
Данияр саатты караса жаңы гана үч болгон экен.
-Алар төрт саат гана укташат, ойгонуп бир саат ордуларынан турбай жатышат, эмнеге антишет билбейм. Кийин терезеге жабышып күндүн чыгуусун күтүшөт. Мына алардын күндөлүгу ушундай башталат. Азыр сен бара берип андыганынды билдирип алсаң, алар тартибин өзгөртүп жибериштери мүмкүн. Мен ушундайга үйрөнүп калдым, жакшысы болгонундай калсын, жок дегенде алардын эмне менен алек болгондорун билип турамын.
-Сен мунун баарын билип бүткөнчо канча убакыт кетти? деди Данияр таныркай.
-Кандай ойлойсуң, эне алыста жүрсө да баласынын ыйлаганын билет, кантип? Себеби энелер дайыма баласын ойлоп гана жашашат. Алар ойгоноордон алдын мен көзүмдү ачам.
-Мага эмне үчүн айтпадын?
-Сен аларга билдирип коёт болчусун. Балдарды алыстаткым келбеди, алар бизди билбейт деп ойлогону жакшы. Айтпадымбы алар баары бир бала, балдар жашырынып жатышса демек биздин билишибизди каалабайт.
Данияр жубайын бекем кучактап алды.
-Кечир мени!
-Мен сени сүйөм!
-Билем, ошентсе да кечир.
Аянанын көздөрүндө да жаш пайда боло түштү. Жолдошунун кечирим суроосу кудум ага күч кубат берип жаткандай болду, ага азыр бул нерсе абдан керек эле жалгыз күрөшүүдөн чарчап турган. Бирок Даниярды да алаксыта албайт болчу, анын мойнунда ансыз да көп жүк бар экенин билет, аяйт.
Данияр эми баарын экинчи орунга жылдырып, балдары менен алек боло баштады. Доктор күн алыс келип турат. Деген менен баары бир ар ким өз жумушун жасаганы жакшы экен, канча мээрим төгүп түшүнүүгө аракет жасабасын ата энеси эгиздерди докторчолук биле алышпаган.
-Балдардын акылы аябай бат өрчүп жатат, мындай тездикте өнүксө бир эки жылда мен да жетишпей калам. Алардын мээси биздин аш казандай эле десек болот, бир ирет таткан даамды унутпагандай эле алар уккан, көргөн маалыматын эстен чыгарышпайт жана ар дайым жаңы маалымат издеп турушат. Эгер аларга каалаганын бере албай калсак… деп андан аркысын айта албай токтоп калды доктор, балдар менен өткөргөн бир ай убакыттан кийин Данияр менен сүйлөшүп отуруп.
-Эгер бере албай калсак… Данияр анын акыркы сөздөрүн кайталап көзүнө карап отурду, аркысын айта гой дегенсип.
Бир аз көздөрүн ирмебей карап отуруп башын буруп кетти доктор.
-Билбейм. Айтуу кыйын.
-Ошентсе да?
-Аш казанды ач койсок кантет? Ал өзүн өзү жей баштайт да ээ?
-Сиз эмне дегени турасыз?
-Эми бул албетте эң акыркы коркунуч.
-Мээ да өзүн өзү жейт дегени турасызбы?
-Эгер мээге маалымат кирип, иштеп турбаса, клеткалар өлүп адам артка жашай баштаганын Альцгеймер Алоис алда качан далилдеп берген.
-Бирок ал каарыган адамдарда болот эмеспи.
-Жок. Кээде жаратылыш биз түшүнбөгөн кадамдарды да жасап коёт. Сиздин балдар ага далил. Муну жаратылыштын адашуусу дейбизби.
-Жоок! Даниярдын көздөрү чоңоюп чанагынан чыгайын деп барып доктордун аста баш ийкеп көздөрүн ирмегилеп турганын көрүп басандап калды. Ал да аргасыз абалда экенин түшүндү.
-Эмне кыл дейсиз?
-Балким ачыкка алып чыгып, дүйнө менен тааныштыраарсыз. Маалым дүйнөнү изилдеп бүтүү кыйын, бул балдарга да жер шаарына да пайда алып келмек. Көп ачылыштар жасалмак.
-Жок! Бул ирет ал кесе жооп берди. Сизге да тыю салам. Балдарымды куткаруунун башка жолун табабыз.
Доктор ордунан туруп бир эки кадам аттап таштап кайра кайтып келди.
-Балким сиздин менден жашырган сырыныз бардыр. Эмне себептен балдарды жашырасыз?
Данияр буйдала түшүп, бирок жооп кайтара албады.
-Данияр мырза, эгер чындап балдарга жардам берүүнү кааласаныз мага барын башынан баяндап берүүнүз керек. Балким эгиздер сиздин каныныздан жаралган балдар эмес. Америкадан багып алдынызбы? Андай болсо анын ата энесин табуу керек.
-Жок доктор. Эгиздер өзүмдүн эле балдарым. Канымдан жанымдан жаралган балдар. Болгону…
-Болгону эмне?
-Джозеф Лир деген окумуштууну уккансызбы? Генеалог.
-Албетте. Ал болуп көрбөгөндөй ачылыштарды жасап келет. Бирок акыркы мезгилдерге барып ал тууралуу ар түрдүү кептер айтылып жүрөт. Кээлери ал токтоно албай калды өзүн Кудай элестетип, дешсе кээлери аны кимдиндир буйругун аткарып жатат деп жатышат. Ал өзүнө дүйнөдө эч качан болуп көрбөгөндөй армия курам деген тура. Токтой турунузчу… Сиз? … Кантип?
-Мен Джозефти андайга барат деп ойлобопмун. Аяна жакшы эле эскерткендей болгон, "ал окумуштуу, оорулуу ойлорун тануулап коюсу мүмкүн" деди. Мен ага кулак салбадым. Айтынызчы балдарын акылдуу болуусун каалоо күнөөбү?
-Кечиресиз мен барайын, кеч болду деген доктор Даниярдын акыркы суроосуна жооп бербестен жолго түштү.
Чындап эле кеч кирип калган болчу, доктор үйүнө жетип келгенче кою караңгы каптап калган айлананы. Ал унаадан түшпой ойлонуп отура берди, өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына келип токтоп. Бир топтон кийин гана түшүп подьездин алдына жете бергенде аны Жеңиш утурлай чыкты.
-Саламатсызбы. Сиз толук жарым саат отурдунуз унаада. Сизди анчалык ойлондурчуу кандай маселе болду экен. Токтой турунуз, мен жооп берип көрөйүн. Даниярдын балдары. Таптымбы? Кечиресиз мен Жеңиш кабарчы, уксаныз керек, Даниярдын жакын санаалашы. Сизди көрүүгө келгем. Унаадан түшпөй отурганынызды көрүп оюунузду бузгум келбеди, деп колун сунуп туруп калды алдын торой.
-Жеңиш! Айтылуу Жеңиш мырза, атактуулардын атасы. Сиз күткөн да убакыт келет экен да, дей тамаша же чын сүйлөгөнү белгисиз колун сунду доктор. -Кызмат?
-Койсоңузчу. Сиз биздин эмес биз сиздин кызматта бололу. Сөзүңүздөн мага болгон таарынычыныз барга окшойт. Учурунда катачылык кетирип алган болсом керек. Балким ал катачылыкты оңдоого али да мүмкүнчүлүк бардыр.
-Убакыттын кеч болгонуна карабай келгениниздин жалгыз себеби ошолбу?
-Билем бир убакта өлкөгө кайрылуу жасайм деп жарым саат экран суранганынызды. Ошондо суранычынызды аткара албаганмын.
-Биздин өлкөдө илимге анча кызыга биришпейт, ошон үчүн мени менен баарлашууда көрүүчү топтой алмак эмессиңер. Муну айтып бүткөнсүнөр.
-Ооба ошондой дегенбиз. Бирок андай ойлогон эмеспиз. Ал убакта биз үчүн башкалар ойлонушат эле да, биз жөн эле аткаруучу элек. Мына эми башка кеп, азыр эркин адаммын каалаганымды жасай алам. Кааласам жылдыздар жөнүндө, кааласам табышмактуу балдар тууралуу макала жаратам.
-Кийин, аны күндөлүк дептеринизге жазып сактап аласыз, деп күнөөсүз жылмайып койду доктор.
-Чындап эле ошондой ойлойсузбу? Мен көп жылдар эмгектендим ал чөйрөдө, менин ордума келген жаңы башкаруучуну али да эч ким тан ала элек. Каалаган каналга кайрылып экрандан чыгып, каалаган гезитке макала жарыялап коюуга али да жарайм.
-Мм… мындан эч күмөнум жок, албетте анте аласыз. Сиз жарыялап коё берсеңиз бир албетте окуп коебуз. Бирок менин кандай тиешем бар, деди доктор Жеңиштин жообун билип турса да. "Табышмактуу балдар" деп жатканына караганда Даниярдын балдары тууралуу кеп болоорун божомолдоп турган.
-Бир айдан бери сиз ал балдар менен алек болуп жүргөнүнүңуздү билем. Балдар башкача экенинен да кабарым бар. Ошону баракка түшүрүү үчүн сиздин жардам керек, илимий сөздөр жакшы далил болуп бермек.

#29 03 Июнь 2020 - 00:19
Кабарчылардын керексиз ишке мурдун тыга берээри маалым эмеспи, ошол себеп доктор көп деле таң калган жок.
-Сиз Даниярдын досумун дебединизби…
-Ооба, деп анын сөзүн оозунан жулуп кетти Жеңиш. Данияр балдарын ачыкка чыгаргысы келбейт. Сизди да эч кимге айтпа деп өтүнгөндур. Ал азыр коркуп жатса керек, бирок мунун эмнеси жаман болмок эле. Окшоштуктардан тажап турган элге дунгурогон жаңылык болмок. Эң башкысы балдар камактан чыгышмак, кандай дединиз. Же алар сыйкырдан жаралышты беле, кандан эмес.
Жеңиштин сөздөрүнөн байкалып турат, анын бир нерсе билээри. Бирок ал маалыматка канчалык деңгээлде ээ экенин түшүнүү кыйын. "Эч кимге айтпоону буйруган Данияр кантип эле бул адамга билдирип койду болду экен, же чындап эле алар жакын санаалашпы. " деп ойлоно кетти доктор.
-Балким, деди ал Жеңиштин оюн билмекке. Эгер сизге жардам этсем мага атак даңк алып берем демекчисиз. Бирок илим доктору деген наамды мен алда качан алганмын. Эгер эсинизде болсо менин чөйрөмдө мындан ашык наам да атак да болбойт. Бирок мени кызыктырган бул нерсе эмес. Сиз! Сиздин пайданыз эмнеде? Эмнени көздөп жатасыз? Өчүп бараткан жылдызды жандырышпы? Жоок, бир эле кабар менен жана койбойт сиздин жылдыз. Же Даниярбы көздөгөнүнуз. Эгер сиздин айтканынызды жасабаса сиз анын сырын ачыкка чыгарасыз. Ушундай эмеспи ээ. Бирок жанылышасыз, мен сиздин сөздү эч качан тастыктабайм.
-Ошондойбу? Түшүнүктүү ошон үчүн бизде илимпоздор бааланбайт, ал эми Европада илимпоздор өлкөнү башкарат. Себеби алар илим доктору менен чектелип калбайт. Азыр сизди ким тааныйт, чөйрөнүздогу беш алты адам. Жанылышасыз сиздин өсө турчуу жайыныз али бар, жок дегенде Орто Азияга болбосо бүтүндөй дүйнөгө таанымал атактуу илимпоз болосуз, балким тарыхта калчуулардын катарындасыз.
-Сиз көк асманга секирип алгандайсыз. Мен кааласам да сизге жардам бере албайм, себеби анда сизди кызыктыра турган эч нерсе жок. Сизге да ушуну сунуштайм, алыңыз жетпеген жайга секирбениз, деп оор каалганы ачып подьездге кирип кетти.
-А мен антип ойлобойм! деген Жеңиш ошол ордунда дагы бир аз турган соң бет алдын карай басып кетти.
Ал катчы кыз менен баарлашкан күндөн тарта алек болгон бул иш менен. Бул кишини таап келиш кыйынга турган жок, Данияр туткан эле жолду тутту. Өлкөдөгү жалгыз докторду табуу эч кимге маселе жараткыдай эмес. Бир ай бою артынан жүрүп Даниярдын үйүнө барып жатканынан кабардар болгон. Бирок аны менен бирдей кирип барууга анда шылтоо жок эле, доктор дайыма кеч келет экен ал үйгө. Кийин ага официалдуу түрдө эч ким кабарлаган эмес ал даректи. Бир ирет Данияр менен жолугуу да сурап көрдү, бирок ал өтө шашылыш маселе болбосо бир аз күтө турушун азыр такыр колу бошобой жатканын айтып келе алган жок. Мунун баарын ал ушул күн үчүн жасады эле, доктор менен бетме бет келгенде айтууга сөз болуш үчүн. Ылайыктуу эч нерсе таба албаганда, ал доктордун кадимки пенделик кыялга алдыруусуна басым жасап көрүүнү чечкен. Азыр ал ойлогондорун ишке ашыра албай калганына бир аз кыжаалат болуп турду, бирок колун көтөрүп берүүгө даяр эмес.
-Данияр мырза менин акылымда бир ой бар, бирок билбейм канчалык пайдасы тийээрин, деди үйгө жаңы кирип келип эле доктор.
-Эмне болгон акыл?
-Балдарды бири биринен узак тутуу. Ошондой кылсак балким мээнин өрчүсу бир аз жайлайбы дейм. Азыр эки мээ бирдей иштеп жатат, жалгыз болушса өз алдынча жашашты да үйрөнмок.
-Кантип?
-Кудайга шүгүр сизде үй кеңири, экөөнө эки бөлмө табылаар. Экөөнү эки башка кармап көрөлү.
Данияр ундобой туруп калды.
-Бир эле ай. Данияр мырза бул балдар үчүн.
-Апасы эмне дээр экен. Ал балдардын каалоосуна каршы чыкпайт го.
-Бирок мындан башка акылыма ой келбей жатат.
-Сиз докторсуз, мен сизге ишенем, деди акыры Данияр макул экенин билдире.
Ошол күндөн тарта эгиздер эки бөлмөдө жашап калышты. Бирок доктор ойлогондой жеңилдик болбой эле тескерисинче мээни чаташтырган көрүнүш болуп баштады. Эгиздер эки бөлөк болушса да бирдей кыймылда болушат. Бир убакта ойгонуп бир убакта уктагандан сырткары отургандары да бирдей, бир убакта терезеге барып карап коюшуп кайра бөлмөнү айлана басып чыгышат. Сыналгыдан көргөн теле берүүсүн айтпаса да болот, алар мындан алдын да бир эле берүүнү көрүп жүргөн болуусу мүмкүн. Ажатканага да бир убакта баргандары таң калтырды докторду. Экөөнө суроо берсе бирдей жооп алат.
-Балким аралыкты узакташтырсак кантет? деди эки апта өткөндөн кийин. Менимче жакын аралыкта бири биринин ойлоруна оңой эле кирип жатышат, эгер узагыраак болушса андай мүмкүнчүлүктөрү болбойт беле.
-Бирок кандай кылып. Мен балдарымды үйдөн алыс тута албайм. Балдарымдын бирисин башка адамга карматкым келбейт. Кийин бул сырды башкалар билүүсүн да каалабайт элек.
-Жолу бар, деди доктор колдорун ушалап. Мага ишенесизби? Амирди мен үйгө ала кетсем болот, баланыз да мага үйрөнүп калды.
-Жок. Башка жолун карап көрөлү. Бул акыл Аянага жагат деп ишенбейм, ал каршы болот. Балдардан бир күн да алыс болбошуна сөз бергенмин.
-Бирок бул биринчи орунда балдардын өздөрүнө жакшы болмок.
-Билбейм, деп тетири бурулуп кетти Данияр.
Доктор Аяна менен өзү сүйлөшүп жубайларды ынандырып Амирди алып кетти.
Алар дарбазадан чыгып баратканда Альмира бөлмөдө отурган апасына бир башкача өтүнүч көздөрү менен карап калды. "Демек сезип жатат" деп ойлоно өзүн күнөөлүү сезип көздөрүн тартып кетти Аяна.
Доктор Амирди жетелеп келе жатканын көргөн Жеңиш ордунан жылбай туруп калды. Ал доктор менен дагы бир ирет сүйлөшүп көрүү үчүн келе жаткан. Амирди жазбай тааныды, аны биринчи ирет көргөн күнүн элестетип бир алдын коркуп да кетти. Эмне себептен бул көрүнүш болуп жатканын өз алдынча чечмелеп көрүүгө аракет кылып көрүп, бирок эч майнап чыгара албай турду.
Бул учурда доктор үйүнө кирип бараткан, аңгыча эле "Амир" деген кыйкырык угулуп Жеңиш ойлорунан алаксып караганча доктор артка карай жүгүрүп баратыптыр. Эмне болуп кеткенин аңдай албай калды, доктор өзү жалгыз жүгүрүп баратканына караганда Амир качып баратканга окшойт. Көп ойлонбой ал жүгүргөн тарапка карай жүгүрдү Жеңиш да. Чындап эле Амир качып бараткан экен, ал кетип бараткан ылдамдык бир жаштан жаңы өткөн бала үчүн өтө эле бат. Ушул аралыкта Жеңиш өзүнүн устомдугун сезди, анткени доктор Амирге жете алмак эмес, кантсе да жашы өтүп калбадыбы. Бирок өзү да бар күчүн сарптап отуруп араң жетти.
-Амир коркпо балам, мен атаңдын досу болом. Келе мага, кайда жөнөдүн мен алып барам деп алдын торой туруп калды.
-Мен коркпойм. Альмира коркуп жатат, ал мени таба албай кыйналууда. Мен Альмирага барам.
-Ал кайда? Альмира кайда? деп суроосун кайталап берип жатты Жеңиш, наристени түшүнбөй калбасын дегенсип.
-Үйдө.
Аңгыча доктор да жетип келди кышылдап чарчап калыптыр аз эле аралыкта.
-Амир мындай кылба балам, жүрү деп колдорунан жетелейин деп келе жатканда Жеңиш баланы жерден ала койду.
-Сиз, эмне кылып жатасыз?
-Амир үйгө барам деп жатат, аны үйүнө алып барам.
-Жеңиш мырза мага жардамдашып баланы токтотконунузга рахмат, бирок өзүңүзгө тиешелүү болбогон ишке киришпегениниз жакшы.
-Мен кайдан билем балким сиз баланы уурдап келе жатасыз, деди Жеңиш, андай эмес экенин билип турса да.
-Андай эмес экенин сиз эң жакшы билесиз. Азыр Амирди мага бериңиз.
-Көрөбүз. Азыр атасына конгуроо кылалы, деп чонток телефонун сууруп чыкты Жеңиш.
-Жок! Доктор анын колуна жабыша калды. Андай кылбайсын.
-Себеп?
-Данияр кыжаалат болот, Амирди алып кетип калышы да мүмкүн. Азыр андай кылууга болбойт.
-Эгер мени ишендире алсаныз андай кылбайм. Жеңиш корсоюп устомдугун жүргүзүп жатты.
-Амирден сура, ал айтат. Мен аны уурдабай эле алып келе жатканымды айтат. Атасы муну туура көрдү.
-Бул наристе да кайдан билмек, сиз үйрөтүп койгондурсуз балким, же коркуткансыз.
-Наристе азыркыдай ылдамдыкта жүгүрө алат беле.
-Укмуш! Ошондо сиз Амирди наристе эмес дегиниз келип турабы.
-Амир айт, доктор эми балага кайрылды. Кайдан келе жатканыбызды, атаң эмне дегенин айт бул байкене.
Амир экөөнү бирден карап гана тим болду. Анын көздөрү кадимкидей эле жансыз тиктейт, коркмок турсун таң калуу да сезилбейт, кудум бул көрүнүш күндө кайталанып жүргөндөй.
-Ким билет балким Данияр экөөнүздор биригип эксперимент жасап жатасыздар. Балдар коркунучта тургандыр.
-Чектен ашып баратканга окшойсун, Данияр укса эмне болоорун билесинби? Сен анын досу эмей эле душманына окшойсун. Себеби эмнеде, айтчы ал сага эмне бербей койду.
Доктор ачуусун жашыра албай турган абалга жетип "сенге" өтүп алды.
-Ооба доктор ал менин жашоомду талашып жашап жатат, ал ээлик кылып турган нерсенин баары, Аяна жада калса ушул балдар да меники болуш керек эле. Жеңиш күлүп жиберди. - Ушундай дешимди күттүнуз беле. Доктор, доктор! Сиз көтөрүп жүргөн наамынызга татыктуу эмес экенсиз же каарып баратасыз. Кучунуз ушул жаш балдарга гана жетип калгандай, менин ойлорумду эч бир ирет окуй албадыныз. Эми мен Даниярга да кайрылбайм, укук коргоо органына барабыз. Ооба ошондой кылабыз Амир экөөбүз, ошол жерден териштирсин, бул наристеби жокпу. Данияр кайдан алып келген, эмне максат менен. А балким "байлардын өзүнчө керемети" бар дегендей ал зээригип өзүнө жаңы оюнчук таап алгандыр, сыйкыр колдонуп жаткандыр. Байкуш балдарды буйрук аткаруучу машинеге айландырып жатат, сиз болсо ага көмөктөшүп жатасыз.
-Оозундан чыкканын кулагын угуп турабы сенин. Кайдагы машине?
-Өзүңүз айтып жатпайсызбы Амирди наристе эмес деп, демек машине.
Доктор Жеңиштин колунан баланы жулуп алды.
-Акылдан айныганга окшойсун. Кайда барсан ошондо бар, сени бала уурдап кетти деп жарыялайм. Сен айткандай укук коргоо кызматкерлери чечсин, ким туура да ким туура эмес. Мен Амирди үйүнөн алып чыктым, ата энесинин кабары бар, а сен алдымдан чыгып күчкө салып баланы колумдан уурдап алдың.
-Доктор сизге эмне болду? Сиздин тамаша которумунуз ушунча эле беле?
-Каалагандай түшүн, эгер көйгөй каалабасан экинчи алдымдан чыкпа, деди да Амирди көтөрүп басып кетти доктор.
Жеңиш дароо кол телефонун алып чыгып аларды сүрөтко тартып калды.
"Укмуш! Менин оюма да келбеген маселелер болуп жаткандай. Амир жөн гана наристе эмес. Анда ким? Бул жерде кандай сыр катылуу болуусу мүмкүн. Данияр аны кайдан тапты?" Жеңиш доктордун колунда өзүнө карап бараткан Амирге карап ушуларды ойлоп турду. Мына эми ал бул маселеге чиелеше байланды да калды. Өзү кааласа да муну акылынан чыгарып коё албаса керек. Ушинтти да шашылыш басып унаасына барып отуруп жөнөп кетти.
Даниярлар чет элге барып балалуу болуп келишкендерин билет, андыктан ал дүйнө жүзүндө акыркы жылдары болуп жаткан жаңылыктар менен тааныша баштады. Криминалга аралашып калгандан жөн гана гүл өстүрүү жолун ойлоп таап жаткан окумуштуулардын баары менен таанышып жатты, сыйкыр дүйнөсүн да изилдеп көрдү. Так эмне издеп жатканын өзү да билбейт. Дүйнө жүзүндө төрөлгөн гений балдар жөнүндө, Япония жасап жаткан темир адамдар жөнүндө, иши кылса мурда кийин кызыгып көрбөгөн окумуштуулар дүйнөсүнө сунгуп кирип баратты. Бирок жарытылуу эч нерсе да таба алган жок. Айтылган жасалма темир кишилер менен өзү көргөн Амирдин окшоштугу азыраак. Андан көрө ал интернеттен тапкан индиго балдарга окшоштугу көбүрөөктой. Бирок индиго болсо эмне болуптур, анда Жеңиш каалаганындай жыйынтык ала албайт. "Жо-ок, алар жөн гана индиго эмес, жаратылыш жараткан индиго эмес, адамдын колунан келген нерсе бул" деди. Ушул ою өзүнө да жакканга окшойт, кийин чындыкка да жакын. Сөздүн тегинин териштирбей туруп укканына ишене берген карапайым калк үчүн бул ишенээрлик маалымат. Анан калса жаратылышка жан тарткан болуп эки ооз курч сөз айтып, анча сабатсыз элдин көңүлүн өзүнө бурса болот. Эгер оңунан чыгып баары ал ойлогондой болуп кетсе, батыштан келгендин баары динге, салтка терс таасирин тийгизет деп түшүнгөн калың катмар Даниярдын да чаарасын көрүшү мүмкүн. Ушундай ойлор менен ал көп жылдар топтогон тажрыйбасындагы эң курч сөздөрдү терип макала жаза баштады.

#30 05 Июнь 2020 - 22:34
Доктор бир кадам да үйдөн алыс чыкпай Амирди көзөмөлдөп жатты. Учурдан пайдаланып компьютер менен тааныштырып,
бири ирет көргөзуп койду эле кандай иштөө керек экенин андан аркысын бат эле өзү алып кетти. Кээ бирлер жылдап үйрөнчүү программаларды кыска убакыттын ичинде өздөштүрүп алды Амир.
Ал компьютерди терип издеген маалыматтарын көрүп эле эси эки кетет доктордун. Анын жөнөкөй наристе эмес экенин билсе да, кичине дененин ичине мынча маалымат батканына танданып бүтпөйт. Амир жөн эле маалымат тере бербейт, кунт коюп бирөөнү тыншап жаткандай болот аз убакытка, кийин колдору иштеп баштайт.
-Сага Альмира айтып жатабы кайсы маалыматты текшеришти? деди доктор бир күн анын жанына келип. Амир анын сөзүн укпай калгансып өз ишин улантып жатты.
-Менимче адамдардын мээсинин иштеши менен таанышып бүттүм.
-Кандай иштейт экенин айтып бересиңби?
-Алар жакшылык ойлоп жатканда жайылып кетишет, кенен болушат, жай кыймылдашат, бирок бардык бөлүктөрү кыймылга келет. Жаман нерсе ойлонгондо, кичирейет, бат иштеп баштайт, кысылып калгандыктан мээ аягына чейин толук кыймылга келип улгурбойт.
-Ошондойбу? А мээ кайдан билет ал ойлордун жаман жакшы экенин?
-Мээ баарын билет. Ал дененин башка мүчөлөрүнө жаман ойду да жакшыны да жөнөтүп турат, а мүчөлөр өздөрү тандайт кайсы жолду тандашты. Айтынызчы ошондо кайсы бири бат иштеген болот.
-Мм… Сен бирөөнү мактоо же таарынтуу деген сымал кыймылдарды айтып жатасыңбы. Менимче ал үчүн да мээ жооп бериш керек.
-Жок. Андай эмес. Адамдарда ар дайым эки жол болот. Баардык адамдардын ойлору бирдей, бирок кыймыл аракети ар түрдүү. Анткени кээлери мээден келген жаман ойду аткарууну а кээлери жакшы ойду жасоону адат кылып алышкан. Кээлери билип турса да билбейм деп жооп берет, башкалар болсо билбесе да билем дей беришет, дейт Джозеф Лир. А баса сиз ал адамды тааныйсызбы?
Доктор ийинин куушуруп, эмне деп жооп берээрин билбей туруп калды.
-Таптым мээ бат иштейт экен, деди Амир колдорун чаап. Сиз азыр андан келген жооптун кайсы бирин колдонууну билбей туруп калдыңыз. Эгер ушундай кыла берсеңиз мээниз иштөөсүн начарлатат, ал жай ойлонууга көнүп калат.
-Муну да Джозеф айтабы?
-Жок, мен айтам Альмирага. Ал бат ойлонот, бирок жай кыймылга келтирет.
-Ошон үчүн сен Альмиранын ордуна чечим чыгарып анын ойлорун бат кыймылга келтиресин, Ошондойбу?
-Эгер ал мени колдосо.
-А сен Джозеф тууралуу эмне билесиң?
-Ал кызыктуу адам, бир эле ирет көрсөк да көп нерсени үйрөндүк андан, жана…
-Менимче сен да жай чечим чыгаргандарга кирип баратасын, деди доктор Амир сөзүн улабай отуруп калганда.
-Ал бизге бардык адамдардан жакын.
-Ата энеңден дагыбы?
-Ооба алардан да жакын.
Доктор Амирдин артына өтүп башынан сылап койду. Өзү болсо эмне ойлоноорун билбей калды. Бул кичине адамга жардам берүү өзүнүн колунан келбесин анык түшүнүп жетти ушул тапта. "Джозеф, эмне жасап койдуң экен. Мынча көп акыл бул кичине денеге көптүк кылаарын эске албадын бекен. Чоң адам болсо да балким келип жаткан маалыматты башкара алмак, а булар болсо… Карачы бул наристе жашоону сен деп түшүнүп алган тура." Ал ушинтип оюнда Джозеф менен сүйлөшүп жатты. "Сен дал ушуну каалагансын. Ушундай болоорун күткөнсүн. Кана эми кийинки кадамын кандай болмокчу, максатын эмне? Жер жүзүнө дагы канча майыпты тараттын экен. Булар майып болбогондо ким, буйрук аткарган темир кишиден айырмасы жок, мээдеги маалыматтын кулу, сезим деген нерсе менен таанышы жок макулуктар болуп жатпайбы."
-Сиз биздин күчүкту өлтүрүп койгонубузду билесизби?
-Кабарым бар, деди доктор ойлонуп жаткан оюнан анча алыстабай туруп.
-Биз ошол учурда жаман иш жасаганбыз.
-Ооба, ал кылганынар жакшы эмес болчу.
-Өткөндө сиз менен бет келген киши да жаман иш жасады.
-Эмнеге?
-Ал баштаган ишин аягына чыгара албай калбадыбы, демек мээси ал учурда таарып кеткен болчу, бардык бөлүгүн иштете албай калды.
-Ошондой болушу да мүмкүн. Амир айтчы, сен апанды жакшы көрөсүңбу же атаңдыбы?
-Ал эмне?
-Кандай десем. Аа мына, көбүрөөк атаңдын жанында болгун келеби же апандынбы?
-Мен Альмиранын жанында болуум керек.
-Сен карындашынды жакшы көрөсүңбу?
-Ал эмне? Амир экинчи ирет ушул суроону берди.
-А сен эмне себептен Альмиранын жанында болуун керек? Доктор эми суроосун өзгөртүп берди.
-Мен Альмиранын жанында болуум керек, деп баштапкы жообун кайра кайталап жооп берип тим болду Амир.
"Демек бул бала өз алдынча ойлоно албайт. Келген маалымат менен гана жашайт. Бирок ал маалымат кайдан келет?" Доктор наристелерди канчалык көп тааный баштаган сайын ошончолук көп суроолор туула баштады. Бирок жакшы жактары да байкалып жатат. "Альмира экөөнү бири биринен алыс кармаса кыйла эле жеңил болчудай. Анткени Альмирада ойлонуу жөндөмдүүлүгү бар экенин байкалат. Ал эми Амирде анда жок бир сапат болуусу мүмкүн. Балким маалымат Амирге биринчи жетет, анын мээсинен окуган Альмира ойлонуп жыйынтык чыгарат, Амир жүзөгө ашырат. Эгер алар алыс болсо бул процесс жайлайт, а балким такыр эле үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Токтой турчу, эгер андай болсо ал кантип билет, Амирге маалымат кайдан келип жатканын. Жок бул кереметти билүүсү шарт. Балким Амирдин космос менен байланышы бар болуп жүрбөсүн." Өз ойлорунан өзү кумарлана баштады доктор. Ким эле болбосун мындай кереметти күзөтүп тургусу келмек. Ойлонуп оюнун акырына чыга албай турганда телефон конгуроо чалып калды. Данияр экен, шашылыш сүйлөп Амирди тез аранын ичинде үйүнө алып келүүсүн буюрду.
-Бирок… деп айтып келе жатып токтоп калды доктор, мындан аркысын айтпай эле коюну туура көрүп. Азыр өзүнө да кызык болуп турган эгиздер көрүшкөндо эмне болоору. Ал айткандай Амирди даярдап алып үйүнө алып жөнөдү.
-Сиз эмне жасап койдунуз? деди Данияр аларды дарбазадан тосуп алып биринчи эле.
Доктор акыркы жашап өткөн күндөрүн заматта көз алдынан өткөрүп жиберди, Данияр эмнени айтып жатканын түшүнүү үчүн.
Ал баласын колуна алып, өзү менен кошо ала чыккан гезитти докторго кармата салды.
"Акыр замандын балдарыбы же сыйкырдан жаралганбы? " деген темада макала бадырайып гезит бетин ээлеп турат. Анда эмнелер гана жазылбаган, бир жашар баланын 40 км/саат ылдамдыкта жүгүрө алуусу, чоң адамды кыймылсыз кылып кою үчүн анын тиктеген көз карашы гана жетээрлик экени. Анын акылы менен илим докторлору алек болуп жатканы да жазылган. Батыш сыйкыры менен жаралып жаткан жаңы адамдар биздин мекенге да жетип келди, алардан эмнени кутсо болот? Алар биздин коомго коркунуч туудурабы? Деген сымал көп суроолор бар. Акырында "Акыр заман жакындап келе жатабы же адамдар аны жакындатып жатышабы…" деген сөздөр менен аяктаган. Тартылган сүрөттө өзүнүн бети көрүнбөсө да Амирдики так даана көрүнүп турат. Ал баланы көтөрүп баратканда артынан тартылган сүрөт экен, Амирдин башы доктордун далысынан чыгып сүрөтко даана карап түшкөн.
-Данияр мырза бирок мен… Бул Жеңиштин иши. Ал…
-Доктор мен ансыз да билем, бул сиздин иш эмес экенин, бирок кантип?
-Ал бизди үйгө кирип баратканда көргөн. Амир колумдан чыгып жүгүрүп жөнөгөн, кайдан жайдан пайда болуп Жеңиш анын алдын тороп токтотуп калды эле. Ылдам жүргөнүн да ошондо көрүп калган.
-А эмне себептен мага дароо кабарлабадыныз. Жеңиш капыстан чыгып калды дегени турасызбы?
-Алдын да бир ирет келген алдыма сиздин балдар тууралуу сурап, бирок мен эч кандай жооп берген эмесмин. Менимче дагы ошол тууралуу мени менен сүйлөшүүгө келсе керек.
-Шайтан алгыр! Ага эмне керек? Мага айтышыныз керек болчу, башынан айтышыныз керек эле.
-Ооба айтышым керек эле, бирок мен ага эч качан ооз ачпашымды билип ишенимдүү болгондуктан сизди кабатырга койгум келген жок. Токтой турунузчу ал биринчи ирет келгенде эле баарын биле тургандай келген, балким башка бирөөдөн угуп жүрөт, антпесе мени менен сиздин байланышыныз бардыгын ал кайдан билип келди.
-Сиз эмне деп жатасыз? Менин балдарымдын абалын, сиз алар менен алек болуп жатканынызды сиз, мен, апасынан башка жан билбейт. Башка бирөөгө айтып өз балдарымдын өмүрүн коркунучка коёр белем, бул мүмкүнбу? Балдардын абалын ал бир ирет көргөн, а сизди кантип таап алды. Кыязы ал менин артымдан аңдып жүргөнгө окшойт. Качан экөөбүздү бирге көргөндө эле ал түшүнгөн маселе менин балдарымда экенин, өзүмдү даарылатуу үчүн жолукпасымды билди да акыры. Макул мындан аркысын ойлонуу керек. Болгондо да эң көп окулчуу гезитке бергенин, менимче Жеңиш муну менен токтобойт, менден аракет күтүп жаткандай. Аны токтотпосом сыналгы, үналгы калбай менин атымды кошуп туруп бүт өлкөгө жаят. Болгондо да жалган маалымат! Жер алсын сени Жеңиш! деп кыйкырып алды.
Доктор андан ары басып үйдүн ичине кире алган жок, өзү каалагандай эгиздердин көрүшүүсүн күзөтө албай калды. Оюнун бары Жениште. "Ушундай адамдарды да жер көтөрө берет экен да, бирөөнүн кайгысынан кумарланган" деп ачууланып жатты.
Аяна жолдошу көтөрүп кирген уулун коё бербей көпкө кучактап жыттап тура берди. Данияр жубайынын далысынан сылап көзүнөн аккан жаштарын арчып,
-Кечир, мени асылым деп өзүн күнөөлү сезип турат.
Бул учурда жогорку кабаттан түшүп келе жаткан Альмирага эч ким көңүл бурбай калган, Амирден башка. Апасынын кучагында турган Амир гана анын далысынан башын артып карындашы экөө тиктешип, көздөрү менен сүйлөшүп жатышты. Альмиранын көздөрү бир башкача аялуу карап койду ата энесине. Ушул учурда анын көз карашын байкаган адам болгондо жүрөгү эзилип эле кетмек.
Ал күн бир Амирден башка баары кайгылуудай эле, кичинекей Альмира да адатынча кез кези менен көздөрүн төбөго каратып ойлонуп калат. Амир болсо анын көздөрүнө карап гана тим болот. Карындашынан айырмаланып ал эч качан көздөрүнөн коркуу же кубануу дегендей сезим учкундарын көргөзбөйт, балким чындап эле доктор айткандай сезими жок маалыматтын кулудур бул наристе...

#34 14 Июнь 2020 - 19:01
Данияр үчүн жашоосундагы эң узун түн болду окшойт, өмүрүндө таңдын атышын мынчалык көп күтпөгөн. Таң атса Жеңишти таап көйгөйүн сурап маселени чечүүгө ашыгып турат.
Аяна болсо таңдын атпашын тилеп жатты. Эртенинен коркот. Бир жыл ашык өзү жалгыз күрөшүп, жолдошуна да айтуудан корккон сыры бүтүндөй мамлекетке жайылып отурат. Ал ушул күндүн келишинен коркуп келген, балдарынын өмүрү коркунучка кептелип калчуу күндөн. Ошон үчүн жолдошуна айтпай жашырган, ал билсе кудум ушундай жол тутаарын, балдарга жардам берем деп зыян келтирип коюшунан корккон. Баарынан да бул жерде Джозефтин пайда болушунан коркуп келет, кудум ал балдарын андан тартып ала тургандай сезиле берет.
-Алар менин балдарым! Бербейм! Эч кимге бербейм!
Ал ою менен алышып жатып сүйлөнүп да алды.
Данияр аста башын көтөрүп тескери карап жаткан жубайынын жүзүнө карап, ал уйкуда түшүркөбой эле ойго жатканын көрдү. "Байкушум, уктай албай жаткан го. Эмне деген гана күндөргө кабылды, бир менин айымдан" деп өзүнүн күнөөлүү колдорун ага жакындатып кучактай албай жатты.
-Данияр сөз бер! Аларды Джозефке бербейбиз деп сөз бер! Аңгыча Аяна сөздү өзү баштап калды.
-Эмне себептен ага берип жиберүүбуз керек, алар биздин балдарыбыз.
-Ошентсе да Джозефтен коргойм деп сөз бер!
-Асылым мен силерди бардык балээден коруйм. Сен коркпо эртең Жеңишти таап маселени чечем. Ал албетте кылгандарына жооп берет.
-Жок! Аяна жолдошунун колдорун бекем кармап калды. Сен ага барбайсын! Аны жайына кой. Бир нерсени өзгөртөм дебе, курчутуп аласың. Балдарды да жайына коюп сырларын сыртка алып чыкпаганыбызда бул күндөр келмек эмес.
Данияр эмне дээрин билбей калды. Аяна туура айтат, баары ошол өзгөрүү издегендин айынан болуп жатпайбы. Бирок азыр Жеңиштин жайына кою канчалык туура экенин билбейт. Эгер ага байланышка чыкпаса кийинки кадамдары кандай болоорун ким билет.
Узарган аягы жок түн да бүтүп таң агарып калганда Аяна жайынан козголду. Качан көздөрү ирмелип кеткени белгисиз кичине эс ала түшкөн экен. Көздөрүн ачаары менен ал жолдошунун жанында жок экенин байкады. Эмнегедир жүрөгү титиреп кетип ордунан шаша туруп үстүнө жеңил халатын иле коюп бөлмөдөн чыга Даниярын издеп жөнөдү. Эч кайсы жайда жок, "Кызык кайда кетип калды болду экен", ал дароо кол телефонун алып анын номурун терип баштаган, аңгыча дарбаза ачылып жолдошу кирип келди. Аяна дароо терезеге жабышып анын колундагы чоң букет кызыл гүлдөрдү көрүп жибий түштү. "Мен эмне болуп баратам? Өз жолдошумдан да жаман күмөн кылып. Эми кантип жашайм? жалаң ушундай тынчсыздануу менен өтөбу күндөр?". Бөлмөдө ары бери басып, колдорун көтөрүп оозуна алып барып кайра түшүрүп, эмне болуп жатканын түшүнө албай, өзүн колго ала албай турду.
-Асылым! деген жолдошунун тааныш үнү угулганча ал ошондой абалда басып жүрө берген.
-Кайда жүрдүн? Аяна өзүн баса албай калды.
-Мен жаңы эле чыккам. Ойлоп көрсөм сага гүл бербегениме да көп болуптур, акыркы күндөрү жалаң гана санаада жашап жатыптырбыз. Балким ал санааларга чекит коёрбуз, эмне болсо болсун биз бактылуу өмүр кечиришибиз керек. Биз бул күндөрдү кайгы үчүн эмес бакыт үчүн кутконбуз, деп жүзүнөн суйуп гүлдөрдүн сунду.
-Мени кечир. Мага эмне болуп жатканын өзүм да түшүнбөйм, деп жолдошунун кучагына бой урду Аяна.
Данияр ал күнү, анын эртеси да жумушка барбады, болуп жаткан күндөрдү бирге жашап өтүү үчүн үй бүлөсүнүн маңдайында болууну туура көрдү.
Экинчи күнү Аянанын апасы кирип келди алардын үйүнө, жүзүндө кандайдыр кыжаалаттык бар. Эмненидир айта албай жаткандай, балдарды эркелетип олтурганы менен көздөрү мурункудай күлбөйт.
-Апа баары жайындабы? Атам жакшыбы? деп суроо узатты Аяна жанатан бери өзү айтаар деп күтүп чыдамы кете түшкөндө.
-Кызым айтчы кантип ушундай кылдынар. Сүрөттөгү Даниярга окшобойт, ал ким эле? Амирчикти кимге карматып кабарчыларга жем кылып жүрөсүңор?
Аянанын жүзү өзгөрүлө түштү. Бирок танып кетүүгө болбой калган эле, апасы ага эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбай сүйлөдү.
-Апа акыры биз аны өмүр бою үйдө камап отура алмак эмеспиз да, деди араң сөз таап.
-Жок албетте. Алар сыртка чыкканы мага абдан жагат, коомго аралашсын. Балдардын үйдө камалганы мага да жакпай турган. Мен башканы айтам, мага айтып болушпогон сырынарды кантип башка менен болушо койдунар, кантип бөтөн адамга ишендинер?
-Апа!
-Биз күттүк. Атаң экөөбүз көп окудук акылдуу, жөндөмдүү балдар туурасында. Силерден кабар күттүк, өзүбүз сөз баштай албадык сенин тигиндей балдарынды кооруп айланчыктаганындан. Бирок бул жашыра турган нерсе эмес эле, калк балдарды мындай жол менен эмес башкача таануусу керек болчу. Эмне Амирчик менен Альмира жалгыз балдар беле ушундай жөндөмү бар, азыр дүйнөдө андай акылдуу балдар абдан көп төрөлүп жаткан тура. Өзүбүз калк алдына алып чыгып тааныштырганыбыз жакшы болчу. Билесиң да бизде ким биринчи ооз ачса ошого ишенип калышат, эми тиги маалыматты тараткан адамга ишенип балдарды жамандыктын жышаанындай кабылдап алышпаса деп корком эл журт.
-Апа! Аяна акыры апасынын сөзүн бөлүп, Сиз баарын билбейсиз, деп ыйлап жиберди. Ушунча убакыт топтоп жүргөн кайратынан жана түштү ал азыр. Бир гана балдары үчүн коркуп, аларды кооруп гана төккөн көз жашы азыр өзү үчүн төгүлүп жатты. Күрөшүүдөн чарчаганын туйду, жардамга муктаж болуп туруптур, айрыкча азыр ушундай мээримге зар экенин сезди.
-Кызым! Келчи бери. Энеси аны кучагына кысты. - Каралдым менин, кыйналдынго. Сени ушул күндөрдөн арачалай албаганымды кечир. Жароокерим менин. Энеңди аядынбы? Ушунча кыйынчылыкты жалгыз жашап өтө берем дединби. Анда менин пайдам эмне? Көзүмдүн кареги жалгыз кызыма пайдам тийбесе мен жер үстүндө эмне деп басып жүрөм.
Бул сөздөр Аянаны андан бетер эреркетип жиберди.
-Апа! Апакем! Сен эң мээримдүүсүн, сен жакшы апасын. Мен сендей боло албадым. Сен мени коругандай мен балдарымды коруй албадым. Көзүмдүн алдында жүргөн эмес, курсагымда жаткан балдарымды да коруй албадым. Балдарым… Алар… Мен күнөөлүүмүн, деп сөзүн толук айта албай эле ыйлап жатты.
-Балам, Каралдым, жан биргем менин. Сен эч нерсеге күнөөлү эмессин. Сен эң жакшы энесин. Балдарды коруйм деп бар күчүнду жумшап чарк айланып, өзүңдү алар үчүн курбан кылып жатканыңды көрбөгөн адам кор болсун. Кызым бирок жалгыз өзүңдүн күчүң бардыкка жете бербейт, биз бар эмеспизби, айтчы балам биз билишибиз керек болгон нерсе эмне?
Бир кыйлага барып басылган Аяна көз жашын сүртүп жылмайган болду.
-Апа акылсыз кызынызды кечириниз. Амир менен Альмира сиздер ойлогондой жөн гана акылдуу, жөндөмдүү балдар эмес. Алар - Алар… деп сөзүн таппай ушкуруп отуруп калды. Билбейм алар кандай экенин. Сиздерге айтып жардам суроо үчүн өзүм билишим керек эле да, кандай жардам сурашты да билбейм. Апа мен аларды жоготуп коюудан корком, деп дагы ыйлап жиберди. Кайра сооронуп, апасынын жүзүнөн сүйүп,
-Сиздерди кыжаалатка койгубуз келген эмес. Атамдын ансыз да жумушу көп, жардамдашаар адамы жок чарчап турганда ага айтпай эле коюнуз, муну Данияр дагы каалабайт. Атамдын аброюна сөз тийишин каалабайбыз. Ансыз да балдары биз деп көп азап чекти.
-Атаңдын күчү силер үчүн курбан, балдарына жардам берүүгө жарабаган абройдун ага кереги эмне. Ал да күйөө баласынан тартынып жашоонорго кирише албай жүрөт. Көзүнүн кареги болгон жалгыз кызынын соолуп баратканын көрүп туруу ага жеңил болуп жатат дейсинби.
-Журунуз, деп ал апасын ээрчите экинчи кабатка карай жөнөдү. Балдардын бөлмөсүнө келишкен эле. Эгиздер жанаша кызыгуу менен компьютерге тигилип отурушат.
Тайэнеси анчалык деле таң калган жок, азыр жаш балдар электрондук буюмдарга жакын болуп жатышпайбы. Ошондуктан ал азыр көрө турган нерсесине даярмын деп ойлоп турду. Бирок ал ойлогондой болгон жок. Бир жаштан жаңы өткөн небереси жөн гана ал электрондук буюмду колдонушту билээрин көргөзөт деген ою жаңылыш болуп чыкты. Кызыгы качан ал экранга адамдын дене түзүлүшүнүн сүрөтүн алып келгенде башталды.
-Амирчик эмнени издеп жатасың? деген Даниярдын үнү угулду. Ал да ушунда арыдан балдарына күзөтүп турган экен
- Мен бүгүн мээнин уйкуга жооп берчуу бөлүгүн издегим келген, деп кичине манжалары менен тамгаларды ушунчалык тездикте терип баштады. Тайэнеси анын эмнелерди терип жатканын күзөтүп улгурбой турду.
-Таптым, деди ашып барса он мүнөт убакыт өткөндө, ордунан туруп атасынын маңдайына келип.
-Мага коргозмокчусунбу? Данияр таң кала туруп калды.
Амир адатынча көзүн ирмебей гана карап турат.
-Бирок эмнеге ал сени кызыктырды.
Амир Альмирага бир карап алып жооп берип баштады.
-Адамдарды тынчтандыруу үчүн мээсин жарып жиберүү кажет эмес, убактылуу уктатып койсо болот дейт Альмира, мен аны текшерип көрдүм.
-Мээсин жарып жиберүү дегенин эмне?
-Мээде коркууга жооп берген бөлүкчо бар дейт Джозеф. Эгер аны өтө тез иштетип жиберсе, андан өткөн канды тамырлар айлантууга улгурбой жарылып кетишет.
-Сен Джозеф тууралуу дагы окуп жатасыңбы?
Аянанын апасы ордунан жылып кетти. Ал небереси Амирден да анын атасы Даниярдын кылыгына таң калып жатты, уулу адамдын үшүн ала турган сөздөрдү сүйлөп турат, ал болсо эч нерсе болбогондой Джозеф тууралуу сурап жатат.
Аяна апасын жөөлоп кайрадан биринчи кабатка түшүп кетишти.
-Эми айтынызчы апа бир жашар бала ушундай нерсеге жөндөмдүү экенин кабыл алып мактоого коом даяр деп ойлойсузбу?
Апасында болсо сөз жок, анын тамагы кургап кеткен болчу, бир колу менен тамагын кармап экинчи колу менен кызына ымдап жаткан. Аны көрө сала Аяна дароо идишке суу көтөрүп жетип келди.
-Апа алыңыз кандай?
-Баары жакшы кызым, деди апасы суудан удаа-удаа уурттап, өңү бозоруп турса да тилге келип.
-Эмнеге жашыруун сактаганыбыздын себеби ушул, сиздердин абалыныздардан корктум.
-Жок кызым, баары жайында. Бир гана… деп токтоп калды.
-Эмне бир гана?
-Силерге көнүмүш болуп калса керек, деп койду ойлогон оюн ачык айтпай.
-Жок апа, мындай нерсе көнүмүш болуп калуусу мүмкүнбу? Алардын мээси азыр жыйырма жаштагы адамдыкындай, болгондо да эң акылдуу жыйырма жаш. Эртең ким билет канча жаштын акылын алышат. Алар күндө өсүп жатышат, ар күн жаңы маалымат талап кылышат. Билесизби аларга талап кылган нерсесин бере албай калганыбызда эмне болот? Аяна ыйлап жиберди.
Бул ирет аны апасы сооротуга даай албай отурду, анткени өзү да ыйлай турган абалда эле.
-Кызым себебин билбедим го, бирок муну билсе бир гана тиги силер айткан аларды жасаган Джозеф билип ошол жардам бере алышы мүмкүн. Даниярдын Амирден сурап жатканына караганда ал Джозеф тууралуу окууга тыю салат, аны менен сүйлөш, антпе де. Балким…
-Жок апа, жок! эч качан! Джозеф менин балдарым тууралуу укпайт, көрбөйт. Мен ага балдарымды берип койбойм.
-Бирок…
-Жок!
Кызынын жинди адамдай титиреп кеткенин көргөн эне ундобой калды. Бир жагы аны тааныбай турса, экинчи жагы элжиреп ыйлап жатты. Кызынын ушул акыбалга түшкөнүн көрүү эне үчүн өтө эле оор болду.
-Апа мени кечириниз. Мага карачы, мени башка бирөө талашса берип жиберет белең? Жок, бермек эмессин. Анда айтчы кантип мен өз балдарымды бере алам ага.
Эне бала кучакташып көпкө ыйлашты.
-Мен барайын балам, деп ордунан турду бир убакта апасы.
-Макул апа, атама салам айтыныз деп жалооруй тиктеп кала берди Аяна. Анын көздөрүндө "атам муну билүүсүн каалабайм" деген өтүнүчту көрдү энеси.
-Апам кеттиби? деди Данияр үстүнкү кабаттан түшүп келе жатып.
Аяна ойго батып отурган, жолдошунун сөзүн жоопсуз калтырды. Данияр ага жакын келип калганда гана байкап чочуп кетти.
-Эмне болду сага? деп келинчегинин жүзүнө карап шишиген көздөрүнөн баарын түшүндү.
-Апам баарын билет ээ?
-Апам эмне болуп калыптыр бүт өлкө билет, деди Аяна жактырбай.
Данияр колдору менен жүзүн шыпырып жумшак эмерекке боюн таштап отура кетти. Ал өзүн ушунчалык алсыз сезип турду, кудум бирөө анын колу бутун байлап койгондой. Азыр кимге көбүрөөк жардам керек экенин да айырмалап биле албайт, акылы ашып ташып жаткан балдарынабы же акылы эч нерсеге жетпей жаткан өзүнөбу.
Ушундай абалда ал түндү да уйкусуз өткөрүп жиберишти. Жубайлар үчүн уйкусуз өткөргөн түндөр көнүмүш адатка айланып бараткандай акыркы убактарда. Бирок бул түн алар үчүн гана мындай эмес болчу, Аянанын ата энеси да уктабай таң атырышкан.
Аянанын атасынын озгорбогон адаты бар, ал унаага отуруп жумушка карай бара жатып ар дайым гезит окуп барат. Айдоочусу таң эрте жаңы чыккан гезиттерди топтоп кийин келет аны алганы. Бүгүн да күндөгүдөй унаанын артына олтурганы менен жанында жаткан гезиттерге карабады. Ойлуу бара жатканын көрүп, сүйлөөгө батынбай отурду айдоочу, ал азыр дайымкыдай жакшы бир талкууга даярданып келген болчу. Анткени алар дайым кызуу талкуу жүргүзүшчү, жөнөкөй айдоочусун акылын эмнеге жетет дебейт башчысы, анын оюн угуп өзүнүн оюн айтып талашып тартышышат. Өткөнкү күнү акылдуу балдар тууралуу жазылган макала шефине кызык болгонун билет, ал тууралуу узун кеп курушкан экөө. Бүгүн болсо андан да кызуу талкуу болот деп ойлогон, себеби ошол макала жарыялаган кабарчынын денеси өз үйүндө жансыз табылыптыр деген кабар окуган эртелеп. Атайын ал гезитти үстүнө коюп, ошол барагын ачып көрсөтүп койгон болчу.
-Дүйнөдө эмнелер гана болуп жаткан жок ээ. Баары Кудайдын кудурети менен гана. А биз пенделер бүгүн барабыз эртең жок, деп койду кузгудон артты карап.
-Эмне дейсиң? Артта бара жаткан Аянанын атасы чочуп кетти.
-Тиги Жеңиш мырзаны айтам, кандай болбосун күчтүү кабарчы эле. Бир убакта балким башына келген дөөлөтту көтөрө албай магдырап кеткендир, бирок чын эле кабарчы деген наамга татыктуу инсан болчу. Ал жараткан макалалар, издеп тапкан кабарлар башка эч кимдин акылына келбейт. Азыр андай изденип иштеген адам аз болуп калбадыбы, баары эле даярына көндү.
-Ким?
-Өткөнкү акылдуу балдар тууралуу жазган кабарчыны айтам, деди айдоочу шефине түшүндүрө.
-Аны түшүндүм, бирок эмне себептен ал болгон эле, азыр эмне жокпу ал?
-Өз үйүндө жансыз денесин табышыптыр, азырынча иликтөө жүрүп жатат дейт. Ок атылбаган, муунтпаган болсо демек өз өлүмү менен эле өлдү, анын эмнесин изилдешет билбейм, деп оозун чурчуйтуп гезит жаткан тарапка ымдап койду.
Ошондо гана түшүнө койгон киши гезитти ачып ар бир тамганы шаша окуп отуруп калды. Айдоочу күткөндөй бул маалымат талкууга түшкөн жок.
-Кайт. Кызымдыкы тарапка айда, деди жүрөгүн кармай.
Айдоочу анын үнсүз отурган себеби кызы болсо керек деп божомолдой андан ары сөзсүз жүрүп отурду. Оюнда ал азыр кайдагы бир кабарчы тууралуу ойлонууга чамасы жок экен деп түшүнгөн.

#35 15 Июнь 2020 - 00:56
Эртелеп кирип келген атасын көрүп Аяна чочуп кетти. Апасы баарын айтып берип койгон экен, деп таарына да түшкөн.
-Кызым Данияр үйдөбу? деди ал адаттагыдай жай саламдашпай, баттан учурашып.
-Азыр эле сыртка чыккан, келип калат таза абада жүгүрүп жүргөн болуш керек. Өзүңүздө баары жакшыбы ата? деп калдастай туруп калды. Ал атасынын эркеси болгону менен айбыгып тураар эле, апасына айткандай сөздөрдү атасына сүйлөй албайт.
-Балдар жакшыбы? деди атасы кызынын суроосуна жооп бербей туруп. Ал киши тегеле бет кап кийе алчуу эмес, башкаларга окшоп жаман абалда турса да жүзүнө калп жылмаю тага албайт. Мунусун кызы да жакшы билет. Андыктан өтө маанилүү маселе бар экенин сезди, андан ары такып сурабай жогору балдарды алып келүүгө чыгып кетти.
"Балдар менен кадимкидей эле көрүшүп жатат, демек кеп бул тууралуу эмес , анда атамды кыжаалатка койгон кандай маселе болуусу мүмкүн", деп ойлонуп турду Аяна атасы менен балдарын күзөтүп туруп.
Аңгыча Данияр да кирип келип калды. Ал көчө тараптан кайын атасынын унаасын көрүп эле шашып кирген. Кайын атасынан биринчи эле Аянага карады, эмнелер болуп жатканын түшүнүү үчүн. Зарыл жумуш болбосо кайын атасы мынчалык эрте келбей турган бул үйгө, дегеле ал өтө сейрээк келет, убактысы өтө тар адам эмеспи. Ошондуктан алардын таң калуусу да жөндүү эле.
-Кел уулум, деди кайын атасы андан мурун салам айтып.
Данияр уяла түштү биринчи болуп салам бербегенине.
-Ата келиңиз, сиздин келээринизди билбепмин, чыкпай турмакмын.
-Эч нерсе эмес, көпкө күткөн жокмун. Келээринди өзүм да билген эмесмин. Сенде зарыл жумушум бар, жүрү деп ордунан туруп сыртка жөнөп калды.
-Ата чай ичип кийин… деп алдын торогрн кызынын чекесинен өөп,
-Кийин кызым, азыр жумушка бара жаткам, деп чыгып кетти. Данияр шаша алдына түшүп алып чыгып кеткен.
-Данияр, Жеңиш досун дүйнө салган тура арты кайрылуу болсун, деди сыртка чыгаар замат.
-Эмне?
-Сен кабар таба элек белең? Мен да ошондой ойлодум, ошол себеп келдим эле бул жайга.
-Жеңиш? качан?
-Качан кеткени белгисиз, кече өз үйүнөн жансыз денесин табышыптыр. Анын баарын эми изилдеп чыгышат. Болжол менен эки күн алдын өлгөн деп жатышыптыр. Ал күнү акылдуу балдар деген макала жазып чыкпады беле, деп сырдуу карап койду Даниярга.
-Ата!
-Балам сен зирексин. Мен айтпасам да баарын түшүнүп турасың. Билесиң да кабарчы жөн эле өлбөйт, бул бизде эле эмес дүйнө элинин түшүнүгүндо ушундай. Саясатчы, жеке ишкер, бай, кедей, молдо, жада калса мыйзам уруулары да өз өлүмү менен өлүшү мүмкүн, бирок кабарчынын өлүмүнө сөзсүз жардам беришти дешет. Айрыкча тигиндей макала жарыялаган соң. Балам силер убактылуу өлкөдөн чыга тургула, бүгүндөн калбай үй бүлөөнду алып кет. Эртең эч ким жардам бере албай калат. Алматыга барып жайгашкыла, көп узак эмес, жумушунуду ошол жактан да көзөмөлдөп турасың.
Данияр кайын атасынын сөзүн бөлбөй угуп турду. Качан ал сөзүн бүтүргөндө гана ооз ачып,
-Ата, чындап эле мен өзүмдү, үй бүлөөмду кооруй албай калат дейсизби. Эмне себептен кетүүм керек, изилдешсе изилдей беришсин, андан жакшы, анын өлүмүнө эч кандай тиешем жок экенин түшүнүшөт. А мен чындап эле акмын, деди.
Кайын атасы бир аз ойлоно түшүп жооп берди, кыязы айтылуучу сөздөрүн ичинен кайталап даярдап жатты окшойт.
-Балам, мен өзүмдөн күмөн кылышым мүмкүн бирок сенден эмес. Сен мага атандан калган аманатсын, сени коргош, туура жолду көрсөтүш менин милдетим. Жеңиш чын эле өз өлүмү менен өлгөндур, бирок анын кесиптештери жөн эле кала бербейт. Эмнеге кабарчынын өлүмү дайым дүң деп эл арасында кеп жаратат? Себеби анын кесиптештери кабарчылар, алар үчүн мындай көрүнүш чоң бир мүмкүнчүлүк элдин көңүлдөрүн өздөрүнө буруу үчүн. Негизги бийлик аларда да, элди башкарган ошолор, каалаганын чын тогунун билбей туруп чиймелеп жазып коё беришет эл аны талкуулап жүрө беришет. Гезиттен окуса эле, демек акыйкат ошондой деп түшүнүшөт. Биз текшерүү органдарынан таза отушубуз мүмкүн, бирок элдин жамандыгынан кутулуу кыйын. Кабарчылар эртең эле анын өлүмүнун себептерин божомолдоп жаза башташат. Түшүнүп турасың да акыры келип кимге такалат. Күмөн санаба алар оңой эле таап келишет сенин балдарынды. Кийинкиси эмне болот айтуу кыйын, элдин оюн алдын ала билүү мүмкүн эмес. Жеңиш өлбөй турганда да бул жөн эле окулуп калып кетмек, бирок анын өлүмү баарын өзгөрттү. Кече эле каралбай калган Жеңишти айга күнгө теңеп чынчылга чыгарып, баатыр кылышат да сени желмогузга айландырып коюшат. Элдин күмөну биринчи сага түшөт, балдарын коргош үчүн жасады деп кабарчылар күмөн ыргытып коюшат аларга. Ал эми элди билесиң, алардан кичине өзгөчө жашап койсоң бүттү душманысын, акчан барбы демек эң жаман иштин баарын сен жасап жаткан болосуң. Алар текшерүүгө жеткирбей эле баса калчуудай болот. Мына ошон үчүн кетишин керек. Актыгынды далилдөөгө мүмкүндүк алуу үчүн.
-Бирок текшерүү органдарына күмөн жаратып коёмун го анда. Балким башка жолу бардыр.
-Эмнеге күмөн жаратып коймок элең, алар сага айып тага элек. Сен эркин адамсын, каалаган учурда каалаган жайда болууга акын бар, чакырса келесин. Бирок башка жолу бар албетте. Балдарды эл алдына алып чыгып Жеңиштин сөздөрү жалган экенин далилдөө, деп күйөө баласына карап калды, "ушуга даярсынбы" дегенсип.
Данияр селт эте чочуп кетти. Эч эле мындай сунушту күтпөсө керек, кайын атасын жакшылап узатканга да жарабады өз ойлору менен алек болуп атып. Качан гана унаа жанынан узап кеткенде нес абалы кайтып, өзүнүн кайда экенин сезгендей үйгө карай басты.
-Эмне болду? Аяна аны босогодо күтүп турган экен.
Данияр жубайына бир карап коюп басып кетти жоопсуз эле.
-Айтчы канчалык оор абалдабыз? Аяна анын артынан ээрчий басып келди.
Ал атасынын өңүнон эле түшүнгөн маселе так өзүнө тиешелүү экенин, антпесе ал Аянадан жашырмак эмес, жада калса эң оор маселелерин да кызы менен бөлүшүп кеңешине кулак сала турган. Качан Аянанын өзүнө тийиштүү кеп болгондо гана апасы аркылуу жеткирип же ушинтип түз айта албай калмайы бар.
-Кетишибиз керек, деди Данияр анча ишенимсиз.
-Качан? Аяна эртээли кеч бул күн келээрин күтүп жүрсө керек, баарына даяр экени билинип турду.
-Тез арада.
-Апам менен көрүшүп кетүүгө убакыт барбы?
Даниярдын жүрөгү эзиле түштү.
-Албетте. Келе, бери келчи, деп жубайын кучагына бек кысып чачтарынан жыттап көпкө турду.
-Мени кечир асылым. Бул күндөр да өтөт, биз албетте кайтып келебиз.
-Албетте. Биздин балдарыбыз али биздин өлкөнүн келечегин курат. Жеңиш көрөт, биздин балдар акыр заманды чакырбай эле жаркын келечек үчүн жаралгандарын. Эми айтчы алар канчалык узакка барышыптыр, чындыкка канчалык жакын да канчасы жалган?
-Аяна! деди Данияр жүзүн сүрдүү кылып. Баары сен ойлогондон да татаал.
-Айт Данияр. Атамдын коркунучуна караганда маселе оор, мен баарына даярмын.
-Жеңиш эми эч качан биздин балдарды көрбөйт. Ал бул дүйнөдө жок.
-Эмне? Сен… Аны…
-Жок, Кудай акы мен ага тийишкен жокмун. Кийин ал кантип өлгөнү али далилдене элек экен. Болгону өз үйүнөн жансыз денесин табышыптыр.
-Качан?
-Окуя эки күн алдын болгонго окшойт, бирок аны эки күндөн кийин гана таап жатышат. Ал жалгыз турат эмеспи. Бирок мунун баары мааниге ээ эмес, ал эми жок. А биз кетишибиз керек.
-Ошондойбу. Эки күн алдын. Так маалымат жарыяланган күнү ээ. Кызык кандай өлдү болду экен.
-Бизге мунун эмне кызыгы бар азыр?
-Ооба, эч кандай кызыгы жок. Мен…Мен балдарды даярдайын, деп жогору карай чыгып кетти Аяна шаша.
Жубайынан мындай аракетти күтпөгөн эле Данияр, жок дегенде кайда бараарын да сураган жок. Биздин эмне тиешебиз бар, деп сурак да салбады. Ал азыр кудум нес абалындагыдай эле. Эмнеден мынча коркту болду экен, же чындап эле ал Даниярдан көрүп жатабы. "Жоок, болушу мүмкүн эмес. Өз жубайы ээ, андан күмөн санап жатат. Мындайга чыдап турганча жер менен жексен болуп кеткени жакшы эмеспи." Өз ойлорунан өзү буулугуп баратты Данияр. Кандай жол тутаарын, эмнеден баштаарын да билбей турду. Так ушул учурда доктор эсине түшүп кетти. Мындай оор абалда азыр жалгыз өзү гана эмес дагы бир адам эмеспи. Ал болуп жаткан окуяга туздон түз байланышы бар, сурак болсо да биринчи ошол адамдан болот. Колдору телефонуна жабыша берди.
-Ало доктор, акыркы кабарлады уктунузбу?
-Жеңиш мырзаны айтып жатасызбы?
-Ооба, ал кайтыш болуптур деп уктум, ачыгы эмнеликтен экенин билбейм.
-Мен да сиз менен байланышкым келип турган.
-Сиз кандай ойлойсуз, ал киши колдуу болушу мүмкүнбу?
-Билбейм. Бирок кандай болгон ченде да сөзсүз сурак жүрөт. Менимче ал сурак менден башталат болуш керек. Ошол тууралуу сиз менен суйлошойун деп, даабай тургам. Эгер мени таап келишсе бала тууралуу сурашат, менде анын атын атоодон башка арга калбайт.
-Түшүнөм. Сиз туурасын жасай бериңиз.
-Данияр мырза, балдарды ал суракка даярдоо мүмкүн эмес экенин билесизби. А баса сиз биле турган бир маселе бар, Амирде өз алдынча ойлонуу жөндөмү жок, ал мээсинде бар маалыматты гана сүйлөй алат. Ошондуктан ал суракка алынса Жеңиштин сөздөрү толук тастыкталат. Кечиресиз аша чапсам, ошентсе да мен аны космос менен байланышы бар деп ойлойм. Муну текшерүүгө убакыт болбоду албетте. Менимче Альмира анын акылынан окуп кийин ойлонуп бүтүм чыгарат, Амир болсо солдат сыңары анын оюндагысын ишке ашырат. Мынтип ойлогонумдун себеби бар, ал компьютерден маалымат караштын алдын кичине ойлоно түшөт, демек кайдандыр ал тапшырма алып жатат эмнени издеш керек экенин. Бирок окуп билип гана коёт, а сиздердин үйдө болсо ал билгенин дароо иш жүзүнө ашыра турган, себеби жанында Альмира бар болчу.
-Ооба, бирок азыр ага убакыт жок. Мен балдарды суракка бербейм.
-Кандай кылып? Кантип аларга тоскоол боло аласыз.
-Тоскоол болом доктор. Алар менин балдарым, менин уруксатымсыз эч ким жакындаша албайт балдарыма.
-Дегеним андай кылсаныз өзүңүзгө шек жаратып албайсызбы?
-Бирок мен акмын. Анын өлүмүнө тиешем жок.
-Мындан күмөнум жок Данияр мырза, болгону алар сиздин ак сөзүңүзгө эле ишенип коёр бекен.
-Аларда башка арга жок.
-Түшүндүм.
-Жакшы калыңыз доктор, деп коштошуп телефонду коюп жогору жөнөдү. Балдардын бөлмөсүнө жакындап келе жатып Аянанын алар менен болгон маегин кулагы чалып калды.
-Биз жаман иш жасаган жокпуз. Болгону коркуу кандай болоорун көргүбүз келди.
-Билем балам, сен муну жаман деп эсептебейсин, бирок мындан кийин андай кылба. Ал сезим силерде жок, ошондуктан билгинер келди. Коркуу өлүмгө чейин алып барат.
-Эч нерсе эмес, эми биз билебиз аны. Бул үн Альмирага таандык эле.
-Альмира бир суроо берем болгону так жооп берчи ээ, деди апасы.
Бир азга тынчтык өкүм сүрүп калды, кыязы кызы ойлонуп калды окшойт.
-Бул ой биринчи кимдин акылына келди?
-Менин, экөө бирдей жооп беришти.
-Макул. Менин айтканым эсиңерде болсун ээ, башка жан адам билбейт бул тууралуу.
-Атам дагы билбегендерге кирсинби?
-Эң оболу атаңар. Амир дагы эмнени унуттук, деп башка кепке өтүп кетти.
Данияр жаңы уккан кептеринен соң батынып ичкери кире албай артына бурулуп кетти, жубайын балдарынын алдында ыңгайсыз абалга койгусу келбеди. Бирок акылына эмнелер гана келбеди дейсиң, толгон токой суроо. "Эмнени мен билишим керек эмес? Балдар дагы кандай жорук жасады болду экен? Ушунча жыл, ушунча окуялардан соң да Аянага мага ишенич арттырбайбы? Жоок, мен эмне эле жаман ойлорду ойлоп турам, балким алар жакшы бир күтүлбөстук даярдап жатышкандыр. " Акыры ушинтип өзүн өзү жооткотуп өз бөлмөсүнө кирип кетти, баарын эле жубайына жүктөп кою болбос, жок дегенде өзүнүн кийимдерин жыйнап алаксып туруш керек.

#38 17 Июнь 2020 - 23:27
Бошогонунузда коооптон жазып коюнузчу,күтө берип, кыжаалат болдум каармандардан.